Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2021-жылдын 28-майы № 888/1
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы тарабынан жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндөгү»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрилигине 2014-жылдын 15-сентябрында № 530 токтомуна ылайык
БУЙРУК КЫЛАМ
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын компетенциясына кирген төмөндөгү мамлекеттик кызматтардын административдик регламенти бекитилсин:
- «Табигый, техникалык, гуманитардык, колдонмо жана коомдук илимдер жаатындагы пландан тышкаркы (мамлекеттик заказдан тышкары) илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү (анын ичинде мониторинг)» 1-тиркемеге ылайык;
- «Техниканын, технологиялардын, материалдардын, заттардын, приборлордун жана жабдуулардын жаңы үлгүлөрүн түзүү жана киргизүү боюнча пландан тышкаркы (мамлекеттик заказдан тышкары) тажрыйбалоо-конструктордук жана долбоорлоо-технологиялык иштерди жүргүзүү» 2 – тиркемеге ылайык;
- «Пландан тышкаркы илимий, илимий-техникалык, экономикалык, социалдык жана экологиялык экспертизаларды (анын ичинде аныктоону) жүргүзүү» 3 – тиркемеге ылайык;
- «Материалдык жана материалдык эмес жаратылыштын объекттерин жана андагы процесстерге пландан сырткары талдоо жүрүгүзүү» 4 – тиркемеге ылайык;
- «Материалдык жана материалдык эмес жаратылыш объекттерин жана андагы процесстерге пландан сырткары баалоо жүрүгүзүү» 5 – тиркемеге ылайык;
- «Жабдуулардын, конструкциялардын, буюмдардын, заттардын жана материалдардын үлгүлөрүнө пландан тышкаркы сыноо жүргүзүү» 6 – тиркемеге ылайык ;
- «Профилдик адистин көчмө экспедициялык жана практикалык кызмат көрсөтүүлөрү» 7 – тиркемеге ылайык.
2. Ченемдик укуктук актынын көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актыны маалымат каражаттарында жарыялоо булагын көрсөтүү менен кагаз жана электрондук түрдө, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы:
- ушул буйрукка кол коюлган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жиберсин.
- жогоруда көрсөтүлгөн административдик регламенттерге ылайык мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча ишти уюштурсун;
- мындан ары көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатуу жана оптималдаштыруу боюнча чараларды көрүсүн.
4. Мониторинг, стратегиялык пландаштыруу жана маалыматтык камсыздоо бөлүмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтында жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин расмий сайтында ушул буйрукту расмий жарыялоону камсыз кылсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдө Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары А.Т.Абдраевага жүктөлсүн.
6. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр | Б.Д. Купешев |