Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) директору ________________________________
2021-ж. «24» декабрь № 300 буйругу менен «бекитилген»
Интеллектуалдык менчик объектилерин баалоо, Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестриндеги (тизмегиндеги) 5-баптын 8-пункту
1. Жалпы жоболор
1. Бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (мындан ары - Кыргызпатент) ишке ашырат.
2. Бул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын «3» июнундагы № 303 токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартынын IV-бөлүгүнүн 13-бабына ылайык келет.
3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
Кызмат көрсөтүүнү алуучудан документтерди кагаз же электрондук түрдө кабыл алууга чектелген убакыт –45 минутага чейин.
Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (ЭКМП) аркылуу электрондук түрдө берилген арызды кароого кабыл алуу жөнүндө кабарлама кызмат көрсөтүү алуучуга арыз келип түшкөн учурдан тартып 15 минутага чейин жөнөтүлөт.
Келишим түзүү –10 жумуш күнгө чейин.
Баалоо жүргүзүүнүн жана баалоо жөнүндө отчет даярдоонун мөөнөтү – келишим түзгөн күндөн тартып 48 жумуш күндөн кечиктирбестен.
Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү – ИМ объектин баалоо көлөмүнө жараша 60 жумуш күнгө чейин.
Кызмат алуучунун жеке катышуусунда кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын берүү – 1 саатка чейин.
Кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:
а) белгиленген үлгүдөгү арыз;
б) жеке кайрылган учурда, өздүгүн ырастаган документ;
в) акча каражаттарын төлөнгөндүгү же келип түшкөндүгү жөнүндө дүмүрчөк.
г) келишим түзүү;
д) баалоонун максатын милдеттүү түрдө көрсөтүү менен, баалоо жүргүзүүгө техникалык тапшырма;
е) интеллектуалдык менчик объектисине укуктарды аныктоочу документтер;
ж) баалоо объектисин сыпаттамасы жана техника-экономикалык параметрлери;
з) баалоо объектисин жаратууга жана укуктук коргоо алууга чыгымдар жөнүндө маалыматтар;
и) акыркы 3-5 жылдын ичиндеги ишкана иши тууралуу бухгалтердик дайындар (эгер интеллектуалдык менчик объектиси ишканада пайдаланса);
к) жакынкы 5 жылда интеллектуалдык менчик объектисин пайдалануу божомолу (бул объектини пайдалануудан божомол менен алынуучу пайда);
л) рыноктогу ушу сыяктуу интеллектуалдык менчик объектилеринин абалы тууралуу алынган маалымат;
Кызмат көрсөтүүнүн наркы – баалардын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргызпатенттин буйругу менен бекитилет.
Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы: Интеллектуалдык менчик объектисине(лерге) укуктардын наркын баалоо жөнүндө отчет.
2. Кызмат көрсөтүүнүн процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
4. Кызмат көрсөтүүлөрдүн өндүрүшү жол-жоболордун төмөнкүдөй топтомун камтыйт:
1-таблица
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1. | Арызды жана ага тиркелген документтерди кабыл алуу, каттоо | - жеке кайрылуу - ЭКМП аркылуу |
2. | Арызды карап чыгуу жана келишимдин долбоорун тариздөө | - жеке кайрылуу - ЭКМП аркылуу |
3. | Келишимдин долбооруна укуктук экспертиза жана келишим түзүү | - жеке кайрылуу - ЭКМП аркылуу |
4. | Төлөмдү кабыл алуу жана тариздөө | - КРнын мыйзамдары менен тыюу салынбаган кайсы болбосун төлөмдүк ыкмалар менен |
5. | Баалоо жүргүзүү, отчет даярдоо жана ИМОну баалоо жөнүндө отчетту кызмат алуучуга өткөрүп берүү | - жеке катышуу |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын
блок-схемасы
Бэк-кеңсе
4. Жол-жоболордун жана алардын мүнөздөмөлөрүнүн сыпаттамасы
2-таблица
Жол-жоболордун жана аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Аракеттердин узактыгы | Аракетти жөнгө салуучу документ | Аракеттердин натыйжасы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1. Жол-жоболордун жана алардын мүнөздөмөлөрүнүн сыпаттамасы | ||||
Кызмат көрсөтүүнүн башталышы үчүн негиз болуп кызмат көрсөтүү алуучунун кайрылуусу саналат. | ИМди баалоо жаатындагы адис |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 217 “Кыргыз Республикасында баалоо иш-аракеттеринин баардык субъектилери милдеттүү түрдө колдонуучу мүлктү баалоонун стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтому; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 21-августундагы № 537 "Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигинин убактылуу эрежелери" токтому; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы №111 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо; ИМ жаатындагы КРнын мыйзамдары |
|
1.1. Кызмат көрсөтүүнү алуучу жеке же ЭКМП аркылуу электрондук түрдө кайрылган учурда кароого кабыл алынган арызды кириш документтердин журналында каттоо жана маалыматты электрондук документ жүгүртүү системасына киргизүү. Жеке кайрылган учурда өздүгүн күбөлөндүрүүчү документ боюнча кызмат көрсөтүүнү алуучунун өздүгүн аныктоо. Зарыл учурда ИМди баалоо жаатындагы адис консультациялык мүнөздөгү маалымат берет. | 30 минута | Арызды кабыл алуу, каттоо (консультация) | ||
1.2. Кызмат көрсөтүүнү алуучуга арыз алган ыкма менен эле арызды кароого кабыл алуу жөнүндө кабарлама жөнөтөт. | - жеке кайрылганда – кечиктирбестен; - электрондук түрдө - арыз келип түшкөн учурдан тартып 15 минута | Арызды кароого кабыл алуу жөнүндө кабарлама | ||
Жол-жобонун натыйжасы: - кириш документтердин журналында арызды каттоо; - арызды кароого кабыл алуу жөнүндө кабарлама | ||||
Жол-жобонун узактыгы: - жеке кайрылганда – кечиктирбестен; - ЭКМП аркылуу электрондук түрдө – 45 минута | ||||
Бул жол-жобонун түрү: Административдик | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | ||||
Андан кийинки жол-жобонун башталышы үчүн жол-жобонун натыйжасын берүү ыкмасы: Кол менен / электрондук документ жүгүртүү аркылуу | ||||
2. Арызды карап чыгуу жана келишимдин долбоорун тариздөө | ||||
2.1. Арызды карап чыгуу үчүн төмөнкүдөй документтердин болушу зарыл: - баалоонун максатын милдеттүү түрдө көрсөтүү менен, баалоо жүргүзүүгө техникалык тапшырма; - интеллектуалдык менчик объектине укуктарды аныктоочу документтер; - баалоо объектисинин сыпаттамалары жана техника-экономикалык параметрлери; - баалоо объектисин жаратууга жана укуктук коргоо алууга чыгымдар жөнүндө маалыматтар; - акыркы 3-5 жылдын ичиндеги ишкана иши тууралуу бухгалтердик дайындар (эгер интеллектуалдык менчик объектиси ишканада пайдаланса); - жакынкы 5 жылда интеллектуалдык менчик объектисин пайдалануу божомолу (бул объектини пайдалануудан божомол менен алынуучу пайда); - рыноктогу ушу сыяктуу интеллектуалдык менчик объектилеринин абалы тууралуу алынган маалымат. | ИМди баалоо жаатындагы адис | 2 жумуш күндүн ичинде | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 217 “Кыргыз Республикасында баалоо иш-аракеттеринин баардык субъектилери милдеттүү түрдө колдонуучу мүлктү баалоонун стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтому; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 21-августундагы № 537 "Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигинин убактылуу эрежелери" токтому; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы №111 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо; ИМ жаатындагы КРнын мыйзамдары | Арызды карап чыгуу |
2.2. Кошумча материалдарды берүүгө, анын ичинде ЭКМП аркылуу дагы сурам жөнөтүлөт, анын аткаруу мөөнөтү 5 жумушчу күндөн жогору болбошу керек. | 1 жумуш күндүн ичинде | Кызмат алуучуга сурам жиберүү | ||
2.3. Кызмат алуучудан бардык зарыл болгон маалыматты алгандан кийин, ИМ объектисин баалоого келишимдин долбоору даярдалат. | 4 жумуш күндүн ичинде | ИМ объектисине баалоо жүргүзүүгө келишимдин даяр долбоору | ||
2.4. Сурамга жооп берилбесе же зарыл болгон материалдар жок болсо, кызмат алуучуга арыз алынган ыкма менен эле кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө кабарлама жөнөтүлөт. | 1 жумуш күндүн ичинде | Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө кабарлама | ||
Жол-жобонун натыйжасы: - келишимдин долбоору; - кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | ||||
Жол-жобонун узактыгы: 8 жумуш күнгө чейин | ||||
Бул жол-жобонун түрү: Административдик | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | ||||
Андан кийинки жол-жобонун башталышы үчүн жол-жобонун натыйжасын берүү ыкмасы: Кол менен / электрондук документ жүгүртүү аркылуу | ||||
3. Келишимдин долбооруна укуктук экспертиза жүргүзүү жана келишим түзүү | ||||
3.1. Укук башкармалыгы келишимдин долбооруна укуктук экспертиза жүргүзөт, зарыл болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет.
| Укук башкармалыгы, ИМди баалоо жаатындагы адис | 1 жумуш күндүн ичинде | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 217 “Кыргыз Республикасында баалоо иш-аракеттеринин баардык субъектилери милдеттүү түрдө колдонуучу мүлктү баалоонун стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтому; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 21-августундагы № 537 "Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигинин убактылуу эрежелери" токтому; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы №111 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо; ИМ жаатындагы КРнын мыйзамдары | Келишимдин биротоло бүткөн долбоорун даярдоо
|
3.3. ИМди баалоо жаатындагы адис кызмат алуучу менен келишимди макулдашат жана ага 2 нускада кол коюу жол-жобосун жүргүзөт, анын бири кызмат алуучуга берилет. Келишим ЭКМП аркылуу электрондук түрдө дагы түзүлөт.
| 1 жумуш күндүн ичинде | Келишим түзүү | ||
Жол-жобонун натыйжасы: кол коюлган келишим | ||||
Жол-жобонун узактыгы: в течение 2 жумуш күндүн ичинде | ||||
Бул жол-жобонун тиби: Административдик | ||||
Андан кийинки жол-жобонун номери: 4 | ||||
Андан кийинки жол-жобонун башталышы үчүн жол-жобонун натыйжасын берүү ыкмасы: Кол менен / электрондук документ жүгүртүү аркылуу | ||||
4. Төлөмдү кабыл алуу жана тариздөө | ||||
4.1. Акча каражаттарынын келип түшкөндүгүн текшерүү, Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн журналына жазуу. | Бухгалтер | 10 минута | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 217 “Кыргыз Республикасында баалоо иш-аракеттеринин баардык субъектилери милдеттүү түрдө колдонуучу мүлктү баалоонун стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтому; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 21-августундагы № 537 "Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигинин убактылуу эрежелери" токтому; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы №111 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо; ИМ жаатындагы КРнын мыйзамдары | Төлөгөндүгү жөнүндө документти кабыл алуу, каттоо |
4.2. Төлөгөндүгүн тастыктагандыгы жөнүндө документ жок болгон учурда, 3 сааттын ичинде кызмат алуучуга кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө кабарлама жөнөтүлөт.
| ИМди баалоо жаатындагы адис | 15 минута | Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө кабарлама | |
Жол-жобонун натыйжасы: - төлөгөндүгү жөнүндө документ, кызмат көрсөтүүлөрдүн журналына жазуу; - төлөгөндүгү жөнүндө документ жок болгонуна байланыштуу кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу. | ||||
Жол-жобонун узактыгы – 25 минута Төлөөнүн накталай эмес формасында аракеттин узактыгы акча каражатын которуу жөнүндө документтин берилишине жараша болот. | ||||
Бул жол-жобонун түрү: Административдик | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: 5 | ||||
Андан кийинки жол-жобонун башталышы үчүн жол-жобонун натыйжасын берүү ыкмасы: Кол менен / электрондук документ жүгүртүү аркылуу | ||||
5. Баалоо жүргүзүү, отчет даярдоо жана ИМОну баалоо жөнүндө отчетту кызмат алуучуга өткөрүп берүү | ||||
5.1. ИМди баалоо жол-жобосун чыгымын аныктоого негизделген ыкма менен жүргүзөт жана ушул ыкма боюнча ИМ объектинин наркын чыгарат.
| ИМди баалоо жаатындагы адис, Кыргызпатенттин директору | 12 жумуш күндүн ичинде | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 217 “Кыргыз Республикасында баалоо иш-аракеттеринин баардык субъектилери милдеттүү түрдө колдонуучу мүлктү баалоонун стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтому; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 21-августундагы № 537 "Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигинин убактылуу эрежелери" токтому; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы №111 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо; ИМ жаатындагы КРнын мыйзамдары | Чыгымдарын аныктоо ыкмасы менен баалоо |
5.2. Баалоо жол-жобосун киреше алууну аныктоого негизделген ыкма менен жүргүзөт, эсептейт жана ушул ыкма боюнча ИМ объектинин наркын чыгарат.
| 12 жумуш күндүн ичинде | Киреше алууну аныктоо ыкмасы менен баалоо | ||
5.3. Баалоо жол-жобосун салыштырма ыкма менен жүргүзөт, эсептейт жана ушул ыкма боюнча ИМ объектинин наркын чыгарат.
| 12 жумуш күндүн ичинде | Салыштырма ыкма менен баалоо | ||
5.4. ИМ объектисинин акыркы наркын эсептейт.
| 6 жумуш күндүн ичинде | ИМ объектисинин акыркы наркы
| ||
5.5. ИМ объектисин баалоо жөнүндө отчет даярдайт жана 2 нускада тариздейт. | 6 жумуш күндүн ичинде | ИМ объектисин баалоо жөнүндө отчет | ||
5.6. ИМ объектисин баалоо жөнүндө отчетту Кыргызпатенттин директору менен макулдашат.
| 2 саатка чейин | ИМ объектисин баалоо жөнүндө отчетту макулдашуу | ||
5.7. ИМ объектисин баалоо жөнүндө отчеттун бир нускасын өткөрүп берүү кызмат алуучунун жеке катышуусунда жүргүзүлөт.
| 1 саатка чейин | ИМ объектисин баалоо жөнүндө отчет | ||
Жол-жобонун натыйжасы: - ИМ объектисин баалоо жөнүндө отчет | ||||
Жол-жобонун узактыгы: 48 жумуш күнгө чейин | ||||
Бул жол-жобонун түрү: Административдик | ||||
3-таблица
Кызмат көрсөтүүнүн параметринин аталышы | Сандык дайындар |
1. Жол-жоболордун саны, бардыгы: анын ичинде: - административдик жол-жоболор; - уюштуруучулук-башкаруу жол-жоболору; - көмөкчү жол-жоболор; - атайын жол-жоболор | 5 5 - - - |
2. Жол-жоболордун жалпы узактыгы (минуталар, сааттар, күндөр) | Кызмат көрсөтүүнү алуучудан документтерди кагаз же электрондук түрдө кабыл алууга чектелген убакыт – 45 минутага чейин. Арызды кароого кабыл алуу жөнүндө кабарлама – арыз келип түшкөн учурдан тартып 15 минутага чейин.\ Келишим түзүү – 10 жумушчу күнгө чейин. Баалоонун жана баалоо жөнүндө отчет даярдоонун мөөнөтү – келишим түзгөн күндөн тартып 48 сааттан кечиктирбестен. Кагаз же электрондук түрдө кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү - 5 минутага чейин. Кызмат көрсөтүүнүн жалпы маалыматы ИМ объектисин баалоо көлөмүнө жараша 60 жумушчу күнгө чейин. Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын берүү – 1 саатка чейин. |
3. Электрондук түрдө аткарылган жол-жоболордун саны | 4 |
4. Керектөөчүдөн суралган документтердин саны | 10 |
5. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүнө катышкан башка уюмдардын саны, бардыгы: анын ичинде: - ведомстволук ички өз ара иштешүүдө; - ведомстволор аралык өз ара аракеттешүүлөрдө |
-
|
6. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүнө катышкан жактардын саны | 4 |
7. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүн жөнгө салуучу документтердин саны | 4 |
8. Башка | - |
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына ички (күндөлүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
Ички контролду Кыргызпатенттин директору жүргүзөт.
Ички контроль кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой эле кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышына жана аткарылышына дайыма текшерүү жүргүзүү жолу менен ишке ашырылат.
Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгү үч жылда бир жолу. Пландан тышкары текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын арызы боюнча жүргүзүлөт.
Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча табылган кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарынын бузулушун жоюу боюнча чаралар кабыл алынат, ошондой эле күнөөлүү жактардын жоопкерчилиги жөнүндөгү маселе Кыргыз Республикасынын административдик жана эмгек мыйзамдарына ылайык каралат.
7. Кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарынын аткарылышына тышкы контроль Кыргызпатенттин чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан 3 жылда бир жолудан кем эмес ишке ашырылат.
Комиссиянын ишинин жыйынтыктары маалымкат түрүндө таризделип, ага административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн. Маалымкат ага кол коюлган учурдан баштап 3 күндүн ичинде Кыргызпатенттин директоруна жөнөтүлөт.
Маалымкат келип түшкөн датадан тартып бир айлык мөөнөттө табылган мыйзам бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды, бул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартипке чакыруу жана административдик жаза чараларды кабыл алат.
Зарыл болгон учурда, ошондой эле белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
7. Административдик регламенттин талаптарынын бузулушуна кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарынын бузулгандыгы үчүн Кыргызпатенттин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын административдик жана эмгек мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
9. Кызмат көрсөтүүлөрдү же анын бир бөлүгүн аутсорсинг шартында аткарууга жеке жана/же юридикалык жактарга өткөрүп берүү учурунда кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарынын сакталышына жоопкерчиликти мындай кызмат көрсөтүүгө жоопкер мекеме алат.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент мамлекеттик органдар, ведомстволук уюмдар, менен макулдашылган, алар менен акыркы кызмат алуучуга бул кызмат көрсөтүү максатында өз ара иш алып барышат.
11. Бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административный регламенти Кыргызпатент тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун негизинде демилгеленген.
12. Административдик регламент Кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо менен бир учурда жана зарылдыгына жараша кайра каралууга тийиш.
13. Бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административный регламенти Кыргызпатент тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун негизинде демилгеленген.
9. Административдик регламентти иштеп чыккандар
Алымбаева А. Ж.
уюштуруу иштери жана стратегия
бөлүмүнүн башкы адиси _______________________