Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 5-апрели № 56
Чүй облусунун Аламүдүн, Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын, Ысык-Көл облусунун Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн, 1, 2-пункттарына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндө" Жобого ылайык, өз каалоолору боюнча комиссиялардын курамынан жана резервинен чыгаруу жөнүндө З.О.Токтоболотовдун, Г.М.Мамытованын, Р.Д.Абдысадыкованын, Ж.Ж.Билбаевдин, Л.В.Жукованын, А.С.Сарсенбиеванын, К.Жузомбаеванын, Н.Учкенованын арыздарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- комиссия мүчөлөрүнүн курамынан "Ак-Шам" Жаратман мекенчилер саясий партиясынан Токтоболотов Закир Осмоналиевич, "Замандаш-Современник" саясий партиясынан Абдысадыкова Рахат Джабирхановна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Мамытова Гулайым Мусаевна чыгарылсын.
2. Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- комиссия мүчөлөрүнүн курамынан "Ата-Журт" патриоттук партиясы" саясий партиясынан Билбаев Жаркынбай Жакыпович, "Акшумкар" саясий партиясынан Жукова Людмила Владимировна;
- комиссиянын резервинен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Сарсенбиева Алия Сарсеновна чыгарылсын.
3. Ысык-Көл облусунун Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- комиссиянын резервинен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Жузомбаева Кайыркүл, Учкенова Нуржамал чыгарылсын.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |