Загрузка документа…
| 28-тиркеме БЕКИТИЛГЕН Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2020-жылдын “21” январындагы № 1-д буйругу менен |
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
“Жарандардын, анын ичинде жашы жете элек балдардын, Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экендигин аныктоо”
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри 6-главасы, №52
1. Жалпы жоболор
1. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин аймактык бөлүмдөрү (мындан ары – ЖААККПК бөлүмдөрү) тарабынан жүргүзүлөт.
2. Ушул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тийиштүү стандартынын талаптарына жооп берет.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнү берүүнүн жалпы мөөнөтү:
- арызды кабыл алуу өзү кайрылганда, кезек күтүүнү эске албаганда, документтерди текшерүү, документтерди каттоо – 30 мүнөттөн ашык эмес;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экендигин аныктоо боюнча комиссияда документтерди кароо – 30 күн;
- кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүгө убакыт – 2 жумуш күндөн ашык эмес;
(2) 1. Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экендигин аныктоо үчүн зарыл документтердин тизмеги:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экендигин аныктоо жөнүндө арыз;
- арыз ээсинин ким экендигин ырастаган документтердин (паспорт же туулгадыгы тууралуу күбөлүк) түп нускасы жана көчүрмөлөрү;
- кеңири өмүр баяны;
- ак фондогу 4х6 өлчөмүндөгү эки фотосүрөт;
- Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу үзгүлтүксүз жашагандыгын ырастаган кийинки документтердин бири (каттоо белгиси менен паспорт, жашаган жеринен маалымкат, иштеген, окуган жеринен маалымкат, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган фактысын аныктаган участкалык милициянын инспектору жана арыз ээсинин үч кошунасынын катышуусу менен түзүлгөн акт (кварталдык, үй комитетинин же айыл башынын));
- үй-бүлөлүк мамилелерди тастыктаган документ (никелешүү тууралуу күбөлүк, туулгандыгы тууралуу күбөлүк);
- кызмат көрсөтүүнү төлөө жөнүндө квитанция.
2. Жашы жете элек балдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экендигин аныктоо үчүн зарыл документтердин тизмеги:
- туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн түп нускасы жана көчүрмөсү;
- ата-энесинин же ата-энесинин биринин (экинчиси жок болгондо, ата-энелердин биринин ата-эне укуктарынан ажыратуу жөнүндө же ата-энелердин бири менен баланын жашаган жерин аныктоо жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген сот чечими болгондо) же асырап алуучулардын, камкорчулардын, көзөмөлчүлөрдүн, 16 жашка чыга элек адам көзөмөлүндө болгон уюмдун өкүлүнүн жана адамдардын паспортунун көчүрмөсү жана түп нускасы;
- мамлекеттик алымды төлөө жөнүндө квитанция;
(3) Мамлекеттик кызматты көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык мамлекеттик алым алынат.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык же таандык эмес экендиги же адамды жарандыгы жок деп таануу жөнүндө корутунду чыгаруу жана тийиштүү маалымкатты берүү.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук актылар:
- Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 21-майындагы №70 “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы N 174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобо (мындан ары текст боюнча – Жобо); |
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
Кызмат көрсөтүүнү берүү өндүрүшү төмөнкү жол-жоболордун топтомун түзөт: Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыкты же таандык эместикти аныктоо, адамды жарандыгы жок деп таануу.
Таблица 1
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыкты аныктоо боюнча комиссияда каралуучу жарандардын, анын ичинде жашы жете элек балдардын, Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыкты аныктоого арыздарды жана документтерди кабыл алуу | - Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экендигин аныктоого арыздарды жана документтерди кабыл алуу паспорт бөлүмүнүн кызматкери тарабынан жүргүзүлөт. Арызды тариздөөнүн тууралыгын, документтердин толуктугу – тизмекке шайкештигине текшерүү, зарыл учурда керектүү документтерди тиешелүү органдардан талап кылуу жүргүзүлөт. |
2 | 2.1. Документтерди Комиссияда кароо жана Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыкты аныктоо боюнча корутунду чыгаруу
2.2. 16 жашка жете элек балдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экендигин аныктоо жөнүндө документтерди кароо | - Жарандыкты аныктоо боюнча Комиссия Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган адамдардын арыздарын кароого, Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык же таандык эмес экендигин аныктоо же адамды жарандыгы жок деп таануу жөнүндө жана төмөнкү адамдарга карата корутунду чыгарууга укугу бар: 1) СССРдин жарандыгында турган, 1974-жылдагы үлгүдөгү паспорту бар жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу (же убактылуу) каттоодо турган жана башка мамлекеттин жарандыгына таандыктыгы жөнүндө билдирүү жасабаган адамдар; 2) ар кандай себептерден улам 1974-жылдагы үлгүдөгү СССРдин паспортун жоготкон, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу (же убактылуу) каттоодо турган адамдар. Бул категориядагыларга паспортун жоготкондугу жөнүндө иш ачылат жана адамдын инсандыгы жана жарандыгы аныкталгандан кийин корутунду чыгарылат; 3) жагдайдын аякташы менен өз убагында паспорт ала албай калган (1993-жылдын 18-декабрындагы N 1333-ХII "Кыргыз Республикасынын граждандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонулушуна туш келбей калган, же ата-энелери жок жана туугандарында же тааныштарында тарбияланган), бирок алар да иш жүзүндө Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган адамдар; 4) Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин (мындан ары - КМШга катышкан-мамлекеттер) жарандыгына таандыктыгы жөнүндө белгиси менен 1974-жылдагы үлгүдөгү СССРдин паспорту бар, ошол өлкөнүн улуттук паспорту менен документтештирилбеген адамдар. (Бул категориядагылар Кыргыз Республикасынын аймагында дипломатиялык өкүлчүлүк же консулдук мекеме жок болгон учурда ким экендигин ырастаган колдонуудагы документтин жоктугунун себеби жөнүндө түшүнүк катты жана айрым учурларда чет мамлекеттин жарандыгын жоготкондугу же жоктугу жөнүндө маалымкат беришет); 5) Кыргыз Республикасынын аймагында беш жана андан ашык жыл туруктуу жашаган жана КМШга катышкан-мамлекеттердин жараны экендигин ырастаган колдонуу мөөнөтү аяктаган паспорту бар, жана аларга байланышпаган себептерден улам аны узартуу же анык паспортко алмаштыруу мүмкүнчүлүгү болбогон адамдар. (Мындай адамдар тийиштүү документти көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган себептерин жазуу менен арыз беришет).
2.2.Балада Кыргыз Республикасынын жарандыгынын бар экендиги ырасталбаган учурда, зарыл маалыматтар анын ата-энесине карата аныкталат. - Кыргыз Республикасынын жарандыгын ата-энеси (экөөнүн бири) кабыл алып, арызда балдары жарандыкка кабыл алынгандыгы көрсөтүлбөгөн учурда (16 жашка чейинки бала) Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар экендиги жөнүндө корутундуда мындай балага карата анын ата-энесинин (экөөнүн биринин) жарандыкка кабыл алынгандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына шилтеме көрсөтүлөт. - ата-энесинин экөө тең (экөөнүн бири) Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналса, бирок Кыргыз Республикасынын сырткары чыгып кетишсе жана башка мамлекеттин жарандыгын кабыл алышса, бирок балдары Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган болсо жана жашап жатышса, Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар экендиги жөнүндө корутундуда "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 1-бөлүгү көрсөтүлөт. “Бала туулган учурда анын ата-энеси Кыргыз Республикасынын жараны болсо туулган жерине карабастан бала Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат”. - ата-энеси аныкталбаган же алардын өлгөндүгү тууралуу документтер жок болсо, ал эми балдар Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаса, Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар экендиги жөнүндө корутундуда "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 5-бөлүгү көрсөтүлөт. “Ата-энесинин экөө тең белгисиз Кыргыз Республикасынын аймагында турган бала Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат”.
|
3 | Кызмат көрсөтүүнү берүүнүн жыйынтыгы | Маалымкат берүү |
(3) Кызмат көрсөтүүнүн акысы монополияга каршы мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу монополияга каршы мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча паспортторду тариздөө жана берүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иш жүзүнө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен аныкталат.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык же таандык эмес экендигин аныктоо же адамды жарандыгы жок деп таануу жана тийиштүү маалымкатты берүү.
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболорду сыпаттоо жана алардын мүнөздөмөлөрү
2-таблица
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ | |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | |
Жарандардын Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экендигин аныктоо | |||||
1-жол-жобо:Мыйзамдарда белгиленген тизмекке ылайык документтерди кабыл алуу | |||||
1.1.Тизмекке ылайык арызды жана документтерди кабыл алуу, арызды каттоо журналына каттоо
1.2.Зарыл учурларда тиешелүү органдардан документтерди алдыруу 1.3. Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экендигин аныктоо маселелери боюнча комиссиянын кароосуна документтерди даярдоо | ЖААККПКБ кызматкери | 30 мүнөттөн ашык эмес
| -арызды толтуруунун, ага киргизилген маалыматтардын тууралыгын текшерүү, документтердин тизмекке шайкештигин текшерүү
- суроо-талапты тиешелүү органдарга жөнөтүү; - Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экендигин аныктоо маселелери боюнча комиссиянын жыйынынын датасын белгилөө, арыз ээсине Комиссиянын жыйынынын датасы жөнүндө билдирүү (арыз ээси келбесе документтер каралбайт) | -Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 21-майындагы №70 “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Мыйзамы;
| |
1-жол-жобонун жыйынтыгы: Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экендигин аныктоо маселелери боюнча комиссиянын кароосуна документтерди даярдоо
| |||||
1-жол-жобонун узактыгы: 30 мүнөттөн ашык эмес. | |||||
1-жол-жобонун тиби:административдик жол-жобо | |||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | |||||
|
|
|
|
| |
| |||||
2.1. Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экендигин аныктоо маселелери боюнча комиссиянын жыйынында документтерди кароо 2.2. Тийиштүү корутунду чыгаруу | Комиссиянын мүчөлөрү
| 30 күндүн ичинде
| - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналгандыгы тууралуу маалымкат берилет; - Кыргыз Республикасынын жараны эмес экендиги тууралуу маалымкат берилет; - ЖЖА деп таануу тууралуу маалымкат берилет жана жарандыгы жок адамга туруктуу жашап турууга уруксат менен документтештирүү тартиби түшүндүрүлөт . | -Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 21-майындагы №70 “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Мыйзамы; - Жобо. | |
2-жол-жобонун жыйынтыгы: Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык же таандык эмес экендиги же адамды жарандыгы жок деп таануу жөнүндө корутунду чыгаруу | |||||
2-жол-жобонун узактыгы: Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экендигин аныктоо боюнча комиссияда документтерди кароо 30 күндүн ичинде жүргүзүлөт | |||||
2-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | |||||
3. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү | |||||
3.1. Маалымкат даярдоо
3.2. Белгиленген күндө арыз ээсин кабыл алуу жана маалымкат берүү
| ЖААККПКБ кызматкери | 2 күндөн ашык эмес
кезек күтүүнү эске албаганда 10 мүнөт
| Маалымкат берүү | -Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 21-майындагы №70 “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Мыйзамы; - Жобо. | |
3-жол-жобонун жыйынтыгы: Маалымкат берүү – кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүгө убакыт – 2 жумуш күндөн көп эмес | |||||
3-жол-жобонун узактыгы: 2 күндөн көп эмес, кезек күтүүнү эске албаганда – 10 мүнөт | |||||
3-жол-жобонун тиби:административдик жол-жобо | |||||
5. Жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритмдер)
№1 жол-жобо
№2 жол-жобо
№3 жол-жобо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
1) Ички контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти тарабынан жүргүзүлөт.
2) Ички контроль Департаменттин жумушчу топ түзүү жөнүндөгү буйругунун негизинде кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.
3) Текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын аныкталган бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы корутунду түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча сунуштар белгиленет, ошондой эле административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Корутундуга кол коюлгандан тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Корутунду түшкөн күндөн тартып бир ай мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жаза чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле зарылдыгына карата белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү жеке менчик жана/же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүп берилген учурда, административдик регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар:
1. Тиленова А.Э. - КЖААКД ЖИЧЖКМБнын адиси
2. Таманбаев Р.К.– ЖААКД ЧУКБнын адисинин м.а.