Загрузка документа…
КР Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 1 дп буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙЫЛ ЧАРБА,
ТАМАК-АШ ӨНӨР ЖАЙЫ ЖАНА МЕЛИОРАЦИЯ МИНИСТРИЛИГИ
БУЙРУК
2018-жылдын 31-январы №33
“Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген пестициддердин жана агрохимикаттардын мамлекеттик каталогун бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун (2017-жылдын 25-январындагы № 44 редакциясында) жетекчиликке алып,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Тиркелген Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген пестициддердин жана агрохимикаттардын каталогу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментине:
- катталган пестициддерди жана агрохимикаттарды Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин расмий сайтына жайгаштыруу менен Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген пестициддердин жана агрохимикаттардын атайын каталогуна дайыма киргизип турууну камсыз кылсын;
- жылына бир жолу мыйзам менен белгиленген тартипте КР АЧТАӨЖММнин буйругу менен бекитилүүчү, “Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген пестициддердин жана агрохимикаттардын каталогуна толуктоолор” китепчесин чыгарсын.
3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө КР АЧТАӨЖММнин Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментине жүктөлсүн.
Министр | Н. Мурашев |