Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА,КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ
2023-жылдын 16-январы № 61-нпа
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2021-жылдын 25-январындагы №41-нпа “ Кыргыз Республикасынын шаар куруу документтеринин курамы, иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Курулуш ченемдерин бекитүү тууралуу” (Мамкурулуштун 2021-жылдын 19-августундагы №45-нпа буйругунун редакциясында) буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Архитектура-шаар куруу иш чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуучулук ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы №44 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мындан ары - Мамкурулуш) жөнүндө Жобону жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2021-жылдын 25-январындагы №41-нпа (Мамкурулуштун 2021-жылдын 19-августундагы №45-нпа буйругунун редакциясында) буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын шаар куруу документтеринин курамы, иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү тартиби” КР КЧ 30-02:2020 Кыргыз Республикасынын Курулуш ченемдерине, төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункттун 2.1. пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«2.1. архитектуралык-шаар куруу корутундусу – шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органдын жетекчиси тарабынан бекитилүүчү, объекттин негизги шаар куруу, функциялык параметрлерин, долбоорлоого шарттарды жана талаптарды аныктоочу, долбоорлоону баштоо үчүн негиз болуп саналган укук белгилөөчү документ.
- 2-пункт төмөнкү мазмундагы пунктчалар менен толукталсын:
“2.28. шаар куруу документтерин актуалдаштыруу: алардын ишке ашырылышына жараша, шаар куруу кырдаалынын иш жүзүндөгү өзгөрүүлөрүн жана калктуу конушту же анын айрым аймактарын өнүктүрүүнүн жаңы милдеттеринин пайда болушуна байланыштуу анын жоболоруна өзгөртүүлөрдү дайыма киргизүү.
“2.29. шаар түзүүчү объекттер: шаар түзүүчү маанидеги ишканалар жана мекемелер:
а) ушул калктуу конуштун калкынын муктаждыктарын гана тейлеген ишканаларды кошпогондо, бардык өнөр жай жана коммуналдык ишканалар;
б) тышкы транспорттун (темир жол, деңиз, дарыя, аба жана автомобиль) ишканалары, түзүлүштөрү жана мекемелери;
в) администрациялык, коомдук жана чарбалык мекемелер, курорттук мекемелер (санаторийлер, эс алуу үйлөрү), ооруканалар жана республикалык, облустук жана райондук маанидеги башка дарылоо мекемелери;
г) илимий-изилдөө институттары;
д) жогорку жана атайын орто окуу жайлары.
Эскертүү: шаар түзүүчү кадрлардын курамына ЖОЖдордун жана атайын окуу жайлардын толук педагогикалык жана тейлөөчү персоналы жана студенттердин 50% киргизилет”.
- 4-пункттун 4.7. пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
“4.7. Архитектура жана шаар куруунун аймактык органдарынан тышкары, шаар куруу документтерин иштеп чыгуу укугуна тиешелүү лицензиясы бар ишканалар, уюмдар жана мекемелер шаар куруу документтерин иштеп чыгуучулар болушу мүмкүн.
- 4-пункт төмөнкү мазмундагы пунктчалар менен толукталсын:
“4.13.1. “Курулуш объектерин жана/же алардын бөлүктөрүн куруу, кайра конструкциялоо башка өзгөртүүдө, магистралдык аймактарда курулушту көлөмдүк-мейкиндик уюштурууда курулуштун жалпы архитектуралык түзүлүшү менен композициялык байланышты түзүүнү жана ар кандай формаларды, ыргактуу (ритмичность) курулуштарды, айрым имараттардын пластикасын жана алардын топторун шаар куруу кеңешинде кароо менен пайдаланууну эске алып ишке ашыруу жана өнүктүрүү керек”.
“4.18. Калктуу конуштардын башкы пландарын актуалдаштыруу учурдагы шаар куруу кырдаалынын өзгөрүшүнө байланыштуу техникалык-экономикалык негиздеменин негизинде ар бир 5 жылда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими боюнча жүргүзүлөт”.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтуна:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык, бул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун эки нускадагы көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук булактарда, аталган буйрукту жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
3. Мамкурулуштун 2022-жылдын 16-мартындагы №51-нпа буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун орун басары М.Б. Адиевге жүктөлсүн.
Директор | Н. Джетыбаев |