Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2026-жылдын 9-февралы № 110-чуа буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА,

КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК

ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ

БУЙРУК

2021-жылдын 3-ноябры № 48-нпа

Кыргыз Республикасынын аймагында курулуштун

сметалык наркын өзгөртүүчү индекстерин эсептөө

Методикасын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомунун негизинде, курулуштун сметалык наркын аныктоодо бирдиктүү методологиялык ыкманы сактоо, базар бааларынын талаптарына ылайык сметалык ченемдердин тутумун актуалдаштыруу максатында, буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын аймагында курулуштун сметалык наркын өзгөртүүчү индекстерин эсептөө Методикасы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Талдоо, баа бычуу жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы Г. Э. Асановага:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө" токтомуна ылайык ушул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;

- ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч иш күндүн ичинде ченемдик укуктук актынын мамлекеттик жана расмий тилдердеги эки нускадагы копияларын кагаз жана электрондук сактагычта, аталган ченемдик укуктук акты жарыяланган булакты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн;

- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.

3. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4.Ушул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

 

Директор

Т. Сатышов