Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ
2023-жылдын 16-февраля № 130/б
Кыргыз Республикасынын аба транспортунун эксплуатантынын тастыктамасын берүү боюнча колдонмону, Кыргыз Республикасынын аба транспортунун эксплуатантынын ишин туруктуу көзөмөлдөө жол-жоболору боюнча колдонмону, Кыргыз Республикасынын аба транспортунун эксплуатантынын тастыктамасын узартуу жол-жоболору боюнча колдонмону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" №530 токтомуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Башчысынын Кыргыз Республиксынын
Министрлер Кабинетинин Терагасынын 2022-жылдын 30-ноябрындагы резолюциясын аткаруу максатында жана Кыргыз Республиксынын Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин ишин изилдөө боюнча Жумучу топтун сунуштарынын негизинде, буйрук кылам:
1.1) Кыргыз Республикасынын аба транспортунун эксплуатантынын тастыктамасын берүү боюнча колдонмо, ушул буйруктун 1-тиркемесине ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын аба транспортунун эксплуатантынын ишин туруктуу көзөмөлдөө жол-жоболору боюнча колдонмо ушул буйруктун 2-тиркемесине ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын аба транспортунун эксплуатантынын тастыктамасын узартуу жол-жоболору боюнча колдонмону, ушул буйруктун 3-тиркемесине ылайык, бекитилсин.
2. Кыргыз Республиксынын Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин Укуктук колдоо жана кадрлар иши боюнча башкармалыгы:
- бул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жана электрондук түрдө күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине, ошондой эле маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн;
- бул буйрукту катталган күндөн тартып үч жумушчу кундун ичинде "Эркин Too" газетасына мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяласын;
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2019-жылдын 11-мартындагы «Кыргыз Республикасынын аба транспортунун эксплуатантарынын ишин дайыма көзөмөлдөө жана сертификациялоо процедуралары боюнча колдонмону бекитүү жөнүндө» №1 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
4. Жарандык авиациянын уюмдары ушул буйруктун 1-пунктундагы колдонмолорду аткарууга алсын.
5. Ушул буйруктун аткарылышынын көзөмөлү директордун орун басары Т.А. Аскаровго жүктөлсүн.
6. Ушул буйрук расмий түрде-^еар^ыяланган күндөн тартын жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | А.К. Абдувапов |