Загрузка документа…
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын
Экономика жана коммерция
министрлигинин
2023-жылдын “03” февралындагы
№ 14 буйругу менен бекитилген
Экономикалык болжолдоо үчүн регионду өнүктүрүү индексин эсептөө
МЕТОДИКАСЫ
1. Бул Методика региондун өнүгүү индексин эсептөө жана облустардын, райондордун, Бишкек жана Ош шаарларынын (мындан ары – региондор) өнүгүү рейтингин түзүү тартибин аныктайт.
Регионду өнүктүрүү индексинин мааниси региондогу мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугунун жана ачыктыгынын индикатору болуп саналат жана региондорду өнүктүрүүдө дифференциацияны теңдөөгө багытталган артыкчылыктуу милдеттерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн негиз болуп кызмат кылат.
2. Баалоо объектиси региондун социалдык-экономикалык абалы болуп саналат.
3. Баалоонун предмети отчеттук мезгил ичинде региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн көрсөткүчтөрүнүн өсүшүнүн оң (терс) темптерине жетишүү болуп саналат. Методиканын максаты региондорду өнүктүрүү үчүн экономикалык болжолдоонун натыйжалуулугун баалоо болуп саналат.
4. Региондун өнүгүү индексин эсептөө жана рейтингди түзүү жыл сайын жүргүзүлөт. Региондорду өнүктүрүү индексин баалоонун жана эсептөөнүн натыйжалары Кыргыз Республикасынын экономикалык болжолдоосунун негизи болуп саналат.
2. Региондук өнүктүрүү индексинин көрсөткүчтөрү
5. 2-тиркемеде бааланууга тийиш болгон көрсөткүчтөрдүн тизмесин түзүү үчүн региондорду өнүктүрүүнүн негизги багыттарын чагылдырган статистикалык жана ведомстволук отчеттуулуктун негизги көрсөткүчтөрү негиз болгон, мындан тышкары көрсөткүчтөр Улуттук стратегиялык документтерде, туруктуу өнүктүрүү максаттарынын глобалдык жана улуттук көрсөткүчтөрүнүн топтомунда каралган бир катар Индикаторлор менен синхрондоштурулган.
6. Регионду өнүктүрүү индексинин көрсөткүчтөрүнүн тизмесин түзүү төмөнкү принциптерге негизделген:
- комплекстүүлүк- региондордун социалдык-экономикалык жана финансылык өнүгүү деңгээлинин маанилүү түзүүчүлөрүн эсепке алууну камсыз кылуу;
- маанилүүлүк - курама көрсөткүчтөргө караганда жалпылоочуларга артыкчылык берилет;
- мезгилдүүлүгү – бардык көрсөткүчтөрдүн иш жүзүндөгү маанилери бир убакыт сегментинде (отчеттук мезгилде)болууга тийиш;
- пайдалуулугу - мамлекеттик башкаруунун улуттук жана региондук деңгээлдеринде чечимдерди кабыл алуу позициясынан региондордун өнүгүү деңгээлин баалоонун жыйынтыктарынын максималдуу маалыматтуулугуна жетишүү.
7. Тандалган көрсөткүчтөр төмөнкү негизги багыттар боюнча топтоштурулган (2-тиркеме):
Таблица 1
Көрсөткүчтөрдүн тизмесинин түзүмү
№ | Багыты | Мүнөздөмөсү жана мамлекеттик башкаруунун ролу |
1 | Социалдык жыргалчылык | Региондун калкынын социалдык бакубаттуулугу жана татыктуу жашоо деңгээли социалдык саясат чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун маанилүү милдети болуп саналат. |
2 | Экономикалык өсүш жана натыйжалуулук | Мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу инструменттери инвестициялык чөйрөнү өнүктүрүүгө жана региондун кийинки экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт. |
3 | Ишкер чөйрөнү жана финансы секторун өнүктүрүү | Экономика секторлорунда жеке инвестицияларды өстүрүүгө дем берүү жана жагымдуу рыноктук мүмкүнчүлүктөрдү түзүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу милдети болуп саналат. |
4 | Бюджеттик чөйрөнү өнүктүрүү | Салыктык жана салыктык эмес түшүүлөрдү натыйжалуу башкаруу жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө түздөн-түз таасир этет. |
5 | Айлана-чөйрөнү коргоо | Атмосфералык абанын абалы, өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарын утилдештирүү боюнча иш-чаралар, айлана-чөйрөнү коргоого чыгымдар климаттын өзгөрүшүнө жооп берүүгө жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чараларды көрүүгө мүмкүндүк берүүчү базалык көрсөткүчтөр болуп саналат. |
6 | Инфраструктураны өнүктүрүү | Инфраструктураны өнүктүрүү боюнча мамлекеттик органдардын алдына коюлган милдеттердин ишке ашырылышына Мониторинг жүргүзүү жүргүзүлүп жаткан иштердин динамикасын жана натыйжаларын баалоого мүмкүндүк берет. |
3. Региондун өнүгүү индексин эсептөө этаптары
8. Региондун өнүгүү индексин эсептөө төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) Биринчи этап. Көрсөткүчтөрдүн тизмесинин таблицасынын 10-графасына (2-тиркеме) ылайык көрсөткүчтөрдүн пландуу (болжолдуу) маанилерине жетүү даражасын эсептөө жүргүзүлөт.
Көрсөткүчтөрдүн пландуу (болжолдуу) маанилерине жетүү даражасын эсептөө үчүн отчеттук мезгил үчүн көрсөткүчтүн иш жүзүндөгү маанисинин отчеттук мезгил үчүн көрсөткүчтүн пландуу (болжолдуу) маанисине карата катышын эсептөөнү төмөнкү формула боюнча жүргүзүү зарыл:
мында:
- j-региондун отчеттук мазгилдеги иш жүзүүдөгү көрсөткүч;
- j-региондун отчеттук мезгилиндеги пландаштырылган көрсөткүч.
2) Экинчи этап. Көрсөткүчтүн ар бир алынган мааниси үчүн баллды эсептөө керек. Бардык көрсөткүчтөр 2 топко бөлүнөт:
- "А" тобунун көрсөткүчтөрү, алардын маанисинин жогорулашы оң натыйжаны чагылдырат. Бул топ үчүн балл төмөнкү формула менен эсептелинет:
- "Б" тобунун көрсөткүчтөрү, алардын төмөндөшү оң натыйжаны чагылдырат. Балл балл төмөнкү формула боюнча эсептелет:
,
мында:
– j-региондун көрсөткүчтүн мааниси;
– региондордун арасында көрсөткүчтүн минималдык мааниси;
– региондордун арасында көрсөткүчтүн максималдык мааниси;
.
3) Үчүнчү этап. Ар бир багыт боюнча региондун интегралдык көрсөткүчүнүн эсеби жүргүзүлөт. Интегралдык көрсөткүч баллдык баалоонун арифметикалык орточо көрсөткүч катары эсептелет:
,
мында:
i – багыт;
n – багыттын номери;
- багыттагы көрсөткүчтүн саны.
4) Төртүнчү этап. Ар бир региондун өнүгүү индекси эсептелет (мисалы: 1-сүрөт).
Биринчиден, 6 бурчтуктун аянтын эсептөө керек (баалоонун 6 багыты). Тең жактуу 6 бурчтуктун максималдуу аянты 0,433, анткени 6 бурчтуктун капталынын максималдуу мааниси 1.
мында:
a, b – алты бурчтуктун тараптары же багыттардын маанилери (, алардын ортосундагы бурч.
Экинчиден, регионалдык өнүгүү индексин эсептөө үчүн жалпы аянтты алуу үчүн бардык 6 бурчтуктун аянтын кошуу жүргүзүлөт жана алынган натыйжа алты бурчтуктардын мүмкүн болгон максималдуу аянтына бөлүнөт.
, , i=2,6 (6*0,433)
мында:
k – 6 бурчтуктун саны;
i – бардык алты бурчтуктардын максималдуу суммасы.
j-региондун өнүгүү Индексин эсептөө мисалы:
Региондун багыттары боюнча интегралдык көрсөткүчтөрдү эсептөө этабынан кийин төмөнкүдөй натыйжалар бар: 1) социалдык бакубатчылык - 0,88. 2) экономикалык өсүш жана натыйжалуулук - 0,95. 3) ишкер чөйрөнү жана финансы секторун өнүктүрүү - 0,76. 4) бюджеттик чөйрөнү өнүктүрүү - 0,83. 5) айлана – чөйрөнү коргоо-0,64. 6) инфраструктураны өнүктүрүү – 0,74. Мындан ары, алты буручтардын аянттарын 6 бурч – A, B, C, D, E, F жана алардын суммасын эсептөө керек: = 0,433*0,74*0,88=0,282; = 0,433*0,88*0,95=0,362; = 0,433*0,95*0,76=0,313; = 0,433*0,76*0,83=0,273; = 0,433*0,83*0,64=0,230; = 0,433*0,64*0,74=0,205; = 0,282+0,362+0,313+0,273+0,230+0,205 = 1,635. Андан кийин, региондун Интегралдык көрсөткүчүн эсептөө керек: j-региондуy өнүктүрүү индекси 63 % түздү. |
Бул диаграмманы колдонуу менен ар бир аймактын 6 багытынын абалын өзүнчө көрсөтүүгө жана базалык жана отчеттук мезгилге визуалдык салыштыруу жүргүзүүгө болот.
4. Региондук өнүгүү рейтингин түзүү
9. Ар бир регион боюнча региондук өнүгүү индексинин жүргүзүлгөн эсептөөлөрүнүн натыйжалары региондук өнүгүү рейтингин түзүү үчүн негиз болуп, индекс канчалык жогору болсо, региондун социалдык-экономикалык абалы ошончолук жакшы болот.
10. Региондорду өнүктүрүү индекстерин эсептөөнүн натыйжалары 2-таблицага ылайык бөлүштүрүлөт.
Таблица 2
отчеттук мезгилде облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын өнүгүсүнүн рейтинги
Региондун аталышы (R) | Отчеттук мезгил үчүн интегралдык көрсөткүчтүн мааниси | Рейтингдеги орду, № |
R1 | max | 1 |
R2 | … | ... |
… | min | 9 |