Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2022-жылдын 21-декабрындагы № 35-10/394 буйругунун 2-тиркемеси |
Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлери үчүн формалык кийимдерин кийүү ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2023-жылдын 9-июнундагы № 35-10/157, 2024-жылдын 10-майындагы № 35-10/1, 2024-жылдын 12-декабрындагы N 35-10/2, 2025-жылдын 11-мартындагы № 35-10/1 буйруктарынын редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлери үчүн формалык кийимдерин кийүү эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлеринин формалык кийимди кийүү тартибин жана эрежелерин аныктайт.
2. Берилген атайын наамдарга ылайык бажы органдарынын кызматкерлери, ошондой эле атайын наам ыйгарылбастан кызматкерлердин милдетин убактылуу аткарган жарандык калктын ичинен чыккан адамдар формалык кийимди кийип жүрүү укугуна ээ.
Терс негиздер боюнча бошотулган адамдарды кошпогондо, бажы органдарындагы кызматтан пенсия алуу укугу менен бошотулган адамга Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде белгиленген майрам күндөрүндө жана "Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын кызматкерлеринин күнү" кесиптик майрамында гана формалык кийимди кийүүгө уруксат берилет.
Укук коргоо органынын баркын түшүрүүчү жосундары үчүн кызматтан бошотулган адам формалык кийимди кийүү укугунан ажыратылат.
(КР Финмин караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2024-жылдын 12-декабрындагы № 35-10/2 буйругунун редакциясына ылайык)
3. Бул Эрежелерде формалык кийимдердин предметтеринин аталыштарында төмөнкү кыскартуулар колдонулат:
- формалык кийимдердин предметтери - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын буйругу менен белгиленген бажы органдарынын кызматкерлеринин формалык кийимдеринин предметтери, бут кийимдери;
- шеврондор - ушул Эрежелерге ылайык формалык кийимге жайгаштырылуучу жең жана төш белгилер.
(КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2023-жылдын 9-июнундагы № 35-10/157 буйругунун редакциясына ылайык)
4. Кызматкерлердин формалык кийимдерди төмөнкүлөргө бөлүнөт:
- өкүлчүлүк;
- күнүмдүк;
- атайын.
5. Бул формалардын ар бири жайкы, күз-жай жана кышкы болуп бөлүнөт.
(КР Финмин караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2024-жылдын 12-декабрындагы № 35-10/2 буйругунун редакциясына ылайык)
6. Өкүлчүлүк формалык кийим ант берүү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын алуу учурунда, бажы кызматынын атайын наамын ыйгарууда, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик майрам күндөрүндө, "Кыргыз Республикасынын бажы кызматкерлеринин күнү" кесиптик майрамда, салтанаттуу жана юбилейлик отурумдарда (чогулуштарда), коллегиянын отурумдарында, эл аралык форумдарда, расмий кабыл алууларда, курман болгон жоокерлердин эстеликтерине, мүрзөлөрүнө, мемориалдарга жана башка объекттерге гүл чамбарларды койгон учурда, бажы органдарынын өздүк курамынын катышуусу менен расмий иш-чараларда кийилет.
Өкүлчүлүк формалык кийим ордендер, медалдар же мамлекеттик сыйлыктардын символдору жана белгиленген үлгүдөгү төш белгилер (мындан ары - төш белги) менен кийилет.
Кызматтык (кызматтык) милдеттерин аткарууда дем алыш жана майрам күндөрү өкүлчүлүк формалык кийимди кийүүгө жол берилет.
(КР Финмин караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2024-жылдын 12-декабрындагы № 35-10/2 буйругунун редакциясына ылайык)
7. Күнүмдүк формалык кийим отурумдарда (чогулуштарда), коллегиянын отурумдарында, ведомстволук сыйлыктарды алууда, аттестациядан өтүүдө, кызматтык милдеттерин аткарууда, ошондой эле кызматтан тышкары убакытта кийүүгө жол берилет.
Күнүмдүк формалык кийим ордендик тасмалар жана планкаларга медалдардын тасмалары жана төш белгилер менен тагылат.
(КР Финмин караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2024-жылдын 12-декабрындагы № 35-10/2 буйругунун редакциясына ылайык)
8. Атайын формалык кийимдер кызматкерлер өзгөчө температуралык шарттарда же булгануу менен байланышкан шарттарда жүргүзүлүүчү өткөрүү пункттарында кызматтык (кызмат орун) милдеттерди аткарууда (аба өткөрүү пунктунан тышкары), товарларды жана транспорт каражаттарын, контейнерлерди жана өзүнчө келүүчү жүктөрдү текшерип кароодо, контрабандага жана бажылык укук бузууларга каршы күрөшүү боюнча атайын иш-чараларды жүргүзүүдө, кинология кызматы жана ыкчам издөө бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан өздөрүнүн кызматтык (функционалдык) милдеттерин аткаруу учурунда кийилет.
Атайын формалык кийимди күнүмдүк катары кийүүгө болбойт.
Атайын формалык кийимди кийүүнүн тартиби коюлган милдеттерге ылайык бажы органынын жетекчиси тарабынан аныкталат.
9. Формалык кийим бирдейлик принцибин эске алуу менен бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан белгиленет.
10. Жайкы (күз-жай, кышкы) формалык кийимге өтүү бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругуна ылайык жүзөгө ашырылат.
(КР Финмин караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2024-жылдын 12-декабрындагы № 35-10/2 буйругунун редакциясына ылайык)
11. Кызмат өтөө учурунда белгиленген тартипте жарандык кийимдерди кийүүгө уруксат берилген жактарды кошпогондо, кызматкерлер алар үчүн белгиленген формалык кийимди кийүүгө милдеттүү.
12. Формалык кийимдердин предметтери белгиленген үлгүлөргө жана сыпаттамаларга шайкеш келүүгө, чак келүүгө, таза абалда жана тыкан болууга тийиш.
13. Кийүүгө тыюу салынат:
- ушул Эрежелерде жана бажы органдарынын кызматкерлери үчүн формалык кийимдердин предметтеринин сыпаттамасында белгиленген талаптарды бузуу менен формалык кийимдин предметтери, айырмалоочу белгилери, төш жана жең белгилери, учасында белгилер, тигилмелер;
жарандык кийимдер менен бирге формалык кийимдер предметтерин.
14. Формалык кийим ушул Эрежелерге ылайык так түрдө кийилет. Формалык кийимди кийүү тартибин бузуу кызматтык тартипти бузуу болуп саналат.
2. Формалык кийимдердин предметтери кийүү
15. Пилотка оң жагына бир аз кыйшаюу менен кийилет, ал эми кулакчындуу тумак, кышкы мех тумак, фуражка жана кепи - түз, кыйшаюусуз, фуражка жана кепинин маңдайчасы каштын деңгээлинде, ал эми кулачындуу тумактын жана пилотканын төмөнкү кыры каштан 2-4 см жогору болууга тийиш.
Жогорку, улук, орто жана кенже жетекчилик курам, улук жана орто жетекчилик курамдын аялдары кулакчындуу тумакты, кышкы мех тумакты, фуражка жана пилотканы белгиленген үлгүдөгү алтын түстүү кокарда менен, ал эми кепаны коргоочу түстөгү кокарда менен кийишет.
Жогорку жетекчилик курам кулакчындуу тумакты, фуражканы кокарда жана алтындалган сайма менен кийишет.
Жогорку жетекчилик курам фуражканын маңдайында Кыргыз Республикасынын саймалуу гербин, ал эми улук, орто жана кенже жетекчилик курамдын кызмат адамдары фуражканын маңдайында ведомстволук символикаларды чагылдырган эмблеманы тагынышат.
Кокарданын, ведомстволук символикаларды чагылдырган эмблеманын ортосу мурундун кайкысынын үстүндө болушу тийиш.
Тумактын кулакчынын сыртта катуу суук - 10 Cº жана төмөн болгондо түшүрүп кийүүгө уруксат берилет. Сапта кулакчындар башчынын көрсөтмөсү менен түшүрүлөт. Тумактын кулакчыны түшүрүлгөндө анын боолорунун учу ээк алдында байланышы керек, ал эми кулакчындар түрүлүү болгондо байланган боолор алардын алдына жашырылып коюлат. Товарларды жана транспорттук каражаттарды текшерип кароодо, ал эми башка учурларда бажы органынын башчысынын көрсөтмөсү боюнча тумактын кулакчындарынын боолорунун учтарын желкеге байлоого уруксат берилет.
Бажы кызматынын полковниктерине фуражкасынын маңдайына Кыргыз Республикасынын саймалуу гербин, ошондой эле каракүлдөн жасалган кочкул боз түстүү кулакчындуу тумактарды кийүүгө уруксат берилет.
Чечилген баш кийим сапта турганда жана саптык ыкмаларды аткарууда эркин түшүрүлгөн сол колго кармалат; тумактын, фуражканын, кепанын кокардалары алдына каратып кармалат; тумактын, фуражканын, кепанын төмөнкү кыры оңго карашы тийиш.
Баш кийимдер менен ийне жана жип кийилет, алар фуражкада, кепада болушу керек - сол жагындагы чекенин астында, кулакчындуу тумактын жана кышкы мех тумактарда - маңдай кырынын астында.
(КР Финмин караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2025-жылдын 11-мартындагы № 35-10/1 буйругунун редакциясына ылайык).
16. Пальто (чолок пальто), жаз-күз кийилүүчү плащ кышкы өкүлчүлүк формалык кийим менен бардык топчулары топчуланып кийилет.
Пальто (чолок пальто), жаз-күз кийилүүчү плащ кышкы өкүлчүлүк формалык кийим менен жаз (күз) мезгилде, ал эми жайкы өкүлчүлүк формалык кийим менен суук аба ырайында кийилет.
17. Парка күрмө кышкы күндөлүк формалык кийим менен бардык тырс этмелери (топчулары) топчуланып жана "сыдырмасы" сыдырып кийилет.
Парка күрмө кышкы күндөлүк формалык кийим менен жаз (күз) мезгилде, ал эми жайкы күндөлүк формалык кийим менен суук аба ырайында кийилет.
Парка күрмө сыдырмасы төш чөнтөктөрдүн үстүнкү четинин деңгээлине чейин ачык (жогорку тырс этмеси же топчусу ачык), ал эми суук аба ырайында жакасы өйдө которулуп кийүүгө уруксат берилет.
18. Атайын кышкы формалык кийим менен күңүрт коргоочу түстөгү атайын кышкы костюм (күрмө жана шым) тегерек жакалуу пуловер же футболка менен кийилет.
Күрмө "сыдырмасы" сыдырып (бардык тырс этмелери (топчулары) бекитилип) кийилет.
Күрмөнү кийип жүрүүгө уруксат берилет:
- Күрмө "сыдырмасы" төш чөнтөктөрдүн үстүнкү четинин деңгээлине чейин ачык (жогорку тырс этмеси же топчусу ачык), ал эми суук аба ырайында жакасы жана (же) чүмкөмөсү өйдө которулуп кийүүгө;
- жайкы формалык кийим менен суук аба ырайында;
Шымдар бийик кончтуу ботинканын кончуна салынып кийилет. Шымдар багалеги коё берилип кийүүгө уруксат берилет.
19. Күндөлүк күрмө кышкы күндөлүк формалык кийим менен "сыдырмасы" сыдырып, ал эми жайкы күндөлүк формалык кийим менен суук аба ырайында кийилет.
Күндөлүк күрмө сыдырмасы төш чөнтөктөрдүн үстүнкү четинин деңгээлине чейин ачык, ал эми суук аба ырайында жакасы өйдө которулуп кийүүгө уруксат берилет.
20. Мундир, күндөлүк китель, өкүлчүлүк китель бардык топчулары топчуланып кийилет.
- өкүлчүлүк мундир - узун жеңдүү ак түстүү көйнөк, галстук менен;
- күнүмдүк китель - узун жеңдүү ачык-боз түстөгү көйнөк, галстук менен;
- өкүлчүлүк китель - узун жеңдүү ак түстүү көйнөк, галстук менен;
(КР Финмин караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2024-жылдын 12-декабрындагы № 35-10/2 буйругунун редакциясына ылайык)
21. Өкүлчүлүк шым (күнүмдүк, аялдардын күнүмдүк), жайкы шым жана аялдардын жайкы шымдары багалеги коё берилип, узунунан үтүктөлгөн бүктөмөлөрү менен кийилет.
Шым (өкүлчүлүк, күнүмдүк аялдардын, жайкы шымдар жана жайкы аялдардын шымдары) кышкы формалык кийим үчүн күнүмдүк күрмө менен, ошондой эле жайкы күндөлүк формалык кийим менен суук аба ырайында кийүүгө уруксат берилет.
Атайын формалык кийимдин шымы, жайкы атайын костюмунун шымдарын кошпогондо, узун кончтуу ботинкага киргизилип кийилет.
(КР Финмин караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2024-жылдын 10-майындагы № 35-10/1 буйругунун редакциясына ылайык)
22. Шымы менен костюм - канцелярка күнүмдүк формалык кийим үчүн футболка менен кийилет:
- эркектер үчүн - шымдар менен;
- аялдар үчүн - юбка (шым) менен.
(КР Финмин караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2024-жылдын 10-майындагы № 35-10/1 буйругунун редакциясына ылайык)
23. Атайын костюмду (күрмө жана шым), атайын жайкы костюмду (күрмө жана шым) жайкы атайын кийим формасында кийилет.
Күрмө "сырдырмага" сыдырылган жана бардык кнопкалары (топчулары) бекитилген абалында футболка менен кийилет.
Күрмөнү "сыдырмасын" төш чөнтөктөрүнүн үстүнкү четинин деңгээлине чейин ачып (үстүнкү кнопкасын же топчусун чечип), ошондой эле бажы органынын башчысынын же аны менен ыйгарым укуктар берилген кызмат адамынын уруксаты менен Цельсий боюнча плюс жыйырма градус температурада чыканак бүгүлүшүнүн деңгээлине чейин жеңин түрүп кийүүгө (нөөмөт жана саптык тизмелерди кошпогондо) уруксат берилет.
Атайын костюмдун (күрмө жана шым) шымы бийик кончтуу ботинкага киргизилип кийилет. Жайкы атайын костюмдун (күрмө жана шым) шымы киргизилбей кийилет.
(КР Финмин караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2024-жылдын 10-майындагы № 35-10/1 буйругунун редакциясына ылайык)
24. Мойну тегерек ачык пуловер өткөрүү пункттарында жана кинологиялык түзүмдүк бөлүмдөрдө кызмат өтөгөн кызматкерлер үчүн арналган.
Пуловер кышкы күнүмдүк атайын форма кийими менен жана жайкы күнүмдүк атайын форма кийми менен аба-ырайы суук болгон учурларда футболканын үстүнөн бөлмөнүн ичинде кийилет.
(КР Финмин караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2024-жылдын 10-майындагы № 35-10/1 буйругунун редакциясына ылайык)
25. Көйнөктөр оң жагына (аялдар үчүн сол жагына) бардык топчуларга топчуланат жана катуу погондор жана галстук менен мундир, өкүлчүлүктү (күнүмдүк) китель, күнүмдүк күрмө менен кийилет. Көйнөктүн жакасы кителдин же күрмөнүн жакасынын үстүнкү чети менен бир деңгээлде же 0,5 см жогору чыгып турууга тийиш.
Катуу погондор менен көйнөктөр кийилет:
1) ак түстөгү:
- узун жеңдүү - жайкы өкүлчүлүктүү формалык кийимде галстук менен;
- кыска жеңдүү - жайкы өкүлчүлүктүү формалык кийимде галстугу жок (кайырма жана тик кесилген жакасы менен);
2) ачык-боз түстө;
- узун жеңдүү - жайкы жана кышкы күнүмдүк формалык кийимде галстук менен;
- кыска жеңдүү - жайкы күнүмдүк формалык кийимде (кайырма жана тик кесилген жакасы менен) галстугу жок - күнүмдүк шым (юбка) менен.
Кийүүгө уруксат берилет:
а) катуу погондор жана галстук менен өкүлчүлүк көйнөктү жайкы өкүлчүлүк формалык кийимде күрмө, китель, пуловер жок (расмий кабыл алууларды жана салтанаттуу отурумдарды кошпогондо), ал эми кызматтык бөлмөлөрдө - жылдын каалаган мезгилинде кийүүгө;
б) катуу погондор жана галстук менен китель, мундир, пуловер, жок кызматтык эмес убакытта саптан тышкары жайкы күнүмдүк формалык кийимде жеңи кыска өкүлчүлүк көйнөктү (шымдабастан шым жана юбка менен);
в) катуу погондор жана галстук менен китель, мундир, пуловер, күнүмдүк күрмө жок саптан тышкары, бирок кызматтык бөлмөлөрдө жайкы күнүмдүк формалык кийимде жеңи узун өкүлчүлүк көйнөктү -жылдын каалаган мезгилинде;
г) катуу погондор жана галстук менен китель (пуловер, күнүмдүк күрмө) жок жайкы күнүмдүк формалык кийимде абанын температурасы +20 Сº жана андан жогору учурларда жеңи кыска өкүлчүлүк жана күнүмдүк көйнөктү.
Көйнөктөр белгиленген үлгүдөй, таза, ылайык келген жана үтүктөлгөн, туура тандалган погондору менен болууга тийиш.
Өңү өчкөн жана үтүктөлбөгөн көйнөктөрдү, сынган же кир погондору менен көйнөктөрдү кийүүгө, ошондой эле көйнөктөрдөгү бүктөлүштөрдү үтүктөөгө тыюу салынат.
26. Галстук жеңи узун көйнөктөр менен кийилет, ушуну менен бирге галстук жогору жактагы үчүнчү жана төртүнчү топчулардын ортосунда белгиленген үлгүдөгү кыпчыткыч менен көйнөккө бекитилет.
27. Өкүлчүлүк кашне жана күнүмдүк кашне пальтонун, чолок пальтонун, плащтын, парка-күрмөнүн, күнүмдүк күрмөнүн жакасынын астына тыкан киргизип туруп кийилет. Кашненин үстүнкү чети жаканын үстүнөн 1-2 сантиметрге тегиз чыгып турууга тийиш.
271. Жүн колкаптар кышкы мезгилде кийилет.
(КР Финмин караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2024-жылдын 10-майындагы № 35-10/1 буйругунун редакциясына ылайык)
272. Ак чыттан колкаптар, параддык кур, аксельбант туу көтөрүүчү тобуна кирген кызматкерлердин өкүлчүлүктүү формалык кийми менен салтанаттуу иш-чараларда кийилет.
(КР Финмин караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2024-жылдын 10-майындагы № 35-10/1 буйругунун редакциясына ылайык)
28. Формалык кийимди кийүүдө бут кийим белгиленген үлгүдө, оңдолгон жана ар дайым таза болууга тийиш.
Ботинканын, чолок ботинканын (туфли) боолору тыкан байланган болууга тийиш.
Үстү жыртылган же такасы жешилген бут кийимди кийүүгө уруксат берилбейт.
29. Ботинка, чолок ботинка (туфли) кийүүдө кара түстөгү байпак кийүү керек.
Өңү өчкөн жана түсү белгисиз байпактарды кийүүгө уруксат берилбейт.
30. Өкүлчүлүк юбка, күнүмдүк юбка, жайкы юбка кийүүдө бир өңчөй тери түсүндөгү колготка (чулки) кийүү каралат.
31. Погондор дайындалышы боюнча өкүлчүлүк, күнүмдүк, атайын формалык кийим үчүн, ал эми бекитүү ыкмасы боюнча - катуу, тагылуучу жана тигилүүчү болуп бөлүнүшөт.
Жогорку жетектөөчү курам үчүн (эркектер, аялдар) погондор кийилет:
а) пальтого (чолок пальтого), плащка, мундирге - өкүлчүлүк, тагылуучу;
б) кителге - күнүмдүк, тагылуучу;
в) күрмөгө - фальшпогондору менен тигилүүчү;
г) көйнөктөрдө - өкүлчүлүк (ак) жана күнүмдүк - катуу погондор;
д) жайкы жана кышкы атайын формалык кийимде - фальшпогону менен тигилген, кочкул-коргоочу түстө.
(Абзац КР Финмин караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2024-жылдын 12-декабрындагы № 35-10/2 буйругуна ылайык күчүн жоготту)
(Абзац КР Финмин караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2024-жылдын 12-декабрындагы № 35-10/2 буйругуна ылайык күчүн жоготту)
Улук, орто жана кенже жетектөөчү курам үчүн (эркектер, аялдар) погондор тагылат:
а) пальтого (чолок пальтого), плащка, кителге - күнүмдүк, тагылуучу;
б) күрмөгө - фальшпогондору менен тигилүүчү;
в) көйнөктөргө - өкүлчүлүк (ак) жана күнүмдүк - катуу погондор;
г) атайын жайкы жана кышкы формалык кийимде - фальшпогону менен тигилген, кочкул-коргоочу түстө.
д) мундирде жана өкүлчүлүк кителинде - өкүлчүлүк, тигилген.
Кызматкерлердин милдетин убактылуу аткарган жарандык калктын ичинен адамдар үчүн атайын наам ыйгарылбастан погондор жарыгы, эмблемасы жана жылдызы (жылдызчасы) жок тагылат.
Өкүлчүлүк формалык кийимде кителге ордендер, медалдар, төш белгилер, орден ленталары жана планкаларда лента медалдары тагылат.
(КР Финмин караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2024-жылдын 12-декабрындагы № 35-10/2 буйругунун редакциясына ылайык)
32. Бажы кызматынын кызмат адамдарынын погондорунда атайын наамына ылайык сары түстөгү (өкүлчүлүк жана күнүмдүк формалык кийим үчүн) жылдыздар (жылдызчалар) жана кочкул-коргоочу түстөгү жылдыздар (атайын формалык кийим үчүн) жайгаштырылат.
33. Тагылуучу погондордо жылдыздардын (жылдызчалардын) жайгашуусу:
- генералдардыкы - узунан кеткен борбордук сызыкта;
- полковниктердики - эки төмөнкү жылдызчасы тилкелерге, үчүнчүсү - алгачкы экөөнөн өйдө узунан кеткен борбордук сызыкта;
- подполковниктердики - тилкелерде;
- майорлордо - узунан кеткен борбордук сызыкта;
- капитандардыкы -төмөнкү эки жылдызча талаанын ортосунда, үчүнчү жана төртүнчү, биринчи жана экинчиден өйдө тилкеде;
- улук лейтенанттардыкы - төмөнкү эки жылдызча талаанын ортосунда, үчүнчүсү биринчи жана экинчиден өйдө тилкеде;
- лейтенанттардыкы - талаанын ортосунда;
- кенже лейтенанттардыкы - тилкеде.
Тигилүүчү погондордо жылдызчалардын жайгашуусу:
- генералдардыкы - узунан кеткен борбордук сызыкта;
- полковниктердики, улук лейтенанттардыкы - эки төмөнкү жылдызча узунунан орто сызыктын эки тарабында, каптал жана борбордук сызыктан бирдей аралыкта, үчүнчүсү биринчи жана экинчиден өйдө узунан кеткен борбордук сызыктагы;
- подполковниктер, лейтенанттар - узунунан орто сызыктын эки тарабында, капталдарынан жана борбордук сызыктан бирдей аралыкта;
- майорлор, кенже лейтенанттар - узунан кеткен борбордук сызыкта;
- капитандар - узунунан орто сызыктын эки тарабындагы эки төмөнкү жылдызча, капталдарынан жана борбордук сызыгынан бирдей аралыкта, үчүнчү жана төртүнчү - биринчи жана экинчиден өйдө узунунан кеткен борбордук сызыкта.
34. Айырмалоочу белгилер тигилүүчү погондордо (генералдарды кошпогондо), кителдердин жакаларында -узунунан кеткен борбордук сызыкта төмөнкү аралыкта жайгаштырылат:
- погондун төмөнкү четинен айырмалоочу белгини борборуна чейин - 100 мм;
- жаканын бурчунан айырмалоочу белгинин борборуна чейин - 30 мм.
Атайын формалык кийимде айырмалоочу белгилер тагылбайт.
(КР Финмин караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2024-жылдын 12-декабрындагы № 35-10/2 буйругунун редакциясына ылайык)
35. Жеңдеги шеврондор сол жана оң жеңдердин сырткы тарабына, борбору боюнча, жеңдин жогорку чекитинен 12 см аралыкта жайгаштырылат.
Төш шеврондор формалык кийиминин сол каптама чөнтөгүнүн капкалдырыгынын ортосунан 5 мм жогору жана орто жерге жайгаштырылат.
(КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2023-жылдын 9-июнундагы № 35-10/157 буйругунун редакциясына ылайык)
3. Ордендерди, медалдарды, планкаларда медалдын ленталарын жана башка төш белгилерин тагынуу
36. СССР жана Кыргыз Республикасынын ордендерин жана медалдарын же планкаларда орден ленталарын жана медалдын ленталарын жана төш белгилерин формалык кийимге (мундирлерге жана кителдерге) тагуу милдеттүү болуп саналат.
37. Өзгөчө айырмалануу белгиси - Кыргыз Республикасынын Айырмалануунун жогорку деңгээли "Кыргыз Республикасынын Баатыры" (өзгөчө белги - "Ак-Шумкар"), жайкы күнүмдүк, жайкы өкүлчүлүк (жүн кездемеден күрмөдө же көйнөктө), атайын формалык кийимди кошпогондо, формалык кийимдин бардык түрлөрүнө тагылат.
38. Өкүлчүлүк формалык кийимге тагылат:
а) өзгөчө айырмалануу белгиси - Советтер Союзунун Баатыры "Золотая Звезда" медалы жана Социалисттик Эмгек Баатыры "Серп и Молот" алтын медалы, Кыргыз Республикасынын Айырмалануунун жогорку деңгээли "Кыргыз Республикасынын Баатыры" (өзгөчө белги - "Ак-Шумкар");
б) СССР жана Кыргыз Республикасынын ордендери жана медалдары;
в) эл аралык Ленин сыйлыгынын лауреатынын алтын медалы "За укрепление мира между народами";
г) СССРдин ардак наамдарына төш белгилери: "Летчик-космонавт СССР", "Заслуженный летчик-испытатель СССР", "Заслуженный штурман-испытатель СССР", "Заслуженный специалист Вооруженных Сил СССР" - СССР жана союздук республикалардын ардак наамдарына башка төш белгилер;
д) Элдик депутаттар советинин депутаттарынын төш белгилери.
39. Өзгөчө айырмалануу белгилери - Советтер Союзунун Баатыры "Золотая Звезда" медалы жана Социалисттик Эмгек Баатыры "Серп и Молот" алтын медалы, Кыргыз Республикасынын Айырмалануунун жогорку деңгээли "Кыргыз Республикасынын Баатыры" (өзгөчө белги - "Ак-Шумкар") төштүн сол тарабына ордендердин жана медалдардын үстүнө же ордендик ленталардын жана планкалардагы медалдардын тасмаларынын үстүнө тагылат.
Эки же андан көп өзгөчө айырмалоочу белгилерди тагынганда алар кийимге өз-өзүнчө бир катар болуп, жылдыздардын каптал учтарынын ортосунда 10 мм боштук менен оңдон солго жайгаштырылат: Советтер Союзунун Баатыры "Золотая Звезда" медалы, Социалисттик Эмгек Баатыры "Серп и Молот" алтын медалы, Кыргыз Республикасынын Айырмалануунун жогорку деңгээли "Кыргыз Республикасынын Баатыры" (өзгөчө белги - "Ак-Шумкар"). Бир аталыштагы өзгөчө айырмалоочу белгилер сыйлык берүү убактысынын тартибинде жайгаштырылат.
Советтер Союзунун Баатыры "Золотая Звезда" медалы жана Социалисттик Эмгек Баатыры "Серп и Молот" алтын медалы төмөнкүчө жайгаштырылат:
а) ачык эки борттуу мундирде жана кителде - медалдын колодкасынын үстүнкү чети лацкандын бурчунун деңгээлинде болгондой кылып лацкандан солду карай тагылат;
б) ачык бир борттуу кителде - медалдын колодкасынын үстүнкү чети лацкандын деңгээлинде болгондой кылып лацкандан солду карай тагылат.
40. Колодкага тагылган ордендер төштүн сол жагына, ал эми колодкасы жок ордендер, "Победа" орденинен тышкары, - төштүн оң жагына тагылат. Төштүн оң жагына тагылган жана даражалардын чондугунун тартибинде солдон оңго карай жайгашкан 1 жана 2 даражадагы "За отличие в воинской службе" медалдарын жана бажы иши чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук "Бажы кызматындагы артыкчылыгы учун" ("За отличие в таможенной службе") 1 жана 2 даражадагы медалдарды кошпогондо, бардык медалдар төштүн сол жагына тагылат. Ордендер бар болсо, медалдар ордендерден ылдый тагылат.
41. Төштүн сол жагына тагылуучу ордендер жана медалдар төмөнкү тартипте жайгаштырылышат:
а) Кыргыз Республикасынын Айырмалануунун жогорку деңгээли "Кыргыз Республикасынын Баатыры" ("Ак-Шумкар" өзгөчө белгиси).
б) СССР ордендери;
в) үч даражадагы "Манас" ордени;
г) "Данакер" ордени;
д) "Баатыр эне" ордени;
е) СССР медалдары;
ж) "Эрдик" медалы;
з) "Даңк" медалы;
и) "Кайрымдуулук үчүн" медалы;
к) "Эмгек ардагери" медалы;
л) "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" эки даражасы;
м) "Эне даңкы" медалы;
н) эстелик медалы "15 лет вывода советских войск из Афганистана";
о) бажы иши чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук медалы "Намыс жана милдет" ("За честь и долг");
п) бажы иши чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук медалы "За службу в таможенных органах" үч даражада;
р) бажы иши чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук юбилейлик медалы;
с) бажы иши чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук медалы "За укрепление таможенного сотрудничества".
Жогоруда аталган мамлекеттик сыйлыктар төштүн сол жагына тагылат жана жогоруда көрсөтүлгөн тартипте жайгаштырылат, башка ордендердин жана медалдардын үстүндө жайгашкан "Ак-Шумкар" өзгөчө белгисинен тышкары, ардак наамдарга төш белгилер төштүн оң жагына тагылат. Аталган Жобого ылайык мурдагы СССРдин сыйлыктарын алып жүрүү тартиби өзгөртүүсүз сакталат, сыйлануучуда мурдагы СССРдин жана Кыргыз Республикасынын сыйлыктары бар болсо, мамлекеттик сыйлыктарды тагынууда алардын статусуна жана маанилүүлүгү боюнча жоболоруна ылайык жайгашкан жери - мурдагы СССРдин мамлекеттик сыйлыгы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынан мурда.
Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин башка министрликтеринин, ведомстволорунун сыйлыктарын тагынуу бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын сыйлыктарынан кийин тагынуу учурунда көрсөтүлгөн тартипте аныкталсын.
42. Төштүн сол жагына беш бурчтуу колодкалары бар эки же андан көп ордендерди тагынганда, ошондой эле көрсөтүлгөн ордендер менен бирге медалдарды тагынганда алардын колодкалары жалпы планкада катар бириктирилет. Ордендер жана медалдар ушул Эрежелердин 43-пунктунда саналып өткөн тартипте туурасынан оңдон солго карай жайгаштырылат. Бир аталыштагы ордендер жана медалдар ыйгарылган мезгилинин тартиби боюнча катарга жайгаштырылат. Бир катарга батпай турган ордендер жана медалдар биринчисинен төмөн жайгашкан экинчи жана кийинки катарларга көчүрүлөт жана аларда көрсөтүлгөн кезектүүлүктө оңдон солго жайгаштырылат.
Ордендерди жана медалдарды төштүн сол тарабына жайгаштыруу биринчи катардагы жалпы планканын (колодканын) жогорку чети жайгаштырылгандай жүргүзүлөт:
а) ачык эки борттуу мундирде, кителде - лацкандын бурчунун деңгээлинен 70 мм төмөн;
б) ачык бир борттуу кителде - лацкандын ортосунан 70 мм ылдый;
Экинчи катардагы ордендердин жана медалдардын колодкаларынын жалпы планкасы биринчи катардагы ордендер менен медалдардын астына келип, үчнчү жана кийинки катарлар окшош тартипте жайгаштырылышат.
43. Жогорку аскердик орден "Победа" төштүн сол жагында белден 12-14 см жогору тагылат.
44. Чет мамлекеттердин ордендери жана медалдары СССР, Кыргыз Республикасынын ордендеринен жана медалдарынан жана ведомстволук сыйлыктардын төмөн жагына тагылат. Лентага тагылган ордендер жана медалдар төштүн сол жагында, ал эми лентасы жоктор - төштүн оң жагына тагылат.
45. Орден ленталары жана планкадагы медалдын ленталары төштүн сол жагына тагылат:
а) ачык эки борттуу мундирде жана кителде - лацкандын бурчунун деңгээлинен 70 мм төмөн;
б) ачык бир борттуу кителде лацкандын ортосунан 70 мм ылдый.
46. Чет мамлекеттердин ордендеринин жана медалдарынын ленталары өз алдынча планкаларда СССР, Кыргыз Республикасынын ордендеринин жана медалдарынын ленталарынын төмөн жагына тагылат.
47. Эл аралык Ленин премиясынын лауреатынын "За укрепление мира между народами" алтын медалы, СССР Мамлекеттик жана Ленин сыйлыктарынын ардактуу белгилери, "Летчик-космонавт СССР", "Заслуженный летчик-испытатель СССР", "Заслуженный штурман-испытатель СССР", "Заслуженный специалист Вооруженных Сил СССР" төш белгилери жана башка СССРдин жана союздук республикалардын ардактуу наамдарына төш белгилер төштүн оң жагында ордендердин жана медалдардын өйдө жагында тагылат:
а) ачык эки борттуу мундирде жана кителде - белгинин колодкасынын жогорку бурчу лацкандын бурчунун деңгээлинде болгондой лацкандын оң жагында;
б) ачык бюир борттуу кителде - белгинин колодкасынын жогорку бурчу лацкандын ортосунун деңгээлинде болгондой лацкандын оң жагында.
48. Элдик депутаттар кеңешинин депутаттарынын төш белгилери төштүн сол жагында жайгаштырылат:
а) ачык эки борттуу мундирде жана кителде - илмектин деңгээлинде лацкандын ортосунда;
б) ачык бир борттуу кителде - лацкандын бурчунун деңгээлинде анын ортосунда.
49. Төш белгилери төштүн оң жагына тагылып, төмөнкү тартипте жайгаштырыл ат:
а) "25 лет победы в Великой Отечественной войне" белгиси;
б) "Кыргыз Республикасынын бажы кызматында синирген эмгеги учун" ("За заслуги таможенной службе Кыргызской Республики") ардактуу белгиси;
в) окуу жайларын бүтүргөндүгү тууралуу белгилер;
г) отличник белгилери;
д) "За дальний поход" белгиси жана башка бекитилген белгилер.
50. Төш белгилери төштүн оң жагында горизонталдуу катарга солдон оңго карай жайгаштырылат: ордендерди жана медалдары тагынууда - 10-15 мм төмөн, ал эми ордендер жана медалдар жок болсо - алардын ордуна.
Төш белгилери бир катарга жайгаштырылбайт, биринчинин төмөн жагында экинчи жана кийинки катарларга которулат.
51. Кызматкерде эки же андан ашык окуу жайларын аяктагандыгы тууралуу белгилери бар болсо, бир гана төш белгиси тагылат.
Жогорку аскердик окуу жайын аяктагандыгы жөнүндө төш белгиси бар болсо жарандык жогорку окуу жайын (университетти, институтту) аяктагандыгы жөнүндө төш белгини аны менен бир деңгээлде оң жагына тагууга уруксат берилет.
Жогорку окуу жайын аяктагандыгы жөнүндө белги болгондо орто окуу жайын аяктагандыгы жөнүндө белги тагылбайт.