Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Транспорт
жана коммуникациялар министрлигинин
“Эл аралык автомобиль ташууларын уюштурууга жана
жүзөгө ашырууга жооптуу адамдардын кесиптик
компетенттүүлүгүн тастыктоо жана тиешелүү
сертификаттарды берүү тартибин бекитүү жөнүндө”
“4” октябрындагы 2021-ж. № 291 буйрукка
Тиркеме
Эл аралык автомобиль ташууларын уюштурууга жана жүзөгө ашырууга жооптуу адамдардын кесиптик компетенттүүлүгүн тастыктоо жана тиешелүү сертификаттарды берүү тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жол-жобо (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын “Автомобиль транспорту жөнүндө” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы “Бир катар мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу аткаруу органдарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым тартиптерди иштеп чыгуу ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү жөнүндөгү” №530 токтомуна ылайык иштелип чыккан жана ал эл аралык автомобиль ташуучулардын кошумча билим алуусуна жана кесиптик компетенттүүлүгүнө карата талаптарды шайкештөө маселелерин жөнгө салат, эл аралык автомобиль ташууларын уюштурууга жана жүзөгө ашырууга жооптуу адамдардын (мындан ары - жооптуу адамдар) кесиптик компетенттүүлүгүн жана тиешелүү күбөлүктөрдү берүүнү тастыктоону белгилейт.
2. Автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – автомобиль транспорту жаатындагы мамлекеттик орган) кошумча билим берүү чөйрөсүндөгү компетенттүү орган болуп саналат.
3. Автомобиль транспорту жаатындагы мамлекеттик орган билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган менен макулдашып, ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык, эл аралык автомобиль ташуучулардын кошумча билим алуу жана кесиптик компетенциясына бирдиктүү талаптардын негизинде бирдиктүү программаларды иштеп чыгат.
4. Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
кесиптик компетенттүүлүк үчүн кошумча окутуу (мындан ары - кошумча окутуу) - эл аралык автомобиль ташууларын уюштуруу жана жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу адамдын квалификациясын жогорулатуу;
бирдиктүү программалар - кошумча окутуу жана кесиптик компетенттүүлүк боюнча бирдиктүү талаптарга ылайык иштелип чыккан жана транспорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган тарабынан бекитилген кесиптик компетенттүүлүк үчүн кошумча окутуунун программалары;
автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү компетенттүү орган - автомобиль транспорту жаатында мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашырган КМШга мүчө мамлекеттердин башкаруу органдары;
эл аралык автомобиль ташуучулар үчүн кошумча окутуу чөйрөсүндөгү компетенттүү орган - эл аралык автомобиль ташуучулардын кесиптик компетенциясы үчүн кошумча окутуу жаатында мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу башкаруу органы;
эл аралык автомобиль транспорту - жүктөрдү же жүргүнчүлөрдү автотранспорт каражаты менен Кыргыз
аймагынан тышкары жерлерде же Кыргыз Республикасынын аймагына ташуу, ошондой эле автотранспорт каражаты менен Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен жүк же жүргүнчүлөрдү ташуу;
эл аралык автомобиль ташуучу - эл аралык ташууда мыйзамдарга ылайык жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташууну жүзөгө ашырган юридикалык же жеке жак;
кесиптик компетенттүүлүк - эл аралык автомобиль ташууларын уюштуруу үчүн зарыл болгон билимдин, көнүмдөрдүн жана тажрыйбанын жыйындысы;
кесиптик компетенттүүлүккө коюлуучу талаптар - эл аралык ташууларда ташууларды жүзөгө ашырган автомобиль ташуучулардын кесиптик компетенттүүлүгүнүн деңгээлине карата негизги талаптарды аныктаган документ;
кошумча окутууга жана кесиптик компетенттүүлүккө коюлган талаптар - эл аралык ташууларда ташууларды жүзөгө ашырган автомобиль ташуучулардын кесиптик компетенциясы үчүн кошумча окутуу программаларынын минималдуу мазмунуна карата негизги талаптарды аныктаган документ.
2-глава. Эл аралык автомобиль ташууларды уюштурууга жана жүзөгө ашырууга талаптар
5. Эл аралык автомобиль ташууларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу үчүн автомобиль транспорту жаатындагы транспорттук ишмердүүлүктүн дисциплиналарын окуп-үйрөнүүнү кошкондо, жогорку же орто атайын билимге ээ болгон же эл аралык автомобиль ташууларды уюштурууга жана жүзөгө ашырууга жооптуу адамдарды кайра даярдай турган жана квалификациясын жогорулатуучу билим берүү мекемесинде кайра даярдоодон жана (же) квалификациясын жогорулатуудан өткөн адам жооптуу болуп дайындалат.
Белгиленген тартипте автомобиль ташууларды уюштуруу жана аткаруу үчүн жооптуу болуп дайындалган адам, ушул Тартип күчүнө киргенге чейин, кесиптик компетенттүүлүк үчүн кошумча окуудан өтүшү керек.
6. Эгерде жеке ишкер Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль ташууларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу адамдын милдеттерин аткарса, 5-пункттун жоболору транспорттук чөйрөдөгү мамлекеттик орган бекиткен программага ылайык автомобиль ташууларды жүзөгө ашыруу курсун аяктаган жеке ишкерге (мындан ары - автомобиль ташууларды жүзөгө ашыруу курсу) жайылтылбайт.
7. Автомобиль ташууларды уюштуруу жана аткаруу үчүн жооптуу адам, беш жылда бир жолудан кем эмес автомобиль ташууладры уюштурууга жана аткарууга жооптуу адамдарды кайра даярдаган жана квалификациясын жогорулаткан билим берүү мекемесинде квалификациясын жогорулатууга милдеттүү.
Эгерде жеке ишкер Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль ташууларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу адамдын милдеттерин аткарган болсо, анда ал тарабынан автомобиль ташуулар боюнча курстун аяктагандыгы жөнүндө күбөлүк берүү боюнча чечим алынган күндөн баштап беш жыл бою күчүндө болот.
8. Автомобиль ташууларды ишке ашыруу курсун аяктагандыгы жөнүндө сертификаттын формасы автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
Күбөлүктүн бланктары автомобиль транспорту жаатындагы мамлекеттик орган тарабынан мамлекттик жана расмий тилдерде басылып чыгарылат.
Күбөлүк типографиялык ыкма менен даярдалат жана коопсуздук тутумуна ээ.
9. Кесиптик компетенттүүлүгүн тастыктаган күбөлүгү (мындан ары - күбөлүк) жок жооптуу адам, кызматка дайындалгандан кийин үч айдын ичинде күбөлүк алып, кесиптик компетенттүүлүгүн тастыктоого милдеттүү.
10. Кесиптик компетенттүүлүктү тастыктоо үчүн жооптуу адам автомобиль ташууларды уюштурууга жана жүзөгө ашырууга жооптуу адамдарды (мындан ары - кесиптик билим берүүчү уюм) кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну жүзөгө ашырган кесиптик билим берүү уюмунда кошумча окутуудан жана аттестациядан өтүүгө жана күбөлүк алууга милдеттүү.
Эл аралык автомобиль ташуучулар үчүн кошумча окутууну эл аралык автомобиль ташуучулар үчүн кошумча окутуу жаатында жана автомобиль транспорту жаатында компетенттүү орган тарабынан ыйгарым укук берилген окутуу уюмдары жүргүзөт.
11. Кошумча окутуу автомобиль транспорту жаатындагы мамлекеттик орган тарабынан билим берүү жана илим жаатындагы мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бекитилген программаларга ылайык жүргүзүлөт.
12. Кошумча окутуу жана аттестациялоо үчүн жооптуу адам кесиптик билим берүү уюмдарына төмөнкүлөрдү тапшырат:
- ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык формадагы арыз;
- жогорку же орто атайын билим жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (дубликат);
- эмгек китепчесинен көчүрмө (анын дубликаты);
- ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык формадагы аттестациялык баракча.
13. Кошумча окутуу, аттестациялоо жана жооптуу адамга күбөлүк берүү акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт.
Жооптуу адам же ал иштеген уюм кошумча окутуу жана аттестациялоо үчүн акы төлөй алат.
Кошумча окутуунун тарифтери Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык, жеке адамдарды кайра окутуучу жана квалификациясын жогорулатуучу билим берүү мекемеси тарабынан монополияга каршы жөнгө салуу органы менен макулдашуу боюнча белгиленет.
14. Жооптуу адамдын билимин текшерүү жана анын кесиптик компетенттүүлүгүн баалоо үчүн аттестация жүргүзүлөт. Аттестацияга кошумча окутуудан өткөн жооптуу адамдар кабыл алынат.
Аттестация компьютер сыноо түрүндө жүзөгө ашырылат.
15. Аттестацияны уюштуруу жана өткөрүү үчүн билим берүү мекемеси туруктуу аттестациялык комиссия түзөт. Анын курамына республикалык мамлекеттик органдардын, билим берүү мекемелеринин жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү кирет.
Аттестациялык комиссиянын курамы билим берүү мекемесинин буйругу менен бекитилет. Комиссиянын төрагасы билим берүү мекемесинин башчысы, ал жок болсо анын орун басары дайындалат.
16. Аттестация комиссиясы:
- жооптуу адамдын белгиленген талаптарга шайкештигин аныктайт;
- кошумча окутуудан өткөн жооптуу адамдарга, компьютердик сынакты өткөрүүнүн жол-жобосу боюнча маалымат берет;
- экзамен алат;
- өз отурумдарында сынактын натыйжаларын карайт жана алардын жыйынтыгы боюнча аттестациялык комиссиянын отурумунун протоколун түзөт;
- аттестацияга байланыштуу башка функцияларды аткарат.
17. Аттестациялык комиссиянын катчысы:
- аттестациялык комиссиянын ишине, анын ичинде анын жыйналыштарын өткөрүүгө жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;
- аттестациянын датасын, убактысын жана ордун жана аттестациялык комиссиянын отурумун аныктайт;
- өзүнүн отурумдарынын протоколуна кол коет;
- аттестацияга байланыштуу башка функцияларды аткарат.
Ал жок болгон учурда, аттестациялык комиссиянын төрагасынын милдеттерин аттестациялык комиссиянын төрагасынын орун басары аткарат.
18. Аттестациялык комиссиянын катчысы:
- аттестация үчүн документтерди даярдайт, иш кагаздарын жүргүзөт;
- аттестациянын күнү, убактысы жана орду жөнүндө аттестациялык комиссиянын мүчөлөрүнө жана аттестацияга киргизилген жооптуу адамдарга ага чейин беш күндөн кечиктирбестен кабарлайт;
- аттестациялык комиссиянын отурумдарынын протоколуна кол коет.
19. Жооптуу адам аттестацияга анын инсандыгын тастыктаган документти көрсөткөндөн кийин киргизилет, ал эми бул документтери жоктор же жүйөлүү себепсиз аттестацияга кечигип калгандар келбей калган деп эсептелет.
20. Эгерде жооптуу адам белгиленген убакытта аттестацияга келе албаса, анда ал өткөрүлө турган күнгө чейин бир күндөн кечиктирбестен аттестациялык комиссиянын катчысына билдирүүгө милдеттүү.
Көрсөтүлгөн талап аткарылганда, ошондой эле аттестациялык комиссия аттестацияга келбегендигинин жүйөлүү себебин тааныган өзгөчө учурларда, жооптуу адам аттестациядан өтүү үчүн аны менен макулдашылган жооптуу адамдардын кийинки же башка тобуна киргизилет.
21. Ушул Тартиптин 20-пунктунда көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, аттестацияга келбеген жооптуу адамдар аттестациядан өтпөгөн деп таанылат.
22. Аттестация аттестациялык комиссиянын жалпы курамынын кеминде жарымынын катышуусунда өткөрүлөт.
23. Аттестация учурунда жооптуу адамга ченемдик укуктук актыларды, маалымдама же атайын адабияттарды, байланыш каражаттарын колдонууга жана башка адамдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салынат. Ушул талаптарды бузган жооптуу адам аттестациядан өтүүдөн четтетилет жана аттестациядан өтпөй калды деп таанылат.
24. Компьютердик тестирлөөдөн өтүп, жооптуу адамга анын жыйынтыгын кагаз жүзүндө бергенден кийин, жооптуу адам аларга кол коюуга милдеттүү. Жооптуу адам тестирлөөнүн жыйынтыгына кол койбосо, аттестациядан өткөн эмес деп эсептелет.
25. Компьютердик тестирлөөнүн натыйжаларын оң деп табууга негиз болгон туура жооптордун саны, экзамендик тестте камтылган суроолордун сексен пайызынан кем болбошу керек.
26. Аттестациянын жыйынтыгы боюнча, аттестациялык комиссиянын отурумунун протоколу түзүлөт, тиешелүү жазуулар аттестациялык баракчага киргизилет.
27. Аттестацияланган күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде, аттестациялык комиссиянын отурумунун протоколунун негизинде, билим берүү мекемеси аттестациядан өткөн (өтпөгөн) жана ушул тартиптин 5-тиркемесине ылайык формадагы күбөлүктөрдү берүү (берүүдөн баш тартуу) жөнүндө буйрук чыгарат.
Жооптуу адамга күбөлүк берүүдөн баш тарткан учурда, буйрукта баш тартуунун негиздери көрсөтүлүүгө тийиш.
28. Жооптуу адамга күбөлүк берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим төмөнкү учурларда кабыл алынышы мүмкүн:
- жооптуу адамды аттестациядан өтпөгөн деп таануу;
- жооптуу адамдын аттестациядан баш тартуусу;
- жооптуу адамдын жүйөлүү себепсиз аттестацияга келбей калышы.
29. Аттестациянын натыйжалары жөнүндө жооптуу адамга билим берүү мекемеси чечим кабыл алган күндөн тартып үч күндүн ичинде аттестациялык комиссиянын катчысы билдирет.
Аттестациянын жыйынтыктары менен макул болбогон учурда, жооптуу адам мыйзамдарда белгиленген тартипте жыйынтыктарга даттанууга укуктуу.
30. Күбөлүккө окуу жайдын жетекчиси кол коет жана билим берүү мекемесинин мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Күбөлүктүн бланкы - белгилүү деңгээлде корголгон бланктын документи болуп саналат.
31. Күбөлүктөрдүн бланктарын чыгарууну уюштуруу автомобиль транспорту жаатындагы мамлекеттик орган же ал ыйгарым укук берген уюм тарабынан жүзөгө ашырылат.
32. Күбөлүктү берүүдөн баш тарткан учурда, жооптуу адам кайрадан аттестация үчүн акы төлөнгөн шартта, эки айдын ичинде билим берүү мекемеси тарабынан аттестациядан өтүүгө кабыл алынышы мүмкүн.
33. Кайра аттестациядан өтүү үчүн жооптуу адам аттестациялоочу органга төмөнкүлөрдү тапшырат:
- ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык формадагы арыз;
- ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык формадагы аттестациялык баракча.
34. Күбөлүк беш жылга жарактуу.
35. Күбөлүктү жоготкон жооптуу адам, аны берген кесиптик билим берүү уюмуна күбөлүктүн дубликатын берүү жөнүндө арыз берүүгө укуктуу.
36. Күбөлүктө көрсөтүлгөн маалыматтар өзгөргөн учурда, жооптуу адам өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү үчүн негиздер пайда болгондон кийин бир айдын ичинде тиешелүү күбөлүктү берген кесиптик билим берүү уюмуна тиешелүү арыз менен кайрылууга милдеттүү. Арыз берүүдө жооптуу адам күбөлүккө өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү үчүн негиздерди тастыктаган документтерди көрсөтүүгө жана документтердин көчүрмөлөрүн арызга тиркөөгө милдеттүү.
Өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизгенден кийин жооптуу адамга мурда берилген күбөлүктүн берилген күнүн жана номерин сактоо менен жаңы формадагы күбөлүк берилет.
Жаңы бланкта берилген күбөлүктү алгандан кийин жооптуу адам кесиптик билим берүү уюмуна мурда берилген күбөлүктүн түп нускасын (дубликатын) тапшырууга милдеттүү.
37. Күбөлүктүн дубликатын берүү, ага өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү, бардык зарыл документтерди тиркөө менен, арыз берилген күндөн тартып он күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.
38. Кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюму кошумча окутуу, аттестациялоо жана күбөлүктөрдүн мөөнөтү бүткөндөн кийин беш жыл бою документтерди каттоону жана сактоону камсыз кылат.
3-глава. Эл аралык автомобиль ташуучулардын кесиптик компетенттүүлүгү үчүн кошумча окутууларды өткөргөн КМШга мүчө мамлекеттердин билим берүү уюмдарынын тизмесинин аныктамалары
39. Эл аралык автомобиль ташуучулардын кесиптик компетенттүүлүгү үчүн кошумча окутууну жүзөгө ашыруучу билим берүү уюмдарынын (мындан ары - билим берүү уюмдары) тизмесин аныктоо - бул эл аралык автомобиль ташуучуларды кошумча окутуу жана автомобиль транспорту жаатында компетенттүү органдын окутуу процессинин сапатына жана кошумча окутуунун бирдиктүү талаптарына ылайык иштелип чыккан бирдиктүү программаларга ылайык эл аралык автомобиль ташуучуларды окутуучу бардык типтеги жана түрдөгү билим берүү уюмдарына карата коюлган талаптарына ылайык билим берүүчү уюмдардын билим берүү ишин жүзөгө ашыруу боюнча мүмкүнчүлүктөрүн тастыктаган жол-жобо.
40. Билим берүү уюмдарынын тизмесин автомобиль транспорту жаатындагы мамлекеттик орган аныктайт.
41. Тизмени аныктоонун максаттары:
- билим берүү кызматтарынын жогорку деңгээлин камсыз кылуу;
- билим берүү процессинин сапатын көз карандысыз эксперттик контролдоо.
Окуу процессин аныктоонун негизги принциптери:
- объективдүүлүк;
- компетенттүүлүк;
- маалымдуулук.
42. Тизмеге киргизүү үчүн өбөлгөлөр:
- билим берүү уюму кошумча кесиптик билим берүү жаатында билим берүү ишин жүргүзүү укугуна лицензияга ээ болсо;
- сурануучу-билим берүү уюмдарынын экспертизасынын жыйынтыгы боюнча оң корутунду.
43. Билим берүү уюмдарынын экспертизасы - бул эл аралык автомобиль ташуучулар үчүн кошумча окутуу чөйрөсүндөгү компетенттүү органдын талаптарына шайкештигин комплекстүү баалоо.
44. Тизмеге киргизүү ушул Тартиптин 6-тиркемесине ылайык, жетекчиси тарабынан берилген билим берүү уюмунун талабы боюнча жүргүзүлгөн эксперттин оң корутундусунун негизинде жүргүзүлөт.
1) Арызга төмөнкү документтер тиркелет:
- мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө лицензиянын көчүрмөсү (лицензияга тиркеме менен бирге, анда билим берүү ишинин уруксат берилген багыттары көрсөтүлгөн);
- окутулган курстар, материалдык-техникалык база жана окутуучулар жамааты жөнүндө маалымат ушул Тартиптин 7,8,9,10 тиркемелернде көрсөтүлгөн формага ылайык.
Документтердин көчүрмөлөрү окуу жайдын жетекчисинин колу жана мөөр менен бекитилиши керек.
2) Экспертизанын максаты - бирдиктүү программалардын мазмунуна жана сапат критерийлерине ылайык эл аралык автомобиль ташуучулардын кошумча окутуу боюнча иш-чараларды сапаттуу жүргүзүү үчүн билим берүү уюмунун мүмкүнчүлүктөрүн баалоо.
3) Билим берүү уюмунун экспертизасын жүргүзүү үчүн эл аралык автомобиль ташуучулар үчүн кошумча окутуу жаатында компетенттүү органдын өкүлдөрүнөн эксперттик комиссия түзүлөт. Комиссиянын курамы транспорт жаатындагы мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет. Экспертизанын мөөнөтү каттоодон өткөн учурдан тартып белгиленет жана эки айдан ашпоого тийиш.
4) Эксперттик корутундунун долбоорун даярдоодо комиссиянын төрагасы комиссиянын мүчөлөрүнө берилген бардык документтерге экспертиза жүргүзүүнү тапшырат.
Зарыл болго учурларда, комиссиянын мүчөлөрү билим берүү уюмуна барса болот.
5) Эксперттик корутунду комиссиянын отурумунда анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын кеминде 2/3 катышуусу менен бекитилет. Комиссиянын чечими комиссиянын бардык мүчөлөрү кол койгон протокол менен таризделет. Эксперттик комиссиянын корутундусунун көчүрмөсү билим берүү уюмуна жөнөтүлөт.
6) Комиссия милдеттүү түрдө баш тартуунун себебин көрсөтүү менен билим берүү уюмунун аккредитациясынан баш тарта алат. Комиссиянын терс чечими чыккан учурда, билим берүү уюму баш тартуунун себебин жойгондон кийин экинчи жолу арыз бере алат.
7) Билим берүү уюмунун комиссиясынын оң чечими менен кесиптик компетенттүүлүк боюнча кошумча окутууну жүргүзгөн билим берүү уюмдарынын тизмесине кошулгандыгы жөнүндө күбөлүк берилет, ал үч жылда бир жолу текшерүү менен белгисиз мөөнөткө берилет.
8) Эгерде билим берүү уюмунун ишинин натыйжаларынын белгиленген талаптарга ылайык келбеген фактылары аныкталса, анда тизмеге киргизилгендиги жөнүндө күбөлүк мөөнөтүнөн мурда жараксыз деп табылышы мүмкүн. Бул учурда күбөлүктү кайтарып алуу жөнүндө чечим окутуу уюмуна жөнөтүлөт. Бул учурда, тизмеге киргизүү жөнүндө кайталап билдирме билим берүү уюму тарабынан күбөлүктү мөөнөтүнөн мурда алуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жылдан эрте эмес берилиши мүмкүн.
9) Тизмеге кирген билим берүү уюмдары автомобиль транспорту жаатындагы мамлекеттик орган бекиткен бирдиктүү программаларга ылайык иштөөгө укуктуу.
Эл аралык автомобиль ташууларды уюштуруу
жана аткаруу жана тиешелүү сертификаттарды
берүү үчүн жооптуу адамдардын кесиптик
компетенттүүлүгүн ырастоонун тартибине
1-тиркеме
Кесиптик компетенттүүлүк үчүн кошумча окутууга бирдиктүү талаптардын тизмеси
1. Модуль: Укуктук негиздер
Эл аралык жол кыймылынын жалпы шарттары
Каралып жаткан маселелер:
1.1. Бириккен Улуттар Уюмунун Европа Экономикалык Комиссиясы, Эл аралык Автотранспорт Бирлиги.
1.2. Эл аралык транспорттук конвенциялар:
- жол кыймылы, жол белгилери жана сигналдары боюнча конвенциялар жана макулдашуулар;
- бажы конвенциясы;
- жүктөрдү эл аралык ташуу келишими жөнүндө конвенция (ЖТКК - ЦМР);
- товарлардын айрым түрлөрүн эл аралык автомобиль транспорту менен ташуу боюнча келишимдер;
- эл аралык транспортто транспорт каражаттарынын экипаждарынын иштөө жана эс алуу режими жөнүндө макулдашуу;
-
1.3. Эл аралык автомобиль ташууларды укуктук жөнгө салуу жана уруксат берүү тутуму:
- эл аралык жол кыймылы боюнча эки тараптуу өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык келишимдер;
- көп тараптуу конвенциялар жана келишимдер;
- ички мыйзамдардын ченемдери.
- КМШга мүчө мамлекеттердеги эл аралык автомобиль ташулардын шарттары жөнүндө негизги маалымат.
Угармандар тарабынан материалды өздөштүрүүнүн сапатынын критерийлери
Тема | Угармандар | |
милдеттүү | оозеки жана жазуу жүзүндө | |
Эл аралык транспорттук конвенциялар Укуктук жөнгө салуу | Атап чыгуу | Негизги эл аралык конвенциялар |
Аныктоо | Уруксат берүү тутумунун маңызы | |
«Каботаж» түшүнүгү | ||
2. Модуль: Укуктук ченемдердин негиздери
Эл аралык ташууларды жүзөгө ашыруучу уюмдардын жана адамдардын ишин лицензиялоо, эл аралык автомобиль ташууларын жүзөгө ашырууга уруксат берүү.
Каралып жаткан маселелер:
- лицензиялоонун талаптары;
- лицензияланган иш-аракеттер үчүн транспорт каражаттары;
- лицензиялоо учурунда сакталууга тийиш болгон экологиялык талаптар;
- лицензияны берүү шарттары;
- лицензия берүүдөн баш тартуунун себептери;
- лицензияны узартуу;
- лицензияны жокко чыгаруу;
- Эл аралык автомобиль ташууларын жүзөгө ашырууга уруксатты жөнгө салуучу улуттук ченемдик укуктук документтер.
Угармандар тарабынан материалды өздөштүрүүнүн сапатынын критерийлери
Тема | Угуучулар | |
Милдеттери | Оозеки жана жазуу жүзүндө | |
Лицензиялоо | Атап чыгуу | Лицензиялуу транспорттук каражаттар |
Тушундурмө берүү | Лицензиянын критерийлери | |
Баяндап берүү | Лицензия алуу үчүн кайрылуунун, лицензияны узартуунун, берүүдөн баш тартуунун жол-жоболору. | |
түзүү | ATП үчүн экологиялык талаптар | |
жазуу | Эл аралык ташууларды ишке ашырууга киргизүү тартиби. | |
3. Модуль: Укуктук негиздер
Келишим түзүү.
Каралып жаткан маселелер:
3.1. Ташуу үчүн келишимди (контракты) түзүүнүн принциптери;
3.2. Келишимдин (контрактын) түзүмү:
- автомобиль транспорту боюнча келишимдин аталышы;
- келишим түзгөн тараптар;
- Келишимдин предмети;
- Баалар жана төлөө шарттары;
- Милдеттемелерди аткаруу шарттары, келишимди бир тараптуу жокко чыгаруу;
- даярдоо ( упаковка), ташып алып баруу, камсыздандыруу;
-Менчик укугун өткөрүп берүү, менчик укугун өткөрүп берүү шарттары жөнүндө пункттар;
- озгочо жагдайлар, каршы келгис күч;
- кепилдик, чыгарылган продукцияга жоопкерчилик, кепилдиктер;
- келтирилген зыяндын ордун толтуруу, шарттуу айып пул;
- бүтүмдү түзүүнүн жалпы шарттары;
-Мыйзамдуулукту жана тартипти сактоо;
- расмий талаптар, айрыкча келишимге өзгөртүүлөргө кол коюуда;
- арбитраж, юрисдикциянын пункту;
- келишимдин шарттарынан келип чыккан чыгымдар;
- ташуучунун укуктары жана милдеттери.
3.3. Ташуучунун жоопкерчилиги:
- келишимди (келишимди) бузуу менен байланышпаган, талап коюуга негиз берген укук бузуулар;
- ИНКОТЕРМЗ-2000-тышкы соодада жеткирүү шарттарын чечмелөө боюнча эл аралык эрежелер.
Алынган билимдин жана көндүмдөрдүн сапаттык критерийлери
Тема | Угуучулар | |
Милдеттери | Оозеки жана жазуу жүзүндө | |
Укуктук ченемдердин негиздери. |
|
|
Мыйзамдуу түрдө аткарыла турган келишим. | Атап чыгуу | Келишимдин пункттары |
Түзүү | Жүк ташуу келишими | |
Ташуучунун укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери. |
Түзүү
| Взаимные обязательства: - перевозчика и агента; - контрактора и субконтрактора |
Доо коюуга негиз болгон укук бузуулар | ||
4. Модуль. Укуктук нормалардын негиздери
Салык
Каралуучу маселелер:
- салыктар жөнүндө жалпы маалыматтар;
- кошумча наркка салык;
- улуттук салык мыйзамдары;
- Салык конвенциялары.
- Эл аралык ташууларды жүргүзгөн транспорттук каражаттардын бактарындагы күйүүчү майдын салыксыз көлөмү.
Материалды угуучулар тарабынан өздөштүрүү сапатынын критерийлери
Тема | Угуучулар | |
Милдеттери | Оозеки жана жазуу жүзүндө | |
Салык салуу | Атап чыгуу
| Транспорт компанияларынан алынуучу салыктар |
Сүрөттөө | Кошумча наркка салыкты эсептөө тартиби | |
Түзүү | Салык салуу жаатында ЕУ мыйзамдарынын негизги жоболору | |
5. Модуль: Финансылык менеджмент
Менеджмент
Каралып жаткан маселелери:
5.1. Башкаруунун негизги функциялары:
- пландаштыруу;
- уюштуруу;
- лидерлик;
- көзөмөлдөө;
- чечим кабыл алуу процесси.
5.2. Адам ресурстарын башкаруу:
- кадрларды тандоо;
- эмгек акылардын жана стимулдардын тутуму;
- мотивация теориясы жана аны практикада колдонуу.
5.3. Ишкердик эрежелери:
- жумуштагы байланыш;
- жолугушууларды сарамжалдуу өткөрүү;
- ишкердик маалыматтык документтерди түзүү эрежелери;
- ишкер адамдардын сөздөрү (кайрылуулары).
Материалды угуучулар тарабынан өздөштүрүү сапатынын критерийлери
Тема | Угуучулар | |
Милдеттери | Оозеки жана жазуу жүзүндө | |
Менеджмент | Комментарий жазыш керек
| Башкаруунун негизги функциялары. |
Түшүндүрүү
| Чечим кабыл алуу алгоритми. | |
Атап чыгуу
| Лидерлик сапаттары, лидерлик стилдери, дем берүү принциптери, ишмердүүлүктү стимулдаштыруу ыкмалары. | |
6. Модуль: Финансылык менеджмент
Маркетинг стратегиясы
Каралып жаткан маселелер:
- маркетингдин негизги функциялары;
- маркетинг чөйрөсү;
- маркетингдик изилдөө алгоритми;
- керектөө базарларын талдоо;
- базарды сегментациялоо жана товарларды жайгаштыруу
- транспорт чөйрөсүндөгү базар сегменттери;
- баа жана кирешелүүлүк;
- транспорттук маркетинг;
- тышкы рынокко чыгуунун максатка ылайыктуулугу;
- базарды тандоо;
- базарга чыгуу ыкмалары.
Материалды угуучулар тарабынан өздөштүрүү сапатынын критерийлери
Тема | Угуучулар | |
Милдеттери | Оозеки жана жазуу жүзүндө | |
Маркетинг стратегиясы | Түзүү
| Маркетингдин негизги функциялары |
Баяндап берүү
| Базарларды сегментациялоо, маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу процесси; | |
Түшүндүрүү | Транспорттук кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө маркетингдик стратегияны түзүүнүн принциптери | |
7. Модуль: Финансылык менеджмент
Ишкананын каржылык талдоосу
Каралып жаткан маселелер:
- чыгымдарды эсептөө;
-Пайда жана чыгашалар жөнүндө отчет;
- баланс;
- акча агымы;
- ишкананын финансылык абалын баалоо критерийлери:
- өтүмдүүлүк;
- төлөө жөндөмдүүлүгү;
- банкроттун ыктымалдыгы;
- тең салмактуулук диаграммасы.
Материалды угуучулар тарабынан өздөштүрүү сапатынын критерийлери
Тема | Угуучулар | |
Милдеттери | Оозеки жана жазуу жүзүндө | |
Баланстык отчет | Түшүндүрүү | Баланстын максаттары |
Кассалык план кандайча түзүлөт | ||
Атап чыгуу | Каражат булактары | |
Баалоо критерийлери | Эсептөө | Рентабелдүүлүктү эсептөө жана башка көрсөткүчтөр |
Куруу | Зыянсыздык диаграммасы | |
8. Модуль: Финансылык менеджмент
Каралып жаткан маселелер:
8.1. Ишкананы каржылоонун ички жана тышкы булактары:
- уставдык капитал;
-пайда;
-амортизация;
-кредит;
-Лизинг;
-факторинг.
8.2. Инвестициялык чечимди баалоо критерийлери:
- инвестицияларды кайтарып алуу убактысы;
- кирешелүүлүктүн коэффициенти;
- таза чыныгы нарк;
- ички кирешелүүлүк чен.
8.3. Тобокелдиктерди баалоо:
- тобокелдиктердин түрлөрү;
- сезгичтик жана тең салмактуулукту талдоо;
- чыгымдарды жана кирешелерди талдоо;
- салыштырмалуу тобокелдиктерди талдоо.
Материалды угуучулар тарабынан өздөштүрүү сапатынын критерийлери
Тема | Угуучулар | |
Милдеттери | Оозеки жана жазуу жүзүндө | |
Каржылык башкаруу | Тушүндүрүү
| Баланстын максаты |
Кассалык план кандайча түзүлөт | ||
Бухгалтердик отчет
| Атап чыгуу | Каражат булактары |
Эсептөө | Рентабелдүүлүктү эсептөө жана башка көрсөткүчтөр | |
9. Модуль: Финансылык менеджмент
Бизнес-план
Каралып жаткан маселелер:
- өнөр жай, компания, өндүрүлгөн продукция;
- рынокту изилдөө жана талдоо;
- бизнес экономикасы;
- маркетинг планы;
- продукцияны түзүү жана өнүктүрүү пландары;
- өндүрүштүк пландар жана эксплуатациялык пландар;
- компанияны башкаруу;
- жалпы календардык план;
- орчундуу көйгөйлөр жана тобокелдиктер;
- компаниянын мүмкүнчүлүктөрү (инвестордун сунуштары);
- тиркемелер;
- резюме.
- эсептешүү иштери: компаниянын эл аралык транспорттогу ишмердүүлүгүнүн бизнес-планы.
Материалды угуучулардын тарабынан өздөштүрүү сапатынын критерийлери
Тема | Угуучулар | |
Милдеттери | Оозеки жана жазуу жүзүндө | |
Бизнес-план | Түшүндүрүү | Бизнес-план тапшырмасы |
Атап чыгуу | Бөлүмдөр | |
Өндүрүү | Бизнес план | |
10. Модуль: Автомобилдик транспорттун иштешине техникалык талаптар
Рассматриваемые вопросы:
- Каралып жаткан маселелер:
- 1958-жылдагы Женева келишими;
-Аттестацияны өткөрүү тартиби жөнүндө ЕУнун көрсөтмөлөрү;
10.1. Унааларды аттестациялоо:
- көтөрүү мүмкүнчүлүгү чакан транспорт каражаттар;
- жүк ташуучу унаалар;
-куруу, эксплуатациялоо, жарык берүүчү приборлордун техникалык шарттары;
- каттоого киргизүү;
- паспортизациялоо.
- оор жүк ташуучу унааларды сыноодон өткөрүү жана сертификациялоо;
- транспорттун техникалык абалы үчүн айдоочунун жоопкерчилиги;
- транспорттук каражаттардын салмак мүнөздөмөлөрү жана өлчөмдөрү;
- автоунааларды коопсуз жүктөө;
10.2. Унаалардын структуралык параметрлерине ЕБ талаптары:
- күч жана салмак чектери;
- ызы-чууну басаңдаткычтар;
- тормоз;
- жол кыймылынын түтүнү;
- сапаттуу радио байланыш;
- күйүүчү май сактагычтар;
- дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын уруксат берилген өлчөмдөрү жана октук жүктөмдөрү;
- күзгүлөр;
- коопсуздук көз айнектери;
- коопсуздук курлары;
- ылдамдыкты чектегичтер;
- спидометрлер;
- дөңгөлөк;
- жарык берүү эрежелери жана маркировкасы
Материалды угуучулар тарабынан өздөштүрүү сапатынын критерийлери
Тема | Угуучулар | |
Милдеттери | Оозеки жана жазуу жүзүндө | |
Техникалык стандарттар жана автомобиль транспорту эксплуатациясы | Атап чыгуу | Техникалык стандарттарга жана Автотранспортту эксплуатациялоого байланыштуу ЕУ мыйзамдары |
Түзүү | Унаалардын салмагына жана өлчөмүнө карата негизги талаптар | |
Негиздөө
| Транспорттун ар кандай түрлөрү үчүн унаа критерийлери | |
11. Модуль: Жол кыймылынын коопсуздугу
Каралып жаткан маселелер:
- Эл аралык автомобиль транспорту менен алектенген транспорт каражаттарынын экипаждарынын ишине байланыштуу макулдашуу, 1970 ж (ЕСТР);
- тахографтар.
11.1. Эл аралык кооптуу жүктөрдү унаа жолу менен ташуу жөнүндө келишим, 1957 жыл (ДОПОГ):
- бардык класстагы зыяндуу заттарды ташууга колдонулуучу жалпы жоболор;
- жүктөрдү ташуу жолу;
- транспорт каражаттары жана алардын жабдуулары аткарышы керек болгон атайын рецепт;
- Жалпы тейлөө көрсөтмөлөрү;
- жүктөрдү жүктөөгө, түшүрүүгө жана иштетүүгө байланыштуу атайын жоболор;
- транспорттук тутумдардын иштеши үчүн атайын жоболор;
- кээ бир өлкөлөрдө колдонулуп жаткан өткөөл жоболор, эрежелерден четтөөлөр жана атайын жоболор;
- ар кандай типтеги жолдордо жол берилген ылдамдыктар;
- кырсыктарды каттоонун тартиби;
- чет өлкөлөрдөгү улуттук органдар жана уюмдар.
Материалды угуучулар тарабынан өздөштүрүү сапатынын критерийлери
Тема | Угуучулар | |
Милдеттери | Оозеки жана жазуу жүзүндө | |
Айдоочулар Иштөө убактысы Алгылыктуу ылдамдыктар |
Атап чыгуу
| Айдоочулардын иштөө убактысын жөнгө салган мыйзамдар |
Тахограмманын иштөө сааттарын каттоо ыкмалары | ||
Кооптуу жүктөрдү ташуу | Атап чыгуу | Ар кандай типтеги жолдордо ылдамдыктын уруксат берилген чектери |
Кырсыктарды каттоонун жол-жобосу |
Түшүндүрүү
| ДОПОГтун негизги жоболору |
Айдоочулар Иштөө убактысы | Кырсык болгон учурдагы иш-аракеттердин ырааттуулугу | |
12. Модуль: Эл аралык ташууларды уюштуруунун өзгөчөлүктөрү
Паспорт жана виза каттоосу
Каралып жаткан маселелер:
12.1. Кирүү жана чыгуу жол-жоболору жөнүндө улуттук мыйзамдар:
- чет өлкөлүк паспортторду каттоо;
- чет өлкөлүк жарандардын кирүү тартиби.
- жарандар үчүн өкмөттөр аралык саякат келишимдери;
12.2. КМШга мүчө мамлекеттердин чек арасынан өтүү тартиби:
- визасыз режим орнотулган өлкөлөргө кирүү үчүн документтер;
12.3. Виза режими бар өлкөлөрдүн аймагына кирүүнүн тартиби:
- чет мамлекеттин визасын каттоо.
Материалды угуучулар тарабынан өздөштүрүү сапатынын критерийлери
Тема | Угуучулар | |
Милдеттери | Оозеки жана жазуу жүзүндө | |
Паспорт жана виза каттоосу
| Баяндап берүү | Паспорт жана виза алуу тартиби |
Түзүү | Виза режими бар өлкөлөрдүн аймагы аркылуу транзиттик жүрүүнүн эрежелери | |
13. Модуль: Эл аралык ташууларды уюштуруунун өзгөчөлүктөрү
Чек ара: бажы, башка көзөмөл органдары
Каралуучу маселелер:
- чек арадагы мамлекеттик көзөмөлдүн түрлөрү, негизги милдеттери жана функциялары;
- бажынын ролу жана анын негизги функциялары;
- Бажы алымдары, акциздер, кошумча нарк салыгы;
- импорттук жана экспорттук бажы процедуралары;
- бажы транзити;
- МДП (TIR) китепчесин колдонуу менен товарларды эл аралык ташуу жөнүндө Бажы Конвенциясы
13.1. МДП (TIR) китепчеси:
- МДП китепчсесин колдонуу эрежелери;
- МДП китебин колдонууда айдоочунун милдеттенмелери;
- МДП китебин бажы жагынан тариздөө.
13.2. Башка бажы тутумдары жөнүндө маалымат:
- Бажы талон китеби (карнет де пассаж);
- «Т» тутуму;
- Убактылуу ташып келүү жөнүндө Конвенцияга кошулган өлкөлөр үчүн АТА ажыратылуучу китепчеси;
13.3. Жөнөкөйлөтүлгөн жол-жоболор:
- жүктөрдү тазалоо;
- башка процедуралар;
13.4. Эл аралык автомобиль транспортун санариптештирүү (MДП карнеттерин санариптештирүү (MTD электрондук китеби), TIR-ERD, e TIR, eCMR электрондук декларациясы МДП тутумдарын пайдалануу менен эл аралык автомобиль транспорту транспаренттүүлүгү).
Материалды угуучулар тарабынан өздөштүрүү сапатынын критерийлери
Тема | Угуучулар | |
Милдеттери | Оозеки жана жазуу жүзүндө | |
Бажы кызматы | Мүнөздөмө берүү | Бажылардын ролу жана функциялары |
Баяндап берүү | Жүктөрдү ташып келүү жана экспорттоо жол-жоболору | |
Түзүү | Транзиттик эрежелер | |
14. Модуль: эл аралык ташууларды уюштуруунун өзгөчөлүктөрү
Автоунаалардын тобокелдиктерин камсыздандыруу
Каралып жаткан маселелер:
- камсыздандыруунун экономикалык мүнөзү жана максаттары;
- камсыздандыруу компанияларынын уюштуруу формалары;
- камсыздандыруунун түрлөрү;
- эл аралык автомобиль транспорту үчүн жүктөрдү камсыздандыруу жана жүк ташуучунун жоопкерчилиги.
14.1. Камсыздандыруу келишими жана анын өзгөчөлүктөрү:
- камсыздандыруу келишимдерин түзүү тартиби;
- камсыздандыруу полиси жана анын мазмуну;
- камсыздандыруу төлөмдөрүн тарифтештирүү;
- жүзөгө ашыруунун тартиби жана шарттары;
- жарандык жоопкерчиликти камсыздандырууда келтирилген зыяндын ордун толтуруунун шарттары жана чектөөлөрү.
Материалды угуучулар тарабынан өздөштүрүү сапатынын критерийлери
Тема | Угуучулар | |
Милдеттери | Оозеки жана жазуу жүзүндө | |
Камсыздандыруу | Санап берүү | Камсыздандыруу түрлөрү |
Баяндап берүү | Камсыздандыруу келишиминин өзгөчөлүктөрү | |
Ташуучунун кесиптик компетенттүүлүгү жөнүндө күбөлүк алууга квалификациялык экзамендин темаларынын
Тизмеги
Модулдун аталышы | Экзамен тапшыруучулар төмөнкүлөргө милдеттүү | |
1-модуль: Укуктук ченемдердин негиздери | ||
1.1. Эл аралык автомобилдик каттамдардын жалпы шарттары | ||
1.1.1. Улуттук эл аралык келишимдер
Эл аралык конвенциялар | (а) Негизги транспорттук конвенцияларды жана башка эл аралык улуттук келишимдерди санап берүү (б) Ташуучунун практикалык ишмердигин регламенттеген негизги жоболорду формулировкалоо | |
1.1.2. Укуктук жөнгө салуу жана уруксат берүү тутуму | (а) Уруксат берүү тутумунун негизин аныктоо; (б) Ташуучунун практикалык ишмердигин регламенттеген ички мыйзамдардын негизги ченемдерин формулировкалоо; (в) «Каботаж» түшүнүгүн аныктоо. | |
1.1.3. Эл аралык ташууларды лицензиялоо
Эл аралык автоташууларды жүргүзүүгө уруксат | (а) Лицензиялоонун негизин аныктоо; (б) Лицензия берүү критерийлерин формулировкалоо; (в) Арыз берүүчүнүн лицензия алуу үчүн аракеттерин баяндап берүү; (г) Эл аралык ташууларды жүргүзүүгө уруксат берүү тартибин баяндап берүү. | |
1.1.4. Келишим түзүү | (а) Ташуучунун келишим боюнча укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин формулировкалоо; (б) Тобокелдик үчүн негиз болуучу укук бузууларды санап берүү. | |
1.1.5. Салыктар | (а) Эл аралык ташууда Кошумча нарк салыгын чегерүү жана кайтарып берүү тартибин баяндап берүү. | |
2-модуль: Финансылык менеджменти | ||
2.1. Менеджмент
| (а) Стратегиялык планды түзүүдө аракеттердин ирээтин санап берүү; (б) Кадрлар менен иштөөдө мотивациялоо негизин аныктоо. | |
2.2. Маркетинг стратегиясы | (а) Маркетингдин жана рынокту изилдөө ыкмаларынын негиздерин формулировкалоо | |
2.3. Ишканалардын ишмердигинин финансылык талдоосу | (а) Баланстык отчеттун маанисин түшүндүрүү; (б) Ишкананын рентабелдүүлүгүн эсептеп чыгуу; (в) Кассалык пландын беренелерин комментариялоо. | |
3-модуль: Автомобилдик транспортун пайдаланууга техникалык талаптар | ||
| (а) Транспорт каражаттарынын салмагына жана көлөмүнө болгон негизги талаптарды санап берүү; (б) Кыймылдуу курамдын ар кандай түрлөрүнүн артыкчылыктарын, ар кандай жүк түрүн ташуу үчүн тандоо критерийлерин санап берүү; (в) Эл аралык ташууда ташуучу кыймылдуу курамга коюлган талаптарды аткаруу боюнча милдеттенмелерди санап өтүү. | |
4-модуль: Жол кыймылынын коопсуздугу | ||
| (а) Айдоочулардын иштөө убактысын жана алардын иштөө жана эс алуу нормаларын жөнгө салуучу мыйзам актыларын тизмектөө; б) ДОПОГтун негизги жоболорун атап берүү; (в) Жол кырсыгындагы аракеттердин ирээтин баяндап берүү | |
5-модуль: Эл аралык ташууну уюштуруу өзгөчөлүктөрү | ||
5.1. Паспорттук-визалык тариздөө | (а) Паспортторду жана визаларды тариздөө жол-жобосун баяндап берүү; (б) Виза режими орнотулган өлкөлөрдүн аймагы боюнча транзиттик өтүү эрежелерин формулировкалоо | |
5.2. Чек ара | (а) Жүк алып кирүүдө жана алып чыгууда жол-жоболорду баяндап берүү; (б) Жүктү бажылык тазалоодон өткөрүү жол-жобосун баяндап берүү; (в) Чек арадагы көзөмөлдүн түрлөрүн жана максаттарын баяндап берүү. | |
5.3. Камсыздандыруу | (а) Камсыздандыруу түрлөрүн санап берүү; (б) Жүктөрдү автомобилдик транспорт менен эл аралык ташуу келишими жөнүндө конвенциянын негизги жоболорун формулировкалоо; (в) Жарандык менчиктик камсыздандырууда зыяндын ордун толтуруу шарттарын жана чектөөлөрүн санап берүү. | |
Эл аралык автомобилдик ташууларды уюштуруу жана
ишке ашыруу үчүн жооптуу адамдын кесиптик
компетенттүүлүгүн тастыктоо жана тиешелүү
күбөлүктөрдү берүү тартибине
2-Тиркеме
Форма
___________________________________________
(билим берүү мекемесинин аталышы)
___________________________________________
(аты-жөнү)
___________________________________________
(үй, жумуш, мобилдик телефон)
Эл аралык автомобилдик ташууларды уюштуруу жана ишке ашыруу үчүн жооптуу адамдын кесиптик компетенттүүлүгүн аттестациядан өткөрүү жана окутууга уруксат берүү тууралуу
АРЫЗ
Мени эл аралык автомобилдик ташууларды уюштурууга жана ишке ашыруу үчүн жооптуу адамдын кесиптик компетенттүүлүгүн тастыктоочу аттестациядан өтүүгө жана окууга уруксат берүү маселесин карап чыгууну өтүнөм, эгерде аттестациянын жыйынтыктары оң деп табылса, мага эл аралык автомобилдик ташуучунун кесиптик компетенттүүлүгү тууралуу сертификаттын берилишин өтүнөм.
Өзүм жөнүндө төмөнкүлөрдү маалымдайм:
Туулган күн __________ жарандыгы ______________________________________
адистик _____________________________________________________________
бүттүм _____________________________________________________________
(бүткөн жыл, окуу жайдын аталышы, кесиби)
өздүгүн тактоочу документ: _______________________________
(серия (бар болсо)
____________________________________________________________________
(номери, берилген күнү, берген мамлекеттик органдын аталышы, идентификациялык номери (бар болсо)
________________________________________________________________________
(жашаган жери)
Иштеген жери, кызматы __________________________________________________
«____» _________ 20__ ж. ___________ ________________________________
(кол тамгасы) (аты-жөнү)
Эл аралык автомобилдик ташууларды уюштуруу жана
ишке ашыруу үчүн жооптуу адамдын кесиптик
компетенттүүлүгүн тастыктоо жана тиешелүү
күбөлүктөрдү берүү тартибине
3-Тиркеме
Форма
АТТЕСТАЦИЯЛЫК БАРАК
1. Аты-жөнү _________________________________________________
2. Туулган күнү ______________________________________________
3. Билими ___________________________________________________________
4. Билими боюнча адистик___________________________________________
5. Иштеген жери _______________________________________________________
6. Кызматы ____________________________________________________________
7. Жалпы тажрыйбасы __________________________________________________
8. Адистиги боюнча (иш) тажрыйбасы _____________________________________
9.Квалификациямды өркүндөттүм___________________________________
(качан,кайда)
10.Башка маалыматтар_______________________________________________
11.Аттестациялык комиссиянын чечими__________________________________
Аттестациялык комиссиянын
төрагасы ___________ ______________________
(кол тамгасы) (аты-жөнү)
Аттестациялык комиссиянын
Сектетары ___________ ______________________
(кол тамгасы) (аты-жөнү)
Аттестациялык комиссиянын мүчөлөрү: ___________ ______________________
(кол тамгасы) (аты-жөнү)
Аттестациянын күнү «__» __________ 20__ ж.
Аттестациялык барак менен тааныштым ___________________________
(талапкердин кол тамгасы)
«____»______________ 20__ ж.
Эскертүү. 1-10 пункттар эл аралык автомобилдик ташууларды уюштуруу жана ишке ашыруу үчүн жооптуу адам тарабынан толтурулат.
Эл аралык автомобилдик ташууларды уюштуруу жана
ишке ашыруу үчүн жооптуу адамдын кесиптик
компетенттүүлүгүн тастыктоо жана тиешелүү
күбөлүктөрдү берүү тартибине
4-Тиркеме
Форма
___________________________________________
(билим берүү мекемесинин аталышы)
___________________________________________
(аты-жөнү)
___________________________________________
(үй, жумуш, мобилдик телефон)
Эл аралык автомобилдик ташууларды уюштуруу жана ишке ашыруу үчүн жооптуу адамдын кесиптик компетенттүүлүгүн кайрадан аттестациядан өткөрүү жана окутууга уруксат берүү тууралуу
АРЫЗ
Мени эл аралык автомобилдик ташууларды уюштурууга жана ишке ашыруу үчүн жооптуу адамдын кесиптик компетенттүүлүгүн тастыктоочу аттестациядан кайра өтүүгө уруксат берүү маселесин карап чыгууну өтүнөм, эгерде аттестациянын жыйынтыктары оң деп табылса, мага эл аралык автомобилдик ташуучунун кесиптик компетенттүүлүгү тууралуу күбөлүгүн берилишин өтүнөм.
Өзүм жөнүндө төмөнкүлөрдү маалымдайм:
Туулган күн __________ жарандыгы ______________________________________
адистик _____________________________________________________________
бүттүм _____________________________________________________________
(бүткөн жыл, окуу жайдын аталышы, кесиби)
өздүгүн тактоочу документ: __________________________________________
(серия (бар болсо)
____________________________________________________________________
(номери, берилген күнү, берген мамлекеттик органдын аталышы, идентификациялык номери (бар болсо))
______________________________________________________________________
(жашаган жери)
Иштеген жери, кызматы _________________________________________________
«____» _________ 20__. ___________ ________________________________
(кол тамгасы) (аты-жөнү)
Эл аралык автомобилдик ташууларды уюштуруу жана
ишке ашыруу үчүн жооптуу адамдын кесиптик
компетенттүүлүгүн тастыктоо жана тиешелүү
күбөлүктөрдү берүү тартибине
5-Тиркеме
Форма
Кыргыз Республикасы KG Транспорт жана коммуникациялар министрлиги
ЭЛ АРАЛЫК АВТОМОБИЛДИК ТАШУУЧУНУН КЕСИПТИК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮГҮ ТУУРАЛУУ
КҮБӨЛҮК
№__________
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги _______________________________________________________,
(аты-жөнү)
төрөлгөн _______________________________________________________
(төрөлгөн жери) (төрөлгөн күнү)
эл аралык автомобилдик ташууларды уюштуруу жана ишке ашыруу үчүн жооптуу адамдын кесиптик компетенттүүлүгүн аныктоочу квалификациялык сынакты тапшыргандыгын ( «___» __________ 20__ ж.) жана эл аралык автомобилдик ташууларды уюштуруу жана ишке ашыруу үчүн жооптуу адамдын квалификациясынын дал келишин тастыктайт.
Бул күбөлүк кесиптик компетенттүүлүктүн жетиштүү далили болуп саналат жана ушул чөйрөдө иштеген кесипкөй адамдарга эл аралык транспорттук иш-чараларга эркин катышуу укугун берет.
Берилди ____________________ ___________________
(берген жер) (берилген күн)
Аттестацияык комиссиянын
төрагасы ____________ _________________________
(кол тамгасы) (аты-жөнү)
Секретарь ____________ _________________________
(кол тамгасы) (аты-жөнү)
М.О.
Эл аралык автомобилдик ташууларды уюштуруу жана
ишке ашыруу үчүн жооптуу адамдын кесиптик
компетенттүүлүгүн тастыктоо жана тиешелүү
күбөлүктөрдү берүү тартибине
6-Тиркеме
Форма
билим берүү мекемеси тарабынан бериле турган эл аралык автомобиль ташуучулардын кесиптик компетенттүүлүгү үчүн кошумча окууларды жүргүзгөн КМШ мамлекеттеринин окуу жайларынын тизмесине киргизүү тууралуу
АРЫЗ
(эл аралык автомобиль ташуучулар үчүн үзгүлтүксүз билим берүү чөйрөсүндөгү компетенттүү органдын аталышы)
тарабынан бекитилген бирдиктүү программаларга ылайык, эл аралык автомобиль ташуучулардын кесиптик компетенттүүлүгү үчүн кошумча окутууларды жүргүзүүчү окуу жайдын тизмесине киргизүүнү суранам.
(Уставка ылайык окуу жайдын аталышы, юридикалык жана так дареги, телефону, факсы, реквизиттери)
___________________________________________________________________________________________________
Тиркеме: _______________________________________________________________________________________
(тиркелген бардык документтердин тизмеси)
Окуу жайдын жетекчиси _______________ ___________________
(кол тамгасы) (аты-жөнү)
«________» _______________________20___ ж.
Эл аралык автомобилдик ташууларды уюштуруу жана
ишке ашыруу үчүн жооптуу адамдын кесиптик
компетенттүүлүгүн тастыктоо жана тиешелүү
күбөлүктөрдү берүү тартибине
7-Тиркеме
Форма
Окутулган курстар жана студенттердин контингенти жөнүндө
маалымат
№ | Окуучулардын категориясы | Окутулган курс: аталышы, окутуу сааты
| Тизмеде көрсөтүлгөн ар бир курстардын программасы боюнча жылына орточо канча адам окутулат | Аяктагандан кийин кандай документ берилет (документтин үлгүсү тиркелет) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эл аралык автомобилдик ташууларды уюштуруу жана
ишке ашыруу үчүн жооптуу адамдын кесиптик
компетенттүүлүгүн тастыктоо жана тиешелүү
күбөлүктөрдү берүү тартибине
8-Тиркеме
Форма
Окуу жайдын материалдык-техникалык базасы жөнүндө
Маалымат
№ | Имараттын түрү, кабаттуулугу, так дареги
| Менчик формасы (менчик, ижара ж.б.) | Курулган жылы | Жалпы аянты | Көрсөтүлгөн даярдоо багыттары боюнча окутуу процесси үчүн колдонулган класстар (аудиториянын аянты, түрү) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эл аралык автомобилдик ташууларды уюштуруу жана
ишке ашыруу үчүн жооптуу адамдын кесиптик
компетенттүүлүгүн тастыктоо жана тиешелүү
күбөлүктөрдү берүү тартибине
9-Тиркеме
Форма
Колдонулган окуу жана лабораториялык база, окуу процессинин техникалык каражаттар жөнүндө
маалымат
№ | Колдонулган окуу жана лабораториялык база | Техникалык каражаттардын түрлөрү | Техникалык каражаттардын түрлөрү, моделдери | Техникалык каражаттардын чыгарылган күнү | Менчик формасы (менчик, ижара ж.б.) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эл аралык автомобилдик ташууларды уюштуруу жана
ишке ашыруу үчүн жооптуу адамдын кесиптик
компетенттүүлүгүн тастыктоо жана тиешелүү
күбөлүктөрдү берүү тартибине
10-Тиркеме
Форма
Окуу процессин камсыз кылган педагогикалык курам жөнүндө
Маалымат
№ | Аты-жөнү | Окутулган курс | Кызматы | Билими (адистиги) | Илимий даражасы, наамы | Иш стажы, педагогикалык стаж
| Көрсөтүлгөн курсту канча убакыттан бери окутуп келет
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|