Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ
ОТУН-ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КОМПЛЕКСТИ ЖӨНГӨ САЛУУ
БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН
БУЙРУГУ
2021-жылдын 27-январы №3
2020-жылга карата «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунун жаратылыш газына жоготууларынын ченемин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна, Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 31-июлундагы № 358 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын газ чарба ишканаларында жаратылыш газынын ченемдик жоготууларын эсептөөнүн усулдугуна ылайык, буйрук кылам:
1. Ушул буйруктун тиркемесине ылайык 2020-жылга карата «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунун жаратылыш газына жоготууларынын ченеми бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин пресс-катчысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоонун булактары жөнүндө» токтомуна ылайык ушул буйрукту жарыяласын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин укуктук колдоо бөлүмү:
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн ушул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Директор | Т.И. Нурбашев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2021-жылдын 27-январындагы № 3 буйругуна тиркеме |
2020-жылга карата "Газпром Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомунун жаратылыш газына жоготууларынын ЧЕНЕМИ
Жоготуулардын аталышы | 2020-жыл |
Газ түтүктөрүндөгү жаратылыш газынын жоготуулары | "Газпром Кыргызстан" ЖЧКтын газ транспорттук тутумуна келип түшкөн жаратылыш газынын көлөмүнөн 9,1% |