Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин
2023-жылдын 14-сентябрындагы № 112-Б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭКОНОМИКА ЖАНА ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2021-жылдын 2-августу № 80-п
Кыргыз Республикасындагы ички аудиттин стандарттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Ички аудит жөнүндө" Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, эл аралык ички аудиторлор институтунун стандарттарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын ички аудит системасын жана ички аудит стандарттарын өркүндөтүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун 1-пунктун ишке ашыруу үчүн,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасындагы ички аудиттин стандарттары боюнча жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ички аудит жана бухгалтердик эсеп методология башкармалыгы:
1) бул буйрук катталгандан кийин үч жумуш күндүн ичинде «Эркин-Тоо» газетасына мамлекеттик жана расмий тилдерде жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий веб-сайтына жарыяласын;
2) бул буйрук расмий жарыялангандан кийин үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин;
3) бул буйрук күчүнө киргенден кийин, үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жиберсин.
3. Коомчулук менен байланыш сектору ушул буйрук катталган күндөн баштап үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин сайтында расмий жарыялоону камсыздасын.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул буйрукту аткарууну контролдоону Экономика жана финансы министринин биринчи орун басары А.К.Бакетаевге жүктөлсүн.
Министрдин м.а. | А.К.Бакетаев |