Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА КОМУНИКАЦИЯЛАР МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2022-жылдын 14-февралы № 37
«Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 428 "Кыргыз Республикасынын темир жол транспортунда жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү, почта жөнөтүүлөрүн ташуу Эрежелерин бекитүү тууралуу" буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченемдик ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына берүүнүн тартиби жөнүндө» жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 токтому менен бекитилген жана «Темир жол транспорту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык, ошондой эле «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы мамлекеттик ишканасында кызмат көрсөтүүлөрдү актуалдаштыруу жана санариптештирүү максатында», буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 428 “Кыргыз Республикасынын темир жол транспортунда жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктү, почта жөнөтүүлөрүн ташуу эрежелерин бекитүү тууралуу” буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогорудагы буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын темир жол транспортунда жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктү, почта жөнөтүүлөрүн ташуу эрежелерине:
3-главанын 4-статьясынын 34-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
34. “Жүргүнчү республикалык ички каттамдагы поезддерде жүрүү үчүн билетти кассадан, поездде же электрондук түрдө бир жолку “бир тарапка” же "эки тарапка" сатып алат. Электрондук билет кондукторго кагаз түрүндө же электрондук цифралык каражаттарда (телефон, планшет ж.б.) көрсөтүлөт. Поезддеги орундар отуруу үчүн каралган. Жүргүнчү өзү менен кошо 5 жашка чейинки бир баланы, эгерде ал өзүнчө орунду ээлебесе, бекер алып жүрүүгө укугу бар, бир жүргүнчүгө 5 жашка чейинки бирден ашык баланын жол жүрүүсү белгиленген тарифтер менен төлөнөт. 5 жаштан 10 жашка чейинки балдардын жол кире акысы балдарды ташуунун белгиленген тарифтерине ылайык төлөнөт. Баланын жашы жол жүрүү күнүнө карата аныкталат. Эгерде сапар күнү 5 жашка чыккан баланын туулган күнүнө туура келсе, анда бала акысыз ташылат (эгерде ал өзүнчө орун ээлебесе). Эгерде сапарга чыккан күн 10 жашка чыккан баланын туулган күнүнө туура келсе, анда билеттер балдар тарифи менен жазылат. 10 жашка чейинки балдарга республика ичиндеги поезддерде чоңдордун коштоосуз жүрүүсүнө жол берилбейт. Жүргүнчү 36 кг салмактагы кол жүгүн акысыз жана 50 кг чейинки жүктү Улуттук ташуучу тарабынан белгиленген төлөм менен алып жүрүүгө укуктуу. Ички республикалык каттамдарда поезд билеттери кайтарылбайт. Жоготулган жана жараксыз абалдагы билеттер жаңыланбайт, аларга төлөнгөн акча кайтарылбайт”.
2. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы бул буйрукту аткарууга кабыл алсын.
4. Автомобиль жана темир жол транспорту башкармалыгы бул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин дарегине жөнөтсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин темир жол транспортун тескеген орун басарына жүктөлсүн.
Министр | Э. Осоев |