Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ
ОТУН-ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КОМПЛЕКСТИ ЖӨНГӨ САЛУУ
БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН
БУЙРУГУ
2021-жылдын 26-январы №2
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2016-жылдын 24-ноябрындагы № 4 «Электр энергиясынын өздүк наркын аныктоо жана тарифтерди түзүү методикасын бекитүү жөнүндө» буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык жана электр энергиясына тарифтерди белгилөө үчүн эсептөөлөрдүн жол-жоболорун тартипке келтирүү максатында, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2016-жылдын 24-ноябрындагы № 4 «Электр энергиясынын өздүк наркын аныктоо жана тарифтерди түзүү методикасын бекитүү жөнүндө» буйругуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогорудагы буйрук менен бекитилген электр энергиясынын өздүк наркын аныктоо жана тарифтерди түзүү методикасындагы:
1-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Ушул Электр энергиясынын өздүк наркын аныктоо жана тарифтерди түзүү методикасы (мындан ары - Методика) электр энергиясын 1 млрд кВтс көлөмдөн көп иштеп чыгаруучу (энергиянын кайра жаралуу булактарын пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясын өндүрүүчүлөрдөн башкасы), берүүчү жана бөлүштүрүүчү, продукциясына (жумуштарына, кызматтарына) тарифтерди (бааларды) жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча жүзөгө ашырылган электр электр энергетикалык ишканаларга (мындан ары – электр электр энергетикалык ишканалар) колдонулат.»;
- 17-пункттун 2-пунктчасы:
төмөндөгүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:
«- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин талаптарына ылайык жамааттык келишимде каралган кызматкерлерге дем берүү мүнөзүндөгү төлөмдөр.»;
он бешинчи абзац күчүн жоготту деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин пресс-катчысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтомуна ылайык ушул буйрукту жарыяласын.
3. Укуктук колдоо бөлүмү:
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- күчүнө киргенден тартып үч жумуш күндүн ичинде маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жөнөтсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Директор | Т.И. Нурбашев |