Загрузка документа…
| 32-тиркеме БЕКИТИЛГЕН Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2020-жылдын “21” январындагы № 1-д буйругу менен |
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
«Укук күбөлөндүрүүчү документтерди, каттоочу номердик белгилерди берүү менен автомототранспорт каражаттарына менчик укугун каттоо (кайра каттоо)»
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасы, 87-пункт
1. Жалпы жоболор
1. Ушул мамлекеттик/муниципалдык кызмат көрсөтүүнү берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлөт.
2. Ушул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти төмөнкүлөрдүн талаптарына жооп берет:
- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 109 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө жобо.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнү берүүнүн жалпы мөөнөтү: 2 сааттан күндөн ашык эмес.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:
2.1. Биринчи каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн автомототранспорт каражаттарынын жана алардын чиркегичтеринин менчик ээлери төмөнкүлөрдү берет:
- идентификациялык жеке номер (жеке жак үчүн), идентификациялык салык номери (юридикалык жак үчүн);
- архивдик иш, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыз;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта);
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган учурлардан тышкары жарактуу визасы бар паспорт же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону);
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана уюштуруу документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү (юридикалык жактар үчүн);
- Кыргыз Республикасына ташып киргизилген транспорт каражаттарын алгачкы каттоо үчүн - транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын чыгарылышын ырастоочу документтер же товарларга декларациялар (мындан ары - ТД);
- Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекети болуп саналбаган мамлекеттерден жана үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасына ташып киргизилген автотранспорт каражаттарына Евразия экономикалык бирлигинин Сертификаттоо боюнча органдардын жана сыноо лабораторияларынын (борборлорунун) бирдиктүү реестрине киргизилген сыноо лабораториясы (диагностикалык борбору) тарабынан берилген транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүк;
- даярдоочу заводдун чыгаруу сертификаты, инвойс, транспорт каражатынын паспорту, чет мамлекеттин техникалык паспорту же ташып киргизилген өлкөнүн тийиштүү ыйгарым укуктуу органы тарабынан транспорт каражатынын эсептен чыгарылганын ырастаган документ, транспорт каражатынын сертификаты, кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы жана каттоо иш-аракеттери үчүн негиз болгон башка документтер;
- даярдоочу уюм, даярдоочу заводдун расмий өкүлү (дистрибьютер, дилер), соода уюму, ишкер тарабынан берилген эсеп-маалым каты же эсеп-фактурасы; Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлгөн биржалык бүтүмдүн жыйынтыгы боюнча сатып алуу-сатуу келишими же транспорт каражатына, түзүлүшкө же жабдууга, номердик агрегатка менчик укугун күбөлөндүрүүчү башка документ;
- жазык жана жарандык сот өндүрүшүнүн жыйынтыгы боюнча транспорт каражатына менчик укугу тууралуу Кыргыз Республикасынын сотторунун белгиленген тартипте күчүнө кирген чечимдери;
- каттоо, атайын бланктык продукция жана мамлекеттик каттоочу белгилер үчүн жыйымдардын жана төлөмдөрдүн квитанциялары;
- арыз ээси түздөн-түз кайрылганда электрондук маалыматтар базасына киргизилүүчү транспорт каражатын, түзүлүштү же жабдууну кароодон өткөрүү актысы. Транспорт каражатын, түзүлүштү же жабдууну көрсөтүүгө тоскоолдук жараткан жагдайлар болгон учурда, транспорт каражатынын, түзүлүштүн же жабдуунун турган жери боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү тарабынан түзүлгөн, ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнүн жетекчиси тарабынан жана ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн аны кароодон өткөрүү актысын берүүгө жол берилет.
Актынын жарактуулук мөөнөтү - Кыргыз Республикасынын аймагында 10 иш күндү; Кыргыз Республикасынын чегинен чыккан учурда - 20 иш күндү түзөт;
- документтердин түп нускалары жоголгон учурда, бажы кызматынын органдары тарабынан күбөлөндүрүлгөн транспорт каражатына, түзүлүшкө жана жабдууга документтердин берилген көчүрмөлөрү боюнча каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын корутундусу;
- транспорт каражаттарынын каттоо белгилери же "ТРАНЗИТ" каттоо белгилери жана (же) Кыргыз Республикасына ташып келинген транспорт каражаттары катталган мамлекеттердин каттоо документтери жана каттоо номерлери.
Алгачкы каттоонун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу орган транспорт каражатынын электрондук паспорту болбогон учурда, Евразия экономикалык бирлигинин келишимдик-укуктук базасына ылайык электрондук паспортту түзөт.
Юридикалык жактын өкүлүнүн ыйгарым укуктары юридикалык жактын атынан анын жетекчисинин же уюштуруу документтери менен ыйгарым укук берилген башка адамдын колу жана ошол уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн ишеним кат менен ырасталат.
Чет өлкөлүк басма сөз, радио, телеберүү органдарынын кызматкерлерине таандык транспорт каражаттарын каттоо үчүн ыйгарым укуктуу органдын бөлүмүндө катталган аккредитациялык карталар жана улуттук паспорттор кошумча берилет.
Чет өлкөлүк банктардын өкүлчүлүктөрүнүн жана республикада аккредитацияланган башка уюмдардын кызматкерлерине таандык транспорт каражаттарын каттоо үчүн ыйгарым укуктуу органдын бөлүмүндө катталган аккредитациялык карталар жана улуттук паспорттор берилет.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат.
Ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жүргүзүү үчүн бекитилген тарифтик торчого ылайык 5 пайыздык жыйым алынат. Жыйымды алуу тартиби жана анын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
2.2. АМТКны кайра каттоо үчүн автомототранспорт каражаттарынын жана алардын чиркегичтеринин менчик ээлери төмөнкүлөрдү берет:
- идентификациялык жеке номер (жеке жак үчүн), идентификациялык салык номери (юридикалык жак үчүн);
- архивдик иш, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыз;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта);
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган учурлардан тышкары жарактуу визасы бар паспорт же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону);
- банктан жүргүзүлгөн төлөм жөнүндөгү көчүрмө менен квитанция, төлөм тапшырмасы же кыймылдуу мүлккө салык төлөгөндүгүн тастыктаган башка документ;
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана уюштуруу документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү (юридикалык жактар үчүн);
- ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү каттоо документтери;
- транспорт каражатына, түзүлүшкө жана жабдууга, номердик агрегаттарга менчик укугун күбөлөндүрүүчү башка документтер;
- зарыл болгон учурда – мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын уруксаты;
- каттоо, атайын бланктык продукция жана мамлекеттик каттоочу белгилер үчүн жыйымдардын жана төлөмдөрдүн квитанциялары;
- арыз ээси түздөн-түз кайрылганда электрондук маалыматтар базасына киргизилүүчү транспорт каражатын, түзүлүштү же жабдууну кароодон өткөрүү актысы. Транспорт каражатын, түзүлүштү же жабдууну көрсөтүүгө тоскоолдук жараткан жагдайлар болгон учурда, транспорт каражатынын, түзүлүштүн же жабдуунун турган жери боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү тарабынан түзүлгөн, ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнүн жетекчиси тарабынан жана ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн аны кароодон өткөрүү актысын берүүгө жол берилет.
Актынын жарактуулук мөөнөтү - Кыргыз Республикасынын аймагында 10 иш күндү; Кыргыз Республикасынын чегинен чыккан учурда - 20 иш күндү түзөт;
- түйүндөрүнүн жана агрегаттарынын номерлеринде каттоо документтери менен айырмачылыгы болгон транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга берилген документтер боюнча каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын корутундусу;
- транспорт каражаттарынын каттоо белгилери же "ТРАНЗИТ" каттоо белгилери.
Жогоруда аталган документтер берилгенден кийин ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген формада сатып алуу-сатуу келишими үч нускада түзүлөт, тараптардын ар бирине бир нускадан жана ыйгарым укуктуу орган үчүн бир нуска.
Мында кыймылдуу мүлккө салык салыктык мезгилде бир жолу төлөнөт. Кыймылдуу мүлккө менчик укугун өткөрүп берүү салык төлөөчү салыктын суммасын төлөгөн шартта салыкты экинчи жолу төлөө үчүн негиз болуп саналбайт.
Транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө же жабдууларга, номердик агрегаттарга менчик укугун күбөлөндүрүүчү башка документтерге төмөнкүлөр кирет:
- ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга транспорт каражаттарын бөлүү жөнүндө калкты социалдык коргоо органдары тарабынан берилген документтер;
- кылмыш жана жарандык сот өндүрүшүнүн жыйынтыгында транспорт каражатына болгон менчик укуктары боюнча соттордун белгиленген тартипте күчүнө кирген чечимдери;
- келишимдер, мүлктү мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктөр жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген (же) түзүлгөн башка документтер.
Жеке жана юридикалык жактар жогоруда аталган документтерди бергенден кийин “Унаа” мамлекеттик мекемеси тарабынан белгиленген формадагы бланкта сатып алуу-сатуу келишими үч нускада түзүлөт, тараптардын ар бирине бир нускадан жана бир нуска – “Унаа” мамлекеттик мекемеси үчүн.
Чет өлкөлүк банктардын өкүлчүлүктөрүнүн жана республикада аккредитацияланган башка уюмдардын кызматкерлерине таандык транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо/кайра каттоо үчүн тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда катталган аккредитациялык карталар жана улуттук паспорттор берилет.
Тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда аккредитацияланган дипломатиялык өкүлчүлүктөргө, консулдук мекемелерге, эл аралык уюмдарга, ошондой эле алардын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык автотранспорт каражаттарын каттоо, кайра каттоо жана эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын, алардын кызматкерлеринин автотранспортун каттоо жөнүндө ченемдик укуктук актыларга ылайык “Кыргыздипсервис” мамлекеттик ишканасы аркылуу гана жүргүзүлөт.
Чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга таандык транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды кайра каттоо үчүн тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда катталган улуттук паспорттор же жашап турууга уруксат кошумча берилет.
Юридикалык жактын өкүлүнүн ыйгарым укуктары юридикалык жактын атынан анын жетекчисинин же уюштуруу документтери менен ыйгарым укук берилген башка адамдын колу жана ошол уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн ишеним кат менен ырасталат.
Транспорт каражатынын, түзүлүштүн же жабдуунун менчик ээси болуп сот тарабынан аракетке жөндөмсүз же аракети чектелген деп таанылган адам болсо, мындай адамдын атынан камкорчу же көзөмөлчү чыгат.
Транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн же жабдуулардын менчик ээлери болуп 14 жашка чыга элек жашы жетпеген адамдар саналган учурда каттоо иш-аракеттери алардын атынан ата-энелери, асырап алуучулары же камкорчулары тарабынан гана жүргүзүлөт. Менчик ээлери болуп 14 жаштан 16 жашка чейинки жашы жетпеген адамдар саналган учурда каттоо иш-аракеттери ата-энелеринин (асырап алуучулардын), камкорчуларынын (көзөмөлчүлөрдүн) же камкордук жана көзөмөлдүк органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда, жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жашы жетпеген адамдын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүн (16 жаштан 18 жашка чейинки куракта, паспортун) көрсөтүү менен жүргүзүлөт.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат.
Ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жүргүзүү үчүн бекитилген тарифтик торчого ылайык 1 пайыздык жыйым алынат. Жыйымды алуу тартиби жана анын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы:
- АМТКнын электрондук маалыматтар базасына киргизүү;
- транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүктү берүү;
- каттоочу белгини берүү;
- зарылдыгына карата транспорт каражатынын техникалык талонун берүү.
2.3. Мамлекеттин чегинен тышкары чыгарган учурда, транспорт каражатын каттоодон чыгаруу үчүн автомототранспорт каражаттарынын жана алардын чиркегичтеринин менчик ээлери төмөнкүлөрдү берет:
Жеке жактар үчүн:
- белгиленген үлгүдөгү арыз (келүүчүлөрдүн арызы белгиленген форма боюнча “Унаа” мамлекеттик мекемесинин оператору тарабынан толтурулат);
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта), чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын туруктуу жашап турууга уруксаты;
- чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын паспорту же ким экендигин ырастоочу башка документи, эгер Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкасы каралбаса, ошондой эле тийиштүү жарактуу визасы менен анын көчүрмөсү;
- транспорт каражатын сатып алуу-сатуу жөнүндө келишим (зарылдыгына карата);
- каттоо документтери (транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүк, ТКП (болсо);
- тийиштүү төлөмдөрдүн квитанциясы;
- “Унаа” мамлекеттик мекемеси тарабынан жүргүзүлгөн транспорт каражатын, түзүлүштү же жабдууну кароодон өткөрүү актысы. Транспорт каражатын, түзүлүштү же жабдууну көрсөтүүгө тоскоолдук жараткан жагдайлар болгон учурда, транспорт каражатынын, түзүлүштүн же жабдуунун турган жери боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү тарабынан түзүлгөн, ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнүн жетекчиси тарабынан жана ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн аны кароодон өткөрүү актысын берүүгө жол берилет. Акттын жарактуулук мөөнөтү 20 сутканы түзөт;
- транспорт каражатынын каттоочу белгилери (мамномер).
Жогоруда аталган документтер берилгенден кийин жеке адамдарга каттоо тууралуу күбөлүктүн “өзгөчө белгилер” графасына транзиттик каттоочу белгини берүү менен мамлекеттин чегинен чыккандагы жөнүндө белги коюлат.
Юридикалык жактар үчүн:
- мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана уюштуруу документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
- транспорт каражатын өткөрүп берүү (сатуу) жөнүндө буйруктар;
- каттоо документтери (транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүк, техникалык талон жана ТКП (болсо);
- зарыл болгон учурда – мамлекеттик транспорт каражаттары үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын уруксаты;
- квитанциялар же тийиштүү төлөмдөрдүн тапшырмасы;
- “Унаа” мамлекеттик мекемеси тарабынан жүргүзүлгөн транспорт каражатын, түзүлүштү же жабдууну кароодон өткөрүү актысы. Транспорт каражатын, түзүлүштү же жабдууну көрсөтүүгө тоскоолдук жараткан жагдайлар болгон учурда, транспорт каражатынын, түзүлүштүн же жабдуунун турган жери боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү тарабынан түзүлгөн, ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнүн жетекчиси тарабынан жана ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн аны кароодон өткөрүү актысын берүүгө жол берилет. Акттын жарактуулук мөөнөтү 20 сутканы түзөт;
- транспорт каражатынын каттоочу белгилери (мамномер).
Жогоруда аталган документтер берилгенден кийин юридикалык жактарга каттоо тууралуу күбөлүктүн “өзгөчө белгилер” графасына транзиттик каттоочу белгини берүү менен мамлекеттин чегинен чыккандагы жөнүндө белги коюлат.
Тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда аккредитацияланган дипломатиялык өкүлчүлүктөргө, консулдук мекемелерге, эл аралык уюмдарга, ошондой эле алардын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык автотранспорт каражаттарын эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын, алардын кызматкерлеринин автотранспортун каттоо жөнүндө ченемдик укуктук актыларга ылайык “Кыргыздипсервис” мамлекеттик ишканасы аркылуу гана жүргүзүлөт.
2.4. Утилизациялоо учурунда транспорт каражатын эсептен чыгаруу үчүн автомототранспорт каражаттарынын жана алардын чиркегичтеринин менчик ээлери төмөнкүлөрдү берет:
- белгиленген үлгүдөгү арыз (келүүчүлөрдүн арызы белгиленген форма боюнча “Унаа” мамлекеттик мекемесинин оператору тарабынан толтурулат);
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта), чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын туруктуу жашап турууга уруксаты;
- каттоо документтери (транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүк, ТКП (болсо);
- тийиштүү төлөмдөрдүн квитанциясы;
- транспорт каражатынын каттоочу белгилери (мамномер).
Жогоруда аталган документтер берилгенден кийин жеке адамдарга номердик түйүндөрдү жана агрегаттарды сатууга уруксат берүү жөнүндө маалымкат берилет.
Юридикалык жактар үчүн:
- мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана уюштуруу документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
- транспорт каражатын эсептен чыгаруу жөнүндө буйруктар;
- каттоо документтери (транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүк, техникалык талон жана ТКП (болсо);
- зарыл болгон учурда – мамлекеттик транспорт каражаттары үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын уруксаты;
- квитанциялар же тийиштүү төлөмдөрдүн тапшырмасы;
- транспорт каражатынын каттоочу белгилери (мамномердик белги).
Жогоруда аталган документтер берилгенден кийин юридикалык жактарга номердик түйүндөрдү жана агрегаттарды сатууга же башкача колдонууга уруксат берүү жөнүндө маалымкат берилет.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы:
- АМТКнын электрондук маалыматтар базасына киргизүү;
- транзиттик номерди берүү.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1. | Документтерди текшерүү жана АМТКны кароо |
|
2. | АМТКнын ээсинен же ээсинин ишенимдүү адамынан документтерди кабыл алуу жана документтерди тариздөө |
|
3. | Транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүктү, техникалык талонду жана каттоочу белгини берүү |
|
4. | Транспорт каражатын эсептен чыгаруу (мамлекеттин чегинен чыгууга байланыштуу же эсептен чыгаруу (утилизация) |
|
3. Транспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоо жол-жоболорунун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболорду сыпаттоо жана алардын мүнөздөмөлөрү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ | ||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | ||
1-жол-жобо. Документтерди текшерүү жана АМТКны кароо | ||||||
1.1. Арыз берген адамдын берилген паспортко (аскер билетине) шайкештигин текшерүү жана берилген документтердин белгиленген талаптарга шайкештигин текшерүү.
| Документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адис | 10 мүнөт
| Документтердин шайкештигин аныктоо.
| - КР Жарандык кодекси; - “Жол кыймылы жөнүндө” КР Мыйзамы; - КР Өкмөтүнүн 23.07.2017-ж. №407 “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө” | ||
1.2. Өкүлдүн арыз берүүгө ыйгарым укугунун мыйзамдуулугун текшерүү. | Документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адис | 5 мүнөт
| Өкүлдүн ыйгарым укугунун мыйзамдуулугун аныктоо. | |||
1.3. Зарыл документтер болбогон же алардын мыйзамдардын талаптарына жооп бербегендиги, ошондой эле алардын берилген транспорт каражатына шайкеш эместиги боюнча фактылар аныкталган учурда, жүйөлүү себеп менен АМТКны каттоодон жана кайра каттоодон баш тартылат. | Документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адис | 5 мүнөт
| Баш тартуу
| |||
1.4. Эгер берилген документтер белгиленген талаптарга жооп берсе, АМТК адистердин кароосуна жиберилет |
|
| Кароого киргизүү | |||
1.5. Кароодо транспорт каражатынын кузовунун номеринин, тибинин, моделинин берилген документтерге шайкештиги текшерилет | Кароо боюнча адис же инженер | 10 мүнөт
| Шайкештигин текшерүү
| |||
1.6. Берилген документтер транспорт каражатына шайкеш келсе, транспорт каражатын кароо актысы берилет жана адиске тариздөө үчүн жиберилет | Кароо боюнча адис же инженер | 10 мүнөт
| Кароо актысын берүү | |||
1.7. Берилген документтер менен транспорт каражатында карама-каршылыктар болсо, соттук-техникалык экспертизага же укук коргоо органдарына жиберилет. | Кароо боюнча адис же инженер | 10 мүнөт
| Баш тартуу себебин көрсөтүү менен багыттаманы тариздөө же укук коргоо органдарына маалымат | |||
Жол-жобонун жыйынтыгы: 1) кароо актысын берүү, 2) актыны берүүдөн баш тартуу | ||||||
Жол-жобонун узактыгы: 50 мүнөттөн ашык эмес. | ||||||
Жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо. | ||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | ||||||
2-жол-жобо. АМТКнын ээсинен же ээсинин ишенимдүү адамынан документтерди кабыл алуу жана документтерди тариздөө | ||||||
2.1. Кароодон кийин, берилген документтер менен транспорт каражаты шайкеш келген учурда, ээсинин же расмий өкүлдүн атынан белгиленген формадагы арызды басып чыгарат жана ошол эле убакта маалыматтар электрондук базага киргизилет. | Документтерди кабыл алуу боюнча адис же оператор | 10 мүнөт
| 2.1. Арыздын болушу
| - КР Жарандык кодекси; - “Жол кыймылы жөнүндө” КР Мыйзамы; - КР Өкмөтүнүн 23.07.2017-ж. №407 “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө” | ||
2.2. АМТКны эсепке алуу картотекасы боюнча чектөөлөрдүн болушу текшерилет | адис | 15 мүнөт
|
| |||
2.3. АМТКны сатып алуу-сатуу келишимин басып чыгаруу жана тариздөө | адис же оператор | 20 мүнөт
| 2.3. Сатып алуу-сатуу келишиминин болушу | |||
2.4. Ыйгарылган мамлекеттик каттоочу белгини аныктоо менен транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүктү, техникалык талонду (юридикалык жактарга) жекелештирүү | адис же оператор | 15 мүнөт
| Транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүктүн, техникалык талондун жана мамлекеттик каттоочу белгинин болушу | |||
Жол-жобонун жыйынтыгы: 1) Арызды жана документтерди кабыл алуу. 2) Транспорт каражатын сатып алуу-сатуу келишимин тариздөө | ||||||
Жол-жобонун узактыгы: 60 мүнөттөн ашык эмес. | ||||||
Жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо. | ||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | ||||||
3-жол-жобо. Транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүктү, техникалык талонду жана каттоочу белгини берүү | ||||||
3.1. Транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүктү, техникалык талонду берүү | адис | 5 мүнөт
| Транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүктүн, техникалык талондун жана каттоочу белгинин болушу | - КР Жарандык кодекси; - “Жол кыймылы жөнүндө” КР Мыйзамы; - КР Өкмөтүнүн 23.07.2017-ж. №407 “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө” | ||
3.2. Мамлекеттик каттоочу белгини берүү | оператор | 5 мүнөт
| Мамлекеттик каттоочу белгинин болушу | |||
Жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөт. | ||||||
Жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо. | ||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 4 | ||||||
4-жол-жобо. Транспорт каражатын эсептен чыгаруу (мамлекеттин чегинен чыгууга байланыштуу же эсептен чыгаруу (утилизация) | ||||||
4.1. Мамлекеттин чегинен тышкары чыгарууга байланыштуу транспорт каражатын каттоодон чыгарууда жеке жана юридикалык жактар тийиштүү документтерди беришет. | оператор | 5 мүнөт
| Арыздын болушу | - КР Жарандык кодекси; - “Жол кыймылы жөнүндө” КР Мыйзамы; - КР Өкмөтүнүн 23.07.2017-ж. №407 “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө” | ||
4.2. Талап кылынган документтер берилгенден кийин маалыматтар базасына өзгөртүү киргизилет, транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүктүн “өзгөчө белгилер” графасына чыккан өлкөнү жана ээсин көрсөтүү менен эсептен чыгарылгандыгы жөнүндө белги коюлат. | адис | 15 мүнөт
| Транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүктүн “өзгөчө белгилер” графасында чыккан өлкө жана ээси көрсөтүлөт | |||
4.3. Мамлекеттик каттоочу номердик белгилер алып коюлат жана транзиттик номер берилет. | адис | 5 мүнөт
| ТКнын транзиттик номерин берүү | |||
4.4. Эсептен чыгарууга (утилизацияга) байланыштуу транспорт каражатын каттоодон чыгарууда юридикалык жактар тийиштүү документтерди беришет. | оператор | 5 мүнөт
| Арыздын болушу | |||
4.5 Талап кылынган документтер берилгенден кийин маалыматтар базасына өзгөртүү киргизилет, транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүк (ТКнын техталону), мамлекеттик каттоочу белгилер алып коюлат жана номердик түйүндөрдү жана агрегаттарды сатууга же башкача колдонууга уруксат берүү жөнүндө маалымкат берилет. | адис | 15 мүнөт
| Маалыматтар базасына өзгөртүү киргизүү жана маалымкат берүү | |||
Жол-жобонун жыйынтыгы: Транспорт каражатын эсептен чыгаруу | ||||||
Жол-жобонун узактыгы: 30 мүнөттөн ашык эмес | ||||||
Жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо. | ||||||
5. Жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритмдер)
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
1) Ички контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекемеси тарабынан жүргүзүлөт.
2) Ички контроль “Унаа” мамлекеттик мекемесинин жумушчу топ түзүү жөнүндөгү буйругунун негизинде кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.
3) Текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын аныкталган бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы корутунду түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча сунуштар белгиленет, ошондой эле административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Корутундуга кол коюлгандан тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Корутунду түшкөн күндөн тартып бир ай мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жаза чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле зарылдыгына карата белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү жеке менчик жана/же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүп берилген учурда, административдик регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенти ушул кызмат көрсөтүүнү акыркы керектөөчүгө берүү максатында өз ара аракеттенүү ишке ашырылган мамлекеттик жана муниципалдык органдар, ведомстволук (түзүмдүк жана аймактык) бөлүмдөр менен макулдашылды.
(Эгер кызмат көрсөтүүнү берүү процессинде өз ара аракеттенүү ишке ашырылбаса, ушул пункт көрсөтүлбөйт).
11. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар:
1. Исираилова Бурул Дуйшонбековна, “Унаа” мамлекеттик мекемесинин финансы-экономикалык иштер, сатып алуулар жана материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы.
2. Убышев Эркинбек Джумакадырович, “Унаа” мамлекеттик мекемесинин аналитикалык иштер, контролдоо, мониторинг, маалымат жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты бөлүмү.