Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин
2023-жылдын 14-сентябрындагы № 112-Б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин 2021-жылдын 25-август 80-п буйругу менен бекитилди |
Кыргыз Республикасындагы Ички аудиттин СТАНДАРТТАРЫ
1. Жалпы жоболор
1. Бул Ички аудиттин стандарттары (мындан ары - Стандарттар) "Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты.
2. Бул Стандарттар министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана мекемелеринин, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо тутумундагы органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын ведомстволук уюмдарынын жана мамлекеттик ишканалардын ички аудиторлорунун ишине бирдиктүү талаптарды белгилейт.
3. Ички аудиттин стандарттары:
1) Ички аудиттеги сапаттык касиеттердин стандарты:
1000 - максаттар, ыйгарым укуктар жана жоопкерчилик;
1100 - көз каранды эместик жана калыстык;
1200 - компетенттүүлүк жана ишке дасыккан мамиле;
1300 - ички аудиттин кепилдиктерин жана сапатын жакшыртуунун программасы.
2) Ички аудиттин ишинин стандарты:
2000 - ички аудитти башкаруу;
2100 - ички аудиттин маңызы;
2200 - аудитордук тапшырманы пландоо;
2300 - аудитордук тапшырманы аткаруу;
2400 - натыйжалар жөнүндө маалымдоо;
2500 - аудиттин натыйжасы боюнча жүргүзүлүүчү иш-аракеттерге байкоо жүргүзүү;
2600 - объекттин жетекчиси кабыл алган тобокелдикти кароо.
2. Глоссарий
Аудиттин автоматташтырылган методдору - аудитке тийиштүү жалпы программалык камсыздоо, тесттик маалыматтардын генераторлору, аудит үчүн компьютердик программалар, аудит үчүн атайын программалык тиркемелер жана компьютерлештирилген аудитордук жол-жоболор сыяктуу аудиттин ар кандай автоматташтырылган методдору.
Адекваттуу контроль - жетекчи контролду уюмдун максаттары жана милдеттери натыйжалуу жана үнөмдүү ыкма менен ишке ашырылгыдай уюштурса жана контролдоону пландаштырса, контроль ошондо адекваттуу болот.
Аудитордук тапшырма - ички аудитти аткаруу, контролдоо тутумунун өзүнө баа берүүсүнө сереп салуу, алдамчылык фактыларын иликтөө, консалтинг боюнча тапшырма.
Консультациялык кызматтар - аудит өткөрүлүүчү тарапка кеңеш, рекомендация түрүндөгү кызматтарды көрсөтүү боюнча иш, анын мүнөзү жана мазмуну аудит өткөрүлүүчү тарап менен макулдашылат, ал жардам көрсөтүүгө, корпоративдик башкаруу, тобокелдиктерди башкаруу жана контролдоо процесстерин өркүндөтүүгө, башкаруучулук чечимдер үчүн ички аудиторлордун жоопкерчилик алуусун болтурбоого багытталган.
Ички аудиттин эл аралык кесиптик стандарттары (Эл аралык стандарттар) - эл аралык кесиптик практиканын негизи, АКШнын Флорида штатындагы Альтамонт Ички аудит институту тарабынан иштелип чыккан милдеттүү мүнөздөгү концепциялык негиз.
Ишенимдүү маалымат - тийиштүү аудитордук жол-жоболорду колдонуу менен алууга мүмкүн болгон толук жана ишенүүгө болуучу маалымат.
Көз каранды эместик - ички аудит бөлүмүнө өзүнүн милдеттенмелерин калыс аткарууга мүмкүндүк бербөөчү шарттардын болбошу.
Объективдүүлүк - аудиторлорго аудитордук тапшырманы туура аткарууга мүмкүндүк берүүчү жана иштеги сапат маселесинде орчундуу четтөөлөргө жол бердирбөөчү калыс мамиле. Объективдүүлүк аудит маселесинде ички аудитор өзүнүн пикирин башка адамдардын пикирлерине баш ийдирбөөсүн талап кылат.
Калган тобокелдер - жетекчилик терс окуялардын таасирлерин жана болуу ыктымалдыгын азайтуу боюнча чараларды көргөндөн кийин, анын ичинде тобокелдиктерге карата контролдук жол-жоболорду ишке ашыргандан кийин калган тобокелдиктер.
Мезгилдүү текшерүүлөр - ички аудиттин аныктамасына, этикалык стандарттарга жана стандарттарга ылайык келүүнү баалоо үчүн жүргүзүлүүчү текшерүүлөр.
Кепилдиктерди берүү - уюмдагы мамлекеттик башкаруу, тобокелдиктерди башкаруу жана контролдоо процесстерине көз каранды эмес баа берүү максатында колдо болгон аудитордук далилдерге объективдүү талдоо жүргүзүү.
Аудитордук тапшырманын программасы - аудитордук тапшырманын жол-жоболорун регламенттеген документ.
Контролдоонун процесстери - тобокелдерди башкаруу процессинин алкагында белгиленген жол берилүүчү чектерде контролдоо тутумунун жана тобокелдердин деңгээлин камсыздоонун бөлүгү болгон жол-жоболордун жана иш-аракеттердин жыйындысы.
Тобокел - максаттарга жетүүгө таасир берүүчү окуялардын болушунун мүмкүндүгү. Тобокелдер кандайдыр натыйжалардын болуу ыктымалдыгынын жана өлчөмдөрүнүн терминдери менен өлчөнөт.
Тобокелдик - аппетит, тобокелдиктин уюм тарабынан алгылыктуу деп кабыл алынган деңгээли.
Ылайыктуу маалымат - байкоолорду жана рекомендацияларды ырастоочу жана тапшырманын максатына ылайык келген маалымат.
Пайдалуу маалымат - уюмдун максатына жетүүсү үчүн жардам берүүчү маалымат.
Тобокелдиктерди башкаруу - уюмдун өзүнүн максаттарына жетүүсүндө алгылыктуу кепилдиктерди камсыздоо үчүн мүмкүн болуучу окуяларды жана кырдаалдарды аныктоо, баалоо, башкаруу жана контролдоо процесси.
3. Ички аудиттеги сапаттык касиеттердин стандарты
4. Ички аудиттин сапаттык касиеттеринин стандарты төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) 1000 - Максаттар, ыйгарым укуктар жана жоопкерчилик
Ички аудиттин максаты, ыйгарым укуктары жана жоопкерчилиги ички аудиттин аныктамасына, этикалык стандарттарга жана ушул Стандарттарга ылайык келген ички аудит боюнча структуралык бөлүмдүн жобосунда аныкталууга тийиш.
Ички аудит боюнча түзүмдүк бөлүм жөнүндө жобо ички аудит жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген ички аудиттин методологиясы маселелери боюнча типтүү жобого ылайык келүүгө тийиш.
2) 1100 - Көз каранды эместик жана объективдүүлүк
Ички аудит көз каранды эмес болууга тийиш, ал эми ички аудиторлор өздөрүнүн милдеттерин аткарууда объективдүү болууга тийиш.
Көз каранды эместик - ички аудитор ишин ички аудит объектисинин жетекчиси жана башка кызматтык адамдардын кийлигишүүсүз жүргүзө алат дегендикти билдирет (иш көлөмүн аныктоо, аудитордук тапшырманы аткаруу, отчетторду түзүү). Ички аудит кызматынын жетекчиси (мындан ары - ИАКЖ) мекеиенин жетекчисине (ички аудит объектиси) гана отчеттуу болууга тийиш. Көз карандысыздык коркунучу жеке аудитордун, аудитордук тапшырманын, функционалдык жана уюштуруу деңгээлинде контролдонууга тийиш.
Ички аудит кызматынын жетекчиси ички аудит объектисинин жетекчисине гана отчет берүүгө тийиш. Эгерде ИАКЖ ички аудиттен тышкары функцияларды жана милдеттерди аткарса, аткарууну пландаштырса, ички аудиттин көзкарандысыздыгына же объективдүүлүгүнө терс таасирин чектөө үчүн кепилдиктер кабыл алынышы керек.
Ички аудиторлор өз ишинде калыс жана адилетүү болуга жана ар түрдүү кызыкчылыктар кагылышынан качууга тийиш.
Ички аудиторлор аудитордук тапшырмаларды пландоо, жеткиликтүү, орундуу жана ишенимдүү далилдерди жыйноо жана талдоо боюнча талаптарды сактоо аркылуу өз объективдүүлүгүн кепилдөөгө тийиш, ушулардын негизинде өздөрүнүн корутундуларын жасоо зарыл. Объективдүүлүк бул ички аудитор аудитордук маселелер боюнча өзүнүн корутундусун башкалардын пикирине баш ийдирбеш керек дегенди билдирет. Объективдүүлүк коркунучу жеке аудитордун, аудитордук тапшырманын, функционалдык жана уюштуруу деңгээлинде контролдонууга тийиш.
Эгер көз карандысыздык же объективдүүлүк терс таасирге кабылса же ага кабылган катары кабыл алынса, бул жөнүндө маалымат ченемдик укуктук актыларга ылайык ачылууга тийиш.
Ички аудиторлор акыркы он эки айдын ичинде алар жоопкерчилик алган жааттарда ички аудит жүргүзүүдөн карманууга тийиш.
Ички аудит кызматы консультациялык тапшырма объективдүүлүккө таасир этпеген шартта мурда консультациялык жардам берилген жааттарда кепилдиктерди берүү боюнча тапшырмаларды аткара алат.
Ички аудиторлор алар мурда жоопкерчилик алган жааттарда консультациялык жардамды бере алат.
Отчетторду бардык тийиштүү фактылардын негизинде түзүү зарыл. Ички аудитор балансталбаган корутунду бериш үчүн фактыларды иргеп тандап алып пайдаланууга жол бербөөгө тийиш.
3) 1200 - Компетенттүүлүк жана ишке дасыккан мамиле
Ички аудиторлор аудитордук тапшырмаларды дасыккан жогорку деңгээлде аткарууга тийиш.
Ички аудит кызматынын кызматкерлери кызматтык милдеттерин жана ички аудит бөлүктөрүнүн алдында турган милдеттерди аткаруу үчүн тийиштүү билимге жана көндүмдөргө ээ болууга тийиш. Ички аудит бөлүмүнүн алдына коюлган тапшырмаларды аткаруу үчүн ички аудит кызматынын кызматкерлери жамааттык түрдө зарыл болгон билимге, көндүмдөргө жана башка компетенцияларга ээ болууга же аларды алууга тийиш.
Эгер ички аудиттин кызматкерлери аудитордук тапшырманы же анын бөлүгүн аткаруу үчүн жетиштүү билимге, көндүмдөргө же башка компетенцияларга ээ болбогон учурда ИАКЖ кеңеш жана консультация үчүн кайрылууга тийиш.
Ички аудиторлор ишке дасыккан мамилени көрсөтүүгө тийиш. Ишке болгон дасыккан мамиле аудитор ката жиберүүгө укугу жок дегендикти билдирбейт.
Ички аудиторлор өздөрүнүн билимдерин жана көндүмдөрүн үзгүлтүксүз өркүндөтүп, кесиптик жактан өсүп турууга тийиш.
Ички аудиторлор алдамчылык тобокелдиктерин баалоо, маалыматтык технологиялардын тобокелдиктери жана тобокелдиктерди башкаруу боюнча иштерди аткаруу үчүн жетиштүү билим алууга тийиш. Ошол эле учурда ички аудиторлордун алдамчылык фактыларын табуу жана изилдөө же маалыматтык технологияларга аудит жүргүзүү негизги функциясы болгон адистин компетенциясына ээ боло тургандыгы болжолдонбойт. Эгер ички аудиттин кызматкерлери тапшырманы же анын бөлүгүн аткаруу үчүн жетиштүү билимге, көндүмдөргө жана башка компетенцияларга ээ болбогон учурда ИАКЖ консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү боюнча тапшырмадан баш тартууга же кеңеш жана көмөктөшүү үчүн кайрылууга тийиш.
Ички аудиторлор ишиндеги дасыккандыкка жетишүү үчүн төмөнкүлөрдү көңүлгө алуулары тийиш:
- аудитордук тапшырманын максатына жетүү үчүн керектүү иштин көлөмүн;
- орчундуу каталардын, алдамчылыктын жана ылайык келбөөлөрдүн ыктымалдуулугун жана маанисин;
- кепилдик берилүүчү маселелердин татаалдыгын жана маанилүүлүгүн;
- потенциалдуу пайда менен салыштырганда аудитордук кепилдиктерди берүүдөгү чыгымдарды.
Ички аудитор ишке кесипкөй мамиле кылуу менен аудиттин автоматташтырылган методдорун жана маалыматтарды талдоонун башка методдорун колдонуу мүмкүнчүлүгүн кароого тийиш.
Ички аудиторлор мекеменин максатына, ишине же ресурстарына таасир этүүчү олуттуу тобокелчиликтерди табууга тийиш. Аудитордук кепилдиктерди берүүдө жүргүзүлгөн жол-жоболор алар кесипкөй деңгээлде жүргүзүлсө да бардык олуттуу тобокелчиликтерди табууну кепилдебейт.
Ички аудиторлор консультативдик жардам берүү менен кесиптик мамиле кылууга төмөндөгүлөрдү көңүлгө алуулары тийиш:
- тапшырманы аткаруунун мүнөзү жана мөөнөтү, ошондой эле натыйжалуулук жөнүндө отчеттуулуктун формасы;
- зарыл болгон максатка жетүү үчүн иштин татаалдыгы жана көлөмү.
Ички аудит кызматынын жетекчиси (мындан ары - ИАКЖ) компетенттүүлүктү жана дасыккандыкты камсыздоо максатында төмөндөгүлөрдү аткарышы зарыл:
- ички аудит кызматынын кызматкерлерин окутуу боюнча жылдык планды түзүү жана бекитүү;
- кызматкерлерге алар аткарууга компетенттүү болгон тапшырмаларды берүү.
4) Ички аудиттин кепилдиктерин жана сапатын жакшыртуунун программасы (мындан ары - Программа)
ИАКЖ ички аудиттин ишинин бардык жактарын камтуучу Программаны иштеп чыгууга жана колдоого тийиш.
Программа ички аудиттин функциясы ички аудит жөнүндө аныктамага, ушул Стандарттарга, этикалык стандарттарга шайкеш экендигин баалоо үчүн иштелип чыгат.
Программа ички аудиттин натыйжалуулугун жана майнаптуулугун баалоону, ишти өркүндөтүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү табууну караштырат.
Программаны ички аудит объектисинин жетекчиси бекитет.
Программа ички жана тышкы баалоолорду камтууга тийиш.
Ички баалоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
- ички аудиттин ишине учурдагы мониторингди;
- ички аудиторлор же уюмдун ички аудит жаатында жетиштүү билими бар кызматкерлери тарабынан өзүн-өзү баалоо жолу менен жүргүзүлүүчү мезгилдүү текшерүүлөрдү.
Тышкы баалоолор уюмда иштебеген квалификациялуу жана көз каранды эмес эксперт же эксперттердин тобу тарабынан эки жылда бир жолу өткөрүлүп турат.
Квалификациялуу тышкы эксперт же эксперттер тобу эки жаатта компетенттүүлүгүн көрсөтүшөт: ички аудиттин профессионалдык маселелери жана тышкы баалоону жүргүзүү.
Компетенттүүлүктү тастыктоо үчүн теориялык даярдык, ошондой масштабдагы жана татаалдыктагы уюмдардагы, экономиканын тийиштүү секторлорундагы жана тармактарындагы иш тажрыйбасы кызмат кылат.
Эксперттин же эксперттер тобунун көз каранды эместиги үчүн кызыкчылыктардын кагылышуусу болбошу шарт.
Көз каранды эмес эксперттер өздөрү ички аудит функциясын текшерип жатышкан уюмдардын кызматкерлери же алардын контролунда болбошу керек.
Программа боюнча ички жана тышкы баалоонун натыйжалары аудит объектисинин жетекчисине берилет. Программадагы маалыматка төмөндөгүлөр кошулууга тийиш:
- ички жана тышкы баалоонун көлөмү жана мезгилдүүлүгү;
- тыянактар;
- ички аудит кызматынын ишин жакшыртуу боюнча иш чаралардын планы.
Эгер Программанын жыйынтыгы жөнүндө маалымат ички аудиттин аныктамасына, этикалык стандарттарга жана ушул Стандарттарга ылайык болбосо, иштин жалпы көлөмүнө же ички аудит кызматынын ишине таасир этсе ИАКЖ ылайык эместик фактысы жана анын натыйжалары жөнүндө ички аудит объектисинин жетекчисине билдирүүгө тийиш.
4. Ички аудит ишинин стандарты
5. Ички аудит ишинин стандарты төмөндөгүлөрдү камтыйт:
1) 2000 - Ички аудитти башкаруу.
ИАКЖ тобокелдиктерди башкаруунун жана контролдоо жол-жоболорунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча объективдүү жана компетенттүү кепилдиктерди берүү максатында ички аудит кызматын натыйжалуу башкарууга тийиш жана ички аудиттин уюмга пайдалуулугун камсыз кылыш керек.
Ички аудит кызматын натыйжалуу башкаруу деп төмөндөгү учурлар эсептелет:
- ички аудит ишинин жүрүшүндө жетишилген натыйжалар ички аудиттин түзүмдүк бөлүктөрү жөнүндөгү жободо камтылган максаттарга жана милдеттерге шайкеш келген учурда;
- ички аудит кызматынын иши ички аудиттин аныктамасына жана ушул Стандарттарга шайкеш келген учурда;
- ички аудит кызматында иштеген адамдар этикалык стандарттардын жана ушул Стандарттардын талаптарына шайкеш келерин көрсөткөн учурда;
-ички аудит максатка жетүүдө уюмга таасир этиши мүмкүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү жана жаны пайда болгон көгөйлөр жөнүндө маалыматты эске алат.
Ички аудит стратегиялык максаттарды, милдеттерди жана тобокелдиктерди эске алганда, корпоративдик башкарууну, тобокелдиктерди башкаруу жана контролдоо процесстерин өркүндөтүүнүн жолдорун активдүү сунуштаганда жана компетенттүү ички аудитти объективдүү жүргүзгөндө уюмга пайдасын алып келет.
ИАКЖ тобокелдикке багытталган планды түзөт - ал план уюмдун максаттары менен шайкеш келүүчү ички аудиттин приоритеттерин аныктайт.
ИАКЖ иштин ар кыл түрлөрү же уюмдун бөлүктөрү үчүн жетекчилик тарабынан аныкталган тобокелдик - аппетит деңгээлдерин пайдаланууну кошо алганда, уюмда кабыл алынган тобокелдиктерди башкаруу концепциясын көңүлгө алат. Эгерде андай концепция уюмда жок болсо, ИАКЖ ички аудит объектисинин жетекчилиги менен болгон консультациялардан кийин түзүлгөн тобокелдиктер тууралуу өз пикирин колдонот.
Ички аудит кызматынын иш планын түзүүдө ички аудит объектисинин жетекчисинин пикири эске алынууга тийиш.
ИАКЖ тобокелдиктерди башкаруу процессин жакшыртуу жана тапшырмаларды аткарууда уюмдун ишин өркүндөтүү мүмкүнчүлүктөрү жагынан консультация берүү боюнча сунушталган тапшырмаларды баалоого тийиш. Аткарууга кабыл алынган тапшырмалар планга киргизилиши керек.
ИАКЖ аларды аткаруу үчүн зарыл болгон ресурстарды көрсөтүү менен максаттар, ыйгарым укуктар жана милдеттер боюнча стратегиялык жана жылдык пландардын долбоорлорун, ошондой эле пландардын олуттуу өзгөрүүлөрү тууралуу маалыматты отчеттук мезгилдин ичинде ички аудит объектисинин жетекчисине кароого жана бекитүүгө сунуштайт. ИАКЖ ресурстардагы чектөөлөрдүн натыйжалары тууралуу билдирүүгө тийиш.
ИАКЖ тийиштүү жана жетиштүү ресурстардын болушун, ошондой эле бекитилген планды аткаруу үчүн алардын натыйжалуу пайдаланылышын камсыздайт.
ИАКЖ ички аудит кызматы тарабынан аткарылуучу иштин өлчөмүн, татаалдыгын эске алуу менен пландоонун, далилдерди документтик тариздөөнүн, аудитордук тапшырмалар боюнча отчетторду иргөөнүн, баалоонун жана берүүнүн деталдуу методикасын иштеп чыгууга тийиш жана алардын ишинин натыйжаларын колдонууну караштырат.
ИАКЖ аудитордук кепилдиктерди берүүчү жана консультациялык кызматтарды көрсөтүүчү башка ички жана тышкы тараптар менен маалымат алмашууга жана ишти координациялоого тийиш. ИАКЖ мезгил-мезгили менен (ар кварталда жана ар жылы) ички аудит объектисинин жетекчисинин алдында ички аудит кызматынын максаттары, ыйгарым укуктары жана милдеттери, ошондой эле иш планынын аткарылышынын жүрүшү тууралуу отчет берет.
Отчет, алдамчылык тобокелдигин кошо алганда, олуттуу тобокелдиктер, корпоративдик башкаруу проблемалары тууралуу маалыматты жана ички аудит объектисинин жетекчисине зарыл болгон башка маалыматтарды камтууга тийиш.
2) 2100 - Ички аудит ишинин маңызы.
Ички аудит системалык жана тобокелдикке негизделген ыкманы колдонуу менен тутумдаштырылган жана ырааттуу ыкманы пайдалануу менен баалоону жүргүзүп жана корпоративдик башкаруу, тобокелдиктерди башкаруу жана контролдоо процесстерин өркүндөтүүгө өбөлгө болууга тийиш.
Ички аудитке карата ишеним бекемделет, эгер аудиторлор активдүүрөөк иштесе, алардын рекомендациялары жаңы ыкмаларды жана келечектеги өзгөртүүлөрдү эске алуучу сунуштар менен камтылса, анын пайдалуулугу жогорулайт.
Ички аудит баалоону, уюмдагы корпоративдик башкаруу процессин өркүндөтүү боюнча тиешелүү рекомендацияларды берүүгө тийиш:
- стратегиялык жана операциялык чечимдерди кабыл алуу;
- тобокелчиликтерди башкаруу жана ички аудит системасы үчүн көзөмөлдү ишке ашыруу;
- этикалык ченемдерди жана уюмдагы ички баалуулуктарды илгерилетүү;
- уюмдагы ишти натыйжалуу башкаруу жана ишке карата жооптуу мамилени камсыздоо;
- уюмдагы ишти башкарууну натыйжалуу камсыздоо жана ишке жоопкерчилик менен мамиле кылуу;
- жумушту координациялоо жана Совет, тышкы жана ички аудиторлор, башка кепилдиктерди берүүчүлөр жана уюмдардын жетекчилери ортосундагы маалымат алмашуу.
Ички аудит маалымат технологияларын башкаруу тутуму стратегияга жана уюмдун максаттарына шайкеш келеби же жокпу - ошону аныктоого тийиш.
Ички аудит тобокелдиктерди башкаруу процесстеринин натыйжалуулугун баалап жана алардын өркүндөтүлүшүнө өбөлгө болууга тийиш.
Тобокелдиктерди башкаруунун натыйжалуулугун аныктоо төмөндөгү категорияларды баалоонун натыйжалары боюнча ички аудитор тарабынан ишке ашырылат:
- уюмдун максаттарынын анын миссиясына шайкеш келиши;
- олуттуу тобокелдиктердин айкындалышы жана бааланышы;
- уюмдун тобокелдик - табитинин алкагында тобокелдиктерди кармап калууга мүмкүндүк бере турган тобокелдиктерге көңүл буруу боюнча иш-чаралар;
- кызматкерлерге жана жетекчиликке өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн тобокелдиктер боюнча маалыматтын өз учурунда катталып жазылышы жана уюмдун ичинде өткөрүлүп берилиши.
Тобокелдиктерди башкаруунун натыйжалуулугун баалоо үчүн ички аудит кызматы бир нече тапшырмалардын алкагында маалымат чогулта алат. Андай тапшырмаларды комплекстүү талдоо тобокелдиктерди башкаруу процессинин мүнөзүнөн жана натыйжалуулугунан кабар берет.
Тобокелдиктерди башкаруу процесстерине мониторинг учурдагы иштин алкагында жана/же атайын баалоолордун жардамы менен ишке ашырылат.
Ички аудит уюмдун операциялык ишин жана анын маалымат тутумдарын корпоративдик башкарууга байланышкан тобокелдиктерди төмөнкүдөй жактары боюнча баалоого тийиш:
- финансылык-чарбалык иш тууралуу маалыматтын тууралыгы жана толуктугу;
- иштин жана программалардын натыйжалуулугу, майнаптуулугу;
- активдердин сакталышы;
- ченемдик укуктук актылардын жана келишимдик милдеттенмелердин талаптарына шайкеш келиши.
Ички аудит алдамчылык кылуу мүмкүнчүлүгүн жана уюм алдамчылык тобокелдигин кантип башкарып жаткандыгын баалоого тийиш.
Консультация берүү боюнча тапшырмаларды аткарууда ички аудиторлор тапшырманын максаттарына ылайык тобокелдиктерди эске алууга тийиш.
Тобокелдиктерди башкаруу процесстерин уюштурууда же жакшыртууда ички аудит объектисинин жетекчисине жардам берүүдө ички аудиторлор тобокелдиктерди башкарууга түздөн-түз катышуудан оолак болууга тийиш.
Ички аудит ички контролдоо тутумунун натыйжалуулугун колдоодо уюмга жардамдашууга, анын натыйжалуулугун жана майнаптуулугун баалоого, тутумду туруктуу өркүндөтүүгө көмөктөшүүгө тийиш.
Ички аудит корпоративдик башкаруу чөйрөсүндө, уюмдун операциялык ишинде жана анын маалыматтык системасында тобокелчиликтерди контролдоонун адекваттуулугун жана натыйжалуулугун баалоого тийиш:
- уюмдун стратегиялык максаттарына жетишүүсү;
- финансылык-чарбалык иш тууралуу маалыматтын тууралыгы жана толуктугу;
- иштин жана программалардын натыйжалуулугу, майнаптуулугу;
-активдердин сакталышы;
- мыйзамдардын, ченемдик укуктук актылардын, келишимдик милдеттемелердин саясаттардын, жол-жобосунун талаптарына ылайык келүүсү.
Ички аудиторлор консультация берүү боюнча тапшырманы аткаруу процессинде алынган тобокелдиктер тууралуу маалыматты уюмдун тобокелдиктеринин башкарылышын баалоодо пайдаланууга тийиш.
Ички аудиторлор консультация берүү боюнча тапшырманы аткарууда алынган контролдоо тууралуу билимин, уюмдагы ички контролдоо процессин баалоодо пайдаланууга тийиш.
3) 2200 - Аудитордук тапшырманы пландоо
Ички аудиторлор ар бир аудитордук тапшырманы аткаруу планын түзүүгө жана документтештирүүгө тийиш, анда тапшырманын максаттары, көлөмү, анын аткарылыш мөөнөттөрү жана ресурстардын бөлүштүрүлүшү камтылат, планда ошондой эле стратегияны, уюмдун максаттарын жана тапшырмага таандык тобокелдиктерди эске алыш керек.
Аудитордук тапшырманы пландоодо ички аудиторлор төмөнкүлөрдү эске алууга тийиш:
- аудитордук тапшырманын объектисинин максатын жана милдеттерин, ошондой эле объект өз ишин контролдоодо пайдалануучу каражаттарды;
- аудитордук тапшырманын объектисине, анын максаттарына, ресурстарына жана чарбалык ишине тиешелүү олуттуу тобокелдиктерди, ошондой эле тобокелдиктерди алгылыктуу деңгээлдерде токтотуунун методдорун;
- контролдун тийиштүү моделине салыштырмалуу тобокелдиктерди башкаруу жана аудиттин объектисин контролдоо процесстеринин адекваттуулугун жана натыйжалуулугун;
- тобокелдиктерди башкаруу процесстерин жана ички контролду бир кыйла өркүндөтүү мүмкүнчүлүгүн.
Натыйжаларын тышкы тараптар пайдалана турган аудитордук тапшырмаларды пландоодо ички аудиторлор тапшырманы аткаруунун натыйжаларын таратууга болгон чектөөлөрдү жана аудитордук документтерге жетүү мүмкүндүгүн кошо камтуу менен максаттарды, мазмунду, тийиштүү милдеттерди жана башка күтүүлөрдү жазуу жүзүндө макулдашууга тийиш.
Ички аудиторлор консультация алуучу тарап менен консультация берүү боюнча тапшырманын максаттарын, мазмунун, жоопкерчилик маселелерин ж.б. жазуу жүзүндө макулдашууга тийиш.
Ар бир аудитордук тапшырманын максаттары аныкталууга тийиш.
Ички аудитор аудиттин объектисине тиешелүү тобокелдиктерге алдын ала баалоо жүргүзүшү керек. Аудитордук тапшырманын максаттары ошол баалоонун натыйжаларына шайкеш келүүгө тийиш.
Аудитордук тапшырманын максаттарын аныктап жатып ички аудиторлор олуттуу катачылыктардын, бурмалоолордун, алдамчылыктын болушу, жол-жоболордун сакталбашы мүмкүн экендигин жана башка тобокелдиктерди эске алууга тийиш.
Корпоративдик башкаруу, тобокелдиктерди башкаруу жана контролдоо жол-жоболорун баалоодо баалоонун адекваттуу критерийлери пайдаланылууга тийиш. Ички аудиторлор ички аудиттин объектисинин жетекчилиги тарабынан максаттарга жетүүнү жана тапшырмалардын аткарылышын баалоонун адекваттуу критерийлери белгиленгендигине ынанууга тийиш.
Эгерде критерийлер адекваттуу болсо, ички аудиторлор аларды жетекчиликке алууга тийиш. Андай болбосо ички аудиторлор ички аудит объектисинин жетекчиси менен биргеликте баалоонун талаптагыдай критерийлерин иштеп чыгууга тийиш.
Консультация берүү боюнча тапшырмалардын максаттары кардар менен сүйлөшүлгөн алкакта корпоративдик башкаруу, тобокелдиктерди башкаруу жана контролдоо процесстерин карап чыгууну камтууга тийиш Консультация берүү боюнча тапшырмалардын максаттары уюмдун баалуулуктарына, стратегиясына жана максаттарына дал келүүгө тийиш.
Аудитордук тапшырманын көлөмү жана мазмуну тапшырманын максаттарына жетүү үчүн жетиштүү болушу керек.
Тапшырманын көлөмүнө жана мазмунуна тийиштүү тутумдарды, документтерди, пайдаланылуучу бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттун түзүлүшүн, ички аудит объекттеринин ишин, персоналды жана материалдык активдерди, анын ичинде үчүнчү жактардын контролунда тургандарды дагы жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды изилдөө киргизилүүгө тийиш.
Эгерде кепилдиктерди берүү боюнча кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө бир кыйла көлөмдө консультациялык кызматтарды көрсөтүү мүмкүнчүлүгү келип чыкса, максаттарды, мазмунду, тийиштүү милдеттерди жана башка маселелерди кардар менен жазуу жүзүндө макулдашуу керек.
Консультациялык тапшырманын натыйжасы консультациялык кызматтарга таандык стандарттарга ылайык аудиттелүүчү тарапка маалымдалууга тийиш.
Консультациялык тапшырмаларды аткарууда ички аудиторлор макулдашылган максаттарга жетишүү үчүн анын көлөмүнүн жана мазмунунун жетиштүүлүгүнө ынанууга тийиш. Эгер ички аудиторлор тапшырманы аткаруу процессинде тапшырмалардын көлөмүнө жана мазмунуна карата күмөн санаса, бул күмөн саноо тапшырманы аткарууну улантууну же улантпоону чечүү үчүн аудиттелүүчү тарап менен талкууланууга тийиш.
Консультация тапшырмасын акткарууда, ички аудиторлор тапшырманын максаттарына ылайык контролдук маселелерге көнүл буруп, олутту контролдук кемчиликтердин бар экендигине даяр болушу керек.
Ички аудиторлор ар бир аудитордук тапшырманын мүнөзүнө жана татаалдык даражасына, мөөнөтү жана жеткиликтүү ресурстар боюнча чектөөлөргө жараша аудитордук тапшырмалардын максаттарына жетишүү үчүн зарыл болгон ресурстардын көлөмүн аныктоого тийиш.
Ички аудиторлор тапшырманын максатына жетишүүгө мүмкүндүк берүүчү иштердин программаларын иштеп чыгууга жана документтештирүүгө тийиш.
Программаларда маалыматтарды жыйноо, талдоо, баалоо жана тапшырманы аткаруу процессинде документтештирүү жол-жоболору аныкталууга тийиш. Программа аны аткаруу башталганга чейин бекитилүүгө тийиш. Программадагы ар кандай өзгөртүүлөр өз убагында бекитилүүгө тийиш.
Консультациялоо боюнча тапшырмалардын программалары тапшырманын мүнөзүнө жараша формасы жана мазмуну боюнча айырмаланышы мүмкүн.
4) 2300 - Тапшырманы аткаруу
Ички аудиторлор тапшырманын максаттарына жетишүү үчүн жеткиликтүү болгон көлөмдөгү маалыматтарды жыйноого, талдап чыгууга, баалоого жана документтештирип тариздөөгө тийиш.
Ички аудиторлор тапшырманын максаттарына жетишүү үчүн жеткиликтүү көлөмдөгү ишеничтүү, орундуу жана пайдалуу маалыматтарды жыйноого тийиш.
Ички аудиторлор маалыматтарды тийиштүү талдоонун жана баалоонун негизинде тыянак чыгарууга жана тапшырманын жыйынтыгын берүүгө тийиш.
Ички аудиторлор аудитордук тапшырманын тыянактарын жана натыйжаларын негиздөө үчүн тийиштүү маалыматтарды документтештирүүгө тийиш.
ИАКЖ тапшырмага тийиштүү документтерге жеткиликтүүлүктү контролдоого тийиш.
ИАКЖ маалыматты сактагычтын формасына карабастан тапшырма тийиштүү документтерди сактоонун эрежесин иштеп чыгууга тийиш. Бул эрежелер уюмдун ички уюштуруу-тескөө документтерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келүүгө тийиш.
ИАКЖ консультациялоо боюнча аудитордук тапшырмага тийиштүү документтерди алуу, сактоо, ички жана тышкы тараптарга өткөрүп берүү саясатын иштеп чыгууга тийиш. Бул саясат уюмдун ички уюштуруу-тескөө документтерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келүүгө тийиш. ИАКЖ документтерди тышкы тараптарга өткөрүп берээрдин алдында ички аудит объектисинин жана/же уюмдун юридикалык бөлүмүнүн жетекчисинин макулдугун белгиленген тартипте алууга тийиш.
Коюлган максаттарга жетүү, иштин сапатын камсыздоо жана ички аудит кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу үчүн тапшырманын аткарылышын тийиштүү контролдоо зарыл.
Контролдоонун талап кылынуучу даражасы ички аудиторлордун дасыккандыгынын жана тажрыйбасынын деңгээлине, ошондой эле тапшырманын татаалдыгына жараша болот. ИАКЖга ички аудиторлор тарабынан тапшырманын аткарылышын контролдоо үчүн жоопкерчилик жүктөлөт. Ошондой эле, ал ички аудит ишинде жеткиликтүү тажрыйбасы бар кызматкерлерге контролдоону тапшырууга укуктуу. Контроль жүргүзүлгөнүнө тийиштүү далилдер документтештирилүүгө жана сакталууга тийиш.
ИАКЖ коюлган максаттарга жетүүнү, иштин сапатын жана кызматкерлердин кошумча көндүмдөрдү алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында айрым аудитордук тапшырмалардын учурунда дайындалган ички аудиторлорго байкоочу жана сереп жасоочу функцияларды берет.
ИАКЖ аудитордук тапшырмалардын жазууларына (аудитордук иштин документтерине) мүмкүнчекти контролдоого тийиш.
ИАКЖ аудитордук тапшырмаларды аткаруунун жыйынтыгы боюнча жазууларды сактоо боюнча талаптарды аныктоого тийиш.
5) 2400 - Натыйжалар жөнүндө маалымдоо
Ички аудиторлор тапшырмаларды аткаруунун жыйынтыгын аларды тийиштүү карап чыгууну камсыздоочу адамдарга билдирүүгө тийиш. Натыйжалар жөнүндө отчетто тапшырманын максатынын, көлөмүнүн жана мазмунунун аныктамасы, ошондой эле тийиштүү корутундулар, сунуштамалар жана иш планы камтылууга тийиш.
Тапшырманын жыйынтыгы жөнүндө отчеттун акыркы вариантында зарыл болсо ички аудитордун пикири жана/же корутундусу камтылууга тийиш. Таризделген пикирде же корутундуда ички аудит объектисинин жетекчисинин, Кеңештин жана башка кызыкдар тараптардын күткөн натыйжалары эске алынып жана ал ишке тийиштүү маалыматтарга таянууга тийиш.
Отчет рейтингди, тыянакты жана натыйжанын башка баяндамаларын камтышы мүмкүн. Мындай отчет конкреттүү процессти контролдоого, тобокелдикке же операциялык бөлүмгө карата даярдалышы мүмкүн. Тыянактардын баяндамасы тапшырмаларды аткаруунун жыйынтыгын жана алардын маанисин чагылдырууга тийиш.
Ички аудиторлорго тапшырманын жыйынтыгы боюнча отчетто аудит объектисинин ишине берилген оң баалоону киргизүү сунушталат.
Тапшырмалардын жыйынтыгын тышкы тараптарга жиберүүдө отчетто аларды таратуудагы жана пайдалануудагы чектөөлөр тууралуу маалымат камтылууга тийиш.
Консультациялоо боюнча тапшырмаларды аткаруунун жүрүшү жана жыйынтыгы жөнүндө отчеттор тапшырманын мүнөзүнө жана кардардын керектөөсүнө жараша формасы жана мазмуну жагынан айырмаланышы мүмкүн.
Отчеттор так, объективдүү, түшүнүктүү, кыска, иштиктүү, толук жана өз учурунда болууга тийиш.
Эгерде отчеттун акрыркы вариантында олуттуу ката кетирилсе, анда башкы аудитор отчеттун түп нускасын алган баардык тараптардын назарына ондолгон маалыматты жеткириши керек.
Ички аудиторлор отчеттордо алардын тапшырмалары "Ички аудиттин эл аралык кесиптик стандарттарына ылайык аткарылды" деп эгер бул кепилдик жана ички аудиттин сапатын жогорулатуу программасынын жыйынтыгы боюнча тастыкталган болсо гана билдире алышат.
Эгер айрым тапшырмалардын алкагында ички аудиттин аныктамасына, этикалык стандарттардын же ушул Стандарттардын жоболоруна ылайык келбөө бар болсо, анда отчет төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- этикалык стандарттардын же ушул Стандарттардын ылайык келүү толук же айрым бөлүгүндө камсыздалбаган принциби же беренеси;
- ылайык келбөөнүн себеби (себептери);
- ылайык келбөөнүн тапшырманы аткарууга жана анын натыйжалуулугуна таасирлери.
ИАКЖ тапшырманын натыйжасын тийиштүү адамдарга маалымдоого тийиш.
ИАКЖ же ал дайындаган адам жыйынтык отчетту чыгаруунун алдында аны тапшырманын натыйжасы жагынан текшерет, бекитет жана аны кимге жана кандай берүүнү чечет.
ИАКЖ тапшырманын жыйынтыгын аны тийиштүү кароону камсыздай алуучу адамдарга берет.
Эгер Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында башкалар белгиленбесе, ИАКЖ жыйынтыкты башка уюмдарга берээрдин алдында:
- уюм үчүн мүмкүн болгон тобокелдиктерди баалоого;
- ички аудит объектисинин жетекчиси жана/же юридикалык бөлүм менен белгиленген тартипте кеңешүүгө;
- маалыматты пайдаланууга чектөө белгилөө менен анын таралышын контролдоого тийиш.
ИАКЖ консультациялоо боюнча тапшырманын акыркы жыйынтыгын кардарларга билдирүүгө тийиш.
Консультатциялоо боюнча тапшырмаларды аткаруунун жүрүшүндө корпоративдик башкаруу, тобокелчиликтерди башкаруу жана ички контролдоо чөйрөсүндө көгөйлөр аныкталуусу мүмкүн. Эгер бул көгөйлөр маанилүү болсо, алар мекеменин жетекчилигине маалымат катары билдирилүүгө тийиш.
Акыркы корутундуда уюмдун стратегиясы, максаттары жана тобокелдиктери, жетекчиликтин күтүүлөрү эске алынышы керек. Акыркы корутунду жетиштүү ишенимдүү, актуалдуу, пайдалуу маалымат менен тастыкталууга тийиш.
Тапшырманын жыйынтыгы боюнча отчет төмөнкүлөрдү камтыйт:
- тапшырма камтыган убакыт мезгилин көрсөтүү менен иштин көлөмүн баяндоону;
- иштин көлөмүнүн чегин;
- бардык чектеш долбоорлорду, анын ичинде башка кепилдик берүүчүлөр менен байланышкандарын дагы кошо карап чыгууну;
- тобокелдиктерди, контролду баалоо методикасын же корутундунун негизин түзүүчү башка критерийлерди;
-корутундуну колдогон маалыматтын кыскача мазмуну;
- жыйынтыктоочу ой-пикирди, ой жүгүртүүнү же корутундунун баяндамасын.
Жыйынтыктоочу терс корутундунун себептери корутундунун текстинде баяндалууга тийиш.
6) 2500 - Аудиттин натыйжасы боюнча жүргүзүлүүчү иш-аракеттерге байкоо жүргүзүү
ИАКЖ тапшырманын натыйжасы боюнча ички аудит объектисинин жетекчиси жасоочу иш-аракетти мониторингдөө тутумун иштеп чыгууга жана колдоого тийиш.
ИАКЖ кийинки мониторингдөө процессин иштеп чыгууга тийиш, анын максаты - ички аудит объектисинин жетекчиси тарабынан жүргүзүлгөн иш-аракет натыйжалуу болгонуна же ички аудит объектисинин жетекчиси эч кандай чара көрбөө жөнүндө чечимге келүү менен тобокелдикти кабыл алгандыгына ынануу.
Ички аудит кардар менен макулдашылган чекте консультациялоо боюнча тапшырманын жыйынтыгын мониторингдөөгө тийиш.
7) 2600 - Ички аудит объектисинин жетекчиси кабыл алган тобокелдикти карап чыгуу
Эгер, ИАКЖнын пикири боюнча ички аудит объектисинин жетекчиси кабыл алган калдыктуу тобокелдиктин деңгээли уюм үчүн алгылыксыз болсо, ИАКЖ бул маселени ички аудит объектисинин жетекчиси менен талкуулоого тийиш. Эгер калган тобокелдикке байланыштуу көйгөй мурдагы бойдон чечилбей калса, ИАКЖ маселени Кеңештин кароосуна берүүгө тийиш.
Жетекчи тарабынан кабыл алынган тобокелдиктер аудитордук текшерүүлөрдүн же консультациялык тапшырмалардан, мониторингдин жетекчилигинин мурунку тапшырмаларга жооп кайтаруусунун же башка ыкмалардын жардамы менен аныкталышы мүмкүн. Тобокелдикти кабыл алуу жөнүндө чечим кабыл алуу ички аудит жетекчисинин милдетине кирбейт.