Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 токтомуна 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-августундагы № 448, 2017-жылдын 1-июнундагы № 322 , 2019-жылдын 20-июнундагы № 308 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү тартибин аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул Жобо "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентине (мындан ары - Регламент) негизделет.
2. Өткөрүп берүү тартиби
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт) ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгууга жана кабыл алууга Өкмөт тарабынан аныкталган тиешелүү чөйрөлөр боюнча айрым мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Өткөрүлүп берилген ыйгарым укук Өкмөттүн тиешелүү токтому күчүнө кирген күндөн тартып колдонулат жана ченем жаратуу ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилген мамлекеттик органдардын буйругу же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын чечимдери менен ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктардын алкагында кабыл алынган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын ченемдик укуктук актылары кыйла жогору юридикалык күчкө ээ ченемдик укуктук актыларга шайкеш келбесе же "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, Регламентте жана ушул Жободо белгиленген ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу тартиби бузулса, Өкмөт аларды жокко чыгаруу, күчүн жоготту деп табуу же колдонулушун токтото туруу жөнүндө чечим чыгарууга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды колдонуу мөөнөтүнүн ичинде өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктардын алкагында кабыл алынган ченемдик укуктук актыны жокко чыгаруу, күчүн жоготту деп табуу же колдонулушун токтотуу жөнүндө өз алдынча чечим кабыл алууга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты ченемдик укуктук актылардын долбоорун даярдоонун жана макулдашуунун бардык баскычында өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктардын тиешелүү түрдө ишке ашырылышына мониторинг жана контроль жүргүзөт.
Мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу орган тарабынан өткөрүлүп берилген ыйгарым укукту ишке ашырууда тийиштүү бузууларга жол берилген учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты аларды четтетүү боюнча жазма буйрук берет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктардын сапаттуу жана талаптагыдай ишке ашырылышы, анын ичинде "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Регламентте белгиленген ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу тартибинин бузулушу үчүн жоопкерчилик ченем жаратуу ыйгарым укугу өткөрүлүп берилген мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчисине жүктөлөт.
Ченем жаратуу ыйгарым укугу өткөрүлүп берилген мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары бул ченем жаратуу ыйгарым укугун башка органга өткөрүп берүүгө укугу жок.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Өткөрүлүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укугу төмөнкү негиздер боюнча колдонулушун токтотот:
- Өкмөт тарабынан тиешелүү ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилген ченемдик укуктук актыны жокко чыгаруу, күчүн жоготту деп табуу жөнүндө чечим кабыл алынганда;
- тиешелүү ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилген ченемдик укуктук актыны конституциялык эмес же жараксыз деп таануу;
Өткөрүлүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын колдонуу Өкмөт тарабынан тиешелүү ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилген ченемдик укуктук актынын колдонулушун токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алынганда токтотулуп турушу мүмкүн.
3. Өкмөттүн өткөрүлүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын алкагында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун макулдашуу жана иштеп чыгуу тартиби
10. Өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктардын алкагында мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу орган тарабынан демилгеленген ченемдик укуктук актынын долбоорлорунда ага аталган ченемдик укуктук актыны кабыл алуу укугу өткөрүлүп берилген Өкмөттүн ченемдик укуктук актысы көрсөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлору "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган талаптарды сактоо менен иштелип чыгат жана ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыккан мамлекеттик органдын ведомстволук веб-сайтында милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш.
Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин долбоору өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын алкагында иштеп чыккан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын расмий веб-сайтында же жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, же жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын веб-сайтында милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктардын алкагында мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыккан ченемдик укуктук актынын долбоору (мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө чечимдердин долбоорлорунан башкалары) ушул Жобонун 7-пунктуна ылайык контролдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына негиздеме-маалымкат менен кошо жиберилет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын алкагында ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыкканда муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенттеринин долбоорлорунан башкаларын макулдашуу жол-жобосу Регламентке ылайык ишке ашырылат.
Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин долбоорун макулдашуу жол-жобосу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү аткаруучу органынын ички регламентине ылайык ишке ашырылат.
Муниципалдык кызмат көрсөтүү процессинде мамлекеттик органдар жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка аткаруучу органдары менен ведомстволор аралык өз ара байланышта иштешүү бар болсо, административдик регламенттин долбоору ошол мамлекеттик органдар жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары менен макулдашылууга тийиш.
Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, алардын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери аткаруучу муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттеринин долбоорлору маалыматташтыруу, электрондук башкаруу, электрондук өкмөт жана электрондук кызмат көрсөтүү жагында мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү жана тармактар аралык координациялоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен кызмат көрсөтүүлөрдү же айрым жол-жоболорду электрондук (санариптик) форматка өткөрүүнүн мүмкүндүгү жана максатка ылайыктуулугу жагынан милдеттүү макулдашылууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктардын алкагында демилгелөөчү мамлекеттик органдар тарабынан иштелип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен макулдашылуудан жана экспертизадан өтүүсү милдеттүү болуп эсептелет.
Иштеп чыгуучу Регламентте каралган документтерди тапшырбаган учурда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги документтерди кароону токтотуп турат.
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы № 308 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы № 308 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Өткөрүп берилген ыйгарым укуктардын алкагында иштелип чыккан ченемдик укуктук актынын долбоору боюнча аны макулдашуунун жүрүшүндө пайда болгон кайчы пикирлер долбоорду иштеп чыккан мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчиси тарабынан макулдашуу кеңешмесин өткөрүү жолу менен белгиленген тартипте чечилет.
Ченемдик укуктук актынын долбоорунун акыркы редакциясы анын колдонуудагы мыйзамдарга ылайык келиши үчүн жоопкерчиликти долбоорду иштеп чыккан мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетекчиси тартат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу
16. Ченемдик укуктук актынын долбоорун акыркы жолу толуктап иштеп чыгуудан кийин ченем жаратуу ыйгарым укугу өткөрүлүп берилген мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу орган ченемдик укуктук актыны кабыл алат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктардын алкагында кабыл алынган ченемдик укуктук акты аны кабыл алган мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу орган тарабынан катталууга тийиш.
Ченемдик укуктук актыларды каттоо ченемдик укуктук акты кабыл алынган күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде ченемдик укуктук актыларды кагаз жана электрондук түрдө каттоо жөнүндө журналга жана электрондук маалыматтар базасына тийиштүү ыйгарым укук өткөрүлүп берилген ченемдик укуктук актынын түрү жана аталышы, ал кабыл алынган күн, катталган номери көрсөтүлүү менен ишке ашырылат.
Өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктардын алкагында кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды каттоо үчүн мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдын ведомстволук актыларын каттоо журналдарынан өзүнчө толтурулуучу журнал кагаз жана электрондук түрдө ачылат.
Өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктардын алкагында кабыл алынган ченемдик укуктук актыны жокко чыгаруу, күчүн жоготту деп табуу же колдонулушун токтотуп туруу учурунда ченем жаратуу ыйгарым укугу өткөрүлүп берилген мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу орган ченемдик укуктук актыны жокко чыгаруу, күчүн жоготту деп табуу же колдонулушун токтотуп туруу жөнүндө чечим күчүнө кирген күндөн тартып, бир жумуш күндүн ичинде өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктардын алкагында кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды каттоо жөнүндө журналга тийиштүү маалыматтарды киргизет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдар тарабынан өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктардын алкагында кабыл алынган ченемдик укуктук актылар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө" токтомуна ылайык расмий жарыяланууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы № 322, 2019-жылдын 20-июнундагы № 308 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
19. Өткөрүп берилген ченем жаратуучу ыйгарым укуктардын алкагында мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары кабыл алган ченемдик укуктук актылар Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилүүгө тийиш.
Өткөрүп берилген ыйгарым укуктардын алкагында ченемдик укуктук актыны кабыл алган мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы расмий жарыяланган күндөн тартып үч иш күндүн ичинде ченемдик укуктук актынын мамлекеттик жана расмий тилдердеги эки нускадагы копияларын кагаз жана электрондук сактагычта, аталган ченемдик укуктук акты жарыяланган булакты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктардын алкагында кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын көчүрмөлөрү алар күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жиберилет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-августундагы № 448, 2019-жылдын 20-июнундагы № 308 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Корутунду жоболор
21. Ушул Жобонун 5-пунктунда жана 9-пунктунун үчүнчү абзацында каралгандан башка учурларда, өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктардын алкагында кабыл алынган ченемдик укуктук актылар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченем жаратуу ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө ченемдик укуктук актынын колдонулушу токтотулган учурда өзүнүн колдонулушун токтотпойт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык)