Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА КОММУНИКАЦИЯЛАР МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2021-жылдын 4-октябры № 291
“Эл аралык автомобиль ташууларын уюштурууга жана жүзөгө ашырууга жооптуу адамдардын кесиптик компетенттүүлүгүн тастыктоо жана тиешелүү сертификаттарды берүү тартиптерин бекитүү жөнүндө”
Эл аралык автомобиль ташууларын уюштуруу жана жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу адамдардын кесиптик компетенттүүлүгүн тастыктоо жана тиешелүү сертификаттарды берүү тартибин регламенттештирүү максатында, Кыргыз Республикасынын “Автомобиль транспорту жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесине жана 2014-жылдын 15-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Бир катар мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу аткаруу органдарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым тартиптерди иштеп чыгуу ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү жөнүндөгү” № 530 токтомуна ылайык,
Буйрук кылам:
1. Эл аралык автомобиль ташууларын уюштурууга жана жүзөгө ашырууга жооптуу адамдардын кесиптик компетенттүүлүгүн тастыктоо жана тиешелүү сертификаттарды берүү Тартиби бул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик автомобиль, суу транспорту жана салмак-габариттик контролдоо агенттиги:
- эл аралык автомобиль ташууларын уюштурууга жана жүзөгө ашырууга жооптуу адамдардын кесиптик компетенттүүлүгүн тастыктоо жана тиешелүү күбөлүктөрдү берүү Тартибин эл аралык автомобилдик каттамы менен алектенген Кыргыз Республикасынын жүргүнчү жана жүк ташуучуларына жеткирсин;
- эл аралык автомобилдик каттамы менен алектенген жүк ташуучулар тарабынан эл аралык автомобиль ташууларын уюштурууга жана жүзөгө ашырууга жооптуу адамдардын кесиптик компетенттүүлүгүн тастыктоонун жана тиешелүү сертификаттарды берүүнүн Тартибин аткаруусу көзөмөлгө алсын.
3. Пресс-катчы К.Досумбетовго бул буйрукту каттоодон өткөн күндөн тартып үч күндүн ичинде “Эркин тоо” гезитине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин веб-сайтына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин веб-сайтына жарыялоону камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Автомобиль жана темир жол башкармалыгынын башчысы А.Акматовго:
- расмий жарыяланган күндөн тартып, үч жумушчу күндүн ичинде, ушул буйруктун көчүрмөсүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук каражаттарында, жарыяланган булагы жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып, үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин автомобиль транспорту тармагын тейлөөчү орун басарына жүктөлсүн.
Министр | Э.А. Осоев |