Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 10-июлундагы № 72-нпа буйругунун редакциясына ылайык) ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ
| Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 60-нпа буйругу |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЧЕНЕМДЕРИ
Курулуштагы ченемдик документтер тутуму
БЕТОН ЖАНА ТЕМИР-БЕТОН КОНСТРУКЦИЯЛАРЫ.
НЕГИЗГИ ЖОБОЛОР
Бетонные и железобетонные конструкции.
Основные положения
Сoncrete and reinforced concrete structures.
Вasicprovisions
КЧжЭ 2.03.01-84*
жаңыртылган редакциясы
Ишке киргизүү датасы – 2023.02.01
1 Колдонуу чөйрөсү
Ушул курулуш ченемдери таасирлердин ар кандай түрлөрүнө дуушар болгон бетондун жана арматуранын баардык түрлөрүнөн даярдалуучу курулуштун өнөр жай, жарандык, унаалык, гидротехникалык жана башка чөйрөлөрүндө колдонулуучу бетон жана темир-бетон конструкцияларынын баардык типтерине таратылат.
Ушул курулуш ченемдери баардык типтеги жана дайындалыштагы конструкцияларды долбоорлоо, даярдоо (тургузуу) жана пайдалануу боюнча ченемдик документтерди иштеп чыгуу үчүн жалпы жоболорду аныктайт.
2 Ченемдик шилтемдер
Ушул ченемдерде төмөнкү ченемдик документтерге шилтемелер пайдаланылган:
КР КЧ 20-02:2018* Сейсмикага туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери;
КР КЧ 21-01:2018 Имараттардын жана курулмалардын өрт коопсуздугу;
КР КЭ 10-102: 2020 * Курулуш терминологиясы;
КЧжЭ 2.01.07-85 Жүктөмдөр жана таасирлер;
КЧжЭ 2.03.11-85 Курулуш конструкцияларын коррозиядан коргоо;
КЧжЭ 3.09.01-85 Курама темир-бетон конструкцияларын жана буюмдарын өндүрүү;
КР КЧжЭ 52-01-2009 Жүк көтөрүүчү жана тосмолоочу конструкциялар;
МАКЧ 2.04-02-2004 Имараттарды жылуулап коргоо;
МАСТ 4.212-80 Продукциянын сапатынын көрсөткүчтөрүнүн тутуму. Курулуш. Бетондор. Көрсөткүчтөрдүн номенклатурасы;
МАСТ 380-2005 Кадимки сапаттагы көмүртектүү болот. Маркалар;
МАСТ 535-2005 Кадимки сапаттагы көмүртектүү болоттон жасалган секциялуу жана формалуу прокат. Жалпы техникалык шарттар;
МАСТ 1050-2013 Легирленбеген конструкциялык жогорку сапаттагы жана атайын болоттордон металл буюмдары. Жалпы техникалык шарттар;
МАСТ 2590-2006 Ысык иштетилген тегерек болот прокат. Сортамент;
МАСТ 7473-2010 Бетон аралашмалары. Техникалык шарттар;
МАСТ 7566-94 Металл буюмдар. Кабыл алуу, маркалоо, таңгактоо, ташуу жана сактоо;
МАСТ 8731-74* Ысык деформацияланган тиксиз болот түтүктөр. Техникалык талаптар;
МАСТ 8732-78* Ысык деформацияланган бириксиз болот түтүктөр. Сортамент;
МАСТ 10922-90 Ширетилген арматуралуу жана камтылган буюмдар, темир бетон конструкцияларынын ширетилген арматураларын жана камтылган буюмдарын туташтыруу. Жалпы техникалык шарттар;
МАСТ 13015-2012 Курулуш үчүн бетон жана темир-бетон буюмдары. Жалпы техникалык талаптар. Кабыл алуу, маркалоо, ташуу жана сактоо эрежелери;
МАСТ 14098-2014 Темир-бетон конструкцияларынын ширетилген арматураларынын жана салынган буюмдардын кошулуулары. Түрлөрү, конструкция жана өлчөмдөрү;
МАСТ 25192-2012 Бетондор. Классификациясы жана жалпы техникалык талаптар;
МАСТ 25781-83 Темир бетон бумдарын жасоо учун болот формалар. Техникалык шарттар;
МАСТ 27006-86 Бетондор. Курамын тандоо эрежелери;
МАСТ 27751-2014 Курулуш конструкцияларынын жана фундаменттеринин ишенимдүүлүгү. Негизги жоболор;
МАСТ Р 51254-99 (ISO 6789:92) Жип байланыштарын катуулатууну нормалдаштыруу үчүн монтаждык шайман. Жалпы техникалык шарттар;
Э с к е р т ү ү – Ушул курулуш ченемдерин колдонууда шилтемдик документтердин иш-аракетин жалпы колдонуудагы маалыматтык тутумдан – Интернет тармагындагы стандартташтыруу чөйрөсүндөгү органдын расмий сайтынан же ушул жылдын 1-январына карата абалында жарыяланган үч бөлүктөн турган (Курулуш каталогу 1-бөлүк, Курулуш каталогу 2-бөлүк, Курулуш каталогу 3-бөлүк) КК-1(Көрсөткүч) Курулуш Каталогуна ылайыктуу текшерген максатка ылайыктуу.
Эгерде күнү берилбеген шилтемеси бар шилтемелик документ алмаштырылган болсо, анда ошол документтин иштеп жаткан версиясын ошол версияга киргизилген бардык өзгөртүүлөрдү эске алуу менен колдонуу керек. Эгерде күнү берилген шилтемеси бар шилтемелик документ алмаштырылган болсо, анда ошол документтин бекитүү (кабыл алуу) жылы жогоруда көрсөтүлгөн версиясын колдонуу керек. Эгерде ушул курулуш ченемдерин бекиткенден кийин, күнү берилген шилтемеси бар шилтемелик документке шилтеме берилген жобого тийиштүү өзгөртүү киргизилген болсо, анда ошол жобону берилген өзгөртүүнү эске алуусуз колдонуу керек. Эгерде шилтемелик документ алмаштыруусуз жокко чыгарылган болсо, анда ага шилтеме берилген жобону, ошол шилтемеге тиешесиз бөлүгүндө колдонуу керек. Ченемдер менен эрежелердин иш-аракеттери жөнүндө маалыматтарды техникалык регламенттер менен стандарттардын маалыматтык корунан текшерген максатка ылайыктуу.
3 Атоолор жана аныктамалар
Ушул ченемдерде төмөнкү атоолор жана аныктамалар колдонулат:
1 арматураны анкерлөө: Арматураны эсептик кесилиштен ары белгилүү бир узундукка киргизүү жолу менен же анын учтарында атайын анкердик түзмөктөрдү түзүү аркылуу арматуранын ага аракет эткен күчтөнүүлөрдү кабыл алуусун камсыз кылуу.
2 өзөктүк арматура:
2.1 конструктивдик арматура: конструктивдик талаптардан улам эсептөөсүз орнотулуучу арматура.
2.2 алдын ала чыңалган арматура: Пайдалануу стадиясында аракет этүүчү сырткы жүктөмдөрдүн таасирине чейин конструкцияларды даярдоо жараянында алдын ала чыңалтылуучу арматура.
2.3 жумушчу арматура: Конструкциялардын бекемдигин жана ийкемсиздигин камсыз кылуу үчүн алардагы эсептик күчтөнүүлөрдү кабыл алуучу арматура.
3 бетондун сактоочу катмары: Элементтин кырынан арматура өзөгүнүн эң жакынкы бетине чейинки, арматураны коррозиядан сактоочу бетон катмарынын калыңдыгы.
4 бетон конструкциялары: Арматура колдонуусуз же бекемдикке таасирин тийгизбеген арматурасы аз, бетондон даярдалган конструкциялар.
5 дисперстик-арматураланган конструкциялар (фибробетондук, армоцементтик): Дисперстик түрдө жайгашкан фибраларды же ичке болот зымдан майда ячейкалуу торду камтыган темир-бетон конструкциялары.
6 темир-бетон конструкциялары: Жумушчу жана конструктивдик арматуралары менен бетондон даярдалган, баардык тасирлерден эсептик күчтөнүүлөрдү бирге кабыл алуучу конструкциялар (арматураланган бетон конструкциялары).
7 болот-бетон конструкциялары: Өзөктүк арматура болотунан айырмалуу болоттон элементтерди камтыган, темир-бетон элементтери менен бирге иштеген темир-бетон конструкциялары.
8 темир-бетонду арматуралоо көмөк чоңдугу (коэффициенти): Арматуранын кесилиш аянтынын бетондун жумушчу кесилиш аянтына катышы, пайыз менен туюнтулат.
9 бетондун суу өткөрбөөчүлүк боюнча шартбелгиси (маркасы): Стандарттык сыноолор шарттарында суунун максималдуу басымы астында бетон үлгүсү аркылуу өтүп кетпей турган суунун максималдуу басымы менен мүнөздөлүүчү бетондун өткөрүүчүлүк көрсөткүчү.
10 бетондун суукка чыдамдуулук боюнча шартбелгиси (маркасы): Стандарттык базалык усулдар боюнча сыналган бетон үлгүлөрүнүн ченемдер тарабынан аныкталган тоңдуруу жана эритүү циклдеринин минималдуу саны. Сыноолордун жыйынтыгында үлгүлөрдүн алгачкы физикалык-механикалык касиеттери ченемдерде аныкталган чектерде сакталышы зарыл.
11 бетондун өзү чыңалуусу боюнча шартбелгиси (маркасы): Узатасынан арматуралоо көмөк чоңдугунда бетондун кеңейүүсүнүн натыйжасында анда түзүлүүчү алдын ала чыңалуунун ченемдер тарабынан аныкталган мааниси, МПа.
12 алгачкы мүнөздөмөлөр:
12.1 бетондун орточо тыгыздыгы боюнча шартбелгиси (маркасы): Жылуулук обочолонтуу боюнча талаптар коюлган бетондордун кг/м3 менен туюнтулган тыгыздыгынын ченемдер тарабынан аныкталган мааниси.
13 массивдүү конструкция: Кургашы үчүн ачык болгон бетинин аянтынын (м2) анын көлөмүнө (м3) катышы 2 барабар же андан кичине болгон конструкция.
14 арматураны механикалык бириктирүү: Эки арматура өзөктөрүн эсептик кысылуу жана чоюлуу күчтөнүүлөрүн кабыл алуучу бириктиргич кошкуч аркылуу бириктирүү.
15 бетондун суукка чыдамдуулугу: Бетонду көп жолу кайталап тоңдурууда жана эритүүдө анын алгачкы физикалык-механикалык касиеттерин сактап калуу касиети, суукка чыдамдуулук шартбелгиси (маркасы) менен белгиленет.
16 жантык кесилиш: Элементти анын узатасынан багытталган огуна карата жантык тегиздик менен кесүүдө жаралган кесилиши.
17 нормалдык кесилиш: Элементти анын узатасынан багытталган огуна карата перпендикуляр тегиздик менен кесүүдө жаралган кесилиш.
18 жубасталган бириктирме: Болоттон даярдалган бириктирүүчү кошкучтарды ысытпастан туруп курулуш аянтынын шарттарында которулма жабдуунун же завод шарттарында стационардык жабдуунун жардамы аркылуу майышма деформациялоо жолу менен арматура өзөкөтөрүн бириктирүү.
19 бетондун тыгыздыгы: Бетондун массасынын анын көлөмүнө болгон катышын туюнтуучу мүнөздөмөсү, орточо тыгыздык боюнча шартбелгиси (марка) менен белгиленет.
20 чектик күчтөнүү: Материалдардын кабыл алынган мүнөздөмөлөрүндө элемент, анын кесилиши тарабынан кабыл алынуучу эң чоң күчтөнүү.
21 бетондун өткөрүмдүүлүгү: Бетондун басымдын алдында өзү аркылуу газдарды же суюктуктарды өткөрүү (суу өткөрбөөчүлүк боюнча шартбелгиси менен белгиленет) же басым болбогон учурда сууда эриген заттардын диффузиялык өтүмдүүлүгүн камсыз кылуу (электр агынынын же электр потенциалынын ченемделүүчү чоңдуктары менен белгиленет) касиети.
22 кесилиштин жумушчу бийиктиги: Элементтин кысылган кырынан узата жайгашкан чоюлган арматуранын оордук борборуна чейинки аралык.
23 сайлуу бириктирме: Арматура өзөктөрүн заводдо даярдалган сайлуу кошкучтар менен бириктирүү.
24 бетондун өзүнөн өзү чыңалуусу: Конструкциянын бетонунун катуулануусунда андагы цемент ташынын кеңейүүсүнүн натыйжасында ал кеңейүүгө чектөөлөр болгондо бетондо жаралган кысылуу чыңалуусу, өзүнөн өзү чыңалуу шартбелгиси (марка) менен белгиленет.
25 арматуранын кайчылашма уламалары: Арматура өзөктөрүн алардын узундуктары боюнча ширетүүсүз бир арматура өзөгүнүн учун экинчи арматура өзөгүнүн учуна карата ары киргизүү менен бириктирүү.
26 цангдык бириктирүү: Арматура өзөктөрүн конустук бойшакектердин ичинде жайгашкан конустук бириктиргич жартактардын жардамы аркылуу кысып бириктирүү.
4 Негизги тамгалык белгилеништер
Негизги тамгалык белгилеништер А тиркемесинде келтирилген.
5 Бетон жана темир-бетон конструкцияларына жалпы
талаптар
5.1 Баардык типтеги бетон жана темир-бетон конструкциялары төмөнкү талаптарды канаттандырышы зарыл: имараттардын, курулмалардын тургузууда дагы жана пайдаланууда дагы коопсуздугу боюнча; пайдаланууга жарамдуулугу боюнча; көпкө чыдамдуулугу боюнча; долбоорлоого берилген тапшырмада көрсөтүлгөн башка талаптарды жана КР КЧ 20-02.
5.2 Коопсуздук боюнча талаптарды камсыз кылуу үчүн темир-бетон конструкциялары имараттарды, курулмаларды куруу жана пайдалануу жараянында мүмкүн болгон баардык таасирлерде жарандардын өмүрүнө же ден соолугуна, мүлкүнө, айлана чөйрөгө залал келтирүү менен байланышкан кандай гана болбосун кыйроолор жокко чыгарыла турган параметрлерге ээ болуусу шарт.
5.3 Пайдаланууга жарамдуулугу боюнча талаптарды камсыз кылуусу үчүн конструкция ишенимдүүлүктүн тиешелүү даражасында мүмкүн болгон баардык эсептик таасирлерде технологиялык жабдууларды нормалдуу пайдаланууну кыйындатуучу, жабдуулардын, машинелердин жана механизмдердин нормалдуу иштешине жолтоо болуучу жаракалардын жаралышы же алардын өтө ачылышы, ошондой эле өтө чоң которулуулар, термелүүлөр жана башка бузулуулар болбой турган параметрлерге ээ болуусу, ошондой эле долбоорлоодо аныкталган башка конструктивдик жана башка талаптарга жооп берүүсү шарт. Конструкциялар керек учурларда жылуулук обочолонтуу, үн обочолонтуу, биологиялык коргоо ж.б. талаптарды камсыз кылуучу мүнөздөмөлөргө ээ болушу дагы талап кылынат.
Жаракалардын жаралышын болтурбоо үчүн талаптар төмөнкүлөргө коюлат:
- кесилиши толугу менен чоюлууга дуушар болгон темир-бетон конструкцияларына, алардын өткөрбөөчүлүгүн (суюктуктардын же газдардын басымында, радиациянын таасиринде д.у.с.) камсыз кылуу керек болгондо;
- жогорулатылган көпкө чыдамдуулук талаптары менен өзгөчө конструкцияларга;
- өтө агрессивдүү чөйрөдө пайдаланылучу конструкцияларга.
Калган темир-бетон конструкцияларда жаракалардын пайда болушуна жол берилет, бирок аларга жаракалардын ачылуу жазылыктарын чектөө боюнча талаптар коюлат.
5.4 Көпкө чыдамдуулук боюнча талаптарды аткаруу үчүн конструкция кызмат өтөөнүн аныкталган мөөнөтүндө ар кандай эсептик таасирлердин (жүктөмдүн узак мөөнөткө аракет этүүсү, жагымсыз климатикалык, технологиялык, температуралык таасирлер жана нымдын таасирлери, алмак -салмак тоңдуруу жана эритүү, агрессивдүү жана башка таасирлер) конструкциялардын геометриялык мүнөздөмөлөрүнө жана материалдардын механикалык мүнөздөмөлөрүнө тийгизүүчү таасирлерди эсепке алуу менен коопсуздук жана пайдаланууга жарамдуулук боюнча талаптарды аткаруу камсыз боло тургандай параметрлерге ээ болуусу абзел.
5.5 Бетон жана темир-бетон конструкцияларынын элементтеринин коопсуздугу, пайдаланууга жарамдуулугу, көпкө чыдамдуулугу ушул ченемдерде жана алардын негизинде иштелип чыгылуучу ченемдик жана усулдук документтерде аныкталган төмөнкү талаптардын топторун аткаруу аркылуу камсыз кылынышы зарыл:
- бетондун жана арматуранын параметрлеринин ченемдик жана эсептик маанилерине талаптарды;
- конструкциялардын чектик абалдар боюнча эсептөөлөрүнө талаптарды; - арматуралоо боюнча конструктивдик талаптарды;
- имараттарды жана курулмаларды даярдоо жана тургузуу боюнча технологиялык талаптарды;
- имараттардын жана курулмалардын темир-бетон конструкцияларын пайдалануу боюнча талаптарды.
5.6 Бетон жана темир-бетон конструкцияларын долбоорлоодо конструкциялардын ишенимдүүлүгүн тиешелүү ишенимдүүлүк көмөк чоңдуктардын жана имараттардын, курулмалардын жоопкерчилик деңгээлдеринин жардамы менен аныкталуучу жүктөмдөрдүн жана таасирлердин эсептик маанилерин, бетон жана арматуранын (же конструкциялык болоттун) эсептик мүнөздөмөлөрүн колдонуу менен МАСТ 27751 ылайык эсептөөлөрдө камсыз кылышат.
Жүктөмдөрдүн жана таасирлердин ченемдик маанилери, жүктөм боюнча ишенимдүүлүк көмөк чоңдуктарынын, ошондой эле конструкциялардын дайындалышы боюнча ишенимдүүлүк көмөк чоңдуктарынынын маанилери курулуш конструкциялары үчүн тиешелүү ченемдик документтерде аныкталат.
Жүктөмдөрдүн жана таасирлердин эсептик маанилерин эсептик чектик абалдын жана эсептик кырдаалдын түрүнө жараша кабыл алышат.
Материалдардын мүнөздөмөлөрүнүн эсептик маанилеринин ишенимдүүлүк деңгээли эсептик кырдаалга жана тиешелүү чектик абалдарга жетүү кооптуулугуна жараша аныкталат жана бетон, арматура (же конструкциялык болот) боюнча ишенимдүүлүк көмөк чоңдугунун маанилери аркылуу жөнгө салынат.
Бетон жана темир-бетон конструкцияларын эсептөөлөрдү эсептик туюнтмаларга кирүүчү негизги факторлордун өзгөрүлмөлүүлүгү тууралуу жетиштүү берилмелер болгондо гана ыктымалдуулук эсептөөлөрдүн негизинде ишенимдүүлүктүн берилген мааниси боюнча жүргүзүүгө болот.
5.7 Конструкциялардын ишенимдүүлүгү боюнча талаптарды (анын ичинде коопсуздук, пайдаланууга жарамдуулук жана көпкө чыдамдуулук боюнча) аткаруу үчүн долбоорлоо стадиясында төмөнкүлөрдү ишке ашыруу керек:
- конструкциянын эсептик сөлөкөтүн жана эсептик кырдаалдарды тандоону;
- ушул ченемдерди өркүндөтүү максатында иштелип чыккан ченемдик документтерге ылайык бекемдикке, туруктуулукка, деформациялуулукка эсептөөлөрдү жүргүзүүнү жана конструкциянын элементтеринин геометриялык параметрлерине, бетондун мүнөздөмөлөрүнө, арматуралоого талаптарды аныктоону;
- керек учурларда тиешелүү ченемдик документтердин талаптарынын негизинде түзүлгөн долбоорлоого тапшырмага ылайык жылулук обочолонтуучу, үн обочолонтуучу касиеттерге, отко туруктуулукка, өткөрүмдүүлүккө, айлана чөйрөнүн таасирлерине туруктуулукка эсептөөлөрдү жүргүзүүнү;
- жумушчу чиймелерди иштеп чыгууну;
- керек учурларда эксперименттик текшерүүлөрдү (сыноолорду) жүргүзүүнү;
- конструкциянын көпкө чыдамдуулугун камсыз кылуу шарттарын талдоону жана керек учурларда материалдардын чарчоосуна эсептөөлөрдү жүргүзүүнү; коррозиядан, климатикалык жана пайдалануу таасирлеринен коргоо боюнча талаптарды аныктоону;
- эсепке алынбаган (кокустан болуучу) таасирлерде конструкциянын бүтүндүгүн сактоо (улам өөрчүүчү бузулууларды болтурбоо) муктаждыгынан улам долбоорлонуучу конструкциянын кабыл алынган параметрлерин текшерүүнү;
- долбоорлонуучу объектти куруу жана пайдалануу стадияларында конструкциянын параметрлеринин долбоордук маанилерин бекитүүнү жана бул параметрлердин мүмкүн болгон факт жүзүндөгү маанилеринин диапазондорун аныктоону;
- конструкцияны куруу (даярдоо, ташуу жана монтаждоо) жана пайдалануу стадияларында конструкциянын параметрлеринин факт жүзүндөгү маанилерин камсыз кылуу боюнча иш-чараларды аныктоону, анын ичинде тиешелүү технологиялык жараяндарды жүргүзүүдө жана сапатты контролдоодо (анын ичинде жумуштардын белгилүү бир этаптарын аткаруудан кийин жумуштун андан ары уланылышында жашырылып кала турган конструкциянын контролдоого алынуучу участкалары), ошондой эле пайдалануу жараянында конструкциянын абалын баалоодо сакталууга жаткан талаптарды аныктоону;
- долбоорлоодо, курууда жана пайдаланууда адам фактору менен шартталган олуттуу каталардын кесепети болуп саналган кокустан болуучу таасирлердин натыйжасында жаралуучу бузулуулардын тобокелчилигин азайта турган талаптарды аныктоону;
Э с к е р т ү ү – бул пункттагы “керек учурларда” туюнтмасы тиешелүү ченемдик документтерде же долбоорлоо алгоритминде каралган, долбоорчулар тарабынан кабыл алынган учурларга тиешелүү.
5.8 Конструкциялардын коопсуздугун, пайдаланууга жарамдуулугун жана көпкө чыдамдуулугун камсыздоого карата чечимдерди кабыл алуу үчүн туура жана жеткиликтүү деп иштеп чыгуучулар тарабынан таанылуучу статистикалык берилмелер болгондо алардын негизинде 5.7 пунктунда каралганга караганда долбоорлоонун жөнөкөйлөтүлгөн иретин кабыл алууга жол берилет. Бирок, кокустан болуучу таасирлерде көпкө чыдамдуулук жана бүтүндүк шарттары боюнча конструкциянын кабыл алынган долбоордук маанилерин текшерүү боюнча талаптар, ошондой эле куруу жана пайдалануу стадиялары үчүн коопсуздукту аныктоо боюнча талаптар милдеттүү болуп саналат.
5.9 Долбоордук документтердеги куруу стадиясына аныкталуучу талаптар төмөнкүлөрдү камтуусу зарыл:
- пайдаланылуучу материалдарга жана заводдук шарттарда же курулуш аянтында даярдалуучу элементтерге талаптарды;
- конструкцияны тургузуу (жерпайды куруу) жараянына, анын ичинде аны ишке ашыруунун температуралык-нымдуулук шарттарына, колдонулуучу технологиялык жабдууларга жана жабдыктарга, аларды жаткыруу моментине материалдардын параметрлерине, конструкциянын элементтеринин абалын жөнгө салууга, технологиялык операцияларды аткаруу аяктагандан кийин конструкцияны кармоо шарттамдарына, ошондой эле бүткөрүлгөн конструкциянын элементтерин жана конструкцияны жалпысынан кабыл алуу контролун жүргүзүүгө талаптарды.
5.10 Долбоордук документтердеги пайдалануу стадиясына талаптар төмөнкүлөрдү камтуусу зарыл:
- пайдалануу жараянында конструкциянын жана анын элементтеринин параметрлеринин мүмкүн болгон өзгөрүлүүлөрүнүн чектери;
- конструкциянын абалын кароолордун жана баалоолордун мегилдүүлүгүнө талаптарды;
- конструкциянын оңдолуучу элементтерине оңдоолорду жүргүзүү жана оңдолбоочу элементтерди алмаштыруу шарттарына талаптарды, анын ичинде коопсуздук талаптарын.
5.11 Долбоордук документтерде эсептөөлөрдүн жыйынтыгында кабыл алынган конструкциянын параметрлерине талаптар ошол параметрлердин чектик маанилери формасында же долбоорлонгон конструкциялардын параметрлеринин накта маанилеринин номиналдык маанилерден чектик четтөөлөрүн көрсөтүү менен номиналдык маанилердин формасында аныкталышы зарыл.
6 Бетон жана арматуранын мүнөздөмөлөрү, аларга коюлуучу
талаптар
6.1 Бетондун ченемделүүчү мүнөздөмөлөрү
6.1.1 Бетон жана темир-бетон конструкцияларын долбоорлоодо таасын конструкцияларга коюлуучу пайдалануу талаптарына ылайык МАСТ 25192 боюнча беондун түрү, МАСТ 4.212 боюнча анын ченемделүүчү жана контролдонуучу сапатынын көрсөткүчтөрү аныкталышы керек.
Бетон жана темир-бетон конструкциялары үчүн бетондун төмөнкү түрлөрү колдонулат: оор, майда дандуу, жеңил, ячейкалуу, чыңалтуучу, ысыкка туруктуу, химияга туруктуу, радиациялык коргоочу, полимербетондор, полистиролбетондор, гидротехникалык, жолдук бетондор жана башкалар. Бетондун түрүн конструкциянын дайындалышына, конструктивдик чечилишине, жүктөмдүн мүнөзүнө жана айлана чөйрөнүн таасирине жараша кабыл алышат.
6.1.2 Долбоордук документтерде каралган бетондун түрлөрү тиешелүү стандарттардын талаптарын канааттандырууга тийиш.
6.1.3 Бетон жана темир-бетон конструкцияларын долбоорлоодо конструкциялардын коопсуздугун, пайдаланууга жарамдуулугун жана көпкө чыдамдуулугун камсыз кылуучу бетондун мүнөздөмөлөрүнүн ченемделүүчү жана контролдонуучу маанилери аныкталуусу зарыл.
6.1.4 Бетондордун негизги ченемделүүчү жана контролдонуучу мүнөздөмөлөрү катары төмөнкүлөр саналышат:
- кысылууга бекемдиги боюнча классы B;
- октук чоюлууга бекемдиги боюнча классы Bt;
- суукка чыдамдуулугу боюнча маркасы F;
- суу өткөрбөөчүлүгү боюнча маркасы W;
- орточо тыгыздыгы боюнча маркасы D.
Кысылууга бекемдиги боюнча бетондун классы В камсыздуулугу 0,95 түзгөн өлчөмдөрү 150х150х150 мм болгон долбоордук мөөнөттөгү кубдун үлгүлөрүн сыноодо аныкталуучу бетондун кысылууга бекемдигинин (ченемдик кубдук бекемдик) МПа менен өлчөнгөн маанисине туура келет жана ал В 0,5тен В 120 чейинки чектерде кабыл алынат.
Октук чоюлууга бекемдиги боюнча бетондун классы Bt камсыздуулугу 0,95 түзгөн МПа менен өлчөнүүчү бетондун октук чоюлууга бекемдигинин (бетондун чоюлууга ченемдик бекемдиги) маанисине туура келет жана Bt 0,4төн Bt 6 чейинки чектерде кабыл алынат.
Курулмалардын атайын түрлөрү үчүн (мисалга, массивдүү гидротехникалык курулмалар үчүн) бетондун кысылууга жана октук чоюлууга бекемдигинин камсыздуулугунун башка маанилерин да кабыл алууга жол берилет.
Бетондун суукка чыдамдуулук боюнча маркасы F үлгү стандарттык сыноодо чыдаган алмак-салмак тоңдуруу жана эритүү циклдеринин минималдуу санына туура келет жана F15тен F300 чейинки чектерде кабыл алынат.
Бетондун суу өткөрбөөчүлүк боюнча маркасы W бетон үлгүсүнүн стандарттык сыноодо чыдаган суунун максималдык басымынын маанисине (МПа10-1) туура келет жана W2ден W20 чейинки чектерде кабыл алынат.
Бетондун орточо тыгыздыгы боюнча маркасы D анын кг/м3 менен туюнтулган көлөмдүк массасынын орточо маанисине туура келет жана D 200дөн D 5000 чейинки чектерде кабыл алынат.
Чыңалтуучу бетондор үчүн өзүн чыңалтуусу боюнча маркасы аныкталат.
Бетондун класстарын жана маркаларын алардын параметрлерине ылайык бетондордун ар кандай түрлөрүнө стандарттарда аныкталган катарлары менен дайындашат.
6.1.5 Бекемдиги кысылууга жана октук чоюлууга бекемдиктери боюнча класстарына туура келе турган бетондун долбоордук мөөнөтүн долбоорлоодо конструкцияларды долбоордук жүктөмдөр менен жүктөөнүн реалдуу мөөнөттөрүнө карап, бетонду куюу ыкмасын жана катуулануу шарттарын эсепке алуу менен дайындашат. Бул берилмелер жок болгон учурларда бетондун долбоордук мөөнөтүн 28 суткага барабар деп алышат.
6.1.6 Бетондун ченемделүүчү жана контролдонуучу мүнөздөмөлөрүн төмөнкү жоболорду эске алуу менен дайындоо керек.
Бетондун кысылууга бекемдиги боюнча классын В жана орточо тыгыздыгы боюнча маркасын D баардык учурларда дайындашат.
Бетондун октук чоюлууга бекемдиги боюнча классын Bt бул мүнөздөмө качан конструкциянын талап кылынган бекемдигин жана (же) жаракага туруктуулугун камсыз кылуу үчүн аныктоочу болуп саналганда жана өндүрүштө контролдоого жатканда дайындашат.
Бетондун суука чыдамдуулугу боюнча маркасын F алмак-салмак тоңдурууга жана эритүүгө дуушар кылынган конструкциялар үчүн дайындашат.
Бетондун суу өткөрбөөчүлүк боюнча маркасын W суу өткөрүүчүлүгүн чектеген талаптар коюлган конструкциялар үчүн дайындашат.
6.1.7 Долбоорлонуучу имараттарга же курулмаларга ченемдик документтердин талаптарына ылайык долбоордук документтерде бетондун кошумча ченемделүүчү жана контролдонуучу мүнөздөмөлөрү аныкталышы зарыл, анын ичинде:
- курамына күйүүчү камдаштыргыч заттар же толуктагычтар кирген бетондор үчүн – КЧ КР 21-01 боюнча өрттүк-техникалык мүнөздөмөлөр;
- имараттардын жана курулмалардын тосмолоочу конструкцияларынын бетону үчүн – МАКЧ 2.04-02 боюнча дайындалуучу жылуулук өткөрүмдүүлүк, аба өткөрүүгө каршылык көрсөтүүсү, буу өткөрүүчүлүк;
- пайдаланууда жогорку температуранын таасирине дуушар болгон конструкциялардын бетону үчүн – МАСТ 20910 боюнча дайындалуучу чектик мүмкүн болгон температураны колдонуу боюнча классы, термотуруктуулук боюнча маркасы;
- пайдаланууда чөйрөнүн агрессивдүү таасирине дуушар болгон конструкциялардын бетону үчүн – КЧжЭ 2.03.11 боюнча өткөрүмдүүлүк көрсөткүчтөрү жана (же) арматурага карата бетондун коргоочу касиеттеринин мүнөздөмөлөрү.
6.1.8 Конструкцияларга долбоордук документтерде даярдоонун ар кандай стадияларында контролдонуучу бетондун көрсөткүчтөрүнүн маанилерине, анын ичинде өткөрүп берүүчүлүк, калыптан ажыратучулук жана коё берүүчүлүк бекемдиктеринин маанилерине талаптар көрсөтүлүүсү зарыл.
6.1.9 Кургак абалындагы тыгыздыгы ченемделүүчү жана контролдонуучу бетон үчүн долбоордук документтерде коё берүү нымдуулугуна талаптар аныкталуусу зарыл.
6.1.10 Таасын түрдөгү конструкциялардын бетонуна стандарттардын жана техникалык шарттардын талаптарына ылайык долбоордук документтерде жыйрылуу, жылышуу деформацияларынын, чыдамдуулуктун, жылуулук бөлүп чыгаруунун, призмалык бекемдиктин, серпилгичтүүлүк модулунун, Пуассондун көмөк чоңдугунун, арматурага карата бетондун коргоочу касиеттеринин көрсөткүчтөрүнүн ченемделүүчү жана контролдонуучу маанилери келтирилиши ыктымал.
6.1.11 Бетондун сапатынын көрсөткүчтөрү тиешелүү бетон аралашмасынын курамын долбоорлоо (бетон үчүн материалдардын мүнөздөмөлөрүнүн негизинде), бетон аралашмасын даярдоо жана жумуштарды жүргүзүү технологиясы менен камсыз болуусу зарыл.
6.2 Бетондун бекемдик жана деформациялык көрсөткүчтөрүнүн
ченемдик жана эсептик маанилери
6.2.1 Бетондун бекемдигинин жана деформациялуулугунун негизги көрсөткүчтөрү болуп алардын ченемдик маанилери саналат:
- бетондун октук кысылууга каршылык көрсөтүүсү Rb,n;
- бетондун октук чоюлууга каршылык көрсөтүүсү Rbt,n.
Бетондун октук кысылууга каршылык көрсөтүүсүнүн ченемдик мааниси (призмалык бекемдик) жана октук чоюлууга каршылык көрсөтүүсүнүн ченемдик мааниси бетондун тиешелүү түрү үчүн куб үлгүлөрүнүн ченемдик бекемдигинен (ченемдик кубдук бекемдик) көз карандылыкта аныкталат жана өндүрүштө контролдонот.
Бетондун кысылууга призмалык жана кубдук бекемдиктеринин ченемдик маанилеринин ортосундагы катышты, ошондой эле бетондун чоюлууга бекемдигинин ченемдик маанилеринин бетондун кысылууга бекемдигинин ченемдик маанилеринин ортосундагы катышын бетондун тиешелүү түрү үчүн бетон жана темир-бетон конструкцияларын эсептөө боюнча ченемдик документтерде аныкташат. Бетонду өндүрүүнүн калыптанган шарттарында конструкцияларды долбоорлоодо бул катыштар стандарттык сыноолордун жыйынтыктары боюнча аныкталышы ыктымал.
Октук чоюлууга бекемдик боюнча бетондун классын дайындоодо бетондун октук чоюлууга каршылык көрсөтүүсүнүн ченемдик маанисин бетондун өндүрүштө контролдонуучу октук чоюлууга классынын сандык мүнөздөмөсүнө барабар кылып кабыл алышат.
6.2.2 Бетондун негизги деформациялык мүнөздөмөлөрү болуп төмөнкү ченемдик маанилери саналышат:
- бетондун октук кысылуудагы жана октук чоюлуудагы чектик салыштырмалуу деформацияларынын (тиешелүү түрдө ɛbo,n жана ɛbto,n );
- бетондун баштапкы серпилгичтүүлүк модулунун Еb,n.
Мындан сырткары, төмөнкү деформациялык мүнөздөмөлөрдү аныкташат:
- бетондун туурасынан деформациясынын баштапкы көмөк чоңдугун n;
- бетондун жылышуу модулун G;
- бетондун температуралык деформациялар көмөк чоңдугун αbt;
- бетондун салыштырмалуу жылышуу деформацияларын εcr (же аларга тиешелүү жылышуу мүнөздөмөсүн φb,cr, жылышуу ченин Cb,cr);
- бетондун жыйрылуусунун салыштырмалуу деформацияларын εshr.
Бетондун октук кысылуудагы жана чоюлуудагы чектик салыштырмалуу деформацияларынын жана бетондун баштапкы серпилгичтүүлүк модулунун ченемдик маанилерин бетондун түрүнө, бетондун кысылууга бекемдиги боюнча классына, бетондун орточо тыгыздыгы боюнча маркасына, ошондой эле бетондун технологиялык параметрлерине (бетон аралашмасынын курамы жана мүнөздөмөлөрү, бетонду катуулантуу ыкмалары жана башка параметрлери) жараша, эгерде алар белгилүү болсо, аныкташат.
6.2.3 Бир октуу чыңалуу абалында бетондун механикалык касиеттеринин жалпыланган мүнөздөмөлөрү катары баштапкы (нөлдүк) маанисинен бетондун талкалануусуна чейинки чектик маанисине туура келген бир жолу жүктөлгөн жүктөмдүн кыска мөөнөткө аракет этүүсүнөн кысылган (чоюлган) бетондун чыңалуулар sb,n (sbt,n) жана узата багытталган салыштырмалуу деформацияларынын eb,n (ebt,n) ортосундагы байланышты аныктаган бетондун абалынын (деформациялануусунун) ченемдик диаграммасын кабыл алуу талап кылынат.
Жалпы учурда бетондун абалынын диаграммасы төмөн карай багытталган бутагы менен ийри сызыктуу келбеттеги диаграммага ээ. Практикалык эсептөөлөр үчүн ийри сызыктуу диаграмманы өзүнчө түз сызыктуу, жантык жана горизонталь участоктордон турган жөнөкөйлөтүлгөн сынык сызыктуу диаграмма менен алмаштырууга жол берилет.
Бетондун абалынын ченемдик диаграммасы бетон жана темир-бетон конструкцияларын эсептөө боюнча курулуш эрежелеринде (КЭ) аныкталат. Бетонду чыгаруунун өздөштүрүлгөн шарттарында ишке ашырылуучу конструкцияларды эсептөөлөрдө бул катыштар стандарттык сыноолордун натыйжасында аныкталышы ыктымал.
6.2.4 Эсептөөлөрдө колдонулуучу бетондун негизги эсептик бекемдик мүнөздөмөлөрү катары бетондун каршылык көрсөтүүсүнүн төмөнкү эсептик маанилери саналат:
- октук кысылууга Rb;
- октук чоюлууга Rbt.
Бетондун бекемдик мүнөздөмөлөрүнүн эсептик маанилерин бетондун октук кысылууга жана чоюлууга каршылык көрсөтүүлөрүнүн ченемдик маанилерин кысылуудагы жана чоюлуудагы бетон боюнча тиешелүү ишенимдүүлүк көмөк чоңдуктарына бөлүү менен аныктоо керек.
Ишенимдүүлүк көмөк чоңдуктарынын маанилерин бетондун түрүнө, каралып жаткан чектик абалдагы бетондун эсептик мүнөздөмөсүнө жараша, бирок, төмөнкүлөрдөн кем эмес кылып кабыл алуу керек:
кысылуудагы бетон боюнча ишенимдүүлүк көмөк чоңдугу үчүн:
1,3 – чектик абалдардын биринчи тайпасы үчүн;
1,0 – чектик абалдардын экинчи тайпасы үчүн;
чоюлуудагы бетон боюнча ишенимдүүлүк көмөк чоңдугу үчүн:
1,5 – кысылууга бекемдик боюнча бетондун классын дайындоодо чектик абалдардын биринчи тайпасы үчүн;
1,3 – ошондой эле, октук чоюлууга бекемдик боюнча бетондун классын дайындоодо;
1,0 – чектик абалдардын экинчи тайпасы үчүн.
Бетондун негизги деформациялык мүнөздөмөлөрүнүн эсептик маанилерин чектик абалдардын биринчи жана экинчи тайпалары үчүн алардын ченемдик маанилерине барабар кылып алышат.
Түздөн-түз эсептөөлөрдө чагылдырылбаган жүктөмдүн мүнөзүнүн, айлана чөйрөнүн, бетондун чыңалуу абалынын, элементтин конструктивдик өзгөчөлүктөрүнүн таасирин бетондун эсептик жана деформациялык мүнөздөмөлөрүндө бетондун иштөө шарты көмөк чоңдуктары γbi аркылуу эсепке алуу керек.
Бетон жана темир-бетон конструкцияларын белгиленген пайдалануу мөөнөтү менен долбоорлоодо узак жүктөөдө γb2(τ) бетондун иштөө шарттарынын коэффициенти, эгер аны аныктоо долбоорлоо үчүн техникалык тапшырмада каралса, 6.2.4.1-таблицада келтирилген маанилерге ылайык кабыл алыныш керек.
6.2.4.1.таблицасы
τ | (1¸3) сек | 60 мүн | 1 күн | 3 күн | 1 жыл | 3 жыл | 10 жыл | 50 жыл | 100 жана көбүрөөк жылдар |
γb2(τ) | 1,099 | 1,003 | 0,954 | 0,926 | 0,831 | 0,794 | 0,784 | 0,767 | 0,748 |
γb2(τ) эксп. | 1,10 | 1,00 | 0,960 | 0,925 | 0,830 | 0,800 | 0,780 | 0,765 | 0,750 |
Э с к е р т ү ү – τ – иштөө мөөнөтү
τ = 1-3 сек. – каралып жаткан кыска мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү таасир этүүчү өзгөчө жүктөмдөрдүн айкалышында эсепке алууда
τ = 60мин – бетон үлгүлөрүн октук кысуу сыноосунда статикалык жүктүн иштөө убактысы.
Калган учурларда γb2(τ) коэффициентинин мааниси конструкциянын арналышына жана айлана-чөйрөнүн шарттарына жараша атайын көрсөтмөлөргө ылайык кабыл алынат.
6.2.5 Бетондун абалынын (деформациялануусунун) эсептик диаграммасын анын базалык чекиттеринин параметрлеринин ченемдик маанилерин 6.2.4 п. ылайык алардын тиешелүү эсептик маанилерине алмаштыруу жолу менен аныктоо зарыл.
Диаграммалардын эсептик маанилерин аныктоодо жүктөө мүнөзүнүн жана айлана чөйрөнүн, чыңалуу абалынын түрүнүн таасирин жана бетондун абалынын диаграммасына таасир этүүчү башка факторлорду эсепке алуу керек болот.
6.2.6 Жалпак (эки октуу) же көлөмдүү чыңалуу абалында бетондун бекемдик мүнөздөмөлөрүнүн маанилерин эки же үч өз ара перпендикуляр багыттарда аракет этүүчү чыңалуулардын чектик маанилеринин ортосундагы байланышты туюнтуучу критерийден улам бетондун түрүн жана классын эсепке алуу менен аныктоо зарыл.
Бетондун деформацияларын жалпак же көлөмдүү чыңалуу абалдарын эсепке алуу менен аныктоо керек.
6.2.7 Бетондун мүнөздөмөлөрүн – дисперстүү арматураланган конструкциялардагы матрицаларды бетон жана темир-бетон коонструкцияларындагыдай кылып кабыл алышат (6.1 бөлүмү).
Фибрбетон конструкцияларындагы фибрбетондун мүнөздөмөлөрүн бетондун мүнөздөмөлөрүнө, фибрдин бетондогу салыштырмалуу камтылуусуна, формасына, өлчөмдөрүнө жана жайгашуусуна, алардын бетон менен илинишүүсүнө жана физикалык-механикалык касиеттерине, ошондой эле элементтин же конструкциянын өлчөмдөрүнө жараша аныкташат.
6.3 Арматуранын ченемделүүчү мүнөздөмөлөрү
6.3.1 Темир-бетон конструкцияларын долбоорлоодо, аларга коюлуучу талаптарга ылайык, арматуранын түрү, анын сапатынын ченемделүүчү жана коньролдонуучу көрсөткүчтөрү аныкталышы зарыл.
6.3.2 Темир-бетон конструкциялары үчүн тиешелүү стандарттарда каралган арматуранын төмөнкү түрлөрү колдонулууга жатат:
- диаметри 3-80 мм болгон ысык жайылган жылмакай жана мезгилдүү профилдеги;
- диаметри 6-40 мм болгон термомеханикалык бекемделген мезгилдүү профилдеги;
- диаметри 3-12 мм болгон муздак абалында механикалык бекемделген (муздак деформацияланган) мезгилдүү профилдеги же жылмакай;
- диаметри 6-15 мм болгон арматура зым аркандары.
Чоң арыштуу конструкцияларда болот зым аркандары (уюлгу түрүндөгү, кош өрүлмө, жабык) колдонулушу ыктымал.
Бетонду дисперстик арматуралоо үчүн фибраны же жыш торду колдонуу керек.
Болот-бетон конструкциялары (болот жана темир-бетон элементтеринен турган конструкциялар) үчүн болоттон барак сымал жана профилдик прокатты, ийилген профилдерди жана түтүктөрдү колдонушат.
6.3.3 Арматуранын түрүн конструкциянын дайындалышына, конструктивдик чечилишине, жүктөмдөрдүн мүнөзүнө жана айлана чөйрөнүн таасирине жараша кабыл алышат.
6.3.4 Болот арматуранын сапатынын негизги ченемделүүчү жана контролдонуучу көрсөткүчү катары төмөндөгүчө белгиленүүчү чоюлууга бекемдиги боюнча арматуранын классы саналат:
А – ысык жайылган жана термомеханикалык бекемделүүчү арматура үчүн;
В – муздак деформацияланган арматура үчүн;
К – арматура зым аркандары үчүн.
Арматуранын классы МПа менен өлчөнгөн, камсыздуулугу 0,95 кем болбогон агуу чегинин (физикалык же шарттуу) кепилденген маанисине туура келет жана А240тан А1500, В500дөн В2000 жана К1400дөн К2500 чейинки чектерде кабыл алынат.
Арматуранын классын стандарттарда аныкталган алардын параметрлик катарына ылайык дайындоо зарыл.
6.3.5 Чоюлууга бекемдиги боюнча талаптардан сырткары арматурага тиешелүү стандарттар боюнча аныкталуучу кошумча көрсөткүчтөр боюнча дагы талаптар коюлат: ширетилүүчүлүк, чыдамдуулук, майышуучулук, коррозиялык жарылууга каршы туруктуулук, релаксиялык туруктуулук, муздакка туруктуулук, жогорку температураларга туруктуулук, үзүүдөгү салыштырмалуу узаруу ж.б.
Металл эмес арматурага (анын ичинде фибрага дагы) ошондой эле жегичке туруктуулук жана бетонго жабышуучулук талаптары коюлат.
6.3.6 Темир-бетон конструкцияларын долбоорлоодо керектүү көрсөткүчтөрдү эсептөөлөрдүн жана даярдоонун талаптарына ылайык, ошондой эле айлана чөйрөнүн ар кандай таасирлерин эсепке алуу менен конструкцияларды пайдалануу шарттарына жараша кабыл алышат.
6.4 Арматуранын бекемдик жана деформациялуулук мүнөздөмөлөрүнүн ченемдик жана эсептик маанилери
6.4.1 Арматуранын бекемдигинин жана деформациялуулугунун негизги көрсөткүчтөрү катары алардын ченемдик маанилери саналат.
Арматуранын чоюлуудагы (кысылуудагы) негизги мүнөздөмөсү болуп агуунун физикалык чегинин маанисине же 0,2% түзгөн калдыктуу узарууга (кыскарууга) туура келген шарттуу агуу чегинин маанисине барабар ченемдик каршылык көрсөтүүсү Rs,n саналат. Мындан сырткары, арматуранын кысылуудагы каршылык көрсөтүүсүнүн ченемдик маанилерин каралып жаткан кысылган арматураны курчап турган бетондун кыскаруу чектик салыштырмалуу деформацияларына барабар болгон деформациялардын маанилери менен чектешет.
Арматуранын негизги деформациялык мүнөздөмөлөрү болуп төмөнкү ченемдик маанилер саналышат:
- чыңалуулардын ченемдик маанилерине Rs,n жеткендеги арматуранын салыштырмалуу узаруу деформацияларынын εs0,n
- арматуранын серпилгичтүүлүк модулунун Es,n
Физикалык агуу чеги менен арматура үчүн анын салыштырмалуу узаруу деформациясынын ченемдик маанилерин εs0,nарматуранын каршылык көрсөтүүсүнүн ченемдик маанилериндеги жана серпигичтүүлүк модулундагы серпилгич салыштырмалуу деформациялар катары аныкташат.
Шарттуу агуу чеги менен арматура үчүн арматуранын узаруусунун салыштырмалуу деформациясынын ченемдик маанилерин εs0,n анын 0,2% барабар калдыктуу узаруусунун жана шарттуу агуу чегине туура келген чыңалуудагы серпилгич салыштырмалуу деформациялардын суммасы катары аныкташат.
Кысылган арматура үчүн салыштырмалуу кыскаруу деформацияларынын маанилерин чоюлуудагыдай эле кылып кабыл алышат, айрым бир атайын белгиленген учурлардан сырткары, бирок, бетондун салыштырмалуу чектик кыскаруу деформацияларынан чоң эмес.
Арматуранын кысылуудагы жана чоюлуудагы серпилгичтүүлүк модулунун ченемдик маанилерин бирдей кылып, арматуранын тиешелүү түрлөрү жана классы үчүн аныкташат.
6.4.2 Арматуранын механикалык касиеттеринин жалпыланган мүнөздөмөсү катары бир жолу жүктөлгөн жүктөмдүн кыска мөөнөткө аракет этүүсүндөгү (стандарттык сыноолорго ылайык) арматуранын чыңалууларынын σs,n жана деформацияларынын Es,n ортосундагы байланышты аныктоочу абалынын (деформациялануусунун) ченемдик диаграммасын, аныкталган ченемдик маанилерине чейин жеткен, кабыл алуу зарыл.
Арматуранын чоюлуудагы жана кысылуудагы абалынын диаграммаларын бирдей кылып алышат, мурун тескери белгидеги серпилгич эмес деформациялар болгон арматуранын жумушу каралып жаткан учурлардан сырткары.
Арматуранын абалынын диаграммасынын мүнөзүн арматуранын түрүнө жараша аныкташат.
6.4.3 Арматуранын каршылык көрсөтүүлөрүнүн эсептик маанилерин Rs арматуранын каршылык көрсөтүүлөрүнүн ченемдик маанилерин арматура боюнча ишенимдүүлүк көмөк чоңдугуна бөлүү менен аныкташат.
Ишенимдүүлүк көмөк чоңдугунун маанилерин арматуранын классына жана каралып жаткан чектик абалдарга жараша, бирок төмөнкүлөрдөн кем эмес, кабыл алуу зарыл:
чектик абалдардын биринчи тайпасы боюнча эсептөөлөрдө – 1,1;
чектик абалдардын экинчи тайпасы боюнча эсептөөлөрдө – 1,0.
Арматуранын серпилгичтүүлүк модулунун эсептик маанилерин Es алардын ченемдик маанилерине барабар кылып алышат.
Жүктөмдүн мүнөзүнүн, айлана чөйрөнүн, арматуранын чыңалуу абалынын, технологиялык факторлордун жана жумуштун башка шарттарынын таасирин, эсептөөлөрдө түздөн-түз чагылдырылбаган, арматуранын иштөө шарты көмөк чоңдуктары γsi аркылуу арматуранын эсептик бекемдик жана деформациялык мүнөздөмөлөрүндө эсепке алуу зарыл.
Баардык класстардагы туурасынан багытталган арматуралар үчүн каршылык көрсөтүүлөрдүн маанилерин Rsw 300 МПа чоң эмес кылып алуу керек.
6.4.4 Арматуранын абалынын эсептик диаграммаларын диаграммалардын параметрлеринин ченемдик маанилерин 6.4.3 п. көрсөтмөлөрү боюнча кабыл алынуучу алардын тиешелүү эсептик маанилерине алмаштыруу жолу менен аныктоо керек.
7 Бетон жана темир-бетон конструкцияларын эсептөөгө
талаптар
7.1 Жалпы жоболор
7.1.1 Бетон жана темир-бетон конструкцияларын эсептөөлөрдү чектик абалдар усулу (МАСТ 27751) боюнча жүргүзүү зарыл. Аларга төмөнкүлөр кирет:
- чектик абалдардын биринчи тайпасы, конструкцияларды пайдаланууга толук жараксыз абалга алып келүүчү;
- чектик абалдардын экинчи тайпасы, конструкциялардын нормалдуу пайдаланылуусун кыйындатуучу же каралган кызмат өтө мөөнөтүнө салыштырмалуу имараттардын жана курулмалардын көпкө чыдамдуулугун азайтуучу.
Эсептөөлөр имараттардын жана курулмалардын конструкцияларынын аларга коюлуучу талаптарга ылайык бүткүл кызмат өтөө мөөнөтүнүн ичинде, ошондой эле жумуштарды жүргүзүү мезгилинде чектик абалдардын жаралуу кооптуулугунан ишенимдүүлүгүн камсыз кылуусу зарыл.
7.1.2 Чектик абалдардын биринчи тайпасы боюнча эсептөөлөр өздөрүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- бекемдик боюнча эсептөөлөрдү;
- форманын туруктуулугу (жука дубалдуу конструкциялар үчүн) боюнча эсептөөлөрдү;
- абалдын туруктуулугу (аңтарылуу, жылмышуу, калкып чыгуу) боюнча эсептөөлөрдү.
Бетон жана темир-бетон конструкцияларын бекемдик боюнча эсептөөлөрдү ар кандай сырткы таасирлерден жаралган конструкциялардагы күчтөнүүлөр жана чыңалуулар, баштапкы чыңалуу абалын (алдын ала чыңалтуу, температуралык жана башка таасирлерден) эсепке алуу менен, конструкциялар тарабынан кабыл алынуучу күчтөнүүлөрдүн жана ченемдерде аныкталган чыңалуулардын маанилеринен ашпай турган шарттарда жүргүзүү зарыл.
Бекемдик боюнча эсептөөлөрдө тиешелүү ченемдик документтер боюнча отко туруктуулукка жана отто сакталуучулукка эсептөөлөрдү жүргүзүү керек.
Конструкциянын формасынын туруктуулугу, ошондой эле абалынын туруктуулугу (конструкциянын жана жерпайдын бирге иштөөсүн, алардын деформациялуулук касиеттерин, жерпай менен жалгашуу орду боюнча жылышууга каршылык көрсөтүүсүн жана башка өзгөчөлүктөрдү эсепке алуу менен) боюнча эсептөөлөрдү конструкциялардын өзүнчө түрлөрүнө ченемдик документтердин көрсөтмөлөрүнө ылайык жүргүзүшөт.
Керек учурларда өтө чоң деформациялар, бириктирмелердеги жылышуулар жана башка кубулуштар менен байланышкан чектик абалдардын биринчи тайпасы боюнча эсептөөлөр жүргүзүлүшү керек болот.
7.1.3 Чектик абалдардын экинчи тайпасы боюнча эсептөөлөр өздөрүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- жаракалардын жаралуусу боюнча эсептөөлөрдү;
- жаракалардын ачылуусу боюнча эсептөөлөрдү;
- деформациялар боюнча эсептөөлөрдү.
Жаракалардын жаралуусу боюнча бетон жана темир-бетон коснтрукцияларын эсептөөлөрдү ар кандай таасирлерден конструкциялардагы күчтөнүүлөр, чыңалуулар же деформациялар жаракалар пайда болгондо конструкциялар тарабынан кабыл алынуучу алардын чектик маанилеринен ашпай турган шарттарда жүргүзүшөт.
Жаракалардын ачылуусу боюнча темир-бетон конструкцияларын эсептөөнү ар кандай таасирлерден конструкциядагы жаракалардын ачылуу жазылыгы арматуранын коррозияга туруштук берүү өзгөчөлүгүн эске алуу менен конструкцияга, аны пайдалануу шарттарына, айлана чөйрөнүн таасирине жана материалдардын мүнөздөмөлөрүнө коюлуучу талаптарга жараша аныкталуучу чектик мүмкүн болгон маанилерден ашпоо шарттарынан улам жүргүзүшөт.
Деформациялар боюнча бетон жана темир-бетон конструкцияларын эсептөөнү ар кандай таасирлерден конструкциялардын салаңдоолору, бурулуу бурчтары, которулуулары жана термелүү амплитудалары тиешелүү чектик мүмкүн болгон маанилерден ашпоо шарттарынан улам жүргүзүшөт.
Жаракалардын ачылуусуна жол берилбеген конструкциялар үчүн жаракалардын болбошу боюнча талаптардын камсыз кылынышы зарыл. Жаракалардын жаралышына жол бериле турган конструкциялар үчүн жаракаалардын жаралуусу боюнча эсептөөнү жаракалардын ачылуусу жана деформациялар боюнча эсептөөдө жаракаларды эсепке алуу муктаждыгын аныктоо үчүн жүргүзүшөт.
7.1.4 Көпкө чыдамдуулук боюнча бетон жана темир-бетон конструкцияларын эсептөөнү (чектик абалдардын биринчи жана экинчи тайпалары боюнча эсептөөлөрдөн улам) айлана чөйрөнүн таасирин эсепке алуу менен конструкциялардын берилген параметрлеринде (өлчөмдөрү, арматуралардын саны ж.б.), бетондун (бекемдиги, суукка чыдамдуулугу, суу өткөрбөөчүлүгү, коррозияга туруктуулугу, температурага туруктуулугу ж.б.) жана арматуранын (бекемдиги, коррозияга туруктуулугу ж.б.) сапатынын көрсөткүчтөрүндө конструкциянын, имараттардын же курулмалардын оңдоолор аралык мезгилинин жана кызмат өтөөө мөөнөтүнүн узактыгы имараттардын жана курулмалардын таасын типтери үчүн аныкталгандан кем болбошу зарыл деген шарттардан улам жүргүзүшөт.
Мындан сырткары, керек учурларда жылуулук өткөрүмдүүлүгү, үн обочолонтуусу, биологиялык коргонуусу жана башка параметрлери боюнча эсептөөлөрдү жүргүзүшөт.
7.1.5 Чектик абалдардын биринчи жана экинчи тайпалары боюнча бетон жана темир-бетон конструкцияларын (узундуу, тегиздиктүү, көлөмдүү жана массивдүү) эсептөөнү физикалык түз сызыктуу эместигин (бетондун жана арматуранын серпилгич эмес деформацияларын), жаракалардын жаралуу ыктымалдуулугун жана керек учурларда – анизотропияны, бузулуулардын топтолуусун жана геоетриялык сызыктуу эместигин (конструкциялардагы күчтөнүүлөргө деформациялардын таасирин) эсепке алуу менен жүргүзүшөт.
Физикалык сызыктуу эместикти жана анизотропияны чыңалуу жана деформацияны (же күчтөнүүлөрдү жана которууларды) байланыштыруучу катышта, ошондой эле материалдын бекемдигинин жана жаракага туруктуулугунун шарттарында эсепке алышат.
Статикалык аныкталбас конструкцияларда элементте биринчи чектик абалдардын пайда болуусуна чейин бетон жана арматурада жаракалардын жаралуусунан, серпилгич эмес деформациялардын өөрчүүсүнөн улам тутумдун элементтериндеги күчтөнүүлөрдүн кайрадан бөлүштүрүлүүсүн эсепке алуу керек. Темир-бетондун серпилгич эмес касиеттерин эсепке алуучу эсептөө усулдары же темир-бетон элементтеринин серпилгич эмес иштөөсү тууралуу берилмелер жок болгон учурларда статикалык аныкталбас конструкциаларда, тутумдарда күчтөнүүлөрдү жана чыңалууларды темир-бетон элементтеринин серпилгич иштөөсүн божомолдоп аныктоого жол берилет. Бул учурда физикалык сызыктуу эместиктин таасирин сызыктуу эсептөөнүн жыйынтыктарына эксперименттик изилдөөлөрдүн берилмелеринин, сызыктуу эмес моделдөөнүн, окшош объекттерди эсептөөнүн жыйнтыктарынын негизинде түзөтүү киргизүү аркылуу эсепке алуу сунушталат.
7.1.6 Чектелген элементтер усулунун (ЧЭУ) (ЭЭМ программалык комплекстеринде колдонулуучу) негизинде конструкцияларды бекемдик, деформациялар, жаракалардын жаралышы жана ачылышы боюнча эсептөөлөрдө конструкцияны түзүүчү баардык чектелген элементтер үчүн бекемдик жана жаракага туруктуулук шарттары, ошондой эле конструкциянын өтө чоң которулууларынын жаралуу шарттары текшерилиши зарыл. Бекемдик боюнча чектик абалдарды баалоодо айрым бир чектелген элементтерди сынууга дуушар болду деп болжолдоого жол берилет, эгерде бул имараттардын же курулмалардын улам өөрчүүчү бузулууларына алып келбесе жана каралып жаткан жүктөмдүн аракети токтогондон кийин имараттардын же курулмалардын пайдалануучулук жарамдуулугу сакталса же калыбына келтирилсе.
Ар кандай бетон жана темир-бетон конструкцияларын дискреттик усулдар (анын ичинде ЧЭУ, ЭЭМдин программалык комплекстеринде колдонулуучу) менен эсептөөлөрдү конструкциялардын ар кандай чыңалуу абалдарында бетондун, темир-бетондун деформациялануу жана бекемдигинин жалпы моделдеринин негизинде аныкталуучу чектелген элементтердин ийкемсиздигинин тиешелүү матрицасын пайдалануу менен жүргүзүшөт. Ар кандай чыңалуу абалдары менен конструкциялардын деформациялануу жана талкалануу өзгөчөлүктөрүн физикалык катышта, салыштырмалуу деформациялардын жана чыңалуулардын байланышында эсепке алышат.
7.1.7 Бетон жана темир-бетон конструкцияларында чектик күчтөнүүлөрдү жана деформацияларды аныктоону каралып жаткан чектик абалда конструкциялардын жана материалдардын иштөөсүнүн реалдуу физикалык мүнөзүнө эң жакын жооп бере турган эсептик сөлөкөттөрдүн (моделдердин) негизинде жүргүзүү керек.
Чоң майышма деформацияларга дуушар боло турган темир бетон конструкцияларынын жүк көтөрүмдүүлүгүн (алсак, физикалык агуу чеги менен арматураларды колдонууда) чектик тең салмактуулук усулу менен аныктоого жол берилет.
7.1.8 Бетон жана темир-бетон конструкцияларын эсептөөнү имараттардын жана курулмалардын функционалдык дайындалышына жооп бере турган жүктөмдөрдүн баардык түрлөрүнө, айлана чөйрөнүн таасирин (климатикалык таасирлердин жана суунун – суу менен курчалган конструкциялар үчүн), ошондой эле керек учурларда – өрттүн таасирин, технологиялык жана температуралык таасирлерди, химиялык агрессивдүү чөйрөнүн таасирлерин эске алуу менен жүргүзүү зарыл. Ошол эле учурда МАСТ 27751 ылайык ар кандай эсептик кырдаалдарды дагы караштыруу керек болот.
7.1.9 Бетон жана темир-бетон конструкцияларын эсептөөнү ийилтүүчү моменттердин, узата багытталган күчтүн, туурасынан багытталган күчтүн жана толгоочу моменттердин, ошондой эле жүктөмдүн жергиликтүү аракет этүүсүнө жүргүзүшөт.
7.1.10 Бетон жана темир-бетон конструкцияларын эсептөөлөрдө бетон жана арматуранын ар кандай түрлөрүнүн касиеттеринин өзгөчөлүктөрүн, жүктөмдүн жана айлана чөйрөнүн таасирин, арматуралоо ыкмаларын, арматуранын жана бетондун бирге иштөөсүн (арматуранын бетон менен илинишүүсүнүн болуусунда жана жоктугунда), имараттардын жана курулмалардын темир-бетон элементтеринин конструктивдик типтерин даярдоо технологияларын эсепке алуу зарыл.
7.1.11 Алдын ала чыңалган конструкцияларды эсептөөлөрдү арматурадагы жана бетондогу баштапкы (алдын ала) чыңалууларды, деформацияларды, алдын ала чыңалуунун жоготууларын жана алдын ала чыңалуунун бетонго өткөрүлүп берилишинин өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен жүргүзүшөт.
7.1.12 Курама-чулу жана болот-бетон конструкцияларын эсептөөлөрдү курама темир-бетон же болоттон жүк көтөрүүчү элементтердин чулу бетонду куюуда анын бекемдик алышына жана курама темир-бетон же болоттон жүк көтөрүүчү элементтер менен бирге иштөөсүн камсыз кылууга чейин жүктөмдүн аракетинен алынган баштапкы чыңалууларын жана деформацияларын эсепке алуу менен жүргүзүшөт. Курама-чулу жана болот-бетон конструкцияларын эсептөөлөрдө курама темир-бетон жана болоттон жүк көтөрүүчү элементтердин чулу бетон менен сүрүлүү күчтөрүнүн, материалдардын тийишкен жерлеринин илинишүүсүнүн эсебинен же кепилдик (шпонка) бирикмелерди, арматуранын чыкма учтарын жана атайын анкердик түзмөктөрдү жасоо жолу менен жалгашуусунун ортосундагы жиктеринин бекемдиги камсыз болууга тийиш.
Чулу конструкцияларда конструкциянын бекемдиги бетондоонун жумушчу жиктерин эсепке алуу менен камсыз болуусу зарыл.
7.1.13 Курама конструкциялардын элементтерин көтөрүүдө, ташууда жана монтаждоодо пайда болуучу күчтөнүүлөрдүн таасирине эсептөөдө элементтин өздүк салмагынан жүктөмдү эсептөөгө мындай динамикалуулук көмөк чоңдуктарынын маанисинде киргизүү керек: 1,6 – ташууда; 1,4-көтөрүүдө жана монтаждоодо. Бул учурда элементтин өздүк салмагынан жүктөмгө ашыкча жүктөө көмөк чоңдугу киргизилбейт. Жогоруда көрсөтүлгөн динамикалуулук көмөк чоңдуктары үчүн төмөнкү маанилерди кабыл алууга жол берилет, эгерде ал конструкцияларды колдонуу тажрыйбасы менен тастыкталса, бирок 1,25 тен төмөн болбоого тийиш. Сандык маанилер техникалык тапшырмага ылайык өзгөртүлүшү мүмкүн.
Курама конструкцияларды эсептөөдө болоттон калтырма тетиктерди, арматуранын чыкма учтарын бириктирүү жана бетондоп чулулоо жолу менен ишке ашырылуучу курама элементтердин түйүндүк жана улама жалгашууларынын бекемдиги камсыз кылынууга тийиш.
7.1.14 Дисперстик-арматураланган конструкцияларды (фибрбетондук, армцементтик) эсептөөнү дисперстик-арматураланган бетондун, дисперстик арматуранын мүнөздөмөлөрүн жана дисперстик-арматураланган конструкциялардын иштөөсүнүн өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен жүргүзүшөт.
7.1.15 Эки өз ара перпендикуляр багытта күчтүк таасирлерге дуушар болгон жалпак жана мейкиндиктүү конструкцияларды эсептөөдө элементтин каптал жактары боюнча аракет этүүчү күчтөнүүлөрү менен корнструкциядан өзүнчө бөлүп алынган жалпак же мейкиндиктүү мүнөздүү кичинекей элементерди карашат. Жаракалар болгондо бул күчтөнүүлөрдү жаракалардын жайгашуусун, арматуранын ийкемсиздигин (октук жана тангециалдык), бетондун ийкемсиздигин (жаракалар ортосундагы жана жаракалардагы) жана башка өзгөчөлүктөрдү эсепке алуу менен аныкташат. Жаракалар жок болгондо бул күчтөнүүлөрдү туюк нерсе үчүн аныкталгандай эле аныкташат.
Жаракалар болгондо күчтөнүүлөрдү темир-бетон элементи серпилгич иштейт деген божомолдо аныктоого жол берилет.
Элементтерди эсептөөнү жалпак чыңалуу шарттарында жаракалардагы арматуранын иштөөсүн жана бетондун жаракалар ортосундагы иштөөсүн эсепке алучу эсептик моделдердин негизинде, элементке аракет этүүчү күчтөнүүлөрдүн багытына карата бурч менен жайгашкан эң кооптуу кесилиштер боюнча жүргүзүшөт.
Жалпак жана мейкиндиктүү конструкцияларды эсептөөнү бүтүндөй конструкция үчүн чектик тең салмактуулук усулунун негизинде, анын ичинде талкалануу моментине деформацияланган абалын эсепке алуу менен, ошондой эле жөнөкөйлөтүлгөн эсептик моделдерди колдонуу менен, жүргүзүүгө жол берилет.
7.1.16 Үч өз ара перпендикуляр багытта күчтүк таасирлерге дуушар кылынуучу массивдүү конструкцияларды эсептөөлөрдө элементтин капталдары боюнча аракет этүүчү күчтөнүүлөрү менен конструкциядан бөлүнүп алынган кичинекей көлөмдүү мүнөздүү элементтерди карашат. Бул учурда күчтөнүүлөрдү жалпак элементтер үчүн (7.1.15 п) кабыл алынган окшош жоромолдордун негизинде аныкташат.
Элементтерди эсептөөнү көлөмдүү чыңалуу шарттарында бетон жана арматуранын иштөөсүн эсепке алуучу эсептик моделдердин негизинде элементке аракет эткен күчтөнүүлөрдүн багытына карата бурч менен жайгашкан эң кооптуу кесилиштер боюнча жүргүзүшөт.
7.1.17 Татаал конфигурациядагы конструкциялар (мисалга, мейкиндиктүү) үчүн жүк көтөрүмдүүлүгүн, жаракага туруктуулугун жана деформациялуулугун баалоонун эсептик усулдарынан сырткары физикалык моделдерди сыноонун жыйнтыктары дагы пайдаланылышы ыктымал.
7.2 Бетон жана темир-бетон элементтерин бекемдик боюнча эсептөө
7.2.1 Бетон жана темир-бетон элементтерин бекемдикке эсептөөлөрдү төмөнкүлөрдө жүргүзүшөт:
- сызыктуу эмес деформациялык моделдер боюнча нормалдык кесилиштер (ийилтүүчү моменттер жана узатасынан багытталган күчтөр аракет эткенде) боюнча, ал эми конфигурациясы боюнча жөнөкөй элементтер үчүн – чектик күчтөнүүлөр боюнча;
- жантык кесилиштер боюнча (туурасынан аракет эткен күчтөрдө), мейкиндиктүү кесилиштер боюнча (толгоочу моменттер аракет эткенде), жүктөмдүн жергиликтүү аракет этүүсүндө (жергиликтүү кысуу, сындыруу) – чектик күчтөнүүлөр боюнча.
Кыска темир-бетон элементтерин (кыска корогойлорду жана башка элементтерди) бекемдикке эсептөөнү каркастык-өзөктүк моделдин негизинде жүргүзүшөт.
Эсептөө ыкмасы Е, Ж, И тиркемелеринде берилген.
7.2.2 Бетон жана темир-бетон элементтерин бекемдикке чектик күчтөнүүлөр боюнча эсептөөнү сырткы күчтөрдөн жана таасирлерден жаралган каралып жаткан кесилиштеги күчтөнүү F ошол эле кесилиштеги элементтин кабыл ала турган чектик күчтөнүүсүнөн Fult ашпоого тийиш деген шарттан улам жүргүзүшөт.
F≤Fult. (7.1)
Бетон элементтерин бекемдик боюнча эсептөө
7.2.3 Бетон элементтерин алардын иштөө шарттарынан жана аларга коюлуучу талаптардан улам чоюлган чөлкөмдүн бетонунун каршылык көрсөтүүсүн эсепке албай (7.2.4) же эсепке алуу менен (7.2.5) чектик күчтөнүүлөр боюнча нормалдык кесилиштерде эсептөө зарыл.
7.2.4 Чоюлган чөлкөмдүн бетонунун каршылык көрсөтүүсүн эсепке албастан жүргүзүлгөн эсептөөлөр кесилиштин оордук борборунан эң кысылган булага чейинки аралыктын 0,9 ашпаган узатасынан багытталган күчтүн эксцентриситетинин маанилеринде борбордон чет кысылган элементтер үчүн жүргүзүлөт. Бул учурда элемент тарабынан кабыл алынуучу чектик күчтөнүүнү узатасынан багытталган күчтүн аракет этүү чекити менен дал келген оордук борбору менен шарттуу кысылган чөлкөмдүн кесилиши боюнча бир калыпта тегиз бөлүштүрүлгөн бетондун кысылууга болгон эсептик каршылык көрсөтүүсү Rb боюнча аныкташат.
Гидротехникалык курулмалардын массивдүү бетон конструкциялары үчүн бетондун кысылууга каршылык көрсөтүүсүнүн эсептик маанисинен ашпаган кысылган чөлкөмдөгү чыңалуулардын үч бурчтуу эпюрасын кабыл алуу зарыл. Бул учурда узатасынан багытталган күчтүн кесилиштин оордук борборуна карата эксцентриситети оордук борбордон бетондун эң кысылган буласына чейинки аралыктын 0,65 ашпоого тийиш.
7.2.5 Бетондун чоюлган чөлкөмүнүн каршылык көрсөтүүсүн эсепке алуу менен эсептөөлөрдү 7.2.4 п. көрсөтүлгөндөн чоң узатасынан багытталган күчтүн эксцентриситети менен борбордон чет кысылган бетон элементтерге, ийилүүгө дуушар болгон элементтерге, ошондой эле 7.2.4 п. келтирилген узатасынан багытталган күчтүн эксцентриситети менен кысылган элементтерге, бирок, пайдалануу шарттары боюнча аларда жаракалардын жаралуусуна жол берилбесе, жүргүзүшөт. Ошол эле учурда, элементтин кесилиши тарабынан кабыл алынуучу чектик күчтөнүүнү бетондун чоюлууга каршылык көрсөтүүсүнүн эсептик маанисине Rbt барабар болгон максималдуу чоюлуу чыңалууларында серпилгич нерседегидей кылып аныкташат.
7.2.6 Борбордон чет кысылган бетон элементтерин эсептөөдө узатасынан ийилүүнүн таасирин жана кокустук эксцентриситеттерди эсепке алуу зарыл.
Темир-бетон элементтердин нормалдык кесилиштерин бекемдик
боюнча эсептөө
7.2.7 Темир бетон элементтерин нормалдык кесилиште бетон жана арматура тарабынан кабыл алынуучу чектик күчтөнүүлөр боюнча эсептөөлөр төмөнкү жоболордун негизинде жүргүзүлөт:
- бетондун чоюлууга болгон каршылык көрсөтүүсү нөлгө барабар деп кабыл алынат;
- бетондун кысууга болгон каршылык көрсөтүүсү анын кысылууга эсептик каршылык көрсөтүүсүнө барабар жана бетондун шарттуу кысылуу чөлкөмү боюнча бир калыпта тегиз бөлүштүрүлгөн деп кабыл алынат;
- арматурадагы чоюучу жана кысуучу чыңалуулар тиешелүү түрдө чоюлууга жана кысылууга эсептик каршылык көрсөтүүлөрдөн чоң эмес кылып кабыл алынат.
7.2.8 Темир-бетон элементтерин бетон жана арматуранын абалынын диаграммасынын сызыктуу эмес деформацияланган модели боюнча эсептөө жалпак кесилиштер гипотезасынан улам жүргүзүлөт. Нормалдык кесилиштердин бекемдигинин критерий катары бетондо же арматурада чектик салыштырмалуу деформацияларга жетүү эсептелет.
7.2.9 Борбордон чет кысылган элементтерди эсептөөдө кокустук эксцентриситеттерди жана узатасынан ийилүүнүн таасирин эсепке алуу зарыл.
Темир-бетон элементтерин жантык кесилиштердин бекемдиги боюнча
эсептөө
7.2.10 Темир-бетон элементтерин жантык кесилиштердин бекемдиги боюнча эсептөөнү төмөнкүлөргө жүргүзүшөт:
- туурасынан багытталган күчтүн аракетине;
- ийилтүүчү моменттин аракетине;
- жантык кесилиштердин ортосундагы тилке боюнча туурасынан багытталган күчтүн таасирине.
7.2.11 Темир-бетон элементин туурасынын аракет эткен күчтүн аракетине жантык кесилиштин бекемдиги боюнча эсептөөдө чектик туурасынан аракет эткен күч жантык кесилиштеги бетон жана аны кесип өткөн туурасынан багытталган арматура тарабынан кабыл алынуучу туурасынан багытталган күчтөрдүн суммасы катары аныкталат.
7.2.12 Темир-бетон элементин ийилтүүчү моменттин аракетине жантык кесилиштин бекемдиги боюнча эсептөөдө чектик момент кысылган чөлкөмдөгү тең аракет этүүчү күчтөнүүлөрдүн аракет этүү чекити аркылуу өткөн окко карата жантык кесилишти кесип өтүүчү узатасынан жана туурасынан багытталган арматуралар тарабынан кабыл алынуучу моменттердин суммасы катары аныкталат.
7.2.13 Темир-бетон элементин жантык кесилиштердин оросундагы тилке боюнча туурасынан багытталган күчтүн аракетине бекемдикке эсептөөдө чектик туурасынан багытталган күч тилкени бойлото кысуу күчтөнүүлөрүнүн таасири алдында турган жантык бетон тилкесинини бекемдигинен жана жантык тилкени кесип өткөн туурасынан багытталган арматуралардагы чоюу күчтөнүүлөрүнөн аныкталат.
Темир-бетон элементтерин мейкиндиктүү кесилиштер боюнча
бекемдикке эсептөө
7.2.14 Темир-бетон элементтерин мейкиндиктүү кесилиштер боюнча бекемдикке эсептөөдө элемент тарабынан кабыл алынуучу чектик толгоочу момент элементтин ар бир капталында жайгашкан жана мейкиндиктүү кесилишти кесип өткөн узатасынан жана туурасынан багытталган арматуралар кабыл алуучу чектик толгоочу моменттердин суммасы катары аныкталат. Мындан сырткары, темир-бетон элементин бекемдикке эсептөөнү мейкиндиктүү кесилиштердин ортосунда жайгашкан жана тилкени бойлото кысуу күчтөнүүлөрүнүн жана тилкени кесип өтүүчү туурасынан багытталган арматурадан чоюучу күчтөнүүүлөрүнүн таасири алдында турган бетон тилкеси боюнча жүргүзүү зарыл.
Темир-бетон элементтерин жүктөмдүн жергиликтүү аракетине эсептөө
7.2.15 Темир-бетон элементтерин жергиликтүү кысууга эсептөөдө элемент тарабынан кабыл алынуучу чектик кысуу күчүн курчап турган бетон жана кыйыр арматура, эгерде ал коюлган болсо, түзүүчү көлөмдүү чыңалуу абалындагы бетондун каршылык көрсөтүүсүнөн аныктоо зарыл.
7.2.16 Теше сындырууга эсептөөнү теше сындыруу чөлкөмүндөгү топтолгон күчтүн жана моменттин аракетинде жалпак темир-бетон такталары үчүн жүргүзүшөт. Теше сындырууда темир-бетон элементи тарабынан кабыл алынуучу чектик күчтөнүүнү теше сындыруу чөлкөмүндө жайгашкан бетон жана туурасынан багытталган арматура кабыл алуучу чектик күчтөнүүлөрдүн суммасы катары аныктоо керек.
7.3 Темир-бетон элементтерди жаракалардын жаралуусу боюнча
эсептөө
7.3.1 Темир-бетон элементтерин нормалдык жаракалардын жаралуусу боюнча эсептөөнү чектик күчтөнүүлөр же сызыктуу эмес деформациялык модель боюнча жүргүзүшөт. Жантык жаракалардын жаралуусу боюнча эсептөөнү чектик күчтөнүүлөр боюнча жүргүзүшөт.
7.3.2 Темир-бетон элементтерин жаракалардын жаралуусуна чектик күчтөнүүлөр боюнча эсептөөнү каралып жаткан кесилиштеги сырткы жүктөмдөрдөн жана таасирлерден пайда болгон күчтөнүү F жаракалардын жаралуусунда темир-бетон элементи тарабынан кабыл алынуучу чектик күчтөнүүдөн Fcrc ашпоого тийиш деген шарттан улам жүргүзүшөт.
F≤Fcrc,ult. (7.2)
7.3.3 Нормалдык жаракалардын жаралуусунда темир-бетон элементи кабыл алуучу чектик күчтөнүүнү арматурадагы серпилгич деформацияларды жана бетондун чоюлууга каршылык көрсөтүүсүнүн Rbt эсептик маанилерине барабар бетондогу максималдуу нормалдык чоюлуу чыңалууларында чоюлган жана кысылган бетондогу серпилгич эмес деформацияларды эсепке алуу менен туюк нерсе катары темир бетон элементин эсептөөдөн аныкташат.
7.3.4 Нормалдык жаракалардын жаралышында темир-бетон элементтерин сызыктуу эмес деформациялык модель боюнча эсептөөнү арматуранын абалынын, чоюлган жана кысылган бетондун диаграммаларынын жана жалпак кесилиштер гипотезасынын негизинде жүргүзүшөт. Жаракалардын жаралуу критерийи катары чоюлган бетондогу салыштырмалуу деформациялардын чектик маанисне жетиши саналат.
7.3.5 Жантык жаракалардын жаралышында темир-бетон элементи кабыл алуучу чектик күчтөнүүнү туюк серпилгич нерсе катары жана “кысуу-чоюу” жалпак чыңалуу абалындагы бетондун бекемдик критерийинен улам темир-бетон элементин эсептөөдөн аныктоо зарыл.
7.4 Темир-бетон элементтерин жаракалардын ачылуусу боюнча эсептөө
7.4.1 Темир-бетон элементтерин нормалдык жана жантык жаракалардын ачылуусуна эсептөөлөрдү эгерде элементтерде жаракалардын жаралуусуна эсептөөлөрдө жаракалардын жаралуусу аныкталган учурларда жүргүзүшөт.
7.4.2 Жаракалардын ачылуусу боюнча эсептөөлөрдү сырткы жүктөмдөн жаракалардын ачылуусу αcrc жаракалардын ачылуу жазылыгынын чектик мүмкүн болгон маанисинен acrc,ult ашпоо шартынан жүргүзүшөт
acrc≤acrc,ult. (7.3)
7.4.3 Темир-бетон элементтерин эсептөөлөрдү нормалдык жана жантык жаракалардын узак мөөнөткө жана кыска мөөнөткө ачылуусуна жүргүзүү зарыл.
Жаракалардын узак мөөнөткө ачылуу жазылыгын төмөнкү формула боюнча аныкашат
acrc = acrc1, (7.4)
ал эми кыска мөөнөткө ачылуу жазылыгын – төмөнкү формула боюнча
acrc = acrc1 + acrc2 – acrc3, (7.5)
мында: acrc1 – туруктуу жана узак мөөнөткө аракет эткен убактылуу жүктөмдөрдүн узак мөөнөткө аракет этүүсүнөн жаракалардын ачылуу жазылыгы;
acrc2 – туруктуу жана убактылуу (узак жана кыска мөөнөткө аракет эткен) жүктөмдөрдүн кыска мөөнөткө аракет этүүсүнөн жаракаларлын ачылуу жазылыгы;
acrc3 – туруктуу жана узак мөөнөткө аракет эткен убактылуу жүктөмдөрдүн кыска мөөнөткө аракет этүүсүнөн жаракалардын ачылуу жазылыгы.
7.4.4 Нормалдык жаракалардын ачылуу жазылыгын жаракалардын ортосундагы участкадагы жана ошол участканын узундугундагы арматуранын орточо салыштырмалуу деформацияларынын көбөйтүндүсү катары эсептеп чыгарышат. Арматуранын жаракалардын ортосундагы орточо салыштырмалуу деформацияларын жаракалардын ортосундагы чоюлган бетондун иштөөсүн эсепке алуу менен аныкташат. Арматуранын жаракадагы салыштырмалуу деформацияларын кысылган чөлкөмдүн бетонунун серпилгич эмес деформацияларынын таасирин эсепке алуу менен аныкталган кысылган бетондун деформацияларынын келтирилген модулун пайдаланып, жаракалары менен темир-бетон элементин шарттуу серпилгич эсептөөдөн улам же сызыктуу эмес деформациялык модель боюнча эсептешет. Жаракалардын ортосундагы аралыкты жаракасы менен жана жаракалар ортосундагы кесилиштердеги узатасынан багытталган арматурадагы күчтөнүүлөрдүн айырмасы ошол участканын узундугунда арматуранын бетон менен илинишүү күчтөнүүлөрү тарабынан кабыл алынуу шартынан улам аныкташат.
Нормалдык жаракалардын ачылуу жазылыгын жүктөмдүн аракет этүү мүнөзүн (кайталануучулугун, узак мөөөнөттүүлүгүн д.у.с.) жана арматуранын профилинин түрүн эсепке алуу менен аныктоо зарыл.
7.4.5 Жаракалардын мүмкүн болгон чектик ачылуу жазылыгын эстетикалык көз караштан, конструкциялардын өткөрүмдүүлүгүнө талаптардын коюлуусунан же жоктугунан, ошондой эле жүктөмдүн аракет этүү узактыгына, арматура болотунун түрүнө жана анын жаракада коррозияны өөрчүтүүү ыктымалдыгына жараша аныктоо керек болот.
Бул учурда жаракалардын мүмкүн болгон чектик ачылуу жазылыгын acrc,ult төмөнкүлөрдөн чоң эмес кылып алуу зарыл:
а) арматураны сактоо шартынан:
0,3 мм – жаракалардын узак мөөнөткө ачылуусунда;
0,4 мм – жаракалардын кыска мөөнөткө ачылуусунда;
б) конструкциялардын өткөрүмдүүлүгүн чектөө шартынан:
0,2 мм – жаракалардын узак мөөнөткө ачылуусунда;
0,3 мм – жаракалардын кыска мөөнөткө ачылуусунда.
Массивдүү гидротехникалык курулмалар үчүн жаракалардын мүмкүн болгон чектик ачылуу жазылыгын тиешелүү ченемдик документтер боюнча конструкциялардын иштөө шарттарына жана башка факторлорго жараша, бирок, 0,5 мм чоң эмес кылып аныкташат.
7.5 Темир-бетон элементтерин деформациялар боюнча эсептөө
7.5.1 Темир-бетон элементтерин деформациялар боюнча эсептөөнү конструкциялардын сырткы жүктөмдөн салаңдоолору жана которулуулары fсалаңдоолордун жана которулуулардын мүмкүн болгон чектик маанилеринен fult ашпоосу зарыл деген шарттан улам жүргүзүшөт
f≤fult. (7.6)
7.5.2 Темир-бетон конструкцияларынын салаңдоолорун жана которулууларын темир-бетон элементтеринин ийилүүгө, жылышууга жана октук деформациялык (ийкемсиздик) мүнөздөмөлөрүнө (ийрейүүчүлүгү, жылышуу бурчтары д.у.с.) жараша анын узундугу боюнча кесилиштеринде курулуш механикасынын жалпы эрежелерине ылайык аныкташат.
7.5.3 Эгерде темир-бетон элементтеринин салаңдоолору негизинен ийилтүүчү моменттерден көз каранды болсо, анда салаңдоолордун маанилерин келтирилген ийкемсиздиктер же жаракалардын таасирин эсепке алуу менен кесилиштердин ийрейүүчүлүктөрү боюнча аныкташат.
Темир-бетон элементинин каралып жаткан кесилиштеги ийкемсиздигин материалдардын каршылык көрсөтүүсүнүн жалпы эрежелери боюнча аныкташат: жаракалары жок кесилиштер үчүн – шарттуу серпилгич туюк элементтер үчүндөгүдөй, ал эми жаракалары менен кесилиштер үчүн - жаракалары менен шарттуу серпилгич элементтер үчүндөгүдөй (чыңалуулар жана деформациялар ортосундагы сызыктуу көз карандылыкты кабыл алуу менен). Бетондун серпилгич эмес деформацияларынын таасирин бетондун деформацияларын келтирилген модулунун, ал эми жаракалар ортосундагы чоюлган бетондун иштөөсүнүн таасирин – арматуранын деформацияларынын келтирилген модулунун жардамы аркылуу эсепке алышат.
Темир-бетон элементинин ийрейүүчүлүгүн ийилтүүчү моменттин темир-бетон кесилишинин ийилүүдөгү ийкемсиздигине бөлүүдөн алынган тийинди катары аныкташат.
Жаракаларды эсепке алуу менен темир бетон конструкцияларынын деформацияларын эсептөөнү жаракалардын жаралуусуна эсептик текшерүү жаракалар жаралаарын көрсөткөндө жүргүзүшөт. Башка учурда деформацияларды эсептөөнү жаракасы жок темир-бетон элементи үчүн аткарышат.
Темир бетон элементинин ийрейүүчүлүгүн жана узата багытталган деформацияларын элементтин нормалдык кесилишинде аракет эткен сырткы жана ички күчтөнүүлөрүнүн тең салмактуулук теңдемелеринен, жалпак кесилиштер гипотезасынан, бетон жана арматуранын абалдарынын диаграммаларынан,, ошондой эле жаракалар ортосундагы арматуранын орточо деформацияларынан улам сызыктуу эмес деформациялык модель боюнча дагы аныкташат.
7.5.4 Темир-бетон элементтеринин деформацияларын эсептөөнү тиешелүү ченемдик документтерде аныкталуучу узак мөөнөткө аракет этүүчү жүктөмдөрдү эсепке алуу менен жүргүзүү зарыл.
Туруктуу жана узак мөөнөткө аракет эткен жүктөмдөрдө элементтердин ийрейүчүлүгүн төмөнкү формула боюнча аныктоо керек
(7.7)
ал эми туруктуу, узак мөөнөткө жана кыска мөөнөткө аракет эткен жүктөмдөрдө – төмөнкү формула боюнча
(7.8)
Мында: – туруктуу жана узак мөөнөткө аракет эткен убактылуу жүктөмдөрдүн узак мөөнөткө аракет этүүсүнөн элементтин ийрейүүчүлүгү;
– туруктуу жана убактылуу (узак мөөнөткө жана кыска мөөнөткө аракет эткен) жүктөмдөрдүн кыска мөөнөткө аракет этүсүнөн элементтин ийрейүүчүлүгү;
– туруктуу жана узак мөөнөткө аракет эткен убактылуу жүктөмдөрдүн кыска мөөнөткө аракет этүүсүнөн элементтин ийрейүүчүлүгү.
7.5.5 Мүмкүн болгон чектик салаңдоолорду fult КЧжЭ 2.01.07 боюнча аныкташат. Туруктуу, узак мөөнөткө жана кыска мөөнөткө аракет эткен убактылуу жүктөмдөр аракет эткенде темир-бетон элементтеринин салаңдоолору баардык учурларда арыштын 1/150 жана корогойдун чыкмасынын 1/75 ашпоосу шарт.
8 Конструктивдик талаптар
8.1 Жалпы жоболор
8.1.1 Бетон, темир-бетон конструкцияларынын коопсуздугун жана пайдаланууга жарамдуулугун камсыз кылуу үчүн эсептөөлөргө коюлуучу талаптардан сырткары алардын геометриялык өлчөмдөрүнө жана арматуралануусуна конструктивдик талаптарды дагы аткаруу зарыл.
Конструктивдик талаптарды төмөнкү учурлар үчүн аныкташат, качан:
- эсептөөлөр менен конструкциянын сырткы жүктөмдөргө жана таасирлерге каршылык көрсөтүүсүн жетиштүү түрдө так жана толук кепилдөө мүмкүн болбогон учурларда;
- конструктивдик талаптар кабыл алынган эсептик жоболордо колдонулушу мүмкүн болгон чектик шарттарды аныктаган учурларда;
- конструктивдик талаптар бетон жана темир-бетон конструкцияларын даярдоо технологияларынын аткарылышын камсыздаган учурларда.
8.2 Геометриялык өлчөмдөргө талаптар
Бетон жана темир-бетон конструкцияларынын геометриялык өлчөмдөрү төмөнкүлөрдү камсыз кылуучу чоңдуктардан кем болбоого тийиш:
- 8.3.3 - 8.3.11 талаптарды эске алуу менен арматураны жайгаштыруу, аны анкерлөө жана бетон менен бирге иштөө мүмкүнчүлүгүн;
- кысылган элементтердин ийкемдүүлүгүн чектөөнү;
- конструкциядагы бетондун сапатынын талап кылынган көрсөткүчтөрүн.
8.3 Арматуралоого талаптар
Бетондун коргоочу катмары
8.3.1 Бетондун коргоочу катмары төмөнкүлөрдү камсыз кылуусу шарт:
- арматура менен бетондун бирге иштөөсүн;
- арматуранын бетондо анкерленүүсүн жана арматура элементтерин улаштыруу мүмкүнчүлүгүн;
- арматуранын айлана чөйрөнүн таасиринен (анын ичинде агрессивдүү таасирлер болгондо) корголуусун;
- конструкциялардын отко туруктулугун.
8.3.2 Бетондун коргоочу катмарынын калыңдыгын 8.3.1 талаптарына ылайык конструкциялардагы арматуранын ролун (жумушчу же конструктивдик), конструкциялардын тибин (түркүктөр, такталар, устундар, пайдубалдын элементтери, дубалдар д.у.с.), арматуранын диаметрин жана түрүн эсепке алуу менен кабыл алуу зарыл.
Арматура үчүн бетондун коргоочу катмарынын калыңдыгын арматуранын диаметринен кем эмес жана 10 мм кичине эмес кылып кабыл алышат.
Арматура өзөктөрүнүн ортосундагы минималдык аралыктар
8.3.3 Арматура өзөктөрүнүн ортосундагы аралыкты төмөнкүлөрдү камсыз кылуучу чоңдуктардан кем эмес кылып кабыл алуу зарыл:
- арматура менен бетондун бирге иштөөсүн;
- арматураны анкерлөө жана улоо мүмкүнчүлүгүн;
- конструкцияны сапаттуу бетондоо мүмкүнчүлүгүн.
8.3.4 Арматуранын өзөктөрүнүн ортосундагы минималдуу нак аралыкты арматуранын диаметрине, бетондун ири толуктагычынын данынын өлчөмүнө, арматуранын элементте бетондоо багытына карата жайгашуусуна, бетон аралашмасын жайгаштыруу жана тыгыздоо ыкмасына жараша кабыл алуу керек.
Арматуранын өзөктөрүнүн ортосундагы аралыкты арматуранын диаметринен жана 25 мм кем эмес кылып алуу зарыл.
Тар шарттарда арматуранын өзөктөрүн топ-тутамдар (өзөктөрдүн ортосунда жылчыгы жок) түрүндө жайгаштырууга жол берилет. Бул учурда тутамдардын ортосундагы нак аралыкты кесилиш аянты арматура тутамынын аянтына барабар болгон шарттуу өзөктүн келтирилген диаметринен кем эмес кылып алуу керек.
Узатасынан багытталган арматура
8.3.5 Темир-бетон элементинде эсептик узатасынан багытталган арматуранын салыштырмалуу камтылышын (арматуранын кесилиш аянтынын элементтин туура кесилиш аянтына болгон катышы) элементти темир-бетон катары кароо жана эсептөө боло турган чоңдуктан кем эмес кылып кабыл алуу зарыл.
Темир-бетон элементиндеги узатасынын багытталган жумушчу арматуранын минималдуу салыштырмалуу камтылышын арматуранын иштөө мүнөзүнө (кысылган, чоюлган), элементтин иштөө мүнөзүнө (ийилүүчү, борбордон чет кысылган, борбордон чет чоюлган) жана борбордон чет кысылган элементтин ийкемдүүлүгүнө жараша, бирок 0,1% кем эмес кылып, аныкташат. Массивдүү гидротехникалык курулмалар үчүн арматуранын салыштырмалуу камтылышынын мааниси атайын ченемдик документтер боюнча аныкталат.
8.3.6 Узатасынан багытталган жумушчу арматуранын өзөктөрүнүн ортосундагы аралыкты темир-бетон элементинин тибин (түркүктөр, устундар, такталар, дубалдар), элементтин жазылыгын жана бийиктигин (бетондун натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылуучу чоңдуктан көп эмес кылып), элементтин жазылыгы боюнча чыңалуулардын жана деформациялардын бир калыпта тегиз бөлүштүрүлүшүн, ошондой эле арматуранын өзөктөрүнүн ортосундагы жаракалардын ачылуу жазылыктарын чектөөнү эсепке алуу менен кабыл алуу зарыл. Ошол эле учурда, узатасынан багытталган жумушчу арматуранын өзөктөрүнүн ортосундагы аралыкты элементтин кесилишинин эки эселенген бийиктигинен ашык эмес жана 400 мм чоң эмес, ал эми сызыктуу борбордон чет кысылган элементтерде ийилүү тегиздигинин багытында – 500 мм чоң эмес кылып кабыл алуу керек. Массивдүү гидротехникалык курулмалар үчүн өзөктөрдүн ортосундагы аралыктын чоң мааниси атайын ченемдик документтер боюнча аныкталат.
Туурасынан арматуралоо
8.3.7 Туурасынан багытталган күч эсептөлөр боюнча бетон тарабынан гана кабыл алынбай турган темир-бетон элементтеринде кадамы жантык жаракалардын жаралышы жана өөрчүшүндө туурасынан жайгашкан арматуралардын ишке киришүүсүн камсыз кыла тургандай чоңдуктан чоң эмес туурасынан жайгашкан арматураларды орнотуу зарыл. Ошол эле учурда туурасынан багытталган арматуралардын кадамын элементтин кесилишинин жумушчу бийиктигинин жарымынанг чоң эмес жана 300 мм ашык эмес кылып кабыл алуу керек.
8.3.8 Узатасынан багытталган кысылган эсептик арматураларды камтыган темир-бетон элементтеринде кадамы кысылган узата багытталган арматуранын капталга тээп кетүүсүн жокко чыгаруучу бекитүүлөрдү камсыз кыла турган чоңдуктан ашпай тургандай кылып туурасынан багытталган арматураларды орнотуу талап кылынат. Ошол эле учурда туурасынан багытталган арматуралардын кадамын узата багытталган арматуранын он беш диаметринен чоң эмес жана 500 мм ашык эмес кылып кабыл алуу зарыл, ал эми туурасынан багытталган арматуранын конструкциясы узата багытталган арматуранын баардык багыттарда тээп кетүүсүн жокко чыгаруусун камсыз кылуусу шарт.
Арматураны анкерлөө жана бириктирүү
8.3.9 Темир-бетон конструкцияларында каралып жаткан кесилиште арматурадагы эсептик күчтөнүүлөрдү кабыл алууну камсыз кыла турган арматуранын анкерленүүсү каралышы шарт. Анкерлөөнүн узундугун арматурада аракет эткен күчтөнүү анкерлөөнүн узундугу боюнча аракет эткен арматура менен бетондун илинишүү күчтөрү, арматуранын диаметри жана профили, бетондун чоюлууга каршылык көрсөтүү бекемдиги, бетондун коргоо катмарынын калыңдыгы, анкерлөөчү түзмөктөрдүн түрү (өзөктү ийүү, туурасынан багытталган өзөктөрдү ширетүү), анкерлөө чөлкөмүндө туурасынан арматуралоо, арматурадагы күчтөнүүнүн мүнөзү (кысуучу жана чоюучу) жана анкерлөө узундугундагы бетондун чыңалуу абалына жараша анкерлөөчү түзмөктөрдүн каршылык көрсөтүү күчтөрү тарабынан кабыл алына тургандай шарттан улам аныкташат.
8.3.10 Туурасынан багытталган арматуранын анкерлөөсүн аны ийүү жана аны менен узата багытталган арматураны камтуу же узата багытталган арматурага ширетүү жолу аркылуу ишке ашырышат. Ошол эле учурда узата багытталган арматуранын диаметри туурасынан багытталган арматуранын диаметринин жарымынан кем болбоого тийиш.
8.3.11 Арматураны каттап (ширетүүсүз) бириктирүү биринчи улаштырылуучу өзөктөн экинчисине эсептик күчтөнүүлөрдү өткөрүп берүүнү камсыз кылуучу узундукта ишке ашырылышы зарыл. Каттап бириктирүү узундугун бир жерде бириктирилүүчү өзөктөрдүн салыштырмалуу санын, каттап улаштыруу чөлкөмүндө туурасынан багытталган арматураларды, улаштырылуучу өзөктөрдүн ортосундагы жана улаштыруу бирикмелеринин ортосундагы аралыктарды кошумча эсепке алуу менен анкерлөөнүн базалык узундугун боюнча аныкташат.
8.3.12 Арматуранын ширетилме бирикмелерин тиешелүү ченемдик документтер (МАСТ 14098, МАСТ 10922) боюнча аткаруу зарыл.
8.4 Курчап турган чөйрөнүн жагымсыз таасирлеринен
конструкцияларды коргоо
8.4.1 Чөйрөнүн жагымсыз таасири (агрессивдүү таасирлер) шарттарында иштеген конструкциялардын талап кылынган көпкө чыдамдуулугу конструкциянын өзүнүн коррозияга туруктуулугу аркылуу камсыз болбогон учурларда КЧжЭ 2.03.11 көрсөтмөлөрү (бетондун беттик катмарын агрессивдүү таасирлерге чыдамдуу материалдар менен иштетүү, конструкциялардын беттерине агрессивдүү таасирлерге чыдамдуу жабууларды жабуу д.у.с.) боюнча аткарылуучу конструкциялардын беттерине кошумча коргоо каралышы зарыл.
9 Бетон жана темир-бетон конструкцияларын даярдоого,
тургузууга жана пайдаланууга талаптар
9.1 Бетон
9.1.1 Даярдоо, тургузуу жана пайдалануу стадияларында конструкциялардын бетонунун мүнөздөмөлөрүнүн маанилери долбоордук документтерде аныкталган талаптарга жооп берүүсү, бетон аралашмасынын курамын тиешелүү түрдө тандоо, аны даярдоо, ошондой эле аны ташуу жана төшөө, бетондун катуулануусу, имараттарды жана курулмаларды пайдаланууда конструкцияларды техникалык тейлөө жараяндарындагы иш-чараларды аткаруу менен камсыз кылуу аркылуу жетишилүүчү, зарыл.
9.1.2 Бетон аралашмасынын курамын долбоорлоону жана тандоону МАСТ 27006 жана берилген түрдөгү бетондорго стандарттардын талаптарын жетекчиликке алуу менен жүргүзүү керек. Бетон аралашмасынын курамын тандоодо анын касиеттеринин (ыңгайлуу жайгашуучулук, ирибестик, аба камтуучулугу, сакталуучулугу) мүнөздөмөлөрүнүн бетондун мөөнөтүн жана катуулануусун, бетон аралашмасын ташуу жана төшөө шарттамдарын жана башка конструкцияларды даярдоо же тургузуу технологиялык жараяндарынын өзгөчөлүктөрүн эсепке алган тапшырмада же тапшырыкта көрсөтүлгөн талаптарга жооп берүүсү камсыздалуусу абзел. Бетон аралашмасынын негизги параметрлерин эсептөөнү пайдаланылуучу материалдардын (камдаштыргыч заттар, толуктагычтар, суу, натыйжалуу кошулмалар) таасын касиеттерин эсепке алуу менен эксперименттик жол аркылуу аныкталуучу көз карандылыктардын жардамы менен жүргүзүү зарыл.
Фибрбетондун курамын тандоону жогоруда келтирилген талаптарга ылайык арматуралоочу фибрлердин түрүн жана касиеттерин эсепке алуу менен жүргүзүү керек.
9.1.3 Берилген курамдагы бетон аралашмасын даярдоону, аны кабыл алууну, сапатын контролдоону, аны ташууну МАСТ 7473 жана белгилүү бир тартипте бекитилген технологиялык регламенттердин талаптарына ылайык ишке ашыруу зарыл.
Бетон аралашмасын даярдоодо бетон аралашмасына кирүүчү материалдарды чен өлчөмдөөнүн керектүү тактыгы жана технологиялык регламентте каралган аларды жүктөө ырааттуулугу камсыздалуусу шарт.
Аралаштыруунун узактыгын бетон аралаштыргыч орнотмолорду даярдоочулардын (заводдордун) нускамаларына ылайык кабыл алышат же тажрыйбалык жол менен аныкташат.
9.1.4 Бетон аралашмасын ташууну анын касиеттерин сактоону камсыз кылуучу жана анын ирип кетүүсүн, ошондой эле башка материалдар менен булганышын жокко чыгаруучу ыкмалар менен ишке ашыруу абзел. Бетон аралашмасынын сапатынын айрым бир көрсөткүчтөрүн химиялык кошулмаларды кошуу же технологиялык ыкмаларды колдонуу менен калыбына келтирүүгө, сапаттын талап кылынган башка баардык көрсөткүчтөрүн камсыз кылуу шарттарында, жол берилет.
9.1.5 Бетонду төшөөдө жана тыгыздоодо калыпты (форманы) текши, боштуктарсыз толтуруу технологиялык ыкмалары колдонулушу зарыл.
Чулу конструкцияларга бетонду төшөөнү жана тыгыздоону КЧжЭ КР 52-01 талаптарын сактоо менен колдонуудагы технологиялык жабдуу үчүн иштелип чыккан технологиялык регламент боюнча аткаруу керек.
Бетондоо тартибин курулманы тургузуу технологиясын жана анын конструктивдик өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен бетондоо жиктерин жайгаштырууну караштыруу менен аныктоо зарыл. Ошол эле учурда бетондоо жиктериндеги бетондун беттеринин тиймесинин талап кылынган бекемдиги, ошондой эле бетондоо жиктери менен конструкциянын бекемдиги камсыз болуусу шарт.
Бетон аралашмасын төмөндөтүлгөн оң жана терс же жогорулатылган оң температураларда төшөөдө бетондун талап кылынган сапатын камсыз кылуучу атайын иш-чаралар каралышы абзел.
Бетонду төшөө жана тыгыздоо технологиялык регламенттерин, ошондой эле курама бетон жана темир-бетон конструкцияларынын элементтерин заводдук же курулуш аянты шарттарында калыптандыруу жана катыруу шарттамдарын КЧжЭ 3.09.01 жоболорун эсепке алуу менен иштеп чыгуу сунуш кылынат. Технологиялык регламенттерди иштеп чыгууда жана аларга түзөтүүлөрдү киргизүүдө бетондун бир тектүү эместигинен, элементтерди сыноолордо, курулган имараттарды жана курулмаларды пайдалануу жараянында жаралган конструкциялардын кемтиктерин эсепке алуу керек болот.
9.1.6 Бетондун катуулануусун ылдамдатуучу технологиялык таасир этүүлөрдү (нормалдуу же жогорулатылган басым алдында жылуулук-нымдуулук иштетүүнүн жардамы аркылуу) колдонуусуз же колдонуу менен камсыз кылуу зарыл.
Катуулануу жараянында бетондо эсептик температуралык-нымдуулук шарттамды кармап туруу абзел. Керек болгон учурларда бетондун бекемделүүсүн өөрчүтүүнү жана жыйрылуу кубулуштарын төмөндөтүүнү камсыз кылуучу шарттарды түзүү үчүн атайын коргоочу иш-чараларды колдонуу керек. Буюмдарды жылуулук менен иштетүү технологиялык жараянында температуралык секирүүлөрдү жана калыптык форма менен бетондун ортосундагы өз ара жылышууларды төмөндөтүү боюнча чаралар көрүлүшү зарыл.
Массивдүү чулу конструкцияларда конструкциялардын иштешине бетондун катуулануусунда экзотермия менен байланышкан чыңалуулардын температуралык-нымдуулук талаасынын таасирин төмөндөтүү боюнча иш-чаралар каралышы абзел.
9.2 Арматура
9.2.1 Конструкцияларды арматуралоо үчүн колдонулуучу арматура долбоорго шайкеш жана тиешелүү стандарттардын талаптарына жооп берүүсү абзел. Арматура анын сапатын күбөлөндүрүүчү маркалоого жана тиешелүү тастыктмаларга ээ болушу шарт.
Арматураны сактоо жана ташуу шарттары механикалык жабыркатуулурды жана майышма деформацияларды, бетон менен илинишүсүн начарлатуучу булганууларды, коррозиялык бузулууларды жокко чыгарууга тийиш.
9.2.2 Араматураны калыптык формаларга орнотууну долбоорго ылайык ишке ашыруу зарыл. Байланган арматураларды орнотууда арматураны орнотуу жараянында жана конструкцияны бетондоодо анын жылышып кетүүсүн жокко чыгарууну камсыздоочу атайын иш-чаралардын жардамы аркылуу арматура өзөктөрүн ишенимдүү карматуу каралышы абзел.
Арматураны орнотууда анын долбоордук абалынан четтөөсү КЧжЭ КР 52-01 аныкталган мүмкүн болгон маанилерден ашпоого тийиш.
9.2.3 Ширетилме арматура буюмдарын (торлор, каркастар) ширетүү бирикмелеринин талап кылынган бекемдигин жана бириктирилүүчү арматура элементтеринин бекемдигин төмөндөтүүгө жол бербеген тиймелик-чекиттик ширетүүнүн жардамы менен же башка ыкмалар аркылуу даярдоо керек. Ширетме бирикмелер МАСТ 14098 талаптарын канааттандыруусу шарт.
9.2.4 Арматуранын ширетилме уламаларын тиймелик, жаалык же көлкүмөлүк ширетүүлөрдүн жардамы аркылуу аткарышат. Ширетүүнүн колдонулуучу ыкмасы ширетме бирикменин талап кылынган бекемдигин, ошондой эле арматура өзөктөрүнүн ширетме бирикмеге жалгашкан участкаларынын бекемдигин жана деформациялуулугун камсыз кылуусу абзел.
9.2.5 Арматуранын механикалык бирикмелерин (уламаларын) жубасталган жана сайлуу кошкучтардын жардамы аркылуу Б жана Г тиркемелерине ылайык аткаруу зарыл. Чоюлган арматуранын механдык бирикмесинин бекемдиги улаштырылуучу өзөктөрдүкүндөгүдөй эле болуусу шарт.
9.2.6 Арматураны таянычтарга же катыган бетонго керүүдө долбоордо аныкталган алдын ала чыңалтуунун контролдонуучу маанилери ченемдик документтерде же долбоордук документтерде аныкталган четтөөлөрдүн мүмкүн болгон маанилеринин чегинде камсыз болуусу абзел.
Арматуранын керилүүсүн коё бергенде алдын ала чыңалтуунун бетонго жай өткөрүлүп берилүүсүн камсыздоо зарыл.
9.3 Калып
9.3.1 Калып (калыптык формалар) төмөнкү негизги функцияларды аткарышы абзел: бетонго конструкциянын долбоордук формасын берүү, бетондун сырткы бетинин талап кылынган түрүн камсыз кылуу, конструкция калыптан чыгаруу бекемдигин алгыча аны кармап туруу, керек учурларда арматураны керүүдө таяныч катары кызмат кылуу.
Чулу конструкцияларды даярдоо үчүн колдонулуучу калып МАСТ 23478 талаптарына, курама конструкциялардын элементтерин даярдоо үчүн болот формалар – МАСТ 25781 талаптарына жооп берүүсү шарт.
9.3.2 Калыпты жана анын бекиткичтерин жумуштарды жүргүзүү жараянында пайда болуучу жүктөмдөрдү кабыл алгыдай, конструкцияларга эркин деформацияланууга мүмкүндүк берүү менен, берилген конструкция же курулма үчүн аныкталган чектерде мүмкүнчектердин сакталышын камсыздагыдай кылып долбоорлоо жана даярдоо керек.
Калып жана бекиткичтер бетон аралашмасынын кабыл алынган төшөө жана тыгыздоо ыкмаларына, бетонду алдын ала чыңалтуу, катуулантуу жана жылуулук менен иштетүү шарттарына ылайык келүүсү шарт.
Ажыратылма калып бетонго залал келтирбестен калыптан чыгарууну камсыз кылуусу зарыл.
Конструкцияларды калыптан чыгарууну бетондун калыптан ажыратуу бекемдигин алгандан кийин ган жүргүзүү керек.
Ажырабас калыпты конструкциянын курамдык бөлүгү катары долбоорлоо абзел.
9.4 Бетон жана темир бетон конструкциялары
9.4.1 Бетон жана темир-бетон конструкцияларын даярдоо 9.1, 9.2, жана 9.3 бөлүмдөрүнүн көрсөтмөлөрүнө ылайык жүргүзүлүүчү калыптоо, арматуралоо жана бетондоо жумуштарын камтыйт.
Даяр конструкциялар долбоордун талаптарына жооп берүүгө тийиш.
9.4.2 Конструкциялардын геометриялык параметрлеринин долбоордук маанилерден четтөөлөрү жумушчу чиймелерде же техникалык шарттарда көрсөтүлгөн чектик маанилерден ашпоого тийиш.
9.4.3 Бетондун факт жүзүндөгү бекемдиги (алдын ала чыңалтылган конструкциялардын бетонунун өткөрүп берүү бекемдиги, чулу конструкциялардын калыптан чыгаруу бекемдиги, заводдук же курулуш шарттарында даярдалуучу курама бетон же темир-бетон конструкцияларынын элементтеринин бетонунун коё берүү бекемдиги, баардык учурларда бетондун долбоордук бекемдиги) бекемдиги боюнча бетондун бир тектүүлүгүн эсепке алуу менен долбоордук документтерде ченемделүүчү маанилерге ылайык МАСТ 18105 боюнча аныкталуучу тиешелүү түрдө талап кылынгандан кем болбоого тийиш.
9.4.4 Конструкцияларды көтөрүүнү долбоордо каралган атайын түзмөктөрдүн (монтаждык илмектер жана башка ыктамдар) жардамы менен жүргүзүү зарыл. Ошол эле учурда конструкцияны сындырууну, анын туруктуулугун жоготууну, аңтарылуусун, чайпалуусун жана айлануусун жокко чыгаруучу көтөрүүнүн шарттары камсыз кылынышы шарт.
9.4.5 Конструкцияларды ташуу, жыюу жана сактоо шарттары долбоордо келтирилген көрсөтмөлөргө жооп берүүсү абзел. Ошол эле учурда конструкциянын сакталышы, бетондун беттеринин, арматуралардын чыкма учтарынын жана монтаждоочу илмектердин бузуулардан сакталышын камсыздоо керек.
9.4.6 Курама элементтерден имараттарды жана курулмаларды тургузууну конструкцияларды орнотуу ырааттуулугу жана талап кылынган орнотуу тактыгын, конструкцияларды ирилештирип куроо жана долбоордук орундарына орнотуу, тургузуу жараянында имараттардын же курулмалардын конструкцияларын жана алардын бөлүктөрүнүн туруктуулугун, эмгектин коопсуздук шарттарын камсыз кылуучу иш-чаралар каралган жумуштарды жүргүзүү долбооруна ылайык ишке ашыруу зарыл.
Чулу бетондон имараттарды жана курулмаларды тургузууда куруу жараянында конструкциялардын бекемдигин, жаракага туруктуулугун жана ийкемсиздигин камсыз кылуучу конструкцияларды бетондоо, калыптарды ажыратуу жана которуштуруп орнотуу ырааттуулугун сактоо абзел. Мындан сырткары, технологиялык жаракалардын жаралышын жана өөрчүшүн чектөөчү иш-чараларды (конструктивдик жана технологиялык, керек учурларда эсептөөлөрдү жүргүзүүнү) караштыруу зарыл.
Конструкциялардын долбоордук абалдан четтөөлөрү имараттардын жана курулмалардын тиешелүү конструкциялары (түркүктөр, устундар, такталар) үчүн КЧжЭ КР 52-01 талаптарын эсепке алуу менен долбоордук документтерде аныкталган мүмкүн болгон маанилерден ашпоосу абзел.
9.4.7 Конструкцияларды долбоордо каралган имараттын же курулманын бүткүл аныкталган кызмат өтөө мөөнөтүнүн ичинде алар өздөрүнүн дайындалышын аткаргандай кылып кармоо керек. Имараттардын жана курулмалардын бетон жана темир-бетон конструкцияларынын ченемделүүчү пайдалануу шарттарын одоно бузуунун (конструкцияларды ашыкча жүктөө, пландуу-алдын алуу оңдоолорду жүргүзүүнүн мөөнөттөрүн сактабоо, чөйрөнүн агрессивдүүлүгүн жогорулатуу д.у.с.) натыйжасында жүк көтөрүмдүүлүгүн, пайдаланууга жарамдуулугун жана көпкө чыдамдуулугун төмөндөтпөөнү жокко чыгаруучу пайдалануу шарттамдарын сактоо зарыл. Эгерде пайдалануу жараянында конструкциялардын коопсуздугун төмөндөтүүчү жана алардын нормалдуу иштешине жолтоо болуучу бузулуулар байкалса, анда 10-бөлүмдө каралган иш-чараларды аткаруу талап кылынат.
9.5 Сапатты контролдоо
9.5.1 Конструкцияларды даярдоонун (тургузуунун) жана пайдалануунун ар кандай стадияларында сапатты контролдоо алардын сапатынын контролдонуучу көрсөткүчтөрүнүн факт жүзүндөгү маанилеринин долбоордук документтерде аныкталган мүмкүн болгон маанилердин диапазондоруна шайкеш келүүсүн, ошондой эле өндүрүштүн колдонулуучу технологиялык шарттамдарынын долбоордук жана технологиялык документтерде аныкталган аларга коюлуучу талаптарга шайкеш келүүсүн аныктоо максатында жүргүзүлүшү керек.
9.5.2 Аткарылган (даярдалган) конструкциянын параметрлеринин анык маанилеринин долбоордук документтерде көрсөтүлгөн чектерге шайкештигин контролдоонун колдонулуучу усулдары (текши, альтернативдик же сандык белги боюнча тандалма), контролдоонун пландары, эрежелери жана каражаттары шайкеш эместиктин (кемтиктүүлүктүн) мүмкүн болгон деңгээлинен улам тандалышы абзел.
Конструкциялардын коопсуздугун, пайдаланууга жарамдуулугун жана көпкө чыдамдуулугун аныктоочу сапаттын көрсөткүчтөрүн тандалма контролдоо кемтиктүүлүктүн деңгээлин 4% төмөн эмес камсыздоочу пландар боюнча жүргүзүлүшү керек. Контролдоонун пландарын тандоо МАСТ 18242-72 боюнча ишке ашырылат.
9.5.3 Заводдук же курулуш шарттарында даярдалуучу курама конструкциялардын бетон жана темир-бетон элементтеринин сапатын кириш, операциялык жана кабыл алуу контролдоо МАСТ 13015 талаптарынын негизинде тиешелүү стандарттарда же техникалык шарттарда аныкталган тартипте жана усулдар менен жүргүзүлүшү абзел.
9.5.4 Чулу бетон жана темир-бетон конструкцияларынын сапатын контролдоо КЧжЭ КР 52-01 талаптарынын негизинде бетон жана арматураны сыноолордун усулдарына колдонуудагы стандарттардын талаптарын эсепке алуу менен иштелип чыккан жумуштарды жүргүзүү долбооруна жана технологиялык регламенттерге ылайык жүргүзүлүшү зарыл.
10 Темир-бетон конструкцияларын калыбына келтирүү жана
бекемдөөгө талаптар
10.1 Жалпы жоболор
Темир-бетон конструкцияларын калыбына келтирүүнү жана бекемдөөнү аларды натурдук изилдөөнүн, текшерүү эсептөөлөрүнүн, бекемделүүчү конструкцияларды эсептөөнүн жана конструкциялоонун негизинде жүргүзүү керек.
10.2 Конструкцияларды натурдук изилдөөлөр
Коюлган милдеттер боюнча натурдук изилдөөлөр жолу менен төмөнкүлөр аныкталышы шарт: конструкциянын абалы, конструкциялардын геометриялык өлчөмдөрү, конструкциялардын арматураланышы, бетондун бекемдиги, арматуранын түрү, классы жана абалы, конструкциялардын салаңдоолору, жаракалардын ачылуу жазылыктары, алардын узундуктры жана жайгашышы, кемтиктердин, бузулуулардын өлчөмдөрү жана мүнөздөрү, конструкциялардын жүктөмдөрү жана статикалык сөлөкөттөрү.
10.3 Конструкцияларды текшерүү эсептөөлөрү
10.3.1 Болгон конструкцияларды текшерүү эсептөөлөрүн аларга аракет эткен жүктөмдөрдүн, пайдалануу шарттарынын жана көлөмдүк-пландаштыруучу чечилиштердин өзгөрүлүшүндө, ошондой эле конструкцияларда олуттуу кемтиктер жана бузулуулар байкалганда жүргүзүү керек.
Текшерүү эсептөлөрүнүн негизинде конструкциялардын пайдаланууга жарамдуулугун, аларды бекемдөө жана пайдалануу жүктөмүн төмөндөтүү муктаждыгын же конструкциялардын толугу менен жараксыздыгын аныкташат.
10.3.2 Текшерүү эсептөөлөрүн долбоордук материалдардын, конструкцияларды даярдоо жана тургузуу берилмелеринин, ошондой эле натурдук изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын негизинде жүргүзүү зарыл
Текшерүү эсептөөлөрүн жүргүзүүдөгү эсептик сөлөкөттөрдү факт жүзүндө аныкталган геометриялык өлчөмдөрдү, конструкциялардын жана алардын элементтеринин факт жүзүндөгү бириктирилишин жана өз ара аракеттенишүүсүн, монтаждоодо билинген четтөөлөрдү эсепке алуу менен кабыл алуу абзел.
10.3.3 Текшерүү эсептөөлөрүн жүк көтөрүмдүүлүк, деформациялар жана жаракага туруктуулук боюнча жүргүзүү керек. Эгерде факт жүзүндөгү максималдуу жүктөмдөр астында пайдалануудагы конструкциялардагы которулуулар жана жаракалардын ачылуу жазылыктары мүмкүн болгон маанилерден ашпаса, ал эми мүмкүн болгон жүктөмдөрдөн элементтердин кесилиштеринде жаралган күчтөнүүлөр факт жүзүндөгү аракет эткен жүктөмдөрдөн пайда болгон күчтөнүүлөрдүн маанилеринен ашпаса, анда пайдаланууга жарамдуулук боюнча текшерүү эсептөөлөрүн жүргүзбөй коюуга жол берилет.
10.3.4 Бетондун мүнздөмөлөрүнүн эсептик маанилерин долбоордо келтирилген бетондун классына же бетонду сындырбас усулдар менен же конструкциядан алынган үлгүлөрдү сыноолордун натыйжасында аныкталган бетондун факт жүзүндөгү орточо бекемдиги боюнча эквиваленттүү бекемдикти камсыз кылуучу котормо көмөк чоңдуктардын жардамы аркылуу аныкталуучу бетондун шарттуу классына жараша кабыл алышат.
10.3.5 Арматуранын мүнөздөмөлөрүнүн эсептик маанилерин долбоордо көрсөтүлгөн арматуранын классына же изилденүүчү конструкциялардан алынган арматуранын үлгүлөрүн сыноолордун натыйжасында аныкталган арматуранынн факт жүзүндөгү орточо бекемдиги боюнча эквиваленттүү бекемдикти камсыз кылуучу котормо көмөк чоңдуктардын жардамы аркылуу аныкталуучу арматуранын шарттуу классына жараша кабыл алышат.
Долбоордук берилмелер жок болгон учурларда жана үлгүлөрдү алуу мүмкүнчүлүгү болбогондо арматуранын классын арматуранын профилинин түрү боюнча, ал эми эсептик каршылык көрсөтүүлөрүн аракеттеги ченемдик документтердеги ошол класска туура келе турган тиешелүү маанилерден 20% төмөн кылып алууга жол берилет.
10.3.6 Текшерүү эсептөөлөрүн жүргүзүүдө натурдук изилдөөлөр жараянында табылган кемтиктер жана бузулуулар эсепке алынууга тийиш: бетондун бекемдигинин төмөндөшү, жергиликтүү бузулуулары же сынуулары; арматуранын үзүлүүлөрү, коррозиясы, анкерлөөнүн жана арматура менен бетондун илинишүүсүнүн бузулуулары; жаракалардын кооптуу жаралышы жана ачылышы; конструкциянын айрым элементтеринде жана алардын бирикмелеринде долбоордон конструктивдик четтөөлөр.
10.3.7 Текшерүү эсептөөлөрүнүн жүк көтрүмдүүлүк жана пайдаланууга жарамдуулук боюнча талаптарын канааттандырбаган конструкциялар бекемделүүгө жатышат же алар үчүн пайдалануу жүктөмү төмөндөтүлүшү зарыл.
Текшерүү эсептөөлөрүнүн пайдаланууга жарамдуулук боюнча талаптарын канааттандырбаган конструкциялар үчүн, эгерде, факт жүзүндөгү салаңдоолору мүмкүн болгон маанилерден ашып кетсе, бирок, алар нормалдуу пайдаланууга жолтоо болбосо, ошондой эле жаракалардын факт жүзүндөгү ачылуусу мүмкүн болгон маанилерден ашып кетип, бирок сынып калуу кооптуулугун жаратпаса, анда бекемдөөнү же жүктөмдү төмөндөтүүнү аткарбай койсо деле болот.
10.4 Темир-бетон конструкцияларын бекемдөө
10.4.1 Темир-бетон конструкцияларын бекемдөөнү болот элементтердин, бетондун жана темир-бетондун, арматуранын жардамы аркылуу ишке ашырышат.
10.4.2 Темир-бетон конструкцияларын бекемдөөдө бекемдөөчү элементтердин дагы, ошондой эле бекемделүүчү элементтердин дагы жүк көтөрүмдүүлүгүн эсепке алуу зарыл. Бул үчүн бекемдөөчү элементтердин ишке киришиши жана алардын бекемделүүчү конструкция менен бирге иштөөсү камсыз болуусу абзел. Өтө катуу жабыркаган конструкциялар үчүн бекемделүүчү конструкциянын жүк көтөрүмдүүлүгүн эсепке алышпайт.
Бетондогу ачылуу жазылыгы мүмкүн болгон маанилерден ашып кеткен жаракаларды жана башка кемтиктерди бүтөөдө конструкциялардын калыбына келтирилүүгө жаткан участкаларынын негизги бетон менен бирдей бекемдигин камсыздоо зарыл.
10.4.3 Бекемдөө материалдарынын мүнөздөмөлөрүнүн эсептик маанилерин колдонуудагы ченемдик документтер боюнча кабыл алышат.
Бекемделүүчү конструкциянын материалдарынын мүнөздөмөлөрүнүн эсептик маанилерин текшерүү эсептөөлөрүндө кабыл алынган эрежелерге ылайык изилдөө жыйынтыктарын эсепке алуу менен долбоордук берилмелерден улам кабыл алышат.
10.4.4 Бекемделүүчү темир-бетон конструкцияларын эсептөөнү аны бекемдөөгө чейинки алынган чыңалуу-деформациялануу абалын эсепке алуу менен темир-бетон конструкцияларын эсептөөнүн жалпы эрежелери боюнча жүргүзүү керек.
11 Темир-бетон конструкцияларын чыдамдуулукка эсептөө
11.1 Темир-бетон конструкцияларын чыдамдуулукка эсептөөнү көп жолу кайталануучу (байма-бай) жүктөмдөргө жүргүзүү абзел. Чыдамдуулукка эсептөөлөрдө каршылык көрсөтүүлөрдү текшерүү бетон жана арматура үчүн өз-өзүнчө аткарылат.
Чыдамдуулукка эсептөөнү жаракалары менен серпилгич стадия боюнча жүргүзүшөт. Чоюлган бетондун жана кысылган арматуранын иштөөсүн эсепке алышпайт жана алардын бекемдиктери чыдамдуулукка эсептелбейт.
11.2 Чыдамдуулукка эсептөөнү көп жолу кайталануучу жүктөмдөн кысылган бетондогу жана чоюлган арматурадагы максималдуу чыңалуулар бетон жана арматуранын тиешелүү түрдө чыдамдуулук боюнча кысылууга жана чоюлууга каршылык көрсөтүүлөрүнөн ашпайт деген шарттардан улам жүргүзүү керек.
11.3 Чыдамдуулук боюнча бетон жана арматуранын эсептик каршылык көрсөтүүлөрү жалпы учурда тажрыйбалык берилмелердин негизинде алынган төмөн түшүүчү ийри сызыктуу көз карандылыкты колдонуу менен N=2·106 циклдердин саны үчүн жүктөөлөрдүн циклдеринин асимметриясын, бетондун жана арматуранын класстарын (тиешелүү түрдө кысууга жана чоюуга бекемдиктери боюнча) эсепке алуу менен аныкталат.
Чыдамдуулук боюнча бетондун каршылык көрсөтүүлөрүн аныктоодо бетондун түрүн (оор же жеңил), ошондой эле нымдуулук боюнча бетондун абалын эсепке алуу зарыл. Чыдамдуулук боюнча арматуранын каршылык көрсөтүүлөрүн аныктоодо ширетилме бирикмелердин болгондугун эсепке алуу керек.
Жүктөө циклдеринин асимметриясы жүктөмдүн өзгөрүүлөрүнүн циклинин чектеринде бетон жана арматурадагы минималдуу жана максималдуу чыңалууларынын катышы менен мүнөздөлөт.
А тиркемеси
Негизги тамгалык белгилеништер
Элементтин туура кесилишиндеги сырткы жүктөмдөрдөн жана таасирлерден күчтөнүүлөр
М – ийилтүүчү момент;
Мр – келтирилген кесилиштин оордук борборуна карата алдын ала кысуу күчтөнүүсүнүн моментин эсепке алуу менен ийилтүүчү момент;
N – узатасынан багыталган күч;
Q – туурасынан багытталган күч;
T – толгоочу момент.
Материалдардын мүнөздөмөлөрү
Rbn – бетондун октук кысууга ченемдик каршылык көрсөтүүсү;
Rb, Rb,ser – бетондун тиешелүү түрдө чектик абалдардын биринчи жана экинчи тайпалары үчүн октук кысууга каршылык көрсөтүүлөрү;
Rbt,n – бетондун октук чоюуга ченемдик каршылык көрсөтүүсү;
Rbt, Rbt,ser – бетондун тиешелүү түрдө чектик абалдардын биринчи жана экинчи тайпалары үчүн октук чоюуга каршылык көрсөтүүлөрү;
Rbt,loc – бетондун майышууга каршылык көрсөтүүсү;
Rbp – бетондун өткөрүп берүү бекемдиги;
Rlond – бетон менен арматуранын илинишүү каршылык көрсөтүүсү;
Rs, Rs,ser – арматуранын тиешелүү түрдө чектик абалдардын биринчи жана экинчи тайпалары үчүн чоюуга каршылык көрсөтүүлөрү;
Rsw – туурасынан коюлган арматуранын чоюуга каршылык көрсөтүүсү;
Rsc – арматуранын чектик абалдардын биринчи тайпасы үчүн кысууга каршылык көрсөтүүсү;
Eb – бетондун кысуудагы жана чоюудагы баштапкы серпилгичтик модулу;
Eb,red – кысылган бетондун деформациясынын келтирилген модулу;
Es – арматуранын серпилгичтүүлүк модулу;
Es,red – элементтин жаракалары менен чоюлган чөлкөмүндө жайгашкан арматуранын деформациясынын келтирилген модулу;
ɛb0 , ɛbt0 – тиешелүү түрдө бир калыпта тегиз октук кысууда жана октук чоюуда бетондун чектик салыштырмалуу деформациялары;
εs0 – Rs барабар чыңалууда арматуранын салыштырмалуу деформациялары;
εb,sh – бетондун жыйрылуусунун салыштырмалуу деформациялары;
jb,cr – бетондун жылышуучулук көмөк чоңдугу;
α – арматуранын жана бетондун тиешелүү түрдө серпилгичтик модулдарынын Es жана Eb катышы.
Геометриялык мүнөздөмөлөр
b – тик бурчтуу кесилишитн жазылыгы; тавр жана эки тавр сымал кесилиштердин кырынын жазылыгы;
bf , bˈf – тавр жана эки тавр сымал кесилиштердин тиешелүү түрдө чоюлган жана кысылган чөлкөмдөрүндөгү текчелердин жазылыгы;
h – тик бурчтук, тавр жана эки тавр сымал кесилиштердин бийиктиги;
hf , hˈf – тавр жана эки тавр сымал кесилиштердин текчелеринин тиешелүү түрдө чоюлган жана кысылган чөлкөмдөрүндөгү бийиктиги;
ɑ , ɑ t – тиешелүү түрдө S жана Sn арматураларындагы күчтөнүүлөрдүн тең аракет этүүчүлөрүнөн кесилиштин жакынкы кырына чейинки аралык;
h0 , hˈ0 – кесилиштин тиешелүү түрдө h-ɑ жана h-ɑ t барабар жумушчу бийиктиги;
x – бетондун кысылган чөлкөмүнүн бийиктиги;
ξ – барабар бетондун кысылган чөлкөмүнүн салыштырмалуу бийиктиги;
Sw – элементтин узундугу боюнча өлчөнгөн байламталарынын ортосундагы аралык;
e0 – узатасынан багытталган күчтүн келтирилген кесилиштин оордук борборуна карата эксцентриситети;
e, et – узатасынан багытталган күчтүн N аракет этүү чекиттеринен тиешелүү түрдө S жана Sn арматураларындагы күчтөнүүлөрдүн тең аракет этүүчүлөрүнө чейинки аралык;
e0p – алдын ала кысуу күчтөнүүсүнүн келтирилген кесилиштин оордук борборуна карата эксцентриситети;
yn – арабөк октон сырткы жүктөмдөрдөн ийилтүүчү моментти эсепке алуу менен алдын ала кысуу күчүнүн аракет этүү чекитине чейинки аралык;
l – элементтин арышы;
lan– анкерлөө чөлкөмүнүн узундугу;
lp – арматурадагы алдын ала чыңалууну бетонго өткөрүп берүү чөлкөмүнүн узундугу;
l0– узатасынан багытталган кысуучу күчтүн аракетине дуушар болгон элементтин эсептик узундугу;
i – элементтин кесилишинин оордук борборуна карата анын туура кесилишинин инерциялык ралиусу;
ds , dsw – тиешелүү түрдө узатасынан жана туурасынан багытталган арматуралардын өзөктөрүнүн номиналдык диаметрлери;
As , Ats – тиешелүү түрдө S жана Sn арматураларынын кесилиш аянттары;
Asw – жантык кесилишти кесип өтүүчү элементтин узатасынан
µs – S арматурасынын кесилиш аянтынын элементтин туурасынан кесилишинин аянтына b·h0, кысылган жана чоюлган текчелердин салаңдамаларын эсепке албастан, болгон катышы катары аныктала турган арматуралоо көмөк чоңдугу;
A – туура кесилиштеги бетондун бүткүл аянты;
Ab– бетондун кесилишинин кысылган чөлкөмүнүн аянты;
Abt – бетондун кесилишинин чоюлган чөлкөмүнүн аянты;
Ared – элементтин келтирилген кесилишинин аянты;
Aloc– бетондун майышкан жеринин аянты;
I – элементтин оордук борборуна карата бетондун бүткүл кесилишинин инерциялык моменти;
Ired – элементтин оордук борборуна карата анын келтирилген кесилишинин инерциялык моменти;
W – элементтин кесилишинин анын четки чоюлган буласына карата каршылык көрсөтүү моменти;
Алдын ала чыңалган элементтин мүнөздөмөлөрү
P , Np – элементтин каралып жаткан иштөө стадиясына тиешелүү арматурасындагы алдын ала чыңалуусунун жоготууларын эсепке алуу менен алдын ала кысуусунун күчтөнүүсү;
P(1) , P(2) – алдын ала чыңалуунун тиешелүү түрдө биринчи жана баардык жоготууларын эсепке алуу менен чыңалуучу арматурадагы күчтөнүү;
ssp – элементтин каралып жаткан иштөө стадиясына тиешелүү арматурадагы алдын ала чыңалуунун жоготууларын эсепке алуу менен чыңалуучу арматурадагы алдын ала чыңалуу;
∆ssp – арматурадагы алдын ала чыңалуунун жоготуулары;
sbp – арматурадагы алдын ала чыңалуунун жоготууларын эсепке алуу менен алдын ала кысуу стадиясындагы бетондогу кысуу чыңалуулары.
Б тиркемеси
Конструктивдик тутумдарды эсептөө
Б.1 Жүк көтөрүүчү конструктивдик тутумдарды эсептөө төмөнкүлөрдү камтышы зарыл:
- конструктивдик тутумдун элементтериндеги (түркүктөрдөгү, калка жана жабуу такталарындагы, пайдубалдык такталардагы, дубалдардагы, өзөктөрдөгү) жана пайдубалдардын жерпайларына аракет этүүчү күчтөнүүлөрдү аныктоо;
- конструктивдик тутумдун жалпы жана анын айрым элементтеринин которулууларын, ошондой эле жогорку кабаттардын калкаларынын термелүүлөрүнүн ылдамданууларын аныктоо;
- конструктивдик тутумду туруктуулукка (формасынын жана абалынын туруктуулугун) эсептөө;
- жерпайдын жүк көтөрүмдүүлүгүн жана деформациясын баалоону;
- конструктивдик тутумдун улам өөрчүүчү талкаланууга (айрым бир учурларда) каршылык көрсөтүүсүн баалоонуоценку.
Б.2 Жер үстүндөгү жана жер алдындагы конструкцияларды, пайдубалды камтыган жүк көтөрүүчү конструктивдик тутумду эсептөөнү пайдалануу стадиясы үчүн жүргүзүү абзел. Тургузуу жараянында эсептик кырдаалды олуттуу түрдө өзгөртүүдө жүк көтөрүүчү конструктивдик тутумду эсептөөнү каралып жаткан стадияларга ылайык келген тургузуунун баардык ырааттуу стадиялары үчүн эсептик сөлөкөттү кабыл алуу менен жүргүзүү зарыл.
Б.3 Жүк көтөрүүчү конструктивдик тутумду эсептөөнү жалпы учурда жер үстүндөгү жана жер алдындагы конструкциялардын, пайдубалдын жана анын алдындагы жерпайдын бирге иштөөсүн эске алуу менен мейкиндиктүү көз караштан жүргүзүү керек.
Б.4 Курама элементтерден турган жүк көтөрүүчү конструктивдик тутумдарды эсептөөдө алардын бирикмелеринин ийкемдүүлүгүн эсепке алуу зарыл.
Б.5 Жүк көтөрүүчү конструктивдик тутумдарды эсептөөнү темир-бетон элементтеринин сызыктуу жана сызыктуу эмес деформациялык (ийкемсиздик) мүнөздөмөлөрүн колдонуу менен жүргүзүү абзел.
Темир-бетон элементтеринин сызыктуу деформациялык мүнөздөмөлөрүн текши серпилгич нерседей карап аныкташат.
Темир-бетон элементтеринин сызыктуу эмес деформациялык мүнөздөмөлөрүн алардын белгилүү бир арматураланышында туура кесилиштеринде жаракалардын мүмкүн болгон жаралууларын, ошондой эле жүктөмдүн тиешелүү түрдө кыска жана узак мөөнөткө аракет этүүсүнө ылайык арматурада жана бетондо серпилгич эмес деформациялардын өөрчүшүн эсепке алуу менен аныктоо зарыл.
Б.6 Жүк көтөрүүчү конструктивдик тутумду эсептөөнүн жыйынтыгында төмөнкүлөр аныкталышы зарыл: түркүктөрдө – узатасынан жана туурасынан багытталган күчтөрдүн, ийилтүүчү моменттердин маанилери; калкалардын, жабуунун жалпак такталарында жана пайдубалдарда – ийилтүүчү, толгоочу моменттердин, туурасынан жана узатасынан багытталган күчтөрдүн маанилери; дубалдарда – узатасынан багытталган жана жылыштыруучу күчтөрдүн, ийилтүүчү, толгоочу моменттердин жана туурасынан багытталган күчтөрдүн маанилери.
Конструктивдик тутумдун элементтериндеги күчтөнүүлөрдү аныктоону туруктуу, узак мөөнөткө жана кыска мөөнөткө аракет эткен эсептик жүктөмдөрдүн аракетине жүргүзүү керек.
Б.7 Жүк көтөрүүчү конструктивдик тутумду эсептөөнүн жыйынтыгында калкалардын жана жабуулардын вертикаль багытындагы которулууларынын (салаңдоолорунун) маанилери, конструктивдик тутумдун горизонталь багытындагы которулуулары, ал эми жогорулатылган кабаттуу имараттар үчүн – жогорку кабаттардын калкаларынын термелүүлөрүнүн ылдамдануулары аныкталышы абзел. Которулуулардын жана термелүүлөрдүн ылдамданууларынын маанилери тиешелүү ченемдик документтерде аныкталган мүмкүн болгон маанилерден ашпоого тийиш.
Конструктивдик тутумдун горизонталь багытындагы которулууларын туруктуу, узак, жана кыска мөөнөткө аракет эткен горизонталдык жана вертикалдык эсептик (чектик абалдардын биринчи жана экинчи тайпалары үчүн) жүктөмдөрдөн аныктоо зарыл.
Калкалардын жана жабуулардын вертикаль багытындагы которулууларын (салаңдоолорун) туруктуу жана узак мөөнөткө вертикаль багытында аракет эткен ченемдик жүктөмдөрдөн аныктоо керек.
Имараттын жогорку кабаттарынын калкаларынын термелүүлөрүнүн ылдамданууларын шамал жүктөмүнүн какма түзүүчүсүнүн аракет этүүсүнөн аныктоо абзел.
Б.8 Конструктивдик тутумду туруктуулукка эсептөөдө конструктивдик тутумдун формасынын туруктуулугун, ошондой эле конструктивдик тутумдун абалынын аңтарылууга жана жылышууга туруктуулугун текшерүү зарыл.
Б.9 Конструктивдик тутумду туруктуулукка эсептөөнү вертикаль жана горизонталь багытындагы туруктуу, узак жана кыска мөөнөткө аракет эткен убактылуу эсептик жүктөмдөрдүн аракетине жүргүзүү абзел.
Конструктивдик тутумдун формасынын туруктуулугун эсептөөдө конструктивдик тутумдун элементтеринин ийкемсиздик мүнөздөмөлөрүн арматуралоону, жаракалардын болуусун, бетон жана арматурадагы серпилгичтүү эмес деформацияларды эсепке алуу менен кабыл алышат. Форманын туруктуулугу боюнча камдыгы эки эсе жана андан дагы көп болууга тийиш.
Абалдын туруктуулугун эсептөөдө конструктивдик тутумдарды деформацияланбаган ийкемсиз нерсе катары кароо керек.
Аңтарылууга эсептөөдө вертикалдык жүктөмдөн кармап туруучу момент горизонталдык жүктөмдөн пайда болгон аңтаруучу моменттен 1,5 барабар камдык көмөк чоңдугу менен ашып түшүүгө тийиш.
Жылышууга эсептөөдө кармап туруучу горизонталдык күч аракет этүүчү жылыштыруучу күчтөн 1,2 барабар камдык көмөк чоңдугу менен ашып турууга тийиш. Ошол эле учурда жүктөм боюнча ишенимдүүлүк көмөк чоңдугунун эң жагымсыз маанилерин эсепке алуу керек.
Б.10 Улам өөрчүүчү талкалоого каршы туруктуулукка эсептөө конструктивдик тутумдун кайсы бир элементинин (түркүктүн, дубалдын участкасынын, калканын участкасынын) жарактан чыгуусунда жана жакын жайгашкан элементтеринин кийинки мүмкүн болгон сынууларында жалпысынан конструктивдик тутумдун формасынын бекемдигин жана туруктуулугун камсыз кылып туруусу зарыл. Мындан сырткары, негизделген учурларда пайдубалдардын алдындагы жерпайдын кайсы бир бөлүгүнүн жарактан чыгуусу менен эсептик кырдаал (мисалга, карстык уроолордун жаралуу учурларында) каралат.
Б.11 Улам өөрчүүчү талкаланууга каршы туруктуулукка эсептөөнү бетон жана арматуранын каршылык көрсөтүүлөрүнүн ченемдик маанилери менен ченемдик вертикалдык жүктөмдөрдүн аракет этүүсүнө жүргүзүү керек.
Б.12 Жерпайдын жүк көтөрүмдүүлүгүн жана деформацияларын баалоону тиешелүү ченемдик документтерге ылайык имараттын конструктивдик тутумун эсептөөдө аныкталган жерпайга аракет этүүчү күчтөнүүдө жүргүзүү зарыл.
Б.13 Вертикалдуу темир-бетон элементтердеги арматуранын механикалык бирикмелерин калканын жогорку кырынан кабаттын бийиктигинин 1/4-1/5 чөлкөмүндө, ийилүүчү элементтерде – максималдык моменттердин же арматурада аракет эткен максималдык күчтөнүүлөр чөлкөмүнөн сырткары жайгаштыруу керек.
Элементтин бир кесилишиндеги чоюлган же кысылган мезгилдүү профилдүү жумушчу арматуралардын механикалык бирикмелердин жардамы аркылуу улаштырылуучу санын узатасынан багытталган арматуранын µs=3% арматуралоо пайызында 100% чейин жана калган учурларда 50% ашык эмес кылып кабыл алууга жол берилет. Улаштырылуучу арматуранын кесилиштеринин ортосундагы аралыкты бириктирилүүчү арматуранын каттоо узундугуна барабар кылып кабыл алышат (Б.1-сүр. кара).
Б.14 Арматуранын механикалык бирикмелеринин ортосундагы нак минималдуу аралык уламаны аткаруу үчүн жабдуунун тыш өлчөмдөрү менен аныкталат жана 2d кем эмес, ошондой эле 8.3.4 пунктундагы көрсөтмөлөрдө келтирилген маанилерден кем эмес болууга тийиш (Б.1-сүр.кара).
Б.1-сүрөт. Кайчылаштыра жана механикалык бирикмелердин жардамы аркылуу улаштырылуучу өзөктөрдүн жайгаштырылышы
Б.15 Механикалык бирикмелери менен арматуранын каркастарындагы туурасынан арматуралоо арматуранын механикалык бирикмелерсиз каркастарындагыдай эле кабыл алынат.
Б.16.1 Сапатты контролдоо
Б.16.1.1 Арматуранын механикалык бирикмелеринин сапатын контролдоону В.2 – В.7 ылайык жүргүзүшөт.
Б.16.1.2 Арматуранын механикалык бирикмелери менен жумуштарды аткарууда контролдун төмөнкү түрлөрүн жүргүзүү керек:
- бириктирүүчү кошкучтардын жана жабдуунун киришүүчү контролун;
- бириктирүүлөрдү жүргүзүү жараянында утурумдук контролду (операциялык жана кабыл алуу);
- тастыктамалоочу контролду.
Б.16.1.3 Ар бир кошкуч жана каршы бурама заводдук шартбелгилөөгө (маркалоого) ээ болушу шарт, анда төмөкүлөр көрсөтүлүшү зарыл: бириктирүүчү элементтин тиби, бириктирилүүчү өзөктөрдүн диаметри жана партиянын номуру же даярдоочу заводдун белгиси.
Көрсөтүлгөн шартбелгилөө ар бир бириктирүүчү кошкучка аны колдонуу моментине чейин сакталуусун камсыздоочу ыкмалар менен түшүрүлөт, шартбелгилөөнү МАСТ 7566 ылайык жууса кетпес сыр, электрмагниттик сокмо-чекиттик усул, катуу куйма ийнеси менен үзгүлтүксүз чийүү же башка ыкмалар аркылуу түшүрүүгө да жол берилет.
Б.16.1.4 Механикалык бирикмелердин тартылышын контролдоо үчүн МАСТ 51254-99 боюнча жыл сайын калибровка өтүүчү динамометрикалык ачкычтарды колдонуу керек. Сайлуу бирикмелердин кошкучтарынын жана каршы бурамаларынын тартуу күчтөнүүсү контролдонуучу партиянын 10% кем эмес бирикмелерин контролдук тартуу менен текшерилет. Бирикмелердин партиясы 500 даанадан ашпоого тийиш.
Механикалык бирикмелерди тартуу үчүн колдонулуучу ачкычтын узундугу төмөнкүлөрдөн кем болбоого тийиш:
- диаметри 12 - 18 мм болгон арматуралар үчүн – 0,3 м;
- диаметри 20 - 28 мм болгон арматуралар үчүн – 0,5 м;
- диаметри 32 - 40 мм болгон арматуралар үчүн – 0,7 м.
Сайлуу бирикмелерди тартуу чоңдугу Б.1 таблицасы боюнча маанилерден кем болбоого тийиш.
Б.1 таблицасы
Маанилердин аталыштары | Маанилердин көрсөткүчтөрү | ||||||||||
Арматура өзөгүнүн диаметри, мм | 12 | 14 | 16 | 18 | 20 | 22 | 25 | 28 | 32 | 36 | 40 |
Тартуунун минималдуу моменти, Н·м | 30 | 65 | 95 | 120 | 145 | 175 | 200 | 215 | 240 | 265 | 280 |
Б.16.1.5 Жубасталган бирикменин кошкучунун жубастоодон кийинки узаруусу бирикмелерге ченемдик документтердин талаптарына шайкеш келүүсү абзел. Талаптар боюнча берилмелер болбогон учурларда контролдонуучу узаруунун мааниси кошкучтун алгачкы узундугунун 8% кем болбоого тийиш.
Б.16.1.6 Кошкучтун жана өзөктөрдүн сайларын атмотопчөйрөлүк жаан-чачындардан, бетон менен булгануулардан жана механикалык бузулуулардан коргоо үчүн пластмассадан же металлдан атайын коргоочу бүтөгүчтөрдү жана калпакчаларды колдонуу керек. Калпакчалар өзөктүн учуна сайды салуу менен дароо кийгизилет. Кошкучтардан бүтөгүчтөр аларга арматура өзөктөрүн бурап киргизүү алдында алып салынат. Бул коргоочу каражаттар курулуш аянтына даярдалган, ташылуучу жана берилүүчү арматураларга, ошондой эле арматуранын чыкма учтарына колдонулат.
Б.16.1.7 Арматуранын учтарын даярдоону жана аны механикалык бирикмелердин жардамы аркылуу улаштырууну бул жумуштардын түрүнө аттестацияланган гана персонал жүргүзүшү зарыл.
В тиркемеси
Калтырма тетиктерди эсептөө
В.1 Болоттон калтырма тетиктердин жалпак элементтерине таврдай ширетилген нормалдык анкерлерди калтырма тетиктердин бир симметриялуу тегиздигинде жайгашкан статикалык жүктөмдөн ийилтүүчү моменттердин, нормалдык жана жылыштыруучу күчтөрдүн аракет этүүсүнө эсептөөнү төмөнкү шарттардан жүргүзүшөт
, (В.1)
мында: Nan,j – анкерлердин бир катарындагы эң чоң чоюучу күчтөнүү, ал төмөнкүчө аныкталат:
; (В.2)
– бир катар анкерлерге туура келген жылыштыруучу күчтөнүү, анын мааниси төмөнкүгө барабар:
; (В.3)
– анкерлердин бир катарындагы эң чоң кысуучу күчтөнүү, төмөнкү формула боюнча аныкталат
. (В.4)
– анкерлер тарабынан кабыл алынуучу жылыштыруучу күч, төмөнкү формула боюнча аныкталат
, (В.5)
мында - 1,65 барабар кылып кабыл алынуучу көмөк чоңдук;
– анкерлердин бир катары кабыл алуучу чектик чоюучу күч, төмөнкү формула боюнча аныкталат
(В.6)
(В.1) - (В.6) формулаларында:
M, N, Q – калтырма тетикке аракет этүүчү тиешелүү түрдө ийилтүүчү момент, нормалдык жана жылыштыруучу күчтөр; ийилтүүчү момент жартактын сырткы кыры боюнча өткөн тегиздикте жайгашкан жана баардык анкерлердин оордук борборлору боюнча өткөн око карата аныкталат;
– жылыштыруучу күчтүн багытын бойлото жайгашкан анкерлердин катарынын саны; эгерде жылыштыруучу күчтүн Q анкерлердин баардык катарларына бир калыпта тегиз өткөрүлүп берилүүсү камсыздалбаса, анда жылыштыруучу күчтү Qan аныктоодо төрттөн көп эмес катар эсепке алынат;
z – анкерлердин эң четки катарларынын ортосундагы аралык;
– эң чыңалган катардын анкерлеринин туура кесилиштеринин суммардык аянты.
Калган катарлардын анкерлеринин кесилиштеринин аянты эң чыңалган катардын анкерлеринин кесилиш аянтына барабар кылып алынат.
(В.2) жана (В.4) формулаларында нормалдык күч N оң деп кабыл алынат, эгерде ал калтырма тетиктен багытталса (В.1-сүр. кара), жана терс деп, эгерде ал калтырма тетикти карай багытталса. Nan терс мааниге ээ болгон учурларда (В.3) формуласында деп кабыл алышат.
Калтырма тетиктин буюмдун жогорку кырында жайгашуусунда (бетондоодо) маанисин нөлгө барабар деп алышат.
В.1-сүрөт. Калтырма тетикке аракет этүүчү күчтөнүүлөр сөлөкөтү
В.2 15°тан 30° чейинки бурч алдында кайчылаш ширетилген анкерлери менен калтырма тетиктеги жантык анкерлерди жылыштыруучу күчтүн аракет этүүсүнө (Q>N, мында N – жулуучу күч) төмөнкү формула боюнча эсептешет:
, (В.7)
мында – жантык анкерлердин туура кесилиштеринин суммардык аянты;
– (В.4) формуласы боюнча.
Ошол эле учурда, (В.3) формуласы боюнча аныкталуучу жылыштыруучу күчтүн 0,1 барабар болгон маанилеринде (В.1) формуласы боюнча эсептелип чыгылуучу нормалдык анкерлер орнотулушу зарыл.
В.3 Калтырма тетиктерге жүктөмдөрдү өткөрүп берүүчү ширетилген элементтери менен ширетилме калтырма тетиктердин конструкциясы кабыл алынган эсептик сөлөкөткө ылайык анкердик өзөктөрдүн ишке киришүүсүн камсыз кылуусу абзел. Жартактарды жана фасондуу жаймаларды жулуучу күчкө эсептөөдө алар нормалдык анкердик өзөктөр менен дошполуу бириктирилген деп кабыл алынат.
Мындан сырткары, анкерлер тавр түрүндө ширетилген калтырма тетиктин жартагынын калыңдыгы t төмөнкү шарттан текшерилиши зарыл
, (В.8)
мында – эсеп боюнча талап кылынуучу анкердик өзөктүн диаметри;
– болоттун кыюуга эсептик каршылык көрсөтүүсү.
Жартакты ишке киргизүүнүн чоң чөлкөмүн камсыз кылуучу ширетилме бирикмелердин типтери үчүн андан анкердик өзөктү суурууда жана тиешелүү негиздөөдө жартактын калыңдыгын азайтуу үчүн (В.8) шартына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мүмкүн болот.
Жартактын калыңдыгы ошондой эле ширетүү боюнча технологиялык талаптарды канааттандыруусу зарыл.
В.4 Калтырма тетиктин жалпак элементтерине ширетилген баардык нормалдык же жантык анкерлерде чоюучу күчтөнүүлөрдүн болуусунда тиешелүү жулуу беттери боюнча бетондун жулууга бекемдигин камсыз кылууну караштыруу керек болот.
Эгерде анкерлердин учтары темир-бетон конструкциясынын калтырма тетиктин карама-каршысындагы кырынын жанында жайгашкан узатасынан багытталган арматуранын ары жагына киргизилген болсо, ал эми анкерлерди бекемдөө жартак же кыска кесинди түрүндө узатасынан багытталган арматуранын (диаметри 20 мм кем эмес – симметриялык илинишүүдө, 25 мм кем эмес – симметриялуу эмес илинишүүдө) өзөктөрүнө илинишип турса жулууга эсептөөнү жүргүзбөй коюуга жол берилет. Бул учурда анкерлердин четки катарларынын ортосундагы темир-бетон конструкциясынын участогу тиешелүү туурасынан багытталган күчтүн аракетине текшерилет.
Жылыштыруучу күчтүн калтырма тетикке темир-бетон конструкциясынын четин көздөй аракет этүүсүндө бетондун жулууга бекемдигин караштыруу керек болот.
Г тиркемеси
Жубасталган механикалык бирикмелердин бириктиргич кошкучтарын эсептөө
Г.1 Арматуранын жубасталган механикалык бирикмелери менен кандай гана мезгилдүү профилде болбосун А400 А800 классындагы арматуралык жаймаларды бириктирүүгө жол берилет. Жылмакай профилдеги арматуралар үчүн жубасталган бирикмелерди колдонууга жол берилбейт.
Г.2 Бириктирүүчү кошкучтар үчүн материал катары ысык деформацияланган же муздак деформацияланган жиксиз түтүктөрдү (МАСТ 8731 боюнча техникалык талаптар, МАСТ 8732 боюнча сортамент) же тегерек ысык жайылган жайманы (МАСТ 535 боюнча техникалык талаптар жана МАСТ 2590 боюнча сортамент) пайдаланышат. Бириктирүүчү кошкучтар үчүн материал катары МАСТ 1050 боюнча 10, 15 маркадагы болотту; МАСТ 380 боюнча Ст.2 же Ст.3 колдонушат. Кысуучу жабдуунун ресурсунун төмөндөшүн эсепке алуу менен МАСТ 1050 боюнча 20 маркадагы болоттон кошкучтарды колдонууга жол берилет.
Г.3 Жубасталган бирикмелер алардын бекемдигин жана сынуу мүнөздөрүн аныктоочу параметрлерге шайкеш келүүсү абзел.
Г.3.1 Бириктирүүчү кошкучтун жубастоого чейинки туурасынан кесилишинин аянты FM бириктирилүүчү арматуранын жана кошкучтун чоюлуудагы ченемдик каршылык көрсөтүүлөрүнүн маанилери боюнча тең бекемдик шартынан улам дайындалат:
, (Г.1)
мында , – бириктирүүчү кошкучтун жана арматура жаймасынын материалдарынын аларды даярдоого стандарттар боюнча убактылуу каршылык көрсөтүүлөрүнүн ченемдик маанилери.
Г.3.2 Кошкучтардын материалынын ченемдик маанилеринин ордуна тажрыйбалык жол менен аныкталуучу алардын факт жүзүндөгү маанилерин кабыл алууга жол берилет.
Г.3.3 Бириктирүүчү кошкучтун жубастоого чейинки узундугу l0 төмөнкү шарттардан улам тандалып алынат:
- жубастоо ыкмасы. Арматурадагы бириктиргич кошкучтун жубастоосу орто аралыктары жана орто аралыктарсыз кошкучту көп жолу кысуу менен жүргүзүлүшү мүмкүн (Г.1-сүрөт). Орто аралыктары менен жубастоодо кысуулардын ортосундагы жылчыкты 2ден 5 мм чейин кабыл алышат;
- А400 жана А500 классындагы арматуралардын жубасталган бирикмелери үчүн кошкучтун материалын талап кылынган кесүү күчтөнүүсүн камсыз кылуу үчүн бириктирүүчү кошкучтун кысылган бөлүгүнүн мааниси 5dH кем болбоого тийиш (кошкучтун ар бир тарабынан 2,5dH), мында dH – бириктирилүүчү арматуранын номиналдык диаметри).
Г.3.4 Орто аралыксыз кысуудагы кошкучтун узундугу төмөнкү формула боюнча тандалат
l0 = (4,5 × dH + 4) × 0,9 , (Г.2)
мында dH – сантиметр менен.
Орто аралыксыз кысууда кысуу кийинки кысууну мурункусуна бир аз кабаттоо менен жүргүзүлөт.
Г.1-сүрөт. Бириктирүүчү кошкучту көп жолу туурасынан деформациялоо менен мобилдик жабдууда курулуш шартында даярдалган жубасталган улама
1– орто аралыктары менен; 2 – орто аралыктарсыз
Г.3.5 Орто аралыктары менен кысуудагы кошкучтун узундугу төмөнкү формула боюнча тандалат
, (Г.3)
мында – жубастын кысууларынын саны;
li – жубастын бир кысуусундагы калтырган тагынын жазылыгы, см, колдонулуучу жабдууга жараша пуансондордун жумушчу бөлүгүнүн жазылыгы боюнча аныкталат;
а – кысуулардын кабыл алынуучу ортосунун мааниси, см.
Кысуулардын жалпы саны п төмөнкү шарттан аныкталат
(Г.4)
Г.3.6 Арматуранын жубасталган бирикмелеринин кошкучунун ички диаметри төмөнкү шарттан тандалып алынат: кошкучтун жана бириктирилүүчү арматуранын ортосундагы суммардык жылчык dBH,M – dMAX,S бириктирилүүчүарматуранын диаметрине көз карандысыз 4 мм чоң болбоого тийиш, мында dBH,M – кошкучтун ички диаметри, dMAX,S – арматуранын кырлары боюнча туура кесилишинин факт жүзүндөгү максималдуу тыш өлчөмдүк өлчөмү.
Г.3.7 Кепилденген чыдамдуулугу менен арматуранын жубасталган бирикмелери үчүн чыдамдуулук боюнча талаптарды кепилдүү камсыздоо үчүн кошкуч жана арматуранын бириктирилүүчү өзөктөрүнүн ортосундагы жубасталууга чейинки факт жүзүндөгү жылчыкты dBH,M – dMAX,S арматуранын диаметринен көз карандысыз түрдө 2 мм кем эмес кылып кабыл алуу керек.
Г.4 Туурасынан деформациялануу же созуу күчтөнүүлөрүнүн мааниси колдонулуучу жабдууга карата кабыл алынат жана ал кысуудан кийин кошкучтун талап кылынган узаруусун кепилдөөсү шарт.
Г.5 Кошкучтардын тандалып алынган геометриялык өлчөмдөрү милдеттүү түрдө сынамык үлгүлөрдү – ар бир түрүнөн жана тип өлчөмүнөн 3 даанадан кем эмес кылып, чоюлууга эксперименттик сыноо аркылуу текшерилиши зарыл. Бирикмелердин сыналган үлгүлөрү Г.1 таблицасынын талаптарына шайкеш келүүсү абзел. Жубасталган бирикмелердин сынуусунда арматура өзөгүнүн кошкучтан суурулуусуна жол берилбейт. Кошкучтун кысылган бөлүгүнүн суммардык өлчөмүнүн 4,5dH маанисинен кичирейүүсүнө жол берилбейт.
Г.6 Кошкучтардын дубалчаларынын калыңдыгын тандоодо дубалчанын калыңдыгынын жукалыгы арматуранын мезгилдүү профилинин керүүсүнүн каршылык көрсөтүүсүнө кошкучтун жеткиликтүү ийкемсиздиги камсыз болбой калат. Кошкучтун дубалчасынын олуттуу калыңдыгында сапаттуу жубастоону ишке ашыруу үчүн жубастоочу жабдуунун кысуу күчтөнүүсү жетишсиз болуп калуусу ыктымал.
Г.7 Кошкучтардын эсептөөлөрдө алынган өлчөмдөрүнө же параметрлеринин маанилерине таасын жабдууну колдонуу менен даярдалган сынамык уламаларды чоюлууга жана бириктиргич кошкучтарды анын калыңдыгын жана жалпы узундугун сыноолордун жыйынтыктары боюнча түзөтүүлөрдү киргизүүгө жол берилет.
Г.8 А800 жана андан жогорку класстагы арматура үчүн жубасталган бирикмелердин кошкучтарынын геометриялык өлчөмдөрү жубастоочу жабдуунун мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен эксперименттик түрдө негизделиши зарыл.
Г.9 А400, А500 и А600 классындагы арматуралар үчүн жубасталган бирикмелердин 10 маркасындагы болоттон даярдалган кошкучтардын өлчөмдөрү Г.1 таблицасында келтирилген.
Г.1 таблицасы
Улаштыры-луучу арматуранын классы | Бириктири-лүүчү арматуранын диаметри dH, мм | Бириктиргич кошкучтардын геометриялык өлчөмдөрү | ||
узундугу l0, мм | дубалчасы-нын калыңдыгы t, мм | сырткы диаметри , мм | ||
кем эмес |
| |||
А400, А500 | 16 | 8dH орто аралыктары менен көп жолу жубастоодо | 4,5 | 28,5 |
| 18 |
| 5 | 32 |
| 20 |
| 5,5 | 35 |
| 22 |
| 6 | 39 |
| 25 |
| 8 | 43,5 |
| 28 |
| 9 | 49 |
| 32 |
| 10 | 55,5 |
| 36 |
| 11 | 62 |
| 40 |
| 12 | 69,5 |
А600 | 16 | 9dH орто аралыктары менен көп жолу жубастоодо
| 6 | 32 |
| 18 |
| 6,5 | 36 |
| 20 |
| 7,5 | 40 |
| 22 |
| 8,5 | 45 |
| 25 |
| 10 | 48 |
| 28 |
| 11 | 56 |
| 32 |
| 12 | 63 |
| 36 |
| 13 | 68 |
| 40 |
| 14 | 75 |
Д тиркемеси
Бетон жана арматуранын мүнөздөмөлөрү
Д.1 Бетон жана темир-бетон конструкциялары үчүн Д.1-Д.4 таблицаларында келтирилген класстардагы жана маркалардагы бетондор каралышы керек.
Д.1 таблицасы
Бетон | Бетондун кысуу күчү боюнча класстары | |
Оор бетон | В3,5; В5; В7,5; В10; В12,5; В15; В20; В25; В30; В35; В40; В45; В50; В55; В60; В70; В80; В90; В100 | |
Чыңалтуучу бетон | В20; В25; В30; В35; В40; В45; В50; В55; В60; В70 | |
Майда дандуу бетондун топтору: |
| |
А – табигый катууланган же атмосфералык басымда жылуулук менен иштетилген | В3,5; В5; В7,5; В10; В12,5; В15; В20; В25; В30; В35; В40 | |
Б – автоклавда иштетилген | В15; В20; В25; В30; В35; В40; В45; В50; В55; В60 | |
Орточо тыгыздыгы боюнча жеңил бетондун маркалары: |
| |
D800, D900 | В2,5; B3,5; В5; В7,5 | |
D1000, D1100 | B2,5; B3,5; В5; В7,5; В10; B12,5 | |
D1200, D1300 | B2,5; B3,5; B5; В7,5; В10; B12,5; B15; В20 | |
D1400, D1500 | B3,5; B5; B7,5; B10; В12,5; B15; B20; B25; В30 | |
D1600, D1700 | B7,5; B10; В12,5; В15; В20; В25; B30; B35; В40 | |
D1800, D1900 | В15; В20; B25; B30; В35; В40 | |
D2000 | В25; В30; В35; В40 | |
Яяейкалуу орто тыгыздыктагы бетон маркалары: | Автоклавдуу | Автоклавдуу эмес |
D500 | B1,5; В2; В2,5 | - |
D600 | B1,5; В2; В2,5; В3,5 | В1,5; В2 |
D700 | В2; В2,5; В3,5; В5 | В1,5; В2; В2,5 |
D800 | В2,5; В3,5; В5; В7,5 | В2; В2,5; В3,5 |
D900 | В3,5; В5; В7,5; В10 | В2,5; В3,5; В5 |
D1000 | В7,5; В10; В12,5 | В5; В7,5 |
D1100 | В10; В12,5; В15; В17,5 | В7,5; В10 |
D1200 | В12,5; В15; В17,5; В20 | В10; В12,5 |
Орточо тыгыздыгы боюнча ячейкалуу бетондун маркалары: |
| |
D800, D900, D1000 | B2,5; В3,5; В5 | |
D1100, D1200, D1300 | B7,5 | |
D1400 | B3,5; В5; В7,5 | |
Э с к е р т ү ү – ушул курулуш ченемдеринде "жеңил бетон" жана "көңдөйлөнгөн бетон" атоолору тиешелүүлүгүнө жараша тыгыз түзүмдүү жеңил бетонду жана көңдөйлөнгөн түзүмдүү жеңил бетонду (көңдөйлөө даражасы 6%дан жогору) белгилөө үчүн колдонулат. | ||
Д.2 таблицасы
Бетон | Бетондун суукка туруктуулугу боюнча маркасы |
Оор, анын ичинде чыңалтуучу жана майда дандуу бетондор | Биринчи базалык усул боюнча: F150; F175; F1100; F1150; F1200; F1300; F1400; F1500; F1600; F1800; F11000 Экинчи базалык усул боюнча: F2100; F2150; F2200; F2300; F2400; F2500 |
Жеңил бетон | Биринчи базалык усул боюнча: F125; F135; F150; F175; F1100; F1150; F1200; F1300; F1400; F1500; F1600; F1800; F11000 |
Көңдөйлөнгөн бетон | Биринчи базалык усул боюнча: F150; F175; F1100; F1150; F1200; F1300; F1400; F1500 |
Ячейкалуу бетон | F15; F25; F35; F50; F75; F100 |
Д.3 таблицасы
Бетон | Бетондун суу өткөрүмдүүлүгү боюнча маркасы |
Оор, анын ичинде чыңалтуучу, майда дандуу бетон | W2; W4; W6; W8; W10; W12; W14; W16; W18; W20 |
Жеңил бетон | W2; W4; W6; W8; W10; W12 |
Д.4 таблицасы
Бетон | Бетондун орточо тыгыздыгы |
Жеңил бетон | D800; D900; D1000; D1100; D1200; D1300; D1400; D1500; D1600; D1700; D1800; D1900; D2000 |
Көңдөйлөнгөн бетон | D800; D900; D1000; D1100; D1200; D1300; D 1400 |
Ячейкалуу бетон | D500; D600; D700; D800; D900; D1000; D1100; D 1200 |
Д.2 Бетондун каршылык көрсөтүүлөрүнүн эсептик маанилери Rb , Rbt , Rb ser, Rbt ser (тегеректөө менен) бетондун октук кысылууга жага чоюлууга бекемдиги боюнча классына жараша төмөндө келтирилген: Д.5-таблицасында – чектик абалдардын биринчи тайпасы, Д.6-таблицасында – экинчи тайпасы үчүн.
Д.5 таблицасы
Каршылык көрсөтүүнүн түрү |
Бетон | Бетондун кысылууга бекемдиги боюнча класстарында бетондун ченемдик каршылык көрсөтүүлөрү Rbn, Rbt,n жана чектик абалдардын экинчи тайпасы үчүн бетондун эсептик каршылык көрсөтүүлөрү Rb,ser , Rbt,ser, МПа | |||||||||||||||||||||
В1,5 | В2 | В2,5 | В3,5 | В5 | В7,5 | В10 | В12,5 | В15 | В20 | В25 | В30 | В35 | В40 | В45 | В50 | В55 | В60 | В70 | B80 | В90 | В100 | ||
Октук кысууга (призма-лык бекемдик) Rbn жана Rb,ser | Оор, майда дандуу жана чыңалтуучу | - | - | - | 2,7 | 3,5 | 5,5 | 7,5 | 9,5 | 11 | 15 | 18,5 | 22 | 25,5 | 29 | 32 | 36 | 39,5 | 43 | 50 | 57 | 64 | 71 |
Жеңил | - | - | 1,9 | 2,7 | 3,5 | 5,5 | 7,5 | 9,5 | 11 | 15 | 18,5 | 22 | 25,5 | 29 | - | - | - | - | - | - | - | - | |
Ячейкалуу | 1,4 | 1,9 | 2,4 | 3,3 | 4,6 | 6,9 | 9,0 | 10,5 | 11,5 | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | |
Октук чоюлууга Rbt,n жана Rbt,ser | Оор, майда дандуу жана чыңалтуучу | - | - | - | 0,39 | 0,55 | 0,70 | 0,85 | 1,00 | 1,10 | 1,35 | 1,55 | 1,75 | 1,95 | 2,10 | 2,25 | 2,45 | 2,60 | 2,75 | 3,00 | 3,30 | 3,60 | 3,80 |
Жеңил | - | - | 0,29 | 0,39 | 0,55 | 0,70 | 0,85 | 1,00 | 1,10 | 1,35 | 1,55 | 1,75 | 1,95 | 2,10 | - | - | - | - | - | - | - | - | |
Ячейкалуу | 0,22 | 0,26 | 0,31 | 0,41 | 0,55 | 0,63 | 0,89 | 1,00 | 1,05 | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | |
Э с к е р т ү ү л ө р 1. Каршылык көрсөтүүлөр орточо нымдуулугу 10% ячейкалуу бетон үчүн берилген. 2. Дандуулук модулу 2,0 жана андан кичине майда дандуу бетондор, ошондой эле майда көңдөйлүү толуктагычтуу жеңил бетондор үчүн эсептик каршылык көрсөтүүлөрдүн Rbt,n, Rbt,ser, маанилерин 0,8 көмөк чоңдугуна көбөйтүү менен кабыл алуу зарыл. 3. Көңдөйлөнгөн бетон, ошондой эле көптүрүлгөн перлит кумдуу керамзитперлитбетон үчүн каршылык көрсөтүүлөрдүн Rbt,n, Rbt,ser маанилерин жеңил бетондукундай эле 0,7 көмөк чоңдугуна көбөйтүү менен кабыл алуу зарыл. 4. Чыңалтуучу бетон үчүн, Rbt,n, Rbt,ser маанилерин 1,2 көмөк чоңдугуна көбөйтүү менен кабыл алуу керек. | |||||||||||||||||||||||
Д.6 таблицасы
Каршылык көрсөтүү-нүн түрү |
Бетон | Бетондун кысылууга бекемдиги боюнча класстарында чектик абалдардын биринчи тайпасы боюнча бетондун эсептик каршылык көрсөтүүлөрү Rb , Rbt , МПа | |||||||||||||||||||||
В1,5 | В2 | В2,5 | В3,5 | В5 | В7,5 | В10 | В12,5 | В15 | В20 | В25 | В30 | В35 | В40 | В45 | В50 | В55 | В60 | В70 | B80 | В90 | В100 | ||
Октук кысылууга (призма-лык бекемдик) Rb | Оор, майда дандуу жана чыңалтуу-чу | - | - | - | 2,1 | 2,8 | 4,5 | 6,0 | 7,5 | 8,5 | 11,5 | 14,5 | 17,0 | 19,5 | 22,0 | 25,0 | 27,5 | 30,0 | 33,0 | 37,0 | 41,0 | 44,0 | 47,5 |
Жеңил | - | - | 1,5 | 2,1 | 2,8 | 4,5 | 6,0 | 7,5 | 8,5 | 11,5 | 14,5 | 17,0 | 19,5 | 22,0 | - | - | - | - | - | - | - | - | |
Ячейкалуу | 0,95 | 1,3 | 1,6 | 2,2 | 3,1 | 4,6 | 6,0 | 7,0 | 7,7 | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | |
Октук чоюлууга Rbt | Оор, майда дандуу жана чыңалтуучу | - | - | - | 0,26 | 0,37 | 0,48 | 0,56 | 0,66 | 0,75 | 0,90 | 1,05 | 1,15 | 1,30 | 1,40 | 1,50 | 1,60 | 1,70 | 1,80 | 1,90 | 2,10 | 2,15 | 2,20 |
Жеңил | - | - | 0,20 | 0,26 | 0,37 | 0,48 | 0,56 | 0,66 | 0,75 | 0,90 | 1,05 | 1,15 | 1,30 | 1,40 | - | - | - | - | - | - | - | - | |
Ячейкалуу | 0,09 | 0,12 | 0,14 | 0,18 | 0,24 | 0,28 | 0,39 | 0,44 | 0,46 | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | - | |
Э с к е р т ү ү л ө р 1. Каршылык көрсөтүүлөр орточо нымдуулугу 10% ячейкалуу бетон үчүн берилген. 2. Дандуулук модулу 2,0 жана андан кичине майда дандуу бетондор, ошондой эле майда көңдөйлүү толуктагычтуу жеңил бетондор үчүн эсептик каршылык көрсөтүүлөрдүн Rbt,n, Rbt,ser, маанилерин 0,8 көмөк чоңдугуна көбөйтүү менен кабыл алуу зарыл. 3. Көңдөйлөнгөн бетон, ошондой эле көптүрүлгөн перлит кумдуу керамзитперлитбетон үчүн каршылык көрсөтүүлөрдүн Rbt,n, Rbt,ser маанилерин жеңил бетондукундай эле 0,7 көмөк чоңдугуна көбөйтүү менен кабыл алуу зарыл. 4. Чыңалтуучу бетон үчүн, Rbt,n, Rbt,ser маанилерин 1,2 көмөк чоңдугуна көбөйтүү менен кабыл алуу керек. 5. В70-В100 класстарындагы оор бетондор үчүн октук кысылууга Rb жана октук чоюлууга Rbt каршылык көрсөтүүнүн эсептик маанилери γb,br=(360-B)/300 барабар болгон, мында В – бетондун классы, жылышуучулук деформациянын азайышы менен байланышкан жогорку бекемдиктеги бетондордун морттулугунун жогорулашын эсепке алуучу кошумча төмөндөтүүчү көмөк чоңдукту эсепке алуу менен кабыл алынган. | |||||||||||||||||||||||
Д.7 таблицасы
Айлана-чөйрөнүн абасынын салыштырмалуу нымдуулугу, % | Оор бетондун төмөнкү класстарындагы бетондун жылышуучулук көмөк чоңдугунун мааниси | ||||||||||
В10 | В15 | В20 | В25 | В30 | В35 | В40 | В45 | В50 | В55 | В60-В100 | |
75тен жогору | 2,8 | 2,4 | 2,0 | 1,8 | 1,6 | 1,5 | 1,4 | 1,3 | 1,2 | 1,1 | 1 , 0 |
40-75 | 3,9 | 3,4 | 2,8 | 2,5 | 2,3 | 2,1 | 1,9 | 1,8 | 1,6 | 1,5 | 1 , 4 |
40тан төмөн | 5,6 | 4,8 | 4,0 | 3,6 | 3,2 | 3,0 | 2,8 | 2,6 | 2,4 | 2,2 | 2 , 0 |
Эскертүү – Айлана-чөйрөнүн абасынын салыштырмалуу нымдуулугун КР СНиП боюнча курулуш району үчүн эң жылуу айдын орточо айлык салыштырмалуу нымдуулугу катары кабыл алышат. | |||||||||||
Д.8 таблицасы
Каршылык көрсөтүүнүн түрү | Бетон | Бетондун октук чоюлууга бекемдиги боюнча төмөнкү класстарында чектик абалдардын биринчи тайпасы үчүн бетондун карышылык көрсөтүүлөрүнүн Rbt эсептик маанилери, МПа | ||||||
Вt 0,8 | Вt 1,2 | Вt 1,6 | Вt 2,0 | Вt 2,4 | Вt 2,8 | Вt 3,2 | ||
Октук чоюлуу Rbt | Оор, майда дандуу, чыңалтуучу жана жеңил | 0,62 | 0,93 | 1,25 | 1,55 | 1,85 | 2,15 | 2, 45 |
Д.3 Керек учурларда бетондун бекемдик мүнөздөмөлүрүнүн маанилерин конструкциядагы бетондун иштөө өзгөчөлүгүн (жүктөмдүн мүнөзүн, айлана-чөйрөнү шарттарын д.у.с.) эсепке алуучу төмөнкү иштөө шарттары көмөк чоңдугуна gbi көбөйтүшөт:
а) gb1 – бетон жана темир-бетон конструкциялары үчүн, каршылык көрсөтүүлөрүнүн эсептик маанилерине киргизилүүчү жана статикалык жүктөмдүн аракет этүү узактыгынын таасирин эсепке алуучу;
gb1 = 1,0 – бардык жүктөмдөрдүн аракет этүүсүндө, кыска мөөнөттүү жүктөмдөрдү кошо эсептегенде;
gb1 = 0,9 – туруктуу жана узак мөөнөттүү жүктөмдөрдүн аракет этүүсүндө (ячейкалуу жана көзөнөктүү бетондор үчүн gb1=0,85);
б) gb2 – бетон конструкциялары үчүн, каршылык көрсөтүүнүн эсептик маанилерине Rb киргизилүүчү жана мындай конструкциялардын сынуу мүнөздөрүн эсепке алуучу, gb2 =0,9;
в) gb3 – бетондоо катмарынын калыңдыгы 1,5 метрден ашкан тик абалда бетондолуучу бетон жана темир-бетон конструкциялары үчүн бетондун каршылык көрсөтүүсүнүн эсептик маанисине Rb киргизилүүчү, gb3 =0,85;
г) gb4 – ячейкалуу бетондор үчүн, бетондун каршылык көрсөтүүсүнүн эсептик маанисине Rb киргизилүүчү:
gb4 =1,00 – ячейкалуу бетондун нымдуулугу 10% же андан аз болгондо;
gb4 =0,85 – ячейкалуу бетондун нымдуулугу 25% ашык болгондо;
интерполяция боюнча – ячейкалуу бетондун нымдуулугу 10% ашык жана 25% аз болгондо.
Алмак-салмак тоңдуруунун жана эритүүнүн, ошондой эле терс температуралардын таасирин бетондун иштөө шарттары көмөк чоңдугу gb5£1,0 эсепке алынат. Суук мезгилде минус 400 С жана андан жогору болгон сырткы абанын эсептик температурасында айлана-чөйрөнүн атмотопчөйрөлүк таасирине дуушар болуучу жер үстүндөгү конструкциялар үчүн көмөк чоңдукту gb5=1,0 кылып кабыл алышат. Калган учурларда көмөк чоңдуктун мааниси конструкциянын арналышына жана айлана-чөйрөнүн шарттарына жараша атайын көрсөтмөлөргө ылайык кабыл алынат.
Д.4. Кысылууда жана чоюлууда бетондун баштапкы серпилгичтүүлүк модулунун маанисин бетондун кысылууга бекемдиги боюнча классына В жараша Д.9 таблицасына ылайык кабыл алынат. Бетондун жылышуу модулунун маанисин 0,4 Eb барабар кылып кабылдашат.
Д.5 А240…А500, В500 класстарындагы арматуралар үчүн эсептик маанилери Д.11 таблицасында келтирилген. Бардык класстардагы туурасынан багытталган арматура үчүн каршылык көрсөтүүнүн эсептик маанилерин 300 МПа ашырбай кабыл алуу зарыл.
Д.9 таблицасы
Бетон | Бетондун кысылууга бекемдиги боюнча төмөнкү класстарында кысылууда жана чоюлууда бетондун серпилгичтүүлүгүнүн баштапкы модулунун Еb, МПа × 10 -3 маанилери | |||||||||||||||||||||
В1,5 | В2 | В2,5 | В3,5 | В5 | В7,5 | В10 | В12,5 | В15 | В20 | В25 | В30 | В35 | В40 | В45 | В50 | В55 | В60 | В70 | B80 | В90 | В100 | |
Оор | - | - | - | 9,5 | 13,0 | 16,0 | 19,0 | 21,5 | 24,0 | 27,5 | 30,0 | 32,5 | 34,5 | 36,0 | 37,0 | 38,0 | 39,0 | 39,5 | 41,0 | 42,0 | 42,5 | 43 |
Майда дандуу төмөнкү тайпалардагы:
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
А - табигый катууланудагы | - | - | - | 7,0 | 10 | 13,5 | 15,5 | 17,5 | 19,5 | 22,0 | 24,0 | 26,0 | 27,5 | 28,5 | - | - | - | - | - | - | - | - |
Б - автоклавдык катуулануудагы | - | - | - | - | - | - | - | - | 16,5 | 18,0 | 19,5 | 21,0 | 22,0 | 23,0 | 23,5 | 24,0 | 24,5 | 25,0 | - | - | - | - |
Жеңил жана көңдөйлөнгөн, орточо тыгыздыгы боюнча төмөнкү маркалардагы: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
D800 | - | - | 4,0 | 4,5 | 5,0 | 5,5 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
D1000 | - | - | 5,0 | 5,5 | 6,3 | 7,2 | 8,0 | 8,4 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
D1200 | - | - | 6,0 | 6,7 | 7,6 | 8,7 | 9,5 | 10,0 | 10,5 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
D1400 | - | - | 7,0 | 7,8 | 8,8 | 10,0 | 11,0 | 11,7 | 12,5 | 13,5 | 14,5 | 15,5 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
D1600 | - | - | - | 9,0 | 10,0 | 11,5 | 12,5 | 13,2 | 14,0 | 15,5 | 16,5 | 17,5 | 18,0 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
D1800 | - | - | - | - | 11,2 | 13,0 | 14,0 | 14,7 | 15,5 | 17,0 | 18,5 | 19,5 | 20,5 | 21,0 |
|
|
|
|
|
|
|
|
D2000
| - | - | - | - | - | 14,5 | 16,0 | 17,0 | 18,0 | 19,5 | 21,0 | 22,0 | 23,0 | 23,5 |
|
|
|
|
|
|
|
|
Д. 9 таблицасынын уландысы | ||||||||||||||||||||||
Автоклавдык катуулануудагы ячейкалуу, орточо тыгыздыгы боюнча төмөнкү маркалардагы: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
D500 | 1 ,4 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
D600 | 1 ,7 | 1,8 | 2,1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
D700 | 1 ,9 | 2,2 | 2,5 | 2,9 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
D800 |
|
| 2,9 | 3,4 | 4,0 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
D900 |
|
|
| 3,8 | 4,5 | 5,5 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
D1000 |
|
|
|
| 5,0 | 6,0 | 7,0 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
D1100 |
|
|
|
|
| 6,8 | 7,9 | 8,3 | 8,6 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
D1200 |
|
|
|
|
|
| 8,4 | 8,8 | 9,3 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Э с к е р т ү ү л ө р 1. Жылуулук же атмотопчөйрөлүк иштетүүгө дуушар кылынган А тайпасындагы майда дандуу бетон үчүн бетондун серпилгичтүүлүгүнүн баштапкы модулунун маанисин 0,89 көмөк чоңдугу менен кабыл алынышы керек. 2. Жеңил, ячейкалуу жана көңдөйлөнгөн бетондор үчүн бетондун тыгыздыгынын орто аралык маанилеринде серпилгичтүүлүктүн баштапкы модулдарын сызыктуу интерполяция боюнча кабыл алышат. 3. Автоклавдык эмес катуулануучу ячейкалуу бетон үчүн маанилер автоклав менен катуулануучу бетондукундай эле кылып, 0,8 көмөк чоңдугуна көбөйтүү менен кабыл алынат. | ||||||||||||||||||||||
Д.10 таблицасы
Арматуранын классы | Чектик абалдардын биринчи тайпасы үчүн арматуранын каршылык көрсөтүүсүнүн маанилери, МПа | |
чоюлууга Rs | кысылууга Rsc | |
А240 | 210 | 210 |
А400 | 340 | 340 |
А500 | 435 | 435(400) |
А600 | 520 | 470(400) |
А800 | 695 | 500(400) |
А1000 | 870 | 500(400) |
В500 | 415 | 415(380) |
BP500 | 415 | 390(360) |
BP1200 | 1000 | 500(400) |
BP1300 | 1100 | 500(400) |
BP1400 | 1170 | 500(400) |
BP1500 | 1250 | 500(400) |
BP1600 | 1340 | 500(400) |
К1400 | 1170 | 500(400) |
К1450 | 1200 | 500(400) |
К1500 | 1250 | 500(400) |
К1550 | 1350 | 500(400) |
К1650 | 1435 | 500(400) |
К1750 | 1515 | 500 (400) |
К1850 | 1600 | 500 (400) |
К1900 | 1670 | 500 (400) |
Э с к е р т ү ү – Rsc кашаанын ичиндеги маниилерин жүктөмдүн кыска мөөнөткө аракет этүүсүнө эсептөөдө гана колдонушат. | ||
Д.11 таблицасы
Арматуранын классы | Чектик абалдардын биринчи тайпасы үчүн туурасынан багытталган арматуралардын (байламталардын, ийилген арматуралардын) чоюлууга каршылык көрсөтүүлөрүнүн эсептик маанилери, МПа |
А240 | 170 |
А400 | 280 |
А500 | 300 |
B500 | 300 |
Е тиркемеси
Алдын ала чыңалган темир-бетон конструкциялары
Е.1 Арматураны алдын ала чыңалтуу
Е.1.1 Арматуранын алдын ала чыңалуусу ssp ысык жайылган жана ысык жайылып катууланган арматуралар үчүн 0,9Rs,n жана муздак деформацияланган, арматура зым аркандары үчүн 0,8Rs,n ашык эмес кылып кабыл алынат.
Е.1.2 Алдын ала чыңалган конструкцияларды эсептөөдө алдын ала чыңалуунун жоготууларынын натыйжасында алдын ала чыңалуунун азайышын эсепке алуу керек – чыңалуу күчүн бетонго өткөрүп берүү аяктаганга чейин (биринчи жоготуу) жана чыңалуу күчүн бетонго өткөрүп бергенден кийин (экинчи жоготуу).
Арматураны таянычтарга кергенде төмөнкүлөрдү эсепке алуу керек:
- биринчи жоготуулар – арматурадагы алдын ала чыңалуунун релаксациясынан, конструкцияларды термикалык иштетүүдө температуранын айырмасынан, анкерлердин деформациясынан жана форманын (таянычтардын) деформациясынан;
- экинчи жоготуулар – бетондун жыйрылуусунан жана жылышуусунан.
Арматураны бетонго тартканда төмөнкүлөрдү эске алуу керек:
- биринчи жоготуулар – анкерлердин деформациясынан, арматуранын каналдын дубалдарына же конструкциянын бетине сүрүлүшүнөн;
- экинчи жоготуулар – арматурадагы алдын ала чыңалуунун релаксациясынан, бетондун жырылуусунан жана жылышуусунан.
Е.1.3 Арматуранын чыңалуусунун релаксациясынан жоготууларын Dssp1 төмөнкү формулалар боюнча аныкташат:
арматуранын А600-А1000 класстарындагы арматуралар үчүн төмөнкү чоюу ыкмаларында:
механикалык - Dssp1 = 0,1ssp – 20; (Е.1)
электротермикалык - Dssp1 = 0,03ssp; (Е.2)
Bp1200- Bp1600 класстарындагы арматуралар, ошондой эле К1400 жана К1500 класстарындагы арматура зым аркандары үчүн механикалык чоюуу ыкмасында:
D Dssp1 = (0,22 – 0,1) × ss,p, (Е.3)
К1400-К1900 класстарындагы стабилдештирилген арматуралык зым аркандар үчүн механикалык чоюуу ыкмасында:
Dssp1 = 1,5×r×ssp, (Е.4)
мында ssp, МПа, жоготууларсыз кабыл алынат.
r - релаксация көрсөткүчү, ал даярдоочунун берилмеси боюнча жүктөмдүн 1000 саатка барабар аракет этүү мөөнөтүндө жана 20°С температурада факт жүзүндөгү үзүүчү күчтөнүүнүн 70% барабар баштапкы жүктөмүндө кабыл алынат; даярдоочунун берилмелери жок болгон учурларда релаксациянын көрсөткүчүн эсептөөлөрдө σsp=0,7Rsn маанисинде 2,5%, маанисинде 1% барабар кылып кабыл алышат, ал эми орто аралык маанилерде интерполяция боюнча аныкташат.
Dssp1 терс маанилеринде Dssp1= 0 деп алышат.
Арматуранын релаксациясы жөнүндө так маалыматтар болгондо релаксациядан жоготуулардын башка маанилерин кабыл алууга жол берилет.
Е.1.4 Ысытуу чөлкөмүндөгү керилген арматуранын температурасынын жана бетонду ысытууда керүү күчтөнүүсүн кабыл алуучу түзмөктүн температурасынын айырмасы катары аныкталуучу температуранын айырмачылыгынан Dt, °С жоготууларды төмөнкүгө барабар кылып алышат
Dssp2 =1,25Dt t (Е.5)
Температуралардын айырмачылыгы тууралуу так маалымат жок болгон учурда Dt =65°С кабыл алууга жол берилет.
Конструкцияны температуралык иштетүү тууралуу так маалыматтар болгондо температуранын айырмасынан жоготуулардын башка маанилерин кабыл алууга жол берилет.
Е.1.5 Арматураны формага бир убакта эмес керүүлөрүндө болоттон даярдалган форманын (таянычтардын) деформацияларынан жоготууларды Dssp3 төмөнкү формула боюнча аныкташат
(Е.6)
мында n – бир убакта эмес керилген өзөктөрдүн (өзөктөр топтомунун) саны;
Dl - арматураны керүү күчтөнүүсүнүн аракет этүү сызыгы боюнча таянычтардын жакындашуусу, форманын деформациясын эсептөөдөн аныкталат;
l – таянычтардын сырткы кырларынын ортосундагы аралык.
Форманын конструкциясы жана даярдоо технологиясы жөнүндө маалыматтар жок болгон учурда Dssp3 =30 МПа кабыл алууга жол берилет.
Арматураны чыңалтуунун электротермикалык ыкмасында форманын деформациясынан жоготуулар эсепке алынбайт.
Е.1.6 Арматураны таянычтарга керүүдө керүүчү түзмөктөрдүн анкерлеринин деформациясынан жоготууларды Dssp4 төмөнкү формула боюнча аныкташат
(Е.7)
мында Dl – анкерлерди кысуу же анкерлердин кыскычтарында өзөктөрдүн жылышуусу (суурулуусу);
l – таянычтардын сырткы кырларынын ортосундагы аралык.
Берилмелер жок болгон учурда Dl =2 мм кабыл алууга жол берилет.
Арматураны чыңалтуунун электротермикалык ыкмасында анкерлердин деформациясынан жоготуулар эске алынбайт.
Е.1.7 Арматураны бетонго керүүдө каналдын дубалдарына же конструкциянын бетине сүрүлүүдөн жоготуулар төмөнкү формула боюнча аныкталат
мында е – натуралдык логарифмдердин негизи;
d – 9.1-таблица боюнча кабыл алынуучу арматуранын канал жаратуучулардын дубалдарына (конструкциянын бетине) сүрүлүүчү көмөк чоңдугу;
w¢ – арматураны даярдоочулардын тастыктамалары боюнча кабыл алынуучу, өндүрүштө жаралган, арматуранын түз сызыктуу эместигин эсепке алуу көмөк чоңдук, м-1. Даярдоочулардын тастыктамалары жок болгон учурда w¢ көмөк чоңдугун Е.1-таблицасы боюнча кабыл алышат;
х – керүүчү түзмөктөн эсептик кесилишке чейинки участоктун узундугу, м;
– арматуранын огунун бурулуусунун суммардык бурчу;
ssp – жоготууларды эсепке албастан кабыл алынат.
Е.1 таблицасы
Арматура | Арматура менен тийишүү бетинин түрү | Арматуранын сүрүлүүсүнөн жоготууларды аныктоо үчүн көмөк чоңдуктар | |
Мезгилдүү профилдеги өзөктүк | Металлдан | 0,008 | 0,40 |
Бетондон | 0,65 | ||
Зым аркандык жана зымдык | Металлдан | 0,01 (0,03) | 0,35 |
Пластиктен | 0,20 | ||
Бетондон | 0,55 | ||
Арматура элементтери | - | 0,01 | 0,10 |
Э с к е р т ү ү л ө р 1 көмөк чоңдугунун кашаанын ичиндеги мааниси сапаттын биринчи категориясындагы зым аркандарга тиешелүү. 2 Зым аркан же зым арматураларында жана бүктөмөлөнгөн металл беттерде көмөк чоңдугун 0,10 га төмөндөтүүгө жол берилет 3 Арматура элементтерин коргоочу майышма материал менен толтурулган пластик кабыкчасында жайгаштырылган К7 жана К 70 зым аркандардан даярдашат (МСТ Р 58386). | |||
Е.1.8 Арматураны таянычтарга керүүдө бетондун жыйрылышынан болгон жоготууларды Dssp5 төмөнкү формула боюнча аныкташат
Dssp5= εb,sh ×Еs, (Е.8)
мында εb,sh – бетондун жыйрылуусунан болгон деформациялар, алардын маанисин бетондун классына жараша болжол менен төмөнкүлөргө барабар кылып кабыл алууга болот:
0,0002 - В35 жана андан төмөнкү класстагы бетондор үчүн;
0,00025 - В40 классындагы бетон үчүн;
0,0003 - В45 жана андан жогорку класстагы бетондор үчүн.
Атмотопчөйрөлүк басым алдында жылуулук менен иштетилген бетон үчүн бетондун жыйрылуусунан жоготууларды Dssp5 (Е.8) формуласы боюнча алынган натыйжаны 0,85 көмөк чоңдугуна көбөйтүү менен эсептешет.
Арматураны бетонго кергенде бетондун жыйрылуусунан жоготууларды Dssp5 (Е.8) формуласы боюнча аныкталган натыйжаны бетондун катуулануу шарттарына карабастан 0,75 көмөк чоңдугуна көбөйтүү менен аныкташат.
Бетондун жыйрылуусунан жоготууларды тагыраак усулдар менен аныктоого жол берилет.
Е.1.9 Бетондун жылышуусунан жоготууларды Dssp6 төмөнкү формула боюнча аныкташат
(Е.9)
мында jb,cr – бетондун жылышуу көмөк чоңдугу;
sbpj – чыңалуучу арматуранын каралып жаткан j-топтогу арматура өзөктөрүнүн оордук борборунун деңгээлиндеги бетондогу чыңалуулар;
ysj – чыңалуучу арматуранын каралып жаткан арматура өзөктөр тобунун кесилишинин жана элементтин келтирилген кесилишинин оордук борборлорунун ортосундагы аралык;
Ared , Ired – элементтин келтирилген кесиилишинин аянты жана анын келтирилген кесилишинин оордук борборуна карата алынган инерциялык моменти;
µspj - Aspj/A барабар болгон арматуралоо көмөк чоңдугу, мында A и Aspj – тиешелүү түрдө элементтин жана чыңалуучу арматуранын каралып жаткан өзөктөр тобунун туура кесилиштеринин аянты.
Жылуулук менен иштетилген бетон үчүн жоготууларды (Е.9) формуласы боюнча алынган натыйжаны 0,85 көмөк чоңдугуна көбөйтүү менен эсептешет.
Бетондун жылышуусунан жоготууларды тагыраак усулдар менен аныктоого жол берилет.
sbpj чыңалууларын бетондун кесилишинин аянтын жана бүткүл узатасынан багытталган арматуранын (чыңалуучу жана чыңалбаган) туура кесилиштеринин аянтын камтыган элементтин келтирилген кесилишин Е.1.11 ылайык арматураны бетонго келтирүү көмөк чоңдугун эске алуу менен серпилгич материалдарды эсептөө эрежелери боюнча аныкташат.
sbpj<0 болгондо Dssp6 = 0 жана Dssp5 = 0 кылып кабыл алынат.
Арматуранын бетон менен илинишүүсүз конструкциянын узундугун бойлото ийри сызыктуу жайгашышында чыңалууларды (Е.9) формуласы аныктоо үчүн конструкцияны өзүнчө участкаларга бөлүшөт. Ар бир участок үчүн каралып жаткан арматуранын деңгээлиндеги бетондогу кысуучу чыңалууларды серпилгичтүү нерселерди эсептөө эрежелери боюнча аныкташат жана алардын маанисин баардык каралып жаткан участоктордогу чыңалуулардын арифметикалык орточо мааниси катары аныкташат
(Е.9а)
мында sbi - бул участоктун орто кесилиши боюнча аныкталуучу i- участогундагы бетондогу чыңалуу;
li –i- участоктун узундугу;
L – каралып жаткан арматуранын чегиндеги конструкциянын толук узундугу.
Бетонго керилүүчү арматуранын конструкциянын узундугу боюнча ийри сызыктуу жайгашуусунда бетондун жылышуусунан жоготууларды эсептөөнү төмөнкү формула боюнча жүргүзүүгө жол берилет
(E.9б)
мында εcp – чыңалуучу арматуранын туура кесилиштин бийиктигинин ортосунда жайгашкан деңгээлиндеги бетондун салыштырмалуу кыскарышы. εcp мааниси төмөнкү формула менен аныкталат
(E.9в)
мында jb,cr – 6.1.16 боюнча аныкталган бетондун жылышуукөмөк чоңдугу.
Конструкцияда бетонго бир убакта эмес керилүүчү бир нече зым аркандан, жогорку бекемдиктеги зым арматуралардан, өзөктөрдөн (же алардын топторунан) турган узатасынан багытталган арматураны колдонууда мурун керилген арматуралардагы, кийин керилгендердеги чыңалуулардын арматуралардагы күчтөнүүлөр аркылуу бетонду серпилгичтүү кысуунун натыйжасында өзгөрүлүүлөрүн (төмөндөө же жогорулоо) эсепке алуу зарыл. Каралып жаткан ар бир арматурадагы (же топтогу) чыңалуулардын өзгөрүүлөрүн төмөнкүгө барабар кылып алышат
(E.9г)
мында Dsbi – каралып жаткан мурун керилген арматуранын узундугунда бетондогу орточо чыңалуу, кийин керилүүчү арматуранын ар бир i-тобунун керүү күчүнөн бетондун оордук борборунун деңгээлиндеги. Бул топтордун арматураларындагы чыңалуулардын маанисин биринчи жоготууларды алып салып кабыл алышат.
Dss эсептелген маанилерин бетонго бир убакта эмес керилген арматуранын ар бир тобу үчүн контролдонуучу чыңалууларды дайындоодо эске алуу керек болот.
Арматураны бетонго бир убакта эмес керүүдө бетонду кысуудан алдын ала чыңалуунун жоготууларын төмөнкү формула боюнча аныктоого жол берилет
(E.9д)
мында εb –бетондун кыскаруусунун орточолонгон деформациясы, төмөнкү формула боюнча аныкталат
(E.9е)
Esp – алдын ала чыңалган арматуранын серпилгичтик модулу;
n – E.1.5 кара;
Ebp – бетондун өткөрүп берүү бекемдигине шайкеш келген бетондун баштапкы серпилгичтүүлүк модулу;
Ab – алдын ала чыңалган арматуранын кесилишинин аянтын алып салгандан кийин бетондун кысылуучу кесилишинин аянты;
P – керүүдөн кесилиште аракет эткен кысуучу күч.
E.1.10 Арматуранын алдын ала чыңалуусунун биринчи жоготууларынын толук маанилерин (E.1.3-E.1.6) төмөнкү формула боюнча аныкташат
(E.10)
мында i – алдын ала чыңалуунун жоготууларынын номуру.
Биринчи жоготууларды эске алуу менен бетонду алдын ала кысуу күчтөнүүсү төмөнкүгө барабар:
(E.11)
мында Aspj жана ssp(1)j – элементтин кесилишиндеги чыңалуучу арматуранын өзөктөрүнүн j-тобунун кесилишинин аянты жана биринчи жоготууларды эсепке алуу менен топтогу алдын ала чыңалуу
ssp(1)f = sspj – Dssp(1)f ,
мында sspj – арматуранын өзөктөрүнүн каралып жаткан тобунун баштапкы алдын ала чыңалуусу.
Арматуранын алдын ала чыңалуусунун биринчи жана экинчи жоготууларынын толук мааниси (E.1.3-E.1.8 караңыз) төмөнкү формула боюнча аныкталат
(E.12)
Толук жоготууларды эске алуу менен чыңалуучу арматурадагы күчтөнүү
(E.13)
мында ssp(2)j = sspj – Dssp(2)j
Конструкцияларды долбоорлоодо элементтин пайдалануудагы кесилишинин чоюлган чөлкөмүндө жайгашкан арматура (негизги жумушчу арматура) үчүн толук суммардык жоготууларды Dssp(2) j 100 МПа кем эмес кылып кабыл алуу керек.
Чыңалуулардын толук жоготууларын эсепке алуу менен бетондун алдын ала кысуу күчүн P аныктоодо чыңалбаган арматурадагы кысуу чыңалууларын, бул арматуранын деңгээлиндеги бетондун жыйрылуусунан жана жылышуусунан болгон жоготуулардын суммасына сандык жагынан барабар болгон, эсепке алуу керек болот.
Алдын ала чыңалбаган арматуранын деңгээлиндеги алдын ала чыңалбаган арматураны эсепке алуу менен кысуу күчтөнүүсүн аныктоодо бул деңгээлдеги жылышуучулуктан жоготууларды төмөнкүгө барабар кылып алышат ,
мында Dsspj6 – каралып жаткан алдын ала чыңалбаган арматурага эң жакын жайгашкан чыңалуучу арматуранын өзөктөрү үчүн жылышуучулуктан жоготуулар; sbs жана sbp – тиешелүү түрдө каралып жаткан алдын ала чыңалбай турган жана чыңалуучу арматуралардын деңгээлиндеги бетондогу чыңалуулар.
E.1.11 Биринчи жоготууларды эске алуу менен аныкталуучу алдын ала кысуу күчүн P(1) өткөрүп берүүдөгү бетондогу алдын ала чыңалуу ssp төмөнкүлөрдөн ашпоого тийиш:
- 0,9Rbp, эгерде сырткы жүктөмдөрдүн аракет этүүсүндө чыңалуулар азайса же өзгөрбөсө;
- 0,7Rbp, эгерде чыңалуулар сырткы жүктөмдөрдөн көбөйсө.
Бетондогу чыңалууларды sbp төмөнкү формула боюнча аныкташат
(E.14)
мында P(1) – биринчи жоготууларды эске алуу менен алдын ала кысуу күчтөнүүсү;
M – кысуу стадиясында аракет эткен сырткы жүктөмдөн (элементтин өз салмагынан) ийилтүүчү моменти;
y - кесилиштин оордук борборунан каралып жаткан булага чейинки аралык;
e0p - элементтин келтирилген туура кесилишинин оордук борборуна карата P(1) күчүнүн эксцентриситети.
E.1.12 Кошумча анкерлөөчү түзмөктөрү жок арматура үчүн бетонго алдын ала чыңалууну өткөрүп берүү чөлкөмүнүн узундугун төмөнкү формула боюнча аныкташат
(E.15)
бирок, ал 10ds жана 200 мм кем эмес, арматура зым аркандары үчүн 300 мм кем болбоого тийиш.
(Е.15) формуласында:
ssp –биринчи жоготууларды эске алуу менен чыңалуучу арматурадагы алдын ала чыңалуу;
Rbond – бетондун өткөрүп берүү бекемдигине туура келүүчү бетон менен чыңалуучу арматуранын илинишүү каршылык көрсөтүүсү;
As ,us – арматура өзөгүнүн кесилиш аянты жана периметри.
Арматурадан бетонго алдын ала чыңалууну өткөрүп берүүнү жай жүргүзүү зарыл.
E.2 Алдын ала чыңалган темир-бетон конструкцияларынын
элементтерин чектик абалдардын биринчи тайпасы боюнча эсептөө
Алдын ала чыңалган темир-бетон элементтерин бекемдик боюнча
эсептөө
Жалпы жоболор
E.2.1 Алдын ала чыңалган элементтерди эсептөөнү пайдалануу стадиясы үчүн сырткы жүктөмдөрдөн ийилтүүчү моменттердин жана туурасынан багытталган күчтөрдүн аракетине жана алдын ала кысуу стадиясы үчүн арматураны алдын ала керүүдөн пайда болгон күчтөнүүлөрдүн, ошондой эле кысуу стадиясында аракет эткен сырткы жүктөмдөрдөн жаралган күчтөнүүлөрдүн аракетине жүргүзүшөт.
E.2.2 Ийилтүүчү моменттердин аракетинее алдын ала чыңалган элементтерди бекемдик боюнча эсептөөнү алардын узатасынан багытталган огуна нормалдык кесилиштер үчүн жүргүзүү керек.
Нормалдык кесилиштерди бекемдик боюнча эсептөөнү жалпы учурда Е.2.13.-Е.2.15 ылайык сызыктуу эмес деформациялык моделдин негизинде, ошондой эле Е.2.7.-Е.2.12 ылайык чектик күчтөнүүлөрдүн негизинде жүргүзүшөт.
Е.2.3 Бекемдиги боюнча чектик күчтөнүүсү жаракалардын жаралуусу боюнча чектик күчтөнүүсүнөн аз болгон темир-бетон элементтери үчүн узатасынан багытталган арматуранын кесилиш аянты бекемдиги боюнча талап кылынганга салыштырмалуу 15% кем эмес чоңойтулушу керек же жаракалардын жаралуу моментинин аракетине бекемдик боюнча эсептөөнү канааттандырышы зарыл.
E.2.4 Кысуу стадиясында алдын ала чыңалган элементтерди эсептөөнү Е.2.10-Е2.12 ылайык чектик абалдарда алдын ала кысуу күчтөнүүсү менен борбордон чет кысуудагыдай кылып жүргүзүшөт.
E.2.5 Туурасынан аракет эткен күчтөрдүн таасирине (жантык кесилиштер боюнча эсептөө) жана жүктөмдүн жергиликтүү аракет этүүсүндө (майышууга жана сындыра басууга) алдын ала чыңалган элементтерди бекемдиги боюнча эсептөөлөрдү 7.2 бөлүмгө ылайык жүргүзүү керек.
Е.2.6 Алдын ала чыңалган элементтерди бекемдик боюнча эсептөөдө Е.1.10 ылайык аныкталуучу алдын ала чыңалуунун мүмкүн болгон четтөөлөрүн чыңалуучу арматуранын каралып жаткан j-өзөгү же өзөктөрүнүн тобу үчүн sspj (же кысуу күчтөнүүсүнүн Pj) маанилерин gsp көмөк чоңдугуна көбөйтүү жолу менен эсепке алуу керек.
gsp көмөк чоңдугунун маанилерин төмөнкүлөргө барабар кылып алышат:
0,9-алдын-ала чыңалуунун жагымдуу таасиринде;
1,1-алдын-ала чыңалуунун жагымсыз таасиринде.
Алдын ала чыңалган элементтерди пайдалануу стадиясында чектик күчтөнүүлөр боюнча ийилтүүчү моменттердин аракетине эсептөө
E.2.7 Арматуранын бетон менен илинишүүсүндө алдын ала чыңалган элементтердин нормалдык кесилиштерин бекемдик боюнча эсептөөнү E.2.8, E.2.9 эске алуу менен 7.2-бөлүмчөгө ылайык жүргүзүү зарыл. Бул учурда эсептөө формулаларындагы As жана As кесилиштердин аянттарынын белгилеништерин чыңалуучу дагы, ошондой эле чыңалбоочу дагы арматурага тиешелүү катары кароо керек.
Шарттуу агуу чеги менен чоюлган арматуралар үчүн чыңалууну ξ жана ξR катышына жараша Rs ашык алууга жол берилет, бирок 1,1 Rs ден ашык эмес.
( Е15а)
E.2.8 Формуладагы ξR маанисин 7-бөлүм боюнча кабылдашат, анда чоюлган чөлкөмдөгү арматуранын салыштырмалуу деформациясынын маанилерин төмөнкү формулалар боюнча аныктоо керек:
- шарттуу агуу чеги менен арматуралар үчүн
(E.16)
мында ssp - баардык жоготууларды жана gsp=0,9 эске алуу менен арматурадагы алдын ала чыңалуу; (E.16) формуласындагы Rs, ssp, Es маанилерин МПа менен кабылдашат;
физикалык агуу чеги менен алдын ала чыңалбаган арматуралар үчүн
E.2.9 Кысылган чөлкөмдө жайгашкан чыңалуучу арматура үчүн кысылууга эсептик каршылык көрсөтүүсүн Rsc төмөнкүчө аныкталуучу ssc чыңалуусу менен алмаштыруу керек:
500 - s¢sp - бетондун иштөө шарттарынын көмөк чоңдугун gb1= =0,9 эсепке алууда;
400 s¢sp - gb1= =1,0 эсепке алган учурда.
Мында s¢sp МПа менен кабыл алынат.
s¢sp маанилерин gsp =1,1 көмөк чоңдугу менен аныкташат.
Баардык учурларда ssc чыңалуусун Rsc. ашык эмес кабыл алышат.
Алдын-ала чыңалган элементтерди алдын ала кысуу стадиясында эсептөө
E.2.10 Элементти алдын-ала кысуу стадиясында эсептөөдө чыңалуучу арматурадагы күчтөнүү эсептөөгө сырткы узатасынан багытталган күч катары киргизилет
Np=(σʹsp–330)Aʹsp+σsp·Asp (E.17)
мында A¢sp жана Asp – тиешелүү түрдө эң кысылган жана чоюлган (азыраак кысылган) кесилиштин чөлкөмдөрүндө жайгашкан чыңалуучу арматуранын кесилиштеринин аянттары;
s ¢sp и ssp – A¢sp жана Asp аянттары менен арматурадагы биринчи жоготууларды жана gsp =1,1 көмөк чоңдугун эске алуу менен алдын ала чыңалуулар. Арматураны бетонго керүү менен алдын ала чыңалтылган элементтер үчүн алдын ала кысуу стадиясында бекемдик боюнча эсептөөнү (Е.17) формуласынын оң жагындагы биринчи кошулуучуну нөлгө барабарлап алып жүргүзүшөт.
E.2.11 Алдын ала кысуу стадиясында тик бурчтук формасындагы кесилиштүү элементтерди бекемдик боюнча эсептөө төмөнкү шарттан улам жүргүзүлөт
Np·ep≤Rb·b·x(h0–0,5x)+Rsc·Aʹs(h0–aʹ) (E.18)
мында ep – даярдоо стадиясында аракет эткен сырткы жүктөмдөн (элементтин өздүк массасы) пайда болгон ийилтүүчү моменттин таасирин эсепке алуу менен узатасынан багытталган Np күчүнүн аракет этүү чекитинен ошол күчтөн чоюлган же анча кысылбаган (элементтин толук кысылган кесилишинде) чыңалбаган арматуранын кесилишинин оордук борборуна чейинки аралык (Е.1-сүрөтүн кара), төмөнкү формула боюнча аныкталат
(E.19)
e0p – Np күчүнн аракет этүү чекитинен элементтин кесилишинин оордук борборуна чейинки аралык;
Rb – сандык маанисинде бетондун өткөрүп берүү бекемдигине Rbp барабар болгон, бетондун кысылууга бекемдиги боюнча классындагыдай эле сызыктуу интерполяция боюнча кабыл алынуучу бетондун кысылууга эсептик каршылык көрсөтүүсү;
Rsc – алдын ала кысуу стадиясында 330 МПа ашык эмес кылып кабыл алынуучу алдын ала чыңалбаган арматуранын эсептик карышылык көрсөтүүсү ;
A¢s - элементтин кесилишинин эң кысылган чөлкөмүндө жайгашкан чыңалбаган арматуранын кесилишинин аянты.
Бетондун кысылган чөлкөмүнүн бийиктигин E.15a формуласы боюнча ξR чоңдугуна жараша, ага маанисин коюу менен аныкташат, мында Rs – чоюлган чыңалбаган арматуранын As эсептик каршылык көрсөтүүсү, жана εb,ult = 0,003:
а ) ξ = £ ξR болгондо (Е.1-сүрөттү кара) формула боюнча
(E.20)
б) ξ = ˃ ξR болгондо формула боюнча
, (E.21)
Е.1-сүрөт Элементти кысуу стадиясында бекемдик боюнча эсептөөдө ийилүүгө дуушар болгон алдын ала чыңалган элементтин узатасынан багытталган огуна нормалдык кесилишиндеги күчтөнүүлөрдүн сөлөкөтү жана чыңалуулардын эпюрасы
E.2.12 Алдын ала кысуу стадиясында тавр жана коштавр кесилиштеринин элементтеринин бекемдик боюнча эсептөөнү кысылган чөлкөмдүн чек арасынын абалына жараша жүргүзүшөт:
а) эгерде кысылган чөлкөмдүн чек арасы текченин бийктигинин чегинде болсо, б. а. төмөнкү шарт сакталса
Np≤Rb·bʹfhʹf-RsAs+RscAʹs,, (E.22)
эсептөөнү Е.2.11 ылайык b¢f жазылыгы менен тик бурчтук формасындагы кесилиш үчүн жүргүзүшөт;
б) эгерде кысылган чөлкөмдүн чек арасы кырды кесип өтсө, б. а. (Е.22) шарты сакталбаса, эсептөөнү төмөнкү шарттан жүргүзүшөт
Np·ep=Rb·b·x(h0-0,5x)+Rb(bʹf-b)·hʹf(h0-0,5hʹf)+RscAʹs(h0-aʹ), (E.23)
мында ep = e0p + zs ± ; e0p - E.2.11 кара;
zs – элементтин кесилишинин оордук борборунан чоюлган (азыраак кысылган) чыңалбаган арматурага чейинки аралык.
Кысылган чөлкөмдүн бийиктигин төмөнкү формулалар боюнча аныкташат:
а) ξ = £ ξR (ξR –E.2.11 кара) болгондо
(E.24)
б) ξ = ˃ ξR болгондо
(E.25)
Нормалдык кесилиштерди сызыктуу эмес деформациялык моделдин негизинде бекемдик боюнча эсептөө
E.2.13 Сызыктуу эмес деформациялык моделдин негизинде бекемдик боюнча эсептөөдө элементтин узатасынан багытталган огуна нормалдык кесилишиндеги күчтөнүүлөрдү жана деформацияларды 7.2-бөлүмү боюнча аныкташат.
E.2.14 Нормалдык кесилиштерди бекемдик боюнча эсептөөдө (Е.2-сүрөттү кара) жалпы учурда төмөнкүлөрдү колдонушат:
- элементтин нормалдык кесилишиндеги сырткы күчтөрдүн жана ички күчтөнүүлөрдүн тең салмактуулук теңдемелери:
(E.26)
(E.27)
(E.28)
- элементтин кесилиши боюнча сырткы жүктөмдүн аракетинен деформациялардын бөлүштүрүлүшүн аныктоочу теңдемелер:
(E.29)
(E.30)
(E.31)
- бетон жана арматуранын чыңалууларын жана салыштырмалуу деформацияларын байланыштыруучу көз карандылыктар:
- бетондуку
(E.32)
- чыңалбаган арматураныкы
(E.33)
- чыңалган арматураныкы
(E.34)
Е.2-сүрөт – Алдын ала чыңалган темир-бетон элементинин нормалдык кесилишинин эсептик сөлөкөтү
(E.26)-(E.34) теңдемелеринде:
Asi, Zsxi, Zsyi, ssi – чыңалуучу арматуранын i-өзөгүнүн тиешелүү түрдө аянты, оордук борборунун координаттары жана андагы чыңалуу;
εsi – чыңалуучу арматуранын i-өзөгүнүн сырткы жүктөмдүн таасиринен салыштырмалуу деформациялары;
εspi – каралып жаткан эсептөө стадиясына шайкеш келген алдын ала чыңалуунун жоготууларын эсепке алуу менен аныкталуучу арматуранын алдын ала чыңалуусунун салыштырмалуу деформациясы;
Esi – чыңалуучу арматуранын i-өзөгүнүн серпилгичтик i- модулу;
νsi – алдын ала чыңалбаган арматуранын i-өзөгүнүн серпилгичтик көмөк чоңдугу;
νbi жана νsj көмөк чоңдуктарынын маанилерин 7-бөлүм боюнча, ал эми νsi көмөк чоңдуктарынынкын төмөнкү формула боюнча аныкташат
. (E.35)
E.2.15 Темир-бетон элементтеринин нормалдык кесилиштерин бекемдикке эсептөөнү 7-бөлүмдө келтирилген шарттардан улам жүзөгө ашырышат.
E.3 Алдын ала чыңалган темир-бетон конструкцияларынын
элементтерин чектүү абалдардын экинчи тайпасы боюнча эсептөө
Жалпы жоболор
E.3.1 Чектик абалдардын экинчи тайпасы боюнча эсептөөлөргө төмөнкүлөр кирет:
- жаракалардын жаралышы боюнча эсептөө;
- жаракалардын ачылышы боюнча эсептөө;
- деформациялар боюнча эсептөө.
E.3.2 Жаракалардын жаралышы боюнча эсептөөнү жаракалардын болбошун камсыз кылуу зарыл болгондо, ошондой эле жаракалардын ачылышы жана деформациялар боюнча эсептөөдө жардамчы эсептөө катары жүргүзүшөт.
Жаракалардын болбошу боюнча талаптарды толугу менен чоюлган кесилиштеринде өткөрбөөчүлүк (суюктуктун же газдын басымы алдында турган, радиациянын таасирине дуушар болгон д.у.с.) камсыз кылынуусу керек болгон алдын ала чыңалган конструкцияларга, уникалдуу конструкцияларга, ошондой эле өтө агрессивдүү чөйрө таасириндеги конструкцияларга коюшат.
E.3.3 Жаракалардын жаралышы боюнча эсептөөдө аларга жол бербөө максатында жүктөм боюнча ишенимдүүлүк көмөк чоңдугун gf ˃1,0 маанисинде (бекемдик боюнча эсептөөдөгүдөй) алышат. Жаракалардын ачылышы жана деформациялар боюнча эсептөөдө (жаракалардын жаралышы боюнча көмөкчү эсептөөнү кошкондо) жүктөм боюнча ишенимдүүлүк көмөк чоңдугун gf ˃1,0 деп кабыл алышат.
E.3.4 Ийилүүгө дуушар болгон алдын ала чыңалган элементтерди чектик абалдардын экинчи тайпасы боюнча эсептөөнү сырткы жүктөмдөрдөн пайда болгон күчтөнүүлөрдүн: ийилтүүчү моменттин М жана алдын ала кысуу күчтөнүүсүнө барабар болгон узатасынан багытталган күчтүн Np биргелешкен аракетине борборлошпогон кысуудагыдай кылып жүргүзүшөт. Ошол эле учурда алдын ала чыңалган арматурасы бетон менен илинишпеген элементтер үчүн келтирилген кесилиштин мүнөздөмөлөрүн чыңалбаган арматураны гана эсепке алуу менен аныкташат.
Жаракалардын жаралышы жана ачылышы боюнча алдын ала
чыңалган темир-бетон элементтерин эсептөө
E.3.5 Алдын ала чыңалган ийилүүчү элементтерди жаракалардын ачылуусуна эсептөөнү 7.4 жана E.3.6-нын E.3.10 бөлүмчөлөрүнүн жалпы жоболоруна ылайык жүргүзүшөт.
Элементтин узатасынан багытталган огуна нормалдык жаракалардын жаралуу моментин аныктоо
E.3.6 Жаракалардын жаралуусундагы ийилтүүчү момент Mcrc жалпы учурда Е.3.10 ылайык деформациялык модель боюнча аныкталат. Жөнөкөй кесилиштер (тик бурчтук жана текчеси кысылган чөлкөмдө болуп, арматурасы жогорку жана төмөнкү кырлардын жанында жайгашкан тавр кесилиштүү) үчүн жарака жаратуу моментин Е.3.7 ылайык аныктоого жол берилет.
E.3.7 Жаракалардын жаралуу моментин аныктоону Е.3.8 ылайык чоюлган бетондун серпилгич эмес деформацияларын эсепке алуу менен жүргүзүшөт.
Жаракалардын жаралуу моментин (Е.36) формуласында Wpl=Wred деп кабыл алуу менен чоюлган бетондун серпилгич эмес деформацияларын эсепке албастан аныктоого да жол берилет. Эгерде бул учурда M˃Mcrc жана f£ fult шарттары канааттандырылбаса, анда жаракалардын жаралуу моментин чоюлган бетондун серпилгич эмес деформацияларын эсепке алуу менен аныктоо керек болот.
E.3.8 Чоюлган бетондун серпилгич эмес деформацияларын эсепке алуу менен алдын ала чыңалган ийилүүчү элементтердин жаракаларынын жаралуу моментин төмөнкү формула боюнча аныкташат
, (E.36)
мында Wpl – четки чоюлган була үчүн келтирилген кесилиштин каршылык көрсөтүү моменти;
еяр=е0р+r – алдын ала кысуу күчүнүн P аракет этүү чекитинен жаракаларынын жаралуусу текшерилип жаткан чоюлган чөлкөмдөн эң алыс жайгашкан өзөктүк чекитке чейинки аралык;
e0p – ошондой эле, келтирилген кесилиштин оордук борборуна чейинки;
r – келтирилген кесилиштин оордук борборунан өзөктүк чекитке чейинки аралык
(E.37)
(Е.36) формуласында "кошуу" белгисин качан P× eяр жана сырткы ийилтүүчү М моменттердин айлантуу багыттары карама-каршы; “минус” – алардын багыттары дал келгенде.
Wred жана Ared маанилерин 8.2 көрсөтмөлөрүнө ылайык аныкташат.
Тик бурчтук формасындагы жана текчелери кысылган чөлкөмдө жайгашкан тавр сымал кесилиштер үчүн Wpl маанисин моменттин симметрия огунун тегиздигинде аракет этүүсүндө Wpl=1,3Wred формуласы боюнча аныктоого жол берилет. Кысылган зонада жайгашкан текчеси бар тик бурчтуу кесилиштер жана Тавр кесилиштери үчүн симметрия огунун тегиздигинде моменттин таасиринде алкактын маанисин формула боюнча аныктоого жол берилет.
Е.3.9 Борборлото чоюлган элементтерде жаракалардын жаралуусундагы Ncrc күчүн (8.127) формуласы боюнча аныкташат.
E.3.10 Сызыктуу эмес деформациялык моделдин негизинде жаракалардын жаралуу моментин аныктоону Е.2.13 - Е.2.15 ылайык жүргүзүшөт, бирок чоюлган бетондун абалынын диаграммасы менен аныкталуучу нормалдык кесилиштин чоюлган чөлкөмүндөгү бетондун иштешин эске алуу менен. Материалдардын эсептик мүнөздөмөлөрүн чектик абалдардын экинчи тайпасы үчүн кабыл алышат.
Mcrc маанисин E.2.13-E.2.15 келтирилген теңдемелер системасынын чыгаруудан, бетондун чоюлуудагы салыштырмалуу деформациясынын чектик маанисине ebt,ult барабар болгон сырткы жүктөмдүн аракет этүүсүнөн элементтин чоюлган кырынын жанындагы бетондун салыштырмалуу деформациясын ebt,max кабыл алуу менен, аныкташат.
Элементтин узатасынан багытталган огуна нормалдык жаракалардын ачылышынын жазылыгын эсептөө
E.3.11 Нормалдуу жаракалардын ачылышынын жазылыгын төмөнкү формула боюнча аныкташат, мында сырты жүктөмдөн ийилүүчү алдын ала чыңалган элементтердин чоюлган арматурасындагы чыңалуунун ss мааниси төмөнкү формула боюнча аныкталат
, (E.38)
мында Ired , Ared , yc - тиешелүү формулаларда арматураны бетонго келтирүү көмөк чоңдугунун маанисин as2=as1; кабыл алуу менен бетондун кысылган чөлкөмүнүн кесилиш аянтын, чоюлган жана кысылган арматуралардын кесилиш аянттарын гана эсепке алуу менен аныкталуучу инерция моменти, элементтин келтирилген туура кесилишинин аянты жана эң кысылган буладан келтирилген кесилиштин оордук борборуна чейинки аралык.
Np – алдын ала кысуу күчүнө барабар болгон сырткы узатасынан багытталган күч (Е3. 4 кара);
Mp – сырткы жүктөмдөн жана алдын ала кысуу күчүнөн пайда болгон ийилтүүчү момент, төмөнкү формула боюнча аныкталат
, (E.39)
мында e0p – сырткы узатасынан багытталган күчтүн Np аракет этүү чекитинен келтирилген кесилиштин оордук борборуна чейинки аралык.
(E.39) формуласындагы "минус" белгисин качан M жана Np×e0p моменттеринин айлантуу багыттары дал келбеген учурларда, ал эми "кошуу" белгисин - дал келген учурда кабыл алышат.
ss чыңалуусун төмөнкү формула боюнча аныктоого жол берилет
, (E.40)
мында z – кесилиштин чоюлган чөлкөмүндө жайгашкан арматуранын оордук борборунан элементтин кысылган чөлкөмүндөгү күчтөнүүлөрдүн тең аракет этүүчүсүнүн аракет этүү чекитине чейинки аралык;
esp – ошол эле арматуранын оордук борборунан сырткы узатасынан кеткен күчтүн Np аракет этүү чекитине чейинки аралык.
Кысылган арматура жок болгон (же ал эсепке алынбаган) тик бурчтук формасындагы туура кесилиштүү элементтер үчүн z маанисин төмөнкү формула боюнча аныкташат
(E.41)
мында xN – сырткы узатасынан багытталган күчтү Np эсепке алуу менен аныкталуучу кысылган чөлкөмдүнн бийиктиги.
Тик бурчтук формасындагы, таврдык (текчеси кысылган чөлкөмдө болгон) жана эки тавр кесилиштүү элементтер үчүн z маанисин 0,7 h0 барабар кылып кабыл алууга жол берилет.
(E.38), (E.40) формулалары боюнча аныкталуучу чыңалуулар ss (Rs,ser–ssp) дан ашпоого тийиш.
Деформациялар боюнча алдын ала чыңалган темир-бетон элементтерин эсептөө
E.3.12 Алдын ала чыңалган элементтерди деформациялар боюнча эсептөөнү E.3.13-E.3.15 эске алуу менен жүргүзүшөт.
E.3.13 Алдын ала чыңалуудагы ийилүүчү элементтердин ийилүүсүн эсептөө үчүн алардын ийилиши Е.44 жана Е.45 формулалары боюнча аныкталат, мында , жана ийриликтин маанилерин жана алдын ала кысылуу күчүн эске алуу менен Е.3.14. боюнча аныкталат.
Ийриликти аныктоодо алдын ала кысуу стадиясындагы бетондун жыйрылуу жана жылышуу деформацияларынын таасирин эсепке алууга жол берилет.
E.3.14 Тийишелүү жүктөмдөрдүн таасиринен алдын ала чыңалган ийилүүчү элементтердин ийрилигин төмөнкү формула боюнча аныкташат
(E.42)
мында M – сырткы жүктөмдөн ийилтүү моменти;
Np жана e0p – алдын ала кысуу күчтөнүүсүнө барабар болгон узатасынан багытталган күч жана анын элементтин келтирилген кесилишинин оордук борборуна карата эксцентриситети;
D – алдын ала кысуу күчүнөн борбордон чет кысылган элемент катары сырткы жүктөмдөн ийилтүүчү моментти эсепке алуу менен элементтин келтирилген туура кесилишинин ийилтүү ийкемсиздиги (Е.3-сүрөттү кара).
Е.3-сүрөт. Деформациялар боюнча эсептөөдө келтирилген туурасынан кесилиш (а) жана жаракалары менен ийилүүчү алдын ала чыңалган элементтин чыңалуу-деформациялануу абалынын сөлөкөтү (б)
1 – бетондун чоюлган чөлкөмүн эсепке албастан келтирилген туура кесилиштин оордук борборунун деңгээли
E.3.15 Алдын ала чыңалган ийилүүчү элементтердин ийрейүүчүлүгүн төмөнкү формула боюнча аныктоого жол берилет
(E.43)
мында zp – алдын ала кысуу күчтөнүүсүнүн аракет этүү чекитинен кысылган чөлкөмдөгү күчтөнүүлөрдүн тең аракет этүүчүсүнүн аракет этүү чекитине чейинки аралык;
z – чоюлган арматуранын оордук борборунан кысылган чөлкөмдөгү күчтөнүүлөрдүн тең аракет этүүчүсүнүн аракет этүү чекитине чейинки аралык;
xN – алдын ала кысуунун таасирин эсепке алуу менен кысылган чөлкөмдүн бийиктиги.
Кысылган чөлкөмдүн бийиктигин ms маанисин 1+×z. көбөйтүү менен алдын ала чыңалуусуз ийилүүчү элементтердегидей кылып аныкташат.
zp жана z маанилерин кысылган чөлкөмдөгү күчтөнүүлөрдүн тең аракет этүүчүсүнүн аракет этүү чекитинен кесилиштин эң кысылган буласына чейинки аралыгын 0,3h0 барабар кылып кабыл алуу менен аныктоого жол берилет.
Алдын ала чыңалган элементтердин ийрейүүчүлүгүн сызыктуу эмес деформациялык моделдин негизинде аныктоо
E.3.16 Кесилиштин чоюлган чөлкөмүндөгү жаракаларсыз участоктордо алдын ала чыңалган ийилүүчү элементтердин толук ийрейүүчүлүгүн төмөнкү формула боюнча
ал эми кесилиштин чоюлган чөлкөмүндөгү жаракалары менен участоктордо
формуласы боюнча аныкташат.
Бул формулаларга кирүүчү ийрейүүчүлүктүн маанилерин Е.2.13 эске алуу менен (E.26)-(E.34) теңдемелер системасынын чыгарылышынан аныкташат. Ошол эле учурда чоюлган чөлкөмдө нормалдык жаракалары менен элементтер үчүн жаракаларды кесип өтүүчү чыңалуучу арматурадагы чыңалууларды төмөнкү формула боюнча аныкташат
(E.44)
ал эми чыңалбаган арматурадагы чыңалууларды
(E.45)
мында
(E.46)
бул жерде: esi(j),crc – жаракалар пайда болгондон кийин дароо сырткы жүктөмдөрдүн аракетинен жаракалары менен кесилиштеги чоюлган арматуранын салыштырмалуу деформациясы;
esi(j), – каралып жаткан стадияда жаракаларды кесип өткөн чоюлган арматуранын салыштырмалуу деформациясы;
espi – арматуранын алдын ала чыңалуудан салыштырмалуу деформациясы.
Жүктөмдүн узак эмес аракет этүүсүнөн ийрейүүчүлүктү аныктоодо эсептөөлөрдө кысылган жана чоюлган бетондун кыска мөөнөткө деформациялануу диаграммасын, ал эми жүктөмдүн узак мөөнөткө аракет этүүсүнөн ийрейүүчүлүктү аныктоодо – чектик абалдардын экинчи тайпасы үчүн эсептик мүнөздөмөлөрү менен бетондун узак мөөнөткө деформациялануу диаграммасын колдонушат.
Ж тиркемеси
Тегерек жана шакекче кесилиштүү түркүктөрдү эсептөө
Ж.1 Ички жана сырткы радиустарынын r1/r2³0,5 катыштарында жана айлана боюнча бирдей тегиз бөлүштүрүлгөн арматураларында (жок дегенде жети узатасынан багытталган өзөктөрдө) түркүктөрдүн шакекче кесилиштеринин бекемдигин эсептөөнү (Ж.1-сүрөт) бетондун кысылган чөлкөмүнүн салыштырмалуу аянтына жараша жүргүзүшөт
(Ж.1)
а) 0,15< ξcir < 0,6 болгондо, төмөнкү шарттан
(Ж.2)
б) ξcir £ 0,15 болгондо, төмөнкү шарттан
(Ж.3)
мында
в) ξcir ³ 0,6 болгондо, төмөнкү шарттан
(Ж.4)
мында
(Ж.5)
(Ж. 1) - (Ж. 5) формулаларда:
As,tot – баардык узатасынан багытталган арматуралардын кесилиштеринин аянты;
rs – узатасынан багытталган арматура өзөктөрүнүн оордук борборлору аркылуу өтүүчү айлананын радиусу;
М моменти элементтин салаңдоосунун таасирин эсепке алуу менен аныкталат.
Ж.1-сүрөт. Кысылган элементтин шакекче кесилишин эсептөөдө кабыл алынуучу сөлөкөт
Ж.2 Классы А400 жогору болбогон, айлана боюнча бир калыпта тегиз бөлүштүрүлгөн (жок дегенде жети узатасынан багытталган өзөктөрүндө) арматуралары менен түркүктөрдүн тегерек кесилиштерин эсептөөнү (Ж.2-сүрөт) төмөнкү шарттан текшеришет
(Ж.6)
мында r – туура кесилиштин радиусу;
ξcir – бетондун кысылган чөлкөмүнүн салыштырмалуу аянты, төмөнкүчө аныкталат:
N £ 0,77RbA + 0,645RsAs,tot, (Ж.7)
шарты аткарылганда
- төмөнкү теңдеменин чыгарылышынан
(Ж.8)
- (Ж. 7) шарты аткарылбаганда – төмөнкү теңдеменин чыгарылышынан
(Ж.9)
φ – чоюлган арматуранын иштешин эсепке алган көмөк чоңдук, төмөнкүчө кабыл алынат: (Ж. 7) шарты аткарылганда φ=1,6 (1-1,55ξcir) ξcir, бирок 1,0 чоң эмес; (Ж. 7) шарты аткарылбаганда φ=0;
As,tot – баардык узатасынан багытталган арматуралардын кесилиштеринин аянты;
rs – узатасынан багытталган арматура өзөктөрүнүн оордук борборлору аркылуу өткөн айлананын радиусу.
М моменти элементтин салаңдоосунун таасирин эске алуу менен аныкталат.
Ж.2-cүрөт. Борбордон чет кысылган элементтин тегерек кесилишин эсептөөдө кабыл алынуучу сөлөкөт
И тиркемеси
Бетон кепилдерин жана кыска корогойлорду эсептөө
И. 1 Бетон кепилдерин эсептөө
И.1.1 Жылыштыруучу күчтөнүүлөрдү курама элемент менен кошумча жаткырылган бетон же эритменин ортосунда өткөрүп берүүчү бетон кепилдеринин өлчөмдөрүн төмөнкү формулалар боюнча аныктоо сунушталат:
(И.1)
(И.2)
мында Q – кепилдер аркылуу өткөрүлүп берилүүчү жылыштыруу күчү;
tk, hk, lk – кепилдин тереңдиги, бийиктиги жана узундугу;
nk – эсептөөгө киргизилүүчү жана үчтөн ашык эмес кабыл алынуучу кепилдердин саны.
N кысуучу күчү болгондо кепилдердин бийиктигин төмөнкү формула боюнча аныктоого жол берилет:
(И.3)
жана (И.2) формуласы боюнча аныкталуучу бийиктикке салыштырмалуу эки эседен ашык эмес кыскартылган.
Төшөмөлдүн элементтерин кепилдер менен бириктирүүдө эсептөөгө киргизилүүчү кепилдин узундугу элементтин арышынын жарымынан чоң болбоого тийиш, ошол эле учурда Q элементтин бүткүл узундугу боюнча жылыштыруучу күчтөнүүлөрдүн суммасына барабар кылып алынат.
(И.1) – (И.3) формулалары боюнча курама элементтин кепилдерин жана кепилдердин бетонунун эсептик каршылык көрсөтүүлөрүн Rb жана Rbt бетон конструкциялардыкындай кабыл алуу менен кошумча жаткырылган бетондон кепилдерди текшерүү зарыл. Пайдубалдын стаканынан эки ачалуу түркүктүн чоюлган бутагын сууруп алууга эсептөөдө беш кепилдин иштөөсүн эсепке алууга жол берилет (И.1-сүрөт).
И.1-сүрөт. Курама элементтен чулу бетонго жылыштыруу күчтөнүүлөрүн өткөрүп берүүчү кепилдерди эсептөө үчүн сөлөкөт
1 – курама элемент; 2 – чулу бетон
И. 2 Кыска корогойлорду эсептөө
И.2.1 l1 £ 0,9h0 болгон түркүктөрдүн кыска корогойлорун (И.2-сүрөт) жүк менен таянычтын ортосундагы жантык кысылган тилке боюнча бекемдикти камсыз кылуу үчүн туурасынан кеткен күчтүн аракетине эсептөөнү төмөнкү шарттан жүргүзүү керек
Q £ 0,8Rb b lsupsin2 θ(1 + 5αμw), (И.4)
мында барабарсыздыктын оң бөлүгү 3,5 Rbt b h0 ашык эмес жана 2,5 Rbt b h0 кем эмес кабыл алынат.
(И.4) формуласында:
lsup – корогойдун чыгуусун бойлото жүктөмдүн таянуу аянтынын узундугу;
θ – эсептик кысылган тилкенин горизонталга карата жантаюу бурчу
– корогойдун бийиктиги боюнча жайгашкан байламталар менен арматуралоо көмөк чоңдугу;
бул жерде sw – байламталардын ортосундагы аларга нормаль боюнча өлчөнгөн аралык.
Эсептөөдө горизонталга карата 45° ашпаган бурч менен жайгашкан горизонталдуу жана жантайма байламтадларды эсепке алышат.
Корогойго жүктөмдү өткөрүп берүү жерлериндеги кысуу чыңалуусу Rb,loc бетондун майышууга болгон эсептик каршылык көрсөтүүсүнөн ашпоого тийиш.
Уламаларды чулулоо менен рамалык конструкциянын ийкемсиз түйүнүнө кирген кыска корогойлор үчүн (И. 2.1) шартындагы lsup маанисин корогойдун кулачына l1 барабар кылып алышат, эгерде бул учурда M/Q ³ 0,3 м жана lsup/l1 ³ 2/3 (мында М жана Q – тиешелүү түрдө ригелдин жогорку кырын чоюп туруучу момент жана корогойдун четки кыры боюнча ригелдин нормалдык кесилишиндеги туурасынан багытталган күч) шарттары аткарылса. Бул учурда (И.4) шартынын оң жак бөлүгүн 5Rthbh0 ашык эмес кылып кабыл алышат.
И.2-сүрөт. Туурасынан кеткен күч аракет эткенде кыска корогой үчүн эсептик сөлөкөт
Корогойдун кулачын бойлото устундун кыска корогойго дошполуу таянуусунда, таянуу аянтчасын кармап туруучу атайын чыгып туруучу калтырма тетиктер жок болгон учурда (И.3-сүрөт), (И.4) шартындагы lsup маанисин таянуунун факт жүзүндөгү аянтчасынын 2/3 узундугуна барабар кылып алышат.
Кыска корогойлордун туурасынан туурасынан арматуралоосу конструкциялык талаптарга жооп бериши зарыл.
И.2.2 Устундун түркүктүн корогоюна дошполуу таянуусунда корогойдун узатасынан багытталган арматурасы төмөнкү шарттан текшерилет
(И.5)
Мында, l1, h0 - И.1-сүрөттү кара.
Ошол эле учурда корогойдун узатасынан багытталган арматурасы корогойдун эркин турган учуна чейин жеткирилип, ишенимдүү түрдө анкерлениши керек.
И.3-сүрөт. Корогойдун кулачын бойлото багытталган курама устундун дошполуу таянуусунда кыска корогой үчүн эсептик сөлөкөт
Ригелдин төмөнкү арматурасын корогойдун арматурасына калтырма тетиктер аркылуу ширетип уламаны чулулоо менен ригелди жана түркүктү ийкемсиз бириктирүүдө корогойдун узатасынан багытталган арматурасы төмөнкү шарттан текшерилиши керек
(И.6)
мында l1, h0 – тиешелүү түрдө кыска корогойдун кулачы жана жумушчу бийиктиги;
Ns – ригелден корогойдун жогорку кырына аракет этүүчү горизонталдык күч, ал төмөнкүгө барабар:
(И.7)
жана 1,4kflwRwf + 0,3Q ашык эмес (мында kf жана lw –ригель жана корогойдун калтырма тетиктерин ширетүүдөгү бурчтук жиктин тиешелүү түрдө бийиктиги жана узундугу; Rf – бурчтук жиктердин жиктин металлы боюнча кесүүгө эсептик каршылык көрсөтүүсү, Э42 электроддору колдонулганда Rwf =180 МПа; 0,3 – болоттун болот боюнча сүрүлүү көмөк чоңдугу), ошондой эле Rsw Asw чоң эмес (анда Rsw жана Asw – ригелдин жогорку арматурасынын тиешелүү түрдө эсептик каршылык көрсөтүүсү жана кесилишинин аянты) мааниде кабыл алынат.
(И.6) жана (И.7) формулаларында:
М, Q – корогойдун четки кыры боюнча ригелдин нормалдык кесилишиндеги тиешелүү түрдө ийилтүүчү моменти жана туурасынан кеткен күч; эгерде М моменти ригелдин алдыңкы кырын чойсо, анда М мааниси (И.7) формуласында "минус" белгиси менен эсепке алынат;
lsup – корогойдун кулачы бойлото жүктөмдүн таянуу аянтынын факт жүзүндөгү узундугу;
h0b – ригелдин жумушчу бийиктиги.