Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ
2017-жылдын 5-декабры № 10-нпа
Курулуш продукциясынын наркын эсептеп чыгарууда кошумча чыгымдарды эсептөөнүн тартиби жөнүндө Методикалык көрсөтмөлөргө, сметалык пайданын көлөмүн аныктай турган Методикалык көрсөтмөлөргө, Кыргыз Республикасынын аймагындагы курулуштардын наркын аныктай турган Методикалык көрсөтмөлөргө, № 39 "Турак жана жарандык имараттар" долбоорлоо иштеринин обочолонгон бааларынын жыйнагына жана курулуш, оңдоо-курулуш, монтаждоо, ишке киргизүү иштеринин бирдиктүү бааларынын улуттук жыйнактарынын техникалык бөлүктөрүнө, трактор жана прицеп менен жүк ташуунун бааларынын жыйнактарына, жүктөө-түшүрүү иштеринин бааларынын жыйнактарына, машина жана автотранспорт каражаттары менен жүк ташуунун бааларынын жыйнактарына, курулуш материалдарынын бааларынын жыйнактарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндөгү токтомунун негизинде, сметалык ченемдердин системасын базар экономикасынын жаңы талаптарына ылайык келишин камсыз кылуу, курулуштун сметалык наркын аныктоодо бирдиктүү методикалык мамилени сактоо максатында
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Мамкурулуштун 18.05.2016-жылдагы № 4-нпа буйругу менен бекитилген "Курулуш продукциясынын наркын эсептеп чыгуудагы кошумча чыгымдарды эсептөөнүн тартиби тууралуу Методикалык көрсөтмөлөрдө":
- 3.1. жана 3.2-пункттары төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"3.1. Подряддык уюмдардын курулуш иштеринин өндүрүштүк процессин башкарууга, уюштурууга жана тейлөөгө кетүүчү эсептик чыгымдардын негизинде аныкталат жана кошумча чыгашалардын ирилештирилген ченемдеринде каралган орточолонгон шарттардан айырмаланган конкреттүү курулуштун реалдуу шарттарын камтышы керек";
"3.2. Кошумча чыгымдардын жеке ченемдерин, конкреттүү подряддык мекемелердин кошумча чыгымдарынын массасын эсептик-аналитикалык метод менен эсептей турган, чыгашаларды статьялары боюнча жумушчу-куруучулардын жана механизаторлордун эмгек акысын төлөө фондуна катыштыруу аркылуу эсептей турган статьялык калькуляция методу менен аткаруу максатка ылайык болуп саналат";
- 4.1-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"4.1. Кошумча чыгымдардын көлөмү локалдык сметаларда (сметалык эсептөөлөрдө) 01.01.2015-жылдагы баалардын деңгээлинде белгиленет. Курулуштун түрлөрү боюнча кошумча чыгашалардын ирилештирилген ченемдерин колдонууда кошумча чыгымдарды кошуп эсептөө сметанын (эсептөөнүн) аягында түз чыгымдардын жыйынтыгы боюнча аткарылат.
Курулуш, монтаждоо жана оңдоо-курулуш иштеринин түрлөрү боюнча кошумча чыгымдарынын ченемдерин кошуп эсептөө КРЕР-2015, КРЕРм-2015, КРЕРр-2015 жыйнактарынын аталыштарына ылайык аныкталуучу иш комплексине карата аткарылат. Кошумча чыгымдардын ченемдерин иштин түрүнө жараша көрсөтүлгөн жыйнактарга байлоо 4 жана 5-тиркемелерде берилди";
- жогоруда белгиленген Методикалык көрсөтмөнүн 9-тиркемеси (таблица "Чыгашалардын статьяларына жараша кошумча чыгымдардын орточо тармактык түзүмү") ушул буйруктун № 1 тиркемесине ылайык келтирилсин.
2. Мамкурулуштун 18.05.2016-жылдагы № 4-нпа менен бекитилген "Курулуштагы сметалык пайданын көлөмүн аныктоонун Методикалык көрсөтмөлөрүндө":
- жогоруда белгиленген Методикалык көрсөтмөнүн 3-тиркемесинин 7.2 жана 48-пункттары ("Курулуш жана монтаж иштеринин түрлөрү боюнча сметалык пайданын ченемдери" таблицасы) ушул буйруктун № 2 тиркемесине ылайык баяндалсын;
- ушул буйруктун № 3 Тиркемесине ылайык жогоруда белгиленген Методикалык көрсөтмөгө ("Оңдоо жана куруу иштеринин түрлөрү боюнча сметалык пайданын ченемдери") 4-тиркеме кошулсун.
3. Мамкурулуштун 18.05.2016-жылдагы № 4-нпа менен бекитилген "Курулуштагы сметалык пайданын көлөмүн аныктоонун Методикалык көрсөтмөлөрүндө":
- 4.7-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Колдонуудагы ишканаларды, имараттарды жана курулмаларды калыбына келтирүү, кеңейтүү жана техникалык кайра жабдуу иштерине локалдык сметалык эсептөөлөрдү түзүүдө сметалык ченемдердин жана баалардын тийиштүү жыйнактарында ("Жалпы жоболор") келтирилген тийешелүү коэффициенттеринин жардамы менен мындай жумуштарды өндүрүүдөгү татаалдаштыруучу факторлор жана шарттар эске алынат.
- 4.73-пункт төмөнкү сүйлөмдөр менен толукталсын:
"12а. Сметаларды түзүү (ӨТТ жок болгон учурларда) - 50 млн. го чейин 1,0%; 50 млн.дон жогору 1,5%ден тартып (тараптардын макулдашуусу менен каралат).
12б . Техкөзөмөл жүргүзүү (ӨТТ жок болгон учурларда) - 50 млн.го чейин 2,5%; 50 млн.дон жогору 2%ден тартып (тараптардын макулдашуусу менен каралат)";
- жогоруда келтирилген Методикалык көрсөтмөлөр 4.74а пункту менен толукталсын.
4. Мамкурулуш тарабынан 28.03.2016-жылы № 2-нпа менен бекитилген "Турак жана жарандык имараттар" № 39 Курулуш иштерин долбоорлоонун бааларынын жыйнагы", "Архитектура кызматтары" 4-главасы менен толукталсын.
Курулуш жана атайын курулуш иштеринин бирдиктүү бааларынын улуттук жыйнактарында:
5. Мамкурулуш тарабынан 28.03.2016-жылы № 2-нпа менен бекитилген "Жер иштери" № 1 жыйнагы ушул буйруктун № 4 тиркемесине ылайык 12-тиркеме ("Тоолуу эңкей иштердин тиктигин бөлүштүрүү" таблицасы) менен толукталсын.
6. Мамкурулуш тарабынан 28.03.2016-жылы № 2-нпа менен бекитилген "Скважиналар" № 4 жыйнагы ушул буйруктун № 5 тиркемесине ылайык 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9-тиркемелер менен толукталсын.
7. Мамкурулуш тарабынан 28.03.2016-жылы № 2-нпа менен бекитилген "Свай иштери. Кароочу кудуктар. Топуракты бекемдөө" № 5 жыйнагы:
- 1.49 жана 1.50-пункттары төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"1.49. 05-01-122дан 05-01-124 чейинки таблицалардагы баалар менен салмагы 70 кг. дан жогору болгон болот шпунттан жасалган түркүктөрдү даярдоо жана түшүрүү каралган. 05-01-123, 05-01-124 таблицаларындагы баалар менен узундугу 30 м.ге чейинки түркүктөрдү түшүрүү каралган.
05-01-126 таблицасындагы баалар болоттон жасалган шпунт түркүктөрүн стендде туташтырууга каралган. 05-01-118, с 05-01-121 по 05-01-123 и расценок 05-01-119-03, 05-01-119-05, 05-01-119-06, 05-01-119-09, 05-01-119-11, 05-01-119-12 таблицаларындагы баалар боюнча туташтыруу керектелбеген түркүктөрдү түшүрүүдө 05-01-126 таблицасында көрсөтүлгөн чыгымдар жокко чыгарылат.
1.50. 05-01-125 жана 05 01 180 таблицаларындагы баалар менен бир кабаттуу багыттоочу рамалар каралган. Эки кабаттуу багыттоочу рамаларды орнотууда жогоруда белгиленген бааларга техникалык бөлүктүн 3-бөлүмүнүн п. 3.21. берилген коэффициенттер кошо колдонулат";
- 1.51-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"1.51. 05-01-115, 05-01-116, 05-01-183, 05-01-184 таблицаларындагы алдын ала даярдоону талап кылуучу болот түркүктөрдү түшүрүүнүн баалары, түркүктөрдү түшүрүүчү курулуш-монтаждоо мекемесинин аталган түркүктөрдү өз күчү менен даярдоо шартындагы түркүктөрдүн чыгышталышын камтыйт. Ошону менен бирге, түркүктөрдү даярдоо 05 01 117, 05 01 120, 05 01 122, 05 01 127 таблицаларына жараша ченемделиши керек.
Түркүктөрдү, аларды түшүрүүнү аткаруучу мекеменин тышында башка бир мекеме тарабынан даярдоодо түркүктөрдү түшүрүүдөгү алардын чыгыштоосу түшүрүлө турган түркүктөрдүн 1 т. на 1,01 т. көлөмүндө кабыл алынышы керек";
- 1.52-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"1.52. КЕРдин 05 жыйноочусунда 2-бөлүгү негизги иштердин толук спектрин камсыз кылат, тизмеси ишинин алкагында берилет, ошондой эле көмөкчү жана кошумча иштерди, анын ичинде жайгашуу аймактардын планировкасы, кудуктардын дубалдарын битум менен гидроизоляциалуу, саг топуракты алып салуу, кудукка түшүү жана анын ичинен эксковаторлор жана бульдозерлер менен алып чыгуу".
8. Мамкурулуш тарабынан 28.03.2016-жылы № 2-нпа менен бекитилген "Жасалгалоо иштери" № 15 жыйнагындагы 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12, 13-тиркемелер алынып салынсын.
9. Мамкурулуш тарабынан 28.03.2016-жылы № 2-нпа менен бекитилген "Автомобиль жолдору" № 27 жыйнагында:
- 2.9-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"2.9. 27 01 002; 27 01 004; 27 03 002; 27 04 001; 27 04 003; 27 05 001; 27 06 025; 27 12 003; 27 12 008 таблицалары боюнча ченемделиштирилүүчү автомобиль жолдорунун курууга кетүүчү материалдардын чыгымдарын аныктоо үчүн долбоорлук маалыматтар жок болгон учурда, ал материалдардын чыгымдарын 2-тиркемеге ылайык кабыл алууга болот.
Эскертме: Курулуш-монтаждоо, оңдоо-курулуш жана ишке киргизүү иштеринин сметалык наркын аныктоо үчүн бекитилген сметалык пайдалардын жалпы тармактык ченемдери материалдарды, полуфабрикаттарды, жасалгаларды даярдоо иштери үчүн тарабайт. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу объекттер үчүн курулуш-монтаждоо, ремонттоо-курулуш жана ишке киргизүү иштеринин сметалык наркын аныктоодо сметалык пайданы жумушчу жана машинисттердин эмгек акысын төлөө фондунун 40% көлөмүндө кабыл алуу сунуш кылынат".
10. Мамкурулуш тарабынан 28.03.2016-жылы № 2-нпа менен бекитилген "Көпүрөөлөр жана түтүктөр" № 30 жыйнагында:
- 1.53-пункту төмөнкү сүйлөм менен толукталсын:
"б) жыгач конструкцияларын демонтаждоодо - 0,8";
- 1-тиркеме ушул буйруктун № 6 тиркемесине ылайык баяндалсын.
11. Мамкурулуш тарабынан 28.03.2016-жылы № 2-нпа менен бекитилген "Аэродромдор" № 31 жыйнагында:
- 1.4-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"1.4. 31-жыйнакта сууну 5 кмге чейинки аралыкка жеткирип берүүнүн чыгымы каралган. 5 кмден ашык аралыктар үчүн 100 м3 сууну ташуунун ар бир кошумча километри үчүн сугарып жуучу машиналарды эксплуатациялоонун наркына 1,3 маш. саат 1005,38 сом кошуу керек".
12. Мамкурулуш тарабынан 28.03.2016-жылы № 2-нпа менен бекитилген "Электр берүү чубалгылары" № 33 жыйнагы техникалык бөлүк менен толукталсын.
13. Мамкурулуш тарабынан 28.03.2016-жылы № 2-нпа менен бекитилген "Гидротехникалык курулмалардын жердеги конструкциялары" № 36 жыйнагында:
- 3-таблица "Бааларга карата коэффициент" ушул буйруктун № 7 тиркемесине ылайык баяндалсын.
14. Мамкурулуш тарабынан 28.03.2016-жылы № 2-нпа менен бекитилген "Гидротехникалык курулмалардын бетон жана темир бетон конструкциялары" № 37 жыйнагынан 1-тиркеме алынып салынсын.
15. Мамкурулуш тарабынан 28.03.2016-жылы № 2-нпа менен бекитилген "Гидротехникалык курулмалардагы гидроизоляциялоо иштери" № 41 жыйнагында 2-бөлүк "Бааларга карата коэффициенттер" ушул буйруктун № 8 тиркемесине ылайык баяндалсын.
16. Мамкурулуш тарабынан 28.03.2016-жылы № 2-нпа менен бекитилген "Суу алдындагы курулуш иштери" № 44 жыйнагынан 7, 8, 9, 10, 11, 12-тиркемелер алынып салынсын.
Оңдоо-курулуш иштеринин бирдиктүү баалары боюнча улуттук жыйнактарында:
17. Мамкурулуш тарабынан 28.03.2016-жылы № 2-нпа менен бекитилген "Дубалдар" № 53 ушул буйруктун № 9 тиркемесине ылайык баяндалсын.
Жабдууларды монтаждоонун сметалык бааларынын улуттук жыйнактарында:
18. Мамкурулуш тарабынан 28.03.2016-жылы № 2-нпа менен бекитилген "Металл иштетүүчү жабдуулар" № 1 жыйнагында" 1-тиркеме (сандык программалоо башкаруусу болгон станокторду монтаждоонун бааларын аныктоонун КРЕРМ жыйнагын корректировкалоо таблицасы) ушул буйруктун № 10 тиркемесине ылайык баяндалсын.
19. Мамкурулуш тарабынан 28.03.2016-жылы № 2-нпа менен бекитилген "Байланыш жабдуулары" № 10 жыйнагындагы 8-тиркеме ушул буйруктун № 11 тиркемесине ылайык баяндалсын.
20. Мамкурулуш тарабынан 28.03.2016-жылы № 2-нпа менен бекитилген "Технологиялык өткөрмө түтүктөрү" № 12 жыйнагында:
- 1.67-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"1.67. 12 21 001 таблицасындагы бааларда электр киргизмесин монтаждоо чыгымдары эске алынган эмес. Аталган чыгымдар долбоордук маалыматтарда кошумча эске алынышы керек.
Эскертме: Курулуш-монтаждоо, оңдоо-курулуш жана ишке киргизүү иштеринин сметалык наркын аныктоо үчүн бекитилген сметалык пайдалардын жалпы тармактык ченемдери материалдарды, полуфабрикаттарды, жасалгаларды даярдоо иштери үчүн тарабайт. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу объекттер үчүн курулуш-монтаждоо, ремонттоо-курулуш жана ишке киргизүү иштеринин сметалык наркын аныктоодо сметалык пайданы жумушчу жана машинисттердин эмгек акысын төлөө фондунун 40% көлөмүндө кабыл алуу сунуш кылынат".
Ишке киргизүү иштеринин бирдиктүү бааларынын улуттук жыйнактарына:
21. Мамкурулуш тарабынан 28.03.2016-жылы № 2-нпа менен бекитилген "Автоматташтырылган башкаруу тутумдары" № 2 жыйнагынын техникалык бөлүгүнүн формулаларды тариздөө жагына өзгөртүүлөр киргизилсин.
Курулуш машиналарын жана автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун сметалык бааларынын жыйнагына:
22. Мамкурулуш тарабынан 28.03.2016-жылы № 2-нпа менен бекитилген "Жүктөп-түшүрүү иштеринин сметалык баалары" № 1 бөлүмүндө:
- 1.7-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"1.7. Жүктөп-түшүрүү иштеринин сметалык бааларында 50% өлчөмүндөгү кошумча чыгымдар жана эмгек акысын төлөө фондунун 42% өлчөмүндөгү сметалык пайда эсепке алынды.
23. Мамкурулуш тарабынан 28.03.2016-жылы № 2-нпа менен бекитилген "Автомобилдик транспорт менен жүктөрдү ташуунун сметалык баалары" № 3 жыйнагында:
- 1.5-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"1.5. Автомобилдик транспорт менен жүктөрдү ташуунун сметалык бааларында 50% өлчөмүндөгү кошумча чыгымдар жана айдоочулардын эмгек акысын төлөө фондунун 42% өлчөмүндөгү сметалык пайда эсепке алынды;".
- 2 жана 3-тиркемелер алынып салынсын.
24. Мамкурулуш тарабынан 28.03.2016-жылы № 2-нпа менен бекитилген "Тракторлор жана прицептер менен жүктөрдү ташуунун сметалык баалары" № 4 бөлүмүндө:
- 1.8-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"1.8. Жүктөрдү ташуунун сметалык бааларында 50% өлчөмүндөгү кошумча чыгымдар жана айдоочулардын эмгек акысын төлөө фондунун 42% өлчөмүндөгү сметалык пайда эсепке алынды;".
25. Мамкурулуш тарабынан 28.03.2016-жылы № 2-нпа менен бекитилген Курулуш материалдарынын бааларынын № 1, 5, 14, 17, 18, 19, 23, 25, 26, 27, 28 жыйнактары техникалык бөлүктөр менен толукталсын.
26. Мамкурулуш тарабынан 28.03.2016-жылы № 2-нпа менен бекитилген "Курулушта пайдалануучу материалдардын, жасалгалардын жана конструкциялардын сметалык бааларынын кыргыз жыйнактары" Техникалык бөлүк жана № 99 "Башка материалдар" бөлүм менен толукталсын.
27. Талдоо, баа бычуу жана тышкы байланыш бөлүмүнүн башчысы Г.Э.Асановага:
- ушул буйрук катталган күнүнөн тартып үч күн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин веб-сайтында жайгаштырсын;
- расмий жарыяланган күнүнөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде аталган ченемдик укуктук актыны жарыялаган булакты белгилөө менен, мамлекеттик жана расмий тилде, кагаз жүзүндө жана электрондук алып жүрүүдө буйруктун көчүрмөсү эки нускада мамлекеттик каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберилсин;
- буйрук күчүнө кирген күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде маалымат үчүн буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жиберилсин.
28. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндүн ичинде күчүнө кирет.
29. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басарына А.А.Абдыкаровго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору | Б. Абдиев |