Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 68-чуа буйругунун редакциясына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2021-жылдын 17-февралындагы № 42-нпа буйругуна) |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 31-декабрындагы № 32-чуа “КР КЧ 20-02:2018 “Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери” курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө” буйругундагы
№ 1 ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 31-декабрындагы № 32-чуа буйругу менен бекитилген “КР КЧ 20-02:2018 “Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери” курулуш ченемдеринде:
- 1.4 пунктунун төртүнчү абзацында “болгон аймактарда” деген сөздөрдөн кийин “жана/же күндүзгү бетте тектоникалык жаракалар пайда болушу мүмкүн болгон тилкелерде” деген сөздөр менен толукталсын;
- 1.5 пунктагы “6.4.2” деген сандар “6.4.3” деген сандар менен алмаштырылсын;
- 5.1 пунктунун үчүнчү абзацында “орто-арифметикалык мааниси (vs) камтылышы керек” сөздөрү “орто эсеп менен өлчөнгөн маанисин (vs) көрсөтүү сунушталат” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5.4 пунктунун биринчи абзацында “керек” деген сөздүн ордуна “сунушталат” деген сөз жазылсын;
- 5.7 пунктунун биринчи абзацында “керек” деген сөздүн ордуна “сунушталат” деген сөз жазылсын;
- 6.3.2 пунктунун биринчи абзацында “сейсмикалуулугуна жөнөкөйлөтүлгөн аныктоого жол берилет” деген сөздөр “сейсмикалуулугун аныктоо керек” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6.4.6 пунктагы “куруу” деген сөз “долбоорлоо жана куруу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7.2.8 пунктагы “артыкчылык берилет” деген сөздүн ордуна “сунушталат”деген сөз жазылсын;
- 7.3.1 пунктагы “аныкталат” деген сөздүн ордуна “аныкталышы керек” деген сөздөр жазылсын;
- 7.3.3 пунктунун:
- биринчи абзацында “маанисин төмөнкүдөй аныктоого болот” деген сөздөрдүн ордуна “мааниси төмөнкүдөй аныкталат” деген сөздөр жазылсын;
- сүйлөмдө (7.3) туюнтамасынан кийин, “мейкиндик эсептөө схемасы үчүн” деген сөздөрдөн кийин “(7.1 б сүрөт)” деген сөздөр менен толукталсын;
- пункттун аягы мейкиндик эсептөө схемасы үчүн “б” сүрөтү менен толукталсын;
- 7.4.1 пунктунун акыркы абазцында «Имараттарга кирбеген башка инженердик курулмаларды жоопкерчилиги боюнча төрт класска бөлүшөт." деген сөздөр алынсын;
- 7.4.4 пункт алынсын;
- 7.2 таблицасында III класска тиешелүү ячейкада жоопкерчиликке тийиштүү акыркы пункт өзүнчө абзацка бөлүнсүн;
- 7.5.4 пунктунун экинчи сүйлөмүндөгү “курулуш аянтынын спецификалык өзгөчөлүктөрүн эске алган атайын изилдөөлөрдүн” деген сөздөр “кошумча изилдөөлөрдүн” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7.6.1 пунктунун биринчи абзацында “регулярдуу” деген сөзгө “орточо-регулярдуу эмес” деген сөздөр кошумчалансын;
-7.6.2 пунктагы “маанилер”, “эске алынган” деген сөздөр “мааниси”, “эске алынып” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7.6.4 пунктагы кашаанын ичиндеги “(5.2 жана 5.5 пункту кара)” деген сандар жана сөздөр “(5.5пункту кара)” деген сандар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7.6.5 пунктунун Эскертүү пунктчасындагы “туруктуулугу” деген сөз “элементтери” деген сөз менен алмаштырылсын;
- 7.9.3 пунктунун 7.19 формуласындагы бөлүүчүсүндө биринчи кашаа үчүн квадрат даражасы коюлсун;
- 7.9.5 пунктунун:
- биринчи абзацында “төмөнкү түзүлүштө аныкталышы мүмкүн” деген сөздөр “төмөнкү тартипте аныкталышы мүмкүн”деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- б) пунктчасында “колдонуш” деген сөз “колдонуу” деген сөз менен алмаштырылсын;
- 7.12.4 пунктунун аягы “Эгерде 0,2<θ≤0,3 болсо, анда деформацияланган схема боюнча эсептөө керек.” деген сүйлөм менен толукталсын;
- 9.1.2 пунктунун а) пунктчасы төмөндөгү эскертүү менен толукталсын “Эскертүү – эгерде жер төлө же цоколь кабатында жер төлөнүн же цоколь кабатынын бийиктиги менен чектелген дубалдар болсо, анда ал дубалдарды имараттын пайдубал конструкциясынын бөлүгү катары карап, имараттын бийиктиги боюнча биринчи тепкичине (урчугуна) чейин жеткирүүгө жол берилбейт.
- 9.1.6 пунктунун мазмуну толугу менен төмөндөгү сүйлөмдөр менен алмаштырылсын: “Имараттагы жогорку ийкемдүү кабаттарды орнотууга жол берилбейт. Имараттын жогорку кабатында чоң аралыгы менен зал тибиндеги имараттарды орнотуу учурунда жогорку кабаттын горизонталдык катуулугу төмөн жайгашкан кабаттын катуулугунан 70% кем эмесин түзүшү керек. Имараттан бийик турган жана имаратка салыштырмалуу көлөмү жана массасы аз болгон курулмаларды (желдетүүчү камералар, лифттердин машина жайлары ж.б.у.с. ) ушул ченемдердин 7.10. бөлүмүн эске алып долбоорлоо керек.”;
- 9.1.13 пунктунун биринчи абзацында “Курама темир бетон конструкцияларын колдонууда ири өлчөмдүү элементтерге артыкчылык берүү керек” деген сөздөрдү “Курама темир бетон конструкцияларын колдонууда ири өлчөмдүү элементтерге артыкчылык берүү сунушталат” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9.1.14 пунктагы “керек” деген сөз “сунушталат” деген сөз менен алмаштырылсын;
- 9.1.15 пунктагы “орнотуу” деген сөз “долбоорлоо” деген сөз менен, “камсыздалат” деген сөз “камсыз кылынышы керек” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9.1.16 пунк алынсын;
- 9.1.19 пунктагы “морлор” деген сөздөн кийин “желдетүүчү каналдарды” деген сөздөр кошулсун;
- 9.1.21 пунктагы “Жергиликтүү” деген сөзү алынсын;
- 9.2.2 пунктунун биринчи абзацында “эреже болгондой” деген сөздөр алынсын;
- 9.2.2 пунктунун экинчи абзацында “бир кабаттуу каркастык имараттардын” деген сөздөр алынсын;
- 9.2.3 пунктагы “эреже болгондой” деген сөздөр алынсын;
- 9.3.2 пунктунун:
- “аткарылат” деген сөз “каралууга тийиш” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- пунктун аягы төмөндөгү сүйлөмдөр менен толукталсын: “Ар кандай белгилерде чектеш отсектер салынган учурда, тереңирээк бөлүгүнөн терең эмес бөлүгүнө өтүүнү тепкичтүү кылып аткаруу керек; мында отсектердин чектеш бөлүктөрүнүн пайдубалдары тигиштен (шовдон) 1 метрден кем эмес узундукта бирдей тереңдетүүгө ээ болушу керек, ал эми осадок тигиш менен бөлүнгөн, түркүктөргө арналган айрым столба түрүндөгү пайдубалдар бир деңгээлде жайгашууга тийиш. Пайдубалдардын таман тепкичтеринин бийиктигин 0,6 м. чейин кылып аткаруу сунушталат жана байланышкан грунт үчүн 1:2 чейин (узундукка бийиктик) жана байланышпаган грунтка, терең салынган пайдубалдардан анча терең салынбаган пайдубалдарга өткөн жерлерде 1:3 чейин салуу сунушталат. Аскалуу грунттарда тепкичтерди жасабай коюга жол берилет”.
- 9.3.3 пунктунун:
- биринчи абзацы толугу менен төмөндөгү сүйлөм менен алмаштырылсын: “Пайдубалдардын таманын түптөө тереңдиги жердин пландаштырылган белгисине салыштырмалуу имараттын жер үстүндөгү бөлүгүнүн бийиктигинен 10% кем эмес жана грунттун тоңуучу тереңдигинен кем эмес тереңдикте кабыл алуу сунушталат.”;
- экинчи абзацта “туташып турган” деген сөздөр “чектеш” деген сөз менен алмаштырылсын;
- 9.3.4 пунктунун экинчи сүйлөмүндө “дубалдарын” деген сөз “тышкы дубалдарын” деген сөздөр менен алмаштырылсын; “аткаруу” деген сөз “караштыруу” деген сөз менен алмаштырылсын;
- 9.3.5 пунктунун акыркы абзацындагы “Распоркалардын ордуна полдун атайын конструкцияланган темир бетон плитасын колдонууга жол берилет” сүйлөм алынып салынсын;
- 9.3.6 пунктунун биринчи абзацында “жаткыруу” деген сөзү “караштыруу” сөзү менен алмаштырылсын;
- 9.3.7 пунктунун:
- биринчи абзацында “Ири” деген сөздөн кийин “бетон” деген сөз кошулсун;
- биринчи абзацында “жаткыруу” деген сөз “колдонуу” деген сөз менен алмашырылсын;
- экинчи абзацында “блоктордун ” дегенге чейин “Бетон” деген сөз кошулсун;
- 9.3.9 пунктун сүйлөмү төмөндөгү редакцияда берилсин: “Дубалдардагы горизонталдуу гидроизоляциялык катмарларды цемент аралашмасынан караштыруу керек”;
- 9.4.1 пунктагы “эрежеде,” деген сөздөр алынып салынсын;
- 9.4.7 пункт алынып салынсын;
- 9.4.8 пункт алынып салынсын;
- 9.4.10 пунктундагы “эреже болгондой” деген сөздөр алынып салынсысын, “кылынат” деген сөз “кылуу сунушталат” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9.4.12 пунктунун төртүнчү абзацындагы “конструкциясы менен бекитилет” сөөздөрү “конструкцияларында ишенимдүү бекитилүүгө тийиш” деген сөөздөр менен алмаштырылсын;
- 9.5.3 пункту төмөндөгү редакцияда берилсин: “9.5.3 Имараттын ар бир бөлүгүндө бирден кем эмес тепкич аянты болушу керек. Тепкич аянтынын конструкциялары имараттын көтөрүп туруучу тутумуна кириши керек. Имараттын көтөрүп туруучу элементтери менен конструкциялык байланыш бар болгон учурда, өзүнчө турган курулма түрүндө негизги тепкич аянтына кошумча тепкич аянтын орнотууга уруксат берилет»;
- 9.5.4 пунктунун:
- биринчи абзацында “керек” деген сөз “сунушталат” деген сөз менен алмаштырылсын;
- экинчи абзацында “эреже болгондой” деген сөздөр алынып салынсын;
- экинчи абзацында “эки учунан жакшы бекитилиши керек” сөөздөрү “бир учунан жакшы бекитилиши керек, ал эми экинчи учунун таянуу конструкциясы, анын кулап кетүүсүнө жол бербей, таканчыкка салыштырмалуу эркин жылышын камсыз кылууга тийиш.” сүйлөмү менен алмаштырылсын;
- үчүнчү абзац төмөндөгү редакцияда берилсин: “Эки учунан жабуу менен байланышкан тепкич марштарынын конструкциясын колдонууга жол берилет, бул учурда тепкич марштарынын жана аларды бекитүүчү түйүндөрдүн көтөрүп туруучу жөндөмдүүлүгү жабуулардын өз ара жылышуусунда пайда болгон жүктөмдөрдү кабыл алууга эсептелиши керек”;
- 9.5.5 пунктундагы “аткаруу” деген сөз “караштыруу” деген сөз менен алмаштырылсын, “тепкичтери менен тепкичтерди колдонууга” деген сөздөр “колдонууга” деген сөз менен алмаштырылсын;
- 9.6. 1 пунктундагы “эреже болгондой” деген сөздөр алынып салынсын;
- 9.6.5 пунктундагы “эреже болгондой” деген сөздөр алынып салынсын;
- 9.6.6 пунктундагы “аткаруу” деген сөз “караштыруу” деген сөз менен алмаштырылсын; “эреже болгондой, ширетүү менен бекитилет” деген сөздөр “ширетүү менен бекитүү сунушталат” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9.6.7 пунктундагы “аткаруу” деген сөз “караштыруу” деген сөз менен алмаштырылсын;
- 9.6.7.3 пунктунун:
- биринчи абзацы толугу менен төмөндөгү сүйлөмдөр менен алмаштырылсын: “Кыш (таш) менен кыналган көтөрүп турбаган дубал конструкцияларда эсептик сейсмикалуулугу 7, 8 балл болгон аянттар үчүн бийиктиги боюнча 700 мм аралыктан аз эмес, 9 балл жана андан жогорку аяннтар үчүн 500 мм аралыктан аз эмес горизонталдуу арматура торлору менен кыноону караштыруу керек. Эсеп менен аныкталган горизонталдуу арматура торлорду тигишинде (шов) 0,2 см2 кем эмес узатасынан кеткен чыбыктардын туурасынан кеткен жалпы кесилишин кабыл алуу керек”;
- экинчи абзац толугу менен алынып салынсын;
- 9.6.7.4 пунктунун :
- биринчи абзацтын “бекитүү керек” деген сөздөрүнөн кийин төмөндөгүдөй сөздөр менен улантылсын “ал эми кабаты 5тен жогору болгон имараттарда – штукатурка катмарында сөзсүз түрдө эки жактуу арматура торлорун темир бетон же металл кошулмалары менен орнотуу керек”;
- “Кабаты 5тен жогору болгон имараттарда” деп башталган экинчи абзац алынып салынсын;
- үчүнчү абзацта “эреже болгондой” деген сөздөр алынып салынсын;
- акыркы абзацта “эшик оюктарында” деген сөздөр “эшик оюктары үчүн” деп алмаштырылсын, “алкак болот” деген сөздөр “алкак караштыруу керек” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9.6.7.5 пунктунун:
- “эки тараптуу арматуралык тор менен күчөтүү убагында, 30 мм кем эмес, ал эми аралашманын маркасын - 100 кем эмес кабыл алуу керек” деген сөздөр жана сандар “эки тараптуу арматуралык тор менен күчөтүүдө,
20 мм кем эмес, ал эми аралашманын маркасын - 50 кем эмес кабыл алуу керек” деген сөздөр жана сандар менен алмаштырылсын;
- пунктагы эскретүү алынып салынсын;
- 9.6.11 пунктундагы “кыш” деген сөздөн кийин кашаанын ичинде (таш) деген сөз менен толукталсын, ал эми “3” деген сан “1,5 м” сан менен алмаштырылсын;
- 9.7.3 пунктундагы “артыкчылыкты пластикалуулук аймактары биринчи кезекте каркастын горизонталдык элементтеринде (ригелдерде, устундарда) келип чыккан схемаларга берүү керек” деген сөздөр “пластикалуулук аймактары биринчи кезекте каркастын горизонталдык элементтеринде (ригелдерде, устундарда) келип чыгышы мүмкүн болгон схемалар сунушталат”деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9.7.9 пунктунун биринчи абзацы толугу менен төмөндөгү сүйлөмдөр менен алмаштырылсын: “Тосуучу көтөрбөөчү дубалдарды жана вертикалдык катуулук түзмөктөрү жок каркас имараттарынын тосмолорун жеңилдетилген ири өлчөмдөгү панелдерден же сейсмикалык таасир учурунда каркастардын деформацияланышына жол берген жана алардын ишине катышпаган, башка жеңил конструкциялык элементтерден куруу керек”;
- 9.8.2 пунктундагы “эреже болгондой” деген сөздөр алынып салынсын;
- 9.8.4 пунктунун экинчи сүйлөмүндө “өзгөрүүсү имараттын эки жагынан тең симметриялуулукта сактаган шартта жол берилет, бирок имараттын жалпы көлөмүнүн 20 пайызынан ашык болбоосу шарт” деген сөздөр “өзгөрүүсүнө жол берилет, бирок оюктардын жалпы аянтынын 20%нан көп эмес” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9.8.7 пунктундагы “ширетилген” деген сөз алынып салынсын;
- 9.8.13 пункт алынып салынсын;
- 9.8.16 пунктунун:
- экинчи абзацта, “ортосундагы” деген сөздөн кийин “вертикалдуу” деген сөз кошулсун;
- үчүнчү абзацта, “Байланыштардын” деген сөз “Вертикалдуу кошулуулардын байланыш” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төртүнчү абзацта, “щиретилип” деген сөздөн кийин “байланышып” деген сөз менен толукталсын;
- 9.8.19 пунктунун экинчи сүйлөмүндө “Арматуралардын бекемдиги эсеп менен аныкталат, ошол эле учурда арматуралардын диаметрлери 8 мм ден аз, кадамы 200 мм ден көп болбоосу зарыл” деген сөздөр жана сандар “Арматуранын кесилиш аянты эсеп менен аныкталат, мында арматуранын кадамы 200 ммден көп эмес болуп, чыбыктардын диаметри плиталардын жогорку жана төмөнкү кырлары боюнча 5 мм жана 8 ммден кем эмес болууга тийиш” деген сөздөр жана сандар менен алмаштырылсын;
- 9.8.20 бөлүм төмөндөгү мазмундагы жаңы пункт менен толукталсын: “Дубалдардагы туташтырууларды (перемычка) узатасынан кеткен арматура менен симметриялуу кылып армирлөө керек, армирлөө
анкеровканын чоңдугуна тирөөчтүн аркасына киргизилиши керек, бирок 50 см кем эмес киргизилүүгө тийиш, тирөөчкө жакын зонада туурасынан кеткен чыбыктардын максималдуу кадамын туташтыруунун (перемычка) пролетунун ¼не 100ммден көп эмес кабыл алуу керек.
Туташтыруулардын арматура каркасын дубал панелинин арматурасынын бирдиктүү мейкиндүү блогуна кошуу керек”;
- 9.9.1 пунктунун үчүнчү абзацында “эреже болгондой” деген сөздөр алынсын, “керек” деген сөз “сунушталат” деген сөз менен алмаштырылсын;
- пунктагы эскертүү алынып салынсын;
- 9.9.2 пунктунун:
- биринчи абзацында “Монолиттик” деген сөздөрдөн мурун “Ушул ченемдердин 9.4.13 пунктунун талаптарына ылайык” деген сөздөр менен толукталсын;
- экинчи абзац алынып салынсын;
- 9.9.6 пунктунун биринчи абзацында “аткаруу” деген сөз “караштыруу” деген сөз менен алмаштырылсын;
- 9.9.7 пунктунун биринчи абзацында “эреже болгондой” деген сөздөр алынып салынсын, “аткаруу” деген сөз “караштыруу” деген сөз менен алмаштырылсын;
- 9.10.1 пунктунун:
- биринчи абзацтын уландысы “күчөтүлгөн” деген сөздөн мурун “ыкмалардын бири менен” деген сөздөр менен толукталсын;
- акыркы абзац төмөндөгү редакцияда берилсин: “Кыштан (таштан) кыналган дубалдардын жер титирөөгө туруктуулугун жогорулатуу үчүн, эксперименталдык жактан негизделген учурда, башка ыкмаларды да колдонууга жол берилет”;
- 9.10.2 пунктундагы “же ичи бош” жана “25% дан көп эмес боштугу менен” деген сөздөралынып салынсын;
- 9.10.4 пункт алынып салынсын;
- 9.10.5 пунктундагы “дубалдарына” деген сөз “дубалдары бар имараттарда” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9.10.7 пунктундагы “төмөнкү (9.4) формуласы боюнча аныкталат” деген сөздөр “(9.4) формуласы боюнча аныктоо керек” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9.10.8 пунктунун биринчи абзацында «долбоордо көргөзүп» деген сөздөр «долбоордо көргөзүлүп» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9.10.11 пунктунун биринчи абзацында «дубал түрүндө, комплекстүү конструкцияларды» деген сөздөр «кыштан (таштан) кыналган дубалдарды» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9.10.13 пункту төмөндөгү редакцияда берилсин: «9.10.13 Көтөрүп туруучу дубалдардын чектешкен жерлеринде бийиктиги боюнча 7 жана 8 балл сейсмиктик учурунда узундугу 700мм сайын 150смден кем эмес жана узата арматуранын кесилишинин суммардык аянты 1 см2 кем эмес болгон
жана сейсмиктиги 9 жана 9 баллдан жогору болгон учурда - 500 мм сайын кыноого арматура торлору жаткырылышы керек”;
- 9.10.14 пунктунун:
- биринчи абзацында «орнотулушу» деген сөз «караштырылышы» деген сөз менен алмаштырылсын; «аткарылат» деген сөз алынып салынсын;
- экинчи абзацында «орнотпой коюуга» деген сөздөр «караштырбай коюуга» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9.10.16 пунктундагы «Комплекстүү конструкциянын дубалдары менен же таш-монолиттик коюудан жасалган имараттардын кабатынын» деген сөздөр «Кыштан кыналган, 9.10.1 а), б) жана в) п. ылайык күчөтүлгөн дубалдары бар имараттардын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9.10.17 пунктундагы “эрежеде ” деген сөз алынсын;
- 9.10.20 пунктундагы «жана түркүктөрдүн» деген сөз алынсын;
- 9.10.22 пунктундагы “эреже болгондой”, “орнотуу керек” деген сөздөр «караштыруу керек» деген сөздөр менен жана «жаткырышат» деген сөз «киргизип жаткырууну караштыруу керек» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10.4 пунктундагы «Көп кабаттуу» деген сөз алынып салынсын;
- 10.5 пунктундагы “каамыттар 400 мм көп эмес жана 12d көп эмес, мында d – узунунан кеткен кысылган стержендердин эң кичине диаметри, эсеп боюнча жана аралыкта коюлушу керек”деген сүйлөм “каамыттардын кадамын эсеп менен караштыруу керек, бирок 400 мм көп эмес жана 12d көп эмес, мында d – узунунан кеткен кысылган стержендердин эң кичине диаметри”деп берилсин;
- 10.6 пунктундагы «тарабынын» деген сөздөн мурун «туурасынан кеткен кесилиш » деген сөздөр менен толукталсын;
- 10.8 пунктундагы «орнотулган» деген сөз «орнотулуучу» деген сөз менен алмаштырылсын;
- 10.11 пунктундагы “эреже болгондой” деген сөздөр алынсын; «КЧжЭ» деген сөз «ченемдер» деген сөз менен алмаштырылсын;
- 10.12 пункт алынып салынсын;
- 10.13 пунктундагы «кадимки» сөзү «жер титиребеген» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10.16 пунктунун:
- биринчи абзацта «эске алуу керек:» деген сөздөр «караштыруу зарыл:»деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төртүнчү абзацта «- чоң» деген сөз «Чоң» деп алмаштырылсын;
- 10.19 пунктундагы «артыкчылык берилет.» деген сөздөр «сунушталат.» деген сөз менен алмаштырылсын;
- 10.21 пунктундагы «керек» деген сөз «сунушталат.» деген сөз менен алмаштырылсын;
- 10.23 пунктундагы “катышы” жана “1,08 кем эмес” деген сөздөр жана сандар алынып салынсын;
- 11.2 пунктунун:
- үчүнчү абзацта “прокаттык” деген сөздөн кийин “жана” деген сөз “же” деген сөзгө алмаштырылсын;
- А.17 пунктундагы «Кабаттын бийиктигинен кем эмес узундуктагы» деген сөздөр алынып салынсын;
- А.68 пункту төмөндөгүдөй редакцияда берилсин: «А.68 атайын техникалык шарттар: курулуштун конкреттүү обьектиси үчүн иштелип чыккан жана иштеп жаткан ченемдерде жок талаптарды же анын коопсуздугуна кошумча техникалык талаптарды камтыган техникалык ченемдер.
Э с к е р т ү ү
1.Техникалык шарттарды техникалык документациянын курамында иштеп чыгышат жана колдонуудагы ченемдерди толуктаган документ катары колдонушат.
2.Ушул ченемдин 1.4 пунктунда көрсөтүлгөн обьекттерди долбоорлоого атайын техникалык шарттар архитектура жана курулуш чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат.
- А тиркемеси жаңы пункт менен толукталсын: “А.82 дубал: башка элементтерди таяп туруучу жана планда узундугунун калыңдыгына болгон катнашы 4төн кем эмес lw/bw болгон туурасынан кеткен узартылган кесилиши бар конструкциялык тутумдун элементи. Дубалдын бети, адатта, вертикалдуу багытка ээ”.
- А тиркемеси жаңы пункт менен толукталсын: «А.83 өз термелүүсүнүн айлануу формасы – катуулук борбору аркылуу өткөн имараттын вертикалдуу (Z) огуна салыштырмалуу имараттын массасынын тегеренүү түрүндөгү термелүү формасы.»;
- А тиркемеси жаңы пункт менен толукталсын: «А.84 имараттын өз термелүүсүнүн негизги тону – эң кичине жыштыктагы жана каралып жаткан багытта модалдык массааларды эң чоң салым кылган өз термелүү формасы. Сейсмикалык жүктөмдөрдүн тиркемелеринин ар бир каралып жаткан багытында өз термелүүсүнүн негизги тонунун формасы катышат.»;
- А тиркемеси жаңы пункт менен толукталсын: «А.85: имараттардын көтөрбөөчү конструкциялык элементтери: имараттын курамына кирип, сейсмикалык жүктөмдөрдү кабыл алууга катышпаган конструкциялар (тосмолор, парапеттер, коргондор, толтуруулар)»;
- А тиркемеси жаңы пункт менен толукталсын: «А.86: көтөрбөөчү конструкциялык эмес элементтер: имараттын курамындагы ар кандай жабдыктардын жана механизмдердин түрлөрү, алардын ичинде механикалык жабдуулар, өткөрмө түтүктөр, асма фасаддар ж.б.»;
- А тиркемеси жаңы пункт менен толукталсын: «А.87: өзгөчө жооптуулуктагы конструкциялык эмес элементтер: көтөрбөөчү конструкциялык эмес элементтер же адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган уулуу же башка заттар (суюктуктар)
сакталган, иштетилген же пайдаланылган жабдыктар. Жоопкерчилик өндүрүш процессинин инженер-технологунун техникалык тапшырмасы менен аныкталат»;
- Ж.5.1 пунктунун Ж тиркемеси төмөндөгүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын: «Эскертүү- Имараттардын жана курулмалардын үзгүлтүксүздүгү (регулярность) боюнча талаптарды текшерүүдө грунттун деформацияланышынын 10 жолу көбөйтүлгөн маанисин серпилгич негиздеги бир эсептик моделин же негиздин катуулулугунун динамикалык мунөздөмөлөрүндө пайдаланууга жол берилет»;
- К тиркемесинин К3.1. пунутунун а) пунктчасынын эскертүүсүндөгү кашаанын ичиндеги “(төмөнкү формалар)” төмөндөгүдөй берилсин: (төмөнкү формалар же негизги тондор);
- К.3.2 пункту төмөндөгүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
“ Эскертүү – жер төлө жана цоколь кабаттардын үстүндөгү жабуулар үчүн ушул ченемдердин К.3.1 тиркемесинин «б» жана «в» пункттарын жана К.3.2 тиркемесинин «в» пунктунун талаптарын аткарбай коюга төмөнкү учурларда жол берилет:
а) эгерде имараттын (блоктун) жер төлө жана цоколь кабаттарында имараттын жалпы тутумунун ишине кошулган дубалдары болсо жана ал дубалдар грунттан басымды кабыл алса, анда сейсмикалык таасир багытын бойлоп жайгашкан дубалдарга «б» жана «в» пункттарынын талаптарын аткарбай коюга жол берилет.
б) эгерде имараттын жер алдындагы бөлүктөрү ушул курулуш ченемдердин 9.3.3 пунткуна ылайык грунттан басым кабыл алуучу дубалдары бар чектеш тегерете салынган (обстройка) конструкцияларга бириктирилсе.»;
- К 3.3 пунктундагы «2.1» сандар «3.1» сандар менен алмаштырылсын;
- Л тиркемесинин аталышында кашаадагы (маалыматтык) деген сөз (милдеттүү) деген сөз менен берилсин