Загрузка документа…
| 30-тиркеме БЕКИТИЛГЕН Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2020-жылдын “21” январындагы № 1-д буйругу менен |
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
«Транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүк берүү»
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасы, № 85
Улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү берүү
1. Жалпы жоболор
1. Ушул мамлекеттик/муниципалдык кызмат көрсөтүүнү берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлөт.
2. Ушул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти төмөнкүлөрдүн талаптарына жооп берет:
- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 109 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө жобо.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнү берүүнүн жалпы мөөнөтү: 4 иш күндөн ашык эмес.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:
Транспорт каражаттарын башкаруу укугуна улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн:
- калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын жаранынын жана чет өлкөлүк жарандын идентификациялык жеке номери (ИЖН);
- белгиленген үлгүдөгү арыз (келүүчүлөрдүн арызы ыйгарым укуктуу органдын оператору тарабынан белгиленген форма боюнча толтурулат);
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта);
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн – жарактуу визасы менен паспорт же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат же калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган учурлардан тышкары;
- Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттикорган тарабынан бекитилген форма боюнча, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик медициналык мекеме берген медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөндүгүн тастыктаган документ (наркологиялык текшерүү, психикалык ден-соолугун аныктоо, көрүүсүн текшерүү), анын берилген мөөнөтү 12 айдан ашпашы керек;
- айдоочулук курамды даярдоону жүргүзгөн окуу уюмдары тарабынан берилген автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча курсту аяктагандыгы тууралуу бирдиктүү үлгүдөгү күбөлүк;
- айдоочулук курамды даярдоону жүргүзгөн окуу уюмдары тарабынан берилген айдоочунун өздүк карточкасы;
- айдоочулук күбөлүк (эгер мурда берилсе). Чет өлкөлүк тилде жазылган айдоочулук күбөлүк мамлекеттик же расмий тилдерге которулууга жана бир тилден экинчи тилге туура которулганы жөнүндөгү нотариустун же ушундай нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүгө укуктуу башка кызмат адамынын күбөлөндүрүүчү колу болууга тийиш;
- Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда макулдашылган, белгиленген жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция.
Адамды автомототранспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу жөнүндө маалыматтар болгондо, бардык категориядагы автомототранспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүк берилбейт.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: жарандарга транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүктү берүү жана категорияларды, берилген айдоочулук күбөлүк боюнча маалыматтарды көрсөтүү менен айдоочунун өздүк карточкасын берүү.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1. | Документтерди кабыл алуу | |
2. | Ырааты менен квалификациялык сынактарды кабыл алуу (зарылдыгына карата) | Айдоочулук күбөлүк жоголгондо же аны алмаштырганда сынак тапшырылбайт. Айдоочулук күбөлүк фотосүрөткө түшкөндөн кийин берилет |
3. | Айдоочулук күбөлүктү берүү |
|
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболорду сыпаттоо жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1-жол-жобо. Документтерди кабыл алуу | ||||
1.1. АМС системасында автомектептерде окууга талапкердин катталышын текшерүү.
1.2. Арыз берген адамдын берилген паспортко (аскер билетине) шайкештигин текшерүү жана берилген документтердин белгиленген талаптарга шайкештигин текшерүү.
1.3. Эгер айдоочу айдоочулук күбөлүгүн жоготсо же алмаштырып жатса, анда айдоочулук күбөлүк сынак тапшырбастан, фотосүрөткө түшкөндөн кийин берилет.
1.4. Зарыл документтер болбогон же алардын мыйзамдардын талаптарына жооп бербегендиги боюнча фактылар аныкталган учурда, жүйөлүү себеп менен документтерди кабыл алуудан баш тартылат. | Документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адис | 15 мүнөт
10 мүнөт
5 мүнөт | Каттоонун болушу же жоктугу.
Уруксат берүү же баш тартуу
Фотосүрөткө түшүүгө уруксат берүү
Документтерди кабыл алуудан баш тартуу
| - “Жол кыймылы жөнүндө” КР Мыйзамы; - КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 “Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому |
1-жол-жобонун жыйынтыгы: документтерди кабыл алуу. | ||||
1-жол-жобонун узактыгы: 10 мүнөттөн ашык эмес. | ||||
1-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо. | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | ||||
2-жол-жобо. Квалификациялык сынактарды кабыл алуу | ||||
Эгер документтер белгиленген талаптарга жооп берсе: 2.1. “Айдоочулук курамды тестирлөө” автоматташтырылган маалыматтык системасында жол кыймылынын эрежелери боюнча реалдуу убакыт режиминде теориялык сынак тапшырууга төмөнкү учурларда жол берилет: - айдоочулук күбөлүктөрдү биринчи алууда; - жогоруда турган категорияны алууда; - сот органдары аркылуу мурда айдоочулук күбөлүктөн ажыраган жарандарга аларды кайтарып берүүдө; - жол кыймылынын эрежелерин бузган адамдар жана жол кыймылынын эрежелерин билүү экспертизасына багыттама алгандар. | Сынактарды кабыл алуу боюнча адис |
30 мүнөт |
Сынак тапшыруу же тапшырбоо | - “Жол кыймылы жөнүндө” КР Мыйзамы; - КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 “Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому |
2.2. Эгер талапкер теориялык сынак тапшырбаса, 10 күндөн кийин АМС системасында кайрадан текшерүү жүргүзүлөт. |
|
| АМС системасында каттоонун болушу же жоктугу | |
2.3. Теориялык сынакты үч жолу ийгиликсиз тапшыруу аракетинен кийин талапкер окуу курсуна кайрадан жиберилет. |
|
|
| |
2.4. Автомектептерде кайрадан курстан өткөндөн кийин талапкер кайрадан квалификациялык сынак тапшырат. |
|
| Сынак тапшырууга киргизүү (автомектептен документтин болушу) | |
2.5. Теориялык сынакты тапшырган учурда, талапкер тийиштүү категориялардагы жана категориячалардагы транспорт каражаттарын айдоо көндүмдөрү боюнча практикалык сынакка киргизилет. |
| 60 мүнөт | Практикалык сынакка киргизүү | |
2.6. Сынактарды ийгиликтүү тапшырганда, талапкер арызды басып чыгаруу үчүн операторго жана белгиленген төлөмдөрдү төлөө үчүн кассага жиберилет. |
| 20 мүнөт | Жыйынтыгы менен сынак баракчасын берүү | |
Жол-жобонун жыйынтыгы: 1) Айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн жыйынтыгы менен сынак баракчасын берүү |
|
|
| |
2-жол-жобонун узактыгы: 1 саат 50 мүнөт | ||||
2-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | ||||
3-жол-жобо. Улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү берүү | ||||
3.1. Фотосүрөткө тартуу жана күбөлүктү жекелештирүү | Оператор-фотосүрөтчү | 25 мүнөт | Санарип фотосүрөттүн болушу | - “Жол кыймылы жөнүндө” КР Мыйзамы; - КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 “Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому |
3.2. Айдоочулук күбөлүктү даярдоо жана колго берүү | адис | 4 иш күн | Жаранда айдоочулук күбөлүктүн болушу | |
Жол-жобонун жыйынтыгы: Айдоочулук күбөлүктү жарандын колуна берүү | ||||
Жол-жобонун узактыгы: 40 мүнөт | ||||
Жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||
5. Автомектептерде окугандан кийин жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритмдер)
Айдоочулук күбөлүк жоголгондон кийин жана алмаштыргандан кийин жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритмдер)
Эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү берүү
1. Жалпы жоболор
1. Ушул мамлекеттик/муниципалдык кызмат көрсөтүүнү берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлөт.
2. Ушул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти төмөнкүлөрдүн талаптарына жооп берет:
- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 109 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө жобо.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнү берүүнүн жалпы мөөнөтү: 1 сааттан ашык эмес.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:
Кыргыз Республикасынын эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүгүн берүү үчүн “Унаа” мамлекеттик мекемесинин бөлүмүнө арыз ээси тарабынан төмөнкүдөй документтер берилет:
1) калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын жаранынын жана чет өлкөлүк жарандын идентификациялык жеке номери (ИЖН);
2) белгиленген үлгүдөгү арыз (келүүчүлөрдүн арызы ыйгарым укуктуу органдын оператору тарабынан белгиленген форма боюнча толтурулат);
3) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта);
4) чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн – барган жери боюнча каттоосу жана алты айдан кем эмес мөөнөткө визасы же жашап турууга уруксаты болгондо ким экендигин ырастоочу документ, качкындын күбөлүгү;
5) Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгү;
6) жалтырабаган фотокагаздагы, 3,5х4,5 см өлчөмүндөгү эки түстүү фотосүрөт;
7) Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда макулдашылган, белгиленген жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (төлөм тапшырмасы).
Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн ээсинин расмий өкүлүнө төмөнкүдөй документтер болгондо Кыргыз Республикасынын эл аралык айдоочулук күбөлүктөрүн берүүгө жол берилет:
1) нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат;
2) өкүлдүн ким экендигин ырастоочу документ - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта);
3) ишеним берүүчүнүн Кыргыз Республикасынын жарактуу улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн түп нускасы;
4) ишеним берүүчүнүн – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасынын – паспортунун (ID-карта) көчүрмөсү;
5) чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн – барган жери боюнча каттоосу жана алты айдан кем эмес мөөнөткө визасы же жашап турууга уруксаты болгондо ким экендигин ырастоочу документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү, ишеним берүүчүнүн качкындын күбөлүгү;
6) жалтырабаган фотокагаздагы, 3,5х4,5 см өлчөмүндөгү эки түстүү фотосүрөт;
7) Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда макулдашылган, белгиленген жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (төлөм тапшырмасы).
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1. | Документтерди кабыл алуу | |
2. | Эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү тариздөө жана берүү |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболорду сыпаттоо жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1-жол-жобо. Документтерди кабыл алуу | ||||
1.1. Арыз берген адамдын берилген паспортко (аскер билетине) шайкештигин текшерүү жана берилген документтердин белгиленген талаптарга шайкештигин текшерүү. 1.2.Электрондук маалыматтар базасы боюнча улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн жарактуулугун текшерүү. 1.3. Зарыл документтер болбогон же алардын мыйзамдардын талаптарына жооп бербегендиги боюнча фактылар аныкталган учурда, жүйөлүү себеп менен документтерди кабыл алуудан баш тартылат. | Документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адис | 10 мүнөт
5 мүнөт
5 мүнөт | Документтерди кабыл алуу же баш тартуу.
Болушу же жоктугу
Баш тартуу
| - “Жол кыймылы жөнүндө” КР Мыйзамы; - КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 “Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому |
1-жол-жобонун жыйынтыгы: арызды жана документтерди кабыл алуу | ||||
1-жол-жобонун узактыгы: 20 мүнөттөн ашык эмес | ||||
1-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | ||||
| ||||
2-жол-жобо. Эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү тариздөө жана берүү | ||||
2.1. Күбөлүктү жекелештирүү
2.2. Айдоочулук күбөлүктү колго берүү | Оператор | 2.1.10 10 мүнөт 2.1.11 2.1.12 2.1.13 2.1.14 5 мүнөт | 1.1. Толтурулган эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк 1.2. 1.3. Жаранда же расмий өкүлдө ЭҮАКтын болушу | - “Жол кыймылы жөнүндө” КР Мыйзамы; - КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 “Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому |
Жол-жобонун жыйынтыгы: Айдоочулук күбөлүктү берүү | ||||
Жол-жобонун узактыгы: 15 мүнөт | ||||
Жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо | ||||
Жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритмдер)
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
1) Ички контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекемеси тарабынан жүргүзүлөт.
2) Ички контроль “Унаа” мамлекеттик мекемесинин жумушчу топ түзүү жөнүндөгү буйругунун негизинде кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.
3) Текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын аныкталган бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы корутунду түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча сунуштар белгиленет, ошондой эле административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Корутундуга кол коюлгандан тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Корутунду түшкөн күндөн тартып бир ай мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жаза чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле зарылдыгына карата белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү жеке менчик жана/же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүп берилген учурда, административдик регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенти ушул кызмат көрсөтүүнү акыркы керектөөчүгө берүү максатында өз ара аракеттенүү ишке ашырылган мамлекеттик жана муниципалдык органдар, ведомстволук (түзүмдүк жана аймактык) бөлүмдөр менен макулдашылды.
(Эгер кызмат көрсөтүүнү берүү процессинде өз ара аракеттенүү ишке ашырылбаса, ушул пункт көрсөтүлбөйт).
11. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар:
1. Исираилова Бурул Дуйшонбековна, “Унаа” мамлекеттик мекемесинин финансы-экономикалык иштер, сатып алуулар жана материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы.
2. Убышев Эркинбек Джумакадырович, “Унаа” мамлекеттик мекемесинин аналитикалык иштер, контролдоо, мониторинг, маалымат жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты бөлүмү.