Загрузка документа…
| 2-тиркеме
2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2022-жылдын 5-декабрындагы №207 буйругу менен бекитилген |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн
административдик регламенти
Соттун чечими боюнча мажбурлап жоюлгандан башка учурларда юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) ишинин токтотулганын каттоо жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) электрондук маалымат базаларына маалыматтарды киргизүү жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга кабарлоо менен берүү.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген № 94 Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесинин) 4-главасы каттоо, маалымкат, күбөлүк жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана дубликаттарын берүү кызмат көрсөтүүлөрү).
1. Жалпы жоболор
1. Бул мамлекеттик кызмат көрсөтүү:
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын Юридикалык жактарды каттоо башкармалыгы (мындан ары – Башкармалык);
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмдөрү (мындан ары – аймактык бөлүмдөр) тарабынан жүргүзүлөт.
2. Бул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тиешелүү стандартынын талаптарына шайкеш келет.
3. Кызмат көрсөтүү стандарттарында берилген негизги параметрлер:
1) Кызматты берүүнүн жалпы убактысы: 7 жумушчу күн.
2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:
а) Юридикалык жактын ишинин токтотулганын каттоо үчүн:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-январындагы № 31 токтому менен бекитилген форма боюнча каттоого алуу арызы;
- юридикалык жактын органынын жоюу жөнүндө жана жоюучу комиссияны (жоюучу) тандоо (дайындоо) жөнүндө чечиминин түп нускасын;
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн түп нускасын;
- жоюу балансын бекитүү жөнүндө чечимдин түп нускасын;
- уставды (коммерциялык эмес уюмдар жана финансы-кредиттик мекемелер үчүн);
- камсыздандыруу төгүмү боюнча карызы жоктугу жөнүндө маалымкат («Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга болот);
- салыктар боюнча карыздын жоктугу жөнүндө салык органынын маалымкатын («Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга болот);
- мөөрдүн жана (же) штамптын (алар болсо) өткөрүлгөндүгү жөнүндө ички иштер органынын маалымкатын («Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга болот);
- жоюлуп жаткан юридикалык жактын архивдик документтерин сактоо орду жөнүндө мамлекеттик архив фондунун корутундусун;
- каттоо жыйымы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанцияны;
- 1997-жылдын 1-январына чейин катталган (кайра катталган) жана мамлекеттик реестрге киргизилбеген юридикалык жак үчүн мамлекеттик статистика органдары тарабынан берилген юридикалык жак жөнүндө документ.
б) Филиалдар (өкүлчүлүктөр) үчүн:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-январындагы № 31 токтому менен бекитилген форма боюнча каттоого алуу арызы;
- филиалды (өкүлчүлүктү) жоюу жөнүндө соттун же юридикалык жактын органынын чечиминин түп нускасын;
- филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн түп нускасын;
- мөөрдүн жана (же) штамптын (алар болсо) өткөрүлгөндүгү жөнүндө ички иштер органынын маалымкатын («Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга болот);
- каттоо жыйымы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанцияны;
- жобону (финансы-кредиттик мекемелердин . чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) үчүн);
- салык төлөөчүнүн каттоо карточкасынын көчүрмөсү (эгер мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктө ИИН көрсөтүлбөсө) же салык органынын жоюлуп жаткан филиалдын (өкүлчүлүктүн) ИИН көрсөтүлгөн маалымкаты (эгер салык төлөөчүнүн каттоо карточкасы жоголсо же жараксыз болсо);
- 1997-жылдын 1-январына чейин катталган (кайра катталган) жана мамлекеттик реестрге киргизилбеген филиал (өкүлчүлүк) үчүн мамлекеттик статистика органдары тарабынан берилген филиал (өкүлчүлүк) жөнүндө документ.
- камсыздандыруу төгүмү боюнча карыздын жоктугу жөнүндө маалымкат («Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга болот);
- салыктар боюнча карыздын жоктугу жөнүндө салык органынын маалымкат («Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга болот).
3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы: прейскурант Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибине ылайык белгиленген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан берилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифи Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органы менен макулдашылган Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилген.
4) Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы: Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) электрондук маалымат базасына маалыматтарды киргизүү жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга кабарлоо менен Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) ишинин токтотулганын каттоо жөнүндө буйрук.
2. Кызмат көрсөтүүнү берүү процессинде аткарылган жол-жоболордун тизмеси
4. Кызмат көрсөтүү төмөнкү жол-жоболорду камтыйт:
1-таблица
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Документтер менен юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) ишинин токтотулганын каттоо жөнүндө арызды кабыл алуу жана каттоо (Уюштуруу-башкаруу жол-жобосу) | Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жүргүзүлбөйт |
2 | Арызды аткаруучуга берүү (Уюштуруу-башкаруу жол-жобосу) | Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жүргүзүлбөйт |
3 | Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) ишинин токтотулганын каттоо жөнүндө арызды кароо берилген документтерди экспертизалоо/долбоорду даярдоо (документтердин/юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) ишинин токтотулганын каттоо боюнча чечимдердин долбоорун даярдоо (Административдик жол-жобо) | Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жүргүзүлөт |
4 | Арыз берүүчүгө юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) ишинин токтотулганын каттоо жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн берүү (Уюштуруу-башкаруу жол-жобосу) | Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жүргүзүлбөйт |
5 | Документтердин тизими жана делолорду архивге берүү (Уюштуруу-башкаруу жол-жобосу) | Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жүргүзүлбөйт |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок схемасы
5. Кызмат көрсөтүүлөрдү берүүдө аткарылган жол-жоболордун логикалык тартиби төмөнкү блок схемада берилген.
4. Жол-жоболорду баяндоо жана алардын мүнөздөмөсү
2-таблица
Жол-жобонун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттердин узактыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ | Иш-аракеттин натыйжасы | ||||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | ||||||||||
1-жол-жобо: Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) ишинин токтотулганын каттоо жөнүндө буйрукту берүү тууралуу арызды кабыл алуу жана каттоо | ||||||||||||||
1.1-иш-аракет Арызды кабыл алуу | Башкармалыктын инженери/ жетекчинин катчысы, аймактык бөлүмдүн адиси | 5 мүнөт | 1. Кызматтык нускама 2. Башкармалык/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Арыз кабыл алынды | ||||||||||
1.2-иш-аракет Тиркелген документтердин тизмесин текшерүү | 5 мүнөт | Тиркелген документтердин тизмеси текшерилди, жооптуу кызматкер жана арыз берүүчү тарабынан документтерди алгандыгы же кайтаргандыгы жөнүндө тил кат толтурулду жана ага кол коюлду | ||||||||||||
1.3-иш-аракет Арызды Башкармалыктын электрондук документ жүгүртүү системасы базасында «СЭД» автоматташтырылган маалыматтык системасында (мындан ары – СЭД) форматында каттоо | Башкармалыктын инженери | 5 мүнөт | 1.Кызматтык нускама 2.Башкармалык/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Арыз Башкармалыктын документ жүгүртүүнүн электрондук базасында СЭД форматында катталды | ||||||||||
1.4-иш-аракет Кызмат көрсөтүүнүн аткаруучусун дайындоо | Башкармалыкта документтер алардын келип түшүүсүнө жараша автоматтык түрдө жазылат /аймактык бөлүмдүн жетекчиси | 5 мүнөт | 1. Кызматтык нускама 2. Башкармалык/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Аткаруучу дайындалды | ||||||||||
1.5-иш-аракет Арызды документ жүгүртүүнүн электрондук базасында «СЭД» каттоо | Иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси/жетекчинин катчысы, аймактык бөлүмдүн адиси
| 5 мүнөт | 1.Кызматтык нускама 2.Иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо башкармалыгы/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Арыз СЭД документ жүгүртүүнүн электрондук базасында катталды | ||||||||||
1.6-иш-аракет Арызды «СЭД» менен кириш корреспонденцияны алуу журналына жазуу аркылуу башкармалыкка/ аймактык бөлүмдүн жетекчисине берүү | Иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси | 5 мүнөт | 1.Кызматтык нускама 2.Иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо башкармалыгы жөнүндө жобо 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Арыз башкармалыкка келип түштү | ||||||||||
1-жол-жобонун натыйжасы: Арыздын башкармалыкка/аймактык бөлүмдүн жетекчисине келип түшүүсү | ||||||||||||||
1-жол-жобонун узактыгы: 30 мүнөт | ||||||||||||||
1-жол-жобонун тиби: Уюштуруу-башкаруу жол-жобосу | ||||||||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | ||||||||||||||
Кийинки жол-жобонун башталышы үчүн ушул жол-жобонун жыйынтыгын өткөрүп берүү ыкмасы: Арызды аткаруучуга берүү | ||||||||||||||
2-жол-жобо: Арызды аткаруучуга берүү | ||||||||||||||
2.1-иш-аракет Арызды аткаруучуга берүү | Башкармалыктын инженери/ аймактык бөлүмдүн жетекчисинин катчысы
| 5 мүнөт | 1.Кызматтык нускама 2.Башкармалык/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Аткаруучу арызды алды | ||||||||||
2-жол-жобонун натыйжасы: Аткаруучунун арызды алуусу | ||||||||||||||
2-жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөт | ||||||||||||||
2-жол-жобонун тиби: Уюштуруу-башкаруу жол-жобосу | ||||||||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | ||||||||||||||
Кийинки жол-жобонун башталышы үчүн ушул жол-жобонун жыйынтыгын өткөрүп берүү ыкмасы: Кириш корреспонденцияны каттоо журналында аткаруучунун арызды алгандыгы жөнүндө белги | ||||||||||||||
3-жол-жобо: Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) ишинин токтотулганын каттоо жөнүндө арызды кароо | ||||||||||||||
3.1-иш-аракет Арызда жана берилген документтерде тизменин болгондугу, так эместиктердин же юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) ишинин токтотулганын каттоо үчүн зарыл болгон документтерде камтылган маалыматтарга шайкеш келбөөлөрдүн болбогондугу, берилген документтердин мыйзамдарга шайкештигин, ошондой эле жарандык мыйзамдардын жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык ишинин токтотулганын каттоо жол-жоболорунун сакталышын текшерүү экспертизалоо/долбоорду даярдоо (документтердин/юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) ишинин токтотулганын каттоо боюнча чечимдердин долбоорун даярдоо | Башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн адиси, жетектөөчү адиси, башкы адиси | 3 саат | 1.Кызматтык нускама 2.Башкармалык/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | А. Арыздар жана берилген документтер текшерилди экспертизалоо/долбоорду даярдоо (документтердин/юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) ишинин токтотулганын каттоо боюнча чечимдердин долбоорун даярдалды
Б. Ведомстволук архивден жоюлган юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) архивдик каттоо делосу суралды | ||||||||||
3.2-иш-аракет Ведомстволук архивден жоюлган юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) архивдик каттоо делосун издөө | Башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн инженери (архивариусу)
| 2 саат 50 мүнөт | 1. Кызматтык нускама 2.Башкармалык/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Архивдик каттоо делосу табылды | ||||||||||
3.3-иш-аракет Аткаруучунун ведомстволук архивден жоюлган юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) архивдик каттоо делосун алуусу | Башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн адиси, жетектөөчү адиси, башкы адиси | 30 мүнөт | 1.Кызматтык нускама 2.Башкармалык/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Аткаруучуга кол койдуруу менен архивдик каттоо делосу алынды | ||||||||||
3.4-иш-аракет Архивдик документтерге ылайык Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестринде жоюлган юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) жөнүндө маалыматтарды инвентаризациялоо (актуалдаштыруу) | Башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн адиси, жетектөөчү адиси, башкы адиси
| 1 саат | 1.Кызматтык нускама 2.Башкармалык/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама 4.Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2018-жылдын 28-майындагы № 98 «Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) электрондук маалыматтар базасын инвентаризациялоо боюнча чаралар жөнүндө» буйругу | Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестринде жоюлган юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) жөнүндө маалыматтар инвентаризацияланды (актуалдаштырылды) | ||||||||||
3.5-иш-аракет Арызда жана берилген документтерде камтылган маалыматтардын Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги жана архивдик делодогу маалыматтарга шайкештигин текшерүү | 2 саат | 1.Кызматтык нускама 2.Башкармалык/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | А.Эгер документтер белгиленген талаптарга шайкеш келсе юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) ишинин токтотулганын каттоо жөнүндө буйрук долбоору даярдалды. Б.Эгер документтер белгиленген талаптарга шайкеш келбесе жана жоюу жол-жоболору бузулса, юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) ишинин токтотулганын каттоодон баш тартуу жөнүндө буйрук долбоору даярдалды. | |||||||||||
3.6-иш-аракет Башкармалыктын начальнигине/аймактык бөлүмдүн жетекчисине кол коюу үчүн тийиштүү буйруктун долбоорун жиберүү | 15 мүнөт | 1. Кызматтык нускама 2. Башкармалык/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3. Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Буйруктун долбоору башкармалыктын начальниги/аймактык бөлүмдүн жетекчиси тарабынан алынды | |||||||||||
3.7-иш-аракет Буйруктун долбоорун негиздүүлүк предмети жана арызда көрсөтүлгөн жана документтерде берилген, ошондой эле Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестринде жана архивдик делодо камтылган маалыматтарга шайкештигин текшерүү |
| 25 мүнөт | 1.Кызматтык нускама 2.Башкармалык/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама
| А. Негизделген жана мыйзамдарга шайкеш болгон учурда буйруктун долбоору башкармалыктын начальниги/аймактык бөлүмдүн жетекчиси тарабынан жактырылды жана макулдашылды. Б. Мыйзамдарга шайкеш болбогон жана/же буйруктун долбоорунда каталар табылган учурда буйруктун долбоору толуктап иштеп чыгууга жиберилди | ||||||||||
3.8-иш-аракет Башкармалыктын начальнигине/аймактык бөлүмдүн жетекчисине кол коюу үчүн тийиштүү буйрукту жиберүү | Башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн адиси, жетектөөчү адиси, башкы адиси
| 20 мүнөт
| 1. Кызматтык нускама 2. Башкармалык/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама 4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2019-жылдын 4-июлундагы № 1329 «Кызматтык милдеттерди бөлүштүрүү жөнүндө» буйругу | Башкармалыктын начальниги/аймактык бөлүмдүн жетекчиси тарабынан буйрукка кол коюлду
| ||||||||||
3.9-иш-аракет Буйруктарды эсепке алуу журналына буйрукту каттоо | Иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси /жетекчинин катчысы, аймактык бөлүмдүн адиси, жетектөөчү адиси, башкы адиси | 5 мүнөт | 1.Кызматтык нускама 2.Иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо бөлүмү/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Буйрукка дата жана номер коюлду | ||||||||||
3.10-иш-аракет Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) ишинин токтотулганын каттоо жөнүндө маалыматтарды киргизүү | Башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн адиси, жетектөөчү адиси, башкы адиси
| 20 мүнөт | 1.Кызматтык нускама 2.Башкармалык/аймактык бөлүм жөнүндө жобо /территориальном подразделении 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) ишинин токтотулганын каттоо жөнүндө маалыматтар киргизилди | ||||||||||
3.11-иш-аракет Салык органдарына, статистика органдарына жана Социалдык фондго юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) жоюу жөнүндө билдирүүнү түзүү жана башкармалыктын начальнигине/аймактык бөлүмдүн жетекчисине кол коюуга жиберүү | Башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн адиси, жетектөөчү адиси, башкы адиси
| 15 мүнөт | 1.Кызматтык нускама 2.Башкармалык/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Башкармалыктын начальниги/аймактык бөлүмдүн жетекчиси билдирүүнү алды | ||||||||||
3.12-иш-аракет Башкармалыктын начальниги/аймактык бөлүмдүн жетекчиси тарабынан билдирүүнү текшерүү | Башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн начальниги | 5 мүнөт | 1.Кызматтык нускама 2.Башкармалык/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Ылайык келген учурда билдирүүгө башкармалыктын начальниги/аймактык бөлүмдүн жетекчиси тарабынан кол коюлду | ||||||||||
3.13-иш-аракет Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) жоюу жөнүндө билдирүүгө чыгыш номерди коюу жана салык органдарына, статистика органдарына жана Социалдык фондго жиберүү | Иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси /жетекчинин катчысы, аймактык бөлүмдүн адиси | 5 мүнөт | 1.Кызматтык нускама 2.Иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо бөлүмү/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Билдирүүгө чыгыш номер коюлду, билдирүү адресаттарга жиберилди | ||||||||||
3.14-иш-аракет Буйруктун көчүрмөсүн арыз берүүчүгө берүү үчүн каттоо делосун инженерге, жетекчинин катчысына, аймактык бөлүмдүн адисине берүү | Башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн адиси, жетектөөчү адиси, башкы адиси
| 5 мүнөт | 1.Кызматтык нускама 2.Башкармалык/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Инженер, аймактык бөлүмдүн жетекчисинин катчысы, адиси каттоо делосун алды | ||||||||||
3-жол-жобонун натыйжасы: Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) ишинин токтотулганын каттоо же ишинин токтотулганын каттоодон баш тартуу жөнүндө буйрукка кол коюу | ||||||||||||||
3-жол-жобонун узактыгы: 10 саат 55 мүнөт | ||||||||||||||
3-жол-жобонун тиби: Административдик жол-жобо | ||||||||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 4 | ||||||||||||||
Кийинки жол-жобонун башталышы үчүн ушул жол-жобонун жыйынтыгын өткөрүп берүү ыкмасы: Кол коюлган буйрукту инженер, аймактык бөлүмдүн жетекчисинин катчысы, адиси тарабынан алуу | ||||||||||||||
4-жол-жобо: Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) ишинин токтотулганын каттоо жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн берүү | ||||||||||||||
4.1-иш-аракет Арыз берүүчүгө юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) ишинин токтотулганын каттоо же ишинин токтотулганын каттоодон баш тартуу жөнүндө буйрукту берүү | Башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн адиси, жетектөөчү адиси, башкы адиси
| 5 мүнөт | 1.Кызматтык нускама 2.Башкармалык/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Арыз берүүчү буйруктун көчүрмөсүн алды | ||||||||||
4.4-иш-аракет Буйруктун көчүрмөсүн алгандыгы жөнүндө архивдик каттоо делосуна көктөлгөн буйруктун көүрмөсүнө арыз берүүчү кол коюу | Башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн адиси, жетектөөчү адиси, башкы адиси
| 3 мүнөт | 1.Кызматтык нускама 2.Башкармалык/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Буйруктун көчүрмөсүн алгандыгы жөнүндө арыз берүүчүнүн кол тамгасы алынды | ||||||||||
4-жол-жобонун натыйжасы: Арыз берүүчүнүн юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) ишинин токтотулганын каттоо жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн алуусу | ||||||||||||||
4-жол-жобонун узактыгы: 10 мүнөт | ||||||||||||||
4-жол-жобонун тиби: Уюштуруу-башкаруу жол-жобосу | ||||||||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 5 | ||||||||||||||
Кийинки жол-жобонун башталышы үчүн ушул жол-жобонун жыйынтыгын өткөрүп берүү ыкмасы: Каттоо делосунда арыз берүүчү кол коюусу | ||||||||||||||
5-жол-жобо: Документтердин тизими жана архивдик каттоо делосун архивге берүү | ||||||||||||||
5.1-иш-аракет Каттоо делосунун тизимин түзүү | Башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн адиси, жетектөөчү адиси, башкы адиси
| 10 мүнөт | 1.Кызматтык нускама 2.Башкармалык/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Документтердин тизими түзүлдү | ||||||||||
5.2-иш-аракет Каттоо делосунун документтерине башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн архивдик штампын коюу | Башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн адиси, жетектөөчү адиси, башкы адиси
| 15 мүнөт | 1.Кызматтык нускама 2.Башкармалык/аймактык бөлүм жөнүндө жобо / территориальном подразделения 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама
| Каттоо делосунун документтерине башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн архивдик штампы коюлду | ||||||||||
5.3-иш-аракет Каттоо делосунун документтерин сканерлөө | Башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн адиси, жетектөөчү адиси, башкы адиси
| 15 мүнөт | 1.Кызматтык нускама 2.Башкармалык/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Каттоо делосунун документтерин сканерленди | ||||||||||
5.4-иш-аракет Аткаруу контролунан алуу | Иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси /жетекчинин катчысы, аймактык бөлүмдүн адиси | 5 мүнөт | 1.Кызматтык нускама 2.Иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо бөлүмү/аймактык бөлүм жөнүндө жобо 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Арыз аткаруу контролунан алынды | ||||||||||
5.5-иш-аракет Архивдик каттоо делосун архивге берүү | Башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн адиси, жетектөөчү адиси, башкы адиси
| 5 мүнөт | 1.Кызматтык нускама 2.Башкармалык/аймактык бөлүм жөнүндө жобо / территориальном подразделения 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Архивдик каттоо делосу архивге кайтарылды | ||||||||||
5-жол-жобонун натыйжасы: Архивдик каттоо делосун архивге кайтаруу | ||||||||||||||
5-жол-жобонун узактыгы: 50 мүнөт | ||||||||||||||
5-жол-жобонун тиби: Уюштуруу-башкаруу жол-жобосу | ||||||||||||||
5. Жол-жоболорду аткаруунун схемалары (алгоритмдери)
1-жол-жобо
1. Жол-жобонун башталышы
|
↓
2. Арызды кабыл алуу |
↓
3. Тиркелген документтердин тизмесин текшерүү |
↓
4. Башкармалыктын документ жүгүртүүнүн электрондук базасында арызды СЭД форматында каттоо |
↓
5. Кызмат көсөтүүнү аткаруучуну дайындоо |
↓
6. Арызды СЭД автоматташтырылган маалыматтык системанын документтерди жүгүртүүнүн электрондук базасында каттоо
|
↓
7. Арызды кол койдуруу менен кириш корреспонденцияны алуу журналына жазуу аркылуу башкармалыкка/аймактык бөлүмдүн жетекчисине берүү
|
↓
8. Жол-жобонун башталышы
|
2-жол-жобо
1. Жол-жобонун башталышы |
↓
2. Арызды аткаруучуга берүү
|
↓
3. Жол-жобонун аягы
|
3-жол-жобо
1. Жол-жобонун башталышы |
↓
2. Арыздарды жана берилген документтерди текшерүү (берилген документтерди экспертизалоо/долбоорду даярдоо (документтердин/юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) ишинин токтотулганын каттоо боюнча чечимдердин долбоорун даярдоо |
↓
3. Кайра катталган юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) архивдик каттоо делосун издөө
|
↓
4. Кайра катталган юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) архивдик каттоо делосун алуу
|
↓
5. Архивдик документтерге ылайык Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестринде кайра катталган юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) жөнүндө маалыматтарды инвертаризациялоо |
↓
6. Арызда жана берилген документтерде камтылган маалыматтардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги жана архивдик делодогу маалыматтарга шайкештигин текшерүү |
↓ ↓
7. Юридикалык жакты, филиалдды (өкүлчүлүктү) ишинин токтотулганын каттоо жөнүндө буйрук долбоорун даярдоо
|
| 8. Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) ишинин токтотулганын каттоону баш тартуу жөнүндө буйрук долбоорун даярдоо |
↓ ↓
9. Буйруктун долбоорунун негиздүүлүк предмети жана арызда көрсөтүлгөн жана документтерде берилген, ошондой эле Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестринде камтылган маалыматтарга шайкештигин текшерүү |
↓
10. Буйрукка башкармалыктын начальниги/аймактык бөлүмдүн жетекчиси тарабынан кол коюлду |
↓
11. Буйрукту эсепке алуу журналына буйрукту каттоо |
↓
12. Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматтарды киргизүү |
↓
13. Жол-жобонун аягы
|
4-жол-жобо
1. Жол-жобонун башталышы
|
↓ ↓
2. Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик ишинин токтотулганын каттоо жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн берүү. |
| 3. Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) ишинин токтотулганын каттоону баш тартуу жөнүндө буйруктун кɵчүрмɵсүн берүү.
|
↓
5. Архивдик каттоо делосуна тиркелген буйруктун көчүрмөсүн алуу жөнүндө арыз ээсинин кол коюусу |
↓
6. Жол-жобонун аягы |
5-жол-жобо
1. Жол-жобонун башталышы |
↓
2. Каттоо делосунун тизимин түзүү |
↓
3. Каттоо делосунун документтерине башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн архивдик штампын коюу |
↓
4. Каттоо делосунун документтерин сканерлөө |
↓
5. Аткаруу контролунан алуу |
↓
6. Архивдик каттоо делосун архивге берүү |
↓
7. Жол-жобонун аягы |
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына ички (учурдагы) жана тышкы контролдоо жүргүзүлөт.
1) Ички контролдоону башкармалыктын начальниги/аймактык бөлүмдүн жетекчиси жүргүзөт.
2) Ички контролдоо кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой эле кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.
3) Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгү жарым жылда бир жолудан кем эмес түзөт. Пландан тышкары текшерүүлөр кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарынын табылган бузууларын четтетүү боюнча чаралар кабыл алынат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарын аткарууга тышкы контролдоону Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштыруу жана стандартташтыруу боюнча ведомстволук комиссия жүргүзөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы маалымкат түрүндө таризделет, ага административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуш киргизилиши мүмкүн.
2) Маалымкатка кол коюлган учурдан тартып 3 жумуш күндүн ичинде бул кызмат көрсөтүүнү берген мекемеге жиберилет.
Маалымкат келип түшкөн датадан тартып бир айлык мөөнөттө табылган бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча чаралар, бул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жана административдик чаралар көрүлүүгө тийиш.
Зарылчылыгына жараша, ошондой эле белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарын аткарууну тышкы контролдоо бир жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызмат адамдары жана кызматкерлери административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексине жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү аутсорсингге жеке жана/же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүлүп берилген учурда кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарынын сакталышына жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде болот.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо менен бир мезгилде жана зарылчылыгына жараша кайра каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар
11. Юридикалык жактарды каттоо башкармалыгы.