Загрузка документа…
| Мамкурулуштун 2021-жылдын 23-мартындагы№ 44-нпа буйругуна тиркеме |
Кыймылсыз мүлк объектилерин долбоорлоого сейсмикалык коопсуздукту камсыздоо боюнча атайын техникалык шарттар жөнүндө жобо
1-Глава. Жалпы жоболор
1. Ушул кыймылсыз мүлк объектилерин долбоорлоого сейсмикалык коопсуздукту камсыздоо боюнча атайын техникалык шарттар жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) кыймылсыз мүлк объектисине (мындан ары-объект) долбоорлоо документтерин иштеп чыгууда ченемдик техникалык документтерде белгиленген ишенимдүүлүк жана коопсуздук боюнча талаптар жетишсиз болгон, жемындай талаптар белгиленбеген учурда сейсмикалык коопсуздукту камсыздоо боюнча атайын техникалык шарттарды (АТШ) иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү боюнча жалпы талаптарды белгилейт. АТШ конкреттүү обьектиге курулуш аянтынын шарттарын эске алуу менен иштелип чыгат.
2. АТШ (белгилүү бир объектиге карата) инженердик изилөөлөрдүн, долбоорлоонун, курулуштун, иштетүүнүн, ошондой эле бузуунун (демонтаж) өзгөчөлүктөрүн чагылдырган коопсуздук тармагындагы белгиленген же жок техникалык ченемдеге кошумча техникалык талаптарды камтыган техникалык ченем болуп эсептелет. Аталган талаптарды милдеттүү түрдө колдонууда Кыргыз Республикасынын “Техникалык регламент” “Имараттардын жана курулмалардын коопуздугу” Мыйзамынын талаптарын сактоо камсыздалат.
3. АТШ архитектуралык-курулуш ишмердүүлүк чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жер титирөөгө туруктуу курулуш боюнча профилдүү институту (мындан ары - Институт) тарабынан иштелип чыгат, бекитилет жаначенемдик документ катары катталат.
4. Ушул Жобого, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ченемдик документтерине ылайык иштелип чыккан АТШлар Институт тарабынан бекитилгенден кийин курулуш объектилеринин долбоорлоо документтерин даярдоо үчүн ченемдик-техникалык документ болуп эсептелет.
2-Глава. Атайын техникалык шарттарды иштеп чыгуу тартиби жана алардын мазмунуна коюлган талаптар
5. Тапшрык берүүчү (инвестор) тарабынан бекитилген техникалык тапшырма(мындан ары - ТТ) жана обьектинин өзгөчөлүктөрүн эске алган тапшырыкчынын расмий кайрылуусу АТШны даярдоо үчүн негиз болуп эсептелет.
6. Техникалык талаптарда АТШны иштеп чыгуу зарылдыгы тууралуу кыскача негиздеме, обьект тууралуу маалыматтар, колдонуудагы курулуш ченемдеринен четтөөлөр, ошондой эле АТШны иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон башка талаптар берилиши керек.
7. АТШты иштеп чыгууга чейин объектинин принципиалдуу техникалык чечимдери (анын ичинде, көлөмдүү-мерчемдүү жана конструкциялык чечимдер, пайдаланылуучу негизги материалдар жана буюмдар) аныкталышы керек, ошондой эле колдонуудагы ченемдик база талдоого алынууга тийиш.
Принципиалдуу техникалык чечимдер – бул долбоорлонуучу объектинин жалпы түзүлүшүн жана башка техникалык талаптар менен болгон байланышты чагылдыруучу негизги көрсөткүчтөрүн (параметрлерин) аныктоочу чечимдер.
Принципиалдуу техникалык чечимдерди бүтүндөй объектиге, анын бөлүктөрүнө, конструкцияларынын же инженердик тутумдарынын айрым түрлөрүнө карата аныктоо зарыл.
8. АТШты иштеп чыгуутапшырык берүүчүнүн кат түрүндө кайрылуусуна ылайык, тапшырыкчы менен аткаруучунун ортосунда келишим түзүү менен акы төлөө негизинде жүргүзүлөт. Келишимге монополияга каршы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган жана архитектуралык-курулуш ишмердүүлүк чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен бекитилген бааларга ылайык даярдалган АТШны иштеп чыгууга кеткен чыгымдардын калькуляциясы тиркелет.
9. АТШда ченемдик документтердин талаптарынан четтеп кетүүлөр болушу мүмкүн болгон долбоордун конструкциялык бөлүктөрүнө талаптар камтылышы керек.
10. АТШда белгиленген талаптар техникалык регламенттердин милдеттүү талаптарына каршы келбеши керек.
АТШнын талаптары алдыңкы тажрыйбаларга негизделип, ата мекендик жана чет элдик илимдин, техниканын жана технологиялардын заманбап жетишкендиктерине негизделишикерек.
11. Эгерде курулуш тармагындаколдонулуп жаткан ченемдик документтердеги айрым талаптар белгилүү бир объект үчүн белгилүү бир долбоордук өнүмгө гана тиешелүү болсо, анда АТШнын тиешелүү бөлүмдөрүндө мамлекеттер аралык стандарттарга ылайык, тийиштүү ченемдик документтерге шилтеме берилет.
12. АТШны иштеп чыгууда объектинин принципиалдуу техникалык чечимдерин аныктоого (анын ичинде, көлөмдүү-мерчемдүү жана конструкциялык чечимдер, пайдаланылуучу негизги материалдар жана буюмдар), ошондой эле белгилүү объектиге карата колдонуудагы тиешелүү ченемдик базага талдоо жүргүзүү зарыл. Мындай талдоо жер титирөөгө туруктуу курулушту камсыздоо боюнча жетишпеген ченемдик талаптарды, же жок ченемдерди иштеп чыгууга негиз болот.
13. АТШныиштеп чыгуу ушул жобонун 3-пунктуна ылайык тапшырыкчынын (инвестордун) техникалык тапшырмасынын негизинде жүргүзүлөт.
14. АТШда төмөнкү маалыматтар камтылышы керек:
- АТШны жана ушул тармактаколдонулган ченемдик документтердин түзүлүшүнө ылайык баяндалган белгилүү объект үчүн жетишпеген ченемдик талаптарды иштеп чыгуу зарылдыгын негиздөө;
- колдонуудагы ченемдик документтерден аргасыз четтөөлөрдүн тизмеси, мындай четтөөлөрдү компенсациялоочу иш-чаралар.
Мындан тышкары, АТШда төмөндөгүлөр келтирилиши керек:
-тапшырыкчы (инвестор) жана долбоорлоочу уюм жөнүндө маалымат;
- объектинин аталышы жана жайгашкан орду;
- курулуш аянтынын шарттары;
-бүтүндөй объектини жана анын маанилүү элементтерин көлөмдүү-мерчемдүү жана конструкциялык чечимдерин баяндап сүрөттөө, ошондой эле жер тилкесин уюштуруу схемасы жана архитектуралык-мерчемдик чечимдердин эскиз чиймелеринин тиркемеси.
15. АТШнын курамына ченемдерден четтөөнү же/жана ченемдердин жоктугун компенсациялоочу талаптар кирет. Ченемдик техникалык документтерде каралбаган кошумча талаптар берилиши керек.
16. АТШнын түзүлүшү иштелип жаткан учурда түзөтүлүшү жана ушул тармактаколдонулган техникалык ченемдердин түзүлүшүнө ылайык келишикерек.
17. Кыймылсыз мүлк объектилерин долбоорлоого АТШлар төмөндөгүдөй бөлүмдөрдү камтууга тийиш:
- негизги жоболор;
- курулуш аянтынын шарттары;
- көлөмдүк-мерчемдүү чечимдер;
- эсептелген сейсмикалык жүктөмдөр;
- конструкциялык иш-чаралар.
18. АТШда колдонулган белгилер жана бирдиктер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стандарттарында, курулуш ченемдеринде жанакурулуш эрежелеринде кабыл алынган белгилерге жана бирдиктерге дал келүүгө тийиш.
19. Негизги жоболор бөлүгүндө төмөнкүлөр көрсөтүлүшү зарыл:
-тармагы жана колдонуу тартиби;
- курулуш объектисинин жана аянтынын жалпы мүнөздөлүшү;
- долбоорлоонун негизги принциптери.
Эсептелген сейсмикалык жүктөмдөр бөлүгүндө сейсмикалык таасир этүү факторлорун эске алуу менен эсептелген сейсмикалык жүктөмдөрдү аныктоо боюнчаталаптар белгиленет.
Конструкциялык иш-чаралар бөлүмүндө долбоорлонуп жаткан имараттын долбоорунда кабыл алынган конструкциялык-мерчемдик чечимдерге карата сунуштар жана шарттар иштелип чыгат.
20. АТШнын курамындагы техникалык талаптар конкреттүү, так, кыска, ар кандай түшүндүрүүнү талап кылбаган, логикалык ырааттулукту сактаган жана белгиленген колдонуу тармакка ылайык пайдаланууга толук жеткиликтүү болушу зарыл.
21. АТШнын текст түрүндөгү бөлүгү А4 форматындагы барактарда таризделет.
АТШнын белгиси ар бир барактын жогорку оң бурчунда (бир тараптуу басмада) же жуп беттердин жогорку сол бурчунда жана так беттердин оң бурчунда (эки тараптуу басмада) көрсөтүлөт.
22. АТШнын белгисин иштеп чыккан тарап төмөндөгү жоболорду эске алып берет:
АТШ иштеп чыккан уюм тарабынан берилген иреттик номерге ээ болушу керек жана АТШ бекитилген жылыжазылууга тийиш.
АТШнын белгилеринин үлгүсү:
АТШ 001-2021 «Ысык-Ата тектоникалык жаракага чектеш аймактагы турак үйдү долбоорлоого техникалык шарттар”.
001 –АТШны иштеп чыгуучу тарабынан берилген үч разряддуу каттоо номери;
2021 –АТШны бекиткен жыл.
3-Глава. Атайын техникалык шарттарды макулдашуу жана бекитүү тартиби
23. АТШнын долбоорун Институттун Техникалык кеңешинде кароо үчүн төмөнкү документтер берилет:
- Тапшырыкчынын АТШны иштеп чыгуучу уюмдун жетекчисине жазган арызы. Арызга жетекчи же анын милдетин аткаруучунун колу коюлат жана уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт;
- техникалык тапшырма;
- АТШнын иштелип чыккан долбоору.
24. Ушул Тартиптин 23-пунктунда белгиленген тизмедеги документтер Институттун Техникалык кеңешине тизмени бузуу менен берилген учурда, каралбастан кайтарылат.
25. Берилген документтерди кароо төмөнкүлөрдү камтыйт:
- берилген документтердин жана материалдардын курамын изилдөө;
- документтерди карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча Институттун Техникалык кеңешинин сунуштарын даярдоо.
26. Документтерди карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча Институттун Техникалык кеңешинин чечими жөнүндө протокол даярдалат.
27. АТШнын долбоорун макулдашуу же баш тартуу жөнүндө чечим Институттун Техникалык кеңеши тарабынан документтер Техникалык кеңешке келип түшкөндөн тартып он календардык күндүн ичинде кабыл алынат.
Баш тартууга төмөнкүлөр негиз болушу мүмкүн:
- АТШны иштеп чыгуу зарылдыгы тууралуу негиз жетишсиз болгон учурда;
- объектинин татаалдыгы жана өзгөчөлүгү;
- карама-каршылыктардын пайда болушу.
Институттун Техникалык кеңешинин чечими менен макул болбогон учурда, чечимди Кыргыз Республикасынын “Администрациялык ишмердүүлүктүн негиздери жана администрациялык жараяндар жөнүндө” Мыйзамына ылайык, даттанууга болот.
28. Иштеп чыгуучулар Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Мыйзамына ылайык жоопкерчилик тартышат.
29. Институттун Техникалык кеңешинин чечими менен кабыл алынган АТШ АТШтын экинчи барагына техникалык кеңештин мүчөлөрүнүн колдору коюлуп, ошондой эле АТШнын ар бир барагына (эки нускада) аткаруучунун колу коюлуп таризделет.
30. Институттун Техникалык кеңеши менен макулдашылган АТШнын долбоору Институттун Техникалык кеңешинин төрагасы же анын орун басары тарабынан бекитилет.
31. АТШ колдонуу мөөнөтү чектелбей бекитилет.
32. АТШнын тапшырыкчысына чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде кабыл алынган чечим тууралуужазуу түрүндөгү билдирме жөнөтүлөт.
Билдирмеге иштеп чыгуучунун жетекчиси же анын орун басары кол коёт.
33. АТШ бекитилген учурда билдирмеге ушул Жобонун 29-30 пунктарындагы талаптарга ылайык таризделген АТШтын нускасы тиркелет.
34. Иштеп чыгуучу АТШнын катталышын камсыздайт.
35. Бекитилген АТШ архивде сакталууга жана АТШны иштеп чыккан орган тарабынан тийиштүү реестрде эсепке алынууга тийиш. Реестрге сөзсүз түрдө төмөндөгү маалыматтар киргизилет:
- курулуштун тапшырык берүүчүсү (аталышы, уюштуруу-укуктук формасы, жайгашкан жери, банк маалым даректери, жетекчи жөнүндө маалымат(аты-жөнү, телефону);
-АТШнын аталышы;
-АТШнын бекитилген датасы жана номери;
-АТШны өзгөртүү жөнүндө маалыматтар;
- АТШны талаптагыдай эсепке алууну камсыздоо үчүн башка маалыматтар.