Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙЫЛ, СУУ ЧАРБА ЖАНА АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2021-жылдын 21-июну № 1 дп
2021-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген пестициддер жана агрохимикаттардын мамлекеттик каталогун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомун аткаруу максатында:
1. 2021-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген пестициддер жана агрохимикаттардын мамлекеттик каталогу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаментине:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кошумча катталган пестициддерди жана агрохимикаттарды өзүнчө тизме менен бекитилген мамлекеттик каталогго киргизүүнү, электрондук форматка которуу жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин расмий сайтына жайгаштыруу менен камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө" 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 токтомуна ылайык, каттоодон өткөн күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин расмий веб-сайтында жарыяласын;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйрукту ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- бул буйруктун көчүрмөсү күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жөнөтүлсүн.
3. "Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген пестициддердин жана агрохимикаттардын каталогун бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 2018-жылдын 31-январындагы № 33 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин маселесин көзөмөлдөгөн орун басарына жүктөлсүн.
Министр | А. Джаныбеков |