Загрузка документа…
| ||
|
| 2-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 10-августундагы № 257-ни буйругуна) |
Көлмө жана бассейндик балык чарбалары үчүн ветеринардык-санитардык ченемдерди пландоого жана буфердик зонанын талаптары
I. Жалпы жоболор
1. Ушул ветеринардык ченемдер жана талаптар көлмөлөрдүн жана бассейндердин, комплекстердин ортосундагы балык өстүрүү чарбаларынын буфердик зоналарды пландаштыруунун талаптарын аныктап жана өнөр жай ишканаларды, мал чарба мал көмүлгөн жайларды, калктуу конуштарды, айыл чарба жерлерин ж.б. түзүүдө талаптарды белгилейт
2. Ушул ветеринардык ченемдер жана талаптар көлмөлөрдө жана бассейндерде балык чарбасын жүргүзгөн, балык чарбалардын менчигинин түрүнө карабастан, ошондой эле мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдү/контролду жүзөгө ашыруучу кызмат адамдарына тиешелүү.
3. Ушул ченемдердин жана талаптардын сакталышын көзөмөлдөө ветеринардык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлгөн.
4. Балык чарбаларында ветеринардык-санитардык иш-чараларды жүргүзүүдө ар кандай түрдөгү чарбалардын жана аквакультура объектилеринин өзгөчөлүктөрү (балык чарбасында өстүрүлгөн балыктын түрлөрү) эске алынат.
II. Көлмөлөрдө жана бассейндерде балык өстүрүүдө чарбалар үчүн жайгаштыруу жана буфердик зоналар боюнча стандарттар жана талаптар
5. Балык чарбаларын жүргүзүүдө суу агымын тосууга, (буга чейин курулган канал, көлмөлөрдү эске албаганда) коргоочу дамбаларды тосуу менен курууга тыюу салынат, гидрографияны, токой плантацияларына, жайыттарга зыян келтирбестен, кыртыштын деградацияланышына жана суу ресурстарынын булганышына жол бербестен, суунун нугун буруу менен гана чарбаны курууга жол берилет.
6. Балык чарбалары аборигендик балыктардын, ошондой эле башка суу организмдеринин жана жаныбарлардын бардык түрлөрүнүн, ошондой эле аквакультура объектилеринин балык чарбаларына (көлмөлөргө, бассейндерге) кирип кетишин алдын алуу боюнча чараларды көрүшү керек.
7. Өнөр жай ишканаларынан, мал чарба комплекстеринен, мал көрүстөндөрүнөн, калктуу конуштардан, айыл чарба багытындагы жерлерден жана башка балык чарбаларынан балык өстүрүүчү чарбаларды бөлүнүү тилкеси болуп, сөзсүз түрдө 100 метр аралыктагы буфердик зона болуусу керек.
8. Карп балыгынын көлмөлөрүнүн чарбаларында урук берүүчү, кыштатуучу, азыктандыруучу жана башка көлмөлөрдү буфердик зонадан 250 метрден жакын курууга жол берилбейт. Буфердик зонанын өзү суу булагына (суу алуучу) булгоочу өнөр жай ишканаларынан, мал чарба комплекстеринен, мал көрүстөндөрдөн, калктуу конуштардан, айыл чарба жерлеринен жана башка балык чарбаларынан 250 м аралыкта алыстатылышы керек.
9. Форель өстүрүүчү көлмөлөрдө жана бассейндик балык өстүрүүчү чарбаларда бардык категориядагы көлмөлөрдү жана бассейндерди буфердик зонадан 450 метрден жакын аралыкта курууга жол берилбейт. Буфердик зонанын өзү суу булагын (суу алуучу) кирдетүүчү өнөр жай ишканаларынан, мал чарба комплекстеринен, мал көрүстөндөрдөн, калктуу конуштардан, айыл чарба жерлеринен жана башка балык чарбаларынан 450 м аралыкка алыстатылышы керек.
10. Форель чарбалары бир суу агымында жайгашкан учурда чарбалардын ортосундагы аралык 500 метрден кем болбошу керек жана чарбадан чыкканда көлмө-тундурма куруу, ошондой эле кум-шагыл чыпкаларын орнотуу сунушталат. Биологиялык чыпкалар болгондо ортосунда балык чарбаларына 100 м аралыкка жол берилет.
11. Балык чарбасында булактардан жана тоо дарыяларынан жайкы көлмөлөргө булганган сууну илинген бөлүкчөлөрдүн массасынан тазалоого (чөгүүгө) же кирип жаткан муздак сууну жылытууга кызмат кылган балык көлмөлөрүнө жана бассейндерге суу алып кетүү үчүн кургатуучу шайман менен жабдылган баш көлмө түзүү сунушталат.
12. Ар бир балык чарбасында сууну тазалоо үчүн чарбанын чыга беришинде жер отстойниги болушу керек. Балык чарбадан сууну агызуу тундургучтун суу агымы боюнча төмөн жайгашкан суу топтоо системасы боюнча ишке ашырылууга тийиш. Ар бир балык чарбасы, чарбадан балыктардын түрлөрүнүн табигый жашоо чөйрөсүнө качып кетпеши үчүн, чыгууда тосмолорду орнотууга милдеттүү.