Загрузка документа…
| 1-тиркеме
7-тиркеме Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2022-жылдын 5-декабрындагы № 207 буйругу менен бекитилген |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти
«Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинде белгиленген учурларды кошпогондо «бирдиктүү терезе» принциби боюнча катталган юридикалык жакка, филиалга (өкүлчүлүккө) күбөлүк берүү.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын берүүнүн алкагында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген № 93 Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 4-главасы каттоо, маалымкат, күбөлүк жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана дубликаттарын берүү кызмат көрсөтүүлөрү).
1. Жалпы жоболор
1. Бул мамлекеттик кызмат көрсөтүү:
- саясий партияларды, алардын филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) мамлекеттик каттоо/кайра каттоо боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын Юридикалык жактарды каттоо башкармалыгы (мындан ары – Башкармалык);
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмдөрү (мындан ары – аймактык бөлүмдөр) тарабынан жүргүзүлөт.
2. Бул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тиешелүү стандартынын талаптарына шайкеш келет.
3. Кызмат көрсөтүү стандарттарында берилген негизги параметрлер:
1) Кызматты берүүнүн жалпы убактысы:
- 10 календардык күн - финансылык-кредиттик мекемелер, коммерциялык эмес уюмдар, ошондой эле финансылык-кредиттик мекемелердин, чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) үчүн;
- 30 календардык күн -саясий партиялар, алардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) үчүн;
- 3 жумушчу күн – калган юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) үчүн;
2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:
Коммерциялык уюмдарды мамлекеттик каттоо үчүн:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген форма боюнча каттоо арызы;
- юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюмдаштыруучунун (уюмдаштыруучулардын) чечими;
- башка юридикалык жактын уюмдаштыруучусу катары чыккан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча катталган юридикалык жак мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн кошумча берет;
- башка юридикалык жактын уюмдаштыруучусу катары чыккан чет өлкөлүк юридикалык жак өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча иштеп жаткан юридикалык жак экендигин күбөлөндүргөн мамлекеттик реестрден легалдаштырылган көчүрмөнү же башка документти кошумча берет;
- юридикалык жактын уюмдаштыруучусу (катышуучусу) катары чыккан жеке жак паспорттун же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын өздүгүн күбөлөндүргөн документ катары таанылган башка документтин көчүрмөсүн каттоочу органга кошумча берет;
- юридикалык жактын жетекчиси катары чыккан жеке жак паспорттун же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын өздүгүн күбөлөндүргөн документ катары таанылган башка документтин көчүрмөсүн каттоочу органга кошумча берет.
Коммерциялык эмес уюмдарды мамлекеттик каттоо үчүн:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген форма боюнча каттоо арызы;
- коммерциялык эмес уюмду түзүү, уставын бекитүү жана коммерциялык эмес уюмдун башкаруу органдарын түзүү жөнүндө чечим;
- коммерциялык эмес уюмдун жетекчисинин колу коюлган уставды эки нускада;
- коммерциялык эмес уюмдун башкаруу органынын мүчөлөрүнүн тизмесин фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган жылын, шайлануучу кызмат ордун көрсөтүү менен;
- коммерциялык эмес уюмду түзгөн уюмдаштыруучулардын же демилгечи-жарандардын тизмесин (турак жайлардын менчик ээлеринин шериктештиги үчүн) фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган жылын жана дарегин көрсөтүү менен;
- башка юридикалык жактын уюмдаштыруучусу катары чыккан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча катталган юридикалык жак мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн кошумча берет;
- башка юридикалык жактын уюмдаштыруучусу катары чыккан чет өлкөлүк юридикалык жак мамлекеттик реестрден легалдаштырылган көчүрмөнү же өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча иштеп жаткан юридикалык жак экендигин күбөлөндүргөн башка документти кошумча берет;
- юридикалык жактын уюмдаштыруучусу (катышуучусу) катары чыккан жеке жак паспорттун же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын өздүгүн күбөлөндүргөн документ катары таанылган башка документтин көчүрмөсүн каттоочу органга кошумча берет (коомдук бирикмелердин, турак-жай менчик ээлеринин шериктештигинин, диний уюмдардын, саясий партиялардын, профсоюздук уюмдардын уюмдаштыруучуларын кошпогондо);
- юридикалык жактын жетекчиси катары чыккан жеке жак паспорттун же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын өздүгүн күбөлөндүргөн документ катары таанылган башка документтин көчүрмөсүн каттоочу органга кошумча берет;
- юридикалык жактардын бирикмелерин (ассоциация, бирикмелер) мамлекеттик каттоодо каттоо арызына анын бардык уюмдаштыруучуларынын өкүлдөрүнүн колу коюлган уюмдаштыруучу келишим эки нускада тиркелет;
- саясий партияны мамлекеттик каттоодо каттоо арызына саясий партиянын бекитилген программасы тиркелет;
- диний уюмду мамлекеттик каттоодо каттоо арызына дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда диний уюмдун эсепке алуу каттоосун тастыктаган документтин көчүрмөсү тиркелет;
- турак жай менчик ээлеринин шериктештиктерин мамлекеттик каттоодо каттоо арызына анын менчик укугундагы жайларга тиешелүү укукту белгилөөчү документтердин реквизиттерин жана турак жай менчик ээлеринин уюмдаштыруучу чогулушуна катышкандардын фамилиясын, атын, атасынын атын жана дарегин көрсөтүү менен көп батирлүү үйдүн турак жана турак эмес жайларынын ээлеринин тизмеси тиркелет.
- кредиторлор болгон учурда, кайра уюштурууга байланыштуу юридикалык жакты мамлекеттик каттоо үчүн документтерди берүүдөн эки ай мурда керектөөчү кредиторлор тарабынан айтылган дооматтардын мөөнөтүн көрсөтүү менен юридикалык жакты кайра уюштуруу жөнүндө билдирүүнү каттоочу органга жиберет.
Кредиторлор болбогон учурда каттоочу органга кайра уюшулган юридикалык жактын жетекчисинин колу коюлган, кредиторлордун болбогондугу жөнүндө кепилдик кат берилет. Билдирүүнүн формасы каттоочу орган тарабынан аныкталат.
Финансылык-кредиттик мекемелерди мамлекеттик каттоо үчүн:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген форма боюнча каттоо арызы;
- финансылык-кредиттик мекеменин башкаруу органдарын түзүү жана уюмдаштыруучу документтерин бекитүү жөнүндө уюмдаштыруучунун (уюмдаштыруучулардын) чечимин;
- финансылык-кредиттик мекеменин жетекчисинин колу коюлган уставды эки нускада;
- бардык уюмдаштыруучулардын колу коюлган финансылык-кредиттик мекеменин уюмдаштыруучу келишими эки нускада;
- Улуттук банктын же анын аймактык бөлүмүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу;
- башка юридикалык жактын уюмдаштыруучусу катары чыккан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча катталган юридикалык жак мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн кошумча берет;
- башка юридикалык жактын уюмдаштыруучусу катары чыккан чет өлкөлүк юридикалык жак мамлекеттик реестрден легалдаштырылган көчүрмөнү же өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча иштеп жаткан юридикалык жак экендигин күбөлөндүргөн башка документти кошумча берет;
- юридикалык жактын уюмдаштыруучусу (катышуучусу) катары чыккан жеке жак паспорттун же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын өздүгүн күбөлөндүргөн документ катары таанылган башка документтин көчүрмөсүн каттоочу органга кошумча берет;
- юридикалык жактын жетекчиси катары чыккан жеке жак паспорттун же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын өздүгүн күбөлөндүргөн документ катары таанылган башка документтин көчүрмөсүн каттоочу органга кошумча берет.
Мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын мамлекеттик каттоо үчүн:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген форма боюнча каттоо арызы;
- анын негизинде мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган түзүлгөн укуктук актыны;
- мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө жобо (устав) эки нускада;
- жетекчини тандоо же дайындоо жөнүндө укуктук акт;
- башка юридикалык жактын уюмдаштыруучусу катары чыккан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча катталган юридикалык жак мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн кошумча берет;
- юридикалык жактын жетекчиси катары чыккан жеке жак паспорттун же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын өздүгүн күбөлөндүргөн документ катары таанылган башка документтин көчүрмөсүн каттоочу органга кошумча берет.
Филиалды, (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо үчүн:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген форма боюнча каттоо арызы;
- филиалды, (өкүлчүлүктү) түзүү жөнүндө юридикалык жактын органынын чечими;
- филиалды (өкүлчүлүктү) түзүп жаткан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча катталган юридикалык жак, мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн кошумча берет;
- филиалды, (өкүлчүлүктү) түзүп жаткан чет өлкөлүк юридикалык жак мамлекеттик реестрден легалдаштырылган көчүрмөнү же өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча иштеп жаткан юридикалык жак экендигин күбөлөндүргөн башка документти кошумча берет;
- филиалдын (өкүлчүлүктүн) жетекчиси катары чыккан жеке жак паспорттун же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын өздүгүн күбөлөндүргөн документ катары таанылган башка документтин көчүрмөсүн каттоочу органга кошумча берет.
Финансылык-кредиттик мекемелердин, чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалын (өкүлчүлүгүн) мамлекеттик каттоо үчүн:
- филиал (өкүлчүлүк) жөнүндө бекитилген жобо эки нускада;
- филиалды (өкүлчүлүктү) түзүү жөнүндө чечим кабыл алган финансылык-кредиттик мекеменин, чет өлкөлүк же эл аралык уюмдун уюмдаштыруучу документтеринин көчүрмөсү.
Саясий партиялардын филиалын (өкүлчүлүгүн) мамлекеттик каттоо үчүн:
- фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, дарегин жана саясий партияга мүчөлүккө кабыл алынган датасын көрсөтүү менен саясий партиянын тиешелүү филиалында (өкүлчүлүгүндө) турган мүчөлөрүнүн тизмесин.
Юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоо үчүн:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген форма боюнча каттоо арызы;
- юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечим;
- мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктү;
- эгерде мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктө СИН көрсөтүлбөгөн учурда - салык төлөөчүнүн каттоо карточкасынын көчүрмөсүн же ал жоголгон (бузулган) учурда - кайра катталып жаткан юридикалык жактын СИНи көрсөтүлгөн салык органынын маалымкатын;
- үлүштү өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу (катышуучу (катышуучулар) өзүнүн үлүшүн ээликтен чыгаруу же катышуучунун (катышуучулардын) үлүшүнүн өлчөмүн өзгөртүү менен чыгып кеткендигине байланыштуу чарбалык шериктештикти жана коомду (акционердик коомду кошпогондо) мамлекеттик кайра каттоо учурунда);
- чыгуу жөнүндө арыз (катышуучу (катышуучулар) өзүнүн үлүшүн ээликтен чыгарбастан чыгып кеткендигине байланыштуу чарбалык шериктештикти жана коомду (акционердик коомду кошпогондо) мамлекеттик кайра каттоо учурунда);
- чыгуу жөнүндө арыз (катышуучу (катышуучулар) уюмдаштыруучулардын (катышуучулардын) курамынан чыгып кеткендигине байланыштуу коомдук фондду, мекемени же топтолмо пенсиялык фондду кайра каттоо учурунда);
- жаңы катышуучуну (катышуучуларды) киргизүү жөнүндө чечим (уюмдаштыруучуну (катышуучуну) уюмдаштыруучулардын (катышуучулардын) курамына киргизүүгө байланыштуу коомдук фондду, мекемени же топтолмо пенсиялык фондду кайра каттоо учурунда);
- мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк же болбосо анын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (чарбалык шериктештиктин жана коомдун (акционердик коомду кошпогондо) уюмдаштыруучуларынын (катышуучуларынын) курамына жеке жактын мураскери (мураскерлери) кирген учурда);
- мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими (коомдук фондду, мекемени, топтолмо пенсиялык фондду чарбалык шериктештиктин жана коомдун (акционердик коомду кошпогондо) уюмдаштыруучуларынын (катышуучуларынын) курамынан уюмдаштыруучуну (катышуучуну) чыгарып салууда);
- уставдык капиталдын (пайлык фонддун) өлчөмүнүн азайгандыгына байланыштуу мамлекеттик кайра каттоодо, чарбалык шериктиктер жана коомдор, кооператив бул жөнүндө бардык кредит берүүчүлөрдү жазуу жүзүндө тастыктаган документтерди берет. Ал болбогон учурда юридикалык жак жетекчисинин колу коюлган кредит берүүчүлөрдүн жоктугу боюнча кепилдик катты берүүгө тийиш;
- фирмалык аталышынын өзгөрүшүнө байланыштуу мамлекеттик кайра каттоодо, юридикалык жак мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө күбөлүктү алуудан мурдагы фирмалык баштапкы аталыштагы мөөрлөрдү жана (же) штамптарды өткөргөндүгү жөнүндө ички иштер органынын маалымкатын берүүгө милдеттүү;
- финансылык-кредиттик мекемелердин, коммерциялык эмес уюмдардын уюмдаштыруучу документтери жоголгон (бузулган) учурда каттоочу органдын расмий сайтына 5 жумушчу күндүн ичинде жарыяланууга тийиш болгон билдирүү берилет.
- мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк, юридикалык жактын мөөрү жана (же) штампы жоголгон (бузулган) учурда каттоочу органдын расмий сайтына 5 жумушчу күндүн ичинде жарыяланууга тийиш болгон билдирүү берилет;
- юридикалык жактын кайра уюшулгандыгына (кошулуу, бөлүнүү, кайра түзүлүү) байланыштуу мамлекеттик каттоодо каттоочу органга өткөрүп берүү актысы же бөлүштүрүү балансы берилет, анда тараптар ортосундагы талаш-тартыштуу милдеттенмелерди кошкондо анын бардык кредиторлоруна жана карыз төлөөчүлөрүнө карата кайра уюшулган юридикалык жактын бардык милдеттенмелери боюнча укук мураскорлугу жөнүндө жободо камтылууга тийиш;
- кредиторлор болгон учурда, кайра уюштурууга байланыштуу юридикалык жакты мамлекеттик каттоо үчүн документтерди берүүдөн эки ай мурда керектөөчү кредиторлор тарабынан айтылган дооматтардын мөөнөтүн көрсөтүү менен юридикалык жакты кайра уюштуруу жөнүндө билдирүүнү каттоочу органга жиберүүгө милдеттүү. Кредиторлор болбогон учурда каттоочу органга кайра уюшулган юридикалык жактын жетекчисинин колу коюлган кредиторлордун болбогондугу жөнүндө кепилдик кат берилет. Билдирүүнүн формасы каттоочу орган тарабынан аныкталат.
- мамлекеттик кайра каттоо жол-жобосунан өтүп жаткан 1997-жылдын 1-январына чейин катталган (кайра катталган) жана мамлекеттик реестрге киргизилбеген юридикалык жактар, мамлекеттик статистика органдары тарабынан берилген юридикалык жак жөнүндө маалыматты камтыган документти кошумча берет.
Ошондой эле мамлекеттик монополияга каршы органдын жазуу жүзүндөгү макулдугу төмөнкү учурларда талап кылынат:
- табигый монополия субъекттерин кайра уюштуруу жана кайра каттоо;
- эгер бул басымдуулук кылган абалдагы чарба субъекттинин (алардын бирикмелеринин) пайда болушуна алып келсе кайра уюштуруу (кошулуу, биригүү, кайра түзүү);
- эгер бул басымдуулук кылган абалдагы чарба субъекттинин пайда болушуна алып келсе кошулуу жана биригүү.
Финансылык-кредиттик мекемелер жана коммерциялык эмес уюмдар төмөнкүлөрдү кошумча берет:
- баштапкы уюмдаштыруучу документтерди;
- жаңы редакциядагы уюмдаштыруучу документтер эки нускада же киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен;
- Улуттук банктын же анын аймактык бөлүмүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу;
- юридикалык жактардын бирикмелерин мамлекеттик кайра каттоодо (ассоциация, союз) каттоо арызына анын бардык уюмдаштыруучуларынын өкүлдөрүнүн колу коюлган уюмдаштыруучу келишим эки нускада тиркелет;
- диний уюмду мамлекеттик кайра каттоодо каттоо арызына дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда диний уюмдун эсепке алынып катталгандыгын (кайра катталгандыгын) тастыктаган документтин көчүрмөсү кошо тиркелет.
Филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик кайра каттоо үчүн:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген форма боюнча каттоо арызы;
- филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө юридикалык жактын органынын чечимин;
- филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү;
- эгерде мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктө СИН көрсөтүлбөгөн учурда - салык төлөөчүнүн каттоо карточкасынын көчүрмөсүн же ал жоголгон учурда (бузулган) - кайра катталып жаткан филиалдын ССИНы көрсөтүлгөн салык органынын маалымкатын;
- фирмалык аталышынын өзгөрүшүнө байланыштуу мамлекеттик кайра каттоодо филиал (өкүлчүлүк) мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө күбөлүктү алуудан мурда баштапкы фирмалык аталыштагы мөөрлөрдү жана (же) штамптарды өткөргөндүгү жөнүндө ички иштер органынын маалымкатын берүүгө милдеттүү;
- финансылык-кредиттик мекемелердин, коммерциялык эмес уюмдардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн уюмдаштыруучу документтери жоголгон (бузулган) учурда каттоочу органдын расмий сайтына 5 жумушчу күндүн ичинде жарыяланууга тийиш болгон билдирүү берилет.
- мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) мөөрү жана (же) штампы жоголгон (бузулган) учурда каттоочу органдын расмий сайтына 5 жумушчу күндүн ичинде жарыяланууга тийиш болгон билдирүү берилет;
- мамлекеттик кайра каттоо жол-жобосунан өтүп жаткан 1997-жылдын 1-январына чейин катталган (кайра катталган) жана мамлекеттик реестрге киргизилбеген филиалдар (өкүлчүлүктөр) мамлекеттик статистика органдары тарабынан берилген филиал (өкүлчүлүк) жөнүндө маалыматты камтыган документти кошумча берет.
Финансылык-кредиттик мекемелердин, чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) төмөнкүлөрдү кошумча берет:
- баштапкы жобону;
- киргизилген өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен же болбосо жаңы редакциядагы эки нускадагы жобону;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын же анын аймактык бөлүмүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугун;
- финансылык-кредиттик мекемелердин, чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) уюмдаштыруучу документтери жоголгон (бузулган) учурда каттоочу органдын расмий сайтына 5 иш күндүн ичинде жарыяланууга тийиш болгон билдирүү берилет.
Саясий партиялардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) төмөнкүлөрдү кошумча берет:
- саясий партиянын тиешелүү филиалында (өкүлчүлүгүндө) турган саясий партиянын мүчөлөрүнүн тизмеси, мында аты-жөнү, туулган жылы, дареги жана саясий партиянын мүчөлүгүнө кабыл алынган датасын көрсөтүү менен.
Жалпы документтер:
- ишеним кат (эгер керектөөчү ишеним каттын негизинде иштесе);
- паспорттун же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык керектөөчүнүн өздүгүн күбөлөндүргөн документ катары таанылган башка документтин көчүрмөсүн каттоочу органга кошумча берет;
3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы: прейскурант Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибине ылайык белгиленген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан берилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифи Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органы менен макулдашылган Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилген.
4) Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы: Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк.
2. Кызмат көрсөтүүнү берүү процессинде аткарылган жол-жоболордун тизмеси
4. Кызмат көрсөтүү төмөнкү жол-жоболорду камтыйт:
1-таблица
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Каттоо үчүн документтер менен юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана каттоо (Уюштуруу-башкаруу жол-жобосу) | Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жүргүзүлбөйт |
2 | Арызды аткаруучуга берүү (Уюштуруу-башкаруу жол-жобосу) | Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жүргүзүлбөйт |
3 | Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө арызды кароо жана берилген документтерди экспертизалоо/долбоорду даярдоо (документтердин/юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) каттого (кайра катоого) чечимдердин долбоорун даярдоо (Административдик жол-жобо) | Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жүргүзүлөт |
4 | Арыз берүүчүгө юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү берүү (Уюштуруу-башкаруу жол-жобосу) | Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жүргүзүлбөйт |
5 | Документтердин тизимин түзүү жана делолорду архивге берүү (Уюштуруу-башкаруу жол-жобосу) | Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жүргүзүлбөйт |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок схемасы
5. Кызмат көрсөтүүлөрдү берүүдө аткарылган жол-жоболордун логикалык тартиби төмөнкү блок схемада берилген.
4. Жол-жоболорду баяндоо жана алардын мүнөздөмөсү
2-таблица
Жол-жобонун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттердин узактыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ | Иш-аракеттин натыйжасы |
| ||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
| ||||||||
1-жол-жобо: «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча катталган (кайра катталган) юридикалык жакка, филиалга (өкүлчүлүккө) күбөлүк берүү жөнүндө арызды кабыл алуу жана каттоо |
| ||||||||||||
1.1-иш-аракет Арызды кабыл алуу | Башкармалыктын инженери/ жетекчинин катчысы, аймактык бөлүмдүн адиси | 1 мүнөт | 1. Кызматтык нускама 2. Башкармалык/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3. Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Арыз кабыл алынды |
| ||||||||
1.2-иш-аракет Тиркелген документтердин тизмесин текшерүү | 1 мүнөт | Тиркелген документтердин тизмеси текшерилди |
| ||||||||||
1.3-иш-аракет Арызды Башкармалыктын электрондук документ жүгүртүү системасы базасында «СЭД» автоматташтырылган маалыматтык системасында (мындан ары – СЭД) форматында каттоо | Башкармалыктын инженери | 1 мүнөт | 1. Кызматтык нускама 2. Башкармалык/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3. Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Арыз Башкармалыктын документ жүгүртүүнүн электрондук базасында СЭД форматында катталды
|
| ||||||||
1.4-иш-аракет Кызмат көрсөтүүнүн аткаруучусун дайындоо | Башкармалыкта документтер алардын келип түшүүсүнө жараша автоматтык түрдө жазылат /аймактык бөлүмдүн жетекчиси | 1 мүнөт | 1. Кызматтык нускама 2. Башкармалык/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Аткаруучу дайындалды |
| ||||||||
1.5-иш-аракет Арызды документ жүгүртүүнүн электрондук базасында «СЭД» каттоо | Иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо башкармалыгынын адиси/ жетекчинин катчысы, аймактык бөлүмдүн адиси | 1 мүнөт | 1. Кызматтык нускама 2. Иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо башкармалыгы/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Арыз СЭД документ жүгүртүүнүн электрондук базасында катталды |
| ||||||||
1.6-иш-аракет Арызды «СЭД» менен кириш корреспонденцияны алуу журналына жазуу аркылуу башкармалыкка/ аймактык бөлүмдүн жетекчисине берүү | 1 мүнөт | Арыз башкармалыкка/ аймактык бөлүмдүн жетекчисине келип түштү |
| ||||||||||
1-жол-жобонун натыйжасы: Арыздын башкармалыкка/аймактык бөлүмдүн жетекчисине келип түшүүсү |
| ||||||||||||
1-жол-жобонун узактыгы: 6 мүнөт |
| ||||||||||||
1-жол-жобонун тиби: Уюштуруу-башкаруу жол-жобосу |
| ||||||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 |
| ||||||||||||
Кийинки жол-жобонун башталышы үчүн ушул жол-жобонун жыйынтыгын өткөрүп берүү ыкмасы: Арызды аткаруучуга берүү |
| ||||||||||||
2-жол-жобо: Арызды аткаруучуга берүү |
| ||||||||||||
2.1-иш-аракет Арызды аткаруучуга берүү | Башкармалыктын инженери/ аймактык бөлүмдүн жетекчисинин катчысы | 1 мүнөт | 1. Кызматтык нускама 2. Башкармалык/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Аткаруучу арызды алды |
| ||||||||
2-жол-жобонун натыйжасы: Аткаруучунун арызды алуусу |
| ||||||||||||
2-жол-жобонун узактыгы: 1 мүнөт |
| ||||||||||||
2-жол-жобонун тиби: Уюштуруу-башкаруу жол-жобосу |
| ||||||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 |
| ||||||||||||
Кийинки жол-жобонун башталышы үчүн ушул жол-жобонун жыйынтыгын өткөрүп берүү ыкмасы: Ккириш корреспонденцияны каттоо журналында аткаруучунун арызды алгандыгы жөнүндө белги |
| ||||||||||||
3-жол-жобо: “Бирдиктүү терезе» принциби боюнча катталган (кайра катталган) юридикалык жакка, филиалга (өкүлчүлүккө) күбөлүк берүү жөнүндө арызды кароо |
| ||||||||||||
3.1-иш-аракет Арызда жана берилген документтерде тизменин болгондугу, так эместиктердин же юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) үчүн зарыл болгон документтерде камтылган маалыматтарга шайкеш келбөөлөрдүн болбогондугу, ошондой эле берилген документтердин мыйзамдарга шайкештигин текшерүү | Башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн адиси, жетектөөчү адиси, башкы адиси | 2 саат | 1. Кызматтык нускама 2. Башкармалык/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | А. Арыздар жана берилген документтер текшерилди (берилген документтерди экспертизалоо /документтердин долбоорун/юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) түзүүгө чечимдерди даярдоо
Б. Зарыл болгон учурда ведомстволук архивден кайра катталган юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) архивдик каттоо делосу суралды (каттоодо) |
| ||||||||
3.2-иш-аракет Ведомстволук архивден кайра катталган юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) архивдик каттоо делосун издөө | Башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн инженери (архивариусу) | 2 саат 50 мүнөт | 1. Кызматтык нускама 2. Башкармалык/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Архивдик каттоо делосу табылды |
| ||||||||
3.3-иш-аракет Аткаруучунун колун коюу менен кайра катталган юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) архивдик каттоо делосун алуусу | Башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн адиси, жетектөөчү адиси, башкы адиси | 10 мүнөт | 1. Кызматтык нускама 2. Башкармалык/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Аткаруучуга кол койдуруу менен архивдик каттоо делосу берилди |
| ||||||||
3.4-иш-аракет Архивдик документтерге ылайык Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестринде кайра катталган юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) жөнүндө маалыматтарды инвентаризациялоо |
Башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн адиси, жетектөөчү адиси, башкы адиси | 1 саат | 1. Кызматтык нускама 2. Башкармалык/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама 4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2018-жылдын 28-майындагы № 98 “Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) электрондук маалыматтар базасын инвентаризациялоо боюнча чаралар жөнүндө» буйругу | Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги маалыматтар инвентаризацияланды |
| ||||||||
3.5-иш-аракет Арызда жана берилген документтерде камтылган маалыматтардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги жана архивдик делодогу маалыматтарга шайкештигин текшерүү | 30 мүнөт | 1. Кызматтык нускама 2. Башкармалык/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | А. Эгер документтер белгиленген талаптарга шайкеш келсе юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) каттоо (кайра каттоо) жөнүндө буйрук долбоору даярдалды. Б. Эгер документтер белгиленген талаптарга шайкеш келбесе юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) каттоодон (кайра каттоодон) баш тартуу жөнүндө буйрук долбоору даярдалды. |
| |||||||||
3.6-иш-аракет Башкармалыктын начальнигине/аймактык бөлүмдүн жетекчисине кол коюу үчүн тийиштүү буйруктун долбоорун жиберүү | 5 мүнөт | 1. Кызматтык нускама 2. Башкармалык/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Буйруктун долбоору башкармалыктын начальниги/аймактык бөлүмдүн жетекчиси тарабынан алынды |
| |||||||||
3.7-иш-аракет Буйруктун долбоорун негиздүүлүк предмети жана арызда көрсөтүлгөн жана документтерде берилген, ошондой эле Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестринде жана архивдик делодо камтылган маалыматтарга шайкештигин текшерүү | Башкармалыктынначальниги/ аймактык бөлүмдүн жетекчиси | 10 мүнөт | 1. Кызматтык нускама 2. Башкармалык/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама
| А. Эгер документтер белгиленген талаптарга шайкеш болсо юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) каттоо (кайра каттоо) жөнүндө буйруктун долбоору даярдалды. Б. Мыйзамдарга шайкеш болбогон жана/же буйруктун долбоорунда каталар табылган учурда буйруктун долбоору толуктап иштеп чыгууга жиберилди |
| ||||||||
3.8-иш-аракет Башкармалыктын начальнигине/аймактык бөлүмдүн жетекчисине кол коюу үчүн тийиштүү буйрукту жиберүү | Башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн адиси, жетектөөчү адиси, башкы адиси | 5 мүнөт
| 1. Кызматтык нускама 2. Башкармалык/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Буйрукка башкармалыктын начальниги/аймактык бөлүмдүн жетекчиси тарабынан кол коюлду |
| ||||||||
3.9-иш-аракет Буйруктарды эсепке алуу журналына буйрукту каттоо | Иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо бөлүмүнүн адиси/ /жетекчинин катчысы, аймактык бөлүмдүн адиси, жетектөөчү адиси, башкы адиси | 2 мүнөт | 1. Кызматтык нускама 2. Иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо башкармалыгы/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама
| Буйрукка дата жана номер коюлду
|
| ||||||||
3.10-иш-аракет Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматтарды киргизүү | Башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн адиси, жетектөөчү адиси, башкы адиси
| 20 мүнөт | 1. Кызматтык нускама 2. Башкармалык/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматтар киргизилди |
| ||||||||
3.11-иш-аракет ОКПО кодун ыйгаруу (юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) каттоодо) | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети/аймактык статистика органдары
| 2 саат | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.04.2008-ж. № 182 токтому менен бекитилген Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү «бирдиктүү терезе» принциби боюнча мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) мамлекеттик органдар ортосунда өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобо | ОКПО коду ыйгарылды |
| ||||||||
3.12-иш-аракет СИН ыйгаруу (юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) каттоодо) | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы | ОКПО коду ыйгарылгандан учурдан тартып 2 саат | Республикасынын Өкмөтүнүн 23.04.2008-ж. № 182 токтому менен бекитилген Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү «бирдиктүү терезе» принциби боюнча мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) мамлекеттик органдар ортосунда өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобо | СИН ыйгарылды |
| ||||||||
3.13-иш-аракет Күбөлүктү даярдоо үчүн каттоо делосун берүү | Башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн адиси, жетектөөчү адиси, башкы адиси
| 5 мүнөт | 1. Кызматтык нускама 2. Башкармалык/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3. Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн инженери, адиси, жетектөөчү адиси, башкы адиси тарабынан каттоо делосу алынды
|
| ||||||||
3.14-иш-аракет Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктү даярдоо | Башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн инженери, адиси, жетектөөчү адиси, башкы адиси
| 5 мүнөт | 1.Кызматтык нускама 2.Башкармалык/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк даярдалды |
| ||||||||
3.15-иш-аракет Башкармалыктын начальнигине/ аймактык бөлүмдүн жетекчисине кол коюу үчүн күбөлүктү жиберүү
| Башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн инженери, адиси, жетектөөчү адиси, башкы адиси | 5 мүнөт | 1.Кызматтык нускама 2.Башкармалык/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама 4. Юстиция министрлигинин 2018-жылдын 12-ноябрындагы 216 «Кыргыз Республикасынын юстиция министринин, статс-катчынын жана министрин орун басарларынын ортосунда кызматтык милдеттерди бөлүштүрүү жөнүндө» буйругу | Башкармалыктын начальниги/ аймактык бөлүмдүн жетекчиси тарабынан күбөлүк алынды |
| ||||||||
3-жол-жобонун натыйжасы: Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) же каттоодон (кайра каттоодон) баш тартуу жөнүндө буйрукка жана күбөлүккө кол коюу |
| ||||||||||||
3-жол-жобонун узактыгы: 12 саат 37 мүнөт |
| ||||||||||||
3-жол-жобонун тиби: Административдик жол-жобо |
| ||||||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 4 |
| ||||||||||||
Кийинки жол-жобонун башталышы үчүн ушул жол-жобонун жыйынтыгын өткөрүп берүү ыкмасы: Инженердин кол коюлган күбөлүктү алуусу |
| ||||||||||||
4-жол-жобо: Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктү берүү |
| ||||||||||||
4.1-иш-аракет Күбөлүккө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин/аймактык бөлүмдүн гербдүү мөөрүн коюу | Башкармалыктын инженери/ жетекчинин катчысы, аймактык бөлүмдүн адиси
| 1 мүнөт | 1. Кызматтык нускама 2. Башкармалык/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Күбөлүккө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин/аймактык бөлүмдүн гербдүү мөөрү коюлду
|
| ||||||||
4.2-иш-аракет Күбөлүктөрдү берүү журналында каттоо | Башкармалыктын инженери/ жетекчинин катчысы, аймактык бөлүмдүн адиси
| 1 мүнөт | 1. Кызматтык нускама 2. Башкармалык/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Күбөлүктөрдү берүү журналына күбөлүктүн берилгендиги жөнүндө жазуу киргизилди |
| ||||||||
4.3-иш-аракет Арыз берүүчүгө күбөлүктү берүү. Башкармалыктын инженери/ аймактык бөлүмдүн жетекчисинин катчысы, адиси тарабынан кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөө квитанциясын алуу | Башкармалыктын инженери/ жетекчинин катчысы, аймактык бөлүмдүн адиси
| 2 мүнөт | 1. Кызматтык нускама 2. Башкармалык/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Арыз берүүчү күбөлүктү алды. Башкармалыктын инженери/ аймактык бөлүмдүн жетекчисинин катчысы, адиси тарабынан кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөө квитанциясы алынды |
| ||||||||
4.4-иш-аракет Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктү алуу тууралуу арыз берүүчүнүн кол тамгасын алуу
| Башкармалыктын инженери/ жетекчинин катчысы, аймактык бөлүмдүн адиси
| 3 мүнөт | 1. Кызматтык нускама 2. Башкармалык/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктү берүү журналына тууралуу арыз берүүчүнүн кол тамгасы алынды |
| ||||||||
4-жол-жобонун натыйжасы: Арыз берүүчүнүн юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктү алуусу |
| ||||||||||||
4-жол-жобонун узактыгы: 7 мүнөт |
| ||||||||||||
4-жол-жобонун тиби: Уюштуруу-башкаруу жол-жобосу |
| ||||||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 5 |
| ||||||||||||
4-жол-жобонун натыйжасы: Арыз берүүчүнүн юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктү алуусу |
| ||||||||||||
Кийинки жол-жобонун башталышы үчүн ушул жол-жобонун жыйынтыгын өткөрүп берүү ыкмасы: Арыз берүүчүнүн күбөлүктөрдү берүү журналына кол коюусу |
| ||||||||||||
5-жол-жобо: Документтердин тизими жана архивдик каттоо делосун архивге берүү |
| ||||||||||||
5.1-иш-аракет Каттоо делосунун тизимин түзүү | Башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн адиси, жетектөөчү адиси, башкы адиси | 10 мүнөт | 1. Кызматтык нускама 2. Башкармалык/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Документтердин тизими түзүлдү |
| ||||||||
5.2-иш-аракет Каттоо делосунун документтерине башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн архивдик штампын коюу
| Башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн адиси, жетектөөчү адиси, башкы адиси | 5 мүнөт | 1. Кызматтык нускама 2. Башкармалык/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Каттоо делосунун документтерине башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн архивдик штампы коюлду
|
| ||||||||
5.3-иш-аракет Каттоо делосунун документтерин сканерлөө | Башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн адиси, жетектөөчү адиси, башкы адиси | 15 мүнөт | 1. Кызматтык нускама 2. Башкармалык/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Каттоо делосунун документтери сканерленди |
| ||||||||
5.4-иш-аракет Аткаруу контролунан алуу | Иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо бөлүмүнүн адиси/ жетекчинин катчысы, аймактык бөлүмдүн адиси
| 5 мүнөт | 1. Кызматтык нускама 2. Башкармалык/аймактык бөлүм жөнүндө жобо / 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Арыз аткаруу контролунан алынды |
| ||||||||
5.5-иш-аракет Архивдик каттоо делосун архивге берүү | Башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн инженери (архивариусу) | 5 мүнөт | 1. Кызматтык нускама 2. Башкармалык/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Архивдик каттоо делосу архивге кайтарылды |
| ||||||||
5-жол-жобонун натыйжасы: Архивдик каттоо делосун архивге кайтаруу |
| ||||||||||||
5-жол-жобонун узактыгы: 40 мүнөт |
| ||||||||||||
5-жол-жобонун тиби: Уюштуруу-башкаруу жол-жобосу |
| ||||||||||||
5. Жол-жоболорду аткаруу схемалары (алгоритмдери)
1-жол-жобо
1. Жол-жобонун башталышы |
↓
2. Арызды кабыл алуу |
↓
3. Тиркелген документтердин тизмесин текшерүү |
↓
4. Башкармалыктын документ жүгүртүүнүн электрондук базасында арызды Exce 1 форматында катто |
↓
5. Кызмат көсөтүүнү аткаруучуну дайындоо |
↓
6. Арызды СЭД автоматташтырылган маалыматтык системанын документтерди жүгүртүүнүн электрондук базасында каттоо |
↓
7. Арызды кол койдуруу менен кириш корреспонденцияны алуу журналына жазуу аркылуу башкармалыкка/аймактык бөлүмдүн жетекчисине берүү |
↓
8. Жол-жобонун аягы |
2-жол-жобо
1. Жол-жобонун башталышы |
↓
2. Арызды аткаруучуга берүү |
↓
3. Жол-жобонун аягы |
3-жол-жобо
1. Жол-жобонун башталышы |
↓
2. Арыздарды жана берилген документтерди текшерүү (берилген документтерди экспертизалоо /документтердин/юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) түзүүгө чечимдердин долбоорун даярдоо) |
↓
3. Кайра катталган юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) архивдик каттоо делосун издөө |
↓
4. Кайра катталган юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) архивдик каттоо делосун алуу |
↓
5. Архивдик документтерге ылайык Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестринде кайра катталган юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) жөнүндө маалыматтарды инвентаризациялоо |
↓
6. Арызда жана берилген документтерде камтылган маалыматтардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги жана архивдик делодогу маалыматтарга шайкештигин текшерүү |
↓ ↓
7. Юридикалык жакты, филиалдды (өкүлчүлүктү) каттоо (кайра каттоо) жөнүндө буйрук долбоорун даярдоо |
| 8. Юридикалык жакты, филиалдды (өкүлчүлүктү) каттоодон (кайра каттоодон) баш тартуу жөнүндө буйрук долбоорун даярдоо |
↓ ↓
9. Буйруктун долбоорунун негиздүүлүк предмети жана арызда көрсөтүлгөн жана документерде берилген, ошондой эле Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестринде камтылган маалыматтарга шайкештигин текшерүү |
↓
10. Буйрукка башкармалыктын начальниги/аймактык бөлүмдүн жетекчиси тарабынан кол коюлду |
↓
11. Буйрукту эсепке алуу журналына буйрукту катто |
↓
12. Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматтарды киргизүү |
↓
13. ОКПО кодун ыйгаруу (юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) каттоодо) |
↓
14.СИН ыйгаруу (юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) каттоодо) |
↓
15. Күбөлүктү даярдоо үчүн каттоо делосун берүү |
↓
16.Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктү даярдоо |
↓
17. Башкармалыктын начальнигине/аймактык бөлүмдүн жетекчисине кол коюу үчүн күбөлүктү жиберүү |
↓
18. Күбөлүктө көрсөтүлгөн маалыматтардын Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестринде жана каттоо делосунда камтылган маалыматтарга шайкештигин текшерүү |
↓ ↓
19. Башкармалыктын начальнигин/аймактык бөлүмдүн жетекчисинин күбөлүккө кол коюушу
|
| 20. Аткаруучуга күбөлүктү толуктап иштеп чыгууга кайтаруу |
↓ ↓
21. Жол-жобонун аягы
|
4-жол-жобо
1. Жол-жобонун башталышы |
↓
2. Күбөлүккө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин/аймактык бөлүмдүн гербдүү мөөрүн коюу |
↓
3. Күбөлүктөрдү берүү журналына каттоо |
↓
4. Арыз берүүчүгө күбөлүктү берүү. Башкармалыктын инженери/ аймактык бөлүмдүн жетекчисинин катчысы, адиси тарабынан кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөө квитанциясын алуу |
↓
5. Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктү алуу тууралуу арыз берүүчүнүн кол тамгасын алуу |
↓
6. Жол-жобонун аягы |
5-жол-жобо
1. Жол-жобонун башталышы |
↓
2. Каттоо делосунун тизимин түзүү
|
↓
3. Каттоо делосунун документтерине башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн архивдик штампын коюу |
↓
4. Каттоо делосунун документтерин сканерлөө |
↓
5. Аткаруу контролунан алуу
|
↓
6. Архивдик каттоо делосун архивге берүү
|
↓
7. Жол-жобонун аягы
|
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына ички (учурдагы) жана тышкы контролдоо жүргүзүлөт.
1) Ички контролдоону башкармалыктын начальниги/аймактык бөлүмдүн жетекчиси жүргүзөт.
2) Ички контролдоо кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой эле кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.
3) Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгү жарым жылда бир жолудан кем эмес түзөт. Пландан тышкары текшерүүлөр кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарынын табылган бузууларын четтетүү боюнча чаралар кабыл алынат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарын аткарууга тышкы контролдоону Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштыруу жана стандартташтыруу боюнча ведомстволук комиссия жүргүзөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы маалымкат түрүндө таризделет, ага административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуш киргизилиши мүмкүн.
2) Маалымкатка кол коюлган учурдан тартып 3 жумуш күндүн ичинде бул кызмат көрсөтүүнү берген мекемеге жиберилет.
Маалымкат келип түшкөн датадан тартып бир айлык мөөнөттө табылган бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча чаралар, бул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жана административдик чаралар көрүлүүгө тийиш.
Зарылчылыгына жараша, ошондой эле белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарын аткарууну тышкы контролдоо бир жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызмат адамдары жана кызматкерлери административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексине жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү аутсорсингге жеке жана/же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүлүп берилген учурда кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарынын сакталышына жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде болот.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо менен бир мезгилде жана зарылчылыгына жараша кайра каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар
11. Юридикалык жактарды каттоо башкармалыгы.