Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 2020 жылдын 3-ноябры № 2 буйругу менен бекитилген |
«КРАЭ-13» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежеси»
«Авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди териштирүү»
1-глава Аныктама
Авиациялык кырсыктар. Аба кемесин колдонуу менен байланышкан окуялар, учурулуп жаткан аба кемесинде кандайдыр бир адам учуу үчүн аба кемесинин бортуна көтөрүлгөн учурдан баштап, борттогу адамдардын баары аба кемесин таштап кеткен учурга чейин орун алса, же болбосо, учкучсуз аба кемеси болгон учурда аба кемеси учууну аткаруу үчүн ордунан жылууга даяр болгон учурдан баштап, учуунун аягында ал токтогон жана негизги күч түзмөктөрү токтотулганга чейин орун алса, жана анын жүрүшүндө:
а) кандайдыр бир адам төмөнкү окуялардын натыйжасында өлүмгө алып келген же олуттуу дене жабыркоосуна алып келген жаракат алган болсо:
- бул аба кемесинде турган учурда; же
- аба кемесинин кандайдыр бир бөлүгүнө, анын ичинде бул аба кемесинин бөлүнүп кете турган бөлүктөрүнө түздөн түз тийишкен учурда; же
- реактивдүү кыймылдаткычтын газдарынын агымынын түздөн түз таасири алдында,
буга дене жаракаттары табигый себептердин натыйжасында келип чыккан, өзүнө өзү жасаган, же башка адамдар тарабынан келтирилген дене жаракаттары кирбейт, же болбосо бул дене жаракаты жүргүнчүлөргө жана экипаждын мүчөлөрүнө кирүү мүмкүнчүлүгү берилген аймактардан тышкары жерлерде жашынып жүргөн билети жок жүргүнчү тарабынан келтирилген учурлар кирбейт; же
б) аба кемеси жабыркоо алган же анын конструкциясы бузулган учурда, анын натыйжасында:
- конструкциянын бышыктыгы бузулат, аба кемесинин техникалык же учуучу мүнөздөмөлөрү начарлайт жана
- негизи ири оңдоо иштери ж жабыркаган элементти алмаштыруу талап кылынат, буга бир гана кыймылдаткыч жабыркап, баш тарткан же кыймылдаткычтын жабыркаган учурлары кирбейт (анын капоттору же көмөктөшүүчү агрегаттары менен бирге), аба винттери, канатынын учтары, антенналары, билгизгичтер, калакчалар, пневматиктер тормоздук орнотмолор, дөңгөлөктөр, агызгычтар, панелдер, шасси ачылмалары, маңдайкы айнектер, аба кемесинин каптамы (мисалы, анча чоң эмес ийрейген жерлери же тешиктер) жабыркаган учурлар, же болбосо негизги винттин калактарынын, куйрук винтинин калактарынын, шассинин анча көп эмес жабыркоосу жана мөндүр же канаттуулар менен кагылышуудан болгон жабыркоолор (радиолокаторунун антеннасынын обтекателиндеги тешиктерди кошуп) башка; же
в) аба кемеси дайынсыз жоголуп кетет же ага жетүү таптакыр мүмкүн эмес болгон жерге барып калат.
Эскертүү 1. Статистикалык маалыматтардын бир түрдүү кылуу максатында гана, 30 күндүн аралыгында анын натыйжасында өлүм учуру катталган дене жабыркоосу ИКАО (ICAO - InternationalCivilAviationOrganization) катары классификацияланат, аны өлүм натыйжасы менен бүткөн дене жабыркоосу катары классификациялайт.
Эскертүү 2. Аба кемеси расмий издөөлөр токтотулган учурда жана сыныктарынын жайгашкан жери табылбаган учурда дайынсыз жоголду деп эсептелет.
Эскертүү 3.Териштирүү жүргүзүлүшү керек болгон учкучсуз авиациялык тутумдун тиби туурасындагы маалымат ушул Эрежелердин 46-пунктунун 3-эскертүүсүндө камтылган.
Эскертүү 4. Аба кемесинин жабыркоосун аныктоо боюнча нускама материалы 5-тиркемеде келтирилет.
Авиациялык кырсык. Аба кемесин эксплуатациялоого карата мамилеси бар болгон бардык авиациялык кырсыктар же инцидент.
Борттогу өзү жазуучу. Авиациялык кырсыкты/инцидентти териштирүү жүргүзүү үчүн маалыматтын кошумча булагы катары аба кемесинин бортунда орнотулган бардык өзү жазгыч жабдуу.
Автоматтык түрдө жайылтылган борттук өзү жазгычтын контейнери (ADFR – Automatic Deployable FlightRecorder). Аба кемесинин бортунда жайгашкан өзү жазгычтын комбинациясы, ал аба кемесинен автоматтык бөлүнүп кете алат.
Эскертүү. Борттогу өзү жазгычтарга техникалык талаптар I, II жана III КРАЭ-6 «Аба кемелерин эксплуатациялоо» бөлүмдөрүндө келтирилет.
Аба кемеси. жердин же суунун үстүндө чагылышкан аба менен өз ара аракеттенүүнү албаганда, аба менен анын өз ара аракетинин эсебинен атмосферада кармалуучу кандай гана болбосун учуучу аппарат.
Даярдоочу-мамлекет. Аба кемесинин, кыймылдаткычтын же аба винтинин акыркы чогултуусу үчүн жооптуу болгон уюмдарга карата юрисдикцияга ээ болгон мамлекет.
Окуя болгон жердин мамлекети. Аймагында авиациялык кырсыктар же инцидент болуп өткөн мамлекет.
Иштеп чыгуучунун мамлекети. Типтин конструкциясы үчүн жооптуу болгон мамлекетке карата юрисдикцияга ээ болгон мамлекет.
Каттоо мамлекети. Реестрге аба кемеси киргизилген мамлекет.
Эксплуатанттын мамлекети. Эксплуатанттын ишмердүүлүгүн жүргүзгөн негизги орун жайгашкан мамлекет, же эгер эксплуатант мындай ишмердүүлүк ордуна ээ болбосо, эксплуатанттын туруктуу турган жери.
Инцидент. авиациялык кырсыктардан жана олуттуу инциденттен башка, иштетүүнүн коопсуздугуна таасир эте алган же таасир этиши мүмкүн болгон аба кемесин пайдалануу менен байланышкан кандай болбосун окуя.
Эскертүү. Авиациялык кырсыктардын алдын алуу жолдору көз карашынан алып караганда, Жарандык авиациянын эл аралык уюму үчүн негизги кызыкчылыкты жараткан инциденттердин типтери 3 жана 4-тиркемеде саналып берилген.
Максималдык масса. Максималдык тастыкталган учуучу масса.
Авиациялык кырсыктарды териштирүү боюнча ыйгарым укуктуу орган. Бул КРАЭ-нин контекстинде авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди териштирүү анын функциясына кирген ыйгарым укуктуу орган.
Учуулардын коопсуздугу боюнча өкмөттүк программа (УКӨП). Учуулардын коопсуздугун жогорулатууга багытталган ишмердүүлүктүн түрлөрү жана эрежелердин жалгыз комплекси.
Алдын ала отчет. Териштирүүнүн баштапкы стадияларында алынган маалыматтарды дароо таратуу үчүн колдонулган маалыматтар.
Себептер. Авиациялык кырсыкка же инцидентке алып келе турган аракеттер, аракетсиздик, жагдайлар, шарттар же алардын айкалышы. Себептерди аныктоо күнөөнү башкага жүктөп коюуну же административдик, жарандык же жазык жоопкерчилигин орнотууну болжолдобойт.
Териштирүү. Маалыматты топто жана анализдөө, корутундуларды даярдоону камтыган авиациялык кырсыктардын алдын алуу максатында жүргүзүлгөн процесс, анын ичинде себептерин жана/же көмөктөшүүчү факторлорду аныктоо, жана эгер зарыл болсо, коопсуздукту камсыз кылуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу да бар.
Коопсуздукту камсыз кылуу боюнча сунуштар. Авиациялык кырсыктарды же инциденттерди алдын алуу максатында териштирүү учурунда алынган маалыматтын негизинде жасалган окуяларды териштирүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын сунушу, ал кандай гана кырдаал болбосун авиациялык кырсыктар же инцидент үчүн жоопкерчиликти же күнөөнү аныктоону өзүнүн максаты кылбайт. Авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди териштирүүнүн жыйынтыгынан келип чыккан коопсуздукту камсыз кылуу боюнча сунуштардан башка, коопсуздукту камсыз кылуу боюнча сунуштар ар кандай булактардан, анын ичинде учуулардын коопсуздукту камсыз кылуу боюнча териштирүүдөн келип чыгышы мүмкүн.
Глобалдык мааниси бар, учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча сунуштар (SRGC – SafetyRecommendations of GlobalConcern). Тутумдуу кемчиликке таандык болгон, учуулардын коопсуздукту камсыз кылуу боюнча сунуштар, өзүнүн глобалдык деңгээлде олуттуу кесепеттери менен кайталанышы мүмкүн болгон болжолдоолордун негизинде учуулардын коопсуздукту камсыз кылуу боюнча өз убагындагы чараларды кабыл алууну талап кылат.
Эскертүү. SRGC категориясына карата сунуштарга киргизилүүгө таандык болгон критерийлер Авиациялык кырсыктардын жан инциденттерди териштирүү боюнча колдонмонун IV «Отчёт берүү» бөлүгүндө камтылган (Doc 9756 - ICAO).
Олуттуу дене жаракаты. Авиациялык кырсыктын учурунда адам алышы мүмкүн болгон дене жаракаты жана:
а) жабыркоо алган учурдан баштап жети күндүн аралыгында 48 сааттан жогору ооруканага жаткырууну талап кылат; же
б) кандай гана болбосун сөөгүнүн сынышына алып келген (колдун манжаларынын, буттун же мурундун жөнөкөй сынуусунан башка); же
в) катуу кан кетүү, нервдердин, булчуңдардын же тарамыштардын жабыркашы менен байланышкан; же
г) кандай гана болбосун ички органдын жабыркашы менен байланышкан; же
д экинчи же үчүнчү даражадагы же дененин 5% ашык бөлүгүн жабыркаткан кандай болбосун күйүк алуу менен байланышкан; же
е) жугуштуу заттардын же жабыркатуу учурда радиациянын тастыкталган таасир этүү фактысы менен байланышкан.
Олуттуу инцидент. Жагдайлары авиациялык кырсык болушу мүмкүн деген жогорку шек жараткан инцидент, учурулуп жаткан аба кемесинде кандайдыр бир адам учуу үчүн аба кемесинин бортуна көтөрүлгөн учурдан баштап, борттогу адамдардын баары аба кемесин таштап кеткен учурга чейин орун алса, же болбосо, учкучсуз аба кемеси болгон учурда аба кемеси учууну аткаруу үчүн ордунан жылууга даяр болгон учурдан баштап, учуунун аягында ал токтогон жана негизги күч түзмөктөрү токтотулганга чейин болуп өтөт.
Эскертүү 1. Авиациялык кырсык менен олуттуу инциденттин ортосундагы айырма анын кесепеттеринен гана көрүнөт.
Эскертүү 2. Олуттуу инциденттердин мисалдары ушул эрежелердин 3-тиркемесинде келтирилет.
Окуя. Аба кемесин эксплуатациялоого карата мамилеси бар болгон бардык авиациялык кырсыктар же инцидент.
Кеңешчи. Бул мамлекеттин ыйгарым укуктуу өкүлүнө териштирүүгө жардам көргөзүү максатында тийиштүү квалификациясынын болушуна жараша, мамлекет тарабынан дайындалган адам. Кыргыз Республикасында бул, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жарандык авиация жаатындагы көзөмөл жана жөнгө салуу боюнча мамлекеттик орган (мындан ары - жарандык авиация органы) тарабынан ыйгарым укуктуу кылып сунушталган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жарандык авиация жаатындагы к мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган (мындан ары - жарандык авиация тарабынан мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу орган) тарабынан ыйгарым укуктуу кылып бекитилген адам.
Эскертүү. «Тийиштүү квалификациясы бар» термини териштирүүгө катышкан адам, жарандык авиацияда иштөө тажрыйбасына ээ жана атайын авиациялык билими бар адам дегенди билдирет.
Көмөктөшүүчү факторлор. Авиациялык кырсыктын же инциденттин болуу мүмкүнчүлүгүн азайта турган же бул авиациялык кырсыктын же инциденттин кесепеттеринин оордугун азайта турган аракеттер, аракетсиздик, жагдайлар, шарттар же алардын шайкештиги, четтетүү, алдын алуу же жоктугу. Көмөктөшүүчү факторлордун аныктамасы күнөөнү башкага жүктөп коюуну же административдик, жарандык же жазык жоопкерчилигин орнотууну болжолдобойт.
Териштирүү боюнча ыйгарым укуктуу. Тийиштүү квалифициясынын болушунан улам бул адамга териштирүүнү уюштуруу жана жүргүзүү, ошондой эле анын жүрүшүнө көзөмөл жүргүзүү тапшырылган.
Эскертүү. Жогоруда келтирилген аныктамалардын эч бири комиссиянын же башка органдын курамына териштирүү боюнча ыйгарым укуктуу дайындоого тоскоол болуучу катары каралбайт.
Ыйгарым укуктуу өкүл. Башка мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан териштирүүгө катышуу үчүн тийиштүү квалификациясынын болушуна жараша мамлекет тарабынан дайындалган адам. Кыргыз Республикасында бул, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жарандык авиация жаатындагы көзөмөл жана жөнгө салуу боюнча мамлекеттик орган (мындан ары - жарандык авиация органы) тарабынан ыйгарым укуктуу кылып сунушталган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жарандык авиация жаатындагы к мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган (мындан ары - жарандык авиация тарабынан мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу орган) тарабынан ыйгарым укуктуу кылып бекитилген адам. Ыйгарым укуктуу өкүл бул мамлекеттик авиациялык кырсыктарын териштирүү боюнча органдан алып дайындалат.
Эскертүү. «Тийиштүү квалификациясы бар» термини териштирүүгө катышкан адам, жарандык авиацияда иштөө тажрыйбасына ээ жана атайын авиациялык билими бар адам дегенди билдирет.
Эксплуатант. Аба кемелерин эксплуатациялоо менен алектенген же бул тармакта өзүнүн кызматтарын сунуштаган адам, уюм же ишкана.
2-глава. Колдонуучулугу
1. Авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди териштирүү боюнча орган (мындан ары - териштирүү боюнча орган), жарандык авиация тармагында көзөмөлдөө жана жөнгө салуу боюнча мамлекеттик органдын базасында түзүлүшү мүмкүн, бирок Кыргыз Республикасынын жарандык авиация тармагында мамлекеттик саясатты ишке ашырган органга териштирүү учурунда түздөн түз баш ийет.
2. Ушул Эрежелердин техникалык талаптары булар кайда гана болуп өтпөсүн, авиациялык кырсыктар жана инциденттерге байланыштуу көрүлгөн аракеттерге карата колдонулат.
Эскертүү. Макулдашкандардардын арасына кирбеген мамлекеттин, суверенитети аныкталбаган райондун, же болбосо ачык деңиздин үстүнөн болгон авиациялык кырсыктар же олуттуу инциденттерге карата аталган техникалык талаптарды колдонуу маселеси ушул Эрежелердин 47, 48 жана 49 - пункттарында каралган.
3. Ушул Эрежелерде эксплуатанттын мамлекетине таандык болгон техникалык талаптар, аба кемеси ижарага берилгенде, фрахтовкаланганда, же алмашылган гана жана бул мамлекет каттоо мамлекети болуп саналбаган учурларда, жана эгер ал каттоо мамлекетинин функцияларын жана милдеттерин жарым жартылай же толугу менен аткарып жаткан учурларда колдонулат.
4. Ушул Эрежелерде, эгер башкасы айтылбаса же контексттен башкасы келип чыкпаса:
а) «териштирүү боюнча орган» жана «териштирүү боюнча комиссия» терминдери териштирүүнү ишке ашыруу контекстинде бир гана адамды билдирет, ал эми Кыргыз Республикасына болгон бардык шилтемелер Кыргыз Республикасынын териштирүү боюнча комиссиясына же териштирүү боюнча органына таандык;
б) «териштирүү боюнча комиссиянын төрагасы» термини жана «териштирүү боюнча ыйгарым укуктуу» термини бир эле адамды билдирет;
В) «териштирүү боюнча комиссиянын мүчөсү» термини комиссиянын курамында да, териштирүү боюнча органдын штаттык кызматкери катары да териштирүү жүргүзүү жана катышуу үчүн дайындала турган бардык адамдарды дагы камтыйт.
Г) ушул Эрежелерге тиркемелер пайдалануунун ыңгайлуулугу үчүн өзүнчө топтолгон, бирок ушул Эрежелердин курамдык бөлүгү болуп саналган материалдарды камтыйт.
3-глава. Жалпы жоболор
5. Ушул Эрежелердин талаптары жарандык жана мамлекеттик аба кемелери менен авиациялык кырсыктарды биргелешип териштирүүгө карата дагы колдонулат.
6. Инцидентти териштирүү мөөнөтү 30 күндөн ал эми олуттуу инцидентти териштирүү - 60 күндөн ашпашы керек, эгер териштирүү процессинде кошумча териштирүүлөр талап кылынбаса. Териштирүү мөөнөтү авиациялык инцидентти териштирүүнү дайындаган орган тарабынан комиссиянын төрагасынын өтүнүчү боюнча узартылат.
7. Кандайдыр бир эл аралык эксплуатациялык агенттиктин аба кемесин улуттук таандыктыктын негизинде эмес каттаган учурда, бул агенттиктин курамына кирген мамлекет солидардуу жоопкерчилик тартат, ал 1944-жылдагы Жарандык авиациянын эл аралык Конвенцияга ылайык, каттоо мамлекетине жүктөлөт.
§1. Териштирүүнүн максаты
8. Авиациялык кырсыктарды же инцидентти териштирүүнүн жалгыз максаты болуп болочокто авиациялык кырсыктарды жана инциденттердин алдын алуу болуп саналат Бул ишмердүүлүктүн максаты болуп кимдир бирөөнүн күнөөсүн же жоопкерчилигин аныктоо болуп саналбайт.
9.Териштирүү боюнча орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жарандык авиация жаатындагы көзөмөл жана жөнгө салуу боюнча мамлекеттик орган (мындан ары - жарандык авиация органы) тарабынан ыйгарым укуктуу курамдык бөлүк болуп саналат.
10. Териштирүү боюнча орган авиациялык кырсыкты териштирүү боюнча комиссияны түзүү туурасында буйруктун долбоорун даярдайт. Авиациялык кырсыкты териштирүү боюнча комиссия жарандык авиация тармагында мамлекеттик саясатты ишке ашырган органдын жетекчисинин буйругу менен дайындалат. Териштирүү жүргүзүү убагында териштирүү боюнча комиссия функционалдык көз карандысыз болуп саналат. Жарандык авиация тармагында мамлекеттик саясатты ишке ашырган орган өзүнө териштирүүнүн жүрүшүнө таасир этүүгө укугу жок, ошондой эле териштирүүнүн жыйынтыктарын, учуулардын коопсуздукту камсыз кылуу боюнча сунуштарды, ортодогу отчетторду жана акыркы отчетторду жарыялоого укуксуз.
11. Териштирүүнүн жүрүшүндө авиациялык кырсыктарды териштирүү боюнча орган кандайдыр бир башка органдардан сурабайт жана көрсөтмөлөрдү албайт жана териштирүүлөрдү жүргүзүү боюнча чексиз ыйгарым укуктарга ээ.
12. Териштирүү боюнча орган ортодогу билдирүүлөрдү же отчетторду, териштирүүлөрдүн жыйынтыктарын, учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча сунуштарды жана акыркы отчетту кандайдыр бир тараптагы органдан алдын ала жактыруусуз, териштирүү боюнча комиссиянын төрагасынын колун койдуруу үчүн жарыялайт.
13. Тийиштүү министрлик да кандайдыр бир башка уюмдар да авиациялык кырсыктарды териштирүү боюнча органды финансылык жана кадрдык камсыздоого таасирин тийгизе албайт. Негизинен, комиссиянын мүчөлөрү жана командировкаланган кызматкерлер өзүнүн күнүмдүк милдеттерине кайтуу боюнча кандайдыр бир кармоолорго дуушар болушуна жол берилбейт.
14. Териштирүү планында, териштирүү боюнча ыйгарым укуктуу териштирүү боюнча топтун уюштурулушуна, топтун мүчөлөрүнө тапшырмаларын бөлүп берүүгө жана териштирүүнүн жүрүшүн башкарууга түздөн түз жоопкерчилик ала турганы каралган. Териштирүү планы териштирүү боюнча иш чаралардын кенен контролдук карталарын камтыйт.
§2. Кайтаруудан бошотуу
15. Окуя болгон жердин мамлекети аба кемесин, андагы болгон же анын кандайдыр бир бөлүктөрүн териштирүүгө керек болбой калаары менен каттоо мамлекети, же, эгер колдонула турган болсо, эксплуатанттын мамлекети тарабынан тийиштүү жол менен дайындалган адамга же адамдарга кайтаруудан бошотот. Ушул максат менен окуя болгон жердин мамлекети бул аба кемесине болгон аба кемесине, андагы бардык болгон же анын кандайдыр бир бөлүктөрүнө болгон жеткини камсыз кылат. Эгер аба кемеси, андагы бардык болгон же анын кандайдыр бир бөлүктөрү жеткиликтүүлүгү тыюу салына турган мамлекеттин районунда жайгашкан учурда, бул мамлекет уруксат берүү мүмкүн эмес деп чечсе, анда жетки берилген жерге өзү жете алат.
§3. Авиациялык кырсыктар туурасында биринчи билдирүүлөр
16. Авиациялык кырсыктар же инцидент туурасында биринчи белгилүү болгон жарандык авиация уюмунун кызмат адамдары анын карамагында турган байланыш каражаттарын оперативдүү колдонуу менен, болуп өткөн авиациялык кырсыктар же инцидент туурасында дароо жарыялоого милдеттүү. Авиациялык кырсыктарды башынан өткөргөн аба кемесинин командири, же болбосо экипаждын башка мүчөсү, эгер аларга ден соолугу мүмкүндүк берсе, болуп өткөндөр туурасында дароо билдириши керек:
а) жарандык авиация органына;
б) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу жардам көргөзүү боюнча органга;
в) жоопкерчилик районунда авиациялык кырсыктар болуп өткөн учурда Кыргыз Республикасынын аэропортунун авиациялык кырсыктар учурунда издөө жаа куткаруу жүргүзүү боюнча тийиштүү уюмуна же кызматына;
г) Кыргыз Республикасынын аба мейкиндиги үчүн контроль жүргүзүү боюнча тийиштүү аскердик органга;
д) аба кемесинин эксплуатантына.
17. Жарандык авиация органы аба кыймылын тейлөө органы тарабынан жиберилген билдирүүлөрдү эске алуу менен, авиациялык кырсыктар туурасындагы баштапкы билдирмени алгандан кийин, бул туурасында төмөнкүлөргө дароо билдирет:
а) Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашырган органга;
б) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу жардам көргөзүү боюнча органга;
в) Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына;
г) Кыргыз Республикасынын коомдук жана мамлекеттик коопсуздук органдарына;
д) Кыргыз Республикасынын транспортунда мыйзамдуулукту кармоо менен көзөмөл органына.
18. Кыргыз Республикасынын аймагында бардык олуттуу инцидент тууралуу же Кыргыз Республикасынын аймагында катталган аба кемесинин бардык олуттуу инцидентти туурасында белгилүү болгон Кыргыз Республикасынын аба кыймылын тейлөөчү бардык орган бул туурасында дароо билдириши керек:
а) жарандык авиация органына;
б) аба кемесинин эксплуатантына.
19. Олуттуу инцидент туурасында баштапкы билдирүүнү алгандан кийин териштирүү боюнча орган аба кыймылын тейлөө органы тарабынан жиберилген билдирүүлөрдү эске алуу менен, бул туурасында Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органына бул туурасында дароо билдирет, ошондой эле зарыл болгон учурда:
а) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу жардам көргөзүү боюнча органга;
б) Кыргыз Республикасынын укук тартибин коргоо органдарына;
в Кыргыз Республикасынын коомдук жана мамлекеттик коопсуздук органдарына;
г) Кыргыз Республикасынын транспортунда мыйзамдуулукту кармоо менен көзөмөл органына.
20. Баштапкы маалымат төмөндө көргөзүлгөн маалыматтарды камтыйт:
а) ушул Эрежелердин 34-пунктунун а), б), в), г), д), е), ж), и) пунктчаларында
- авиациялык кырсыктар болгон учурда;
б) ушул Эрежелердин 34-пунктунун а), б), в), г), д), е) пунктчаларында
- олуттуу инцидент болгон учурда.
21. Ар бир эксплуатант, аба кыймылын тейлөө органы, жарандык авиация кызматы жана уюму, ошондой эле башка ишмердүүлүгү учууларды тейлөө жана камсыз кылуу менен байланышкан бардык орган, кызмат же уюм билдирүүлөрдү берүү боюнча жана авиациялык кырсыктар же инцидент болгон учурда кызмат адамдарынын өзүнүн башка аракеттер боюнча жарандык авиация органы тарабынан бекитилген нускамага ээ, ал бул Эрежелердин талаптарын аткаруу үчүн зарыл.
§4. Буюм далилдерин сактоо, аба кемесин коргоо жана өчүрүү
22. Кыргыз Республикасынын аймагында авиациялык кырсыктар болгон учурда бардык бийлик органдары, ишканалар же уюмдар, анын ичинде окуя болгон жерде же ага жакын аймакта жайгашкан аскердик түзүлүштөр авиациялык кырсыктар болгон жерде аба кемесин издөө жана сактап калууну ишке ашыруу үчүн жардам көргөзүү же ишке ашыруу боюнча, ошондой эле буюм далилдерин сактоо жана аба кемесин ишенимдүү кайтаруу боюнча бардык зарыл болгон чараларды көрөт. Бул чаралар аба кемесинин кайтаруусу жана алынган буюм далилдери тийиштүү укук коргоочу же башка ыйгарым укуктуу органдардын же кызматтардын жоопкерчилигине берилгиче көрүлө берет.
23. Буюм далилдерин сактоо сүрөткө тартып алуу же башка тийиштүү ыкмалар менен жолу менен бардык буюм далилдерин сактоону камтыйт, алар тартылып алынышы, бузулушу, жоголушу же жок кылынышы мүмкүн.
24. Кайтаруу андан ары жабыркоодон, башка адамдардын киришинен, уурдоодон же бузуудан обьектти кайтарууну камтыйт.
25. Аймагында авиациялык кырсыктар же инцидент болуп өткөн жердеги жергиликтүү бийлик органдары, жеке жана юридикалык жактар, окуя болгон жерди, аба кемесин, анын курамдык бөлүктөрүн, борттук жана жер үстүндөгү каражаттарды обьективдүү контролдоону, аба кемесинин бортунда турган бардык предметтерди, ошондой эле окуя болгон жерде турган бардык предметтерди, авиациялык кырсыктар же инциденттин таасирине кабылган бардык предметтерди, өндүрүшкө , аба кемесин оңдоо жана эксплуатациялоого жана анын учуусун камсыз кылууга тийиштүү болгон бардык документтер териштирүү боюнча органдын өкүлдөрү келгенге чейин кайтарууну камсыз кылуу боюнча чараларды кабыл алуусу зарыл.
26. Борттогу өзү жазгычтарды алып чыгуу жана алардын жазууларын иштетүүнү тийиштүү квалификацияга ээ персонал ишке ашырат.
27. Териштирүү боюнча ыйгарым укуктуу адам, зарыл болгон учурда соттук же башка тийиштүү укук коргоо органдары менен биргеликте буюм далилдерин сактоону камсыз кылуу үчүн бардык зарыл болгон чараларды көрөт, алар териштирүүнүн кызыкчылыгы үчүн дароо каттоону жана анализ жүргүзүүнү талап кылат анын ичинде териштирүү жана курмандыктарды таануу бар, ошондой эле жумушчу орунда курчап турган жагдайда жазуунун башка каражаттарын жана борттогу өзү жазгычтын жазууларын эсептөөнү камсыз кылат.
28. Каттоо мамлекетинен, эксплуатант мамлекетинен, иштеп чыгуучу мамлекеттен же Кыргыз Республикасынын аймагында авиациялык кырсыктар орун алган аба кемесин даярдаган мамлекеттен аба кемеси жана бардык буюм далилдери ыйгарым укуктуу өкүл караганга чейин тийбеген бойдон калуусу туурасында өтүнүчтөр келип түшкөн учурда, бул өтүнүч менен кайрылган мамлекет, тийиштүү укук коргоо органдары башка ыйгарым укуктуу органдар же кызматтар менен биргеликте мындай өтүнүчтү аткаруу үчүн аткарыла турган деңгээлде жана териштирүүнү тийиштүү деңгээлде өткөрүүгө шайкеш келгидей бардык чараларды кабыл алат, мындай шартта аба кемеси зарыл болгон даражада жылдырылат, бул адамдарды, жаныбарларды, почтаны жана баалуулуктарды сактоо үчүн, өрттүн жыйынтыгында жок кылуудан сактоо үчүн же башка себептер боюнча же аба навигациясынын, башка транспорттун түрлөрүнөн же адамдардан келе турган бардык коркунучтарды же тоскоолдуктарын четтетүү үчүн жана бул кемени эксплуатациялоого кайтарууда актабаган кармалууга алып келбей турган шартта жүргүзүлөт.
4-глава. Билдирүү
Эскертүү 1. 2-тиркемеде билдирүүнүн контролдук схемасы жана отчет келтирилет.
Эскертүү 2.Авиациялык кырсыктарды териштирүү менен алектенген ыйгарым укуктуу органдардын даректеринин тизмеси Авиациялык кырсыктардын жана инциденттерди териштирүү боюнча колдонмонун «Уюштуруу жана пландаштыруу» бөлүгүндө келтирилген (Doc 9756 - ICAO).
§1. Макулдашып жаткан мамлекеттин аймагында башка макулдашкан мамлекеттин аба кемеси менен болгон окуялар же инциденттер.
Окуя болгон жердин мамлекетинин жоопкерчилиги.
Билдирүүнү жиберүү
29. Авиациялык кырсыктар жана олуттуу инциденттер туурасында билдирүү схемасы ушул Эрежелердин 2-тиркемесинде келтирилген.
30. Эгер Кыргыз Республикасы окуя болгон жердин мамлекети болуп саналса, анда барынан ыңгайлуу жана тез байланыш каражатынын жардамы менен авиациялык кырсыктар, олуттуу инцидент же минималдуу кармоо менен инцидент туурасында билдирүү жиберилет.
а) каттоо мамлекетине;
б) эксплуатанттын мамлекетине;
в) иштеп чыгуучунун мамлекетине;
г) өндүрүүчү-мамлекетке.
д) тийиштүү аба кемесинин максималдык массасы 2250 кг дан ашканда же ал турбореактивдүү учак болуп саналса, эл аралык жарандык авиация уюмуна.
31. Эгер окуя болгон жердин мамлекети олуттуу инцидент туурасында, же Кыргыз Республикасы каттоо мамлекети же эксплуатанттын мамлекети болуп саналган аба кемеси менен териштирүүгө жаткан инцидент туурасында маалыматка ээ болбосо, териштирүү боюнча орган мындай инцидент туурасында иштеп чыгуучунун мамлекетке, даярдоочу-мамлекетке жана окуя болгон жердин мамлекетке билдирүү жиберет.
32. Билдирүү колдо бар баарынан тез жана ыңгайлуу байланыш каражаттарын колдонуу менен адресаттарга жиберилет, мисалга: телефон байланышы факсималдык байланыш, электрондук почта жана авиациялык катталган электр байланыш түйүнү (AFTN – Aeronautical Fixed Telecommunication Network). Зарыл болгон учурда билдирүү бирден ашык байланыш каражатын колдонуу менен багытталат.
33. Билдирүүнү жиберүү үчүн байланыш каражатын колдонуу учурунда, анын иштөөдөгү ишенимдүүлүгү, берүүнүн сапаты, ошондой эле алынган маалыматты кагазда, жана колдонула турган учурларда башка маалыматты техникалык алып жүрүүчүдө кайра иштетүү, каттоо жана сактоо мүмкүнчүлүгү сыяктуу мүнөздөмөлөрүн эске алуу керек.
Эскертүү. Издөө жана сактоонун координациялык борборунун кырсык стадиясы туурасында каттоо мамлекетинин билдирүүсүнө карата жоболор КРАЭ-12 «Издөө жана куткаруу» камтылган.
§2. Формасы жана мазмуну
34. Авиациялык кырсыктар же олуттуу инцидент туурасында билдирүү жөнөкөй формада берилет жана төмөндө келтирилген бар маалыматтын саны камтылат, бирок бул билдирүүнү жиберүү толук маалыматтын жоктугунан улам кармалбашы керек:
а) ACCID кыскартылышы - авиациялык кырсыктарды белгилөө үчүн (Aviation Accident), SINCID кыскартылышы - олуттуу инциденттерди белгилөө үчүн (Serious Incident), INCID кыскартылышы (Incident) - инциденттердин белгилениши;
б) аба кемесинин өндүрүүчүсү, тиби/үлгүсү, улуттук жана каттоо белгилери жана сериялык номери;
в) аба кемесинин ээсинин, эксплуатанттын жана эгер бар болсо, ижара ээсинин аталышы;
г) аба кемесинин командиринин квалификациясы жана экипаж мүчөлөрүнүн жана жүргүнчүлөрдүн жарандыгы;
д) авиациялык кырсыктын же инциденттин күнү жана убактысы (жергиликтүү убакыт же бүткүл дүйнөлүк координацияланган убакыт UTC);
е) аба кемесинин жөнөтүүчү акыркы пункту жана конууга белгиленген пункт;
ж) аба кемесинин кандайдыр бир жеңил аныкталган географиялык пунктка, кеңдикке жана узундукка карата абалы;
з) экипаждын мүчөлөрүнүн жана жүргүнчүлөрдүн саны; бортто - курман болгон жана олуттуу дене жаракатын алган; башка - курман болгон жана олуттуу дене жаракатын алган.
и) авиациялык кырсыкты же инциденттин жана аба кемесинин жабыркоо даражасын канчалык белгилөө болгондой сүрөттөө;
к) окуя болгон жердин мамлекети териштирүүнү кандай даражада жүргүзүү керек экенин көргөзүү же аны башка мамлекетке берүүнү болжолдойт.
л) авиациялык кырсык же инцидент районунун физикалык мүнөздөмөлөрү, ошондой эле ага жеткиликтүүлүгү менен кыйынчылыктар туурасында же окуя боло турган жерге келүүгө таандык болгон маалыматтар; жана
м) билдирүүнү чыгарган органдын аталышы, жана териштирүү боюнча комиссиянын төрагасы/ыйгарым укуктуу адам же окуя болгон жердин мамлекеттин териштирүү боюнча орган тарабынан бардык убакытта байланышты ишке ашыруу үчүн каражаттар туурасында маалымат;
н) аба кемесинин бортунда коркунучтуу жүктөрдүн болушу жана сүрөттөлүшү.
Эскертүү. «YLYX» төрт тамгалуу белги ИКАОдо кабыл алынган, жайгашкан жердин төрт тамгалуу аталышы менен айкалышканда, AFTN аркылуу багытталган билдирүү үчүн дарекчинин сегиз тамгалуу көрсөткүчүн түзөт, ал авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди териштирүү үчүн жооптуу болот. Билдирүү электр байланышынын коомдук каражаттары аркылуу жиберилген учурда, дарекчинин бул көрсөткүчүнүн ордуна почта же телеграфтык дарек гана колдонулат.
35. Билдирүү орус тилинде же алуучу колдоно турган тилди эске алуу менен, ИКАО нун башка жумушчу тилдеринин биринде түзүлөт, эгер акыркысы маалыматты өтө ашыкча кармабаса.
36. Териштирүү боюнча орган, мүмкүн болоору менен дарекчилерге авиациялык кырсыктар же олуттуу инцидент туурасында билдирүүдө жок болгон кири маалыматтарды, ошондой эле бул окуяларга же инцидентке таандык болгон маалыматтарды жиберет, бул билдирүүнүн баштапкы багытынан кийин гана белгилүү болот.
§3. Каттоо мамлекетинин, эксплуатанттын мамлекетинин, иштеп чыгуучунун мамлекетинин жана даярдоочу-мамлекеттин жоопкерчилиги.
Маалымат. Катышуу
37. Аба кемеси менен болгон авиациялык кырсыктар жана олуттуу инцидент туурасында билдирүү алуу боюнча жарандык авиация органы, ага карата Кыргыз Республикасы каттоо мамлекети, эксплуатанттын мамлекети, иштеп чыгуучунун мамлекети же даярдоочу мамлекет болуп саналат жана билдирүү алганын билдирет, жана:
а) окуя болгон жердин мамлекетине бул окуя же инцидент болуп өткөн учуучу экипаждын жана аба кемеси тууралуу колдо бар маалыматтардын баарын берет;
б) окуя болгон жердин мамлекетке, ал ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындоо туурасында ниети бар экенин билдирет, эгер мындай ыйгарым укуктуу өкүл дайындалган болсо, фамилиясын, кенен байланыш маалыматтарын, ошондой эле окуя болгон жерге же териштирүү жүргүзүлүп жаткан жерге ыйгарым укуктуу өкүлдүн келген болжолдуу күнүн билдирет;
в) каттоо мамлекети, эксплуатанттын мамлекети, иштеп чыгуучунун мамлекети жана даярдоочу-мамлекет салмагы 2250 кг дан ашкан аба кемеси менен болгон окуяга териштирүү жүргүзүп жаткан мамлекеттин атайын өтүнүчү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындоону суранат. Ошондой эле анын катышуусуна жана териштирүүгө катышуусуна пайдалуу салым кошууга көңүл бурулат.
38. Аба кемеси менен болгон авиациялык кырсыктар жана олуттуу инцидент туурасында билдирүү алуу боюнча жарандык авиация органы мүмкүн болушунча тезирээк билдирүү алганын тастыктайт жана аталган аба кемесинин бортундагы коркунучтуу жүктөр туурасында кенен маалыматты жиберет.
§4. Каттоо мамлекетинде, макулдашкан мамлекет болуп саналбаган мамлекеттин аянтында же кандайдыр бир мамлекеттин аянтынан тышкары авиациялык кырсыктар же олуттуу инциденттер. Каттоо мамлекетинин жоопкерчилиги.
Билдирүүнү жиберүү
39. Кыргыз Республикасы каттоо мамлекети болуп саналган учурда жана авиациялык кырсыкты же инцидентти териштирүүнү дайындаган учурда, ал, жогоруда көргөзүлгөн 30 жана 31-пункттарга ылайык, байланыштын баарынан ыңгайлуу жана тез каражатынын жардамы менен минималдык кармалуу менен билдирүү жиберет:
а) эксплуатанттын мамлекетине;
б) иштеп чыгуучунун мамлекетине;
в) өндүрүүчү-мамлекетке.
г) тийиштүү аба кемесинин максималдык массасы 2250 кг дан ашканда же ал турбоактивдүү учак болуп саналса, эл аралык жарандык авиация уюмуна.
Эскертүү 1. Телефондук, факсималдык байланыш, электрондук почта же авиациялык электр байланыштын катталган тармагы (AFTN) көпчүлүк учурларда «баарынан ыңгайлуу жана тез байланыш каражаты» болуп саналат. Бир нече байланыш каражатын колдонууга болот.
Эскертүү 2. Издөө жана сактоонун координациялык борборунун кырсык стадиясы туурасында каттоо мамлекетинин билдирүүсүнө карата жоболор КРАЭ 12 «Издөө жана куткарууда» сакталат.
§5. Эксплуатанттын мамлекетинин, иштеп чыгуучунун мамлекетинин жана - даярдоочу-мамлекеттин жоопкерчилиги
Маалымат Катышуу
40. Кыргыз Республикасы эксплуатанттын мамлекети, иштеп чыгуучунун мамлекети же даярдоочу-мамлекет катары, авиациялык кырсыктар же инцидент турасында билдирүү алууну тастыктап турушу керек.
41. Билдирүү алгандан кийин Кыргыз Республикасы эксплуатанттын мамлекети, иштеп чыгуучунун мамлекети же даярдоочу-мамлекет катары, каттоо мамлекетинин сурамы боюнча бул окуя же инцидент болуп өткөн учуучу экипаждын жана аба кемеси тууралуу колдо бар маалыматтардын баарын берет. Кыргыз Республикасы, ошондой эле каттоо мамлекетине, ал ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындоо туурасында ниети бар экенин билдирет, эгер мындай ыйгарым укуктуу өкүл дайындалган болсо, фамилиясын, кенен байланыш маалыматтарын, ошондой эле окуя болгон жерге же териштирүү жүргүзүлүп жаткан жерге ыйгарым укуктуу өкүлдүн келген болжолдуу күнүн билдирет.
Эскертүү 1. Ушул Эрежелердин 80-пунктуна ылайык, каттоо мамлекети, эксплуатанттын мамлекети, иштеп чыгуучунун мамлекети жана даярдоочу-мамлекет териштирүүгө катышуу үчүн ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындоого укуктуу.
Эскертүү 2. Ушул Эрежелердин 86-пунктуна ылайык, каттоо мамлекети, эксплуатанттын мамлекети, иштеп чыгуучунун мамлекети жана даярдоочу-мамлекет салмагы 2250 кг дан ашкан аба кемеси менен болгон окуяга териштирүү жүргүзүп жаткан мамлекеттин атайын өтүнүчү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындоо боюнча милдеттерине кайрылат. Ошондой эле баарын катышуусуна жана териштирүүгө катышуусуна пайдалуу салым кошууга көңүл бурулат.
42. Билдирүү алгандан кийин Кыргыз Республикасы минималдык кармоо менен эксплуатанттын мамлекети катары, баарынан ылайыктуу жана тез каражаттарды колдонуу менен, каттоо мамлекетине аба кемесинин бортуна коркунучтуу жүктөр туурасында кеңири маалыматты жөнөтөт.
5-глава. Териштирүү
§1. Териштирүү жүргүзүү жана дайындоо үчүн жоопкерчилик.
Макулдашып жаткан мамлекеттин аймагында авиациялык кырсыктар же инциденттер.
Окуя болгон жердин мамлекети
43. Кыргыз Республикасы окуя болгон жердин мамлекети катары бул авиациялык кырсыктардын жагдайларын териштирүүнү дайындайт жана ошол териштирүүнү жүргүзүү үчүн жоопкерчилик тартат, бирок бул териштирүү жүргүзүүнү өз ара макулдашуу жана келишим боюнча Авиациялык кырсыктар жана инциденттерди териштирүү боюнча (АОКИ) башка мамлекетке же аймактык уюмга толугу менен же жарым жартылай бере алат. Кыргыз Республикасы окуя болгон жердин мамлекети катары мындай териштирүүнү жүргүзүүгө жардам көргөзүү үчүн бардык каражаттарды колдонот.
44. Кыргыз Республикасы окуя болгон жердин мамлекети катары бул олуттуу инциденттин жагдайларын териштирүүнү дайындайт бирок бул териштирүү жүргүзүүнү өз ара макулдашуу жана келишим боюнча Авиациялык кырсыктар жана инциденттерди териштирүү боюнча башка мамлекетке же аймактык уюмга толугу менен же жарым жартылай бере алат. Окуя болгон жердин мамлекети мындай териштирүүнү жүргүзүүгө жардам көргөзүү үчүн бардык каражаттарды колдонушу керек..
45. Кыргыз Республикасы окуя болгон жердин мамлекети катары бул максималдык салмагы 2250 кг жан ашкан олуттуу аба кемелери менен болгон инциденттин жагдайларын териштирүүнү дайындайт бирок бул териштирүү жүргүзүүнү өз ара макулдашуу жана келишим боюнча Авиациялык кырсыктар жана инциденттерди териштирүү боюнча башка мамлекетке же аймактык уюмга толугу менен же жарым жартылай бере алат. Окуя болгон жердин мамлекети мындай териштирүүнү жүргүзүүгө жардам көргөзүү үчүн бардык каражаттарды колдонот.
46. Эгер окуя болгон жердин мамлекети ушул Эрежелердин 43,44, 45 пункттарынын жоболоруна ылайык, териштирүү жүргүзбөсө жана дайындабаса, ошондой эле авиациялык кырсыктар жана инциденттерди териштирүү боюнча башка мамлекетке же аймактык уюмга бербесе, анда каттоо мамлекети же, кийинки кезектеги эксплуатанттын мамлекети, иштеп чыгуучунун мамлекети же даярдоочу-мамлекет окуя болгон жердин мамлекетине мындай териштирүүнү жүргүзүүгө ыйгарым укуктарды берүү туурасында жазуу жүзүндөгү сурам жиберүүгө укуктуу. Эгер окуя болгон жердин мамлекети так ачыкталган макулдук берсе же мындай сурамга 30 күндүн ичинде жооп бербесе, сурам жиберген мамлекет колунда бар маалыматты эске алуу менен териштирүү дайындашы керек жана жүргүзүп турат.
Эскертүү 1. Олуттуу инцидентти териштирүү башка уюмдардын инцидентти териштирүүнүн колдонуудагы типтерин жокко чыгарбайт (анын ичинде олуттуу болуп саналбаган).
Эскертүү 2. Эгер териштирүү жүргүзүү толугу менен авиациялык кырсыктар жана инциденттерди териштирүү боюнча башка мамлекетке же аймактык уюмга толугу менен берсе, анда бул учурда, бул мамлекет териштирүү жүргүзүү үчүн жоопкерчилик тартат, анын ичинде ADREP (Accident Data Report) формасы боюнча отчеттуулукту берүү жана акыркы отчетту чыгаруу бар. Эгер териштирүүнүн бөлүгүн гана жүргүзүү ыйгарым укугу берилсе, эреже болгондой, териштирүү жүргүзүү жоопкерчилигин окуя болгон жердин мамлекети жүргүзөт.
Эскертүү 3. Учкучсуз авиациялык тутумга карата жүргүзүлгөн териштирүү учурунда, конструкциясы жана/же эксплуатациясы ырасталган аба кемелери гана каралат.
Эскертүү 4. Окуя болгон жердин мамлекетинде олуттуу инцидент болуп жаткан учурда териштирүү жүргүзүү ыйгарым укугун каттоо мамлекетине же эксплуатанттын мамлекетине берүү туурасында маселени карай алат, негизинен, териштирүү жүргүзүү ушул мамлекеттердин бири үчүн пайдалуу же дагы максаттуу болгон учурларда гана.
Эскертүү 5. АОКИ ишмердүүлүгүн түзүү жана башкарууга тийиштүү болгон инструктивдүү материал Авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди териштирүү боюнча Аймактык уюм боюнча колдонмодо камтылат
(Doc 9946 - ICAO).
Эскертүү 6. Териштирүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу окуя болгон жердин мамлекетине берүү ушул Эрежелерде каралган милдеттерден бошотпойт.
Эскертүү 7. Бул жоболор кызыкчылык жараткан мамлекетке авиациялык кырсыктар болгон жерге, калдыктарга же башка бардык буюм далилдерин же окуя болгон жердин мамлекетинин аймагында болгон маалыматтарга жеткиликтүүлүк укугун сөзсүз эле бере бербейт.
§2. Макулдашып жаткан мамлекет болуп саналбаган мамлекеттин аймагында авиациялык кырсыктар же инциденттер.
Каттоо мамлекети
47. Эгер авиациялык кырсыктар же олуттуу инцидент 1944-жылдагы Эл аралык жарандык авиация туурасында Конвенцияга ылайык 13-тиркеменин жоболоруна ылайык териштирүү жүргүзүү ниети жок болгон Макулдашкан мамлекет болуп саналбаган мамлекеттин аянтында болуп өтсө, каттоо мамлекетине же ал аны жасоого жөндөмү жок болсо, эксплуатанттын мамлекетине, иштеп чыгуучунун мамлекетине же даярдоочу-мамлекетке окуя болгон жердин мамлекети менен кызматташууга териштирүү жүргүзүү жана дайындоого умтулуу керек, ал эми мындай кызматташуу жок болгон учурда бардык колдо бар маалыматтарды колдонуу менен өзү териштирүү жүргүзүшү керек.
§3. Кандайдыр бир мамлекеттин аймагынан тышкары авиациялык кырсыктар же инциденттер.
Каттоо мамлекети
48. Эгер авиациялык кырсыктардын же олуттуу инцидент болгон жер кандайдыр бир мамлекеттин аймагында болгонун аныктоого мүмкүн эмес болсо, каттоо мамлекети авиациялык кырсык же олуттуу инцидентти зарыл болгон териштирүүлөрдү дайындайт жана териштирүү жүргүзөт. Бирок ал өз ара макулдашуу жана келишим боюнча башка мамлекетке териштирүү жүргүзүүнү толук же арым жартылай бере алат.
49. Эл аралык суулардагы авиациялык окуя болгон жерде жакын жайгашкан мамлекет бардык мүмкүн болгон жардамдарын көргөзөт, ошондой эле каттоо мамлекетинин суранычтарын канааттандырат.
50. Эгер каттоо мамлекети ушул Эрежелердин 48-пунктунун жоболоруна ылайык ошондой эле авиациялык кырсыктар жана инциденттерди териштирүү боюнча башка мамлекетке же аймактык уюмга бербесе, анда эксплуатанттын мамлекети же, кийинки кезектеги иштеп чыгуучунун мамлекети же даярдоочу-мамлекет каттоо мамлекетине мындай териштирүүнү жүргүзүүгө ыйгарым укуктарды берүү туурасында жазуу жүзүндөгү сурам жиберүүгө укуктуу. Эгер каттоо мамлекети так ачыкталган макулдук берсе же мындай сурамга 30 күндүн ичинде жооп бербесе, сурам жиберген мамлекет колунда бар маалыматты эске алуу менен териштирүү дайындашы керек жана жүргүзүп турат.
Эскертүү. Ушул Эрежелердин 50-пункттарынын жобосу каттоо мамлекетин ушул Эрежелерде каралган милдеттеринен бошотпойт.
§4.Териштирүүнү уюштуруу жана жүргүзүү.
Териштирүү жүргүзүп жаткан мамлекеттик жоопкерчилиги.
Жалпы жоболор
Төмөнкү жоболор териштирүү жүргүзүү учурунда каалаган уюмунан квалификациялуу техникалык адистерди тартууга мамлекетке тоскоолдук кылууну өзүнө максат кылып койбойт.
51. Авиациялык кырсыктарды териштирүү боюнча органга териштирүү жүргүзүп жаткан учурда көз карандысыздык жана ушул эрежелердин жоболоруна ылайык ан жүргүзүү учурунда чектелбеген ыйгарым укуктар берилет. Териштирүү, эреже болгондой өзүнө камтыйт:
а) бул авиациялык кырсыктар же инцидент туурасында бардык тийиштүү маалыматты топтоо, каттоо жана анализ;
б) ушул Эрежелердин 65-пунктуна ылайык, авиациялык кырсыклар жана инциденттерди териштирүүгө арналган жазууларды коргоо;
в) зарыл болгону учурда, коопсуздукту камсыз кылуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
г) эгер мүмкүн болсо, себептерди жана/же көмөк факторлорун аныктоо;
д) акыркы отчетту түзүү.
Бул дээрлик ишке ашырыла турган жерде, авиациялык кырсыктар боло турган жерге барып, урандыларды карап, күбөлөрдү суроо керек.Териштирүү масштабдары жана аны жүргүзүү тартиби авиациялык кырсыктарды териштирүү боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат, ал учуулардын коопсуздугун жогорулатуу максатында жүргүзүлөт.
52. Ушул Эрежелердин жоболоруна ылайык аткарылган бардык териштирүүлөр бардык соттук же административдик териштирүүдөн өзүнчө жүргүзүлөт, ал кимдир бирөөнүн күнөөсүн же жоопкерчилигин орнотууга багытталган.
Эскертүү. Чектөөнү авиациялык кырсыктарды териштирүү боюнча адистер тарабынан териштирүү жүргүзүүнүн эсебинен жетүүгө болот, ал эми бардык соттук же административдик териштирүүлөрдү башка тийиштүү адистер жүргүзүшөт. Авиациялык кырсыктар болгон жерде жана ушул Эрежелердин 64-пунктун эске алуу менен факты жүзүндөгү маалыматтарды чогултуу учурунда, ушул Эрежелердин 63-пунктунда каралган эки процесстин алкагында ишке ашырылган ишмердүүлүктүн координациясы талап кылынат.
53. Авиациялык кырсыктарды териштирүү боюнча ыйгарым укуктуу органга документалдык жоболоштурулган саясатты жана авиациялык кырсыктарды териштирүү боюнча кеңири сүрөттөмө менен процедурасын иштеп чыгуу керек. Алар отчетторду уюштуруусу жана пландаштыруучу, териштирүүсү жана сунуштоосу керек.
54. Ушул эрежелердин жоболоруна ылайык бардык териштирүүлөрдү жүргүзүү учурунда териштирүү боюнча органга бардык колдо бар буюм далилдерине чектөөсүз жеткиликтүүлүк берилет.
55. Өкмөт авиациялык кырсыктарды териштирүү боюнча ыйгарым укуктуу орган менен соттук ыйгарым укуктуу органдардын ортосунда, териштирүүгө административдик же соттук териштирүүлөр же териштирүүлөр тоскоолдук кылбай туруусу үчүн кызматташууну камсыз кылат.
Эскертүү. Кызматташууга макулдашууларды жүргүзүү жолу менен жетишүүгө болот, ал төмөнкү маселелерге жайылтылат: авиациялык кырсыктар болгон жерге жеткиликтүүлүк, буюм далилдеринин сакталышын камсыз кылуу жана аларга жеткиликтүүлүк, ар бир процесстин жүрүшү туурасында баштапкы жана андан кийинки регулярдуу отчеттор, маалымат алмашуу, учуулардын коопсуздугу жана жаңжалдарды чечүү туурасында маалыматты туура колдонуу.
§5.Териштирүү боюнча ыйгарым укуктуу.
Дайындалышы
56. Кыргыз Республикасынын аймагында авиациялык кырсыктар же олуттуу инцидент туурасында белгилүү болгон учурдан баштап, өкмөт бул окуяны же инцидентти териштирүү боюнча ыйгарым укуктуу адамды дайындайт жана дароо териштирүүгө киришет.
§6. Териштирүү боюнча ыйгарым укуктуу.
Жеткиликтүүлүк жана контроль
57. Териштирүү боюнча ыйгарым укуктуу аба кемесине жана ишке таандык болгон бардык материалдарга эркин жеткиликтүүлүккө ээ болот, андай материалдардын ичинде борттогу өзү жазгычтар жана ИИО жазуулары (Аба кыймылын тейлөө), алардын үстүнөн болгон чектелбеген контроль да бар, бул териштирүүгө катышкан адамдар токтоосуз кылдат кароо жүргүзүшү керек.
§7.Жазылган маалыматтар. Авиациялык кырсыктар жана инциденттер.
Борттогу өзү жазгычтар
58. Авициялык окуяларды же инцидентти териштирүү учурунда борттогу өзү жазгычтар натыйжалуу колдонулат. Териштирүү боюнча орган борттогу өзү жазгычтардын жазууларын эсептөөнү токтоосуз камсыз кылат.
59. Авициялык окуяларды же инцидентти териштирүү боюнча орган борттогу өзү жазгычтардын жазууларын эсептөөнүн тийиштүү каражаттарына ээ болбогон учурунда, ал башка мамлекеттер тарабынан берилген каражаттарды колдонушу керек, бул учурда төмөнкү аспекттерди эске алышы керек:
а) жазууларды эсептөөнүн каражаттарынын мүмкүнчүлүктөрү;
б) жазууларды өз убагында эсептөө;
в) жазууларды эсептөө каражаттарынын жайгашкан жери.
§8. Жер үстүндөгү каражаттар тарабынан жүргүзүлгөн жазуулар
60. Авициялык окуяларды же инцидентти териштирүү учурунда жер үстүндөгү каражаттар тарабынан жүргүзүлгөн жазуулар натыйжалуу колдонулат.
Эскертүү. Бул байкоолордун жана сүйлөшүүлөрдүн маалыматтарын жазууга болгон талаптар «КРАЭ - 10» «Авиациялык электр байланышы» Эрежесинин II- бөлүгүнүн 5-тиркемесинде камтылган.
§9. Аутопсия
61. Адам курмандыктары менен авиациялык кырсык болгон учурда, териштирүү боюнча орган мүмкүн болушунча тезирээк патологоанатом менен териштирүү жүргүзүүнү уюштурат, ал мүмкүн болушуна окуяларды териштирүүдө тажрыйбасы бар болушу керек, ал толук курман болгон экипаж мүчөлөрүн, жана өзгөчө жагдайларда, курман болгон жүргүнчүлөрдүн жана борттук коштоочуларды толук териштирүүнүн аутопсиясы аркылуу жүргүзүлөт. Мындай териштирүү ыкчам жана толук көлөмдө жүргүзүлөт.
§10. Медициналык териштирүү
62. Зарыл болгон учурда, териштирүү боюнча орган экипаждын мүчөлөрүнө, жүргүнчүлөргө жана тийиштүү авиациялык персоналдарга медициналык териштирүү жүргүзөт, аны авиациялык кырсыктарды териштирүүдө тажрыйбасы бар дарыгердин жүргүзгөнү туура. Мындай териштирүү ыкчам жүргүзүлүшү керек.
Мындай териштирүү экипаждын мүчөлөрүнө, жүргүнчүлөргө жана окуя менен түздөн түз байланышкан тийиштүү авиациялык башка персоналдардын бул териштирүүгө катышуу үчүн физикалык же психологиялык жарактуулугу жетиштүү экенин көргөзөт.
§11. Кыргыз Республикасынын транспортунда мыйзамдуулукту кармоо менен көзөмөл органы менен аракеттердин координациясы
63. Териштирүү боюнча ыйгарым укуктуу КР транспортунда мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл жүргүзүү боюнча комиссиянын аракеттерине координация жүргүзөт. Өзгөчө көңүл териштирүүнүн ийгилиги үчүн токтоосуз каттоону жана анализди талап кылган буюм далилдерине бурулат, мисалы, борттогу өзү жазгычтардын жазуу жана курмандыктарды таануу жана териштирүү.
Эскертүү 1. КР транспортунда мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл жүргүзүү боюнча органдардын жана алардын борттогу өзү жазгычтарын коргоо боюнча териштирүү жүргүзүп жаткан органдардын жана алардын жазууларынын ортосундагы мүмкүн болгон карама каршылыктар, көзөмөл органынын өкүлүн ал жазууларды эсептөөчү жерге жиберүү аркылуу чечүүгө болот, аны менен алардын коргоосун камсыз кылуу керек.
Эскертүү 2. КР транспортунда мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл жүргүзүү боюнча органдардын жана териштирүү жүргүзүп жаткан органдардын ортосундагы урандылар үчүн көзөмөлгө карата мүмкүн болгон карама каршылыктар четтетилет, эгер КР транспортунда мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл жүргүзүү боюнча органдын өкүлү зарыл болгон учурда ал урандыларды мындай териштирүү учурунда аларды изилдеген жерге чейин коштоп барышы керек, жана мындай териштирүү жүргүзүү учурунда калдыктардын абалын өзгөртүүнү талап кылган учурда катышуусу зарыл, муну менен аларга көзөмөлдү да камсыз кылат.
§12. Авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу органдарына маалымат берүү
64. Эгер териштирүүнүн жүрүшүндө мыйзамдуу кийлигишүү актысы орун алганы белгилүү болсо же ушундай шек жаралса, анда териштирүү боюнча ыйгарым укуктуу кызыкдар мамлекеттердин авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу органдарына маалымат берүү үчүн токтоосуз чараларды кабыл алат.
§13. Авиациялык кырсыктар жана инциденттерди териштирүүгө таандык болгон жазууларды коргоо
65. Авиациялык кырсыктар жана инциденттерди териштирүү боюнча орган авиациялык кырсыктар жана инциденттерди териштирүүгө таандык болбогон максаттарда төмөндө көргөзүлгөн жазууларды берет, бул Кыргыз Республикасы тарабынан дайындалган компетенттүү ыйгарым укуктуу орган ушул Эрежелердин 3- «ADREP отчеттуулугу» пункттун 2-тиркемесинин жоболоруна ылайык зарылдыкты орноткон учурда гана жүргүзүлөт, анда аларды ачык жарыя кылуу же колдонуу маанилүүлүгү боюнча республиканын ичинде жана эл аралык масштабда мүмкүн болгон терс кесепеттеринен ашып кетээри айтылган, алар бул же башка болочок териштирүүлөр үчүн мындай аракеттерге ээ болушу мүмкүн:
1) визуалдык кырдаал туурасында борттогу сөз жазгычтар жана борт каттагычтарындагы жазуулар жана мындай жазууларды бардык чечмелөө;
2) авиациялык кырсыктарды териштирүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын кайтаруусу же контролу алдындагы жазуулар, мисалы:
а) териштирүүнүн жүрүшүндө ыйгарым укуктуу органдар тарабынан териштирүү жүргүзгөн адамдардан алынган бардык билдирүүлөр;
б) аба кемесинин эксплуатациясына тиешеси бар адамдардын ортосундагы бардык жазышуулар;
в) авиациялык кырсыктардын же инциденттердин катышуучу жактарга тиешеси бар медициналык же жашырын маалыматтар;
г) аба кыймылын башкаруу органдарынын жазууларын жазуу жана чечмелөө;
д) авиациялык кырсыктарды териштирүү боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлгөн авиациялык кырсыктар же инциденттерге таандык болгон маалыматты анализдөө жан маалыматты анализдөө учурунда чагылдырылган пикирлер, анын ичинде борттогу өзү жазгычтардын жазуулары;
е) авиациялык кырсык же инцидентти териштирүү туурасында акыркы отчет долбоору.
66. Териштирүү боюнча орган ушул Эрежелердин 69-пунктуна ылайык коргоону камсыз кылышы керек болгон авиациялык кырсык же инцидентти териштирүүнүн алкагында алынган же даярдалган башка бардык жазуулар бар экенин аныкташы керек.
67. Ушул Эрежелердин 65-пунктунда саналып өткөн жазуулар акыркы отчетко кошулат же авиациялык кырсык же инциденттин анализине тиешеси бар учурда гана кошулат. Мындай анализге тиешеси жок жазуулардын бир бөлүгү жарыя кылынбайт.
Эскертүү. Ушу эрежелердин 65-пунктунда саналып өткөн жазуулар авиациялык кырсык же инцидентке тиешеси бар маалыматтарды камтыйт. Учуулардын коопсуздугунун кызыкчылыгында пайдаланууга же жарыялоо зарылдыгы менен шартталбаган мындай маалыматы ачык жарыялоо же пайдалануу, келечекте мындай маалымат териштирүүчүлөргө эркин берилбей турганын түшүндүрүп турат. Аталган маалыматка жеткиликтүүлүктүн жоктугу териштирүү процессине зыян келтирет жана учуулардын коопсуздугу үчүн олуттуу кесепеттерге ээ болот.
68. Авиациялык кырсыктарды териштирүү боюнча орган авиациялык кырсыктар же инцидентке тартылган жактардын фамилиясын ачыкка чыгарбайт.
69. Авиациялык кырсыктарды териштирүү боюнча орган, териштирүү боюнча органды контролдоо жана коргоо алдында турган жазууларды берүү туурасында суранычтар эгер бар болсо, бул маалыматтын баштапкы булагына багытталышын камсыз кылат.
70. Авиациялык кырсыктарды териштирүү боюнча орган мүмкүнчүлүгүнө жараша териштирүүнүн жүрүшүндө алынган жазуулардын көчүрмөсүн гана сактоосу зарыл.
71. Авиациялык кырсыктарды териштирүү боюнча орган борттук сөздөрдү өзү жазгычтардын камтылышы үчү чараларды кабыл алат, ошондой эле визуалдык кырдаалды борттук каттагычтардын видео жана сөз жазгычтардын мазмуну ачыкка чыкпашы үчүн чараларды кабыл алат.
72. Авиациялык кырсыктарды териштирүү боюнча орган акыркы отчетту түзүү же долбоорду алуу учурунда, ал ачыкка чыгарылбашы үчүн бардык чараларды кабыл алат.
§14.Териштирүүнү кайра жандандыруу
73. Эгер териштирүү аяктагандан кийин териштирүүнүн жыйынтыктары авиациялык кырсык же инциденттин себептеринин тизмесин аныктоого же кеңейтүүгө алып келе турган, ошондой эле учуулардын коопсуздукту камсыз кылуу боюнча так жана туура сунуштарды иштеп чыгуу үчүн негиздердин тизмесин кеңейтүүгө алып келиши мүмкүн болгон мурда белгисиз болгон фактылар пайда болсо, териштирүү боюнча орган териштирүүнү кайра жандандырат. Бул учурда башка мамлекеттин аймагында жүргүзүлгөн териштирүү эгер бул териштирүүнү дайындаган мамлекеттин бул мамлекеттин макулдугу менен кайра жандандырылат.
Дайынсыз жоголду деп эсептелген аба кемеси расмий издөө токтотулгандан кийин кайра табылып калган учурларда, териштирүүнү жандандыруу туурасында маселе кайра каралышы мүмкүн.
§15. Башка бардык мамлекеттин жоопкерчилиги.
Маалымат.
Авиациялык кырсыктар жана инциденттер
74. Авиациялык кырсык же инцидентке териштирүү жүргүзүп жаткан мамлекеттин суранычы менен, териштирүү боюнча орган бул мамлекетке анда бар бардык зарыл болгон маалыматтарды берет.
75. Авиациялык кырсыктарды териштирүү боюнча орган маалыматты пайдалануу же жарыялоо бөлүгүндө чектөөлөрдү аныктоо маселелери боюнча кызматташуусу керек, бул маалыматты авиациялык кырсык же инцидентти териштирүү максатында алмашаардын алдында болушу шарт.
76. Кыргыз Республикасынын каражаттары же кызматтары авиациялык кырсык же инцидентке чейин аба кемеси тарабынан колдонулган же колдонулушу мүмкүн болгон учурларда, жана териштирүүгө таандык болгон маалыматка ээ болгондо, териштирүү боюнча орган бардык маалыматтарды териштирүү жүргүзүп жаткан мамлекетке берет.
§16. Каттоо мамлекетинин жана
эксплуатанттын мамлекетинин жоопкерчилиги
Борттогу өзү жазгычтар.
Авиациялык кырсыктар жана олуттуу инциденттер
77. Авиациялык кырсыктар же олуттуу инцидент орун алган аба кемеси окуя болгон жердин мамлекети болуп саналбаган жана ага карата Кыргыз Республикасы каттоо мамлекети же эксплуатанттын мамлекети болуп саналган мамлекетке конгон учурда, териштирүү боюнча орган териштирүү жүргүзүп жаткан мамлекеттин өтүнүчү менен, бул мамлекетке борттогу өзү жазгычтардын жазууларын, эгер зарыл болсо тийиштүү борттогу өзү жазгычтарды берет.
Каттоо мамлекети же эксплуатанттын мамлекети ушул Эрежелердин 77-пунктуна ылайык бул борттогу өзү жазгычтардын жазууларын издөө жана берүү ишинде кызматташуу туурасында башка бардык мамлекеттерден суроого укуктуу.
§17. Уюмдар жөнүндө маалымат
78. Кыргыз Республикасы АК нын каттоо мамлекети же эксплуатанттын мамлекети болуп саналат, жана териштирүү жүргүзүп жаткан мамлекеттин өтүнүчү боюнча териштирүү боюнча орган ишмердүүлүгү аба кемесин колдонууга таасирин түз же кыйыр тийгизиши мүмкүн болгон бардык уюм туурасында тийиштүү маалыматты берет.
§18. Териштирүүгө катышуу
79. Ушул Эрежелер, кандайдыр бир мамлекеттин ыйгарым укуктуу өкүлү же кеңешчилери дайыма териштирүү жүргүзүп жаткан мамлекетте калышын карабайт.
§19. Каттоо мамлекетинин, эксплуатанттын мамлекетинин, иштеп чыгуучунун мамлекетинин жана – даярдоочу-мамлекеттин катышуусу.
Укугу
80. Ар бир каттоо мамлекети, эксплуатанттын мамлекети, иштеп чыгуучунун мамлекети ушул эрежелер тарабына аныкталган тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлүп жаткан же башка мамлекеттин аймагында Кыргыз Республикасы тарабынан жүргүзүлүп жаткан авиациялык кырсыкты же инцидентти териштирүүгө катышуу үчүн ыйгарым укуктуу өкүлүн дайындай алат.
81. Иштеп чыгуучунун мамлекетинин жаа авиациялык кырсыктар же олуттуу инцидент болуп өткөн аба кемесинин күч орнотмолору же негизги агрегаттарын даярдоочу-мамлекеттин өтүнүчү боюнча, бул мамлекет тарабынан териштирүүдө катышууга уруксат берилет.
82. Каттоо мамлекети же эксплуатанттын мамлекети өзүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнө жардам катары сунушталган бир же бир нече кеңешчини дайындайт.
83. Каттоо мамлекети да, эксплуатанттын мамлекети да ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындабаган учурда, териштирүү боюнча органга териштирүү жүргүзүлүп жаткандарга караганда, аба кемесинин эксплуатанттын өкүлдөрүн катышууга чакырат.
84. Иштеп чыгуучунун мамлекети жана даярдоочу-мамлекет өзүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жардам көргөзүү үчүн, аба кемесинин акыркы чогултуу жана тибинин конструкциясы үчүн жоопкер болгон уюмдар тарабынан сунушталган бир же бир нече кеңешчини дайындоого укугу бар.
85. Иштеп чыгуучунун мамлекети да, даярдоочу мамлекет да ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындабаган учурда, териштирүү боюнча органга ушул эрежелерге ылайык аба кемесинин акыркы чогултуу жана тибинин конструкциясы үчүн жооптуу уюмдарды катышууга чакырат.
§20. Милдеттенмелер
86. Максималдык массасы 2250 кг дан ашкан аба кемеси менен болгон окуяга териштирүү жүргүзүп жаткан мамлекет Кыргыз Республикасын каттоо мамлекети, эксплуатанттын мамлекетин, иштеп чыгуучунун мамлекети же даярдоочу-мамлекет катары териштирүүгө катышууну суранат, териштирүү боюнча орган ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындайт.
87. Авиациялык кырсык же олуттуу инцидентти териштирүү боюнча орган аба кемесинин күч түзмөктөрүн же негизги агрегаттарын долбоорлогон же даярдаган мамлекетти ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындоону суранат, бул териштирүүгө басымдуу салым кошту деп саналганда же мындай катышуу коопсуздукту жогорулатууга алып келет деп саналганда болушу мүмкүн.
§21. Башка мамлекеттердин катышуусу.
Укугу
88. Кыргыз Республикасынын сурамжылоосу боюнча териштирүү үчүн маалымат, жабдуу же эксперттерди бере турган бардык мамлекет бул териштирүүгө катышуу үчүн ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындоого укугу бар.
89. Териштирүү боюнча орган авиациялык кырсык болгон жерде териштирүү жүргүзүү үчүн ыкчам базаны бере турган бардык мамлекетке сунуштай алат, же урандыларды издөө-куткаруучу операцияларга же алып чыгуу боюнча операцияларга катышат, же коддорду же альянсты биргелешип колдонуу боюнча эксплуатанттын өнөктөш-мамлекети болуп саналат, жада калса бул териштирүүгө катышуу үчүн ыйгарым укуктуу өкүлдү да дайындоо сунушталышы мүмкүн.
§22. Ыйгарым укуктуу өкүлгө укук берүү.
Кеңешчилер
90. Ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындоого укугу бар мамлекет, ошондой эле ага териштирүүгө жардам керүү үчүн бир же бир нече кеңешчини дайындоого да укуктуу.
Бул жобо териштирүүгө катышы бар кандайдыр бир мамлекетке тоскоолдук кылуу, бардык уюмдардан дагы квалификациялуу техникалык адистерди тартууга жана мындай эксперттерди алардын ыйгарым укуктуу өкүлү катары кеңешчи катары дайындоо максатына ээ эмес.
91. Ыйгарым укуктуу өкүлү, алардын кеңешчилери кирүү учурунда жана жабдууларды алып кирүүдө формалдуулукту жөнөкөйлөтүү «КРАЭ -9» «Формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү» Эрежесинде каралган. Расмий статусту күбөлөндүргөн паспорттун, же кызматтык паспорттун болушу кирүүчү формалдуулуктан өтүүнү тездете алат. Териштирүү менен алектенген персоналдын кирүүсү жана териштирүү жүргүзүү боюнча зарыл болгон жабдууларды алып кирүү авиациялык кырсыктарды териштирүү боюнча ыйгарым укуктуу орган жана иммиграциялык жана бажы ыйгарым укуктуу органдардын ортосунда макулдашууларды алдын ала түзүү жолу менен тездетилиши мүмкүн.
92. Ыйгарым укуктуу өкүлдөргө жардам берген кеңешчилерге алардын жетекчилиги алдында бул өкүлдөрдөн териштирүүгө натыйжалуу катышуусу үчүн зарыл болгон даражада териштирүүлөргө катышууга уруксат берилет.
§23. Катышуу
93. Катышуу териштирүү боюнча ыйгарым укуктуу жактын контролу алдында териштирүүнүн бардык аспекттеринде катышууга укук берет, анын ичинде:
а) авиациялык кырсык болгон жерге барууга;
б) урандыларды кароого;
в) күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн камтыган маалыматты алууга жана сурам тематикасын сунуштоого;
г) ишке таандык болгон буюм далилдерине толук жана тез жеткиликтүүлүктү берүүгө;
д) документтердин ишине таандык болгон бардык нускамаларды алууга;
е) маалыматты алып жүрүүчүлөрдүн жазууларын эсептөөгө катышууга;
ж) агрегаттарды, техникалык брифингдерди кароо сыяктуу авиациялык кырсык болгон жердин чегинен тышкары териштирүү боюнча иш чараларга катышуу, сыноо жана моделдештирүү;
з) териштирүүнү анализдөө корутундуларды, себептерди, өбөлгө берүүчү факторлорду жана коопсуздук боюнча сунуштарды топтоштуруу, менен байланышкан талкуулар менен чогуу, териштирүүнүн жүрүшү туурасында жыйындарга катышуу;
и) териштирүүнүн ар кандай элементтерине карата арыз берүү.
Каттоо мамлекети, эксплуатанттын мамлекети, иштеп чыгуучунун мамлекети жана даярдоочу мамлекети болуп саналбаган мамлекеттердин катышуусу, мындай мамлекеттерге ушул Эрежелердин 88-пунктуна ылайык териштирүүгө катыша турган мындай мамлекеттерге укук берген маселелер менен чектеле алат.
Эскертүү 1. Бул катышуунун формасы ушул Эрежелердин ченеми менен аныкталат.
Эскертүү 2. Маалыматты чогултууну жана жазууну ыйгарым укуктуу өкүлдүн келүүнүн күтүү менен артка жылдырууга болбойт.
Эскертүү 3. Ушул Эрежелер териштирүү жүргүзүп жаткан органга катышуу даражасын кеңейтүүгө жана жогоруда саналып өткөндөрдөн башка кошумча формаларды колдонууга тоскоолдук кылбайт.
Эскертүү 4. Бул ишке тиешеси бар, д) пунктчасында кеп болуп жаткан дегенде, жүргүзүлүп жаткан териштирүүнүн алкагында аткарылган териштирүү жана компоненттер туурасында отчеттор сыяктуу документтерди да түшүнүү керек.
§24. Милдеттенмелер
94. Ыйгарым укуктуу өкүлдөр жана алардын кеңешчилери:
а) териштирүү жүргүзүп жаткан мамлекетке бардык зарыл болгон маалыматтарды берет;
б) териштирүү жүргүзүп жаткан мамлекеттин макулдугусуз териштирүүнүн корутундулары жана жүрүшү туурасында маалыматты ачыкка чыгарбайт.
Бул пунктта эч нерсе териштирүү жүргүзүп жаткан мамлекети уруксат алган шартта фактыларды чектебейт, жана өзүнүн мамлекеттерине алар тараптан коопсуздукту камсыз кылуу боюнча тийиштүү чараларды кабыл алууга өбөлгө түзүү максатында маалымат берүүгө ыйгарым укуктуу өкүлдөргө чектөө койбойт.
§25. Жарандары курман болгон же олуттуу дене
жаракаттарын алган мамлекеттер.
Укуктар жана укуктарды берүү
95. Эгер Кыргыз Республикасынын аймагында болуп өткөн авиациялык кырсыктардын жыйынтыгында курман болгондордун же олуттуу дене жаракатын алгандардын арасында башка мамлекеттин жарандары болсо, анда бул мамлекеттин өтүнүчү менен бул мамлекетке эксперт дайындоого уруксат берет, аларга төмөнкү укуктарды берет:
а) авиациялык кырсык болгон жерге барууга;
б) териштирүү жүргүзүп жаткан мамлекет тарабынан жарыяланышы үчүн тийиштүү факты жүзүндөгү маалыматты жана териштирүүнүн жүрүшүндө алынган маалыматты алууга жеткилик алуу;
в) акыркы отчеттун нускасын алуу.
Бул аталган мамлекетке курмандыктарды таануу жана бул мамлекеттин тирүү калган жүргүнчүлөр менен жолугушуу уюштурууга тоскоолдук кыла албайт.
96. Териштирүү жүргүзүп жаткан мамлекетке териштирүүнүн биричи жылынын аралыгында, териштирүүнүн жүрүшү туурасында факты жүзүндөгү маалыматты өз убагында жарыялап турушу зарыл.
6-глава. Акыркы отчет
97. Авиациялык кырсыктар жана инциденттерди териштирүү туурасында акыркы отчеттун формасы ушул Эрежелердин 1-тиркемесинде айтылган. Бул форма окуянын же инциденттин жагдайларын эске алуу менен ыңгайлаштырылышы мүмкүн.
§1. Маалыматты чыгаруу
98. Кыргыз Республикасында бир дагы орган акыркы отчеттун же анын кандайдыр бир бөлүктөрүн, же башка бардык тараптан алынган башка бардык документтерди ага мамлекеттин же бул териштирүү жүргүзүп жаткан органдын атайын макулдугу жок долбоорду колдонууга жол берилбейт, буга мындай отчеттор де документтер жарыяланган же бул мамлекет тарабынан ачыкка чыгарылган учурлар кирбейт.
§2.Консультация
99. Териштирүү боюнча орган бул отчет боюнча өзүнүн олуттуу жана негизделген билдирүүлөрүн айтуу сунушу менен акыркы отчет долбоорун мүмкүн болушунча тезирээк жибериши керек:
а) териштирүүнү дайындаган мамлекетке:
Б) каттоо мамлекетине;
в) эксплуатанттын мамлекетине;
г) иштеп чыгуучунун мамлекетине;
д) өндүрүүчү-мамлекетке.
е) ушул Эрежелердин 5-главасынын жоболоруна ылайык, териштирүүгө катышкан башка бардык мамлекеттерге.
100. Акыркы отчеттун долбооруна болгон эскертүүлөр коштоочу катты алган күндөн баштап 60 күндүн аралыгында алынган болсо, бул эскертүүлөр же отчетко киргизилет, же эскертүү берген мамлекеттин каалоосу боюнча, алардын акыркы отчетуна тиркелет. Акыркы отчеттун долбооруна болгон эскертүүлөр коштоочу катты алган күндөн баштап 60 күндүн аралыгында алынбаган учурда, жооп, бул мөөнөттү узартуу отчеттун долбоорун жиберген мамлекет менен макулдашылган учурларда, отчет жарыялана алат.
101. Бул жободо эч нерсе териштирүү жүргүзүп жаткан мамлекетке тийиштүү маалымат, негизги каражаттарды берген же эксперттери териштирүүгө катышкан мамлекеттер менен консультация жүргүзүүгө тоскоолдук кыла албайт.
102. Акыркы отчетко тиркеле турган башка мамлекеттердин эскертүүлөрү, макулдашууга келе турган акыркы отчеттун редакциялык эмес конкреттүү техникалык отчетторуна таандык болгондор менен гана чектелет.
Алуучу мамлекет тарабынан териштирүү жүргүзүп жаткан мамлекетке акыркы отчеттун долбоорун жиберүү үчүн, факсималдык байланыш, электрондук почта, курьердик же мөөнөттүү почта жөнөтүүлөрү сыяктуу баарынан тез жана ыңгайлуу байланыш каражаттарын колдонуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу зарыл.
Коопсуздукту камсыз кылуу боюнча сунуштар акыркы отчеттун долбооруна киргизилиши керек.
103. Териштирүү боюнча орган эксплуатанттын мамлекети аркылуу эксплуатантка акыркы отчеттун долбоорунун бир нускасын жиберет, бул эксплуатант тарабынан акыркы отчеттун долбооруна эскертүүлөрдү берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында аткарылат.
104. Териштирүү боюнча орган иштеп чыгуучунун мамлекети же даярдоочу-мамлекет аркылуу акыркы отчеттун долбоорунун нускасын аба кемесин акыркы чогултуу жана типтин конструкциясы үчүн жооптуу уюмдарга жиберет, бул алар тарабынан акыркы отчеттун долбоору боюнча эскертүүлөрдү берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт.
§3. Акыркы отчетту алуучулар.
Алуучу-мамлекеттер
105. Териштирүү туурасында акыркы отчет териштирүү жүргүзүп жаткан мамлекетке жөнөтүлөт:
а) териштирүү дайындаган мамлекетке;
б) каттоо мамлекетине;
в) эксплуатанттын мамлекетине;
г) иштеп чыгуучунун мамлекетине;
д) өндүрүүчү-мамлекетке.
е) териштирүү жүргүзүп жаткан башка бардык мамлекетке;
ж) жарандары курман болгон же оор дене жаракаттарын алган бардык мамлекетке;
з) тийиштүү маалыматты негизги жабдууларды жана эксперттерди берген башка бардык мамлекетке.
§4. Акыркы отчетту жарыялоо
106. Авиациялык кырсыктарды алдын алуу кызыкчылыгы менен акыркы отчет мүмкүн болушунча тезирээк чыгарылат, жана мүмкүн болсо 12 айдын аралыгында акыркы отчетту жарыялайт.
Эскертүү. Акыркы отчетту жарыялоо аны Интернетке жайгаштыруу аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн, бул учурда акыркы отчетту кагаз жүзүндө жарыялоо милдеттүү эмес.
107. Эгер акыркы отчет авиациялык кырсык же инцидент болгон күндөн баштап 12 айдын аралыгында чыгарыла албаса, окуя же инцидент болгон күндөн баштап ар бир 12 айда ортодогу отчет чыгарылып турат, анда териштирүүнүн жүрүшү туурасында кеңири отчет берилет, анын ичинде учуулардын коопсуздугуна тийиштүү келип чыккан бардык маселелер туурасында маалыматтар бар
108. Эгер териштирүү жүргүзүп жаткан мамлекет акыркы отчетту жарыялабаса же ортодогу маалыматты акылга сыярлык мөөнөттүн ичинде жарыялабаса, анда териштирүүгө катышып жаткан башка мамлекеттер териштирүү жүргүзүп жаткан мамлекеттен, учуулардын коопсуздугуна тийиштүү келип чыккан маселелерди камтыган маалыматтарды, жана колдо бар маалыматтарды жазуу жүзүндө талап кылууга укуктуу. Эгер териштирүү жүргүзүп жаткан мамлекет так ачыкталган макулдук берсе же мындай сурамга 30 күндүн ичинде жооп бербесе, сурам жиберген мамлекет териштирүүгө катышып жаткан мамлекет менен координацияда мындай маалыматты жарыялашы керек.
109. Салмагы 5700 кг дан ашкан аба кемеси менен болгон авиациялык кырсык же инцидентти териштирүү боюнча орган акыркы отчетту чыгарат жана мындай акыркы отчеттун бир нускасын Жарандык авиациянын эл аралык уюмуна жиберет.
Эскертүү. Мүмкүн болушунча ИКАОго багытталган акыркы отчет орус тилинде жана ушул Эрежелердин 1-тиркемесинде көргөзүлгөн формада даярдалышы керек.
§5. Учуулардын коопсуздукту камсыз кылуу боюнча сунуштар
110. Авиациялык кырсык же инцидентти териштирүүнүн бардык этабында Кыргыз Республикасынын авиациялык кырсыктарын териштирүү боюнча орган же Кыргыз Республикасы бул ыйгарым укуктарды берген орган, тийиштүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кайра жиберилген даталанган катта сунуштайт, анын ичинде башка мамлекеттердин органдары, учуулардын коопсуздугун жогорулатуу үчүн тезинен кабыл алынышы керек болгон бардык эскертүүчү чаралар бар.
Эскертүү. Кыргыз Республикасынын авиациялык кырсыктарын териштирүү боюнча орган же Кыргыз Республикасы бул ыйгарым укуктарды берген органга териштирүүгө катышкан органдар менен , анын учуулардын коопсуздукту камсыз кылуу боюнча сунуштарынын долбоорлору боюнча консультация жүргүзүүгө эч нерсе чектей албайт, алар алардын сунуштарынын максаттуулугу жана натыйжалуулугуна карата өз эскертүүлөрүн айтышы керек.
111. Авиациялык кырсык же инцидентти териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча учуулардын коопсуздукту камсыз кылуу боюнча сунуштарды даярдоо артыкчылыгы териштирүү жүргүзүп жаткан мамлекетке берилет; бирок учуулардын коопсуздукту камсыз кылуу максатында териштирүүгө катышып жаткан башка мамлекеттер териштирүү жүргүзүп жаткан мамлекет менен координацияда учуулардын коопсуздукту камсыз кылуу боюнча сунуштарды даярдоого укугу бар.
Эскертүү. Учуулардын коопсуздукту камсыз кылуу боюнча сунуштардын долбоордун даярдоо боюнча аракеттердин натыйжалуу координациясы териштирүүгө катышып жаткан мамлекеттердин бири бирине каршы келген учуулардын коопсуздукту камсыз кылуу боюнча сунуштарды чыгаруусунун алдын алат.
112. Териштирүү боюнча орган, бул максаттуу болгон учурда, жүргүзүлгөн териштирүүлөрдүн натыйжасында иштелип чыккан учуулардын коопсуздукту камсыз кылуу боюнча сунуштады даталанган кайра коштоочу кат менен эгер алар ИКАО нун документтерине тийиштүү болсо, башка тийиштүү мамлекеттин (мамлекеттердин) авиациялык кырсыктарды териштирүү боюнча ыйгарым укуктуу органдарга даректейт.
Эскертүү. Акыркы отчеттор ИКАОго жиберилген Учуулардын коопсуздукту камсыз кылуу боюнча сунуштарды камтыган учурда, алар ИКАО документтерине таандык болгондуктан, бул отчетторго сунушталган конкреттүү аракеттерди келтирүү менен кат тиркелиши керек.
113. Учуулардын коопсуздукту камсыз кылуу боюнча сунуштарды чыгарган, Кыргыз Республикасынын инциденттерин териштирүү боюнча орган глобалдык мааниге ээ (SRGC), ИКАО го мындай сунуштарды чыгаруу туурасында, ошондой эле SRGC ИКАОго даректелбеген учурда да алар тарабынан кабыл алынган чаралар жөнүндө даталанган кайра коштоочу кат менен маалымат берет.
Эскертүү. SRGC жана кабыл алынган чаралар жөнүндө маалымат ИКАОнун жалпы жеткиликтүү борбордук маалыматтар базасында катталат.
§6. Учууларды коопсуздугун камсыз кылуу боюнча сунуштарга байланыштуу чаралар
114. Териштирүү боюнча орган башка мамлекеттин териштирүү боюнча органынан учуулардын коопсуздукту камсыз кылуу боюнча сунуштарды же эскертүүчү чараларга тийиштүү башка сунуштарды алган учурда, кайра коштоочу катты чыгарган күндөн баштап 90 күндүн аралыгында бул органга кабыл алынган же каралып жаткан эскертүүчү чаралар же мындай чараларды кабыл албоо себептери туурасында маалымат берет.
Эскертүү. Кыргыз Республикасынын териштирүү боюнча органына же Кыргыз Республикасы бул ыйгарым укукту берген органга, учуулардын коопсуздукту камсыз кылуу боюнча сунуштардан башка эскертүүчү чараларга карата сунуштарды киргизүүгө нерсе жолтоо боло албайт.
115. Учуулардын коопсуздукту камсыз кылуу боюнча сунуштарды чыгарган Кыргыз Республикасынын же башка бардык мамлекеттин авиациялык кырсыктар жана инциденттерди териштирүү боюнча органы алар тарабынан даярдалган учуулардын коопсуздукту камсыз кылуу боюнча сунуштарды аткаруу боюнча чараларды каттоо процедурасын аткарат, алар туурасында маалымат ушул Эрежелердин 114-пунктуна ылайык алынган.
116. Кыргыз Республикасынын авиациялык кырсыктар жана инциденттерди териштирүү боюнча орган, коопсуздукту камсыз кылуу боюнча сунуштарды алгандан кийин, учуулардын коопсуздукту камсыз кылуу боюнча сунуштарды аткаруу боюнча аракеттерди көзөмөлдөө үчүн контроль процедурасын аткарат.
7-глава ADREP отчеттуулугу
117. ADREP (Accident Data Report) тутуму боюнча отчет берүү формасы 1 тиркемеде айтылган, ал эми билдирүү схемасы ушул Эрежелердин 2-тиркемесинде айтылган. Зарыл болгон учурда, ADREP отчету бардык өзүнчө авиациялык кырсык же инциденттин төмөнкү түрү боюнча түзүлүшү мүмкүн:
1) алдын ала отчет;
2) авиациялык кырсыктар/инцидент туурасында маалыматтык отчет.
§1. Алдын ала отчет
Салмагы 2250 кг дан ашкан аба кемелери менен болгон окуялар
118. Максималдык массасы 2250 кг дан көп болгон аба кемеси менен болгон окуядан кийин, териштирүү боюнча орган алдын ала отчет жиберет:
а) жагдайга жараша каттоо мамлекетине же окуя болгон жердин мамлекетине;
б) эксплуатанттын мамлекетине;
в) иштеп чыгуучунун мамлекетине;
г) өндүрүүчү-мамлекетке;
д) тийиштүү маалыматты негизги жабдууларды же эксперттерди берген башка бардык мамлекетке;
е) Жарандык авиациянын эл аралык уюмуна.
§2. Алдын ала отчет.
Салмагы 2250 кг же андан аз аба кемелери менен болгон
Окуялар
119. Ушул Эрежелердин 118-пунктуна эске алынбаган кандайдыр бир аба кемеси менен кырсык болгон учурда, маселе учуу жарактуулугу башка мамлекеттердин кызыкчылыгына тийиштүү болгон маселелер камтылса, териштирүү боюнча орган алдын ала отчет жиберет:
а) жагдайга жараша каттоо мамлекетине же окуя болгон жердин мамлекетине;
б) эксплуатанттын мамлекетине;
в) иштеп чыгуучунун мамлекетине;
г) өндүрүүчү-мамлекетке;
д) тийиштүү маалыматты негизги жабдууларды же эксперттерди берген башка бардык мамлекетке.
120. ADREP отчету териштирүү боюнча орган тарабынан түзүлөт жана орус тилинде берилет.
121. Алдын ала отчет алуучу тарабынан факсималдык байланыш, электрондук почта, курьердик же мөөнөттүү почта жөнөтүүлөрү сыяктуу баарынан тез жана ыңгайлуу байланыш каражаттарын колдонуу менен авиациялык кырсыктар болгон учурдан 30 күндүн аралыгында жиберилет, эгер бул учурда авиациялык кырсыктар/инцидент тууралуу маалыматтык отчет жиберилбесе. Бул коопсуздукту камсыз кылуу боюнча маселелерге тийиштүү болгон учурда, алдын ала отчет баарынан ыңгайлуу жана тез каражат байланышы аркылуу маалымат алаары менен дароо жиберилет.
§3. Авиациялык кырсыктар/инцидент туурасында маалыматтык отчет.
Териштирүү жүргүзүп жаткан мамлекеттин жоопкерчилиги.
Салмагы 2250 кг дан ашкан аба кемелери менен болгон окуялар
122. Кырсык болуп өткөн аба кемесинин максималдык массасы 2250 кг ды түзгөн учурда, териштирүү боюнча орган териштирүүдөн кийин авиациялык кырсыктар туурасында маалыматтык отчетту Жарандык авиациянын эл аралык уюмуна (ИКАО) жиберет.
§4. Кошумча маалыматтар
123. Териштирүү боюнча орган сурам боюнча башка мамлекеттерге авиациялык кырсыктар/инцидент туурасында маалыматтык отчетто камтылган тийиштүү маалыматты берет, бул Учуулардын коопсуздугу туурасында маалыматтарды коргоого карата ушул Эрежелердин талаптарын кармаган шартта.
§5. Авиациялык кырсыктар/инцидент туурасында маалыматтык отчет
Териштирүү жүргүзүп жаткан мамлекеттин жоопкерчилиги. Салмагы 5700 кг дан ашкан аба кемелери менен болгон инциденттер
124. Эгер териштирүү боюнча орган максималдык массасы 5700 кг дан ашкан аба кемеси менен болгон инцидентке териштирүү жүргүзүп жатса, анда териштирүүдөн кийин Жарандык авиациянын эл аралык уюмуна бул инцидент туурасында маалыматтык отчет жиберет.
Эскертүү. Авиациялык кырсыктардын алдын алууну териштирүү көз карашынан алып караганда, Жарандык авиациянын эл аралык уюму үчүн негизги кызыкчылыкты жараткан инциденттердин типтери ушул Эрежелердин 3-тиркемеде келтирилген.
8- глава. Авиациялык кырсыктардын алдын алуу
Эскертүү. Ущул главанын жоболоруна толуктоо катары учуулардын коопсуздугу боюнча өкмөттүк программанын (УКӨП) алкагында учуулардын коопсуздугу боюнча маалыматтарды чогултуу жана анализдөө жолу менен авиациялык кырсыктардын алдын алууга көмөктөшүү менен байланышкан башка жоболор КРАЭ-19 «Учуулардын коопсуздугун башкаруу» Эрежесине киргизилген, жана алар ушул Эрежелерге колдонулат.
§1. Маалыматтар базасы жана эскертүүчү чаралар
125. Териштирүү боюнча орган учуулардын коопсуздугун камсыз кылууну жана бардык зарыл болгон эскертүүчү чараларды аныктоону камсыз кылууда факты жүзүндө же потенциалдык кемчиликтер туурасында натыйжалуу анализ жүргүзүүгө жардам көргөзүү максатында авиациялык кырсыктар жана инциденттер туурасында маалыматтар базасын жүргүзөт.
Эскертүү. Эскертүүчү чараларды иштер чыгуу үчүн зарыл болгон кошумча маалымат авиациялык кырсыктар жана инциденттерди териштирүү жүргүзүү туурасында акыркы отчетто камтылышы мүмкүн.
126. Учууларды камсыз кылуу тармагында өз милдеттерин аткарууда көмөк көргөзүү максатында ППБП киргизүү үчүн жооп берген мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарына, ушул Эрежелердин 125-пунктунда эске алынган авиациялык кырсыктар жана инциденттер туурасында маалыматтар базасына жеткилик алышы керек.
Эскертүү. Авиациялык кырсыктар жана инциденттер туурасында маалыматтар базасы учуулардын коопсуздугу туурасында маалыматтар базасына киргизилиши мүмкүн, ал өзүнчө база же бир нече маалыматтар базасы болушу мүмкүн. Учуулардын коопсуздугу туурасында маалыматтар базасына таандык болгон кошумча жоболор КРАЭ-19 «Учуулардын коопсуздугун башкарууда» Эрежесинде камтылган. Кошумча инструктивдүү көрсөтмөлөр да Учуулардын коопсуздугун башкаруу боюнча колдонмодо (УКККК) камтылган (Doc 9859 – ICAO).
127. Авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди териштирүүнүн жыйынтыгынан келип чыккан учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча сунуштардан башка, коопсуздукту камсыз кылуу боюнча сунуштар ар кандай булактардан, анын ичинде учуулардын коопсуздукту камсыз кылуу боюнча териштирүүдөн келип чыгышы мүмкүн. Эгер учуулардын коопсуздукту камсыз кылуу боюнча сунуштар башка мамлекеттеги уюмдарга даректелген болсо, ал бул мамлекеттин авиациялык кырсыктарды териштирүү менен алектенген органына даректелет.
1-тиркеме
Акыркы отчеттун формасы
Бул форманы киргизүүнүн максаты болуп акыркы отчеттун формасын ыңгайлуу жана бирдей формада берүү болуп эсептелет.
Акыркы отчеттун ар бир бөлүмүн толтуруу боюнча кеңири инструктивдүү материал Кыргыз Республикасынын авиациялык кырсыктар жана инциденттерди териштирүү боюнча Колдонмосунда камтылган.
§1. Аталышы
Аталышы төмөнкүлөрдү камтыйт:
1. Эксплуатанттын аталышы;
2. Аба кемесинин өндүрүүчүсү, тиби/үлгүсү, сериялык номери, өндүрүлгөн күнү, улуттук жана каттоо белгилери;
3. Авиациялык кырсык же инцидент болгон жер жана күнү;
4. Окуянын түрү (авиациялык кырсыктар, инцидент, олуттуу инцидент).
§2. Синопсис
Синопсис төмөнкүлөргө карата бардык тийиштүү маалыматты кыскача билдирүүнү камтыйт:
1. Улуттук жана чет элдик бийликтин авиациялык кырсыктары туурасында билдирүүчү;
2. Авиациялык кырсыктарды териштирүү боюнча орган жана ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк;
3. Териштирүү уюмдары;
4.Отчетту чыгарган органдар жана аны жарыялаган күн;
5. Авиациялык кырсыка алып келе турган жагдайлар.
§3. Негизги бөлүгү
Акыркы отчеттун негизги бөлүгү төмөнкү негизги бөлүктөрдөн турат:
1. Факты жүзүндөгү маалымат.
2. Талдоо.
3. Корутунду
4. Коопсуздук боюнча сунуштар.
Кошуу. Зарылдыгына жараша кошулат.
Эскертүү. Бул форманы колдонуу менен акыркы отчетту түзүү учурунда, төмөнкүлөрдү алдын ала кароо керек:
факты жүзүндөгү маалыматты, талдоону жана корутундуну түшүнүүгө таандык болгон баардык маалыматтар ар бир тийиштүү бөлүмдө чагылдырылган:
«Факты жүзүндөгү маалымат» - 1 бөлүмүндө келтирилген кандайдыр бир пунктка карата маалымат жок болгон учурда же бул авиациялык кырсыкка алып келген жагдайларда тиешеси жок болсо, бул туурасында эскертүү тийиштүү бөлүмгө киргизилет.
§4. Факты жүзүндөгү маалымат
1. Учуунун тарыхы
1.1. Кыскача сүрөттөмө төмөнкүдөй маалыматтарды камтышы керек:
- рейстин номерин;
- эксплуатациянын түрү;
- жөнөтүүнүн акыркы пункту;
- жөнөтүү убактысы (жергиликтүү убакыт же UTC);
- конуунун белгиленген пункту;
- учууга даярдык;
- авиациялык кырсыкка алып келген окуяларды жана учууларды сүрөттөө, анын ичинде, эгер мүмкүн болсо учуунун траекториясынын басымдуу бөлүгүн калыбына келтирүү;
- жайгашкан жери (кеңдик, узундук, бийиктиги);
- авиациялык кырсыктын убактысы (жергиликтүү убакыт же UTC), күн же түн.
2. Дене жаракаттары
2.1. Кийинки бланк толтурулат (сан менен):
Дене жаракаттары | Экипаж | Жүргүнчүлөр | Башка жактар |
Өлүм натыйжасы менен |
|
|
|
Олуттуу |
|
|
|
Азыраак / жок |
|
|
|
Эскертүү. Өлүм натыйжасы менен дене жаракаттары авиациялык кырсыктын убагында келтирилген дене жаракаттарынын түз натыйжасы катары аныкталган бардык өлүм учурларын камтыйт.
3. Аба кемесинин жабыркашы
3.1. Авиациялык кырсыктын убагында аба кемеси тарабына алынган жабыркоонун даражасын кыскача сүрөттөө (талкаланды, олуттуу жабыркады, аз эле жабыркаган, жабыркаган жок).
4. Башка жабыркоолор
4.1. Аба кемесинен тышкары башка объекттер тарабынан келтирилген жабыркоолордун кыскача сүрөттөлүшү.
5. Персонал туурасында маалымат:
5.1. Учуу экипажынын ар бир мүчөсү туурасында тийиштүү маалымат, анын ичинде:
- жаш курагы;
- квалификациялык белгилердин күбөлүктөрүнүн жарактуулугу;
- милдеттүү текшерүүлөр;
- медициналык күбөлөндүрүү туурасында маалыматтар:
- учуу тажрыйбасы (жалпы жана аба кемесинин бул тибинде);
- иш убактысы туурасында тийиштүү маалымат;
5.2. Экипаждын башка мүчөлөрүнүн иш тажрыйбасы жана квалификациясы туурасында кыскача маалымат;
5.3. Зарыл болгон учурда башка персоналга карата тийиштүү маалымат.
6. Аба кемеси туурасында маалымат
6.1. Аба кемесинин учуу жарактуулугу жана техникалык тейлениши туурасында кыскача маалыматтар, анын ичинде учууга чейин белгилүү болгон жана учуу убагында белгилүү болгон, эгер алар авиациялык кырсыкка кандайдыр бир тиешеси болсо;
6.2. Эгер зарыл болгон техникалык мүнөздөмөлөр туурасында, жана авиациялык кырсык болгон учурда, учуунун этабынын чегинде аныкталган борбор жана салмагы болгону туурасында кыскача маалыматтар. Эгер бул чектер кармалбаган болсо, жана эгер бул авиациялык кырсыкка тиешеси бар болуп, аба кемесинин бортунда жүктү жайгаштыруу туурасында кеңири маалыматты көргөзүп турса:
6.3. Колдонулган күйүүчү майдын тиби.
7. Метеорологиялык маалымат
7.1. Бул жагдайларда метеорологиялык шарттар туурасында, анын ичинде аба ырайы жана факты жүзүндөгү шарттар менен бирге кыскача маалымат, ошондой эле экипаждагы метеорологиялык маалыматтын болушу;
7.2. Авиациялык кырсыктын убагында табигый жарык берүү шарттары, мисалы, күндүн жарыгы, ай жарыгы, күүгүм жана мындай жарык кылуунун башка шарттары.
8. Навигациялык каражаттар
8.1. Колдо бар навигациялык каражаттар туурасында маалыматтар, анын ичинде приборлор боюнча кондуруу тутуму катары конуучу каражаттар (ILS - Instrument Landing System), кондуруунун микротолкундуу тутуму (MLS - Microwave Landing System), кыймылга келтирүүчү радиолокатор (ККРС), кондуруучу радиолокатор (КРЛ), өтө жогорку жыштыктагы бардык жакка багытталган азимуталдык радиомаяк (VOR -Omni-directional Radio Range), визуалдык жер үстүндөгү каражаттар жана башка навигациялык каражаттар;
8.2. Кырсык убагында навигациялык каражаттар туурасында маалыматтар.
9. Байланыш
9.1. Авиациялык электр байланышынын кыймылдуу жана катталган кызматы жана анын натыйжалуулугу туурасында тийиштүү маалымат.
10. Аэродром туурасында маалымат
10.1. Эгер авиациялык кырсык же инцидент аэродромдо же анын чегинде орун алса, аэродром, анын жабдуулары жана абалы, учуу же конуу аймагы туурасында тийиштүү маалымат.
11. Борттогу өзү жазгычтар
11.1. Аба кемесиндеги борттогу өзү жазгычтарынын жайгашуусу, алардын табылгандан кийин абалы жана алардын жардамы менен алынган тийиштүү маалыматтар.
12. Урандылар жана сокку туурасында маалымат
12.1. Авиациялык кырсыктын орду туурасында жана аба кемесинин урандыларынын чачыроо мүнөзү туурасында жалпы маалыматтар;
12.2. Аба кемесинин тутумдарынын табылган бузуктары же агрегаттын бузуктары туурасында маалыматтар;
12.3. Аба кемесинин ар кандай урандыларынын жайгашкан жерин жана абалына таандык болгон майда-чүйдөсү, эгер бет же обьект менен кагылышканга чейин аба кемесинин талкаланган фактысын аныктоо менен байланышкан болсо;
12.4. Диаграммалар, схемалар жана сүрөттөр, эгер алар «Толуктоолор» бөлүмүнө киргизилген болсо.
13. Медициналык жана патологиялык маалыматтар
13.1. Жүргүзүлгөн териштирүүлөр жана бул учурда табылган тийиштүү маалыматтардын кыскача сүрөттөлүшү.
14. Өрт
14.1. Өрт болгон учурда окуянын мүнөздөрү туурасында, ошондой эле колдонулуп жаткан өрткө каршы жабдуу жана анын натыйжалуулугу туурасында маалымат берүү.
15. Тирүү калуу факторлору
15.1. Алынган дене жаракаттарына байланыштуу экипаждын мүчөлөрү жана жүргүнчүлөрдүн жайгашкан жерин, издөөнү жана куткарууну, эвакуациялоону кыскача сүрөттөлүшү, байлоочу курлардын кулпуларын жана бекемдөө түйүндөрүнүн орундуктары сыяктуу аба кемесинин элементтеринин жабыркашы.
16. Сыноолор жана териштирүүлөр
16.1. Сыноолор жана териштирүүлөрдүн кыскача сүрөттөлүшү
17. Уюмдар жана административдик ишмердүүлүк туурасында маалымат
17.1. Аба кемесин эксплуатациялоого мамилеси бар уюмдар туурасында тийиштүү маалымат. Бул уюмдар өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- эксплуатантты;
- аба кемесин тейлөө органы;
- учууларды аэронавигациялык, аэродромдук, метеорологиялык, издөө-куткаруучу, авариялык жана башка жер үстүндөгү камсыз кылуу кызматтары;
- авиациялык коопсуздук кызматтары;
- аба кемесинин учууларын эксплуатациялоо, тейлөө же камсыз кылууга мамилеси бар бардык башка кызматтар же уюмдар; ошондой эле тийиштүү ыйгарым укуктуу органдар.
17.2. Уюмдар жөнүндө маалымат төмөнкүлөр туурасында маалыматтарды камтышы мүмкүн:
- уюштуруучу түзүм:
- кызматы, ыйгарым укуктары, ресурстар, экономикалык / каржы абалы;
- административдик саясат жана практика; ошондой эле
- ченемдик база.
18. Кошумча маалымат
18.1. Мурдагы бөлүмдөргө киргизилбеген тийиштүү маалыматтар.
18.2. Окуяны териштирүү жүргүзүү учурунда аткарылган иштер.
19. Териштирүүнүн жаңы же натыйжалуу ыкмалары
19.1. Эгер мындай болсо, териштирүүнүн жаңы ыкмаларын пайдалануу негиздемеси жана кыскача маалыматтар кошулат, ошондой эле отчеттун тийиштүү бөлүмдөрүндө бул ыкмалар колдонулат.
§5 Анализ
1. Зарыл болгон учурда, §4 «Факты жүзүндөгү маалымат» көргөзүлгөн маалыматтар гана корутундуларды иштеп чыгуу жана себептерди орнотууга таандык.
§6. Корутунду
1 .Териштирүүнүн жүрүшүндө аныкталган жагдайларды жана себептерди санап өтүү, анын ичинде түздөн түз себептер да, азыраак көрүнгөн тутумдуу факторлор да бар.
§7. Коопсуздукту камсыз кылуу боюнча сунуштар.
1. Эгер зарыл болсо, авиациялык кырсыктардын алдын алууга багытталган бардык сунуштарды кыскача билдирүү, жана мунун натыйжасында, оңдоо боюнча чараларды кабыл алуу.
§8. Кошуу
1. Отчетту колдонуу үчүн зарыл болуп саналган сакталып калган аудиовизуалдык маалыматты же документтерди, башка бардык тийиштүү маалыматты кошуу же тиркөө.
2 - тиркеме
Отчетту берүүнүн жана билдирүүнүн.
СХЕМАСЫ
1. Авиациялык кырсыктар, олуттуу инциденттер же териштирүүгө тийиш болгон инциденттер туурасында билдирүү
Ким тарабынан жиберилет | Карата | Кимге жиберилет | Пункт 1944-жылдагы Эл аралык жарандык авиация туурасында конвенциянын 13-тиркемеси |
териштирүү боюнча орган, Кыргыз Республикасы Окуя болгон жердин мамлекети болуп саналат. | Башка мамлекетте катталган Аба кемелери | - Каттоо мамлекети. -Эксплуатанттын мамлекети; - Иштеп чыгуучунун мамлекети. - Даярдоочу-мамлекет. ИКАО (Салмагы 2250 кг дан ашкан аба кемелери) же ал турбоактивдүү учак болуп саналат. | 4.1. |
Териштирүү боюнча орган, Кыргыз Республикасы окуя болуп саналган мамлекети болуп саналган учурда. | Салмагы 2250 кг дан ашкан аба кемелери, жана жогоруда көргөзүлбөгөн | -Эксплуатанттын мамлекети; - Иштеп чыгуучунун мамлекети. - Даярдоочу-мамлекет. ИКАО (Салмагы 2250 кг дан ашкан аба кемелери) | 4.8. |
2. Акыркы отчет
ким тарабынан: жөнөтүлөт | Отчеттун тиби | Карата | Кимге жөнөтүлөт | 1944-жылдагы Эл аралык жарандык авиация туурасында конвенциянын 13-тиркемесинин пункту |
Териштирүү боюнча орган, Кыргыз Республикасы Окуя болгон жердин мамлекети болуп саналат, ал териштирүү жүргүзөт. | Акыркы отчет | Бардык аба кемелери | - териштирүү дайындаган мамлекетке; - Каттоо мамлекети. -Эксплуатанттын мамлекети; - Иштеп чыгуучунун мамлекети. - Даярдоочу-мамлекет. - Өлүм учурларынын кесепетинде кызыкчылык көргөзгөн мамлекет; - Териштирүүгө катышкан мамлекет; - Маалыматты, негизги жабдууну же эксперттерди сунуштаган мамлекети | 6.4. |
Салмагы 5700 кг дан ашкан аба кемелери | ИКАО | 6.7. |
3. ADREP отчеттуулугу
ким тарабынан: жөнөтүлөт | Отчеттун тиби | Карата | Кимге жөнөтүлөт | Пункт 13 тиркеме 1944-жылдагы Эл аралык жарандык авиация туурасында конвенция |
Териштирүү боюнча орган, Кыргыз Республикасы териштирүү жүргүзүп жаткан мамлекет болуп саналат. | Алдын ала отчет | Салмагы 2250 кг дан ашкан аба кемелери менен болгон авиациялык кырсык | - Каттоо мамлекети же окуя боло жердин мамлекети; -Эксплуатанттын мамлекети; - Териштирүүгө катышкан мамлекет - Иштеп чыгуучунун мамлекети. - Даярдоочу-мамлекет. - Маалыматты, негизги жабдууну же эксперттерди сунуштаган мамлекети - ИКАО | 7.1. |
| Салмагы 2250 кг дан ашкан же андан аз аба кемелери менен болгон окуялар, эгер бул учуу жарактуулуну же башка мамлекеттер үчүн кызыкчылык жараткан маселелер менен байланышса. | Жогоруда көргөзүлгөн тараптар, ИКАОдон башка | 7.2. | |
Авиациялык кырсык туурасында маалыматтык отчет. | Салмагы 2250 кг дан ашкан аба кемелери менен болгон авиациялык кырсык | ИКАО | 7.5. | |
| Авиациялык инцидент туурасында Маалыматтык отчет | Салмагы 5700 кг дан ашкан аба кемелери менен болгон инциденттер | ИКАО | 7.7. |
4. Авиациялык кырсыктардын алдын алуу
Ким тарабынан жөнөтүлөт | Отчеттун тиби | Карата | Кимге жөнөтүлөт | Пункт 1944-жылдагы Эл аралык жарандык авиация уюму туурасында Конвенциянын 13-тиркемеси |
Териштирүү боюнча орган, Кыргыз Республикасы териштирүү жүргүзгөн мамлекет болуп саналат. | Башка | мамлекеттердин кызыкчылыгын жараткан деп саналган маселелер Башка | кызыкдар мамлекеттер | 8.7. |
Териштирүү боюнча орган, Кыргыз Республикасы коопсуздук боюнча сунуштарды иштеп жаткан мамлекет болуп саналат. | Коопсуздук боюнча сунуштар | Башка мамлекеттер үчүн сунуштар | Аталган мамлекетте авиациялык кырсыктарды териштирүү боюнча ыйгарым укукту орган | 6.8. 8.3. |
|
| ИКАО документтери | ИКАО | 6.9. |
3-тиркеме
Олуттуу инциденттердин мисалдарынын тизмеси
1. «Олуттуу инцидент» термини 1-главада төмөнкүдөй аныкталган:
Олуттуу инцидент. Жагдайлары авиациялык кырсыктар болушу мүмкүн деген жогорку шек жараткан инцидент, учурулуп жаткан аба кемесинде кандайдыр бир адам учуу үчүн аба кемесинин бортуна көтөрүлгөн учурдан баштап, борттогу адамдардын баары аба кемесин таштап кеткен учурга чейин орун алса, же болбосо, учкучсуз аба кемеси болгон учурда аба кемеси учууну аткаруу үчүн ордунан жылууга даяр болгон учурдан баштап, учуунун аягында ал токтогон жана негизги күч түзмөктөрү токтотулганга чейин болуп өтөт.
2. Авиациялык кырсыктардын жогорку болуу мүмкүндүгү, авиациялык кырсыктарда инциденттин алдын алууга мүмкүндүк берген, учуулардын коопсуздугун камсыз кылуунун сакталып калган коргоочу механизмдеринин саны жетишсиз болуп саналган учурда же мындай механизмдер жок болгон учурда келип чыгат. Мындай кырдаалды табуу үчүн инциденттин эскалациясынын мүмкүн болгон сценарийин эске алган тобокелдиктин кийинки окуялуу талдоосун жүргүзөт, ошондой эле инциденттин потенциалдуу авиациялык кырсык болуп калбашына мүмкүндүк бербеген коргоочу механизминин натыйжалуулугун эске алышы керек.
1) бул инцидент авиациялык кырсык болуп калышы мүмкүн болгон сценарийдин болушу туурасында маселени кароо;
2) инциденттин авиациялык кырсык болуп калышына мүмкүндүк берген сакталып калган коргоочу механизмдерди төмөнкү катары баалоо:
- натыйжалуу - коргоонун бир нече механизмдери сакталып калган учурларда жана авиациялык кырсык үчүн бир убактагы баш тартуу керек болгон учурда: же
- чектелген - коргоочу механизмдердин жетишсиз саны сакталып калган учурда же алар жок болгондо, же авиациялык кырсыктан качууга мүмкүн болбогон учурда.
Инцидентке потенциалдык авиациялык кырсык болуп калуусуна мүмкүндүк бербеген, сакталып калган коргоочу механизмдердин санын, ошондой эле ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу. Иштебей калган коргоочу механизмдер эске алынбашы керек жана иштелип чыккан, ошондой эле бардык андан кийинки жана бардык колдонуудагы коргоочу механизмдерди гана каралышы керек.
Эскертүү 1. Баарынан мүмкүн болгон сценарий потенциалдык авиациялык кырсыктын натыйжасында дене жаракаттарын жана/же зыяндын чыныгы баасын чагылдырат.
Эскертүү 2. Коргоочу механизмдер экипажды, аны окутууну жана процедураларды, АКБ (аба кемесин башкаруу), авариялык сигнализация тутуму (аба кемесинин чегинде жана чегинен тышкары), борттук тутумдар жана резервдөө тутумдары, аба кемелеринин конструкциясы жана аэродромдук инфраструктураны камтыйт.
Бул эки баанын айкалышы кандай инциденттер болуп саналаарын аныктоого жардам берет:
| б) Сакталып калган коргоочу механизмдер, алар инцидентке потенциалдуу авиациялык кырсык болууга мүмкүндүк бербейт. | ||
| Натыйжалуу | Чектелген | |
Баарынан мүмкүн болгон сценарий | Авиациялык кырсык | Инцидент | Олуттуу инцидент |
Авиациялык кырсыктын жоктугу | Инцидент | ||
3. Төмөндө сүрөттөлгөн инциденттер олуттуу категориясына киргизүүгө мүмкүн болгон инциденттердин мисалдары болуп саналат.Бирок, бул тизме акыркы болуп саналбайт жана кырдаалга жараша, тизмеде көргөзүлгөн элементтер «олуттуу инцидент» категориясына киргизилбеши мүмкүн, эгер инцидентке мүмкүн болгон сценарий боюнча өнүгүүгө мүмкүндүк бербеген натыйжалуу коргоочу механизмдер сакталып калса.
Кагылышуунун жана коркунучтуу кырдаалдын алуу үчүн четтөө маневри талап кылынган учурда, же четтөө боюнча аракеттерди кабыл алуу максаттуу болгон учурда коркунучтуу жакындоолор.
Авиациялык кырсык катары классификацияланбаган кагылышуулар.
Оң аба кемесинин жер менен кагылышынан араң качып кутулууга мүмкүн болгон кырдаал.
Жабык же бош эмес учуучу-конуучу тилке (УКТ) менен үзүлгөн учуулар, РЖ1 (рулеждик жолчо) же дайындалган УКТ (тик учмалардын санцияланган учууларынан башка).
Жабык же бош эмес УКТ менен үзүлгөн учуулар, РЖ1 же дайындалган УКТ (тик учмалардын санкцияланган учууларынан башка).
Жабык УКТ, УКТ тарабынан дайындалган РД1 же автомобилдик жолдор сыяктуу аргасыз конуучу жайларга конуулар же конууга жасалган аракеттер.
Авиациялык кырсык катары классификацияланбаган, жыйналган шассиси менен шассинин мамысын бүктөө.
______________________________________
1 Тик учмалардын санкцияланган учууларынан башка Аба кемесинин киши отура турган бөлүгүндө же башка бардык бөлүгүндө, бул авиациялык кырсык катары классификацияланбаганда канатынын учу менен конуу.
Учуу учурунда күүлөнүү убагында же бийиктикти топтоонун баштапкы бөлүгүндө талап кылынган мүнөздөмөлөргө жетүүнүн ачык жөндөмсүздүгү.
Өрт же экипаждын кабинасында, жүргүнчүлөрдүн салонунда, жүк салган бөлүктө, адамдын жашоосу үчүн уулуу же коркунучтуу болгон түтүндүн же кыймылдаткычтын өртүнүн пайда болушу, алар өрттү өчүргөн заттардын жардамы менен өчүрүлгөн.
Учуудагы пассажирдик салондун герметизациясын чечүү, анда учуучу экипаждын мүчөлөрү авариялык кычкылтекти колдонуу талап кылынган.
Авиациялык кырсыктар катары классификацияланбаган, газ турбина кыймылдаткычтарынын локалдашпаган баш тартуулары менен бирге, кыймылдаткычты бузуу же аба кересин талкалоо учурлары. Мисалы:
- кыймылдаткычтын капотун жоготуу (желдеткич же негизги контур) же аба кемесинин андан ары жабыркашына алып келбеген реверсивдүү түзмөктөрдүн элементтери;
- компрессордун калакчалары же турбиналар же кыймылдаткычтын башка ички элементтери кыймылдаткычтын түтүн чыгаруучу түтүгү аркылуу ыргытылган окуялар;
- радиолокатордун обтекателинин бузулушу же жоголушу, учууда эшиктердин, люктардын, траптардын, обтекателдердин капотторунун жулунуп же ачылып кетиши, эгер бул конструкциянын же тутумдун башка элементтеринин олуттуу жабыркашына алып келбесе;
- Көтөрүүчү күчтү көбөйтүү, канат алдынын, артынын жана башка түзмөктөрдүн, канаттын учунун жана башкалардын бузулушу же жоголушу, аларсыз конфигурациядан четтөө тизмесине (CDL) ылайык учуу бузулат;
- аэродинамикалык башкаруу беттерин, пилондорду, кыймылдаткычтарды жоготуусуз илмек түйүндөрүнүн бузулушу же ажырашы;
- шассинин түркүгүн бүктөө же алынган шасси менен кошуу, анын натыйжасында каптамы бир аз гана жабыркаган, эгер аба кемеси бир аз оңдогондон кийин же жамаачылагандан кийин тоулк калыбына келтирүү үчүн андан кийинки дагы масштабдуу оңдоо жүргүзүүчү жерге учууга коорсуз кое берүүгө уруксат болсо;
- негизги же рулдук винттин элементтеринин, негизги же рулдук винттин тыгындары, редуктордун (тик учмалар үчүн) талкаланышы же жабыркашы;
-трансмиссиянын бузулушу же ажырашы (тик учмалар үчүн);
- башка окуялар, алардын натыйжасында конструкциясынын бышыктыгы бузулат, техникалык же учуучу мүнөздөмөлөрү начарлайт.
Аба кемесин эксплуатациялоого олуттуу таасир эткен бир же бир нече борттун тутумунун иштен чыгышы.
Учууда учуу экипажынын мүчөлөрүнүн ишке жөндөмдүүлүгүнүн жоготуу учурлары:
- бир учкучу менен учактарда учууга колдонуу (тышкы учкучту кошуп);
- бир нече учкучтар менен учууларга карата, аларга карата учуулардын коопсуздугу учурдагы экипаждын жумушчу жүктөмүн олуттуу көбөйтүүдөн улам алсыраган.
Күйүүчү майдын саны же күйүүчү майды бөлүштүрүү менен кырдаал, алар күйүүчү майдын жетишсиз саны, күйүүчү майдын толук иштетилиши, күйүүчү майдын жетишсиз берилиши же бортто бар күйүүчү майда толук өлчөмдө колдонууга мүмкүн эместик сыяктуу авариялык кырдаалдын учкучу тарабынан жарыяланышын талап кылат.
А категориясына киргизилген УКТ ге санкцияланбаган чыгуулар. Кесепеттердин олуттуулугун классификациялоого таандык болгон маалыматтар санкцияланбаган УКТга чыгуулардын алдын алуу боюнча колдонмодо камтылган (Doc 9870 - ИКАО).
Учуу же конуу учурундагы инциденттер. Мисалы:
- УЧК чек арасынан тышкары аба кемесин кондуруу, же күүлөнүү же конуу учурунда УКТ чегинен тышкары аба кемесин күүлөндүрүү;
- жерге канаты менен, винттин калакчасы менен тийүү ж.б.;
- иштебей калган руль менен учуу.
Тутумдардын баш тартуусу (кубаттуулуктун жоголушун же тартууну кошуп), коркунучтуу метеокөрүнүштөр аймагына дуушар болуу, бекитилген учуу чектөөлөрдүн чегинен чыгуу жана АК башкарууда кыйынчылыктарды түзүшү мүмкүн болгон башка кырдаалдар. Мисалы:
- рулдук беттерди талап кылынган бурчка бурууга мүмкүн эместик. Флюгирлөө же рулдук беттердин бир же бир нече секцияларынын өзүнөн өзү иштебей калышы.
- башкаруу өткөргүчүнүн талкалоо же ажыратуу;
- башкаруу органдарынан рулдук беттерге берүүчү мамиленин өзгөрбөшү, өзү билгендей же жаңылыш өзгөрүүсү;
- бийиктин рулунун же багыттоо рулунун четтөө бурчтарынын толук диапазонун калыбына келтирбөө же чектөө киргизбөө. Башкаруучу таасирлерге АК нормалдуу реакциясынын бузулушу;
- четтетүү мүмкүн эместиги, өзү билип четтетүү, турукташтыргычты флюгирлөө;
- четтөө бурчтарынын диапазонун же канаттын жана турукташтыргычтын механизациясынын которуу ылдамдыгын жол берилгис өзгөртүү;
- канат алдынын, канат артынын, интерцепторлордун, көтөрүүчү күчүн басаңдаткычтардын (спойлер) секцияларынын абалдарынын ортосундагы жол берилгич бир пикирге келбөө;
- аба кемесин башкарууда кыйынчылыктарды жараткан мейкиндик багытын жоготуу ( эшелондоо эрежелерин бузууга алып келе турган ж.б);
- эки же андан көп жабдуулар менен учуунун салыштырмалуу бийиктигин, прибордук же учуунун чыныгы ылдамдыгын аныктоо мүмкүн эместиги;
- аба кемесин башкарууда кыйынчылык жараткан көтөрүүчү күчтү басаңдаткычтар (спойлерлер, интерцепторлор щитчелер), канаттын механизациясын (канат алдын, канат артын) жаңылыш чыгаруу же жыйноо;
Учууну башкаруу жана навигация үчүн милдеттүү болуп саналган резервдөө тутумунда бирден ашык тутумдун баш тартуусу. Мисалы:
- үч жана андан ашык авиагоризонттору менен аба кемесинде (АК) эки же андан ашык авиагоризонтторун иштебей калуусу;
- эки жана андан ашык гидротутумдары менен АК эки же андан ашык гидротутумдардын иштебей калуусу;
УКТге санкцияланбаган учуп кирүү, ан учурда аба кемеси менен УКТ обьекттин ортосундагы аралык, кагылышуунун чыныгы коркунучу жарала турган даражага чейин кыскарат, ал кагылышуудан качуу же четтетүү боюнча аракеттер үчүн убакыттын чындап жетпей калышына алып келиши мүмкүн.
Атайылап жасалбаган же авариялык чара катары тышкы илмектин үзүлүп кетиши, тышкы илмекте алып бара жаткан жүктү же аба кемесинин тышкы тарабында алып бара жаткан жүктү атайылап ыргытуу.
Аэродромдон тышкары АК аргасыз токтотуу, буга жеңил жана өтө жеңил учактарды, ошондой эле абадан тандалып алынган аянтка тик учманы кондуруу кирбейт.
АК нын экипаждын толук эмес курамы менен учуусу.
4-тиркеме
Авиациялык кырсыктардын мисалдарынын тизмеси
1. Жеңил жана өтө жеңил учактарды, ошондой эле аэродромдун сыртында (конуучу аянтча) тик учмаларды аргасыз кондуруу, буга тик учманы минимумдан начар аба ырайында кондуруу кирбейт.
2. Учууда радиобайланышты жоготуу.
3. Олуттуулугу боюнча В, С, Д категориясына киргизилген УКТ санкцияланбаган чыгуулар. Кесепеттердин олуттуулугун классификациялоого таандык болгон маалыматтар Санкцияланбаган УКТга чыгуулардын алдын алуу боюнча колдонмодо камтылган (Doc 9870 - ИКАО).
4. Учуудагы чыгыштоо багындагы күйүүчү майдын минималдык калдыгы туурасында сигнализациянын иштөөсү.
5. Экипаждын мүчөлөрүнүн учуу алдындагы эс алуусун же жумушчу убакыт ченемдерин бузуу менен учууну аткаруу. Алкоголдук же баңги мас болуусун калдык көрүнүштөрү менен учууну аткаруу же экипаждын мүчөлөрүнүн учуу учурунда алкоголдук ичимдиктерди жана/же баңги заттарын колдонуусу.
6. АК учуусун камсыз кылуу учурунда радиожарык техникалык жер үстүндөгү жабдуулардын иштен чыгышы, ал экинчи айлампага кетүүсүн же запастык аэродромго кетүүсүнө алып келет же АК командири же аэродром тарабынан аныкталган АК минимумуна конууну шарттайт.
7. Аба кемесинин же кыймылдаткычтын жабыркашы, анын ичинде кыймылдаткычтын локалдык иштебей калуусу кирет, анын натыйжасында конструкциянын бышыктыгы бузулбайт, техникалык же учуучу мүнөздөмөлөрү начарлабайт. Мисалы:
- Учууда АКнын атмосфералык электрдин разряды менен жабыркашы, ал АК конструкциясынын элементтеринин жабыркашына, кыймылдаткычтын иштебей калышына же тутумдардын жок дегенде биринин иштебей калышына алып келет;
- шасси, араба, таканчыктардын амортизациялык түркүк элементтеринин бузулушу;
- шассинин түркүктөрүнүн биринде авиашинанын жарымынын же көбүнүн бузулушу;
- АК конструкциясынын жабыркашына же кыймылдаткычтын жабыркашына (иштебей калышына) алып келген авиашиналардын кандай гана саны болбосун, жабыркашы;
- учууда планердин элементтеринин, кыймылдаткычтын жабыркашына алып келген канаттуулар же башка обьекттер менен кагылышуу, же анын иштөө режиминин бузулушу;
- Акнын АК конструкциясынын элементтерин жабыркоого алып келген мөндүрдөн жабыркашы, ал бир аз оңдоо иштерин талап кылат, же кыймылдаткычтын локалдык иштебей калышына алып келет;
- аба винтинин калагынын жабыркашы, аба винтинин же жылытуучу винттин тыгын обтекателинин үзүлүшү ) аба винттери менен учактар үчүн).
АК иштен чыгышы. Мисалы:
- кыймылдаткычтын иштөөнүн берилген параметрлерин өзгөртүү (өзгөртпөө), же учуу учурунда кыймылдаткычты өчүрүүгө алып келген, эскертүүчү сигнализациянын иштеши;
- кыймылдаткычтын, көмөктөшүүчү күч орнотмосунун (ККО) же алардын агрегаттарынын локалдык иштебей калуусу;
- кыймылдаткычтын күйүүчү май менен кубаттануусунун бузулушу;
- аба кемесин башкарууда кыйынчылык жаратпаган, экипаждын кабинасынын айнектерин тазалоо системасынын иштебей калышы;
- шассинин алдыңкы түркүгүнүн дөңгөлөктөрдү башкаруу тутумунун иштебей калышы;
- экипажга чыгымды же күйүүчү майдын калдыгын аныктоого мүмкүндүк бербеген, күйүүчү майдын санын же чыгымды ченөө тутумунун иштебей калышы;
- коркунучтуу метеокөрүнүштөрдө учуу шартында радиолокатордун иштебей калышы;
- өзүнчө бактардан күйүүчү майдын иштебей калышы, аны бирдей эмес иштеп чыгуу же аны учуу эксплуатациясы боюнча колдонмодо (УЭК) каралган, четтетилбеген чаралар тарабынан бактарга бөлүштүрүү.
- тартуучу реверсти күйгүзбөй коюу, өчүрбөй коюу, өзүнүн иштеп кетиши же өчүп калышы;
- аракеттердин жол берилбеген өсүшү (азайышы), башкаруу органдарында кайра компенсация;
Гидрокүчөткүч мүмкүнсүздүгү (рулдук беттерди бустерсиз башкарууга өтүү); башкаруу органдарында аракеттерди триммирлөө мүмкүн эместиги;
- муз тоңуу шартында учууга жеткиликтин чектелиши менен АК да, муз тоңдурууга каршы тутуму (МКТ) иштебей калган же күйгүзүлбөгөн АК да муз тоңуу шартында учуу,
- коркунучтуу режимдердин сигнализациясынын алган иштеши;
- учуудагы күйүүчү майдын агышы
- негизги тутумдан бир же бир нече шасси түркүгүнүн чыкпай калышы;
- бир же бир нече шасси түркүгүнүн жыйналбай калышы;
- шассинин түркүктөрүнүн өзү каалагандай чыгып же жыйналышы;
- шассинин эки акка ачылган жери ачылбай же өзү ачылып кетиши;
- токтотуунун негизги тутумунун баш тартышы. Дөңгөлөктөрдүн өзү жайлашы же токтоп калышы;
- башкаруу өткөргүчтөрүнүн ортосундагы байланыштын бузулушу (кош өткөргүчү менен АК үчүн);
- канаттын механизациясынын (канат алдынын, канат үстүнүн, көтөргүч күчтү басаңдаткычтардын (спойлердин), интерцепторлордун, щитчелердин) жерде;
- турукташтыргычтын же канаттын механизациясынын абалын индикациялоо жана (же) сигнализациянын иштебей калышы же жалган иштеши;
- бир жабдуу менен учуунун салыштырмалуу бийиктигин, прибордук же учуунун чыныгы ылдамдыгын аныктоо мүмкүн эместиги;
- бир же андан артык навигациялык тутумдардын иштебей калышы же күйбөй калышы;
- бир же эки авигоризонттор менен АК да бир автогоризонттун иштебей калышы; контроль тутумунун иштебей калышы менен айкалышып, бир авиагоризонттун иштебей калышы; сигналы пайда болбогон авиагоризонттордун барынын иштебей калышы (же эгер сигнализация каралган болбосо); жалган сигналдарды берүү менен авиагоризонттордун контроль тутумунун иштебей калышы;
- учууну автоматтык башкаруу системаларынын иштебей калуусу же өзү өчүп калышы, ал учуунун берилген параметрден бир же бир нече параметрлеринин иштебей калышына алып келет (жогорку ылдамдыктагы параметрлер, кайра жүктөө, крен бурчу, тангаж, чабуул, сыймалануу траекториялык параметрлер)
- гидротутумду герметизациядан ажыратуу. Герметизациядан ажыратпай туруп бир же андан көп гидротутумда басымдын түшүүсү;
- магистралдардан ысык абанын чыгышы, гермокабинасында абанын температурасынын өзгөрүшү, гермокабинага абаны берүүнүн азайышы, эшелондун дубалынын зарылдыгына алып келген гермокабинада басымдын түшүүсү же кайра үйлөөсү;
- электр менен камсыз кылуу тутумунун бир же бирден ашык бөлүштүрүүчү түзмөктөрүнө туруктуу жана (же) алмашма токтон электр азыктануу мүнөздөмөлөрүнүн жол берилгис бузулушу. Туруктуу же алмашма ток тарабынан авариялык кубаттанууга өтүү;
- таану тутумунун иштебей калышы же коркунучтуу жакындоонун сигнализация тутуму;
- жер менен коркунучтуу жакындоо тутумунун иштебей калышы;
- өрт өчүрүү тутумунун же өрт, түтүн же жогорку температура туурасында сигнализациянын жалган иштебей калышы. Түтүндүн, күйүктүн жыты, суюктуктун буусу АК учкучтар кабинасында уулуу заттардын жытынын пайда болушу.
Учуулардын аткарылышын жөнгө салган документтердин талаптарынын бузулушу жана аба мейкиндигин колдонуу. Мисалы:
- бекитилген эрежелерди жана бийиктикке чыгуу схемаларынын бузулушу, аэродромдун аймагынан чыгуу, конууга төмөндөө же түшүү;
- диспетчер менен макулдашпай туруп, учуунун берилген бийиктигин өзгөртүү;
- АКТ органдары менен макулдашуусуз АК учуусунан кийин чуунун планын жана багытын өзгөртүү;
- АКТ органдарынын арызы жана уруксаты жок жүргүзүлгөн АК учуусу;
- вертикалдык же каптал эшелондорунун аныкталган аралыктарын бузуу;
- АКТнын жол берилген ченемден ашык аралыкка, ошондой эле МВЛ чегинен тышкары каттамдын огунан четтөө;
- МВЛ трассалары (каттамдары) боюнча учуу, конуу же учуу учурунда аба-ырайынын бир аз бузулушу;
- муз басып калган АК да учуу (корголгон ПОС, беттерде ыргытылбаган муз бар болгон учурда, ошондой эле кар жааганда же муз түшкөндөн АК башка беттеринде, ал кар аба кемесини кыймылдаткычына кирип кеткен учурда);
- муз болгон АКны учууга чыгаруу;
- тапшырмада каралбаган кыймылдаткычты өчүрүү;
- АК бортуна аба ырайынын начар шартын же учуу багыты боюнча,
учуу жана конуу пункттарында аба ырайынын абалы туурасында берүү тартибин жана мөөнөтүн бузуу, аларда учуу планын өзгөртүү талап кылынат;
- пландаштырылбаган (билдирилбеген) аэродромго (конуучу аянтча) конуу;
- даярдалбаган УКТ менен АК кабыл алуу жана кое берүү;
- аяктабаган техникалык тейлөө менен учууга АК чыгаруу;
- оң деп эсептелбеген АК учуусу;
- АК ны кондицияланбаган күйүүчү-майлоочу материалдар (КММ) менен майлоо;
- АК тийиштүү тибинин аныкталган РЛЭ де учуу үчүн уруксат берилген, тизмеге кирбеген, бузук жерлери бар болгон АК нын учуусу;
- РЛЭ де орнотулган АК борборунун же жүктөм ченеминин бузулушу, учууда жүктүн жылып кетиши, ал борбордун бузулушуна алып келиши мүмкүн;
- РЛЭ талаптарына ылайык келбеген конфигурациялары менен АК көтөрүүлүсү, учуусу же конуусу;
- РЛЭ сүйлөшүлгөн чектөөлөрдөн чыгуу (ылдамдыгы, ашыра жүктөлүшүнө, чабуул жана крен бурчуна жараша, күч түзмөктөрүнүн режимдери, көтөрүүчү винттин айлануусу боюнча).
Авиациялык персоналдык жаңылыш аракеттери. Мисалы:
- турукташтыргычтын жаңылыш четтөөсү;
- экипаж тарабынан шассинин алдыңкы түркүгүнүн дөңгөлөктөрдү башкаруу тутумунун күйгүзүлбөшү;
- шассинин жаңылыш чыгып же жыйналышы;
- аба кемесин башкарууда кыйынчылык жаратпаган көтөрүүчү күчтү басаңдаткычтар (спойлерлер, интерцепторлор щитчелер )), канаттын механизациясын (канат алдын, канат артын) жаңылыш чыгаруу же жыйноо;
- учууну автоматтык башкаруу системаларынын тартуусунун автоматы же тангах, крен, курстун каналдарынын жаңылыш четтөөсү, ал учуунун берилген параметрден бир же бир нече параметрлеринин иштебей калышына алып келет (жогорку ылдамдыктагы параметрлер, кайра жүктөө, крен бурчу, тангаж, чабуул, сыймалануу траекториялык параметрлер)
- тартуу реверсинин жаңылыш күйүүсү же өчүүсү;
- катуу конуусу, андан кийин атайын техникалык тейлөө аткаруу зарыл болуп калат;
- УКТ чегинен тышкары АКнын чыгышы (учуу жана конуудан башка), РД, рулду башкаруу же сүйрөө учуруна перрондон чыгышы;
- АК нын жердеги обьекттер менен кагылышуусу е кагылышуу коркунучу (адамдар, жаныбарлар, транспорттук карааттар же РД, перрондо жер үстүндөгү тоскоолдуктар).
Эскертүү 1.Авиациялык кырсыктарга минималдык жабдуулардын тизмесине киргизилген АК тутумдары, приборлору жана жабдуулардын бузуктары жана иштебей калуусу кирбейт (MEL - Minimum Equipment List), аны менен тийиштүү АК колдонууга уруксат берилген.
Эскертүү 2.Авициялык кырсыктарды классификациялоону Авиациялык инциденттерди териштирүү боюнча бөлүм ишке ашырат.
Эгер териштирүүнүн жыйынтыгында, жок дегенде бир адам дене жаракаттарын алганы, же аба кемесинин жабыркашынын натыйжасында зыян 25000 (окуя болгон күнү курс боюнча доллар эквивалентинде) жана андан көп болсо (оңдоонун баасын эске албай) түзгөнү аныкталган болсо, анда бул инцидент олуттуу инцидент катары кайра классификацияланат. Зыяндын суммасы камсыздандыруу компаниясы тарабынан тастыкталган.
5-тиркеме
Аба кемесинин жабыркашын аныктоо боюнча
нускамалуу материал
1. Кыймылдаткычты аба кемесинен бөлгөн учурда, жабыркоо кыймылдаткычтын өзү чектелген учурда дагы, авиациялык кырсык катары классификацияланат.
2. Капотту жоготуу (желдеткич же негизги контур) же аба кемесинин андан ары жабыркашына алып келбеген реверсивдүү түзмөктөрдүн элементтерин жоготуу авиациялык кырсык катары каралат;
3. Комперссордун калакчалары же турбиналар же кыймылдаткычтын башка ички элементтери кыймылдаткычтын түтүн чыгаруучу түтүгү аркылуу ыргытылган окуялар авиациялык кырсык катары каралбайт.
4. Радиолокатордун обтекателинин бузулушу же жоголушу, эгер бул конструкциянын же тутумдун башка элементтеринин олуттуу жабыркашына алып келбесе авиациялык кырсык катары каралбайт.
5. Көтөрүүчү күчтү көбөйтүү, канат алдынын, артынын жана башка түзмөктөрдүн, канаттын учунун жана башкалардын бузулушу же жоголушу, аларсыз конфигурациядан четтөө тизмесине (CDL- Configuration Deviation List) ылайык учуу бузулат;
6. Шассинин түркүгүн бүктөө же жыйналган шасси менен конуу, анын натыйжасында каптоо гана жабыркаган. Эгер аба кемеси бир аз оңдоодон кийин же жамактарды орноткондон кийин толук калыбына келтиргенге чейин дагы масштабдуу оңдоо жүргүзүү менен аба кемесин учууга коопсуз кое бере алса, анда мындай окуя авиациялык кырсык катары классификацияланбайт.
7. Эгер конструкциянын жабыркашы аба кемесинин герметизациясынын бузулушуна алып келсе же аны герметизациялоого мүмкүн эмес болсо, анда бул кырсык авиациялык кырсык катары классификацияланат.
8. Окуядан кийин инспекция жүргүзүү үчүн компоненттерди демонтаждоо, мисалы, анча чоң эмес ылдамдыкты түшүүдөн кийин шассинин түркүгүнө алдын алуучу демонтаж жүргүзүлсө, жана ал көп эмес иштин көлөмү менен байланыштуу болсо, эгер олуттуу жабыркоо табылбаса, бул авиациялык кырсык катары каралбайт.
9. Авариялык эвакуация менен байланышкан окуялар авиациялык кырсык катары каралбайт, эгер эч ким дене жаракатын албаса же аба кемеси олуттуу жаракат албаса.
Эскертүү 1. Аба кемесинин жабыркоосун айта турган болсок, анын натыйжасында конструкциянын бышыктыгы бузулуп, техникалык же учуучу мүнөздөмөлөрү начарласа, анда аба кемеси коопсуз коно алат, бирок оңдобой туруп аны кийинки тилкеге коопсуз чыгарууга болбойт.
Эскертүү 2. Эгер аба кемеси бир аз оңдоодон кийин толук калыбына келтиргенге чейин дагы масштабдуу оңдоо жүргүзүү менен аба кемесин учууга коопсуз кое бере алса, анда мындай окуя авиациялык кырсык катары классификацияланбайт. Ошондой эле жол менен, эгер аба кемеси демонтаждалган, жок де иштебеген элементи менен CDL негизинде учууга чыгарыла турган болсо, анда мындай оңдоо капиталдык оңдоо катары каралбайт жана ага ылайык, бул окуя авиациялык кырсык катары каралбайт.
Эскертүү 3. Алар туурасында камсыздандыруу компанияларына маалымат берилген оңдоонун наркы же болжолдуу чыгымдар алынган жабыркоонун даражасы туурасында күбөлөндүрүлө алат, бирок ал бул жабыркоо авиациялык кырсык катары кароо үчүн жетиштүү болуп саналаарын аныктоо үчүн негиз болуп колдонулбашы керек. Буга окшогон жол менен аба кемеси аны оңдоо өтө чыгымдуу болгондуктан «толугу менен талкаланды» деп каралышы мүмкүн, мында авиациялык кырсыкка таандык болгон олуттуу жабыркоолору каралбайт.
6-тиркеме
Териштирүү боюнча комиссиянын иштери
1. Териштирүү боюнча комиссиянын төрагасы
1.1. Комиссиянын төрагасы:
- комиссиянын иш планын бекитет;
- топторду түзөт жана алардын жетекчилерин дайындайт;
- зарылдыгына жараша маалымат алмашуу, акыркы отчетту талкуулоо ана макулдашуу, ошондой эле териштирүүнүн жүрүшүндө келип чыккан бардык маселелерди чечүү боюнча териштирүү боюнча комиссиянын отурумдарын жүргүзөт;
- териштирүүнү тийиштүү деңгээлде камсыз кылуу, ошондой эле бул Эрежелердин талаптарын камсыз кылуу максатында аткаруу зарыл болгон башка функцияларды аткарат.
1.2. Комиссиянын төрагасы: төмөнкүлөргө укуктуу:
- комиссиянын мүчөлөрүнө жана териштирүүгө катышуу үчүн тартылган башка адамдарга териштирүү менен байланышкан бардык жарлыктарды ана буйруктарды берет;
- аба кемесинде колдонулган, анын ичинде аба кемесине же авиациялык кырсыкка мамилеси бар бардык материалдарды, аба кемесинин бардык деталдары, жабдуулары, бөлүктөрү же сыныктарын сыноого жана териштирүүгө жөнөтүү;
- эгер бул териштирүүнү жүргүзүү максатында зарылдыгы же максаттуулугу бар болсо, комиссиянын мүчөлөрү же топтордун ортосундагы функцияларды комиссиянын мүчөлөрүнүн квалификациясына ылайык кайра бөлүштүрүү;
- эксплуанттан, бардык органдардан ведомстволордон жана уюмдардан кырсыкка тиешеси бар бардык маалыматтарды жана документтерди алуу, жана алар териштирүү үчүн зарыл болуп калышы мүмкүн;
- эксплуатантка, бардык органга, ведомство же уюмдарга
териштирүү үчүн зарыл болушу мүмкүн болгон бардык жардам сурап кайрыла алат;
- териштирүү боюнча комиссиянын курамына кирүү үчүн талапкерлерге адамдарды сунуштоо;
- тийиштүү авиациялык эрежелерге ылайык териштирүүнү тийиштүү даражада өткөрүү максатында териштирүү, жана ушул Эрежелердин талаптарын камсыз кылуу боюнча комиссиянын төрагасы тарабынан колдонулушу мүмкүн болгон башка укуктарды колдонуу.
2. (Топтун жетекчиси)
2.1. Топтун жетекчиси:
- зарыл болгон учурда топтун иш планын иштеп чыгат жана анын аткарылышын камсыз кылат;
- зарылдыгына жараша маалымат алмашуу, акыркы отчетту талкуулоо, ошондой эле териштирүүнүн жүрүшүндө келип чыккан бардык маселелерди чечүү боюнча топтун отурумдарын жүргүзөт;
- териштирүүнү тийиштүү деңгээлде камсыз кылуу, ошондой эле бул Эрежелердин талаптарын камсыз кылуу максатында аткаруу зарыл болгон башка функцияларды аткарат.
2.2. Топтун жетекчиси төмөнкүлөргө укуктуу:
1) топтун мүчөлөрүнө териштирүү менен байланышкан бардык буйруктарды жана тапшырмаларды берүү;
- ушул Эрежелердин талаптарын камсыз кылуу жана тийиштүү деңгээлде териштирүү максатында, териштирүү боюнча топтун жетекчиси катары колдонула турган башка укуктарды колдонуу.
3. Учуучу топ
3.1. Учуучу топтун функциясы төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) ушул Эрежелердин 1-тиркемесине ылайык маалыматты берет:
а) «Аталышы» 1-параграфтын 1 жана 3 пункттары жана «Синопсис» 2-параграфтын 5-пункту;
б) «Факты жүзүндөгү маалымат.» 4-параграфынын 1, 4, 6 пункттар ( 6.2 пунктчасы), 7, 12 ( 12.1 пунктчасы.), 13, 14, 16, 18 ( 18.1 пунктчасы.) жана 19-пункттары;
в) бул топ тарабынан маалымат бериле турган, 5.3.пунктчасында көргөзүлгөн персонал туурасында маалыматтар башка акыркы отчеттун 5-пункту;
г) жүргүнчүлөрдү эвакуациялоо жүргүзүүгө таандык бөлүктө 15-пункт;
д) эксплуатант, аба кыймылын тейлөө органына, аэронавигациялык кызмат, аэродромдук, метеорологиялык камсыз кылуу, аба кемесинин учуусу камсыз кылуу же тейлөө, эксплуатациялоого тиешеси бар башка бардык кызматтардын жана уюмдарга карата акыркы отчеттун 17-пункту, буга башка топ тарабынан маалымат берилген уюмдар кирбейт;
2) ушул Эрежелердин 7-тиркемесинде көргөзүлгөн зарыл болгон Формаларды жоболоштурат;
3) 5, 6, 7-параграфтарына ылайык сунуштарды берет, анализ түзөт жана корутундуларды чыгарат;
4) 8-параграфтын талаптарында көргөзүлгөн негизде материалдарды берет;
5) териштирүүнү тийиштүү деңгээлде камсыз кылуу, ошондой эле бул Эрежелердин талаптарын камсыз кылуу максатында аткаруу зарыл болгон башка функцияларды аткарат.
4. Техникалык топ
4.1.Техникалык топтун функциясы төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) ушул Эрежелердин 1-тиркемесине ылайык маалыматты берет:
а) «Аталышы» 1-параграфтын 2 пункту жана «Синопсис» 2-параграфтын 5-пункту;
б) «Факты жүзүндөгү маалымат.» 4-параграфынын 3, 5 пункттар ( 5.3 пунктчасы), 6-пункттарынын (6.1. Жана 6.3 пункттары), 11, 12 ( 12.2, 12.3., 12.4- пунктчалары.), 14, 16, 18 ( 18.2 пунктчасы.) жана 19-пункттары;
в) аба кемесинин орундук, бекитүү түйүндөрү жана байлоочу курлардын кулпулары сыяктуу элементтеринин жабыркоолоруна таандык болгон 15-пункттун бөлүгү;
г) аба кемесинин техникалык тейлөөгө тиешеси бар техникалык тейлөө жана бардык башка кызмат же уюмга карата акыркы отчеттун 17-пункту;
2) ушул Эрежелердин 7-тиркемесинде көргөзүлгөн зарыл болгон Формаларды жоболоштурат.
3) тийиштүү жерде же имаратта аба кемесинин сыныктарын жана бөлүктөрүн, зарыл болгон учурда жайгаштырууну аткарат;
4) 5, 6, 7-параграфтарына ылайык сунуштарды берет, анализ түзөт жана корутундуларды чыгарат;
5) 8-параграфтын талаптарында көргөзүлгөн негизде материалдарды берет;
6) териштирүүнү тийиштүү деңгээлде камсыз кылуу, ошондой эле бул Эрежелердин талаптарын камсыз кылуу максатында аткаруу зарыл болгон башка функцияларды аткарат.
5. Административдик топ
5.1.Административдик топтун функциясы төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) ушул Эрежелердин 1-тиркемесине ылайык маалыматты берет:
а) «Синопсис» 2-параграфтын 1, 2, 3-пункттары;
б) «Факты жүзүндөгү маалымат» 4-параграфынын 2, 9, 13, 16, 18 (18.1 пунктчасы.), жана 19-пункттары;
в) бул топ тарабынан маалымат бериле турган, 5-пунктунун 5.3 - пунктчасында көргөзүлгөн персонал туурасында маалыматтан башка;
г) алынган дене жаракаттарына байланыштуу экипаждын мүчөлөрүнүн жана жүргүнчүлөрдүн жайгашкан жери, издөө жана куткаруу жүргүзүүгө карата 16-пунктуна;
д) учуулардын жер үстүндөгү издөө-куткаруучу, авариялык жана башка кызматтарына, авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу кызматтары, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдарына карата 17-пункту;
2) ушул Эрежелердин 7-тиркемесинде көргөзүлгөн зарыл болгон Формаларды жоболоштурат.
3) 5, 6, 7-параграфтарына ылайык сунуштарды берет, анализ түзөт жана корутундуларды чыгарат;
4) 8-параграфтын талаптарында көргөзүлгөн негизде материалдарды берет;
5) териштирүүнү тийиштүү деңгээлде камсыз кылуу, ошондой эле бул Эрежелердин талаптарын камсыз кылуу максатында аткаруу зарыл болгон башка функцияларды аткарат.
6. Диаграммаларды жана схемаларды түзүү боюнча топ
6.1. Диаграммаларды жана схемаларды түзүү боюнча топ боюнча топтун функциялары
1) 1-пункттун негизинде учуруунун траекториясын калыбына келтирүүдө учуу тобуна жардам көргөзөт (учууга даярдык), жана ушул Эрежелердин 1-тиркемесинин 12.1,12.3, 12.4 пунктчаларынын негизинде маалымат берет жана зарыл болгон учурда, төмөнкүлөр туурасына маалыматты камтый турган диаграммаларды жана чиймеси түзөт:
а) координаттары жана эгер мүмкүн болсо, жакынкы географиялык пункттарга карата анын жайгашкан жерин, же жерлерге болгон анын мүнөздүү болжолун деңиз деңгээлинен бийиктигин, жерлердин мүнөздөмөсүнө карата авиациялык кырсык болгон жердин координаттары;
б) аба кемесинин учуусунун траекториясына карата беттердин жана обьекттердин профилдик сүрөтүн жана учуунун профили, аба кемесинин мейкиндиктеги жана учуунун дагы мүмкүн болгон эң жогорку бийиктигин жана обьектке жана/же бетке чейинки аралыкты көргөзүү менен обьект жана/же бет менен кагылышуу учурунда аны кыймылынын багытындагы абалы;
в) аба кемесинин бет же обьект менен биринчи кагылышуу/конуу/тийишүүнүн орду;
г) өнүгүү учурунан аба кемесинин кыймылынын траекториясы же авиациялык кырсык болгон учурга чейин учуунун этаптарын же түйүндүн авиациялык кырсыкка түздөн түз мамилеси;
д) аба кемесинен, анын бөлүктөрүнөн, урандыларынан, аба кемесинин бортунда болгон бардык заттарды же материалдан же анын тутумунда калган калдыктардын мүнөзү жана тилкеси же конфигурациялары, анын ичинде авиациялык кырсык менен байланышкан өрттүн, жардыруунун же башка көрүнүштөрдүн калдыктары бар;
е) аба кемесинин сыныктарынын жайгашкан жана чачылган аймагы.
Эскертүү. Диаграммалар жана чиймелер масштаб менен түзүлөт. Сүрөттүн масштабын сактоо диаграммаларында же чиймелеринде мүмкүн эмес болсо, алар аба кемесинин же анын сыныктарынын жайгашкан жерин көргөзүү менен масштабдан тышкары көргөзүлөт, бул жакын обьекттер же жерлерге мүнөздүү болжолдорго карата жүргүзүлөт;
2) ушул Эрежелердин 1-тиркемесинин 18 жана 19-пункттарына ылайык маалыматты берет;
3) ушул Эрежелердин 1-тиркемесинин 6-параграфынын негизинде корутундуларды берет;
4) ушул Эрежелердин 1-тиркемесинин 8-параграфынын 1-пунктунун негизинде материалдарды берет;
5) Зарыл болгон функцияларды аткарат алар териштирүү боюнча комиссияга квалификациялуу жардам берүү максатында зарыл.
7. Эксперт/адис
7.1. Эксперт/адис өз компетенциясынын чегинде:
1) комиссиянын мүчөлөрүнө териштирүү үчүн керектелиши мүмкүн болгон бардык маалыматтарды жана консультацияларды берет;
2) комиссиянын төрагасынын сурамы боюнча тиркеме менен, тийиштүү корутундуларды, тийиштүү материалдарды берет, алар корутундунун негизи катары колдонулган
3) Зарыл болгон функцияларды аткарат алар териштирүү боюнча комиссияга квалификациялуу жардам берүү максатында аткаруу зарыл.
7.2. Эксперт/адис аларга өз корутундусун берүү үчүн зарыл болгон материалдардын бир бөлүгү менен гана таанышууга укуктуу.
8. Комиссиянын катчысы:
8.1. Комиссиянын катчысы:
1) комиссиянын мүчөлөрүнүн материалдарын даярдайт жана аларды комиссиянын мүчөлөрүнө берет;
2) Комиссиянын отурумунун протоколун жүргүзөт;
3) Акыркы отчетту кошуу үчүн териштирүү материалдарын чогултууну ишке ашырат жана алардын сакталышын камсыз кылат;
4) Зарыл болгон функцияларды аткарат алар териштирүү боюнча комиссияга квалификациялуу жардам берүү максатында аткаруу зарыл.
7-тиркеме
Формалары
1-форма. Борттогу өзү жазгычтарды алуу туурасында акт
1. Бул форма авиациялык териштирүүнүн алкагында түзүлдү
Тиби | Каттоо белгилери | Сериялык № | Күнү | Окуя болгон жер |
|
|
|
|
|
2. Борттогу өзү жазгычтар туурасында маалыматтар:
- аталышы;
- сериялык номери (же башка идентификациялык маалыматтар);
- абалы (жабыркаган даражасы):
3. Башка маалыматтар (зарылдыгына жараша):
4. Форма түзүлгөн жер
борттогу өзү жазгычты Аба кемесинен алууну (авиациялык кырсык болгон жерден алуу), таңгактоону, пломбалоо жана берүүнү түздү: ___________________________________________________
(Колу, фамилиясы, инициалдар, күнү)
Борттогу өзү жазгыч кабыл алды:
(Колу, фамилиясы, инициалдар, күнү)
Техникалык топтун жетекчиси:
(Колу, фамилиясы, инициалдар)
2-форма. Авиациялык кырсык болгон учурда тизмеси
1. Бул форма
аба кемеси менен болгон авиациялык териштирүүнүн алкагында түзүлдү
Тиби | Каттоо белгилери | Сериялык № | Күнү | Окуя болгон жер |
|
|
|
|
|
2.Авиациялык кырсык болгон учурда курман болгондор туурасында маалымат:
№ | Фамилиясы, Аты, Атасынын аты | Жарандыгы | Дареги | № авиабилеттин | Учуу түйүнү | Дайындоо түйүнү | Башка белгилүү маалыматтар |
|
|
|
|
|
|
|
|
Эксперт:_______________________________________________________
(Колу, фамилиясы, инициалдар)
Административдик топтун жетекчиси: ______________________________
(Колу, фамилиясы, инициалдар)
3-форма. Авиациялык кырсык болгон учурда олуттуу дене жаракатын алган адамдардын тизмеси
1. Бул форма аба кемеси менен болгон авиациялык териштирүүнүн алкагында түзүлдү
Тиби | Каттоо белгилери | Сериялык № | Күнү | Окуя болгон жер |
|
|
|
|
|
2. Авиациялык кырсык болгон учурда олуттуу дене жаракатын алган адамдар туурасында маалымат:
№ | Фамилиясы, Аты, Атасынын аты | Жарандыгы | Дареги | № авиабилеттин | Учуу түйүнү | Дайындоо түйүнү | Башка белгилүү маалыматтар |
|
|
|
|
|
|
|
|
Эксперт:_________________________________________________________
(Колу, фамилиясы, инициалдар)
Административдик топтун жетекчиси:____________________________
(Колу, фамилиясы, инициалдар)
4-форма. Жүргүнчүлөрдүн жана экипаждын мүчөлөрүнүн баалуу маалыматтарын, акчалардын жана документтердин тизмеси
1. Бул форма аба кемеси менен болгон авиациялык териштирүүнүн алкагында түзүлдү
Тиби | Каттоо белгилери | Сериялык № | Күнү | Окуя болгон жер |
|
|
|
|
|
2. Документтердин тизмеси:
№ | Аталышы | № | Абалы (Жабыркоо даражасы) | Таандыктыгы |
|
|
|
|
|
3. Акча суммасынын тизмеси:
№ | Аталышы | Купюранын саны | Жалпы сумма | Абалы (Жабыркоо даражасы) | Таандыктыгы |
|
|
|
|
|
|
4. Баалуу буюмдардын тизмеси:
№ | Аталышы | Саны | Баалуулугу | Абалы (Жабыркоо даражасы) | Таандыктыгы |
|
|
|
|
|
|
5. Башка буюмдардын тизмеси:
№ | Аталышы | Саны | Абалы (жабыркаган даражасы) | Таандыктыгы |
|
|
|
|
|
Эскертүү: Документтердин, акчалардын жана баалуу буюмдардын таандыктыгы туурасында документ зарылдыгына жараша көргөзүлөт.
6. Баалуу жана башка буюмдардын калдыктарын ачуу, кайтарууга берүү туурасында маалымат:_________________________________________________________
Эксперт (эгер дайындалган болсо):__________________________________________
(Колу, фамилиясы, инициалдар)
Тийиштүү укук коргоо органынын өкүлү: ___________________
(Колу, фамилиясы, инициалдар)
Комиссиянын мүчөсү________________________________________________________________:
(Колу, фамилиясы, инициалдар)
Административдик топтун жетекчиси: ______________________________
(Колу, фамилиясы, инициалдар)
5-форма. Авиациялык кырсык болгон жерде жүк салгычты, жүктү жана
почтаны тизмелөө
1. Бул форма аба кемеси менен болгон авиациялык териштирүүнүн алкагында түзүлдү
Тиби | Каттоо белгилери | Сериялык № | Күнү | Окуя болгон жер |
|
|
|
|
|
2.Жүктүн тизмеси:
№ | Аталышы
| Аталышы Коштоочу документациянын № | Жарыяланган баалуулук | Таңгактын түрү | Абалы (жабыркоо даражасы) | Таандыктыгы |
|
|
|
|
|
|
|
3. Жүктүн, почтанын тизмеси:
№ | Аталышы | Аталышы Коштоочу документациянын № | Жарыяланган баалуулук | Таңгактын түрү | Абалы (жабыркоо даражасы) | Таандыктыгы |
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү: Жүктүн таандыктыгы жана жүк алуучулар туурасында документ мүмкүнчүлүккө жараша көргөзүлөт.
4. Жүк салгычтын, жүктүн, почтанын калдыктарын жок кылуу кайтарууга берүү, ачуу туурасында маалымат:_________________________________________________________
Эксперт (эгер дайындалган болсо)____________________________________________
(Колу, фамилиясы, инициалдар)
Тийиштүү укук коргоо органынын өкүлү: __________________________________________________________________
(Колу, фамилиясы, инициалдар)
Комиссиянын мүчөсү (административдик топ) ________________________________________________________________:___________________________________________________________________
(Колу, фамилиясы, инициалдар)
Административдик топтун жетекчиси:___________________________________________________________________
(Колу, фамилиясы, инициалдар)
6-форма. Сурам протоколу
1. Бул форма аба кемеси менен болгон авиациялык териштирүүнүн алкагында түзүлдү
Тиби | Каттоо белгилери | Сериялык № | Күнү | Окуя болгон жер |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2. Суралган жак туурасында маалыматтар:
- фамилиясы, аты, атасынын аты __________________________________________
- туулган күнү ______________________________________________
- жашаган жери ____________________________________________
- телефону ____________________________________________________
3.- сурам жүргүзгөн жер жана дата;______________________________
4.Сурак саат ... мин. башталды.
5. Суроо (лор) жана жооп (тор):
№ Суроо: Жооп:
6. Сурак саат. мин. аяктады.
Суралган адамдын колу: ___________________________________
Эксперт (эгер дайындалган болсо):________________________________________
(Колу, фамилиясы, инициалдар)
Комиссиянын мүчөсү____________________________________________________________:
(Колу, фамилиясы, инициалдар)
Топтун жетекчиси: _________________________________________
(Колу, фамилиясы, инициалдар)
8-тиркеме
Ижарага алынган, фрахтталган же алмашылган аба кемелери менен болгон кырсыктарга жана инциденттерге карата эксплуатанттын мамлекетинин жоопкерчилиги жана укуктары
1944- жылдагы Эл аралык жарандык авиация туурасында конвенцияга №13 «Авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди териштирүү» тиркемеде келтирилген стандарттар жана сунушталган практика, каттоо мамлекети жана эксплуатанттын мамлекети бир эле болгон учурда иштелип чыккан. Бирок, акыркы жылдарда аба кемесин ижарага алуу жана аларды алмашуу туурасына эл аралык макулдашууларды тараткан, жана анын натыйжасында көп учурда эксплуатанттын мамлекети каттоо мамлекети болуп саналбайт.
Айрым учурларда аба кемесин ижарага алуу же алмашуу туурасында макулдашуу каттоо мамлекети тарабынан учуу экипаждарын бөлүп берүүнү карабайт. Бирок, көп учурда учуу экипаждары эксплуатанттын мамлекети тарабынан берилет ал эми аба кемеси эксплуатанттын мамлекетинин улуттук мыйзамдарынын жоболоруна ылайык эксплуатацияланат. Так ушундай эле, бул макулдашуулардын негизинде учуу жарактуулугу маселелери боюнча көптөгөн макулдашуулардын келип чыгышы мүмкүн. Учуу жарактуулугуна карата жоопкерчилиги эксплуатанттын мамлекети же каттоо мамлекети толугу менен же жарым жартылай тарта алат. Айрым учурларда, эксплуатант, мамлекет тарабынан бекитилген учуу жарактуулугуна көзөмөл жүргүзүү тутумун мамлекттик каттоого ылайык, техникалык тейлөө жүргүзүлөт жана тийиштүү документацияны жүргүзөт.
Авиациялык кырсык же инцидент болгон учурда аба кемесинин коопсуздугу үчүн жоопкерчилик алган мамлекет бул жоопкерчиликке карата териштирүүгө катышуу укугуна ээ болот. Мындан тышкары, териштирүү жүргүзүп жаткан мамлекет бардык документтерге жана бул териштирүүгө тийиштүү болгон башка маалыматтарга эркин жеткиликтүүлүккө ээ болушу керек.
Авиациялык кырсык же инцидент болгон жер башка мамлекеттин аймагында турганын аныктоо мүмкүн болбогон учурда, эксплуатанттын мамлекети каттоо мамлекети менен консультациядан кийин өзүнө териштирүү жүргүзүү үчүн толук же жарым жартылай жоопкерчилик алуусу керек.
9-тиркеме
Авиациялык кырсыктар жана инциденттерди териштирүүгө таандык болгон жазууларды коргоо
1. Киришүү
Эскертүү 1. Ушул Эрежелердин 5-главасынын 65-пунктунда, жазык, жарандык, административдик же дисциплинардык иликтөөдө саналып өткөн жазууларды жарыялоо же колдонуу же аларды ачыкка чыгаруу инцидентке тартылган бардык жактар же уюмдар үчүн терс таасирин тийгизиши мүмкүн, жана, келечекте алар жана башка тараптар авиациялык кырсыктарды териштирүү боюнча органдар менен кызматташуудан баш тартышы мүмкүн. Ушул Эрежелердин 65-пунктунда көргөзүлгөн жазууларды ачыкка чыгаруу жана колдонуу туурасында чечим бул маселелерди эске алууга арналган.
Эскертүү 2. Ушул Эрежелердин 65-пунктуна ылайык төмөнкүлөр үчүн багытталган:
а) авиациялык кырсыктар жана инциденттерди териштирүүгө таандык болгон жазууларды ойдогудай коргоого багытталган улуттук мыйзам ченемдерин, эрежелерди жана саясатты иштеп чыгууда мамлекет тарабынан жардам көргөзүү;
б) ушул Эрежелердин 65-пунктунун негизинде талап кылынган чечимдерди кабыл алуу учурунда компетенттүү ыйгарым укуктуу органга жардам көргөзүү.
Бул толуктоодо:
а) ушул Эрежелердин 65-пунктуна ылайык, компетенттүү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан кызыкчылыктардын балансынын принцибинин кармалышын камсыз кылуу, алар авиациялык кырсыктар жана инциденттерге таандык болгон жазууларды ачыкка чыгаруу жана пайдалануу же жарыялоонун учурдагы жана болочок иликтөөлөрүнө ээ болушу керек.
б) жазуу (лар) ушул Эрежелердин 65-пунктуна саналып өткөн жазууларды билдирет.
Эскертүү 3. «Учуулардын коопсуздугун башкаруу» 19-тиркемесинде камтылган авиациялык кырсыктар жана инциденттерге таандык болгон жазуулардан башка тийиштүү маалыматтар жана учуулардын коопсуздугу туурасында маалыматты пайдалануу жана коргоого таандык жоболор.
2. Жалпы жоболор
2.1. Мамлекет, ушул Эрежелердин 65-пунктунда жана ушул Тиркемеде көргөзүлгөн борттогу сөздөрдү өзү жазгычтардын жана визуалдык кырдаалды борттогу каттоочуда жана мындай жазууларды бардык чечмелөөнү коргоонун бардык чараларын кабыл алат. Бул коргоо чаралары авиациялык кырсык же инцидент болгон учурдан баштап, андан кийин акыркы отчетту жарыялагандан кийин колдонулат.
2.2. Мамлекет ушул Эрежелердин 65-пунктунда жана ушул Эрежелердин 6-пунктунун 2) пунктчасында саналып өткөн башка жазууларды коргоо чараларын кабыл алат. Бул коргоо чаралары мындай жазуулар авиациялык кырсыктарды териштирүү боюнча органга берилген учурдан баштап, андан кийин акыркы отчет жарыялангандан кийин колдонулат.
Жарыяланбаган видео- жана үн жазуулары
2.3. Мамлекет, ушул Эрежелердин 71-пунктуна ылайык борттогу сөздөрдү өзү жазгычтарда камтылган маалыматтарды, ошондой эле визуалдык кырдаалдарды борттук каттагычтардын үн жазууларын жарыялоону алдын алууга багытталган өз аракеттерин көрөт:
а) улуттук мыйзам чыгаруу ченемдери, эрежелери жана саясатты кабыл алуу жолу менен жарыялоонун алдын алуу; же
б) коргоочу сот буйруктары, жабык териштирүүлөр же жашырын соттон тышкаркы отурум сыяктуу расмий кепилдиктерди кабыл алуу; же
В) визуалдык кырдаалды борттук каттагычтар же борттогу сөздөрдү өзү жазгычтарды ээлерине кайтаруудан мурда, кодго салуу же чүмбөттөөчү жазуу сыяктуу техникалык каражаттарды колдонуу жолу менен жазуулардын жарыяланып кетишинин алдын алуу.
Эскертүү. Жумушчу орундан курчап турган кырдаалды жазуулар, эл аралык стандарттардын талаптары жана сунушталган практиканын (International Standards and Recommended practices – SARPS) жазуулары, алар Чикаго конвенциясынын тиркемелеринде камтылат, мисалга борттогу сөздөрдү өзү жазгычтарды жана визуалдык кырдаалды борттун каттагычтардын жазуулары эксплуатациялык персоналдын жеке жашоосуна кийлигишүү катары кабыл алат же алар арналып саналган максаттарга колдонулбайт.
3. Компетенттүү ыйгарым укуктуу орган
Ушул Эрежелердин 65-пунктуна ылайык, ар бир мамлекет кызыкчылыктардын балансынын принцибинин кармалышы үчүн компетенттүү ыйгарым укуктуу орган же компетенттүү ыйгарым укуктуу органдар дайындалат.
Эскертүү. ар кандай жагдайлар үчүн ар кандай компетенттүү ыйгарым укуктуу органдар дайындала алат. Мисалга, кызыкчылыктардын балансынын принцибинин кармалышы үчүн дайындалган компетенттүү ыйгарым укуктуу орган болуп сот органы дайындалат. Жарыялоо туурасында өтүнүчтүн максаты кеңири коомчулукка жеткилик берүү болгон учурларда, кызыкчылыктардын балансынын принцибинин кармалышы үчүн башка компетенттүү ыйгарым укуктуу орган дайындалышы мүмкүн.
4. Кызыкчылыктардын балансынын принцибинин кармалышы
4.1. Жазык, жарандык, административдик же дисциплинардык иликтөөдө саналып өткөн жазууларды жарыялоо же колдонуу туурасында өтүнүч келип түшкөн учурда, компетенттүү ыйгарым укуктуу орган, кызыкчылыктардын балансынын принцибинин кармалышын камсыз кылуунун алдында, каралып жаткан териштирүүдө олуттуу факт бул жазуусуз орундалбай турганын текшерүүсү керек.
Эскертүү. Каралып жаткан олуттуу факт юридикалык термин болуп саналат жана олуттуу болуп саналган фактты, же бир тарап ырастап, экинчиси - аны жокко чыгарып турган териштирүүнүн зарыл болгон предметти түшүндүрөт, жана ал кызыкчылыктардын балансынын принцибинин кармалышын камсыз кылган компетенттүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилиши керек.
4.2. Кызыкчылыктардын балансынын принцибинин кармалышы учурунда компетенттүү ыйгарым укуктуу орган төмөнкүдөй факторлорду эске алат:
а) бул жазуу жасалган же даярдалган максат;
б) өтүнүч берүүчүнүн бул жазууну болжолдуу колдонулушу;
в) бул жазууну жарыялоо же колдонуу адамдын же уюмдун укуктарына же кызыкчылыктарына терс таасирин тийгизет;
г) бул жазуу таандык болгон жактар же уюмдар бул жазууну берүүгө макул болдубу;
д) бул жазууну андан аркы жарыялоо же колдонууга карата тийиштүү чектөөлөрдү тийиштүү кепилдиктери көрүлгөнбү?
е) бул жазуу жаксыздандырылган, кыска же жыйынтыкталган формада берилиши мүмкүнбү?
ж) ден соолукка же жашоого олуттуу коркунучтан качуу үчүн бул жазууга жеткилик алууга кандай зарылдык бар;
з) бул жазуу жашыруун же жабык мүнөзгө ээ болобу?
и) бул жазуу авиациялык кырсык же инцидент аракеттен же аракетсиздиктен келип чыкканы туурасында жетиштүү негизге ээ экенин күбөлөндүрөт, ал улуттук мыйзамдарга жана эрежелерге ылайык, одоно тоготпогондук, алдын ала бузуу же кылмыштык ниети менен жасалган катары эсептелет.
Эскертүү 1. Жазуулардын аныкталган категориясы үчүн кызыкчылыктардын балансынын принциби бир жолу колдонулушу мүмкүн, ал эми жыйынтыктар улуттук мыйзам ченемдерине жана эрежелерге киргизилет.
Эскертүү 2. Компетенттүү ыйгарым укуктуу орган жазууларды жарыялоого уруксат берүү туурасында чечим кабыл алуу үчүн бир жолу кызыкчылыктардын тең салмактуулук принцибин колдонууну талап кылат, жана жазууну колдонууга уруксат берүү үчүн өзүнчө аныкталат.
Эскертүү 3. Учуулардын коопсуздугу туурасында маалыматты коргоо боюнча колдонмонун «Авиациялык кырсыктар жана инциденттерди териштирүүгө таандык болгон жазууларды коргоо» 1-бөлүмүндө камтылган кызыкчылыктардын балансынын принцибинин кармалышына таандык нускамалуу материал.
5. Чечимдердин протоколдору
Компетенттүү ыйгарым укуктуу орган кызыкчылыктардын балансынын принцибинин кармалышы учурунда жүйөөлөрдү каттайт. Аталган жүйөөлөр зарылдыгына жараша берилиши жана андан кийинки чечимдер үчүн колдонулушу керек.
Эскертүү. Мамлекет жалпыга жеткиликтүү маалыматтар базасына киргизүү үчүн Уюмдун жумушчу тилдеринин бирөөндө Жарандык авиациянын эл аралык уюмунда чечимдердин протоколдору катары бериши мүмкүн.
6. Акыркы отчет
Авиациялык кырсыктардын жана инциденттердин алдын алууга кирбеген максатта акыркы отчетту колдонууну чектөө үчүн, мамлекеттер төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгышы зарыл:
а) мындай башка максаттар үчүн өзүнчө териштирүүнү дайындоо; же
б) акыркы отчеттун ар кайсы бөлүктөрүнө материалдарды кошуу, аны менен бирге анда камтылган факты жүзүндөгү маалыматтарды колдонууга мүмкүн болгудай болушу керек жана бул учурда кимдир бирөөнүн күнөөсүн же жоопкерчилигин аныктоо үчүн талдоону, корутундуларды жана учуунун коопсуздугу боюнча сунуштарды колдонууга жол бербөө; же
в) кимдир бирөөнүн күнөөсүн же жоопкерчилигинин үлүшүнүн жоопкерчилигин аныктоо үчүн териштирүүдө буюм далили катары акыркы отчетту колдонуунун алдын алуу.
Эскертүү. Ушул Эрежелердин 6-главасынын 106-пунктуна ылайык, авиациялык кырсыктардын алдын алуу кызыкчылыгында акыркы отчеттор ачык жарыяланбайт ана ушул Эрежелердин 65-пунктунун негизинде коргоого жатпайт. Бирок, акыркы отчеттун аныкталган бөлүктөрүн, негизинен учуулардын коопсуздук боюнча сунуштар, корутундулар жана талдоолорду колдонуу, кимдир бирөөнүн күнөөсү же жоопкерчилигин аныктоо максатында улуттук соттордо буюм далили катары жүргүзүлгөн териштирүүнүн максаттарына каршы келет.
7. Авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди
териштирүүдө алектенген персонал
Учуулардын коопсуздугу кызыкчылыгында жана ушул Эрежелердин 3-главасынын 8-пунктуна ылайык, мамлекет тарабынан, авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди териштирүү менен алектенген персонал жарандык, жазык, административлик же дисципинардык териштирүүдө кимдир бирөөнүн күнөөсү же жоопкерчилиги маселеси боюнча өз пикирин айтууга укугу жок.
10-тиркеме
Борттогу өзү жазгычтардын жазууларын эсептөө жана
талдоо боюнча нускамалуу материал
Алдын ала этап
Олуттуу авиациялык кырсыктан кийинки убакыт авиациялык кырсыктарды текшерүү менен алектенген бардык мамлекеттик орган үчүн абдан жооптуу мезгил болуп саналат. Токтоосуз чечүүнү талап кылган кечиктирилгин маселелердин бири болуп, борттогу өзү жазгычтарда жазылган маалыматтарды кайда жана кантип чечмелөө керек экенин жана аларга талдоо жүргүзүү саналат. Авиациялык кырсыктан кийин мүмкүн болушунча кыска мөөнөттүн ичинде борттогу өзү жазгычтардын жазууларын чечмелөөнү ишке ашыруу керек. Көйгөйлүү тармактар мүмкүн болушунча эртерээк аныкталышы керек анткени мындан териштирүүнүн жүрүшү көз каранды, анткени авиациялык кырсык болгон жерде табылган буюм далилдери табигый факторлордун таасири алдында өзгөрүүгө дуушар болушу керек. Мындан тышкары, көйгөйлүү тармактарды өз алдында аныктоонун натыйжасында, буга окшогон окуяларды алдын алуу көз карашынан алганда, учуулардын коопсуздукту камсыз кылуу боюнча шашылыш сунуштар кабыл алынышы керек.
Көптөгөн мамлекеттер борттогу өзү жазгычтарда жазылган маалыматты кайра окуу жана талдоого каражаттары жок (сөздөрдү да, маалыматтарды да), жана жардам сурап башка бардык мамлекетке кайрылууга мажбур болушат. Авиациялык кырсыктарды текшерүү менен алектенген, териштирүү жүргүзүп жаткан мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы өз убагында борттогу өзү жазгычтардагы жазууларды маалыматтарды эсептөөнүн тийиштүү техникалык борборунда чечмелөөнү уюштурат, ал даярдоочу мамлекет (же иштеп чыгуучунун мамлекети) болуп саналбаган мамлекетте жүргүзүлөт.
Техникалык борборду тандоо
Териштирүү боюнча орган анын пикири боюнча, териштирүүгө жардам берүүгө жөндөмдүү болгон башка бардык мамлекетке кайрыла алат. Өндүрүүчүнүн стандарттын ойнотуучу жабдуусу жана анын жазууларды кайра ойнотууну программалык камсыз кылуусу авиакомпаниялар жана авиациялык-техникалык кызматтар тарабынан колдонулуп келет, жана териштирүү процессинде колдонуу үчүн жараксыз деп эсептелет. Өзү жазгычтар кырсыктын убагында жабыркаган учурда, маалыматтарды калыбына келтирүү жана талдоонун атайын техникалык каражаттарына ээ болуу зарыл.
Борттогу өзү жазгычтарда жазууларды эсептөөнүн техникалык борборунда төмөнкүлөр камсыз кылынышы керек:
а) олуттуу жабыркоого ээ болгон өзү жазгычтарды чечүү, ошондой эле аларда жазылган жазууларды эсептөө;
б) эс тутумдагы баштапкы жазууларды/модулду өндүрүүчүнүн кайра жазуу орнотмосун колдонуу зарылдыгы жок жана авиациялык кырсык же инцидент убагында маалыматтарды жазып турган өзү жазгычтын каптоочу жок ойнотуу;
в) бул үчүн автоматтык каражаттарды колдонбой туруп, борттогу өзү жазгычтын санарип жазуусу менен учуудагы маалыматтарында камтылган белгилердин бинардык иштетилбеген термелүү үчүн талдоо жана чечмелөө, бул үчүн автоматташтырылган каражаттарды колдонбоо;
г) санарип каражаттарынын жардамы менен кептик белгилерди күчөтүү жана чыпкалоо, бул үчүн ылайыктуу программалык камсыз кылууну колдонуу;
д) маалыматтардын графикалык талдоосу жана кошумча параметрлерди алуу, алар түздөн түз өзү каттагыч тарабынан катталган эмес, ошондой эле бул жол менен кайчылаш текшерүүнү колдонуу жана маалыматтардын тактыгын аныктоо жана тийиштүү чектөөлөрдү тастыктоо максатында башка аналитикалык ыкмаларды колдонуу.
Даярдоочу-мамлекеттин (же иштеп чыгуучунун мамлекет) жана эксплуатанттын мамлекетинин катышуусу
Даярдоочу-мамлекет (же иштеп чыгуучунун мамлекети) учуу жарактуулугу үчүн жоопкерчилик тартат жана тийиштүү квалификациялык адистерге ээ, алар эреже болгондой, өзү жазгычтагы учуучу маалыматтарды эсептөө жана талдоо үчүн тартылат. Ошол себеп менен, борттогу өзү жазгычтар тарабынан катталган маалымат көп учурда учуу жарактуулугу менен байланыштуу көйгөйлөрдү тез табууга мүмкүндүк берет, даярдоочу-мамлекет (же иштеп чыгуучунун мамлекети) өз өкүлүн жибериши керек, анткени ал даярдоочу-мамлекет (же иштеп чыгуучунун мамлекети) болуп саналбаган мамлекетте жүргүзүлүп жаткан, борттогу өзү жазгычтарда жазылган маалыматтарды эсептөө жана талдоо учурунда катышышы керек.
Эксплуатанттын мамлекети учуулардын өндүрүшүн регламенттөө үчүн жоопкерчилик тартат жана эксплуатанттын ишмердүүлүгүнө түздөн түз тиешеси бар эксплуатациялык аспекттерди талдоо жүргүзүүдө жардам көргөзүшү мүмкүн. Ошол себеп менен, борттогу өзү жазгычтар тарабынан катталган маалымат эксплуатацияга байланышкан көйгөйлөрдү тез табууга мүмкүндүк берет, ошондуктан эксплуатанттын мамлекетинин өкүлү борттогу өзү жазгычтар тарабынан жазылган маалыматтарды эсептөө жана талдоо учурунда катышуусу керек.
Сунушталган процедуралар
Өзү жазгычтар тарабынан жана борттогу сөздөрдү өзү жазгычтарда жасалган учуучу маалыматтарды эсептөөнү бир техникалык борбордо жүргүзүү керек, анткени алар бирин бири толуктап туруучу маалыматтарды камтыйт жана ар бир жазууну баалоодо жана тастыктоодо, ошондой эле окуялардын убактылуу ырааттуулугун аныктоодо жана аларды синхрондоштурууда жардам берет.
Учуучу маалыматтардын жазууларын эсептөөгө чейин борттогу өзү жазгычтарды ачуунун е ага электр кубатын туташтыруунун зарылдыгы жок, жана андан тышкары, биринчи катталган маалыматтарды кайра жазуу жүргүзүүнүн зарылдыгы жок (өзгөчө кайра жазуунун ылдам орнотмолорунун жардамы менен), анткени аларга оңдолбой турган зыян келтирилиши мүмкүн.
Башка мамлекет үчүн борттогу өзү жазгычтардын жазууларын эсептөө жүргүзгөн техникалык борборго акыркы отчет боюнча өзүнүн сын пикирлерин айтууга мүмкүндүк берилиши керек, отчетто борттогу өзү жазгычтардын маалыматтарын талдоо мүнөздөмөлөрү эске алынышы керек.
Борттогу өзү жазгычтардын жазууларын эсептөө жүргүзүлүшү керек болгон техникалык борборго катталган маалыматты тастыктоо жана маалыматтарды текшерүү максатында аба кемесинин өндүрүүчүсүнүн же эксплуатанттын адистеринин жардамы талап кылынышы мүмкүн.
Териштирүү жүргүзүп жаткан мамлекет жазуулардын түпнускаларын же алардын көчүрмөлөрүн бул маалыматтарды чечмелеген техникалык борборго териштирүү аяктаган мөөнөткө чейин сактоо үчүн калтыра алат, бул кошумча сурамдарга маалыматты өз убагында берүүнү жеңилдете алат, же бул техникалык борбор мындай жазууларды коргоонун тийиштүү чараларын көргөн шартында, тактоо берүү туурасында өтүнүч жибере алат.
11-тиркеме
Териштирүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктарды берүү туурасында макулдашуу
Ушул Эрежелердин 5-главасынын 1-параграфына ылайык, Кыргыз Республикасы окуя болгон жердин мамлекети катары, териштирүү жүргүзүү жана дайындоо үчүн жоопкерчилик тартат, бирок, КР бул териштирүүнү жүргүзүүнү башка мамлекетке же авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди териштирүү боюнча аймактык уюмга (RAIO – Regional Aviation Investigation Organization) өз ара макулдашуу жана макулдашуу боюнча ыйгарым укуктарды толугу менен жарым жартылай бере алат. Буга окшогон жол менен, териштирүү жүргүзүүгө ыйгарым укук берүү, мамлекет авиациялык кырсыктар же олуттуу инцидент Макулдашкан мамлекет болуп саналбаган мамлекеттин аймагында орун алган учурда жүргүзүлөт, ал 1044-жылдагы Жарандык авиациянын эл аралык конвенциясынын 13-тиркемесине ылайык иликтөө жүргүзүүнү каалабайт же авиациялык кырсык же олуттуу инцидент болгон жер кандайдыр бир мамлекетте жайгашканын аныктоо мүмкүн эмес болгондо.
Териштирүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктарды берүү туурасында макулдашуу түзүү териштирүү жүргүзүүгө жооптуу мамлекеттин тийиштүү чечимин кабыл алган учурдан башталат. Жалпысынан, мындай мамлекет териштирүү жүргүзүүнү башка мамлекетке же RAIOго берүү туурасында маселени, негизинен, мындай башка мамлекет же RAIO тарабынан териштирүү жүргүзүү пайдалуу же максаттуу болгон учурда, же териштирүү жүргүзүү үчүн жооптуу болгон мамлекетте 1944-жылдагы Эл аралык жарандык авиация туурасында конвенциянын 13-тиркемесине ылайык окуяны териштирүүгө ресурстары же мүмкүнчүлүктөрү жок болгон учурларда карай алат.
Териштирүү жүргүзүүгө кайсы тараптар катыша турганына жараша, жана башка мамлекет же RAIO тарабынан жүргүзүлө турган териштирүүнүн масштабына карай, териштирүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктарды берүү туурасында расмий макулдашуу талап кылынаарын аныктайт, же өз ара түшүнүүгө жетишүү керек. Жалпысынан, бүт териштирүүнү жүргүзүүгө ыйгарым укуктарды берүү үчүн териштирүү боюнча ыйгарым укуктарды берүү туурасына расмий макулдашуу түзүшү керек. Териштирүү жүргүзүүгө ыйгарым укук берген учурда, ыйгарым укуктарды берүү туурасында расмий макулдашуу түзүү эки тараптын кароосу боюнча ишке ашырылат.
Эгер териштирүү жүргүзүү толугу менен башка мамлекетке же RAIOго берилсе, анда, бул мамлекет же RAIO териштирүү жүргүзүү үчүн жоопкерчилик тартат, анын ичинде акыркы отчетту чыгаруу жана ADREP отчеттуулугун чыгаруу бар. Эгер териштирүүнүн бир гана бөлүгүн жүргүзүүгө ыйгарым укук берилсе, анда акыркы отчетту жана ADREP отчеттуулугун чыгаруу менен, териштирүү үчүн жоопкерчиликти териштирүү жүргүзүүнү берген мамлекет тартат. Териштирүү жүргүзүүнү берген мамлекет териштирүү үчүн жүргүзүүгө көмөк көргөзүү үчүн бардык каражаттарды колдонот.