Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК ЖАНА ИННОВАЦИЯЛАР МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
2021-жылдын 24-декабры № 300
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик кызмат корсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги тарабынан көрсөтүлүүчү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы №26 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө” жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинентинин 2021-жылдын 5-августундагы №111 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобонун 20-пунктун жетекчиликке алып,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Төмөнкү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттери бекитилсин:
- «Интеллектуалдык менчик объектилерин баалоо» 1-тиркемеге ылайык;
- «Илимий-техникалык маалыматты тематикалык бөлүштүрүүнү аткаруу» 2-тиркемеге ылайык;
- «Тематикалык библиографиялык тизме түзүү» 3-тиркемеге ылайык;
- «Кыргыз Республикасынын фонддору боюнча ойлоп табууларды патенттик издөө» 4-тиркемеге ылайык;
- «Микросактагычтарда илимий-техникалык документацияны карап чыгуу» 5-тиркемеге ылайык;
- «Атайын маалыматтар базасына кирүү мүмкүндүгүн камсыздоо» 6-тиркемеге ылайык;
- «Интеллектуалдык менчик жана аны коммерциялаштыруу маселеси боюнча маалымат берүү» 7-тиркемеге ылайык;
- «Илимий-техникалык адабияттардын көчмө көргөзмөлөрүн уюштуруу» 8-тиркемеге ылайык;
- «Эл аралык патенттик классификациялоо, универсалдуу ондук классификациялоо боюнча теманы классификациялоо» 9-тиркемеге ылайык;
- «Илимий-техникалык адабияттарды жана документацияны сканерлөө жана көчүрмөлөө» 10-тиркемеге ылайык;
- «Жылдык пландан тышкары басма (профилдик) продукцияны басуу» 11-тиркемеге ылайык.
2. Кыргызпатенттин тиешелүү бөлүмдөрүнүн жана ведомстволук уюмдарынын жетекчилери:
- жогоруда аталган административдик регламентке ылайык мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча ишти уюштурсун;
- аталган кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын мындан ары жакшыртуу жана оптималдаштыруу боюнча чара көрсүн.
3. Маалыматтык технологиялар сектору жогоруда аталган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин Кыргызпатенттин жана анын ведомстволук уюмдарынын расмий сайтында жайгаштырсын.
4. Жогоруда аталган административдик регламенттеринин сакталышын контролдоо жана жоопкерчилигин алуу Кыргызпатенттин тиешелүү бөлүмдөрүнүн жана ведомстволук уюмдарынын жетекчилерине жүктөлсүн.
5. Жогоруда аталган административдик регламенттеринин сакталышына жеке жоопкерчилик тиешелүү бөлүмдөрүнүн жоопкерчиликтүү кызматкерлерине бекитилсин.
6. Уюштуруу иштери жана стратегия бөлүмү кол койгон учурдан тартып 3 жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине ушул буйрукту киргизүү үчүн Юстиция министрлигине материалдарды жөнөтсүн.
7. Кадрлар жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү бул буйрукту Кыргызпатенттин бардык кызматкерлерине тааныштырсын.
8. Бул буйруктун аткарылышын өзүм көзөмөлдөйм.
Директор | Р. Керимбаева |