Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙЫЛ ЧАРБА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2022-жылдын 10-августу № 257-ни
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Балык чарбасы жаатындагы өткөрүлүп берилген ченем жаратуучу ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча
Балык чарба чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны мындан ары өркүндөтүү жана өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына берүү жөнүндө" токтомунун 13-пунктуна ылайык,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Бекитилсин:
- аквакультураны уюштурууга жана башкарууга карата ветеринардык-санитардык стандарттар жана талаптар жөнүндө Жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- көлмө жана бассейндик балык чарбалары үчүн ветеринардык-санитардык ченемдерди пландоого жана буфердик зонанын талаптары жөнүндө Жобо, 2-тиркемеге ылайык;
- товардык балыкты жана балык чабактарын өстүрүү боюнча жаңы балык чарбаларын долбоорлоого жана иштеп жаткан чарбаларды реконструкциялоодо балык өстүрүү жана биологиялык стандарттары жана талаптары жөнүндө Жобо, 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин коомчулук менен байланыштар боюнча бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин расмий веб-сайттарында жарыяланышын камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Балык чарба департаменти буйруктун көчүрмөлөрүн кагаз жана электрондук түрдө, ченемдик укуктук актыны жана контролду жарыялоо булагын көрсөтүү менен, мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын иш башкармасына жөнөтсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министринин орун басары М.К.Байдылдаевге жүктөлсүн.
Министр | А.С.Джаныбеков |