Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2020-жылдын 21-июлу № 2 буйругуна тиркеме |
Электр жана жылуулук энергиясына тарифтерди колдонуу боюнча
НУСКАМА
Электр жана жылуулук энергиясына тарифтерди колдонуу боюнча ушул нускама (мындан ары – Нускама) Кыргыз Республикасынын “Энергетика жөнүндө”, “Электр энергетикасы жөнүндө” мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 576 токтому менен бекитилген электр энергиясын пайдалануунун эрежелерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-мартындагы № 172 токтому менен бекитилген жылуулук энергиясын пайдалануунун эрежелерине ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-мартындагы № 188 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын 2020-2022-жылдарга карата электр жана жылуулук энергияларына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген электр жана жылуулук энергиясына тарифтерди колдонууга багытталган жана Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин субьекттеринин ишмердүүлүгүн мамлекеттик жөнгө салууну ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын контролдоосу астында электр жана жылуулук энергиялары менен камсыздоочу мекемелердин жана керектөөчүлөрдүн колдонуусуна арналган.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акыркы керектөөчүлөр үчүн электр жана жылуулук энергиясына тарифтер электр жана жылуулук энергиясына бекитилген орто мөөнөттүү тарифтик саясаттын негизинде отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) тарабынан белгиленет.
Бул Нускама 2 бөлүмдөн турат. 1-бөлүм электр энергиясына тарифтерди колдонуунун тартибин, 2-бөлүм жылуулук энергиясына тарифтерди колдонуунун тартибин жөнгө салат.
1-бөлүм. Электр энергиясына тарифтер
1-§. Жалпы жоболор
1. Бул Нускама электр энергиясына орто мөөнөттүү саясатты ишке ашыруунун алкагында ыйгарым укуктуу орган тарабынан колдонууга бекитилген электр энергиясына тарифтерди колдонуунун тартибин, ошондой эле бекитилген тарифтер колдонула турган керектөөчүлөрдүн тизмегин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-мартындагы № 188 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын 2020-2022-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын” (мындан ары – ОМТС) 1-тиркемесинде белгиленген электр энергиясына тарифтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган мөөнөттүн ичинде ыйгарым укуктуу органдын чечими менен колдонууга бекитилет.
2-§. Тарифтерди колдонуу чөйрөсү
Ушул Нускама менен белгиленген тарифтерди колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын бардык аймагында акыркы керектөөчүлөргө электр менен камсыздоочу мекемелер тарабынан өндүрүлгөн, берилген, бөлүштүрүлгөн жана сатылган электр энергиясына жайылтылат.
Электр энергиясына белгиленген тарифтерди колдонуу ОМТСти ишке ашыруунун мөөнөтүндө каралган мөөнөттүн ичинде жүзөгө ашырылат.
5. Электр менен камсыздоочу мекеме укуктар белгиленген документтердин негизинде керектөөчү (абонент) тиешелүү болгон тарифтик топту белгилейт, анын ичинде:
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жер тилкесин курулуш үчүн бөлүүдө анын дайындалуу (арналуу) багыты жөнүндө;
- пайдаланууга кабыл алынган обьекттин (имараттын) максаттуу дайындалуу (арналуу) багыты жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими.
3-§. Тарифтердин түрлөрү
6. Бул Нускама менен керектөөчүлөргө берилген бир киловатт-саат (кВт саат) активдүү электр энергиясын төлөөдө төмөндөгү тарифтердин түрлөрүнө колдонуу тартиби жөнгө салынат:
1) “Калк” керектөөчүлөр тобу үчүн электр энергиясын айына 700 кВт саатка чейин керектөөдө социалдык-багыттоо тарифи (бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын болгон алыскы аймактарда жашашкан калктан тышкары, 1-октябрдан 1-майга чейинки мезгилде) ОМТСтин 1-тиркемесиндеги 1.1-пунктчада көрсөтүлгөн өлчөмдө кабыл алынат;
2) “Калк” керектөөчүлөр тобу үчүн тариф (бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын болгон алыскы аймактарда жашашкан калктан тышкары, 1-октябрдан 1-майга чейинки мезгилде) электр энергиясын айына 700 кВт сааттан жогору керектөөдө ОМТСтин 1-тиркемесиндеги 1.2-пунктчада көрсөтүлгөн өлчөмдө кабыл алынат;
3) Бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын болгон алыскы аймактарда жашашкан “Калк” керектөөчүлөр тобу үчүн тариф, 1-октябрдан 1-майга чейинки мезгилде электр энергиясын айына 1000 кВт саатка чейин керектөөдө ОМТСтин 1-тиркемесиндеги 1.3-пунктчада көрсөтүлгөн өлчөмдө кабыл алынат;
4) Бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын болгон алыскы аймактарда жашашкан “Калк” керектөөчүлөр тобу үчүн тариф, 1-октябрдан 1-майга чейинки мезгилде электр энергиясын айына 1000 кВт сааттан жогору керектөөдө ОМТСтин 1-тиркемесиндеги 1.4-пунктчада көрсөтүлгөн өлчөмдө кабыл алынат;
5) “Насостук станциялар” керектөөчүлөр тобу үчүн тариф ОМТСтин 1 жана 2-тиркемелериндеги 2-пунктта көрсөтүлгөн өлчөмдө кабыл алынат;
6) “Электр унаасы” жана “Интернат тибиндеги балдар мекемелери, майыптар жана\же улгайган жарандар үчүн социалдык стационардык жана жарым стационардык мекемелер” керектөөчүлөр тобу үчүн тариф ОМТСтин 1-тиркемесиндеги 3 жана 4-пункттарда көрсөтүлгөн өлчөмдө кабыл алынат;
7) “Майнингдин (криптовалюта) субьекттери” керектөөчүлөр тобун кошпогондо, калган тиричиликтик эмес топтор үчүн тариф ОМТСтин 1-тиркемесиндеги 5, 6, 7, 8-пункттарда көрсөтүлгөн өлчөмдө кабыл алынат;
8) “Майнингдин (криптовалюта) субьекттери” керектөөчүлөр тобу үчүн тариф 1,3 жогорулатылган коэффициентине түзөтүүлөрдү эске алуу менен ОМТСтин 1-тиркемесиндеги 9-пунктта көрсөтүлгөн өлчөмдө кабыл алынат;
7. Суткалардын убактылары боюнча дифференциалдуу тарифтер суткалардын убактылары боюнча керектөө режимине ылайык электр энергиясын эсепке алууну ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берген тутумдарда жана эсепке алуу шаймандарында катталган көрсөткүчтөрдүн негизинде электр менен камсыздоочу мекемелер тарабынан колдонулат.
Дифференциалдуу тариф сутканын ар бир убактылуу мезгили үчүн белгиленген коэффициентке ылайык керектелген активдүү электр энергиясынын 1-кВт саатынын наркын аныктайт.
Суткалардын убактылары боюнча дифференциалдуу тарифтин дайындалуу багыты – энергетикалык тутумдун жүктөмүнүн суткалык графигин теңдештирүү.
8. Суткалардын убактылары боюнча электр энергиясына дифференциалдуу тарифтер суткалардын убактысы боюнча керектөө режимине ылайык электр энергиясын эсепке алууну ишке ашырууга мүмкүндүк берген катталган тутуму жана электр энергиясын коммерциялык эсепке алуучу автоматташтырылган маалыматтык-өлчөө тутумдуу шаймандары (ЭКЭМӨТ) бар “Калк” керектөөчүлөр тобу үчүн электр менен камсыздоочу мекемелер тарабынан колдонулат.
Электр менен камсыздоочу мекеменин техникалык мүмкүнчүлүктөрү бар болгон учурда төмөндөгү шарттарды аткарууда электр энергиясынын керектелген бардык көлөмүнө дифференциалдуу тарифти колдонуу жөнүндө керектөөчү (абонент) аны менен келишим түзүүгө укугу бар:
- керектелген электр энергиясынын бардык көлөмү үчүн төлөм жеңилдетилген керектөөнүн (700/1000 кВт саат) кепилденген көлөмүнөн ашырып жиберген электр энергиясынын көлөмүнө белгиленген, учурдагы мезгилдин убагына колдонулган тариф боюнча кошуп эсептелет;
- керектөөчү сутканын ар бир убактылуу мезгили үчүн белгиленген коэффициенттерди колдонуу менен жогоруда көрсөтүлгөн тарифтер боюнча электр энергиясынын бардык керектелген көлөмүнө төлөөгө милдеттенет:
1) түнкү зона үчүн коэффициент (23:00 дөн 07:00 гө чейин) – 0,5;
2) күндүзгү зона үчүн коэффициент (07:00 дөн 23:00 гө чейин) – 1,0.
4-§. Керектөөчүлөрдүн топтору
9. Бардык электр энергиясын акыркы керектөөчүлөр керектелген электр энергиясынын дайындалуу багыты боюнча 12 тарифтик топко бөлүнөт:
I топ - Калк;
II топ - Насостук станциялар;
III топ – Электр унаасы;
IV топ - Интернат тибиндеги балдар мекемеси, майыптар жана\же улгайган жарандар үчүн жарым стационардык мекемелер;
V топ – Бюджеттик керектөөчүлөр (республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттерден каржыланган керектөөчүлөр);
VI топ – Айыл чарбасы;
VII топ – Өнөр жайы (өнөр жайлуу жана ага теңештирилген керектөөчүлөр);
VIII топ - Башка керектөөчүлөр;
IX топ - Майнингдин (криптовалюта) субьекттери;
X топ - Негизги керектөөчүлөр (Электр энергиясын ири керектөөчүлөр);
XI топ - Керектөөчү алып сатуучулар;
XII топ - Бөлүштүрүүчү ишканалар.
10. Бир электр менен камсыздоочу мекеме тарабынан тейленген, окшош мүнөздөмөдөгү бирдей топтогу керектөөчүлөр.
5-§. Калкка берилген электр энергиясына тарифтерди колдонуу (I топ)
11. Калкка электр энергиясын берүү акыркы керектөөчүлөр үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган тартипте электр энергиясын пайдалануунун мүнөзүнөн жана көлөмдөрүнөн көз каранды болбостон, ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тарифтер боюнча жүргүзүлөт.
12. Ар түрдүү тиричиликтик керектөөлөр үчүн турак үйлөрдө жана батирлерде жашашкан калк тарабынан сарпталган электр энергиясы үчүн, ошондой эле шаардын сыртындагы жайкы эс алуу жайларына (дачаларга) жана бак өстүрүүчү шериктештиктерге берилген электр энергиясы үчүн көрсөтүлгөн тарифтер боюнча төлөм кошуп эсептелет.
13. “Калк” керектөөчүлөр тобу үчүн белгиленген тарифтер боюнча эс алуучулар жана убактылуу жашоочулар жок мезгилге (туристтик маал токтотулганда) турак үйлөрдү жана имараттарды (мейман үйлөрүн) эс алуучуларга жана убактылуу жашоочуларга ижарага беришкен керектөөчүлөргө да төлөм кошуп эсептелет. Электр менен камсыздоочу мекеме мындай абонент менен турак үйлөрдүн жана имараттардын ижарага берилишинин мөөнөттөрү жана канча убакытка созулуусу сөзсүз көрсөтүлүүсү зарыл болгон контракт түзүүсү керек.
14. Айына 700 кВт саат өлчөмүндө электр энергиясын жеңилдетилген керектөөнүн кепилденген көлөмүнүн чегинде электр энергиясын керектөөдө калк үчүн социалдык-багыттоо тарифи колдонулат (1-октябрдан тартып 1-майга чейинки мезгилде электр энергиясын жеңилдетип керектөөнүн кепилденген көлөмүндө керектөө айына 1000 кВт саатты түзгөн бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын болгон алыскы аймактарда жашашкан калктан тышкары). Жеңилдетилген керектөөнүн кепилденген көлөмүнүн чегинде электр энергиясы үчүн төлөм электр менен камсыздоочу мекеме тарабынан керектөөчүгө көрсөтүлгөн төлөө эсебинде өзүнчө сап менен эсептелет.
15. Электр энергиясын айына керектөөнүн көлөмүн эсептөө:
700 кВт саат * 12 ай / 365 күн = 23,014 кВт саатты
түзгөн абоненттин электр энергиясын суткалык орточо керектөөсүнөн келип чыгуусу керек.
1000 кВт саат * 12 ай / 365 күн = 32,877 кВт саат (бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын болгон алыскы аймактарда жашаган калк үчүн, 1-октябрдан тартып 1-майга чейинки мезгилге).
16. Тиричиликтик абонент электр энергиясын жеңилдетилген керектөөнүн кепилденген көлөмүнөн ашыкча көлөмдө пайдаланган учурда (700 кВт саат же 1000 кВт саат), төлөм ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тиешелүү тариф боюнча жүргүзүлөт. Бул тариф боюнча электр энергиясы үчүн төлөм электр менен камсыздоочу мекеме тарабынан көрсөтүлгөн төлөө эсебине өзүнчө сап менен эсептелет.
17. Жалпы эсептөөчү эсептегич боюнча электр менен камсыздоочу мекемелер менен эсептешкен жайындагы шаардын сыртындагы эс алуучу жайларга (дачаларга) жана бак өстүрүү шериктештиктерине (аралаш жүктөмү менен керектөөчү алып сатуучулар болуп эсептелбегендер) электр энергиясын берүү “Калк” тобу үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тариф боюнча жүргүзүлөт. Ар бир жайындагы шаардын сыртындагы эс алуучу жайлардагы (дачалардагы) жана бак өстүрүү шериктештиктериндеги жеке тиричиликтик керектөөчүлөрдүн иш жүзүндөгү саны инвентаризациялоонун (мүлктүк эсепке алуунун же каттоонун) негизинде жазылып белгиленет. Дачалардагы ар бир бак өстүрүүчү коомдогу же шериктештиктеги жеке тиричиликтик керектөөчүлөрдүн иш жүзүндөгү саны лицензиаттын (электр менен камсыз кылуучу уюмдун) өкүлдөрүнүн катышуусу менен инвентаризациялоонун негизинде жазылып белгиленет.
Ушуну менен бирге кошуп эсептөө биринчи кезекте тиричиликтик керектөөчүлөрдүн санына көбөйтүлгөн 700 кВт саат өлчөмүндөгү электр энергиясын жеңилдетип керектөөнүн кепилденген өлчөмүнө “Калк” тобу үчүн тарифтин биринчи баскычы боюнча жүргүзүлөт. Андан кийин кошуп эсептөө тарифтин 1-баскычы боюнча кошуп эсептөөнү кемитүү менен керектөөчүнүн эсепке алуу шайманынын көрсөткүчү боюнча электр энергиясын иш жүзүндө чыгымдоо боюнча жүргүзүлгөндөн соң, 700 кВт сааттан жогору керектөөнүн көлөмү үчүн экинчи баскычтагы тариф боюнча төлөөнүн суммасы аныкталат.
18. Жайындагы шаардын сыртындагы эс алуучу жайлар (дачалар) жана бак өстүрүү шериктештиктери тарабынан сугарууга сарпталган электр энергиясына (насостук станция жамааттык болуп эсептелген шарттарда) айыл чарба жерлерин сугарууну камсыз кылган “Насостук станциялар” керектөөчүлөр тобу үчүн белгиленген тариф боюнча өзүнчө төлөнөт.
19. Эсептөөнүн аналогиялык алгоритми “Калк” керектөөчүлөр тобунда болушкан бардык тиричиликтик эмес абоненттер үчүн колдонулат жана эсептөө жалпы эсептөө шайманы боюнча жүргүзүлөт (жатакана, жалпы эсепке алуу менен мейманкана тибиндеги турак үйлөр жана башкалар).
20. Бир гана башкы эсепке алуу боюнча электр энергиясы үчүн эсептешүү жүргүзгөн жана бир энчилүү эсеби болгон жеке жактардын тобу үчүн керектелген электр энергиясы үчүн төлөөнү кошуп эсептөө жалпы башкы эсепке алуу эсебине кошулган жеке тиричиликтик керектөөчүлөрдүн саны жазылып белгиленген инвентаризациялоонун негизинде жүргүзүлөт.
Кошуп эсептөө биринчи кезекте тиричиликтик керектөөчүлөрдүн санына көбөйтүлгөн 700 кВт саат өлчөмүндөгү электр энергиясын жеңилдетип керектөөнүн кепилденген өлчөмүнө “Калк” тобу үчүн тарифтин биринчи баскычы боюнча жүргүзүлөт. Андан кийин кошуп эсептөө тарифтин 1-баскычы боюнча кошуп эсептөөнү кемитүү жана керектөөчүнүн эсепке алуу шайманынын көрсөткүчү боюнча электр энергиясын иш жүзүндө чыгымдоо боюнча жүргүзүлгөндөн соң, 700 кВт сааттан жогору керектөөнүн көлөмү үчүн экинчи баскычтагы тариф боюнча төлөөнүн суммасы аныкталат.
21. Баланстык тиешелүүлүктүн чегинде жайгашпаган, өз менчигинде трансформатордук көмөкчү чордону (ТКЧ), электр өткөрүү чубалгысы (ЭӨЧ) жана эсептөөчү жалпы эсепке алуу шайманы бар керектөөчүлөр үчүн кошуп эсептөө керектөөчүгө таандык болгон ТКЧ жана ЭӨЧтөгү эсепке алуу шайманынын көрсөткүчтөрү жана жоготуунун көлөмү боюнча жүргүзүлөт. Керектөөчүнүн тармактык элементтериндеги жоготууларына кошуп эсептөө ушул керектөөчүгө колдонулган негизги тариф боюнча, ал эми ар түрдүү топторго тиешелүү бир нече керектөөчүлөр кошулган учурда аларга колдонулган тарифтердин эң төмөнкүсү боюнча жүргүзүлөт.
“Калк” тобунун керектөөчүлөрү жеке эсепке алуу боюнча эсептешүү жүргүзүшкөн учурларда керектөөчүнүн тармактык элементтериндеги жоготуулар үчүн эсептөө тарифтин биринчи баскычындагы тариф боюнча жүргүзүлөт. Ар бир абоненттин электр энергиясын жеңилдетип керектөөсүнүн кепилденген көлөмүндөгү керектөөчүнүн тармактык жоготуулары буга кошулбайт.
22. Коммуналдык сектордун жашоочулары үчүн жалпы пайдалануудагы (үйгө кирүүчү эшикти\подьездди\ жарык кылуу, лифттин электрдик керектөөсү, жогорулатуучу жана төмөндөтүүчү насостор) электр энергияны керектөө үчүн төлөө “Калк” тобу үчүн социалдык-багыттоо тарифинин биринчи баскычы боюнча жүргүзүлөт жана ар бир абоненттин электр энергиясын жеңилдетип пайдалануу өлчөмүндө эске алынбайт.
23. Коммуналдык секторду тейлеген жана кондоминиумдардын, ЖСК (ЖЭК) жана ТСЖдардын балансында турган электр отканалары керектеген электр энергиясы үчүн төлөө 700 кВт саат өлчөмүндө “Калк” керектөөчүлөр тобу үчүн белгиленген социалдык-багыттоо тарифинин биринчи баскычы боюнча жүргүзүлөт, калган көлөм үчүн төлөө “Калк” тобунун экинчи баскычы боюнча эсептелинет.
24. Курулушу бүтө элек жана пайдаланууга бериле элек көп батирлүү турак үйлөрү тарабынан керектелген электр энергиясына VII “Өнөр жай (өнөр жай жана ага теңдештирилген керектөөчүлөр)” тобу үчүн белгиленген тарифтер боюнча төлөнөт.
6-§. Насостук станцияларга берилген электр энергиясына тарифтерди колдонуу (II топ)
25. “Насостук станциялар” тобунун керектөөчүлөрү үчүн электр энергиясын берүү ОМТСтин 1-тиркемесинин 2-пунктундагы көрсөтүлгөн өлчөмдө социалдык-багыттоо тарифи боюнча жүргүзүлөт.
26. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жана Жазы-Кечүү айылынын, Кара-Көл шаарынын “Насостук станциялар” тобунун керектөөчүлөрү үчүн электр энергиясын берүү ОМТСтин 2-тиркемесинин 2-пунктундагы көрсөтүлгөн өлчөмдө социалдык-багыттоо тарифи боюнча жүргүзүлөт.
27. Айыл чарба жерлерин сугарууну камсыз кылган насостук станциялар тарабынан жана таза суу менен калкты камсыз кылуу боюнча керектелген электр энергиясы үчүн төлөөнү кошуп эсептөө аталган топ үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тариф боюнча жүргүзүлөт.
28. “Насостук станциялар” аталышындагы II топко кирген керектөөчүлөрдүн тизмеги ушул Нускаманын 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн.
7-§. Электр унаасына берилген электр энергиясына тарифтерди колдонуу (III топ)
29. “Электр унаасы” тобунун керектөөчүлөрүнө электр энергиясын берүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган өлчөмдө жана тартипте, электр энергиясын пайдалануунун мүнөзүнө, берүүнүн тибине көз каранды болбостон, белгиленген тариф боюнча жүргүзүлөт.
30. Керектеген электр энергиясы үчүн аталган топтун керектөөчүлөрүнүн акы төлөөсү ОМТСтин 1-тиркемесинин 3-пунктундагы көрсөтүлгөн тариф боюнча жүргүзүлөт.
31. “Электр унаасы” тобундагы керектөөчүлөрдүн тизмеги ушул Нускаманын 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн.
8-§. Интернат тибиндеги балдар мекемелерине, майыптар жана\же улгайган жарандар үчүн социалдык стационардык жана жарым стационардык мекемелерге берилген электр энергиясына тарифтерди колдонуу (IV топ)
32. Интернат тибиндеги балдар мекемелерине, майыптар жана\же улгайган жарандар үчүн социалдык стационардык жана жарым стационардык мекемелерге электр энергиясын берүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган өлчөмдө жана тартипте, электр энергиясын пайдалануунун мүнөзүнө, берүүнүн тибине көз каранды болбостон, белгиленген тариф боюнча жүргүзүлөт.
33. Керектеген электр энергиясы үчүн аталган топтун керектөөчүлөрүнүн акы төлөөсү ОМТСтин 1-тиркемесинин 4-пунктундагы көрсөтүлгөн тариф боюнча жүргүзүлөт.
34. “Интернат тибиндеги балдар мекемелери, майыптар жана\же улгайган жарандар үчүн социалдык стационардык жана жарым стационардык мекемелер” тобундагы керектөөчүлөрдүн тизмеги ушул Нускаманын 3-тиркемесинде көрсөтүлгөн.
9-§. Бюджеттик керектөөчүлөр (республикалык жана\же жергиликтүү бюджеттен каржыланган керектөөчүлөр) үчүн электр энергиясына тарифтерди колдонуу – (V топ)
35. Бюджеттик керектөөчүлөргө (республикалык жана\же жергиликтүү бюджеттен каржыланган керектөөчүлөргө) электр энергиясын берүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган өлчөмдө жана тартипте, электр энергиясын пайдалануунун мүнөзүнө, берүүнүн тибине көз каранды болбостон, белгиленген тариф боюнча жүргүзүлөт.
36. Керектеген электр энергиясы үчүн аталган топтун керектөөчүлөрүнүн акы төлөөсү ОМТСтин 1-тиркемесинин 5-пунктундагы көрсөтүлгөн тариф боюнча жүргүзүлөт.
37. Бюджеттик керектөөчүдө негизги керектөөчүдөн өзүнчө эсепке алуу шайманы бар жатаканасы болгон учурда мындай жатаканалар керектеген электр энергиясына акы төлөө ыйгарым укуктуу орган тарабынан “Калк” – 1-топ үчүн белгиленген тариф боюнча жүргүзүлөт.
38. Бюджеттик керектөөчүлөрдүн тизмеги ушул Нускаманын 4-тиркемесинде көрсөтүлгөн.
10-§. «Айыл чарбасы» тобуна берилген электр энергиясына тарифтерди колдонуу (VI топ)
39. “Айыл чарбасы” тобунун керектөөчүлөрүнө электр энергиясын берүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган өлчөмдө жана тартипте, электр энергиясын пайдалануунун мүнөзүнө, берүүнүн тибине көз каранды болбостон, белгиленген тариф боюнча жүргүзүлөт.
40. Керектеген электр энергиясы үчүн “Айыл чарбасы” тобунун керектөөчүлөрүнүн акы төлөөсү ОМТСтин 1-тиркемесинин 6-пунктундагы көрсөтүлгөн тариф боюнча жүргүзүлөт.
41. “Айыл чарбасы”тобунун керектөөчүлөрүнүн тизмеги ушул Нускаманын 5-тиркемесинде көрсөтүлгөн.
11-§. Өнөр жайы (өнөр жайлуу жана ага теңештирилген керектөөчүлөр) тобунун керектөөчүлөрүнө берилген электр энергиясына тарифтерди колдонуу (VII топ)
42. “Өнөр жайы (өнөр жайлуу жана ага теңештирилген керектөөчүлөр)” тобунун керектөөчүлөрү менен берилген электр энергиясы үчүн эсептешүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тарифтер боюнча жүргүзүлөт.
43. Ушул эле тариф боюнча “Өнөр жайы” тобунун керектөөчүлөрү тарабынан өндүрүштүк керектөөлөргө жана өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес (бирок өндүрүш менен байланышкан) имараттарды: цехтерди, завод башкармалыктарын, кеңселерди, фабрикалык-заводдук коомдук уюмдарды, кампаларды, гараждарды жана башкаларды, ошондой эле менчик темир жол подьезддик жолдорун жана ишканалардын аймактарын жарыктандырууга сарпталган электр энергиясы үчүн эсептөө жүргүзүлөт.
44. “Өнөр жайы” тобунун керектөөчүлөрүндө өндүрүш менен байланышпаган имараттар жана бөлмөлөр (жайлар) (турак шаарчалары, өзүнчө турак үйлөр, жатаканалар, мейманканалар, келгендер үчүн үйлөр, кино театрлар, клубдар, маданият үйлөрү, ооруканалар, эмканалар, медпункттар, мончолор, сауналар, ашканалар, балдар бакчалары, яслилер жана ушул сыяктуулар), анын ичинде өндүрүш менен бир аймакта жайгашкан жана жалпы бөлүштүрүүчү тармактардан кошулгандары болушу мүмкүн. Мындай имараттар жана бөлмөлөр (жайлар) өзүнчө эсепке алуу шаймандары менен жабдылуусу керек. Өндүрүш менен байланышпаган мындай имараттардагы жана бөлмөлөрдөгү (жайлардагы) жарыктандырууга жана башка керектөөлөргө сарпталган электр энергиясы үчүн эсептөөлөр керектөөчүлөрдүн тиешелүү топтору үчүн белгиленген тарифтер боюнча жүргүзүлөт.
45. Эгер айрым цехтер же айрым обьекттер негизги керектөөчүдөн обочо жайгашкан болсо жана аны менен жалпы бөлүштүрүүчү тармагы болбосо, мындай цехтер же башка айрым обьекттер менен эсептешүүлөр аталган топтогу негизги керектөөчү менен эсептешүүдө колдонулган тарифке көз каранды болбостон, тиешелүү топтордун керектөөчүлөрү үчүн белгиленген тарифтер боюнча жүргүзүлөт.
46. Керектеген электр энергиясы үчүн “Өнөр жайы” тобунун керектөөчүлөрүнүн акы төлөөсү ОМТСтин 1-тиркемесинин 7-пунктундагы көрсөтүлгөн тариф боюнча жүргүзүлөт.
47. “Өнөр жайы”тобунун керектөөчүлөрүнүн тизмеги ушул Нускаманын 6-тиркемесинде көрсөтүлгөн.
12-§. Башка керектөөчүлөргө берилген электр энергиясына тарифтерди колдонуу (VIII топ)
48. Берилген түрүнө карабастан бардык башка керектөөчүлөргө электр энергиясын берүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тариф боюнча жүргүзүлөт.
49. Берилген түрүнө карабастан электр энергиясын мончолордо, сауналарда, ошондой эле стационардык электр шаймандарында (плиталарда, печтерде жана башкаларда) тамак-аштарды даярдагандыктары үчүн электр энергиясын пайдаланышкан башка керектөөчүлөргө электр энергиясын берүү керектөөчүлөрдүн ушул тобу үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тарифтер боюнча жүргүзүлөт.
50. Бөлөк топторго тиешелүү болбогон башка керектөөчүлөргө берилген электр энергиясы үчүн эсептөө берилүү түрүнө жана электр энергиясын пайдалануу максатына карабастан ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген колдонуудагы тарифтер боюнча жүргүзүлөт.
51. Керектеген электр энергиясы үчүн “Башка керектөөчүлөр” тобунун керектөөчүлөрүнүн акы төлөөсү ОМТСтин 1-тиркемесинин 8-пунктундагы көрсөтүлгөн тариф боюнча жүргүзүлөт.
52. Бул топтун керектөөчүлөрүнүн тизмеги ушул Нускаманын 7-тиркемесинде көрсөтүлгөн.
13-§. Майнингдин (криптовалюта) субьекттерине берилген электр энергиясына тарифтерди колдонуу (IX топ)
53. Майнинг (криптовалюта) субьекттерине электр энергиясын берүү электр энергиясын берүүнүн түрүнө карабастан ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тарифтер боюнча жүргүзүлөт.
54. Майнинг (криптовалюта) максатында керектөөчүлөр тарабынан пайдаланылган электр энергиясы үчүн төлөө электр менен камсыз кылуучу уюмдар тарабынан берилген төлөө эсебинде өзүнчө сап менен көрсөтүлөт.
55. “Майнинг (криптовалюта) субьекттери” тобуна электр энергиясын керектөөчүлөрдү киргизүү берилген техникалык шарттардын негизинде электр менен камсыз кылуучу уюм тарабынан жүргүзүлөт.
56. Электр энергиясын ар бир ай үчүн керектөөдө “Майнинг (криптовалюта) субьекттери” тобунун керектөөчүлөрү үчүн тариф 1.3 жогорулатылган коэффициентине түзөтүүлөрдү эске алуу менен ОМТСтин 1-тиркемесинин 9-пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдө кабыл алынат.
14-§. Негизги керектөөчүлөргө (Ири керектөөчүлөргө) берилген электр энергиясына тарифтерди колдонуу (X топ)
57. Негизги керектөөчүлөр (Ири керектөөчүлөр) үчүн берилген электр энергиясына тарифтер ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.
58. Электр энергиясын негизги керектөөчүлөр тарабынан керектелген электр энергиясы үчүн акы төлөө “Өнөр жайлуу жана ага теңештирилген керектөөчүлөр” тобунун керектөөчүлөрү үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тарифтер боюнча жүргүзүлөт.
59. Негизги керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына жалпыланган (суммардык) тариф ишенимдүүлүктүн жогорку категориясынын керектөөчүлөрүн чыгарып таштоо менен “Өнөр жайлуу жана ага теңештирилген керектөөчүлөр” тобунун керектөөчүлөрү үчүн белгиленген тарифтен ашып кетпөөсү керек. Ушуну менен бирге 1 кВт саат электр энергиясы үчүн жалпыланган тариф “Кыргызстандын улуттук электр тармактары” ААКтын тармактарынан туташтырылган учурда энергетикалык компания иштеп чыккан 1 кВт саат электр энергиясын сатып алуу тарифинен жана электр энергиясын берүү тарифинен түзүлүүсү керек.
60. Керектелген электр энергиясы үчүн аталган топтун керектөөчүлөрүнүн акы төлөөсү ОМТСтин 1-тиркемесинин 7-пунктундагы тариф боюнча жүргүзүлөт.
61. Электр энергиясын негизги керектөөчүлөргө (электр энергиясын ири керектөөчүлөргө) генерациялаган компаниянын бөлүштүрүүчү түзүлүштөрүнөн же “Кыргызстандын улуттук электр тармактары” ААКтын жогорку вольттогу өткөрүүчү тармакттарынан түздөн-түз туташтырылган жана ыйгарым укуктуу органдын реестриндеги электр энергиясын негизги керектөөчүлөрдүн (электр энергиясын ири керектөөчүлөрдүн) тизмегине киргизилген, ушундай себептерден генерациялоочу жана берүүчү компаниялар менен түздөн-түз келишимдерди түзүүгө укугу бар керектөөчүлөр кирет.
62. Электр энергиясын негизги керектөөчүлөрдүн (электр энергиясын ири керектөөчүлөрдүн) тизмеги ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
15-§. Керектөөчү алып сатуучуларга берилген электр энергиясына тарифтерди колдонуу (XI топ)
63. Керектөөчү-алып кайра сатуучу - өз менчигинде электр тарамдары бар, электр менен жабдуучу уюмдардан жана (же) жабдып туруучулардан электр энергиясын жана кубаттуулукту өз керектөөсү жана жөндөлмө тариф боюнча сатуу үчүн сатып алган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштин тиешелүү түрүнө уруксаты бар жеке жана юридикалык жак.
64. Керектөөчү алып сатуучулар үчүн электр энергиясына тариф ушул ишкананын техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан өзүнчө белгиленет.
65. Керектөөчү алып сатуучулар акыркы керектөөчүлөрдүн тиешелүү топтору үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тарифтер боюнча алардын тармактарына туташтырылган керектөөчүлөргө электр менен камсыздоочу мекемелерден алынган электр энергиясын берет.
66. Керектөөчү алып сатуучулардын тизмеги ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
16-§. Бөлүштүрүүчү ишканаларга берилген электр энергиясына тарифтерди колдонуу (XII топ)
67. Бөлүштүрүүчү ишканалар болуп белгиленген аймакта керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен жабдыган кайсы гана болбосун мамлекеттик, жеке юридикалык же жеке жактар эсептелишет.
Бөлүштүрүүчү ишканалар электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү менен иш жүргүзгөн электр энергетикалык ишканалардан электр энергиясын сатып алууну жүргүзөт жана аны алардын тармактарына туташтырылган ар түрдүү акыркы керектөөчүлөргө: ишканаларга, мекемелерге, калкка жана ушул сыяктууларга бөлүштүрүүнү жана сатууну ишке ашырат. Бөлүштүрүүчү ишканалар өз ишмердүүлүгүн ыйгарым укуктуу органдан алган лицензиянын шарттарына ылайык ишке ашырат.
68. Бөлүштүрүүчү ишканалар менен берилген электр энергиясы үчүн эсептешүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тарифтер боюнча жүргүзүлөт.
69. Бөлүштүрүүчү ишканалар үчүн электр энергиясына тарифтер ушул ишкананын техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан өзүнчө белгиленет.
70. Бөлүштүрүүчү ишканалар электр энергетикалык ишкналардан алынган электр энергиясын ыйгарым укуктуу орган тарабынан акыркы керектөөчүлөрдүн тиешелүү топтору үчүн бекитилген тарифтер боюнча өзүнүн керектөөчүлөрүнө берет.
71. Бөлүштүрүүчү ишканалардын тизмеги ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
2-бөлүм. Жылуулук энергиясына тарифтер
1-§. Жалпы жоболор
72. Жылуулук энергиясына тарифтерди колдонуу боюнча бул Нускама жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатты ишке ашыруунун алкагында ыйгарым укуктуу орган тарабынан колдонууга бекитилген жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого тарифтерди колдонуунун тартибин аныктайт, ошондой эле белгиленген тарифтер колдонула турган керектөөчүлөрдүн тизмегин аныктайт.
73. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-мартындагы № 188 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын 2020-2022-жылдарга карата жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын” (мындан ары – ОМТС) 2-тиркемесинде белгиленген жылуулук энергиясына тарифтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган мөөнөттүн ичинде ыйгарым укуктуу органдын чечими менен колдонууга бекитилет.
2-§. Тарифтерди колдонуу чөйрөсү
74. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тарифтер төмөндөгүлөр тарабынан иштелип чыккан жылуулук энергиясына жайылтылат:
- «Электр станциялары» ААКтын жылуулук станциялары жана отканалары;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун муниципалдык менчигинде турган отканалар;
- «Бишкек жылуулук энергия» коммуналдык ишканасынын отканалары;
- “Кыргызтуракжайкоммунсоюз” мамлекеттик ишканасынын башкаруусундагы жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын отканалары;
- жеке менчикте же башка мекемелердин өз алдынча балансында турган отканалар.
Иштелип чыккан жылуулук энергиясы акыркы керектөөчүлөргө төмөндөгүлөр аркылуу берилет:
- жылуулук менен камсыз кылуучу мекемелер тарабынан түздөн-түз;
- дүңүнөн керектөөчүлөр-кайра сатуучулар;
- дүңүнөн сатып алып сатуучулар «Бишкек жылуулук тармагы» ААК жана башкалар).
75. Жылуулук менен камсыз кылуучу ишканалардын отканалары, министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын отканалары, акционердик коомдордун отканалары жана жылуулук электр станциялары бар башка мекемелердин отканалары, дүңүнөн керектөөчүлөр-кайра сатуучулар, дүңүнөн сатып алып сатуучулар Кыргыз Республикасынын “Энергетика жөнүндө”, “Электр энергетикасы жөнүндө” мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тарифтер боюнча акыркы керектөөчүлөргө жылуулук энергиясын берүүгө милдеттүү.
76. Бул нускама менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
3-§. Керектөөчүлөрдүн топтору
77. Бардык жылуулук энергиясын акыркы керектөөчүлөр төмөндөгүдөй топторго бөлүнүшөт:
I топ - Калк;
II топ – Өнөр жайы (өнөр жайлуу жана ага теңештирилген керектөөчүлөр;
III топ – Бюджеттик керектөөчүлөр (республикалык же жергиликтүү бюджеттен каржыланган керектөөчүлөр);
IV топ - Башка керектөөчүлөр;
V топ - Дүңүнөн керектөөчүлөр-кайра сатуучулар ;
VI топ - Дүңүнөн сатып алып сатуучулар.
4-§. Тарифтердин түрлөрү
78. Жылытуу максатында пайдаланылган, жылуулук энергиясы үчүн эсептөөдө жылуулук энергиясы менен камсыздоону жериндеги жеке жылытуучу отканалар ишке ашырган, жаңыдан пайдаланууга берилген көп кабаттуу үйлөрдө жашашкан тиричиликтик керектөөчүлөрдөн (калк) тышкары “Калк” керектөөчүлөр топтору үчүн ОМТСтин “Жылытуу максатында жылуулук энергиясына тарифтер” тиркемесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдө бирдиктүү социалдык-багыттоо тарифи колдонулат.
79. Ысык суу менен камсыздоо үчүн эсептөөдө жылуулук энергиясы менен камсыздоону жериндеги жеке жылытуучу отканалар ишке ашырган, жаңыдан пайдаланууга берилген көп кабаттуу үйлөрдө жашашкан тиричиликтик керектөөчүлөрдөн (калк) тышкары “Калк” керектөөчүлөр топтору үчүн ОМТСтин “Ысык сууга тарифтер” тиркемесинин 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн өлчөмдөрдөгү тарифтер колдонулат.
80. Жылуулук менен камсыздоону жериндеги жеке жылытуучу отканалар ишке ашырган, жаңыдан пайдаланууга берилген көп кабаттуу үйлөрдө жашашкан “Калк” керектөөчүлөр топтору үчүн жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого тарифтер жылуулук энергиясынын наркынын деңгээлинде колдонулат.
81. “Бишкек жылуулук тармагы” ААКтан берилген жылуулук энергиясы үчүн эсептөөдө бардык тиричиликтик эмес акыркы керектөөчүлөрдүн топтору: “Өнөр жайы”, “Бюджеттик керектөөчүлөр”, “Башка керектөөчүлөр” тиричиликтик эмес акыркы керектөөчүлөрдүн топтору үчүн ОМТСтин “Жылуулук энергиясына тарифтер” тиркемесинин 2, 3 жана 4-пункттарында көрсөтүлгөн өлчөмдөрдөгү тарифтер колдонулат.
82. “Бишкек жылуулук тармагы” ААКтан берилген ысык суу менен камсыздоо үчүн эсептөөдө тиричиликтик эмес акыркы керектөөчүлөр: “Өнөр жайы”, “Бюджеттик керектөөчүлөр”, “Башка керектөөчүлөр” тиричиликтик эмес акыркы керектөөчүлөрдүн топтору үчүн ОМТСтин “Ысык сууга тарифтер” тиркемесинин 3, 4, 5 жана 6-пункттарында көрсөтүлгөн өлчөмдөрдөгү тарифтер колдонулат.
83. Бардык тиричиликтик эмес керектөөчүлөрдүн топтору (өнөр жайы, бюджеттик жана башкалар) үчүн тарифтер жылуулук энергиясынын наркынын өлчөмүндө ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет. Тарифтин өлчөмү жылуулук станциялары (ЖЭБ) жана бардык жылуулук менен камсыздоочу мекемелердин отканалары тарабынан жылуулук энергиясын иштеп чыгууга, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана сатууга кеткен бардык сарптоолордун өлчөмүнө көз каранды болот.
5-§. Калк үчүн жылуулук энергиясына тарифтерди колдонуу (I топ)
84. Коммуналдык-тиричиликтик муктаждык үчүн жылуулук менен камсыздоочу мекемелер тарабынан “Калк” тобунун керектөөчүлөрүнө (1-топ) жылуулук энергиясын жана ысык сууну берүүдө акы төлөө ыйгарым укуктуу орган тарабынан жылытууга жана ысык суу менен камсыз кылууга белгиленген тарифтер боюнча жүргүзүлөт. Бул тарифтер үйдүн ички жылуулук менен камсыздоочу тутумун техникалык тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөнү өзүнө камтыбайт.
85. Турак жай фондунун көп батирлүү үйлөрүнүн имараттарынын ээлеринин жалпы үлүштүк менчигинде турган үйдүн ички жылуулук менен камсыздоочу тутумун (жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо) техникалык тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө керектөөчүнүн менчигинде турган жайдын жалпы аянтынын көлөмүнө жараша жүргүзүлөт. Төлөм жылытуу мезгилинин созулуусунан көз каранды болбостон, жылдын бардык убагында бир калыпта, керектөөчүнүн менчигинде турган жалпы аянттын бир квадрат метринен ар бир ай сайын алынат.
86. Бул Нускама менен жериндеги жеке жылытуу отканалары жылуулук менен камсыздоону ишке ашырган, жаңыдан пайдаланууга берилген көп кабаттуу үйлөрдө жашашкан тиричиликтик керектөөчүлөрдөн (калк) тышкары “Калк” тобунун керектөөчүлөрү үчүн жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу максатында жылуулук энергиясына төмөндөгү тарифтердин түрлөрүн колдонуунун тартиби аныкталат:
- жылытуу максатында ОМТСтин “Жылытуу максатында жылуулук энергиясына тарифтер” тиркемесинин 1-пунктундагы көрсөтүлгөн өлчөмдө;
- эсепке алуу шаймандары жок (ысык суудагы жылуулук энергиясына эсептөө үчүн) керектөөчүлөр үчүн ысык суу менен камсыз кылуу максатында ОМТСтин “Ысык сууга тарифтер” тиркемесинин 1-пунктундагы көрсөтүлгөн өлчөмдө;
- эсепке алуу шаймандары менен ысык суу менен камсыз кылуу максатында ОМТСтин “Ысык сууга тарифтер” тиркемесинин 1-пунктундагы көрсөтүлгөн өлчөмдө;
- керектөө ченеми боюнча ысык суу менен камсыз кылуу максатында ОМТСтин “Ысык сууга тарифтер” тиркемесинин 2-пунктундагы көрсөтүлгөн өлчөмдө.
87. Жылуулук менен камсыздоону жериндеги жеке жылытуу отканалары ишке ашырган жаңыдан пайдаланууга берилген көп кабаттуу үйлөрдө жашашкан “Калк” керектөөчүлөр тобу үчүн жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыз кылууга тарифтер жылуулук энергиясынын наркынын деңгээлинде колдонулат.
88. Өзүнчө эмгек ишмердүүлүгү менен алектенген жарандар тарабынан керектелген жылуулук энергиясына IV топтун керектөөчүлөрү үчүн белгиленген тарифтер боюнча төлөнөт.
89. Эсепке алуу шаймандары жок көп кабаттуу турак үйлөрдө жашашкан керектөөчүлөрдүн жылуулук энергиясын керектегендиктери үчүн акы төлөө “Имараттардын жылуулук жана электр энергияларына керектөөлөрүн эсептөө боюнча усулдукка” ылайык аткарылган турак үйдүн бардык жылуулук керектөөлөрү боюнча эсептөөнү негизге алуу менен ээлеген көлөмүнүн пайызына алынат.
90. Курулушу бүтө элек жана пайдаланууга бериле элек көп батирлүү турак үйлөрдү жылытуу үчүн керектелген жылуулук энергиясына “Өнөр жайлык керектөөчүлөр” аталышындагы II топтун керектөөчүлөрү үчүн белгиленген тарифтер боюнча төлөнөт.
91. Берилген жылуулук энергиясына тарифтер конденсаттын жана тармактагы суунун толук кайтарылуусун негизге алуу менен белгиленет. Конденсат менен тармактагы суунун кайтарылбагандыгына байланыштуу сарптоолор керектөөчү тарабынан төлөнөт.
92. “Калк” тобуна кирген керектөөчүлөрдүн тизмеги ушул Нускаманын 8-тиркемесинде көрсөтүлгөн.
6-§. Керектөөчүлөрдүн тиричиликтик эмес (өнөр жайы, бюджеттик жана башкалар) топтору үчүн жылуулук энергиясына тарифтерди колдонуу (II, III, IV топтору)
93. “Кыргызтуракжайкоммунсоюз” МИнин башкаруусунда, “Бишкек жылуулук энергия” КИнин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун муниципалдык менчигинде жана өз алдынча баланста турган отканалардан тиричиликтик эмес керектөөчүлөргө (өнөр жайы, бюджеттик жана башка керектөөчүлөр) берилген жылуулук энергиясына тарифтер ар бири өзүнчө учурда жеке аныкталат жана бардык жылуулук менен камсыздоочу мекемелердин ар бир отканасынан иштелип чыкканына, берилишине, бөлүштүрүлүшүнө жана сатылуусуна кеткен бардык сарптоолордун көлөмүнө көз каранды болот.
94. “Бишкек жылуулук тармагы” ААКтан “Өнөр жайы”, “Бюджеттик керектөөчүлөр” жана “Башка керектөөчүлөр” тиричиликтик эмес керектөөчүлөрүнө берилген жылуулук энергиясына тарифтер ОМТСтин “Жылуулук энергиясына тарифтер” тиркемесинин 2, 3 жана 4-пункттарында көрсөтүлгөн өлчөмдөрдө колдонулат.
95. “Бишкек жылуулук тармагы” ААКтан “Өнөр жайы”, “Бюджеттик керектөөчүлөр” жана “Башка керектөөчүлөр” тиричиликтик эмес керектөөчүлөрүнө берилген ысык суу менен камсыз кылууга тарифтер ОМТСтин “Ысык сууга тарифтер” тиркемесинин 3, 4, 5 жана 6-пункттарында көрсөтүлгөн өлчөмдөрдө колдонулат.
96. Жылытуу, желдетүү, технологиялык муктаждык максатында жылуулук энергиясын алышкан керектөөчүлөр үчүн тарифтер жылуулук алып жүрүүчүлөрдүн түрлөрү (буу, ысык суу) боюнча белгиленет.
97. Жылуулук менен камсыздоочу мекемелер менен керектөөчүлөрдүн ортосундагы тармактарды бөлүү чектерине чейин (баланстык тиешелүүлүгү боюнча) жылуулук энергиясын жеткирүү жана жоготуулар боюнча бардык сарптоолор тарифтерде эске алынган жана кошумча төлөөгө жатпайт. Жылуулук менен камсыздоочу мекемелер менен керектөөчүлөрдүн ортосундагы тармактарды бөлүү (баланстык тиешелүүлүгү боюнча) чектеринен кийинки жылуулук энергиясын жоготуулар келишим боюнча жылуулук тармагынын ээсине, тактап айтканда керектөөчүгө тиешелүү.
98. Керектөөчүлөр менен жылуулук менен камсыздоочу мекемелердин ортосундагы керектелген жылуулук энергиясы боюнча эсептөөлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция тарабынан түзүлгөн ченөө каражаттарынын жана акт боюнча пайдаланууга уруксат берилгендердин Мамлекеттик реестрине киргизилген жылуулук энергиясын эсепке алуу каражаттары колдонулуусу керек.
Эсептөө шаймандары жок жана алар бузук абалда болгон учурларда керектелген жылуулук энергиясы үчүн эсептөө коргоочу конструкциялардын жылуулук-техникалык мүнөздөмөлөрүнөн көз каранды болуу менен жана ысык сууну керектөөнүн белгиленген ченемдери боюнча “Имараттардын жылуулук жана электр энергияларына керектөөлөрүн эсепке алуу боюнча усулдуктун” негизиндеги келишимдин шарттарына ылайык жүргүзүлөт.
99. Берилген жылуулук энергиясына тарифтер конденсаттын жана тармактык суунун толук кайтарылуусуна негизделүү менен белгиленет. Конденсаттын жана тармактык суунун кайтарылбагандыгына байланышкан сарптоолор керектөөчүлөр тарабынан ордуна коюлат.
100. Тиричиликтик эмес керектөөчүлөрдүн тобуна кирген керектөөчүлөрдүн тизмеги ушул Нускаманын 9, 10 жана 11-тиркемелеринде көрсөтүлгөн.
7-§. Дүңүнөн керектөөчүлөр-кайра сатуучулар үчүн тарифтерди колдонуу (V топ)
101. Жылуулук энергиясын кайрадан сатуу дүңүнөн керектөөчүлөр-кайра сатуучулар тарабынан ишке ашырылат.
Дүңүнөн керектөөчүлөр-кайра сатуучулар (V топ) болуп адистештирилген чарбалык эсептеги мекемелер же өзүнүн балансында жылуулук тармактары бар алардын чарбалык эсептеги бөлүмдөрү (юридикалык жактар) эсептелет. Дүңүнөн керектөөчүлөр-кайра сатуучулар жылуулук менен камсыздоочу мекемелердин жана жылуулук станцияларынын отканаларынан жылуулук энергиясын дүңүнөн сатып алууну ишке ашырат, аны өзүнүн муктаждыктарына керектейт жана ыйгарым укуктуу органдан алынган лицензиялары бар болгон учурда гана лицензиялардын шарттарына ылайык ар түрдүү керектөөчүлөргө аны кайра сатат.
102. Жылуулук менен камсыздоочу мекемелердин жана жылуулук станцияларынын отканалары менчигинин түрүнө карабастан ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тарифтер боюнча дүңүнөн керектөөчүлөр-кайра сатуучуларга жылуулук энергиясын беришет.
103. Дүңүнөн керектөөчүлөр-кайра сатуучулар өздөрүнүн керектөөчүлөрүнө жылуулук менен камсыздоочу мекемелерден жана жылуулук станцияларынан алынган жылуулук энергияларын акыркы керектөөчүлөрдүн тиешелүү топтору үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тарифтер боюнча беришет.
8-§. Дүңүнөн сатып алып сатуучулар үчүн тарифтерди колдонуу (VI топ)
104. Дүңүнөн сатып алып сатуучулар болуп өз балансында жылуулук тармактары болгон адистештирилген чарбалык эсептеги мекемелер же алардын чарбалык эсептеги бөлүмдөрү (юридикалык жактар) эсептелишет. Дүңүнөн сатып алып сатуучулар жылуулук менен камсыздоочу мекемелердин жана жылуулук станцияларынын отканаларынан жылуулук энергиясын дүңүнөн сатып алууну ишке ашырат, аны акыркы керектөөчүлөргө ыйгарым укуктуу органдан алынган лицензиялары бар болгон учурда гана лицензиялардын шарттарына ылайык сатат.
105. Жылуулук менен камсыздоочу мекемелердин жана жылуулук станцияларынын отканалары менчигинин түрүнө карабастан ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тарифтер боюнча дүңүнөн сатып алып сатуучуларга жылуулук энергиясын беришет.
106. Жылуулук менен жабдуучу уюмдун керектөөчүсү өздөрүнүн керектөөчүлөрүнө жылуулук менен камсыздоочу мекемелерден жана жылуулук станцияларынан алынган жылуулук энергияларын жылуулук энергиясын керектөөчү субъект тиешелүү топтору үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тарифтер боюнча беришет.
1-тиркеме
Насостук станциялардын керектөөчүлөрүнө (II топ) төмөндөгү акыркы керектөөчүлөр кирет:
- таза суу менен калкты камсыз кылуу боюнча насостук станциялар жана скважиналар;
- айыл чарба жерлерин сугат менен камсыз кылган насостук станциялар жана скважиналар;
- суу түтүктөрү жана канализация менен иш алып барган ишканалардын насостук станциялары жана скважиналары.
.
2-тиркеме
Электр унаасы (III топ) керектөөчүлөрүнө төмөндөгү акыркы керектөөчүлөр кирет:
- муниципалдык троллейбустук дэпоүлөрдү ишке ашыруу үчүн электр унааларын (троллейбустар жана электр автобустары) пайдаланышкан жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтүүчү авто унаа ишканалары;
- электромобилдерди дүрмөттөө боюнча коомдук станциялар.
3-тиркеме
“Интернат тибиндеги балдар мекемелери, майыптар жана\же улгайган жарандар үчүн социалдык стационардык жана жарым стационардык мекемелер” тобунун керектөөчүлөрүнө менчигинин түрүнө карабастан балдарга, оор турмуштук кырдаалдарда болушкан майыптарга жана\же улгайган жарандарга кызмат көрсөтүшкөн мекемелер, ошондой эле мамлекеттик социалдык буюртманын алкагында долбоорлорду жүзөгө ашырышкан коммерциялык эмес уюмдар кирет.
Көрсөтүлгөн топтун керектөөчүлөрүнүн эмгек жана социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген аккредитациялоо жөнүндө күбөлүгү болуусу керек, ошондой эле төмөндө көрсөтүлгөн мүнөздөмөлөрдүн бирине туура келүүлөрү зарыл:
а) стационардык:
- улгайган жарандар жана ден соолуктарынын мүмкүнчүлүктөрү чектелген жактар үчүн социалдык стационардык мекемелер;
- ден соолуктарынын мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн социалдык стационардык мекемелер;
- жетим балдар жана ата-энесинин кароосусуз калган балдар үчүн социалдык стационардык мекемелер;
б) жарым стационардык:
- улгайган жарандарды, ден соолуктарынын мүмкүнчүлүктөрү чектелген жактарды жана ден соолуктарынын мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарды (күндүзү болуу бөлүмдөрү) социалдык тейлөө борборлору;
- балдар жана өспүрүмдөр үчүн социалдык приюттар (баш калкалаар жайлар);
- балдар жана ден соолуктарынын мүмкүнчүлүктөрү чектелген башка жактардын категориялары үчүн социалдык-реабилитациялоо (калыбына келтирүү) борборлору;
- балдарга социалдык жардам берүү борборлору;
- түнү болуучу приюттар (баш калкалаар жайлар);
- геронтологиялык борборлор;
- улгайган жалгыз жашаган жарандар үчүн атайын үйлөр;
- ата-энесинин кароосусуз калган балдарга жардам берүү борборлору;
- балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнө жардам берүү борборлору (социалдык адаптациялоо борборлору);
- баш калка жайы (үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа тарткан жактар үчүн убактылуу болуу борборлору);
- Кыргыз Республикасынын “Пробация жөнүндө” мыйзамынын 20-беренеси менен белгиленген реабилитациялык борборлор (социалдык жатаканалар);
- үй-бүлөлүк балдар үйү;
в) менчигинин түрүнө карабастан оор турмуштук кырдаалдарда болушкан балдарга кызмат көрсөтүшкөн жана балдардын сутка бою болуусуна багытталган интернат тибиндеги балдар мекемелери.
4-тиркеме
Республикалык жана\же жергиликтүү бюджеттен каржыланган керектөөчүлөргө (V топ) төмөндөгүлөр кирет:
- мамлекеттик мекемелер;
- мамлекеттик ооруканалар, эмканалар, профилакториялар, кеңеш (консультация) берүүчү мекемелер, төрөт үйлөрү, балдарды азыктандыруучу сүт азыктарын таркатуучу пункттар ;
- мамлекеттик мектептер, жогорку окуу жайлар, техникумдар, орто окуу жайлар (училище) жана башка окуу жайлары, анын ичинде жатаканалар ;
- мамлекеттик балдар бакчалары жана яслилер, эс алуу лагерлери жана башка балдар мекемелери;
- кино студиялар, театрлар, концерттик залдар, кино театрлар, цирктер жана башка оюн көрсөтө турган жайлар;
- мамлекеттик музейлер, көргөзмөлөр, китепканалар, китеп окуу жайлары, лекция окуу жайлары (лекторийлер), планетарийлер, клубдар, маданият үйлөрү жана башка маданий-агартуу мекемелери;
- мамлекеттик стадиондор, ипподромдор, сүзө турган бассейндер, спорттук залдар жана башка спорттук курулмалар;
- мамлекеттик ботаникалык бактар, зоопарктар;
- турак жай үйлөрүн жана казармалык жана аскердик-кызматтык багыттагы жатаканаларды кошуп эсептөө менен бардык кызматтары менен аскердик бөлүктөр; алардын бардык кызматтары менен аскердик окуу жайлары;
- Коргоо министрлигине, Ички иштер министрлигине жана улуттук коопсуздук органдарына караган мекемелер жана уюмдар, башка ишканалар;
- сот бийлигинин органдары;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы;
- “Интернат тибиндеги балдар мекемелери, майыптар жана\же улгайган жарандар үчүн социалдык стационардык жана жарым стационардык мекемелер” аталышындагы IV керектөөчүлөрдүн тобунан тышкары башка топторго кириши мүмкүн болгон, бирок республикалык же\жана жергиликтүү бюджеттен толук каржыланышкан кайсы гана болбосун керектөөчүлөр дагы акыркы керектөөчүлөрдүн ушул тобуна кирет.
5-тиркеме
“Айыл чарбасы” (VI топ) тобунун керектөөчүлөрүнө төмөндөгүлөр кирет:
- фермердик жана дыйкан чарбалары;
- мал чарба комплекстери, кой короолор жана айыл чарба продукцияларын өндүрүү боюнча ишканалар;
- кооперативдик уюмдардын жана мекемелердин алдында өз алдынча уюштурулган жана ушул аталган мекеме-уюмдарга караштуу көмөкчү айыл чарбалары;
- теплица жана теплица-парниктик чарбалар;
- тоют даярдоочу жана малды бордоп семиртүүчү чарбалар (пункттар), мамлекеттик асыл тукум станцияларынын тоют чарбалары, жылкы заводдору, асыл тукум заводдору (чарбалары), мал чарба асыл тукум питомниктери, станциялары (пункттары), асыл тукум малдарды даярдоо боюнча бирикмелер;
- гренаждык заводдор, пилла кургаткычтар, асыл тукум жибек курт станциялары;
- тоок фабрикалары, инкубатордук тоок өстүрүү станциялары, асыл тукум тоок заводдору (чарбалары);
- балык өстүрүүчү заводдор (чарбалар), балык чарбалары, балык-суу-мелиоративдик станциялары, асыл тукум балык питомниктери, асыл тукум балык пункттары;
- аарычылык питомниктери жана аары бал челектери;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторду сыноо тилкелери;
- дарылык жана техникалык сырьелерду өстүрүү боюнча айыл чарба ишканалары (чарбалары);
- өсүмдүктөрдү коргоо станциялары, зыянкечтерге жана өсүмдүктөрдүн ооруларына каршы күрөшүү боюнча экспедициялар жана отряддар;
- биофабрикалар жана биокомбинаттар;
- токой чарбалары, токойчулук, токой питомниктери, коруктар, мергенчилик чарбалары, териси баалуу жырткычтардын, иттердин питомниктери, коен өстүрүү боюнча чарбалар, аң терилүү жырткычтарды багуу чарбалары;
- машина менен сугаруучу насостук станциялар, сугаруу, суу жеткирүү жана кургатуу тутумдары жана алардын эксплуатациялоо тилкелери, сугат каналдары, вертикалдуу дренаждын скважиналары;
- ветеринардык лабораториялар (участкалар, пункттар), жаныбарлардын оорулары менен күрөшүү боюнча станциялар, эт-сүттү жана азык-түлүктөрдү контролдоо станциялары.
6-тиркеме
“Өнөр жайы” (өнөр жайлуу жана аларга теңештирилген керектөөчүлөр – VII топ) тобунун керектөөчүлөрүнө өндүрүш жана продукцияны кайра иштетүү менен иш жүргүзүшкөн кайсы гана болбосун уюштуруучулук түрлөрдөгү жана менчиктеги ишканалар кирет, анын ичинде:
- бирикмелер, өндүрүштүк ишканалар (заводдор, анын ичинде айыл чарбасынын оңдоо ишканалары, айыл чарба машиналарын жана механизмдерди оңдоо боюнча мастерскойлор, ошондой эле илимий-изилдөө уюмдарынын тажрыйбалык заводдору, комбинаттар, фабрикалар, шахталар, кен чыга турган жерлер, карьерлер, разрездер, мунай, газ өндүрүштөрү, бургулоо орнотмолору ж.б.);
- өндүрүштүк мастерскойлор, басмаканалар, муздатуучу орнотмолор, фермердик жана дыйкан чарбаларын кошпогондо өндүрүштүк жана оңдоо базалары;
- курулуш материалдарын чыгаруу боюнча ишканалар;
- айылдык курулуш уюмдарынан тышкары көмөкчү унаа иштерин жана курулушту тейлеген жардамчы обьекттерди кошуу менен түздөн-түз курулуш жана монтаждоо иштерин жүзөгө ашыруучу курулуш уюмдары;
- темир жол, суу, автомобиль, аба жана шаардык унаалардын ишканалары (оңдоочу жана башка заводдор, темир жол, троллейбус жана автобус деполору жана парктары, сорттоочу унаа обьекттери, деңиз жана суу порттору, жүктү которуштуруп жүктөө базалары жана пункттары, автобазалар, мунай түтүктөрү, магистралдык газ түтүктөрү жана башкалар);
- байланыш ишканалары (радиостанциялар, теле көрсөтүү борборлору, ретрансляторлор, телефондук жана телеграфтык түйүндөр жана станциялар, уюлдук байланыш станциялары, интернет провайдерлер, почтамттар жана башкалар);
- коммуналдык чарба ишканалары (отканалар, жылуулук тармактарынын ишканалары, суу түтүк-канализация чарбаларынын ишканалары);
- материалдык-техникалык жабдуучу жана өндүрүштүк ишканаларга даярдоочу ишканалар жана уюмдар (кампалар, элеваторлор, базалар, анын ичинде жүктү которуштуруп жүктөө, ар түрдүү кабыл алуу пункттары, өз-өзүнчө бөлөк даярдоо жана даярдоо обьекттери жана башкалар);
- канаттууларды, сүт жана сүт азыктарын, унду жана нанды өндүрүү боюнча, анын ичинде чакан тегирмендер, май бышкычтар, чакан наабайканалар, балмуздакты өндүрүү боюнча цехтер;
- тамак-аш жана жеңил өнөр жайынын ишканалары, анын ичинде кондитердик жана тигүү цехтери;
- этти жана жашылча-жемиш продукцияларын кайра иштетүү боюнча ишканалар;
- терилерди, жыгачтарды жана металлдарды иштеп чыгуу боюнча масерскойлор;
- өсүмдүк майын өндүрүү үчүн май бышкычтар;
- оңдоочу-механикалык заводдор жана башка өндүрүштүк ишканалар;
- өндүрүштүк ишканалардын кампалары жана базалары;
- таңгактоо (фасовкалоо) жана идиштерди оңдоо ишканалары жана уюмдары.
7-тиркеме
Башка керектөөчүлөргө (VIII топ) төмөндөгүлөр кирет:
- жалпыга маалымдоо каражаттары (кабелдик теле көрсөтүү компаниялары, теле жана радио компаниялар, гезит, журналдардын редакциялары жана башкалар);
- жарнама агенттиктери, кыймылсыз мүлк агенттиктери;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан тышкаркы банктар, ломбарддар, чакан насыя берүүчү уюмдар жана башка каржылык насыялык мекемелер;
- жабдууларды, машиналарды, шаймандарды, металлдарды, мунай продуктыларын жана башка өндүрүштүк жана курулуш багытындагы продукцияларды дүңүнөн өткөрүү боюнча кампалар жана сатуучу жана камсыздоочу уюмдар, ошондой эле материалдык-техникалык жабдуу базалары жана соода мекемелеринин базалары;
- коомдук, укук коргоочу уюмдар жана бирикмелер;
- турмуш-тиричиликтик-эксплуатациялык башкармалыктар (жеке муктаждыктарды кошо эсептөө менен);
- илимий-изилдөө, долбоорлоо жана изилдөөчүлүк институттары, эсептеп чыгаруучу борборлор, лабораториялар, конструктордук бюролор, башка илимий-изилдөөчү жана долбоорлоо-изилдөөчүлүк мекемелери;
- темир жол вокзалдары, пристандар, автовокзалдар, аэровокзалдар, аэродромдор, аэропорттор, автобустук станциялар;
- гараждар жана жеке авто унаалар үчүн гараждык-курулуш кооперативдери, авто парктар, машина токтотуучу жайлар, авто унааларга күйүүчү май куюу станциялары, авто оңдоо мастерскойлору, техникалык тейлөө станциялары, авто унааларды жуучу жайлар;
- калкты турмуш-тиричилик жактан тейлөөчү бардык ишканалар, чачтарачканалар, фото ательелер, кийимдерди, бут кийимдерди, маданий-тиричиликтик багыттагы жана күндөлүк чарбалык турмуштагы буюмдарды оңдоо боюнча ательелер жана мастерскойлор, химиялык тазалоочу жана кир жуучу жайлар, прокаттык пункттар, мончолор, сауналар, душка түшүүчү үйлөр жана башка турмуш-тиричиликтик жактан тейлөөчү ишканалар;
- менчик ооруканалар, эмканалар, профилакториялар, кеңеш берүүчү (консультация) жайлар, төрөт үйлөрү, санаториялар жана башка дарылоо жайлары;
- менчик мектептер, жогорку окуу жайлары, техникумдар, орто окуу жайлар (училище) жана башка окуу жайлар;
- менчик балдар бакчалары жана яслилер, эс алуу лагерлери жана башка балдар мекемелери;
- мейманканалар, эс алуу үйлөрү, пансионаттар, мотелдер, кемпингдер, туристтик базалар жана спорттук-ден соолук чыңдоочу комплекстер;
- жеке кино студиялар, театрлар, концерттик залдар, кино театрлар, цирктер жана башка оюн көрсөтө турган ишканалар;
- менчик музейлер, көргөзмөлөр, китепканалар, китеп окуучу жайлар, лекция окулуучу жайлар (лекторийлер), планетарийлер, клубдар, маданият үйлөрү жана башка маданий-агартуу мекемелери;
- маданий жана эс алуу парктары, бактар, ботаникалык бактар, зоопарктар;
- менчик стадиондор, ипподромдор, сууга сүзүү бассейндери, спорттук залдар жана башка спорттук курулмалар;
- диний сыйынуу мекемелери (мечиттер, соборлор, чиркөөлөр жана ушул сыяктуулар), анын ичинде диний окуу жайлары;
- дүкөндөрдүн бардык түрлөрү, бутиктер, соода комплекстери, дарыканалар, алмаштыруу бюролору, кеңселик борборлор;
- чакан дүкөндөр, чатырлар, азык-түлүк, кийим сатуучу авто унаалар, базарлар, жарманкелер жана базарлар, мезгилдүү соода павильондору, киоскалардын бардык түрлөрү, үйдөгү дүкөнчөлөр;
- соода кампалары, чекене товарлардын базалары, соода уюмдарынын дүң базалары, жашылча-жемиштерди сактоочу жайлар, жашылчаларды жана жашылча-жемиш сатуучу базалар;
- ашканалар, муздак тамактар сатылуучу кичине ресторандар, кафелер, барлар, чайканалар, ресторандар, буфеттер, фабрика-ашканалар, чала фабрикаттар комбинаттары, үй ашканалары;
- ойномо автоматтар залы, интернет-кафелер жана башка кызыктыруучу жайлар;
- менчигинин түрүнө карабастан азык-түлүк, өнөр жай товарларын, чала фаббрикаттарды, ошондой эле тамактарды жана суусундуктарды түздөн-түз өндүрүп сатуучу чекене соода тармактарынын жана коомдук тамактануунун ишканалары;
- жогоруда көрсөтүлгөн тарифтик топтордун бирине да кирбеген башка керектөөчүлөр.
8-тиркеме
“Калк” акыркы керектөөчүлөр тобуна турак жай үйлөрү, батирлер, батир түрүндөгү жатаканалар, коммерциялык эмес типтеги окуу жайлардын, мектеп-интернаттардын жатаканалары, аскерлештирилген мекемелердин гарнизондорунун казармалары жана жатаканалары, түзөтүүчү жайлардын тергөө изоляторлору жана башка министрликтердин жана ведомстьволордун турак жай аймактары кирет.
9-тиркеме
“Өнөр жайы” (өнөр жайлуу жана аларга теңештирилген керектөөчүлөр – II топ) тобунун керектөөчүлөрүнө продукцияларды өндүрүү жана кайра иштетүү менен иш жүргүзүшкөн уюштуруу түрүнүн жана менчиктин бардык түрүндөгү ишканалар, анын ичинде төмөндөгүлөр кирет:
- бирикмелер, өндүрүштүк ишканалар (заводдор, анын ичинде айыл чарбалык оңдоо ишканалары, айыл чарба машиналарын жана механизмдерди оңдоо боюнча мастерскойлор, ошондой эле илимий-изилдөө уюмдарынын тажрыйбалык заводдору, комбинаттар, фабрикалар, шахталар, кен чыга турган жерлер, карьерлер, разрездер, мунай, газ өндүрүштөрү, бургулоо орнотмолору жана башкалар);
- өндүрүштүк мастерскойлор, басмаканалар, муздатуучу орнотмолор, фермердик жана дыйкан чарбаларын кошпогондо өндүрүштүк жана оңдоо базалары;
- курулуш материалдарын чыгаруу боюнча ишканалар;
- айылдык курулуш уюмдарынан тышкары курулушту тейлеген, көмөкчү унаа иштерин жана курулушту тейлеген жардамчы обьекттерди кошуу менен түздөн-түз курулуш жана монтаждоо иштерин жүзөгө ашыруучу курулуш уюмдары;
- темир жол, суу, автомобиль, аба жана шаардык унаалардын ишканалары (оңдоочу жана башка заводдор, темир жол, троллейбус жана автобус деполору жана парктары, сорттоочу унаа обьекттери, деңиз жана суу порттору, жүктү которуштуруп жүктөө базалары жана пункттары, автобазалар, мунай түтүктөрү, магистралдык газ түтүктөрү жана башкалар);
- бардык байланыш ишканалары (радиостанциялар, теле көрсөтүү борборлору, ретрансляторлор, телефондук жана телеграфтык түйүндөр жана станциялар, уюлдук байланыш станциялары, интернет провайдерлер, почтамттар жана башкалар);
- коммуналдык чарба ишканалары (отканалар, жылуулук тармактарынын ишканалары, суу түтүк-канализация чарбаларынын ишканалары);
- материалдык-техникалык жабдуучу жана өндүрүштүк ишканаларга даярдоочу ишканалар жана уюмдар (кампалар, элеваторлор, базалар, анын ичинде жүктү которуштуруп жүктөө, ар түрдүү кабыл алуу пункттары, өз-өзүнчө бөлөк даярдоо жана даярдоо обьекттери жана башкалар);
- канаттууларды, сүт жана сүт азыктарын, унду жана нанды өндүрүү боюнча, анын ичинде чакан тегирмендер, чакан наабайканалар, балмуздакты өндүрүү боюнча цехтер;
- тамак-аш жана жеңил өнөр жайынын ишканалары, анын ичинде кондитердик жана тигүү цехтери;
- этти жана жашылча-жемиш продукцияларын кайра иштетүү боюнча ишканалар;
- терилерди, жыгачтарды жана металлдарды иштеп чыгуу боюнча масерскойлор;
- өсүмдүк майын өндүрүү үчүн май бышкычтар;
- оңдоочу-механикалык заводдор жана башка өндүрүштүк ишканалар;
- өндүрүштүк ишканалардын кампалары жана базалары;
- таңгактоо (фасовкалоо) жана идиштерди оңдоо ишканалары жана уюмдары.
10-тиркеме
Бюджеттик керектөөчүлөргө (республикалык жана\же жергиликтүү бюджеттен каржыланган керектөөчүлөргө - III топ) төмөндөгүлөр кирет:
- бардык мамлекеттик мекемелер;
- мамлекеттик ооруканалар, эмканалар, профилакториялар, кеңеш (консультация) берүүчү мекемелер, төрөт үйлөрү, балдарды азыктандыруучу сүт азыктарын таркатуучу пункттар, майыптардын жана улгайгандардын үйлөрү жана башка социалдык стационардык мекемелер, санаториялар жана башка дарылоо жайлары ;
- мамлекеттик мектептер, мектеп-интернаттар, жогорку окуу жайлар, техникумдар, орто окуу жайлар (училище) жана башка окуу жайлары;
- мамлекеттик балдар бакчалары жана яслилер, балдар үйлөрү, эс алуу лагерлери жана башка балдар мекемелери;
- мамлекеттик кино студиялар, театрлар, концерттик залдар, кино театрлар, цирктер жана башка оюн көрсөтө турган жайлар;
- мамлекеттик музейлер, көргөзмөлөр, китепканалар, китеп окуу жайлары, лекция окуу жайлары (лекторийлер), планетарийлер, клубдар, маданият үйлөрү жана башка маданий-агартуу мекемелери;
- мамлекеттик стадиондор, ипподромдор, сүзө турган бассейндер, спорттук залдар жана башка спорттук курулмалар;
- мамлекеттик ботаникалык бактар, зоопарктар;
- турак жай үйлөрүн жана казармалык жана аскердик-кызматтык багыттагы жатаканаларды кошуп эсептөө менен бардык кызматтары менен аскердик бөлүктөр; алардын бардык кызматтары менен аскердик окуу жайлары;
- Коргоо министрлигине, Ички иштер министрлигине, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана улуттук коопсуздук органдарына караган башка ишканалар, мекемелер жана уюмдар;
- сот бийлигинин органдары;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы;
- башка топторго тиешелүүлүгү мүмкүн болгон, бирок республикалык жана\же жергиликтүү бюджеттен толук каржыланган башка керектөөчүлөр.
11-тиркеме
Бөлөк топторго кирбеген башка топторго (IV топ) төмөндөгүлөр кирет:
- жалпыга маалымдоо каражаттары (кабелдик теле көрсөтүү компаниялары, теле жана радио компаниялар, гезит, журналдардын редакциялары жана башкалар);
- жарнама агенттиктери, кыймылсыз мүлк агенттиктери;
- Улуттук банкынан тышкаркы банктар, ломбарддар, чакан насыя берүүчү уюмдар жана башка каржылык насыялык мекемелер;
- жабдууларды, машиналарды, шаймандарды, металлдарды, мунай продуктыларын жана башка өндүрүштүк жана курулуш багытындагы продукцияларды өткөрүү боюнча кампалар жана базалар, ошондой эле материалдык-техникалык жабдуу базалары жана соода мекемелеринин базалары;
- коомдук, укук коргоочу уюмдар жана бирикмелер;
- турмуш-тиричиликтик-эксплуатациялык башкармалыктар (жеке муктаждыктарды кошо эсептөө менен);
- илимий-изилдөө, долбоорлоо жана изилдөөчүлүк институттары, эсептеп чыгаруучу борборлор, лабораториялар, конструктордук бюролор, башка илимий-изилдөөчү жана долбоорлоо-изилдөөчүлүк мекемелери;
- темир жол вокзалдары, пристандар, автовокзалдар, аэровокзалдар, аэродромдор, аэропорттор, автобустук станциялар;
- гараждар жана жеке авто унаалар үчүн гараждык-курулуш кооперативдери, авто парктар, машина токтотуучу жайлар, авто унааларга күйүүчү май куюу станциялары, авто оңдоо мастерскойлору, техникалык тейлөө станциялары, авто унааларды жуучу жайлар;
- калкты турмуш-тиричилик жактан тейлөөчү ишканалар, чачтарачканалар, фото ательелер, кийимдерди, бут кийимдерди, маданий-тиричиликтик багыттагы жана күндөлүк чарбалык турмуштагы буюмдарды оңдоо боюнча ательелер жана мастерскойлор, химиялык тазалоочу жана кир жуучу жайлар, прокаттык пункттар, мончолор, сауналар, душка түшүүчү үйлөр жана башка турмуш-тиричиликтик жактан тейлөөчү ишканалар;
- менчик ооруканалар, эмканалар, профилакториялар, кеңеш берүүчү (консультация) жайлар, төрөт үйлөрү, санаториялар жана башка дарылоо жайлары;
- менчик мектептер, мектеп-интернаттар, жогорку окуу жайлары, техникумдар, орто окуу жайлар (училище) жана башка окуу жайлар;
- менчик балдар бакчалары жана яслилер, эс алуу лагерлери жана башка балдар мекемелери;
, эс алуу үйлөрү, пансионаттар, мотелдер, кемпингдер, туристтик базалар;
- жеке кино студиялар, театрлар, концерттик залдар, кино театрлар, цирктер жана башка оюн көрсөтө турган ишканалар;
- менчик музейлер, көргөзмөлөр, китепканалар, китеп окуучу жайлар, лекция окулуучу жайлар (лекторийлер), планетарийлер, клубдар, маданият үйлөрү жана башка маданий-агартуу мекемелери;
- маданий жана эс алуу парктары, бактар, ботаникалык бактар, зоопарктар;
- менчик стадиондор, ипподромдор, сууга сүзүү бассейндери, спорттук залдар жана башка спорттук курулмалар;
- диний сыйынуу мекемелери (мечиттер, соборлор, чиркөөлөр жана ушул сыяктуулар), анын ичинде диний окуу жайлары;
- дүкөндөрдүн бардык түрлөрү, бутиктер, соода комплекстери, дарыканалар, алмаштыруу бюролору, кеңселик борборлор;
- чакан дүкөндөр, чатырлар, азык-түлүк, кийим сатуучу авто унаалар, базарлар, жарманкелер жана базарлар, мезгилдүү соода павильондору, киоскалардын бардык түрлөрү, үйдөгү дүкөнчөлөр;
- соода кампалары, чекене товарлардын базалары, соода уюмдарынын дүң базалары, жашылча-жемиштерди сактоочу жайлар, жашылчаларды жана жашылча-жемиш сатуучу базалар;
- ашканалар, муздак тамактар сатылуучу кичине ресторандар, кафелер, барлар, чайканалар, ресторандар, буфеттер, фабрика-ашканалар, чала фабрикаттар комбинаттары, үй ашканалары;
- казино, ойномо автоматтар залы, интернет-кафелер жана башка кызыктыруучу жайлар;
- менчигинин түрүнө карабастан азык-түлүк, өнөр жай товарларын, чала фаббрикаттарды, ошондой эле тамактарды жана суусундуктарды түздөн-түз өндүрүп сатуучу чекене соода тармактарынын жана коомдук тамактануунун ишканалары;
- башка тарифтик топторго кирбеген башка керектөөчүлөр.