Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА
ЖОЛ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2020-жылдын 29-октябры №1
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө" 2016-жылдын 27-январындагы № 1 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы токтомуна ылайык, ошондой эле Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) ошондой эле Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун стандарттары жана сунушталуучу тажрыйбасы менен максималдуу бир түрдүүлүктү камсыз кылуу максатында,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө" 2016-жылдын 27-январындагы № 1 буйругуна расмий тилде төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген “11-КРАЭ. Аба кыймылын тейлөө” Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежесине ушул буйруктун тиркемесине ылайык;
2) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген “3-КРАЭ. Учууларды метеорологиялык камсыздоо” Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежесине:
- 5.5. пункттун и) пунктчасында "2020" сандары "2021" сандарына алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин 3-тиркемесинин 4.8.1.5 пунктунда "2020" сандары "2021" сандарга алмаштырылсын;
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигине:
- ушул буйрукту аткарууга кабыл алсын;
- ушул буйрукту "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 токтомуна ылайык "Эркин-Тоо" гезитине жарыялансын.
3. Жарандык авиация жана суу транспорт бөлүмүнө:
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде, ушул буйруктун көчүрмөсүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук маалымат каражаттарында, жарыялоо булагын көрсөтүү менен, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберилсин;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде, анын көчүрмөлөрүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жиберилсин.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин жарандык авиация тармагын тейлөөчү орун басарына жүктөлсүн.
Министр | Б.Ч. Бердалиев |