Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 68-чуа буйругунун редакциясына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА,
КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК
ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2021-жылдын 17-февралы № 42-нпа
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 31-декабрындагы № 32-чуа буйругу менен бекитилген «КР КЧ 20-02:2018 «Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери» курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө» буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Курулуштагы ченемдик базаны Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук акттары жөнүндө» мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектурасы жөнүндө» Мыйзамын ишке ашыруу үчүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрыдагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 372 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мындан ары – Мамкурулуш) жөнүндө жобону жетекчиликке алып,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Мамкурулуштун 2018-жылдын 31-декабрындагы № 32-чуа буйругу менен бекитилген «КР КЧ 20-02:2018 «Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери» курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө» буйругуна № 1 өзгөртүүлөр тиркемеге ылайык киргизилсин.
2. Мамкурулуштун ведомстволук жана аймактык түзүмдөрүнүн баардык жетекчилери ушул буйрукту жетекчиликке алышсын.
3. Мамкурулушка караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтуна:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана туракжай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Государственное агентство архитектуры, строительства и жилищно-коммунального хозяйства при Правительстве Кыргызской Республики
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук акттарын расмий басып чыгаруунун булактары жөнүндө» токтомуна ылайык ушул буйруктун расмий жарыяланышы боюнча чаралар көрүлсүн;
- ушул буйрук расмий жарыялангандан кийин үч күндүн ичинде буйруктун көчүрмөлөрү эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде, электрондук жана кагаз түрүндө, буйрукту жарыялаган басылманы көрсөтүп, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберилсин;
- ушул буйрук күчүнө киргенден кийин үч күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 30 күндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун орун басары М.А. Акматалиевге жүктөлсүн.
Директор | У. Кокочаров |