Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫ, ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2022-жылдын 29-июлу № 1д
Кызматкерлеринин ведомстволук кийими, айырмалоо белгилери жөнүндө
"Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530, "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 263 токтомдоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин (мындан ары - Министрлик) мамлекеттик кызматкерлерин ведомстволук формалуу кийимин кийүүнү тартипке келтирүү максатында,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Министрликтин кызматкерлеринин ведомстволук формалуу кийиминин жана айырмалоо белгилеринин сүрөттөлүшү жана кийүү Тартиби 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кадрлар бөлүмү ушул буйрукту Министрликтин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилерине маалымат катары жеткирсин.
3. Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери бул буйрукту иш үчүн жана жетекчиликке алсын
4. Ченемдик-укуктук камсыздоо башкармалыгына:
- буйрукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын расмий жарыялоо булактары жөнүндө" токтомуна ылайык расмий жарыялоо боюнча иш-чараларды уюштурсун;
- буйрукту расмий жарыяланган күндөн тартып үч күн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилинде, эки нускада кагаз жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн, жарыяланган булактарын көрсөтүү менен жөнөтсүн.
5. Буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы министрдин орун басары К.У.Касейиновго жүктөлсүн.
Министр | Д.А.Кутманова |