Загрузка документа…
| КР Энергетика министрлигинин 2023-жылдын 6-октябрындагы № 01-13/199 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын 24-ноябрындагы № 4 буйругуна тиркеме |
Электр энергиясынын өздүк наркын аныктоо жана тарифтерди түзүү МЕТОДИКАСЫ
(КРӨ Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамагенттигинин 2021-жылдын 26-январындагы № 2, КР Энергетика министрлигинин 2022-жылдын 20-октябрындагы № 01-13/176, КР Энергетика Министрлигинин 2022-жылдын 2-декабрындагы № 01-13/204 буйруктарынын редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Электр энергиясынын өздүк наркын аныктоо жана тарифтерди түзүү методикасы (мындан ары - Методика) электр энергиясын 1 млрд. кВтс көлөмдөн көп иштеп чыгаруучу (энергиянын кайра жаралуу булактарын пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясын өндүрүүчүлөрдөн башкасы), берүүчү жана бөлүштүрүүчү, продукциясына (жумуштарына, кызматтарына) тарифтерди (бааларды) жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча жүзөгө ашырылган электр, электр энергетикалык ишканаларга (мындан ары - электр электр энергетикалык ишканалар) колдонулат.
(КРӨ Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамагенттигинин 2021-жылдын 26-январындагы № 2 буйругунун редакциясына ылайык)
2. Методиканын максаттары жана милдеттери
2. Методиканын негизги максаты электр энергиясынын өздүк наркын түзүүнүн жана тарифтерди белгилөөнүн принциптерин аныктоо болуп эсептелет.
3. Методика төмөнкү милдеттерди аткарат:
- керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу максатында иштеп чыгаруучу, берүүчү жана бөлүштүрүүчү электр энергетикалык ишканалардын өндүрүштүк чыгымдарын техникалык негизделишин камсыздоо;
- электр энергиясын иштеп чыгаруу, берүү жана бөлүштүрүү процессинде технологиялык өндүрүш процессинин стадиялары боюнча продукциянын чыныгы экономикалык наркын чагылдыруу;
- электр энергиясына (продукциянын, жумуштардын жана кызматтардын башка түрлөрүнө) тарифти аныктоо үчүн электр энергетикалык ишканаларда энергияны иштеп чыгаруунун, берүүнүн жана бөлүштүрүүнүн пландалган, эсепке алынган жана калькуляцияланган чыгымдарын негиздөө;
- электр энергетикалык ишканаларда электр энергиясынын (продукциянын, жумуштардын жана кызматтардын башка түрлөрүнүн) өздүк наркын аныктоо боюнча жалпы принциптерди жана эрежелерди көрсөтүү.
3. Методикага сереп
4. Ушул Методика отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ОЭКти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган) тарабынан Кыргыз Республикасынын "Электр энергетикасы жөнүндө" Мыйзамынын 21-беренесине ылайык электр энергиясына тарифтерди түзүүнүн тартибин аныктайт.
Биринчи этапта чыгымдар суммаланат. Экинчи этапта алынган жыйынтык бөлүктөргө аларды керектөөчүлөрдүн ар бир тобуна бекитүү менен бөлүнөт. Үчүнчү этапта керектөөчүлөрдүн ар түрдүү топторуна бөлүнгөн чыгымдарды төлөөчү тарифтер иштелип чыгат.
Методиканын этаптары:
1) Электр энергетикалык ишкананын талап кылынган кирешесин баалоо: пайдалануу сарптоолорун жана капиталдык чыгымдарын кучагына алууну талап кылат.
2) Талап кылынган кирешени керектөөчүлөрдүн топторунун арасына бөлүштүрүү.
3) Керектөөчүлөрдүн ар бир тобу үчүн тарифтер талап кылынган кирешени жабууга тийиш.
Электр энергетикалык ишкананын талап кылынган кирешесин баалоо жана акыркы керектөөчүлөр үчүн тарифтерди иштеп чыгуу бардык чыгымдарды чагылдыруу менен байланышта болууга тийиш.
5. Ушул Методикага ылайык кабыл алынган чечимдер төмөнкүчө төмөнкүдөй болууга тийиш:
1) Талап кылынган киреше "талап кылынган кирешенин негизиндеги ыкманы" пайдалануу менен суммаланат. "Талап кылынган кирешенин негизиндеги ыкма" карызды тейлөөнүн чыгымдары (негизги сумма жана пайыздар боюнча төлөмдөр), ошондой эле оңдоого ар жылдык чыгымдар талап кылынган кирешеге кирет. Акча каражатына муктаждык ыкманын негизи катары кабыл алынат, анткени иш жүзүндө талап кылынган сумманы пайдалануу тарткан чыгымдарды так негиздөөгө мүмкүндүк берет.
2) Чыгымдарды бөлүштүрүү процесси маалыматтардын болушун талап кылат. Керектөөчүлөрдүн топтору арасында чыгымдардын статьяларын пропорциялуу бөлүштүрүү үчүн керектөөчүлөр жөнүндө маалыматтардын негизинде эсептелген пайыздык катышта чыгымдар керектөөчүлөрдүн топторуна тиешелүү. Чыгымдарды бөлүштүрүүнү аныктаган факторлор электр энергиясын жалпы керектөө жана керектөөчүлөрдүн саны болуп эсептелет.
3) Тариф боюнча чечимдер социалдык таасирин жана жеткиликтүүлүгүн эсепке алуу менен кабыл алынат. Тарифтик эсеп электр энергиясынын эсебинин өлчөмү чукул өзгөрүшүн болтурбоо үчүн өтүү планын караштырат.
4. Талап кылынган киреше
6. "Талап кылынган киреше" - бул ар бир электр энергетикалык ишкана тарткан чыгымдардын жыйындысын жабуу үчүн жетиштүү пландык киреше. Талап кылынган кирешенин чоңдугу төмөнкүчө аныкталат:
RR=DS+CR+R+PC+AC-ELA-OR
мында:
- RR - талап кылынган киреше;
- DS - кирешени тейлөө боюнча милдеттенмелер;
- CR - оңдоо, капиталдык салымдар жана техникалык тейлөө боюнча чыгымдар сметасы менен каралгандар;
- R - оңдоо жана алмаштыруу үчүн резервдеги эсеп;
- PC - өндүрүштүк чыгымдар;
- АС - административдик чыгымдар;
- ELA - жылуулуктун ченемден ашыкча жоготууларын эсепке алган түзөтүү;
- OR - кирешенин башка түрлөрүнүн жалпы суммасы.
7. Базалык жыл.
Базалык жыл - бул 12 ырааттуу айдан турган мезгилде чыгымдар жана керектөөнүн көлөмү жөнүндө маалыматтар, ушул 12 айдагы маалыматтар тарифтерди эсептөө үчүн база катары колдонулат. Иш жүзүндөгү базалык жыл өткөн 12 айдын иш жүзүндөгү маалыматтарынын негизинде эсептелет. Пландык базалык жыл - бул алдыдагы 12 айга божомолдонгон же пландалган маалыматтар. Тарифтерди аныктоо үчүн негиз катары пландык базалык жыл колдонулат. Базалык жыл 1-январда башталат жана 31-декабрда бүтөт.
8. Карызды тейлөө.
Электр энергетикалык ишканалар өзүнүн чарба ишин каржылоо астында кредиттерди алуу аркылуу карыз милдеттенмесин калыптандырышат. Бул кредиттердин ар жылдык наркы негизги суммадан да, кошуп эсептелген пайыздардан да түзүлөт. Негизги сумма жана бардык жактырылган кредит боюнча пайыздык төлөмдөр электр энергетикалык ишканалардын тарифтерине кошулат.
9. Электр энергетикалык ишканалар кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мүнөзүндөгү зайым капиталын пайдаланышат:
- узак мөөнөттүү зайымдар жеңилдетилген каржылоо түрүндө алынат, алар капиталдык инвестициялардын долбоорлорун каржылоого жөнөтүлөт;
- кыска мөөнөттүү зайымдар операциялык чыгымдарды жабуу үчүн колдонулат. Электр энергетикалык ишканалар акча каражаттарынын тартыштыгын жабуу үчүн кыска мөөнөттүү каржылоону колдонушат.
10. Негизги сумма жана пайыздары боюнча чыгымдар тарифти түзүүгө ар жылдык арызга Насыялоо жөнүндө макулдашуунун шарттарында кандай жазылса, так ошондой жазылууга тийиш. Товарларды (жумуштарды, кызматтарды) өндүрүү жана сатуу боюнча электр энергетикалык ишканалардын негизги иши менен байланышпаган узак мөөнөттүү зайымдардын негизги суммасы жана пайыздары боюнча чыгымдар тарифти түзүүнүн ар жылдык арызына кошулбайт.
11. Электр энергетикалык ишканалардын акча каражатынын тартыштыгын жабуу үчүн кыска мөөнөттүү кредиттер акча каражатынын төлөнүшү анын түшүүсүнөн ашканда колдонулат. Кыска мөөнөттүү зайымдардын негизги суммасы боюнча чыгымдар тарифтерди түзүүнүн ар жылдык арызына кошулбайт.
12. Оңдоо, капиталдык салымдар жана техникалык тейлөө.
Оңдоо - бул объекттин бузугун же иштешин калыбына келтирүү жана объекттин ресурсун же анын курамдык бөлүктөрүн калыбына келтирүү боюнча операциялардын комплекси.
Техникалык тейлөө - жабдууну максатына карай пайдаланууда, күтүүдө, сактоодо жана ташууда иштешин же бузугун колдоо боюнча пландалган иш.
Капиталдык салымдар - жаңы активдерге, кайра конструкциялоого, модернизациялоого жана колдонуудагы активдерди алмаштырууга салуу менен байланыштуу тарткан чыгымдар.
13. Сунушталган чыгымдарды негиздөө үчүн электр энергетикалык ишканалар келечектеги иш мезгилине пландалган капиталдык салуулардын планын көрсөтөт.
14. План оңдоо жана техникалык тейлөө боюнча пландалган иштерди, ошондой эле үч жылдык мезгилге болжолдонгон чыгымдарды камтууга тийиш.
15. Оңдоо иштеринин максаттарына жыл сайын өздөштүрүлгөн сумма пайдаланылуучу жабдуунун наркына жана анын кызмат кылуу мөөнөтү кошулууга тийиш. Мурдагы жылга салыштырмалуу оңдоого бюджетти жогорулатуу мындай жогорулатууга болгон муктаждыкты негиздеген бир топ кеңири маалымат берүүнү талап кылат.
16. Оңдоо жана алмаштыруу. Резервдеги эсеп.
Талап кылынган кирешеге жабдууларды авариялык оңдоо (иштөө) алмаштыруу үчүн каражаттарды которуу үчүн белгилүү бир сумма кошулат. Аталган сумма электр энергетикалык ишканалардын мурдагы жылдагы пландык эмес (авариялык) оңдоого (иштөөгө) жана техникалык тейлөөгө иш жүзүндөгү чыгымдары жөнүндөгү маалыматтардын негизинде эсептелет.
Электр энергетикалык ишканалардын финансы отчетторунда бул которуулар өзүнчө статья менен берилет. Тарифти түзүү үчүн финансы отчетторун жыл сайын берүүнүн жүрүшүндө ишканалар мындай статьялардын ар жылдык балансы боюнча жыйынтыкталган маалыматтарды берет.
17. Өндүрүштүк чыгымдар.
Электр энергиясын (жумуштар, кызматтар) өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана сатууга чыгымдар төмөнкү элементтер боюнча алардын экономикалык түзүлүшүнө ылайык топтолот:
- материалдык чыгымдар;
- эмгек акы төлөөгө чыгымдар;
- камсыздандырууга чегерүүлөр;
- өндүрүштүк башка чыгымдар;
- салыктар.
1) Материалдык чыгымдар
Материалдык чыгымдардын наркы төмөнкүлөрдүн негизинде түзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, салыктарды (КНС) жана акциздерди эсепке алуусуз сатып алуунун баасы;
- ушул ресурстарды жеткирүүчүлөр тарабынан берилген кредитти алууга пайыздардын төлөмү;
- бажы алымдарынын наркы;
- тараптагы уюмдардын күчү менен ташууга, сатууга жана жеткирүүгө чыгымдар.
Материалдык чыгымдар төмөнкү статьялардан турат:
"Өндүрүштүк мүнөздөгү кызматтар" статьясы
"Өндүрүштүк мүнөздөгү кызматтар" элементине өндүрүштүк мүнөздөгү уюмдар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарга салыктарды эсепке албастан (КНС) төлөө чыгымдары кирет:
- жабдуунун оңдоо, продукция жасоо, чийки затты жана материалдарды иштетүү, керектелүүчү чийки заттын жана материалдардын сапатын аныктоо үчүн сыноолорду жүргүзүү, белгиленген технологиялык процесстердин сакталышын контролдоо, негизги өндүрүштүк фонддорду оңдоо боюнча өзүнчө операциялардын тараптагы уюмдардын аткарышы;
- ишкананын ичинде жүктөрдү ташуу боюнча тараптагы уюмдардын транспорттук кызматтары (чийки затты жана материалдарды, шаймандарды, деталдарды, даярдыктарды, жүктүн башка түрлөрүн базистик (борбордук) кампадан цехтерге (бөлүмдөргө) жылдыруу жана даяр продукцияны сактоо кампаларына, жөнөтүү станцияларына жеткирүү).
"Көмөкчү материалдар" статьясы
Көмөкчү материалдардын чыгымдары төмөнкүлөрдүн наркынан түзүлөт:
- иштелип чыгуучу продукциянын негизин түзүү менен анын курамына кирген же продукцияны жасоодо (жумуштарды аткарууда, кызматтарды көрсөтүүдө) зарыл курамдык бөлүгү болуп эсептелген чийки зат жана материалдардан алынуучу;
- продукцияны (жумуштарды, кызматтарды) өндүрүү процессинде нормалдуу технологиялык процессти камсыз кылуу, продукцияны таңгактоо үчүн сатып алынуучу же башка өндүрүштүк жана чарба муктаждыктарына (сыноо, контроль жүргүзүү, жабдууну, имараттарды, курулмаларды, башка негизги фонддорду кармоо, оңдоо жана иштетүү) сарпталуучу материалдардын;
- жабдууну, аспаптарды, куралдарды, инвентарларды, шаймандарды, лабораториялык жабдууларды жана башка материалдарды оңдоо үчүн камдык бөлүктөрдүн, негизги фонддорго кирбеген атайын кийимдердин;
- ушул ишканада андан ары куралуучу же кошумча иштетилүүчү сатып алынуучу себилдөөчү буюмдардын жана чала фабрикаттардын.
Материалдык ресурстардын наркына материалдык ресурстарды жеткирүүчүлөрдөн алынган идишти сатып алуу жана таңгактоо боюнча ишкананын чыгымдары да ушул идиштин баасы бул ресурстарга баадан өзгөчө жогору белгиленген учурларда пайдаланууга мүмкүн болгон баа боюнча ушул идиштин наркын эсептен чыгаруу менен кошулат. Материалдык ресурстарды жеткирүүчүдөн алынган идиштин наркы анын баасына кошулган учурда аны сатып алуу боюнча чыгымдардын жалпы суммасынан идиштин аны пайдалануу мүмкүндүгү же сатуу баасы боюнча идиштин наркынан чыгарылат (материалдар жагынан аны оңдоого чыгымдарды эсепке алуу менен).
Материалдык ресурстарды транспорт жана электр энергетикалык ишканалардын кызматкерлери тарабынан жеткирүү (жүктөө-жүк түшүрүү иштерин кошуп) менен байланыштуу чыгымдар өндүрүштүн чыгымдарынын тиешелүү элементтерине (эмгек акы төлөөгө чыгымдар, негизги фонддордун амортизациясы, материалдык чыгымдар) кошууга жатат.
Көмөкчү өндүрүштүн продукциясынын наркына кошулуучу материалдардын чыгымдарынан кайтарылма калдыктардын наркынан чыгарылат. Өндүрүштүн кайтарылма калдыктары катары баштапкы материалдарды даяр продукцияга айландыруу процессинде пайда болгон, баштапкы материалдын керектелүүчү сапаттарын (химиялык же физикалык касиеттерин ж.б.) толугу менен же жарым-жартылай жоготкон же түздөн-түз максаты боюнча такыр пайдаланылбаган чийки заттын, материалдардын же чала фабрикаттардын калдыктарын түшүнүүгө болот.
Калдыктарга башка деталдарды же буюмдарды жасоо үчүн толук кандуу материал катары субъекттин башка цехтерине белгиленген технологияга ылайык берилүүчү материалдардын калдыктары кирбейт.
Калдыктарга коштоочу (байланыштуу) продукция да кирбей, анын тизмеси энергетикалык ишканалардын эсепке алуу саясаты менен белгиленет.
Калдыктар кайтарылма (өндүрүштө колдонулуучу жана колдонулбоочу) жана кайтарылбас болуп бөлүнөт. Өндүрүштө колдонулуучу кайтарылма калдыктар болуп субъекттин өзү негизги же көмөкчү өндүрүштү жасоо үчүн колдонгон калдыктар эсептелет. Кайтарылбас калдыктар техниканын ушул абалында колдонулбаган калдыктар эсептелет, технологиялык жоготуулар: күйүү, кургоо, учуп кетүү.
Өндүрүштө колдонулбаган кайтарылма калдыктар болуп субъекттин өзү материал, отун катары, башка чарба муктаждыктарына колдонулушу же тараптарга сатылышы мүмкүн.
Кайтарылма калдыктар төмөнкү тартипте бааланат (кайтарылбас калдыктар бааланбайт):
- баштапкы чийки заттын жана материалдардын төмөндөтүлгөн баасы боюнча (пайдалануу мүмкүн болгон баа боюнча), эгер калдыктар жогорку чыгымдар менен (даяр продукциянын төмөн чыгышы менен) негизги өндүрүш үчүн колдонулса же көмөкчү өндүрүштүн муктаждыктары же кеңири керектелүүчү буюмдарды (маданий-тиричилик багытындагы жана күндөлүк тиричилик товарларын) жасоо үчүн колдонулса;
- калдыктарды жыйноо жана иштетүү чыгымдарын эсептен чыгаруу менен аларга белгиленген баалар боюнча, ал эми калдыктар, кесиндилер, кырынды жана башкалар субъекттин ичинде кайра иштетүүгө кетет же тарапка өткөрүлөт;
- баштапкы чийки заттын же материалдардын толук баасы боюнча, эгер калдыктар тарапка кондициялык чийки зат же толук кандуу (толук кандуу материал) катары пайдалануу үчүн сатылган учурда.
"Технологиялык максаттарга отун" статьясы
Бул статья боюнча электр энергиясын өндүрүүгө түз сарпталган технологиялык отундун гана наркы чагылдырылат.
Ушуга салыктарды эсепке албастан тарап сатып алган отундун түрлөрүнүн гана наркы кошулат, отундун чыгымдары белгиленген ченемдердин жана аны төмөнкүлөргө керектөөнүн негизинде аныкталат:
- белгиленген иштеп чыгарууга, продукцияга бирдигине жана шарттуу отундун бир тоннасынын баасына отундун орточо сарпталышына ылайык электр энергиясын иштеп чыгаруу боюнча технологиялык муктаждыктарга;
- технологиялык максаттарга отунду сарптоого казандарды оңдоодон кийин кургатууга, от жагууга жана ысык резервге анын сарпталышын эсепке алуу менен отканада сарпталган бардык отун кошулат.
Өндүрүштө сарпталган отун накта өлчөмдөрдө орточо өлчөнгөн иш жүзүндөгү баасы боюнча (сатып алуу жана кампага жеткирүү наркы боюнча), ошондой эле отундун маркасы жана көмүр бассейндери боюнча бааланат, эгер мындай сактоо жана өндүрүштө чыгаруу камсыз болсо.
Отундун толук наркына жеткирүүчүлөрдүн эсептери боюнча келишим баада, отундун төмөн сапаты (күлдүүлүктүн жана нымдуулуктун эсептик ченемдерден четтеши) үчүн баасын түшүрүү (кошумча акы), темир жол тарифи, жүктөө жана жеткирүү боюнча чыгымдар (эгер тараптагы уюмдардын транспорту), бажы алымдары жана энергетикалык ишкананын сактоо кампаларына чейин башка чыгымдарды кошуу менен отундун наркы кирет.
Өндүрүшкө газды сарптоо газ жеткирүүчүнүн эсеби жана электр станцияларында орнотулган газ эсептегичтердин айдын аягындагы көрсөткүчтөрү боюнча алынат.
"Күйүүчү-майлоочу материалдар" статьясы
Күйүүчү-майлоочу материалдарга чыгымдарда өндүрүштү, чарбаны тейлеген негизги, көмөкчү өндүрүштүн цехтеринде технологиялык максаттарга жана чарба муктаждыктарына сарпталган сатып алынуучу отундун бардык түрлөрүнүн (бензин, дизел отуну, автол, дизмайы, солидол жана башка түрлөрү) наркы салыктарды (КНС жана СС) эсепке албастан чагылдырылат.
"Электр энергиясы" статьясы
Электр энергиясынын статьяларында көмөкчү өндүрүштүн цехтеринде технологиялык жана чарба муктаждыктарына жана ишкананын чарба муктаждыктарына (жайды, материалдык кампаларды ж.б. өндүрүштүк эмес имараттарды жарык кылуу жана жылытуу) сарпталган, жеткирүүчүлөрдүн эсеби боюнча төлөнгөн сатып алынуучу электр энергиясынын бардык түрлөрүнүн наркы салыктарды (КНС жана СС) эсепте албастан чагылдырылат.
"Төлөнбөгөн салык (КНС жана СС)" статьясы
Бул статьяда Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык эсептелген төлөнбөгөн салыктар чагылдырылат.
2) Эмгек акы
Электр энергетикалык ишканалардын негизги өндүрүштүк кызматкерине эмгек акы төлөмү төмөнкүлөрдөн турат:
- ишкананын негизги өндүрүштүк персоналына мыйзамдарга ылайык төлөнүүчү эмгек акы төлөмүнө чыгымдар;
- мыйзамдарга ылайык бала белгилүү бир жашка жеткенге чейин багуу боюнча жарым-жартылай төлөнүүчү өргүүдө жүргөн аялдарга мыйзамдарда белгиленген өлчөмдөрдө төлөнүүчү компенсациялар.
Эмгек акы төлөмүнө чыгымдардын курамына төмөнкүлөр кирет:
- коюлган баалардын, тарифтик ставкалардын жана кызмат акынын негизинде эсептелген, ишканада кабыл алынган эмгек акы төлөө түрүнө жана системасына ылайык аткарылган ишке эмгек акы төлөмдөрү;
- мыйзамдарга ылайык тарифтик ставкаларга жана эмгек акыга кошумча акылар;
- иш режимине жана иштөө шарттарына байланыштуу компенсациялоочу мүнөздөгү төлөмдөр, анын ичинде түнкү убакта иштөөгө, мөөнөттөн ашыкча жумушка, көп сменалуу режимде иштөөгө, кесиптерди айкалыштырууга, тейлөө аймагын кеңейтүүгө, оор, зыяндуу, эмгектин өзгөчө зыяндуу шарттарында иштөөгө ж.б.у.с. эмгек акыга жана тарифтик ставкаларга мыйзамдарга ылайык үстөктөр жана кошумча төлөмдөр;
- кайра уюштурууга жана жумушчулардын санын кыскартууга байланыштуу ишканалардан жана уюмдардан бошотулган жумушчуларга төлөмдөр;
- эмгек акы төлөөнү райондук жөнгө салуу менен шартталган учурдагы мыйзамдарга ылайык төлөнүүчү төлөмдөр, анын ичинде райондук коэффициенттер жана бийик тоолуу жерлерде иштөө үчүн коэффициенттер боюнча төлөмдөр, республиканын айрым региондорунда үзгүлтүксүз эмгек стажы үчүн каралган эмгек акыга кошумча төлөмдөр, анда жаратылыш-климат шарттары өзгөчө (бийик тоолуу, жетүүгө кыйын, элдин жайгашуусу аз, ээн жаткан талаа, кургакчыл, ыраактыгы) райондордо жагымсыз иштөө шарттары үчүн эмгек акыга компенсациялар каралат;
- вахтада иштөө графигинде каралган, ишкана жайгашкан жерден (жыйноо пункту) иштеген жерге чейин жана кайра артка карай жолдогу күндөргө, ошондой эле метеорологиялык шарттар боюнча жумушчулардын жолдо кармалган күндөргө эмгек акыга тарифтик ставканын өлчөмүндө вахталык усул менен ишти аткарган учурда төлөнүүчү суммалар;
- мамлекеттик уюмдар менен атайын (жумуш күчүн берүүгө) келишимдерге ылайык ишканада иштөө үчүн тартылган адамдарга аткарылган иш үчүн эсептелген, мыйзамдарга ылайык түздөн-түз ушул адамдарга берилген, ошондой эле мамлекеттик уюмдарга эсептелген сумма;
- мыйзамдарга ылайык квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо системасында жумуштан бошотуу менен кызматкерлерди окутуу убагында негизги иштеген орду боюнча эмгек акы;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин талаптарына ылайык жамааттык келишимде каралган кызматкерлерге дем берүү мүнөзүндөгү төлөмдөр.
ОЭКти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуусуз эмгек акы төлөө фондун же эмгек акынын өлчөмүн жогорулатууга (көбөйтүүгө) жол берилбейт.
(Абзац КРӨ Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамагенттигинин 2021-жылдын 26-январындагы № 2 буйругуна ылайык күчүн жоготту)
3) Социалдык камсыздандырууга чегеримдер
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдер боюнча милдеттүү чегеримдер чагылдырылат: Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген ченемдер боюнча жумушчулардын "Эмгек акы" статьясы боюнча товарлардын (жумуштардын, кызматтардын) наркына кошулган эмгек акысынын (камсыздандыруу төгүмдөрү эсептелбеген төлөмдүн түрлөрүнөн башка) чыгымдарынан милдеттүү чегерүүлөр чагылдырылат.
4) Өндүрүштүк башка чыгымдар
Элементтер боюнча бөлүнбөгөн башка чыгымдардын курамына өзүнүн мүнөзү боюнча мурда саналып өткөн элементтердин бирөөнө да түз кирбеген бардык чыгымдар кирет.
Ошону менен бирге бул статьяга төмөнкүлөр кирет:
- ижара төлөмү;
- илимий-изилдөө иштерине, стандартташтырууга жана нормалдаштырууга, жаңы технологияларды өздөштүрүүгө чегерүүлөр;
- өндүрүштүк фонддордун курамында эсепке алынган ишкананын, ошондой эле продукциянын (жумушчулардын, кызматтардын) өндүрүшүнө тартылган жумушчулардын айрым категорияларынын мүлкүн мыйзамдарга ылайык камсыздандыруу боюнча чыгымдар;
- өндүрүштүк ишке байланыштуу иш сапар чыгымдары;
- каттам барактары боюнча көздөгөн жерге барууга төлөм, кыдырма мүнөздөгү ишке компенсация;
- ишканаларды өрттөн жана күзөттөн сактоо боюнча тараптагы уюмдардын кызматтары, байланыш кызматтары, банктар, типография кызматтары, сыноолор, лабораториялык талдоолор боюнча иштер;
- атайын кийимди жуу жана аны оңдоо сыяктуу өзүнүн тейлөөчү чарбасынын кызматтары;
- текшерилген күнгө, кан тапшырууга жана ар бир кан тапшыруудан кийин берилүүчү эс алууга донор - жумушчуларга төлөө;
- электр жана жылуулук энергиясын (жумуштарды, кызматтарды) өндүрүүнүн өздүк наркынын курамына кирген чыгымдар.
Бул чыгымдар жабдууну кармоо жана иштетүү боюнча иш жүзүндөгү чыгымдар жана эсептер, цех чыгымдары, жалпы чарба чыгымдары, көмөкчү өндүрүштүн цехтерин кармоо боюнча чыгымдар менен негизделет.
5) Салыктар
Бул элемент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салыктарды, жыйымдарды жана милдеттүү чегеримдерди өз ичине камтыйт.
(КРӨ Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамагенттигинин 2021-жылдын 26-январындагы № 2 буйругунун редакциясына ылайык)
18. Административдик чыгымдар.
Административдик чыгымдар өндүрүштүн көлөмүнө көз каранды эмес жана сатылган продукциянын же кызматтын так түрү менен байланышпаган туруктуу чыгымдар катары аныкталат.
19. Административдик багыттагы ушул чыгымдарга төмөнкүлөрдү киргизүүгө болот:
- административдик персоналга кирген жумушчулардын эмгек акысын төлөө. Административдик персоналга кирген кызматкерлердин эмгек акысын төлөөгө чыгымдарды жогорулатуунун бардык пландаштыруусу ОЭКти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган менен милдеттүү түрдө макулдашууга тийиш;
- мыйзамдарда белгиленген ченемдер боюнча административдик персоналдын эмгек акысын төлөөдөн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органдарына чегерүүлөр;
- электр энергетикалык ишканалардын түзүмдүк бөлүктөрүн тейлеген жумушчуларды башкаруу административдик аппаратын кармоо, аларды материалдык-техникалык жана транспорттук тейлөө. Анын ичинде кызматтык жеңил автотранспортун кармоого чыгымдар жана техникалык ченемдерге жана параметрлерге ылайык менчик жеңил автомобилдерди иш сапары үчүн пайдаланууга компенсациялар;
- башкармалыктын техникалык каражаттарын, байланыш түйүндөрүн, сигнализация каражаттарын, эсептеп чыгаруу борборлорун жана башкармалыктын өндүрүшкө тиешелүү болбогон башка техникалык каражаттарын кармоого жана тейлөөгө чыгымдар (жалпы чарбалык максаттагы негизги каражаттардын эскириши, имараттарды, курулуштарды жана жалпы чарбалык максаттагы инвентарга чыгымдар);
- административдик башкаруу системасын жана каражаттарын түзүү (куруу, модернизациялоо) жана өркүндөтүү боюнча чыгымдар капиталдаштырылат жана алардын баланстык наркын көбөйтүүгө тиешелүү;
- субъекттин штаттык расписаниесинде тигил же бул иш кызматтары каралбаган учурда жалпы чарбалык башкаруу боюнча тараптагы уюмдар тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарга төлөө;
- административдик башкаруу аппаратынын персоналынын иш сапар чыгымдары;
- салыктар, жыйымдар жана чегеримдер;
- коммуналдык кызматтарга, жумушчулардын (башкаруу аппаратынын) эмгегин коргоого чыгымдар, электр энергетикалык ишкананы коргоого чыгымдар, эмгекти коргоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү боюнча чыгымдар;
- бейтап барагы боюнча убактылуу эмгекке жарамдуулугун жоготкон учурда кошумча төлөмдөр;
- кеңеш берүү (аудитордук) жана маалыматтык кызматтарды төлөө;
- мекемени кайра уюштуруу. Жумушчулардын санын жана штатты кыскартуу менен байланыштуу бошотулган жумушчуларга (башкаруу аппараты) мыйзамдарга ылайык төлөө.
- жөнгө салынуучу субъектердин жыл сайын төлөөчү төлөмдөрү.
(КР Энергетика Министрлигинин 2022-жылдын 2-декабрындагы № 01-13/204 буйругунун редакциясына ылайык)
20. Жоготууга карата түзөтүү.
Жоготууга карата түзөтүү электр энергиясын өндүрүү жана жеткирүү боюнча чыгымдардын орточо маанисине көбөйтүлгөн жогоруда аныкталган иреге мааниден жогору жоголгон электр энергиясынын бирдигинин маанисине барабар. Жер тилкесинде жоготуу болгон электр энергетикалык ишкана иштеп чыгаруучу жана берүүчү компанияларга жоголгон электр энергиясын төлөп берүүгө милдеттенет, бирок мында жеке талап кылынуучу киреше ченемден тышкары жоготуулардын чоңдугуна карата кыскарат.
Ченемдик жоготуунун көлөмү жана пайыздары мыйзамдарга ылайык компетенттүү мамлекеттик органдар тарабынан аныкталат. Жоготуунун ченемден ашкан көлөмү жана пайыздары ченемден ашыкча жоготуулар деп эсептелет.
21. Башка кирешелер.
Электр энергетикалык ишканалар чыгымдары электр энергиясынын тарифтерди түзүү үчүн колдонулган негизги өздүк наркынын (түз чыгымдардын) курамына кирген инфратүзүмдүн кандайдыр бир объекттерин же кызматкерлерди пайдалануунун жыйынтыгында алган башка кирешелеринин бардык булактарын көрсөтүшөт. Жылуулук менен жабдуунун ата мекендик керектөөчүлөрүнө кызмат көрсөтүү менен байланышпаган кирешенин көлөмү талап кылынган кирешенин курамынан чыгарылат.
22. Жылуулук электр станциялардын чыгымдарын бөлүштүрүү.
Жылуулук электр станциялар үчүн талап кылынган кирешенин өлчөмү жылуулук үчүн өзүнчө жана электр энергиясы үчүн өзүнчө аныкталат. Электр энергиясы боюнча талап кылынган кирешенин өлчөмү кызматтын ушул түрүн көрсөтүү менен байланыштуу тарткан чыгымдарды чагылдырат. Энергия кызматтарын көрсөтүү менен байланыштуу жылуулук электр станциясы тарткан чыгымдар үч бөлүккө - гидроэлектр станциялары, жылуулук электр станциялары жана административдик функцияларга бөлүнөт.
1) Гидроэлектр станциялары
Гидроэнергетика менен байланыштуу бардык чыгымдар электр энергиясы боюнча кызматтарга кирет. Гидроэлектр энергиясынын экспортунан түшкөн киреше жылуулук электр энергиясы тарткан чыгымдарды субсидиялоо үчүн пайдаланууга тийиш. Субсидиялоонун өлчөмү жылуулук электр станциянын өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндө электр энергиясы канча үлүштү, ал эми электр энергиясы канча үлүштү түзөрүнө ылайык электр жана электр энергиясынын арасында пропорциялуу бөлүштүрүлөт.
2) Жылуулук электр станциялары
Жылуулук электр станциялары жылуулук жана электр энергиясын беришет. Жылуулук электр станциялардын чыгымдары чыгымдардын конкреттүү статьясына коюу менен иштеп чыгууга ылайык болууга тийиш. Чыгымдардын (өндүрүштүк чыгымдар) жана туруктуу иштеп чыгаруунун (карыз милдеттенмелерин тейлөө, ошондой эле капиталдык оңдоо жана техникалык тейлөө) негизинде бөлүштүрүүнүн ыкмалары:
23. Жылуулук электр станциялардын өндүрүштүк чыгымдары.
Өзгөрүлмө чыгымдар (отунду кошуп) иштелип чыгуучу жылуулук жана электр энергиясынын көлөмүнө ылайык электр энергиясына же электр энергиясына пропорциялуу болот. Жөнөкөйлөтүү үчүн электр да, электр энергиясы да бир эле бирдик менен өлчөнөт. Иштелип чыккан электр энергиясынын саны жылуулук коэффициентине көбөйтүлөт (1 ГКалл = 1163 кВтс) жана кВтсга которулат. Электр станциясы тарабынан иштелип чыккан жалпы көлөм төмөнкү формула боюнча эсептелет:
W = E + Q
Мында:
- W - иштелип чыккан энергиянын жалпы көлөмү (кВтс);
- Е - иштелип чыккан электр энергиясы;
- Q - иштелип чыккан электр энергиясы.
24. Жалпы иштеп чыгууда электр жана электр энергиясынын үлүшү өзгөрүлмө чыгымдарга кошуу үчүн пайдаланылат. Чыгымдар үлүштөрдүн төмөнкү коэффициенттерине ылайык кошулат:
Πe = E / W
Πq = Q / W
мында:
- Πe - электрдин үлүшүнүн коэффициенти;
- Πq - электр энергиясынын үлүшүнүн коэффициенти.
25. Карызды тейлөө, оңдоо жана техникалык тейлөө боюнча жумуштар.
Бардык туруктуу чыгымдар (карызды тейлөө жана оңдоо боюнча чыгымдар) энергиянын ар бир түрү боюнча белгиленген кубаттуулуктун негизинде бөлүштүрүлөт.
Cw = Ce + Cq
мында:
- Cw - белгиленген жалпы кубаттуулук;
- Ce - электрди иштеп чыгаруунун белгиленген кубаттуулугу;
- Cq - электр энергиясын иштеп чыгаруунун белгиленген кубаттуулугу.
Бардык чыгымдар үлүштөрдүн төмөнкү коэффициенттерине ылайык бөлүштүрүлөт:
Pe = Ce / Cw
Pq = Q / W
мында:
- Pe - электрдин үлүшүнүн коэффициенти;
- Pq - электр энергиясынын үлүшүнүн коэффициенти.
26. Административдик чыгымдар.
Административдик чыгымдар белгиленген кубаттуулуктун негизинде жылуулук жана электр энергиясынын арасында бөлүштүрүлүүгө тийиш (бул учурда электр энергиясы боюнча белгиленген кубаттуулук - гидроэнергия боюнча жана жылуулук электр станциясы иштеп чыгарган электрдик түзүүчү боюнча кубаттуулуктардын суммасы).
5. Тарифти түзүү жана талап кылынган кирешени бөлүштүрүү
27. Талап кылынган кирешени бөлүштүрүү.
1) Талап кылынган кирешени бөлүштүрүү.
Талап кылынган кирешени бөлүштүрүү - талап кылынган кирешенин бөлүктөрүн керектөөчүлөрдүн ар бир тобуна бекитүү процесси. Топтор боюнча талап кылынган кирешенин көрсөткүчтөрү чыгымдардын пайда болушунун негизинде аныкталат. Конкреттүү топ боюнча кирешеге талап ушул топту тейлөөнүн наркын эсептөө менен белгиленет. Ар бир топ боюнча бөлүнгөн талап кылынган киреше электр энергетикалык ишкана тарткан кубаттуулук, электр энергиясы жана ушул топторду тейлөө үчүн административдик чыгымдар түрүндөгү чыгымдарын чагылдырат. Кирешенин көлөмүн керектөөчүлөрдүн ар бир тобуна эсептөө чыгымдарды бөлүштүрүү болуп эсептелет.
Чыгымдарды бөлүштүрүү процесси үч этаптан турат: түз чыгымдарды бөлүштүрүү, чыгымдардын классификациясы жана өзү чыгымдарды бөлүштүрүү.
а) Түз чыгымдарды бөлүштүрүү.
Бөлүштүрүү процессинде чыгымдар кантип тартылганына жараша керектөөчүлөрдүн топторуна так жана пропорциялуу бөлүнөт. Чыгымдардын чоң бөлүгү бардык керектөөчүлөрдү тейлөөдөн түзүлөт жана тигил же бул керектөөчүлөрдүн тобу менен ассоциацияланбайт. Керектөөчүлөрдүн конкреттүү тобун тейлөө үчүн түзүлгөн инфратүзүмдүк объекттер болгон учурда. Инвестициялык чыгымдар жана ушул инфратүзүм менен байланыштуу техникалык тейлөө чыгымдары керектөөчүлөрдүн ушул тобуна түздөн-түз тиешелүү.
б) Чыгымдардын классификациясы.
Чыгымдар төмөндө келтирилген үч классификациянын бирөөнө туура келет:
- Товардык же энергетикалык чыгымдар, алар электр энергиясынын өндүрүлгөн көлөмүнө жараша ар түрдүү болот. Товардык чыгымдарга отун, сатып алынган электр энергиясы жана өзүнүн кубаттуулуктарын пайдалануу жана техникалык тейлөө чыгымдарынын катары кирет.
- Билдирилген максимум жүккө же кубаттуулукка чыгымдар, алар керектөөчүлөрдүн электр энергиясына болгон суроо-талабынын деңгээлине жараша ар түрдүү болот. Билдирилген максимум жүккө чыгымдар орточо-системалык жүктөн жогору деңгээлди канааттандыруу үчүн талап кылынган бардык жабдууларды же өндүрүштүк объекттерди өз ичине камтыйт.
- Керектөөчүлөрдү тейлөөгө чыгымдар. Керектөөчүлөрдү тейлөөгө чыгымдар керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүдөн түзүлөт жана кызматтардын көлөмүнө же электр энергиясын пайдалануу ченеминен көз каранды эмес. Керектөөчүлөрдү тейлөөгө чыгымдар өз ичине тирөөчтөрдү, электр өткөрүү линияларын, биллинг системасын, эсепке алуу шаймандары жана алардын көрсөткүчтөрүн алуу менен байланыштуу чыгымдарды, ошондой эле керектөөчүлөрдү эсепке алуу жана эсептер боюнча жыйналышына байланыштуу көпчүлүк чыгымдарды камтыйт.
Чыгымдардын классификациясы көрсөтүлүүчү кызматтын түрлөрүнө жараша болот. Талап кылынган кирешенин курам бөлүктөрү үчүн колдонулуучу классификациялык жол.
1-таблица: Талап кылынган кирешенин курам бөлүктөрүнүн классификациясы
Талап кылынган кирешенин курам бөлүктөрү | Иштеп чыгаруу | Берүү | Бөлүштүрүү |
Карызды тейлөө | Жүктөм | Жүктөм | Жүктөм |
Капиталдык оңдоо | Жүктөм | Жүктөм | Жүктөм |
Резервдер | Жүктөм | Жүктөм | Жүктөм |
Материалдарга кеткен чыгымдар | Товар | Жүктөм | Товар |
Эмгек акы төлөө фонду | Жүктөм | Жүктөм | Керектөөчү |
Социалдык фондго чегеримдер | Жүктөм | Жүктөм | Керектөөчү |
Башка чыгымдар | Жүктөм | Жүктөм | Керектөөчү |
Салыктар | Жүктөм | Жүктөм | Керектөөчү |
Электр энергиясынын жоготууларын түзөтүү | Товар | Товар | Товар |
Башка кирешелер | Жүктөм | Жүктөм | Товар |
в) Чыгымдарды бөлүштүрүү.
Чыгымдарды бөлүштүрүү төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
- - "i" керектөөчүлөр тобу үчүн "j" чыгымдарын бөлүштүрүү;
- - "i" керектөөчүгө керектөөчүлөрдүн мүнөздөмөсү жөнүндө маалыматтар (керектөөчүлөрдүн саны, кВт, гКал, калория, мегаватт ж.б.);
- - "i" дан "n" чейин топтогу бардык керектөөчүлөр үчүн CCD суммасы.
Тейлөөнүн ушул талабы үчүн чыгымдарды бөлүштүрүүнүн суммасы 100%га барабар. Жыйынтыгы төмөнкү формулада берилет:
мында: "i" керектөөчүлөр тобу үчүн "j" чыгымдарын бөлүштүрүү.
Чыгымдарды бөлүштүрүү эсептеринде колдонулуучу керектөөчүлөрдүн мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматтардын түрү бөлүнгөн классификацияга жараша болот:
- керектөөчүлөрдүн тейлөө чыгымдары чыгымдарды бөлүштүрүү үчүн ар бир категориядагы керектөөчүлөрдүн санын колдонот;
- керектөө чыгымдары ар бир топ керектеген электр энергиясынын көлөмүн (кВтч, Гкал, калория) чыгымдарды бөлүштүрүү факторлорун аныктоо үчүн колдонот.
Чыгымдарды бөлүштүрүүнүн негизинде талап кылынган кирешенин ар бир курам бөлүгү керектөөчүлөрдүн ар бир тобуна бөлүнүүгө тийиш. Ар бир топко бөлүнгөн талап кылынган киреше деп аталган талап кылынган кирешенин бөлүгү бекитилет. Бөлүнгөн талап кылынган киреше төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
- ARRi - "i" керектөөчү үчүн бөлүнгөн талап кылынган киреше;
- DS - карызды тейлөө боюнча милдеттенмелер;
- CR - бюджетке киргизилген капиталдык оңдоого жана техникалык тейлөөгө чыгымдар;
- PC - өндүрүштүк чыгымдар;
- АС - административдик чыгымдар;
- ELA - электр энергиясынын ченемдик эмес жоготууларын эсепке алуу үчүн түзөтүү;
- OR - башка чыгымдардын жалпы сумма;
- - талап кылынган кирешенин курам бөлүгүнө карата колдонулган "i" керектөөчү үчүн "j" бөлүштүрүүнүн бардык фактору.
Бардык топтор үчүн бөлүнгөн талап кылынган кирешенин суммасы жалпы талап кылынган киреше болуп эсептелет:
мында: RR (талап кылынган киреше) - "i" дан "n" чейинки топтордогу керектөөчүлөр үчүн бөлүнгөн бардык талап кылынган кирешенин суммасы.
2) Тарифти түзүү.
Тарифти иштеп чыгуунун негизги милдети электр энергетикалык ишканаларды талап кылынган киреше менен камсыз кылган тарифтерди белгилөөдө турат.
Тарифтерди иштеп чыгууда ОЭКти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган "акырындык менен баруучулук" факторун эсепке алат. "Акырындык менен баруучулук" - керектөөчүлөрдү электр энергиясына эсептердин бир кылка эмес өсүшүнөн коргоо үчүн тарифтердин чукул жогорулашын минимумга алып барган жол.
а) Тарифтин түзүлүшү.
Эсепке алуу шаймандары бар бардык керектөөчүлөр үчүн тарифтер өлчөнгөн чыгымдардын негизинде белгиленет. Коммерциялык эсепке алуу шаймандары болбогон керектөөчүлөр үчүн тариф конкреттүү керектөөчүгө же керектөөчүлөрдүн тобуна эсептелген электр энергиясынын эсептик бирдигин орточо чыгымынын негизинде белгиленет.
б) Өзүн актоочу тарифтерди эсептөө.
Өзүн актоочу тарифтер керектөөчүлөрдүн ар түрдүү топторун электр менен жабдууда продукциянын бирдигине карата чыгымдарды чагылдырат. Актоочу тарифтер төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
- T - "i" тобундагы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясынын бирдигине тариф;
- ARRi - "i" тобундагы керектөөчүлөр үчүн бөлүнгөн талап кылынган киреше;
- BDi - "i" тобундагы керектөөчүлөр үчүн керектөө көлөмү.
Жогоруда келтирилген формула боюнча тарифти эсептөө өзүнчө алынган электр энергетикалык ишкана же электр энергетикалык кызматтар үчүн аткарылат.
Валюталардын курсун жана инфляциянын деңгээлин жыл сайын түзөтүү расмий маалыматтардын негизинде жүргүзүлөт.
в) Акыркы тариф боюнча чечим.
Тарифтер төмөнкү принциптерге ылайык белгиленет:
- учурдагы саясаттын алкагында тарифтердин жогорулашын чектеген же социалдык коргоонун белгилүү бир механизмдерин талап кылган ченемдик укуктук акттарды сактоо;
- керектөөчүлөрдүн бир нече категориясына же электр энергетикалык ишканалар үчүн бирдиктүү тарифти түзүүнүн артыкчылыгы;
- керектөөчүлөрдүн белгилүү бир тобу үчүн аны тейлөөдө тарткан чыгымдарына пропорциялуу тариф белгиленет.
г) Акыркы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына орточо өлчөнгөн тарифтерди эсептөө.
Импорттук электр энергиясы келгенде, акыркы керектөөчүлөргө электр энергиясын берүү орточо өлчөнгөн тарифтер боюнча жүргүзүлөт, алар контракт түзүлгөн учурда электр энергиясынын импортунун наркын эске алат. Мында акыркы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына орточо өлчөнгөн тарифтерди эсептөө Кыргыз Республикасынын энергетика системасынын чыгымдарын жана импорттук электр энергияны сатып алууга чыгымдарды кошкон, ата мекендик жана импорттук электр энергиясынын жалпы көлөмүнө бөлүнгөн жалпыланган чыгымдар боюнча жүргүзүлөт.
Орточо өлчөнгөн тарифтерди эсептөө алгоритми:
- биринчи аракет, керектөөчүлөрдүн тиешелүү тобуна ата мекендик электр энергияны берүүнүн көлөмү 1 кВтс ата мекендик электр энергиянын наркына көбөйтүлөт, анын жыйынтыгында ата мекендик электр энергияга төлөө суммасы келип чыгат;
- экинчи аракет, керектөөчүлөрдүн тиешелүү тобуна импорттук электр энергияны берүүнүн көлөмү 1 кВтс импорттук электр энергиянын наркына көбөйтүлөт, анын жыйынтыгында ата мекендик электр энергияга төлөө суммасы келип чыгат;
- үчүнчү аракет, керектөөчүлөрдүн тиешелүү тобуна ата мекендик жана импорттук электр энергияны берүүгө төлөөнүн суммалары кошулат, анын жыйынтыгында электр энергияга төлөөнүн жалпы суммасы келип чыгат;
- төртүнчү аракет, керектөөчүлөрдүн тиешелүү тобуна ата мекендик жана импорттук электр энергияны берүүнүн көлөмү кошулат, анын жыйынтыгында электр энергиянын берүүнүн жалпы көлөмү келип чыгат;
- бешинчи аракет, электр энергияга төлөөнүн жалпы суммасы электр энергиянын жалпы көлөмүнө бөлүнөт жана жыйынтыгында керектөөчүлөрдүн тиешелүү тобуна электр энергиянын орточо өлчөнгөн тарифи келип чыгат.
д) Тартыштыкты бөлүштүрүү.
Акыркы керектөөчүлөр үчүн тарифтер өзүн актоочу деңгээлден төмөн белгиленген учурда тартыштык пайда болот:
мында:
- Ti - "i" классындагы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясынын бирдигине тариф;
- BDi - "i" классындагы керектөөчүлөр үчүн керектөөнүн жалпы көлөмү;
- - "i" дан "n" чейинки бардык класстардагы керектөөчүлөрдөн алынган жалпы киреше;
- RRj - "j" электр энергетикалык ишкана үчүн талап кылынган киреше.
ОЭКти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган божомолдонгон бардык тартыштыкты электр энергетикалык ишканалардын арасында алардын талап кылынган пайдасына пропорциялуу бөлүштүрүү жолун колдонот. Бул жол төмөнкү теңдеме түрүндө берилген:
мында:
- DAj - "j" электр энергетикалык ишканасына бөлүнгөн тартыштыктын бөлүгү;
- D - божомолдонгон тармактык тартыштык;
- RRj - "j" электр энергетикалык ишкана үчүн талап кылынган киреше;
- - "j" дан "k" чейинки бардык электр энергетикалык ишканалар үчүн тармактык талап кылынган кирешенин суммасы.
Бөлүштүрүлгөн тартыштыктын суммасы электр энергетикалык ишканалар үчүн тарифтерди аныктоодо эске алынат.
е) Электр энергетикалык ишканаларга тарифтерди түзүү.
Бардык бөлүштүрүүчү электр энергетикалык ишканалар үчүн жекече тарифтер эсептелет, аларды ар бир электр энергетикалык ишкана электр энергиясын иштеп чыгаруу жана берүү боюнча кызматтарга төлөө үчүн колдонот. Электр энергетикалык ишканалардын тарифи ар бир бөлүштүрүүчү, иштеп чыгаруучу жана берүүчү электр энергетикалык ишканалардын арасында транзакциялар үчүн гана колдонулат. Тармак боюнча божомолдонгон киреше бардык иштеп чыгаруучу, берүүчү жана бөлүштүрүүчү электр энергетикалык ишканалар тартыштыкты түзөтүүлөрдү алуу менен эсептер боюнча талап кылынуучу кирешеге чыга тургандай түрдө бөлүштүрүлөт.
Электр энергетикалык ишканалар үчүн жеке тарифтерди эсептөөнүн жол-жобосу
1-этап
Акыркы керектөөчүлөр үчүн тарифтерден пландалган кирешени эсептөө:
мында:
- PRj - "j" электр энергетикалык ишканасынын пландалган кирешеси;
- Ti - "i" тобундагы керектөөчүлөр үчүн энергиянын бирдигине тариф;
- BDi - "i" тобундагы керектөөчүлөр үчүн энергияны керектөөнүн жалпы көлөмү.
- "i" дан "n" чейин бардык топтордогу керектөөчүлөрдөн алынган жалпы пайда.
2-этап
Электр энергетикалык ишкананын талап кылынган таза кирешесин аныктоо:
мында:
- NPRj - "j" электр энергетикалык ишканасынын талап кылынган таза кирешеси;
- PRj - конкреттүү электр энергетикалык ишкананын пландалган кирешеси;
- DAj - конкреттүү электр энергетикалык ишкана үчүн бөлүштүрүлгөн тартыштыктын сумма.
3-этап
Ар бир электр энергетикалык ишкана үчүн пландалган кирешенин калган бөлүгүн аныктоо:
мында:
- RPRj - "j" электр энергетикалык ишканасы үчүн пландалган кирешенин калган бөлүгү;
- NPRj - "j" электр энергетикалык ишканасынын талап кылынган таза кирешеси;
- PRj - "j" электр энергетикалык ишканасынын пландалган кирешеси.
4-этап
Бардык бөлүштүрүүчү электр энергетикалык ишканалар үчүн талап кылынган кирешенин калган бөлүгүн суммалоо:
мында:
- TRPR - бөлүштүрүүчү электр энергетикалык ишканалар үчүн пландалган кирешенин калган бөлүгүнүн суммасы;
- RPRj - "j" электр энергетикалык ишканалары үчүн пландалган кирешенин калган бөлүгү;
- - "j" - "k" электр энергетикалык ишканалары үчүн пландалган кирешенин калган бөлүгүнүн суммасы.
5-этап
Иштеп чыгаруучу жана берүүчү электр энергетикалык ишканалардын талап кылынган таза кирешесин бөлүштүрүү:
мында:
- NRRAFj - "j" электр энергетикалык ишканасы үчүн талап кылынган таза кирешесин бөлүштүрүүнүн үлүшү;
- RPRj - "j" электр энергетикалык ишканасы үчүн пландалган кирешенин калдыгы;
- TRPR - бөлүштүрүүчү электр энергетикалык ишканалар үчүн пландалган калган кирешенин суммасы.
6-этап
Иштеп чыгаруучу жана берүүчү компаниялардын кызматтарына төлөө үчүн талап кылынган таза кирешенин бөлүгүн ар бир бөлүштүрүүчү электр энергетикалык ишканага бөлүштүрүү:
мында:
- жана - иштеп чыгаруучу жана берүүчү компанияга бөлүштүрүлгөн, "j" электр энергетикалык ишканасына таандык талап кылынган таза киреше;
- жана - иштеп чыгаруучу жана берүүчү электр энергетикалык ишканалар үчүн талап кылынган таза киреше;
- - "j" электр энергетикалык ишканасы үчүн талап кылынган таза кирешени бөлүштүрүүнүн үлүшү.
7-этап
Ар бир электр энергетикалык ишкананын талап кылынган таза кирешесин ар бир электр энергетикалык ишкана тарабынан иштелип чыккан жана бөлүштүрүүчү тармактарга жеткирилген электр энергиясынын көлөмүнө бөлүү:
мында:
- жана – электр энергиясын иштеп чыгаруу жана "j" электр энергетикалык ишканасына берүү үчүн компаниянын тарифтери;
- жана - иштеп чыгаруучу жана берүүчү электр энергетикалык ишкана үчүн бөлүштүрүлгөн, "j" электр энергетикалык ишканасына таандык талап кылынган таза киреше;
- - "j" электр энергетикалык ишканасы электр энергиясын иштеп чыгаруу жана берүү көлөмү.
6. Отчеттуулук жол-жобосу
28. Электр энергетикалык ишканалар тарифтерди ишканага белгилөө процессинин чегинде отчеттордун төмөнкү түрлөрүн жыл сайын берүүгө тийиш:
- ишкана жөнүндө маалымат;
- чыгымдарды деталдаштыруу;
- жыйынтык чыгымдар.
29. Ишкананын жетекчиси жана башкы бухгалтери тарабынан кол коюлган жана ушул юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн коштоочу кат менен катар бардык түрүнүн бир басылма көчүрмөсү ОЭКти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет. Берилген маалыматтар жетекчилери жана жооптуу аткаруучулар тарабынан кол коюлууга, ошондой эле ишкананын мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Бардык документтер электрондук форматта да берилет.
30. Ишкана жөнүндө маалымат.
Ишкана керектөөчүлөрдүн иши жана мүнөздөмөлөрү жөнүндө ар түрдүү маалыматтарды берет. Бул отчеттор өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Техникалык жоготуу;
- Техникалык эмес жоготуу;
- Жеке керектөө;
- Өндүрүштүк электр энергиясы;
- Алынган электр энергиясы;
- Берилген электр энергиясы (жогорку чыңалуу линиялары боюнча);
- Керектөөчүлөрдүн топтору боюнча бөлүнгөн коюлган электр энергиясы;
- Керектөөчүлөрдү топторго бөлүү менен керектөөчүлөрдүн жалпы саны.
Эгер маалыматтар жеткиликсиз болсо, ишкана документтер тапшырылган кезде маалыматтын жоктугу жөнүндө билдирүү берет. Эгер башкасы көрсөтүлбөсө, өлчөө бирдиги болуп кВт/с эсептелет.
Электр энергетикалык ишкана жөнүндө маалыматты көрсөтүлгөн отчет сыноо жылында божомолдорду чагылдыруу менен берилет. Андан башка, мурдагы финансылык жылдагы иштин көрсөткүчтөрүн камтыган өзүнчө толук отчеттор берилет.
31. Чыгымдарды деталдаштыруу.
Жалпылоочу таблицалар статьялар боюнча чыгымдарды деталдаштырууну көрсөтүү менен түзүлөт. Төмөндөгү ар бир категория үчүн өзүнчө таблицаларды берүү каралат:
- Электр энергетикалык ишкананын активдеринин сом менен наркы (акыркы финансы жылынын аягындагы абалы боюнча);
- карызды тейлөө;
- оңдоо жана техникалык тейлөө;
- материалдык чыгымдар;
- эмгек акы төлөө фонду;
- социалдык камсыздандырууга чегеримдер;
- башка чыгымдар;
- салыктар;
- административдик чыгымдар;
- башка чыгымдар.
32. Жыйынтыкталган чыгымдар.
Жыйынтыкталган чыгымдар жөнүндө отчетто тарифтерди белгилөө үчүн талап кылынган кирешенин сунушталган тиешелүү деңгээлин кыскача берилет. Ведомостто талап кылынган киреше чыгымдарды деталдаштыруу менен отчеттор боюнча жыйынтыктын жыйындысы түрүндө берүү керек.
Чыгымдар деталдаштырылган, анын ичинде "Карызды тейлөө" жана "Оңдоо жана техникалык тейлөө" статьялары боюнча отчет ОЭКти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жыл сайын берилүүчү техникалык-экономикалык көрсөткүчтөр - ТЭК түрүндө берилет.
7. Тарифтерди кароо жана белгилөө
33. Бардык тиешелүү маалыматтар берилгенден кийин ОЭКти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган техникалык-экономикалык көрсөткүчтөргө талдоо жүргүзөт жана тиешелүү негиздемелерди берет, анын жыйынтыгы боюнча электр энергиясына тарифтерди белгилөө жөнүндө чечим кабыл алат.
34. Энергетика компаниялары жана акыркы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына тарифтер ОЭКти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдери менен Кыргыз Республикасынын "Электр энергетикасы жөнүндө" Мыйзамында белгиленген мөөнөттөрдө белгиленет.
8. Ушул Методиканы бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
39. Мыйзам бузуулар. Мыйзам бузууларга төмөнкүлөр кирет:
- ОЭКти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чыгымдарга жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө белгиленген продукцияга (жумуштарга, кызматтарга) жөнгө салуучу тарифтердин (баалардын) жогорулашы;
- белгиленгендер болсо да, тарифтерге каралбаган үстөктөрдү, кошумча бааларды колдонуу;
- продукциянын (жумуштардын, кызматтардын) наркына иш жүзүндө аткарылбаган же толук эмес көлөмдө аткарылган жумуштарды кошуу;
- тарифтерди (бааларды) чийки заттын, материалдардын жана башка технологиялык өзгөрүүлөрдүн арзандашын эсепке албастан колдонуу;
- продукциянын (жумуштардын, кызматтардын) өздүк наркына эсептелген каражаттарды жана оңдоо, капиталдык салуулар жана техникалык тейлөө жүргүзүү боюнча чыгымдарга багытталган чыгымдын бөлүгүн, оңдоо жана алмаштыруу үчүн резервдеги эсепти, карызды тейлөө боюнча милдеттенмелерди толук эмес көлөмдө жана максатына боюнча эмес пайдалануу;
- продукциянын (жумуштардын, кызматтардын) наркына жогоруда бекитилген ченемдерден жана/же бир катар жыл мурда иш жүзүндө түзүлгөндөрдөн жогору чыгымдарды киргизүү;
- ОЭКти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чыгымдарга жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө продукциянын (жумуштардын, кызматтардын) наркын түзүүдө чыгымдардын статьяларын атайын көбөйтүлүшү;
- ОЭКти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чыгымдарга жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө белгиленгендей, макулдашууда белгиленген көлөмдөргө салыштырганда продукциянын (жумуштардын, кызматтардын) бирдигине иш жүзүндөгү эмгек акынын орточо салмагынын азайтылышы;
- ОЭКти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тарифтерди (бааларды) белгилөөгө материалдарды бербөө же ушул Методика менен белгиленген талаптарды бузуу менен берүү;
- ОЭКти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленбеген тарифтер боюнча продукцияны (жумуштарды, кызматтарды) сатуу;
- жөнгө салынуучу продукциянын (жумуштардын, кызматтардын) ар бир түрү боюнча чыгымдарды, кирешенин жана активдерди өзүнчө эсепке алуунун жоктугу.
40. Укук колдонуу.
1) Ушул Методика бузулган учурда мыйзамсыз алынган кирешенин суммасы чечим берилген күндөн тартып 30 күндүк мөөнөттө же ОЭКти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын чечими менен белгиленген мөөнөттө республикалык бюджетке которулууга жатат.
2) Мыйзамсыз алынган кирешени которуу жөнүндө чечим мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан кабыл алынат. Көрсөтүлгөн суммалар өз убагында которулбаган учурда ар бир мөөнөтү өтүп кеткен күн үчүн өнбөгөн калдыктын өлчөмүнүн 0,09 пайызына барабар өлчөмдөгү туум кошуп эсептелет. Кошуп эсептелген туумдун жалпы суммасы эсептелген өндүрүлүүчү сумманын өлчөмүнөн 100 пайыздан ашып кетпөөсү керек. Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 37-беренесиндеги каралган учурларда туумдар эсептелбеши мүмкүн.
3) Башка контролдоочу органдар тарабынан табылган ушул Методиканы бузуу фактылары жана алар боюнча материалдар ОЭКти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга чечим кабыл алуу үчүн жөнөтүлөт.
4) Ушул Методиканы бузууну жыйынтыгында мыйзамсыз алынган кирешенин суммасын аныктоо мүмкүн эмес болгон учурда ОЭКти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча орточо айлык кирешенин суммасынан 25 пайыз төлөтүп алынат.
5) Тарифтерди (бааларды) белгилөө үчүн ОЭКти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган материалдарды бербегендиги үчүн мыйзам бузууну жоюу мөөнөтү көрсөтүлгөн тиешелүү эскертүү берет. Эскертүүнүн талаптары аткарылбаган учурда бир айлык кирешенин суммасынан 5 пайыз төлөтүп алынат.
6) ОЭКти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мыйзамсыз алынган кирешени которуу жөнүндө чечими сотто даттанылышы мүмкүн.
(КР Энергетика министрлигинин 2022-жылдын 20-октябрындагы N 01-13/177 буйругунун редакциясына ылайык)