Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2021-жылдын 23-марты № 44-нпа
Кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого сейсмикалык коопсуздукту камсыздоо боюнча атайын техникалык шарттар жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Мыйзамына ылайык имараттардын жана курулмалардын коопсуздугун камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрыдагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун жетекчиликке алып
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого сейсмикалык коопсуздукту камсыздоо боюнча атайын техникалык шарттар жөнүндө жобо, тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын 2-февралындагы № 79 “Кыймылсыз мүлк объектеринин долборлоого атайын техникалык шарттардын тартиби жана бекитилиши жөнүндө” жобону бекитүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба малекеттик агенттигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтуна:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук акттарын расмий басып чыгаруунун булактары жөнүндө” токтомуна ылайык ушул буйруктун расмий жарыяланышы боюнча чаралар көрүлсүн;
- ушул буйрук расмий жарыялангандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөлөрү эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде, электрондук жана кагаз түрүндө, буйрукту жарыялаган басылманы көрсөтүп, ченемдик жана укуктук акттардын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн;
- ушул буйрук күчүнө киргенден кийин үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директорунун орун басары М.А. Акматалиевге жүктөлсүн.
Директор |
| У. Кокочаров |