Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын ЭКОНОМИКА ЖАНА КОММЕРЦИЯ МИНИСТРЛИГИ
буйруК
2023-жылдын 03-февралы № 14
Экономикал ык болжолдоо үчүн региондун өнүгүү индексин жана Кыргыз Республикасынын региондорунун өнүгүүсүнүн мониторинг системасынын көрсөткүчтөрүн эсептөө методикасын бекитүү жөнүндө
Региондордун социалдык-экономикалык абалына мониторинг жүргүзүү жана комплекстүү баа берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министлиги жөнүндө Жобосунун 12-пунктунун 1-пунктчасына ылайык буйрук кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Экономикалык болжолдоо үчүн регионду өнүктүрүү индексин эсептөө методикасы 1 -тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү системасынын көрсөткүчтөрүнүн тизмеси 2-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, башка мамлекеттик органдарга, жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдарына (макулдашуу боюнча) жана финансы-кредиттик мекемелерге (макулдашуу боюнча):
1) жыл сайын, болжолдонгон жылдын 10-февралына чейинки МӨӨНӨТТӨ Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине 2-тиркемеге ылайык форма боюнча пландык жана 25-июлуна чейин такталган пландык көрсөткүчтөрдү беришсин;
2) жарым жылда бир жолу, отчеттук мезгилден кийинкн айдын 25не чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине 2-тиркемеге ылайык облустар, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча иш жүзүндөгү маалыматтарды, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине иш жүзүндөгү маалыматтарга түшүндүрмө катты берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча) жарым жылда бир жолу, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25не чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине 2-тиркемеге ылайык форма боюнча маалыматтарды берип турсун.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитета (макулдашуу боюнча) жарым жылда бир жолу, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 5не чейин Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине 2-тиркемеге ылайык формада берип турсун.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүү саясат башкармалыгына:
1) жарым жылда бир жолу, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25не чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү системасынын натыйжаларынынын негизинде аналитикалык маалымат берип турсун;
2) жыл сайын отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25не чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына 1-тиркемеге ылайык отчеттук мезгил үчүн региондорду өнүктүрүү рейтинги берилсин;
3) жыл сайын, отчеттук мезгилден кийинки үчүнчү айдын 5не чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү системасынын натыйжаларын Кьфгыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сайтына жарыяласын;
4) катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде "Эркин-Тоо" гезитине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтына белгиленген тартипте жарыяласын;
5) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук сактагычта, жарыяланган булакты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
6) бул буйруктун күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде, эки нускадагы көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүлсүн.
7) бул буйрукту белгиленген тартипте кызыкдар мамлекеттик жана муниципалдык органдарга таанышууга жөнөтүлсүн.
6. Иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо бөлүмүнө бул буйрукту борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине, Министрликке караштуу ведомстволор аралык түзүмдөрдүн
жетекчилерине жана региондор аралык башкармалыгына таанышууга жеткирилсин.
7. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
8. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Ч.С.Сейитовго жүктөлсүн.
Министр | Д.Дж. Амангельдиев |