Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА
ЖОЛ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2020-жылдын 4-декабры №4
2012-жылдын 10-февралындагы № 85 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө
И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө” токтомун аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөттүн 2016-жылдын 9-августундагы № 436 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жөнүндө жобонун 13-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген, Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген, И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институту тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкү административдик регламенттери бекитилсин:
- Авиация персоналын баштапкы даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча кошумча кесиптик билим берүү (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 1-главасынын 118-пункту) 1-тиркемеге ылайык;
- Авиация персоналына зарыл болгон мамлекеттик, расмий, чет тилдерди, компьютердик техниканы үйрөнүү боюнча курстар (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 1-главасынын 119-пункту) 2-тиркемеге ылайык;
2. И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтуна:
- жогоруда көрсөтүлгөн административдик регламентке ылайык мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча ишти уюштурсун;
- тейлөө сапатын андан ары жогорулатуу жана ушул кызматтарды оптималдаштыруу боюнча чараларды көрсүн;
- ушул буйрукту жооптуу кызматкерлерге жеткирсин;
довести настоящий приказ до сведения ответственных сотрудников;
- ушул буйрук "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 токтомуна ылайык "Эркин-Тоо" гезитине жарыялансын.
3. Жарандык авиация жана суу транспорт бөлүмүнө:
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде, ушул буйруктун көчүрмөсүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук маалымат каражаттарында, жарыялоо булагын көрсөтүү менен, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберилсин;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде, анын көчүрмөлөрүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жиберилсин.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин жарандык авиация тармагын тейлөөчү орун басарына жүктөлсүн.
Министр | Б.Ч.Бердалиев |