Загрузка документа…
Тиркеме 2
|
| БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 2020-ж. “4” декабрындагы № 4 буйругу |
|
| |
|
|
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮНҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
Авиация персоналына зарыл болгон мамлекеттик, расмий, чет тилдерди, компьютердик техниканы үйрөнүү боюнча курстар
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 1-главасынын 119-пункту)
Жалпы жоболор
1. Ушул мамлекеттик/муниципалдык кызматты көрсөтүү И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту тарабынан жүргүзүлөт.
2. Ушул кызматтын административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын З-июнундагы № 303 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мскемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген тиешелүү тейлөө стандартынын талаптарына ылайык келет.
3. Тейлөө стандартында көрсөтүлгөн негизги параметрлер:
(1) Кызматты көрсөтүүнүн жалпы убактысы: 1-3 ай.
(2) Кызматты алуу үчүн талап кылынган документтердин тизмеси:
башчынын атына арыз жазуу;
төмөнкү документтерди түп нускасында көрсөтүү:
- паспорт;
- аскердик билет, каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк (аскердик кызмат өтөгөндөр үчүн);
- орто жалпы билим жөнүндө күбөлүк, орто, жогорку кесиптик билим жөнүндө диплом;
документтерди берүү:
- паспорттун көчүрмөсү;
- аскердик билеттин көчүрмөсү же каттоо жөнүндө күбөлүк (аскерге милдеттүүлөр үчүн);
- орто жалпы билим жөнүндө күбөлүктүн, орто кесиптик, жогорку кесиптик билим жөнүндө дипломдун көчүрмөлөрү;
- 3x4 түстүү сүрөттөр (4 даана);
- медициналык-учуу боюнча эксперттик комиссиянын (ВЛЭК) жарактуу медициналык корутундусу.
төлөө үчүн квитанцияны көрсөтүү.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн баасы прейскурантка ылайык.
(4) Кызматтын натыйжасы: күбөлүк.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде жүргүзүлгөн процедуралардын тизмеси
4. Кызматты өндүрүү төмөнкү жол-жоболорду камтыйт:
Таблица 1
№ | Процедуранын аталышы | Эскертүү |
1 | Документтерди кабыл алуу | Жалпы бөлүм |
2 | Виза коюу | Жетекчи |
3 | Окуу топторун түзүү | Квалификацияны жогорулатуу жана кошумча билим берүү бөлүмү |
4 | Окутуу | Профессордук-окутуучулук курам |
5 | Алган билимин текшерүү | Сапат бөлүмү |
6 | Жыйынтыктоочу көзөмөл | Квалификацияны жогорулатуу жана кошумча билим берүү бөлүмү |
7 | Күбөлүтөрдү даярдоо жана тапшыруу | Квалификацияны жогорулатуу жана кошумча билим берүү бөлүмүнүн башчысы |
3. Процедуралардын өз ара байланышынын блок-схемасы
5. Кызматты көрсөтүүдө аткарылган процедуралардын логикалык тартиби төмөндөгү блок-схемада көрсөтүлгөн
4. Процедуралардын сүрөттөлүшү жана алардын мүнөздөмөлөрү
Таблица 2
Аткаруу жол-жобосунун аталышы
| Аткаруучу, кызматы | Иш аракеттин узактыгы | Иш-аракеттин натыйжасы | Иш-аракеттерди жөнгө салуучу документ |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
Процедура 1. Документтерди кабыл алуу | ||||
1.1. Документтерди кабыл алуу жана текшер | Жалпы бөлүмдүн адиси | 30 минут | 1. Документтерди кабыл алуу 2. Эгерде талаптарга жооп бербесе, документтерди кабыл алуудан баш тартуу | КРнын 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы |
1.2. документтерди журналга каттоо | Жалпы бөлүмдүн адиси | 10 минут | документтерди каттоо журналына жазуу | КРнын 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы |
1.3. документтерди жетекчиге берүү | Жалпы бөлүмдүн адиси | 20 минут | Жетекчинин резолюциясы | КРнын 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы |
1-процедуранын жыйынтыгы: Документтерди каттоо журналындагы жазуу | ||||
1 процедуранын узактыгы : 15 мүнөт | ||||
Процедуранын тиби : жардамчы процедура | ||||
Кийинки процедуранын номери: 2 | ||||
Кийинки процедураны баштоо үчүн ушул процедуранын натыйжасын берүү ыкмасы: колго берүү | ||||
| ||||
Процедура 2. Виза коюу | ||||
2.1. Резолюция | Директор | 20 минут | Аткаруучуну аныктоо | Авиаинституттун уставы |
2.2. аткаруучуга документтерди берүү | Жалпы бөлүмдүн адиси | 30 минут | Документти алгандыгы тууралуу журналга жазуу | КРнын 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы |
2 процедуранын жыйынтыгы: аткаруучуну аныктоо | ||||
2 процедуранын узактыгы: 50 минут | ||||
Процедуранын тиби: уюштуруу-башкаруучулук процедура | ||||
Кийинки процедуранын номери: 3 | ||||
Кийинки процедураны баштоо үчүн ушул процедуранын натыйжасын берүү ыкмасы: колго берүү
| ||||
| ||||
Процедура 3. Окуу группаларын түзүү | ||||
3.1. Окуу келишимин түзүү | Бухгалтерия Квалификацияны жогорулатуу жана кошумча билим берүү бөлүмү | 1-2 күн | Кардар жана жетекчи тарабынан түзүлгөн келишим. | КРӨнүн 18- май 2009- жылдагы № 300 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө ЖОБО |
3.2. саны 8-15 кишиден турган группаны түзүү | Квалификацияны жогорулатуу жана кошумча билим берүү бөлүмү | 1-2 күн | Угуучулардын тизмеси. Окуу графиги.
| Билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө лицензия |
3.3. буйрук даярдоо : -угуучулардын тизмеси; -окутуучулар; -мөөнөтү, | Жетекчи жана Квалификацияны жогорулатуу жана кошумча билим берүү бөлүмү | 1-2 күн | Жетекчи тарабынан кол койулган буйрук | КРӨнүн 18- май 2009- жылдагы № 300 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө ЖОБО |
3.4. иреттеме түзүү (күнү, сабагы, сааты) | Квалификацияны жогорулатуу жана кошумча билим берүү бөлүмү | 1-2 күн | Сабактын иреттемеси | КРӨнүн 18- май 2009- жылдагы № 300 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө ЖОБО |
3 процедуранын жыйынтыгы: окуу группалары түзүлдү | ||||
3 процедуранын узактыгы : 2-4 күн | ||||
3 процедуранын тиби: уюштуруучулук-башкаруу процедурасы | ||||
Кийинки процедуранын номери: 4 | ||||
Кийинки процедураны баштоо үчүн ушул процедуранын натыйжасын берүү ыкмасы: колго берүү | ||||
Процедура4. окутуу | ||||
4.1. лекциялар | окутуучу | 1-3 ай | Теориялык билим | Окуу программасы |
4.2. Практикалык сабактар | окутуучу | 1-3 ай. | Көнүгүү, тапшырмаларды аткаруу | Окуу программасы |
4,3. Каттоо журналына киргизүү | окутуучу | 1-3 ай | Каттоо журналы | Келишим |
4 процедуранын жыйынтыгы: керектүү көндүмдөрдү жана билим алуу | ||||
4 процедуранын узактыгы : 1-3 ай. | ||||
4 процедуранын тиби: атайын процедура | ||||
Кийинки процедуранын номери:5 | ||||
Кийинки процедураны баштоо үчүн ушул процедуранын натыйжасын берүү ыкмасы: колго берүү | ||||
Процедура 5. Алган билимин текшерүү | ||||
5.1. тесттердин бланкасын берүү | окутуучу | 1с.20мин | Угуучулардын жооптору менен тесттер | Окуу программасы |
5.2. текшерүү жана баалоо | окутуучу | 1с.20мин | Толтурулган ведомосттор | Окуу программасы |
|
|
|
|
|
5 процедуранын жыйынтыгы: Билимди учурдагы көзөмөл | ||||
5 процедуранын узактыгы : 1 с.20 минут | ||||
5 процедуранын тиби: кошумча процедура | ||||
Кийинки процедуранын номери: 6 | ||||
Кийинки процедураны баштоо үчүн ушул процедуранын натыйжасын берүү ыкмасы: колго берүү | ||||
| ||||
Процедура 6. Жыйынтык текшерүү | ||||
6.1. Компьютердик ттестирлөө | окутуучу, Квалификацияны жогорулатуу жана кошумча билим берүү бөлүмү | 2 саат | Электрондук ведомость | Компьютердик тестирлөө жөнүндө жобо |
6.2.баалоо | окутуучу, Квалификацияны жогорулатуу жана кошумча билим берүү бөлүмү | 20 мин | Толтурулган жетишүү ведомосту | Компьютердик тестирлөө жөнүндө жобо |
6 процедуранын жыйынтыгы: сертификатка коюу үчүн баалар | ||||
6 процедуранын узактыгы: 2с.20 мин. | ||||
5 процедуранын тиби: атайын процедура | ||||
Кийинки процедуранын номери:7 | ||||
Процедура 7. Сертификаттарды даярдоо жана тапшыруу | ||||
| ||||
8.1. сертификаттарды даярдоо | Квалификацияны жогорулатуу жана кошумча билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси | 1күн | даяр сертификаттар | КРӨнүн 18- май 2009- жылдагы № 300 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө ЖОБО |
8,2.жетекчинин колу | жетекчи | 1 күн | даяр сертификаттар | КРӨнүн 18- май 2009- жылдагы № 300 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө ЖОБО |
7 процедуранын жыйынтыгы:: сертификат | ||||
7 процедуранын узактыгы : 1 күн | ||||
7 процедуранын тиби: административдик процедура | ||||
| ||||
5. 1, 2, 3 ж.б процедураларынын аткарылышынын схемасы (алгоритмдери).
Процедура 1. Документтерди кабыл алуу
6. Административдик регламенттин талаптарынын сакталышын контролдоо
6. Административдик регламенттердин талаптарын ишке ашыруу ички (учурдагы) жана тышкы көзөмөлдөө жолу менен жүзөгө ашырылат.
1) Ички көзөмөлдү кошумча билим берүү жана кесиптик деңгээлин жогорулатуу бөлүмүнүн башчысы жүргүзөт
2) Ички көзөмөл кызмат адамдары жана кызматкерлери тарабынан административдик регламенттердин жоболорун, ошондой эле кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын үзгүлтүксүз текшерүү жолу менен жүргүзүлөт.
3) Текшерүүлөрдүн мезгилдүүлүгү: дайыма.
Пландан тышкары текшерүүлөр кызматтын керектөөчүлөрүнүн каалоосу боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, кызматтын административдик регламентинин талаптарын бузууларды четтетүү боюнча чаралар көрүлүп, күнөөлүүлөрдү тартиптик жоопкерчиликке тартуу маселеси дагы Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык каралат.
7. Административдик регламентинин талаптарынын аткарылышына тышкы көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин чечими менен түзүлгөн комиссия жүзөгө ашырат.
1) Комиссиянын ишинин натыйжалары маалымдама түрүндө документтештирилет, анда административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Маалымдамагв кол коюлган күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде, ушул кызматты көрсөткөн мекемеге жөнөтүлөт.
Маалымдаманы алган күндөн тартып бир айдын ичинде аныкталган мыйзам бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча чаралар көрүлүп, ушул мыйзам бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге тартиптик жана административдик чаралар көрүлүшү керек.
Зарыл болсо, белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүү киргизүү демилгеленет.
3) административдик регламенттердин талаптарынын сакталышына тышкы көзөмөл жылына кеминде бир жолу жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттердин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн, И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
9. Кызмат же анын бир бөлүгү жеке адамдарга жана/ же юридикалык жактарга аткаруу үчүн аутсорсингге берилген учурда, кызмат көрсөтүү боюнча административдик регламенттердин талаптарын сактоо үчүн жоопкерчилик ушул кызматты көрсөтүүгө жооптуу мекеменин мойнунда болот.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент кызмат көрсөтүү Стандартынын кайра каралышы менен бир мезгилде жана зарылчылыкка жараша кайра каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар:
И. Абдраимов атындагы Кыргыз
авиациялык институтунун директору У.Э. Курманов
Директордун тарбия иштери
жана мамлекеттик тил боюнча
орун басары А.М. Эмчиева
Эмгек коргоо боюнча
башкы адис А.А. Бекеев