Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2022-жылдын 17-ноябры № 1-н
«Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин чет өлкөдө узак иш сапарда жүргөн кызматкерине кошумча акчалай камсыздоо төлөнбөй турган өзгөчө учурлардын тизмесин бекитүү жөнүндө»
«Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 3-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүлүп берилүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 12-пунктун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №113 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобонун 13-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин чет өлкөдө узак иш сапарда жүргөн кызматкерине кошумча акчалай камсыздоо төлөнбөй турган өзгөчө учурлардын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кадрдык саясат бөлүмү:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтомуна ылайык бул буйруктун жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат иретинде жөнөтсүн.
3. Санариптештирүү, документтер менен камсыздоо жана көзөмөлдөө департаменти:
Ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын бардык чет өлкөлөрдөгү мекемелерине жеткирсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин тейлеген багыты боюнча орун басарына жүктөлсүн.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр | Ж.М. Кулубаев |
Бекитилди
Кыргыз Республикасынын
Тышкы иштер министрлигинин
буйругу
2022-жылдын «17» ноябрындагы № 1-н
Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин чет өлкөдө узак иш сапарда жүргөн кызматкерине кошумча акчалай камсыздоо төлөнбөй турган өзгөчө учурлардын
ТИЗМЕСИ
1. Ушул Тизме Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин чет өлкөдө узак иш сапарда (мындан ары – ЧУИ) жүргөн кызматкерине кошумча акчалай камсыздоо төлөнбөй турган өзгөчө учурларды, ошондой эле келген өлкөдө аны менен бирге жубайы жашаган учурда кошумча акчалай камсыздоо төлөө тартибин белгилейт.
2. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин ЧУИде жүргөн кызматкерине (мындан ары – кызматкер) келген өлкөдө аны менен бирге жубайы жашаган учурда анын ай сайын төлөнүүчү акчалай камсыздоосунан 30 пайыз өлчөмүндө ай сайын кошумча акчалай камсыздоо төлөнөт.
3. Жубайынын келген өлкөгө (өлкөдөн) келүү/чыгуу фактысы жубайынын паспортундагы келген өлкөнүн мамлекеттик чек арасын кесип өткөндүгү жөнүндө белги менен (кирүү/чыгуу) тастыкталат.
4.Төмөнкү учурларда кызматкерге анын ай сайын төлөнүүчү акчалай камсыздоосунан 30 пайызы өлчөмүндөгү кошумча акчалай камсыздоо төлөнбөйт:
- келген өлкөдө жубайы жок болгон учурда;
- жубайы чет мамлекеттин жараны болгон учурда;
- келген өлкөнүн аймагынан жубайы менен бирге чыккан учурда;
- үчүнчү өлкөдө аккредитациялануу жана айкалыштыруу үчүн чет өлкөдөгү мекеменин жетекчисинин акчалай камсыздоосуна кошумча белгиленген төлөмгө;
- ишти айкалыштыруу үчүн төлөнүүчү акчалай камсыздоого
- чегерилген өргүү жана компенсациялык төлөмдөргө.
5. Кызматкерге 30 % өлчөмүндөгү кошумча акчалай камсыздоону чегерүү чет өлкөдөгү мекеменин башкы адиси же башкы адистин милдетин аткаруу жүктөлгөн башка адам тарабынан жүргүзүлөт.
Башкы адис кызмат орду башка чет өлкөдөгү мекеменин башкы адиси тарабынан айкалыштырылса же вакант (бош) болсо, жубайынын келген өлкөгө келүүсүн алгачкы жолу каттоо жана келген өлкөдө жубайынын болуусун андан ары контролдоо милдети чет өлкөдөгү мекеменин жетекчисинин буйругу менен чет өлкөдөгү мекеменин кызматкерлеринин жумуш убактысын каттоо табелин жүргүзгөн кызматкерге жүктөлөт.
6. 30 % өлчөмүндөгү кошумча акчалай камсыздоо алуу үчүн чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери башкы адиске төмөнкү документтерди көрсөтүүсү зарыл:
- кызматкерди ЧУИге дайындоо жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн;
- жубайынын келген өлкөнүн мамлекеттик чек арасын кесип өткөндүгү жөнүндө белгиси менен дипломатиялык, кызматтык же жалпы жарандык паспортунун көчүрмөсүн.
7. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин жетекчиси ушул Тизменин ченемдеринин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.