Загрузка документа…
| 29-тиркеме БЕКИТИЛГЕН Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2020-жылдын “21” январындагы № 1-д буйругу менен |
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
“Табылган буюмдар бюросунун маалымкатын берүү”
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 6-главасы № 54
1. Жалпы жоболор
1. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин даректик-маалыматтык иштер бөлүмүнүн (мындан ары – ДМИБ) жана аймактык бөлүмдөрүнүн (мындан ары – ЖААККПК бөлүмдөрү) кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт.
2. Ушул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тийиштүү стандартынын талаптарына жооп берет.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнү берүүнүн жалпы мөөнөтү: кезек күтүүнү эске албаганда 5-10 мүнөт.
(2) Табылган талап кылынган документти же документтин табылбаганы тууралуу маалымкатты берүү үчүн зарыл документтердин тизмеги:
- документтин ээсинин ким экендигин ырастоочу документ.
Документтердин бардыгы жоголгон учурда ким экендигин ырастоочу документ талап кылынбайт.
(3) Мамлекеттик кызмат көрсөтүү акысыз берилет.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: “Табылган буюмдар бюросу” модулунан же талап кылынган табылган документтен «ДМБ» АМС аркылуу маалымкатты берүү.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук актылар:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2017-жылдын 30-июнундагы № 146 “Табылган буюмдар бюросунун маалымкат бланкынын формасын бекитүү жөнүндө” буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2015-жылдын 24-декабрындагы № 219 “Даректик-маалымкат бюросу” автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” буйругу.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Ким экендигин ырастоочу документти кабыл алуу жана ким экендигин аныктоо | Жарандын ким экендигин ырастоочу документтердин бардыгы жоголгон учурда документтердин көчүрмөлөрүн/түп нускаларын кызматкер талап кылбайт. |
2 | Талап кылынган документти “ДМБ” АМСтин базасында текшерүү | Текшерүү “ДМБ” АМСтин “Табылган буюмдар” модулу боюнча жүргүзүлөт |
3 | Табылган документти же “Табылган буюмдар бюросунан” маалымкат берүү |
|
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболорду сыпаттоо жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1-жол-жобо: Документти кабыл алуу жана жарандын ким экендигин аныктоо | ||||
1.1. Келүүчүнү кабыл алуу. 1.2. Келүүчүнүн ким экендигин ырастоочу документтерин текшерүү. Ким экендигин ырастоочу документтер жоголгон учурда документтер талап кылынбайт. Документтерди текшерүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү түрдө таризделишине карата, алардын жарактуулук мөөнөтү, оңдоолордун жана жасалмалардын белгилери болушуна карата жүргүзүлөт. - берилген документтерде оңдоолордун жана жасалмалардын белгилери аныкталган учурда кызматкер тарабынан токтоосуз жетекчиликке билдирилет, 3 нускада акт түзүлөт, бир нуска бөлүмдүн жайгашкан орду боюнча документтердин тиркемелери менен КР укук коргоо органдарына жөнөтүлөт, экинчи нуска арыз ээсине берилет, үчүнчүсү бөлүмдө калтырылат. Аны менен бирге КЖААКДга көрүлгөн чаралар жөнүндө кат жөнөтүлөт. - паспорттогу сүрөт менен арыз ээсинин тышкы келбетине визуалдык текшерүү жүргүзүлөт, арыз ээсинин бети менен фотосүрөттөгү сүрөттөлүштүн бирдейлиги салыштырылат. | ДМИБ жана ЖААККПКБ кызматкерлери | 1 мүнөт |
| - МККнын 2017-жылдын 30-июнундагы № 146 буйругу; - МККнын 2015-жылдын 24-декабрындагы № 219 буйругу. |
1-жол-жобонун жыйынтыгы: документтер болсо, документтерди кабыл алуу | ||||
1-жол-жобонун узактыгы: 3 мүнөттөн ашык эмес | ||||
1-жол-жобонун тиби: административдик | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | ||||
2-жол-жобо: “ДМБ” АМС базасында текшерүү | ||||
2.1. Кабыл алынган документтер боюнча “ДМБ” АМС базасында текшерүү жүргүзүлөт: - документтер болбогон учурда текшерүү жарандын сөздөрү боюнча жүргүзүлөт; - паспорт же маалыматтар болсо текшерүү ИЖН аркылуу жүргүзүлөт. | ДМИБ/ЖААККПКБ кызматкерлери | 1 мүнөт |
| МККнын 2017-жылдын 30-июнундагы № 146 буйругу |
2-жол-жобонун жыйынтыгы: “ДМБ” АМС базасында текшерүү | ||||
2-жол-жобонун узактыгы: 2 мүнөт | ||||
2-жол-жобонун тиби: административдик | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | ||||
3-жол-жобо: табылган документти берүү же “табылган буюмдар бюросунун” маалымкатын берүү | ||||
3.1. “ДМБ” АМСтин базасында жоголгон документ тууралуу маалымат бар болсо, арыз ээсине табылган документ берилет, арыз ээси “Табылган документтер” журналында кол коюшу керек. 3.2. Талап кылынган документ берилгенден кийин кызматкер “ДМБ” АМСтин базасында табылган документтин маалыматтарын өчүрөт жана автоматтык түрдө “ДМБ” АМСте берилген документтер тууралуу отчет түзүлөт. 3.3. Талап кылынган документтер болбогон учурда, кызматкер тарабынан талап кылынган документтин жок экендиги тууралуу маалымкат бастырылып чыгарылат, кол коюлат жана бөлүмдүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. | ДМИБ/ЖААККПКБ кызматкерлери | 3 минут |
| - МККнын 2017-жылдын 30-июнундагы № 146 буйругу; - МККнын 2015-жылдын 24-декабрындагы № 219 буйругу.
|
3-жол-жобонун жыйынтыгы: табылган документти же “Табылган буюмдар бюросунан” маалымкатты берүү | ||||
3-жол-жобонун узактыгы: 3 мүнөт | ||||
3-жол-жобонун тиби: административдик | ||||
5. Жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритмдер)
№ 1 жол-жобо
№ 2 жол-жобо
№ 3 жол-жобо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
1) Ички контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти тарабынан жүргүзүлөт.
2) Ички контроль Департаменттин жумушчу топ түзүү жөнүндөгү буйругунун негизинде кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.
3) Текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын аныкталган бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы корутунду түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча сунуштар белгиленет, ошондой эле административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Корутундуга кол коюлгандан тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Корутунду түшкөн күндөн тартып бир ай мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жаза чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле зарылдыгына карата белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү жеке менчик жана/же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүп берилген учурда, административдик регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар:
1. Джетенова Г.Ж. – КРӨ караштуу МКК алдындагы КЖААКД ДМИБ башчысы
2. Калдыбаева Н. Р.- КЖААКД УЧКБнын башкы адиси