Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК БАЖЫ КЫЗМАТЫНЫН БУЙРУГУ
2023-жылдын 9-июну № 35-10/157
"Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2022-жылдын 21-декабрындагы № 35-10/394 "Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлеринин формалык кийимдеринин жана буюмдук үлүшүнүн нормаларынын маселелери жөнүндө" буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 140-беренесинин 6-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө тизмесинин 1-пунктуна ылайык, буйрук кылам:
1. МБКнын 2022-жылдын 21-декабрындагы № 35-10/394 "Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдарынын кийимдеринин формасы жана буюмдук үлүшүнүн нормаларынын маселелери жөнүндө" буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
Жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдарынын кийимдеринин формасы жана буюмдук үлүшүнүн нормалары жөнүндө жобонун:
1) 7-пунктундагы:
- сегизинчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Ийиндин линиясында кочкул-боз, алтын түстөгү катуу погондор жайгаштырылган.";
- онунчу абзацтагы "Сол жеңде" деген сөздөр "Сол жана оң жеңде" сөздөрүнө алмаштырылсын.
- он биринчи абзацтагы "Шымдын алдыңкы астары ичтелген" деген сөздөрдөн кийин "Шымдын этегинин эни 21 см кем эмес." сөздөрү менен толукталсын.
2) 8-пунктта:
- алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ийиндин линиясында кочкул-боз түстөгү катуу погондор жайгаштырылган, погондордун алдыңкы четинде жашыл түстөгү милтеси бар.";
- сегизинчи абзацтагы "Сол жеңде" деген сөздөр "Сол жана оң жеңде" сөздөрүнө алмаштырылсын;
- тогузунчу абзацтагы "Шымдын алдыңкы астары ичтелген" деген сөздөрдөн кийин "Шымдын этегинин эни 21 см кем эмес." сөздөрү менен толукталсын.
3) 9-пункттун жетинчи абзацындагы "Сол жеңде жана алды жагында" деген сөздөр "Сол жана оң жеңде" сөздөрүнө алмаштырылсын;
4) 10-пункттун экинчи абзацындагы "Сол жеңде" деген сөздөр "Сол жана оң жеңде" сөздөрүнө алмаштырылсын;
5) 11-пункттун экинчи абзацындагы "Сол жеңде" деген сөздөр "Сол жана оң жеңде" сөздөрүнө алмаштырылсын;
6) 12-пункттун он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Сол жана оң жеңге шеврондор жайгашат.";
7) 13-пунктта:
- алтынчы абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Сол жана оң жеңде жең шеврондору жайгашкан. Пахтадан жасалган кездемеден тигилет, түзүлүшү 30-40% вискоза, 60-70% полиэфир. Кездеменин тыгыздыгы 130-145 г/м2.";
- төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи-тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"Ийиндин сызыгы боюнча погондордун алдыңкы четинде жашыл түстөгү милте тигилген погондор жайгашкан:
- кочкул-боз түс - күнүмдүк көйнөк;
- ак түс - өкүлчүлүк көйнөк.";
8) 14-пункттагы:
- алтынчы абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Сол жана оң жеңде жең шеврондору жайгашкан. Пахтадан жасалган кездемеден тигилет, түзүлүшү 30-40% вискоза, 60-70% полиэфир. Кездеменин тыгыздыгы 130-145 г/м2.";
- төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи-тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"Ийиндин сызыгы боюнча погондордун алдыңкы четинде жашыл түстөгү милте тигилген погондор жайгашкан:
- кочкул-боз түс - күнүмдүк көйнөк;
- ак түс - өкүлчүлүк көйнөк.";
9) 15-пункттун экинчи абзацындагы "жашыл түстүү лампастар тигилген." деген сөздөрдөн кийин "Шымдын этегинин эни 21 см кем эмес." сөздөрү менен толукталсын.
10) 16-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын: "Сол, оң жеңде жана алды жагында шеврондор жайгашкан.";
11) 18-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Сол, оң жеңинде жана алдында кочкул-боз түстөгү шеврондор жайгашкан.";
12) 19-пункттун:
- экинчи абзацтагы "Сол жеңинде жеңге тагылуучу шеврондор жайгашкан. Жогорку сол чөнтөктүн капкалдырыктарында көкүрөк шеврондору жайгашкан." деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Сол, оң жеңинде жана алдында кочкул-боз түстөгү шеврондор жайгашкан.";
13) 21-пункттун экинчи абзацындагы "кочкул-көк түстөгү" деген сөздөрдөн кийин "(күнүмдүк формалык кийим үчүн), кара түстөгү (жогорку жетекчилик курамдын өкүлчүлүк формалык кийим үчүн)" сөздөрү менен толукталсын";
14) 27-пункттун:
- жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ийиндин линиясында кочкул-боз, алтын түстөгү катуу погондор жайгаштырылган.";
- тогузунчу абзацындагы "Сол жеңде" деген сөздөр "Сол жана оң жеңде" сөздөрүнө алмаштырылсын;
15) 28-пункттун:
- жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ийиндин линиясында кочкул-боз түстөгү катуу погондор жайгаштырылган, погондордун алдыңкы четинде жашыл түстөгү милтеси бар.";
- тогузунчу абзацындагы "Сол жеңде" деген сөздөр "Сол жана оң жеңде" сөздөрүнө алмаштырылсын;
16) 29-пункттун сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Сол жана оң жеңде шеврондор жайгашкан.";
17) 30-пункттун он экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Сол жана оң жеңде шеврондор жайгашкан.";
18) 31-пункттун экинчи абзацындагы "Сол жеңде" деген сөздөр "Сол жана оң жеңде" сөздөрүнө алмаштырылсын;
19) 32-пункттун он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Сол жана оң жеңде шеврондор жайгашкан.";
20) 33-пункттун:
- экинчи абзацтагы "чоюлгуч тилке (резинка) тигилген." деген сөздөрдөн кийин "Ийиндин линиясында катуу погондор жайгаштырылган." сөздөрү менен толукталсын.
- алтынчы абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Сол жана оң жеңде жең шеврондору жайгашкан. Пахтадан жасалган кездемеден тигилет, түзүлүшү 30-40% вискоза, 60-70% полиэфир. Кездеменин тыгыздыгы 130-145 г/м2.";
21) 34-пункттун:
- экинчи абзацтагы "чоюлгуч тилке (резинка) тигилген." деген сөздөрдөн кийин "Ийиндин линиясында катуу погондор жайгаштырылган." сөздөрү менен толукталсын.
- алтынчы абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Сол жана оң жеңде жең шеврондору жайгашкан. Пахтадан жасалган кездемеден тигилет, түзүлүшү 30-40% вискоза, 60-70% полиэфир. Кездеменин тыгыздыгы 130-145 г/м2.";
22) 36-пункттун төртүнчү абзацындагы "Сол жеңде жана алдында" деген сөздөр "Сол, оң жеңде жана алды жагында" сөздөрүнө алмаштырылсын;
23) 38-пункттун төртүнчү абзацындагы "Сол жеңде" деген сөздөр "Сол жана оң жеңде" сөздөрүнө алмаштырылсын;
24) 39-пункттун экинчи абзацындагы "Сол жеңде" деген сөздөр "Сол жана оң жеңде" сөздөрүнө алмаштырылсын;
25) 41-пункттун 2-пунктчасындагы "кочкул-көк түстөгү" деген сөздөрдөн кийин "(күнүмдүк формалык кийим үчүн), кара түстөгү (жогорку жетекчилик курамынын өкүлчүлүк формалык кийим үчүн)" сөздөрү менен толукталсын";
26) 47-пункттун:
- экинчи абзацындагы "Сол жеңде" деген сөздөр "Сол жана оң жеңде" сөздөрүнө алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацтагы "топчуга топчуланган шым." деген сөздөрдөн кийин "Шымдын этегинин эни 21 см кем эмес." сөздөрү менен толукталсын.
27) 48-пункттун:
- экинчи абзацында:
"бир формалык топчу менен топчуланат" деген сөздөр "эки формалык топчу менен топчуланат" сөздөрүнө алмаштырылсын;
"Сол жеңде" деген сөздөр "Сол жана оң жеңде" сөздөрүнө алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацтагы "топчу топчуланат" деген сөздөрдөн кийин "Шымдын этегинин эни 21 см кем эмес." сөздөрү менен толукталсын.
28) 53-пункттун төртүнчү абзацындагы "Сол жеңде жана алды жагында" деген сөздөр "Сол, оң жеңде жана алды жагында" сөздөрүнө алмаштырылсын;
29) 57-пункттун экинчи абзацындагы "топчуга топчуланган шым." деген сөздөрдөн кийин "Шымдын этегинин эни 21 см кем эмес." сөздөрү менен толукталсын.
30) 68-пункттун:
- алтынчы абзацындагы "катуу" деген сөздөр "тигилген" сөздөрүнө алмаштырылсын;
- жетинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- онунчу абзацтагы "Сол жеңде" деген сөздөр "Сол жана оң жеңде" сөздөрүнө алмаштырылсын;
31) 69-пункттун экинчи абзацындагы:
- "бир формалык топчу менен топчуланат" деген сөздөр "эки формалык топчу менен топчуланат" сөздөрүнө алмаштырылсын;
- "Сол жеңде" деген сөздөр "Сол жана оң жеңде" сөздөрүнө алмаштырылсын;
32) 72-пункттун төртүнчү абзацындагы "Сол жеңде жана алды жагында" деген сөздөр "Сол, оң жеңде жана алды жагында" сөздөрүнө алмаштырылсын;
33) 79-пункттун экинчи абзацындагы "топчуга топчуланган шым." деген сөздөрдөн кийин "Шымдын этегинин эни 21 см кем эмес." сөздөрү менен толукталсын.
34) 90-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын жогорку жетекчилик курамынын погондору - тик бурчтуу, тигилген, кочкул-боз, алтын түстүү.";
35) 91-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын жогорку жетекчилик курамынын көйнөктөрүнүн погондору - тик бурчтуу, үстүнкү чети трапеция түрүндө, кийимдин кездемесинин түсүндөй (өкүлчүлүк көйнөктөр үчүн түсү ак, күнүмдүк көйнөк үчүн - түсү кочкул-боз), погондордун четинде жашыл түстөгү милтеси бар.";
36) 93-пункттун биринчи абзацында "кочкул-көк түстөгү" сөздөрүнөн кийин "погондун четинде жашыл түстөгү милтеси менен" деген сөздөр менен толукталсын;
37) 94-пункттун биринчи абзацында "кийимдин кездемесинин түсүндө" сөздөрүнөн кийин "погондун четинде жашыл түстөгү милтеси менен" деген сөздөр менен толукталсын;
38) 99-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"99. Төш белги.
Төш белги ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык сыпаттамасы жана сүрөтү боюнча овал формасында - төштүн сол тарабына жайгаштырылат.";
39) 101-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"101. Шеврондор.
Шеврондор бөлүнөт:
1) төш шеврондору ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык сыпаттамасы жана сүрөтү боюнча - төштүн сол тарабына жайгаштырылат.
2) жеңдеги шеврондор ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык сыпаттамасы жана сүрөтү боюнча - төштүн сол жана оң тарабына жайгаштырылат.";
40) ушул буйруктун 1-3-тиркемелерине ылайык редакцияда 3-5-тиркемелер менен толукталсын;
Жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлеринин формалык кийимдерин кийүү эрежелеринде:
1) 3-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- шеврондор - ушул Эрежелерге ылайык формалык кийимге жайгаштырылуучу жең жана төш белгилер.";
2) 35-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"35. Жеңдеги шеврондор сол жана оң жеңдердин сырткы тарабына, борбору боюнча, жеңдин жогорку чекитинен 12 см аралыкта жайгаштырылат.
Төш шеврондор формалык кийиминин сол каптама чөнтөгүнүн капкалдырыгынын ортосунан 5 мм жогору жана орто жерге жайгаштырылат.".
2. Укуктук башкармалык (М.Таштанбеков):
- бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө жарыялоо булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун мамлекеттик жана расмий тилдердеги көчүрмөлөрү маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберилсин.
3. Басма сөз-катчы (Г.Чубакова) бул буйрукту "Эркин-Тоо" газетасына же Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын расмий сайтына расмий жарыялоону камсыз кылсын.
4. Камсыз кылуу бажысы (А.Ишекеев) ушул буйруктан келип чыккан чараларды белгиленген тартипте кабыл алсын.
5. Иш кагаздарды камсыздоо бөлүмү (А.Токтосун кызы) ушул буйрук менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын өздүк курамын тааныштырсын.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
7. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | С.С. Исабеков |
|
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2023-жылдын 9-июнундагы № 35-10/157 буйругуна 1-тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдарынын формалык кийими жана буюмдук үлүшүнүн нормалары жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Төш белгинин сыпатталышы жана сүрөтү
Туурасы - 45 мм, узундугу - 60 мм жана калыңдыгы - 3 мм болгон овал формасындагы төш белгиси. Маңдайынан төмөндөн жогору көздөй ийилген. Белгинин төмөн бөлүгүндө өлчөмү 12,5 мм жана 36,5 мм болгон катар номери үчүн № 0001 МБК-№1200МБК номери менен орун бар. Цинктен жасалган, алтын менен никельдин аралашмасы менен капталган, түсү кочкул жашыл, рельефтүү сүрөт. Белгинин үчтөн экинчи бөлүгүндө "CUSTOMS" жазуусу бар. Белгинин борборунда сары түстөгү бажы иши чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эмблемасынын өз алдынча элементинин рельефтик сүрөтү жайгашкан, жетондун борборунун калган жери кочкул жашыл түстөгү эмалга боёлгон. Белгинин жогорку жагындагы радиусунда эки тарабында үчтөн беш учтуу жылдыздар сүрөтү менен "КЫРГЫЗ БАЖЫСЫ" жазуусу жайгашкан. Арткы жагында коопсуз төөнөгүч түрүндөгү бекиткичи бар.
Сүрөт:
|
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2023-жылдын 9-июнундагы № 35-10/157 буйругуна 2-тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдарынын формалык кийими жана буюмдук үлүшүнүн нормалары жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Төш шевронунун сыпатталышы жана сүрөтү
Төш шеврону кочкул жашыл, кырлары сары түстөгү тик бурчтуу формасында. Көлөмү: 120 мм ⨯ 30 мм.
Төш шевронунда ырааттуулук менен солдон оңду көздөй жайгашкан: - бажы иши чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эмблемасы; - эки катарда ак тамгалар менен "КЫРГЫЗ БАЖЫСЫ" жана "KYRGYZ CUSTOMS" жазуулары (англис тилиндеги жазуу кыргыз тилиндеги жазуунун астында жайгашкан).
Бекем суу сиңбеген жана жешилбеген кездемеден/материалдан жасалат, ошондой эле катуу, жешилүүгө туруктуу жана түлөп кетүүдөн сактоо үчүн атайын картон же полимерден катуу арты менен толукталат.
Сүрөт:
|
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2023-жылдын 9-июнундагы № 35-10/157 буйругуна 3-тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдарынын формалык кийими жана буюмдук үлүшүнүн нормалары жөнүндө жобого 5-тиркеме |
Жеңдеги шеврондордун сыпатталышы жана сүрөттөрү
1. Сол жеңдеги шеврондун сыпатталышы
Жеңдеги шеврон кочкул жашыл четтери (3 мм) сары түстөгү тегерек (диаметри - 90 мм) түрүндө даярдалган.
Сары түстөгү ички четинен 10 мм аралыкта сары түстөгү 2 мм линиядан ички тегерек жайгашкан, анын ичине ак түстөгү сооданын эмблемасы/символу жайгаштырылган.
Чектин ички чети менен ички айлананын сыртынын ортосундагы аралыкта:
- ак түстөгү жазуулар жайгашат: үстүнкү жарым сферада - "КЫРГЫЗ БАЖЫСЫ"; астыңкы жарым сферада - "KYRGYZ CUSTOMS";
- сол жана оң жарым сферада диаметри 3 мм болгон сары түстөгү чекиттер бар.
Шеврон бекем суу сиңбеген жана жешилбеген кездемеден/материалдан жасалат, ошондой эле катуу, жешилүүгө туруктуу жана түлөп кетүүдөн сактоо үчүн атайын картон же полимерден катуу арты менен толукталат.
Сүрөт:
2. Оң жеңдеги шеврондун сыпатталышы
Жеңдин шеврону байыркы кыргыз жоокеринин образынын силуэти бар калкан түрүндө даярдалган, бул Мамлекеттик бажы кызматын Кыргыз Республикасынын укук коргоо органы катары жана Кыргыз Республикасынын экономикалык кызыкчылыктарын коргоону символдоштурат.
Калкан кочкул жашыл түстө, четтери алтын түстө. Шеврондун өлчөмү: узундугу (астыңкы негизинин мизинен үстүнкү четине чейин) - 100 мм, туурасы - 75 мм.
Калкандын жогорку бөлүгүнүн ортосунда ак тамгалар менен "КЫРГЫЗ БАЖЫСЫ" жазуусу эки катар ("БАЖЫСЫ" жазуусу биринчинин астында жайгашкан) жайгаштырылган.
"КЫРГЫЗ БАЖЫСЫ" жазуусунун астынан калкандын астыңкы четине чейин жарым-жартылай оңго бурулган зоот кийген байыркы кыргыз жоокеринин профилдеги (капталынан көрүнүшү) силуэти жайгаштырылган. Образдын сол буту оң бутуна караганда бир аз алдыга коюлган жана жарым тизе бүгүлгөн, буттарынын ортосунда жерге учу менен кылыч тирелген, жоокер туткасын эки колу менен кысып турат. Кылычтын ийри кесүүчү жагы (мизи) сүрөттүн оң жагына багытталат. Жоокердин образынын оң жагынан жарык тийген жерлери-ак түстө, көлөкө тийген жерлери-кара түстө.
Байыркы кыргыз жоокеринин образынын жазуусу жана силуэти машина саймасы менен даярдалышы керек. Шеврон бекем суу сиңбеген жана жешилбеген кездемеден/материалдан жасалат, ошондой эле катуу, жешилүүгө туруктуу жана түлөп кетүүдөн сактоо үчүн атайын картон же полимерден катуу арты менен толукталат.
Сүрөт: