Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ТРАНСПОРТ ЖАНА ЖОЛ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2020-жылдын 3-ноябры № 2
«13-КРАЭ Авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди изилдөө» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежесин
бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15- сентябрындагы № 530 токтомуна ылайык, ошондой эле Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун стандарттары жана сунушталуучу тажрыйбасы менен максималдуу бир түрдүүлүктү камсыз кылуу максатында,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Тиркемеге ылайык «13-КРАЭ, Авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди изилдөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежеси бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги:
-бул буйрукту аткарууга алсын;
-катталгандан тартып үч иш күндүн ичинде «Эркин Тоо» гезитине бул буйрукту жарыяласын;
-бул буйрук расмий жарыялангандан тартып үч иш күндүн ичинде, буйруктун мамлекеттик жана расмий тилдердеги эки нускадагы көчүрмөсүн, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдө, аталган ченемдик укуктук акты жарыяланган булакты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат катары жиберсин.
3. Бул буйрук расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. “Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2016-жылдын 27-январындагы №1 буйругунун 1-пунктунун 13-абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары Т.О.Солтобаевге жүктөлсүн.
Министр | Б. Бердалиев |