Загрузка документа…
| Тиркеме 1 Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 1-д буйругуна |
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлеринин ведомстволук кийиминин жана айырмалоо белгилеринин сүрөттөлүшү жана кийүү ТАРТИБИ
I. Ведомстволук кийиминин сүрөттөлүшү
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин (мындан ары - Министрлик) кызматкерлеринин ведомстволук формалуу кийими төрт комплекттен турат:
2. Күнүмдүк, талаа жана лаборатордук формалуу кийимдер кийүү мөөнөтү менен:
№ | Предметтердин аталышы | Бир адам үчүн предметтердин саны | Кийүү мөөнөтү |
Күнүмдүк кийим: | |||
1 | Кулакчындуу тумак | 1 даана | 5 жыл |
2 | Фуражка | 1 даана | 4 жыл |
3 | Кепка (пилотка) | 1 даана | 3 жыл |
4 | Кышкы пальто | 1 даана | 5 жыл |
5 | Плащ | 1 даана | 5 жыл |
6 | Жазгы-күзгү күрмө | 1 даана | 5 жыл |
7 | Китель | 1 даана | 4 жыл |
8 | Шым | 2 даана | 4 жыл |
9 | Узун жеңдүү көйнөк | 2 даана | 2 жыл |
10 | Чолок жеңдүү көйнөк | 2 даана | 2 жыл |
11 | Жагоо | 1 даана | 2 жыл |
12 | Моюн орогуч (сатып алынат) | 1 даана | - |
13 | Плащ | 1 даана | 10 жыл |
Талаа кийими (камуфляж): | |||
1 | Бушлат | 1 даана | 5 жыл |
2 | Күрмө | 1 даана | 3 жыл |
3 | Шым | 1 даана | 3 жыл |
4 | Футболка | 2 даана | 2 жыл |
5 | Кончу бийик ботинкалар (жайкы, кышкы) | 2 даана | 3 жыл |
Лаборатордук кийим: | |||
1 | Чепец | 1 даана | 1 жыл |
2 | Халат | 1 даана | 1 жыл |
3 | Кол кап | 1 даана | 1 жыл |
4 | Коргоочу көз айнек | 1 даана | 3 жыл |
3. Пальто эки жакка кымтыланма, денеге кыналып турат, ичине ватин салынган, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн алтын түстүү алты формалык топчуга топчуланат. Жакасы кайырмалуу лацкандары менен, жеңдери кош тигиштүү. Мамлекеттик жарандык кызматтын кенже, улук жана башкы класстык чендери бар жактар үчүн пальто кочкул көк түстөгү драптан тигилет.
Мамлекеттик жарандык кызматтын жогорку жана саясий кызмат орундарынын класстык чендери бар адамдары үчүн пальто боз түстөгү драптан тигилет. Жакасы каракөл, жеңдери тилик, кош тигиштүү, тиликке Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн алтын түстүү кичине өлчөмдөгү экиден топчу кадалган.
Кызматкер аялдар үчүн - пальто денеге жарым-жартылай кынама көрүнүштө, бир жагына кымтыланма, жакасы кайырма, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн төрт формалык топчуга топчуланат.
Мамлекеттик жарандык кызматтын жогорку жана саясий кызмат орундарынын класстык чендери бар кызматкер аялдар үчүн пальто денеге жарым-жартылай кынама көрүнүштө, боз түстөгү кездемеден тигилет, эки жакка кымтыланма, ичине ватин салынган. Жакасы кайырма, жаканын жогорку бөлүгүнө, кайрууларына жана манжеттерине каракөл салынган. Пальто Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн алты формалык топчуга топчуланат.
4. Кышкы бут кийим - өтүк мех менен ичтелген кара булгаарыдан ултарылат, эркектер үчүн кончу кыска жана аялдар үчүн кончу узун жасалат. Кончуна сыдырма салынган.
5. Плащ кочкул көк түстөгү суу өткөрбөс кездемеден тигилет, төрт топчуга ичинен топчулануучу бир жагына кымтыланма, ичилик салынган, тогоо менен курчалуучу куру бар. Жакасы кайырма, кесик каттамдуу кокеткалуу, кыюуланган тилик чөнтөктүү. Учасы кокеткалуу жана тигиш дал ортосунан өтүп, тилик болуп бүтөт. Жеңи кош тигиштүү, уч жагы тигилген жең тарткычтуу, анын бош учтары топчулукка топчуланат.
6. Жазгы-күзгү күрмө кочкул көк түстөгү суу өткөрбөс кездемеден тигилет, бир жагына кымтыланма, каптама жан чөнтөктөрүнүн капкалдырыктары топчуга топчуланат. Төш чөнтөктөрүнө сыдырма салынган. Жакасы кайырма. Топчулугу кайып тигилген бөйрөмчөсүндө, жеңдери бир тигиштүү орнотулма, алды жагы паталуу, ал пластмасса топчуларга топчуланат. Күрмөнүн белинде - көмүскө тартма. Баш чүмбөтүнө жана ичилигине синтепон салынган, топчуларга топчуланат. Жакасына, бөйрөмчөсүнө, жеңдин учтарына, чөнтөктөрүнө жана капкалдырыктарына кооздоочу тигиш салынган.
7. Тумак алкактан, төбөсүнөн жана кептен турат. Алкагы (маңдай кыры, желкеси кулакчындары менен) боз түстөгү каракөлдөн жасалат. Төбөсү төрт талаадан туруп, маңдай кыры жана кулакчындуу желкеси (ич жагы) кочкул көк түстөгү күдөрүдөн тигилет. Кеби кебез салынып ичилигине кабылган бөлүктөр жана тегерек төбөдөн турат.
Аялдар үчүн кочкул көк түстөгү ноотудан тигилген беретка берилет.
8. Моюн орогуч боз жана ак түстөгү жүндөн токулган кездемеден болот.
9. Фуражка көк-жашыл түстөгү баркыт алкактуу кочкул көк кездемеден тигилет, алкагына жана кебине милте бастырылат. Алкагындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн эки кичине топчуга өрүлгөн кош катар боо бекитилип, алкагында алтын түспөлдөнгөн кокарда болот. Маңдай кыры кара, лакталган.
Мамлекеттик жарандык кызматтын жогорку жана саясий кызмат орундарындагы атайын наамдары бар адамдар үчүн алкагындагы маңдай кырынын үстүнө алтын түспөлдөнгөн өрүлгөн боодон башка, симметриялуу жайгашкан эки эмен бутагы түрүндөгү алтын түстүү кооздук да саймаланып салынат. Жайкы фуражка ак же боз түстө болот.
Кызматкер аялдар үчүн фуражканын ордуна ак же кочкул көк түстөгү көк-жашыл милтеси бар тегерек формалуу шапочка (беретка, пилотка) берилет.
10. Бир жагына кымтыланма китель Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн үч топчуга топчуланат, бычылышы денеге жарым-жартылай кынама, түрсүз кездемеден тигилген, учасы тигиштүү жана ичилиги этегине тигилбеген, жакасы кайырма жана жеңи демейдегидей кош тигиштүү. Кителдин беттеме бүгүштүү жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн кичине өлчөмдөгү топчуга топчуланган капкалдырыктуу каптама төш чөнтөктөрү, беттеме бүгүштүү жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн чоңураак өлчөмдөгү топчуга топчуланган капкалдырыктуу каптама жан чөнтөктөрү бар.
Мамлекеттик жарандык кызматтын жогорку жана саясий кызмат орундарындагы класстык чендери барлар үчүн - китель эки жакка кымтыланма, учасынын этеги тилик эмес. Кителдин капкалдырыктуу тилик жан чөнтөктөрү жана тилкелүү тилик төш чөнтөктөрү бар, аялдар үчүн - топчулук сол жагында болот.
Мамлекеттик жарандык кызматтын жогорку жана саясий кызмат орундарындагы класстык чендери барлар үчүн китель кочкул көк түстөгү габардинден тигилет, жакасы жана кайрылган жең учу көк-жашыл түстөгү милте менен кыйылган, милтенин эни 2,5 мм. Кызматкер аялдар үчүн топчулук сол жагында. Мамлекеттик жарандык кызматтын жогорку класстык чендери бар адамдар сур түстөгү китель кийүүгө укуктуу.
Шым багелеги коё берилип, манжетсиз тигилген, мамлекеттик жарандык кызматтын улук жана орто класстык чендери барлар үчүн эни 2,5 мм болгон жашыл түстөгү милте бастырылган. Мамлекеттик жарандык кызматтын жогорку жана саясий кызмат орундарындагы класстык чендери бар адамдар үчүн шымдын милтелеринен 0,5 см аралыкта бүткүл узундугуна формалык шымдын тышкы тигиши боюнча эни 2,2 см болгон көк-жашыл түстөгү тилке бастырылып тигилген.
Кызматкер аялдарга форма шым берилиши мүмкүн.
11. Аялдар үчүн китель жана юбка кочкул-көк түстөгү костюмдук кездемеден тигилет.
Китель Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн эки топчуга сол жагына топчуланат, бычылышы денеге жарым-жартылай кынама, түрсүз кездемеден тигилген, учасы тигиштүү жана ичилиги этегине тигилбеген, жакасы кайырма жана жеңи демейдегидей кош тигиштүү.
Китель Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн төрт топчуга сол жагына топчуланат, эки жакка кымтыланма, учасынын этеги тилик эмес. Кителдин алкакталган тилик жан чөнтөктөрү бар.
Юбка түз, тизеге чейин.
12. Жайкы китель күндө кийилүүчү китель-шымдай эле, болгону ачык боз түстөгү кездемеден тигилет.
13. Жайкы көйнөк көгүш түстөгү кездемеден тигилет, түз, орнотулма кыска жеңдүү, жең учу кайырмалуу, көк жашыл түстөгү милте менен кыюуланган. Төш чөнтөктөрү каптама, "бант" бүгүштүү жана топчуга топчуланган капкалдырыктуу. Жакасы кайырма лацкандары менен, топчулугу белге чейин, көйнөктүн жан чөнтөктөрү тилик болуп, кыюуланган, көйнөктүн юбкасы алды жагында беттеме бүгүштүү, белинде тоголуу куру бар.
14. Жайкы костюм кочкул көк түстүү кездемеден тигилет, орнотулма кыска жеңдүү, денеге жарым-жартылай кынама көрүнүштөгү бир жагына кымтыланма жакеттен турат, кайрылган жең учуна көк-жашыл түстөгү милте бастырылган, топчулугу көрүнбөйт, жакасы кайырма лацкандары менен, алкакталган тилик жан чөнтөктөрү бар, учасы бир тигиштүү, төш чөнтөгү тилик болуп, кыюуланган.
Шым түз, жан чөнтөктөрү бар, кайып тигилген кашатынын каптал тигишине көк-жашыл түстөгү милте бастырылган.
15. Күрмө кочкул көк түстөгү жарым-жартылай жүн кездемеден тигилет, сыдырма салынган тилик жан чөнтөктөрү бар, кайырма жакалуу, бел кур жана ичилик салынган. Өңүрлөрү кокеткалуу, кокеткалар бастыра тигилген тигиштерге капкалдырыктуу жана "беттеме" бүгүштүү каптама чөнтөктөр салынган. Учасы ортосунда тигиши бар кокеткалуу. Жеңи кош тигиштүү, учтарына тилиги бар манжета салынган.
Чөнтөктөрүнүн капкалдырыктары, манжеталар жана бел кур Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн формалык топчуларга топчуланат.
Кызматкер аялдар үчүн күрмөнүн формасы ушундай эле.
16. Сырт көйнөк.
Узун жеңдүү көйнөк ак же көгүлтүр түстөгү кездемеден тигилет, жакасы кайырма, кесик каттамдуу, "беттеме" бүгүштүү жана капкалдырыктуу эки каптама төш чөнтөгү бар, бел кур салынган.
Алды жагы этегине чейин ачык. Учасы кокеткалуу, жеңи тилик жана манжета салынган. Көйнөктүн алды, манжеталары жана бел куру топчуга топчуланат.
Узун жеңдүү көйнөк манжета салынып, көгүлтүр же ак түстөгү кездемеден тигилет, жакасы кайырма, кесик каттамдуу, "беттеме" бугуштуу жана капкалдырыктуу эки каптама төш чөнтөгү бар, пластмасса топчуга топчуланат, топчулугу бөйрөмчөсүндө.
Кыска жеңдүү көйнөк ак же көгүлтүр түстөгү кездемеден тигилет, жакасы кайырма, "беттеме" бүгүштүү жана капкалдырыктуу эки төш чөнтөгү бар, бел кур салынган. Алды жагы этегине чейин ачык.
Учасы кокеткалуу. Көйнөктүн алды, капкалдырыктар жана бел кур топчуга топчуланат.
Мамлекеттик жарандык кызматтын жогорку жана саясий кызмат орундарындагы класстык чендери бар адамдар үчүн көйнөктүн бел куру резинкага бекитилет.
Кыска жеңдүү көйнөк көгүлтүр же ак түстөгү кездемеден тигилет, жакасы кайырма, кесик каттамдуу, "беттеме" бүгүштүү жана капкалдырыктуу эки каптама төш чөнтөгү бар, пластмасса топчуга топчуланат, топчулугу бөйрөмчөсүндө.
Кызматкер аялдар үчүн сол жагына топчуланат.
17. Жагоо кочкул көк же кара түстөгү жибек кездемеден жасалат, чоюлган трапеция түрүндөгү негизги бөлүктөн туруп, учтуу болуп бүтөт.
18. Туфли кара же каралжын күрөң түстө болот.
Мамлекеттик жарандык кызматтын жогорку жана саясий кызмат орундарындагы класстык чендери бар адамдар үчүн булгаары таман салынып шаврадан; мамлекеттик жарандык кызматтын улук жана кенже класстык чендери бар калган адамдар үчүн резина таман салынып, хромдон жасалат.
Кызматкер аялдар үчүн туфли накта булгаарыдан, кара түстөгү анча бийик эмес такасы бар моделдүү жасалат.
19. Бийик кончтуу батинке (кончу кыска өтүк) талаа формасы үчүн боосу менен кара түстө болот.
II. Айырмалоо белгилеринин сүрөттөлүшү
20. Баш кийимдеги кокарда алтын түстөгү томпойгон сүйрү розетка түрүндө металлдан туташ куюлуп жасалат, дал ортосуна Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин символика белгисинин элементтери жайгашкан, символика белгисинин алкагынан кокарданын четтерине чейин гофрирленген бетке ээ.
Кокарданын арт жагынын дал ортосуна - аны баш кийимге бекитүү үчүн бекиткич жасалат.
Мамлекеттик жарандык кызматтын жогорку курамдагы класстык чендери бар адамдар үчүн кокарда алтын түстүү жип менен саймаланат.
21. Кепке кадалуучу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөттөлүшү жүн кездемеден жасалат жана белгиленген үлгүдөгү тегерек формада болот.
22. Эмблема алтын түстүү, металлдан туташ куюлуп жасалат. Тегерек түрүндөгү рельефтүү контурду элестетет, контурдун дал ортосуна Министрликтин эмблемасы жайгаштырылган.
23. Төш белги кызыл түстөгү боёктуу элементи бар алюминийден жасалат, тегерек сфера (томпок) түрүндөгү формада жана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкеринин жекече номери болот.
24. Жеңдеги белги кителдин, пальтонун же көйнөктүн жеңине тигүү үчүн ачык жашыл-жашыл, ак жана көгүлтүр түстөгү кебез кездемеден жасалат, тиешелүү түрдө ага шелкография жолу менен сүрөттөлүш түшүрүлөт.
25. Топчулар металлдан жасалып, алтын түстө, чөйчөкчөдөн, түпчөдөн, көзөнөктөн же бекиткич илмектен турат.
Үстүңкү бет жагы томпок, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин рельефтүү сүрөтү түшүрүлгөн.
Топчунун диаметри 14 жана 22 мм.
Топчуну сары, каралжын жашыл жана ачык жашыл-жашыл түстөгү пластмассадан жасоого жол берилет.
26. Ийинге тагылма погондор пальтого, плащка, кителге, күрмөгө жана көйнөккө кадалат. Погон жумшагыраак келип, жарыш кеткен узун жактары бар чоюлган алты бурчтук түрүндө болот, анын төмөнкү учу тик бурчтуу, ал эми жогорку учу кесик жагынан кең бурч болуп бүтүп, төмөнкү четине жарыш кетет.
Погондун узундугу 12-16 см, мамлекеттик жарандык кызматтын жогорку жана саясий кызмат орундарындагы класстык чендери бар адамдар үчүн погондун эни - 5,5 см, мамлекеттик жарандык кызматтын башкыдан кенже кызмат орундарына чейинки класстык чендери бар адамдар үчүн - 4-5,5 см. Погондун четтери, төмөн жагынан башкасы көк-жашыл түстөгү нооту менен милтеленет, милтенин эни - 2,5 мм.
Тигилме погондор пальтого, плащка, кителге кадалат. Чыгарып коймо погондор костюмга, көйнөктөргө, күрмөгө тагылат. Погондор кочкул көк түстө, ал эми ак түстөгү көйнөккө - күмүш түстө же ак түстө болот.
27. Мамлекеттик жарандык кызматтын жогорку кызмат орундарынын погондору өзгөчө токулган көк түстөгү волокадан даярдалат, жарык чагылдырбайт, нооту менен капталган.
Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчисинин класстык чени бар мамлекеттик жарандык кызматкеринин погонунун талаачасына алтын түспөл металл жип менен кооздолгон диаметри 25 мм болгон беш бурчтуу 3 жылдызча тигилет.
Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчисинин класстык чени бар мамлекеттик жарандык кызматкеринин погонунун талаачасына алтын түспөл металл жип менен кооздолгон диаметри 25 мм болгон беш бурчтуу 2 жылдызча тигилет.
Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчисинин класстык чени бар мамлекеттик жарандык кызматкеринин погонунун талаачасына алтын түспөл металл жип менен кооздолгон диаметри 25 мм болгон беш бурчтуу 1 жылдызча тигилет.
28. Мамлекеттик жарандык кызматтын башкы кызмат орундарынын погондору өзгөчө токулган көк түстөгү волокадан даярдалат, жарык чагылдырбайт, нооту менен капталган.
Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчисинин класстык чени бар мамлекеттик жарандык кызматкерлеринин погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 25 мм болгон алтын түстөгү беш бурчтуу томпок 3 жылдызча тигилет.
Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчисинин класстык чени бар мамлекеттик жарандык кызматкерлеринин погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 25 мм болгон алтын түстөгү беш бурчтуу томпок 2 жылдызча тигилет.
Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчисинин класстык чени бар мамлекеттик инспекторунун погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 25 мм болгон алтын түстөгү беш бурчтуу томпок 1 жылдызча тигилет.
29. Мамлекеттик жарандык кызматтын кенже жана улук кызмат орундарынын погондору нооту капталган кочкул-көк түстөгү волокадан даярдалат. Погондордо ачык жашыл түстөгү бир жарык чагылдыргыч тилке бар.
Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы инспекторунун класстык чени бар мамлекеттик жарандык кызматкерлеринин погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 13 мм болгон алтын түстөгү 4 жылдызча бекитилет.
Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы инспекторунун класстык чени бар мамлекеттик жарандык кызматкерлеринин погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 13 мм болгон алтын түстөгү 3 жылдызча бекитилет.
Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспекторунун класстык чени бар мамлекеттик жарандык кызматкерлеринин погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 13 мм болгон алтын түстөгү 2 жылдызча бекитилет.
Мамлекеттик кызматтын кенже инспекторунун класстык чени бар мамлекеттик жарандык кызматкерлеринин погонунун талаачасына металлдан туташ жасалган диаметри 13 мм болгон алтын түстөгү 1 жылдызча бекитилет.
Мамлекеттик жарандык кызматтын жогорку, улук, орто курамдагы класстык чендери бар адамдар үчүн параддык погондор алтын түстүү волокадан жасалат.
Погондордогу жылдызчалар аскер кызматчыларынын погондорундагы жылдызчалардын жайгашуусуна окшош жайгаштырылат.