Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2022-жылдын 5-декабры № 207
«Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2019-жылдын 10-сентябрындагы № 1867 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан берилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө» буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин буйругу
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана анын аймактык органдары тарабынан берилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө» токтомунун 2-пунктун аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык, тиешелүү мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын берүүнүн алкагында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 4-главасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобонун 11-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2019-жылдын 10-сентябрындагы № 1867 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан берилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө» буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 7-тиркеме ушул буйруктун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 2-тиркеме ушул буйруктун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Юридикалык жактарды каттоо башкармалыгы жана аймактык бөлүмдөрү:
- жогоруда аталган административдик регламенттерге ылайык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берүү боюнча ишти уюштурсун;
- аталган кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын андан ары жакшыртуу жана оптималдаштыруу боюнча чараларды көрсүн;
- ушул буйрукту Юстиция министрлигинин жооптуу кызматкерлерине билдирсин.
3. Юридикалык жактарды каттоо башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтына жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына ушул буйрукту расмий жарыялоону камсыздасын.
4. Укуктук маалымат бөлүмү расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизсин, ошондой эле буйрукту Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган банкына жарыяласын.
5. Юридикалык жактарды каттоо башкармалыгы кол коюлган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде маалымат үчүн ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
6. Иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо башкармалыгы ушул буйрукту министрликтин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берген түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине билдирсин.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо юстиция министринин орун басары О.К. Сыдыковго жүктөлсүн.
8. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Юстиция министри | А.Б. Баетов |