Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2023-жылдын 16-февралындагы № 130/б буйругуна 2-тиркеме |
Аба транспортунун эксплуатантынын ишин туруктуу көзөмөлдөө жол-жоболору боюнча КОЛДОНМО
1-глава. Кыскартуулар
Ушул Колдонмонун максаттары үчүн кыскартуулар колдонулат, алар төмөнкүлөрдү билдирет:
ЖАО | Жарандык авиация органы |
КР АК | Кыргыз Республикасынын Аба кодекси |
КРАЭ | Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери |
САТ-II, САТ-III | Кагылышууларды четтетүүнүн борттук тутуму |
УЭК УЭК | Самолеттун учуу эксплуатациялоосу боюнча колдонмо |
УЖК | Учууларды жүргүзүү боюнча колдонмо |
OPS | Учуу эксплуатациялоосу бөлүмү |
MEL | АКнын минималдуу жабдууларынын тизмеги |
ЭТ | Эксплуатанттын тастыктамасы |
АТС/УВД/ОВД | Аба кыймылын башкаруу |
CDL | Конфигурациядан четтөөлөрдүн тизмеги |
EDTO/ETOPS | Запас аэродромго кетүүнүн көбөйтүлгөн убактысы менен эксплуатациялоо |
GPWS | Жерге жакындоо жөнүндө эскертүү тутуму |
MMEL | MEL мастер |
NOTAM | Учкучтар үчүн билдирүү |
PBN | Мүнөздөмөлөргө негизделген навигация |
PIC/АКК | Аба кемесинин командири |
RVSM | Вертикалдуу эшелондоонун кыскартылган минимумдары |
SMS/УКБТ | Учуулардын коопсуздугун башкаруу тутуму |
АК | Аба кемеси |
1-глава. Жалпы жоболор
1. Аба транспортунун эксплуатантынын ишине жарандык авиация органы (мындан ары - ЖАО) тарабынан туруктуу көзөмөл тастыктамалоо тутумунун ажыралгыс бөлүгү жана коопсуз коммерциялык аба ташууларын камсыз кылуу максатында талап кылынган эксплуатациялык стандарттарды сактоо үчүн ЖАОнун жоопкерчилик элементи болуп саналат. Эксплуатант өзүнүн өндүрүштүк ишинин ар кандай убактысында тастыктамалык талаптарга ылайык келүүгө тийиш. Туруктуу көзөмөлдү ЖАОнун инспекторлору төмөнкүлөрдүн жоболоруна ылайык жүргүзөт:
- ЖАОнун көзөмөлүнүн тобокелдиктерге негизделген жылдык планынын, ал жарандык авиация органынын бөлүмдөрү тарабынан түзүлөт жана үстүдөгү жылдын декабрында бекитилет;
- эксплуатанттардын учуулардын коопсуздугу боюнча ар айдагы отчетторунун (1-тиркеме);
- авиациялык техниканын бузулуулары боюнча эксплуатанттардын баяндамаларынын ("Алар боюнча ЖАОго кабар бериле турган АТнын иштебей калуулары, бузуктары же кемчиликтери менен байланышкан факторлордун тизмеги");
- чет өлкөлүк аэропорттордо колдонулуп жаткан АКларды жүргүpзүлгөн рампалык инспекциялар жөнүндө эксплуатанттардын милдеттүү баяндамаларынын жана алардын натыйжаларынын;
- авиакомпания туруктуу жайгашкан жер боюнча, ошондой эле ижаранын ар кандай түрлөрүнүн негизинде эксплуатацияланып жаткан айрым аба кемелеринин жайгашкан жерлеринде пландуу, кийинки (инспектордук милдеттендирүүлөрдү четтеткенден кийин), маршруттук жана рампалык текшерүүлөрдүн учурунда авиакомпаниянын ишин текшерүү жана туруктуу көзөмөлдөө боюнча инспектордун жекече план-графигинин (2-тиркеме).
2. Мындай көзөмөлдүн натыйжалары эксплуатанттын эксплуатациялык спецификацияларын кайра кароого, ЭСны убактылуу токтотууга же аны кайра чакыртып алууга алып келиши мүмкүн.
3. Тастыктамалоо жол-жобосун же туруктуу көзөмөлдү жүргүзүү жөнүндө ар түрдүү бөлүмдөрдүн инспектордук курамынын маалымдар болушу максатында учууну эксплуатациялоо бөлүмүнүн (УЭБ) жетекчиси ар айдагы негизде жогоруда көрсөтүлгөн жол-жоболорго тартылган инспекторлорду тартуу менен кеңешмелерди өткөрөт, аларда тастыктамалоонун, көзөмөлдүн, учурдагы стандарттарга табылган шайкеш эместиктерди жоюунун маалыматтары жана файлдык тутумду/конкреттүү эксплуатанты бар маалымат базасын жаңылоо максатында кат алышуу талкууланат.
4. ЖАОнун учуулардын коопсуздугун камсыз кылууга көзөмөлдү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу бардык инспекторлору аларды ЖАО дайындаган инспекторлор катары аныктаган ыйгарым укуктарга ээ. Инспектордун ыйгарым укуктары колдонуудагы аба мыйзамдары менен аныкталат, ага ылайык ал эксплуатанттын ишин текшерүүгө укуктуу. Мындан тышкары, инспектордун кызмат ордун жана ыйгарым укуктарын аныктаган анын документинин колдонулушунун мөөнөтү аяктаган датасы жана инспектордун учурдагы фотосүрөтү болот.
5. ЖАОнун эксплуатанттардын ишине көзөмөлдү жүзөгө ашырып жаткан инспекторлору авиакомпаниялардын офисинде учуу документтерин, кызматтык жайларды, күбөлүктөрдү жана эксплуатанттын башка документтерин текшерүүнү жүргүзүүнүн объективдүүлүгү үчүн, ошондой эле аба кемелеринде рампалык жана маршруттук инспекцияларды жүргүзүү учурунда жеке жоопкерчилик тартат.
6. Инспекторду эксплуатанттын ишинин ар кандай аспекттерин көзөмөлдөө үчүн жооптуу кылып дайындаган учурда анын квалификациясы, өз алдынча иштөөгө тиешелүү жеткиликтүүлүктүн болушу жана өндүрүштүк иштин төмөнкүдөй спецификацияларын билиши эске алынат:
а) жүргүнчүлөрдү ташуулар;
б) жүк ташуулар;
в) аралаш ташуулар;
г) авиациялык иштер;
д) АКны техникалык эксплуатациялоо;
е) машыктыруучу учуулар;
ж) коркунучтуу жүктөрдү ташууларга жеткиликтүүлүк;
з) САТ-II, САТ-III жана башкалар боюнча конууларды аткарууга жеткиликтүүлүк.
7. Эксплуатант аба кемелерин эксплуатациялоонун ар кандай учурунда өзүнчө алынган ар бир аба кемесинин учууга жарактуулугун сактоого жана бүтүндөй алганда коопсуз аба ташууларын аткарууга өзүнүн кудуреттүүлүгүн ырастоого тийиш. Эксплуатанттын мүмкүнчүлүктөрүнүн жана компетенттүүлүгүнүн деңгээли алгачкы тастыктамалоонун учурунда андан талап кылынгандарга ылайык келүүгө же андан ашууга тийиш.
8. Авиакомпаниялардын кураторлору дайындаган ЖАОнун инспекторлору учуулардын коопсуздугу боюнча ар айдагы отчеттордо авиакомпаниялар берген маалыматтарды салыштырууну квартал сайын аткарат.
9. Көзөмөлдү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу бардык инспекторлор жүргүзүлгөн текшерүү жөнүндө отчетту тариздөөгө тийиш.
10. Эксплуатанттардын ишине толук баалуу жана толук масштабдуу көзөмөлдү жүзөгө ашыруу максатында ЖАО Көзөмөлдөө программасын иштеп чыгат, анда көзөмөлдөө боюнча негизги иш-чаралар көрсөтүлөт (2-тиркеме).
11. Көзөмөлдөө боюнча бардык иш-чараларда камтылган тармактар алгачкы тастыктамалоо процессинин учурундагы эле тармактар болууга тийиш жана, бери болгондо, эксплуатантты уюштурууну кайталап баалоону, административдик-уюштуруу ишинин жана башкаруунун, аба кемелеринин каражаттарын, жабдууларынын, техникалык тейлөөнүн натыйжалуулугун, учууларга жетекчилик кылууну жана аларды көзөмөлдөөнү, учуучу экипаждардын квалификациясын тиешелүү деңгээлде сактоо боюнча чараларды, иштөө жана эс алуу убактысын ченемдөөнү текшерүүнү, дайындалган инспекторлорду жана экзаменаторлорду текшерүүнү, жердеги тейлөө уюмдары жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуунун коопсуздук эрежелерин, коопсуздук чараларын уюштуруусун текшерүүнү, эксплуатациялоо боюнча документтерди жана өздүк иштерди, авиакомпаниянын персоналын, жетекчилигин даярдоону, финансылык кудуреттүүлүктү жана эксплуатанттын тастыктамасынын эксплуатациялоо жоболоруна, тиешелүү эксплуатациялоо талаптарына жана тиешелүү эксплуатациялык нормативдерге жана эрежелерге шайкештигин ырастаган эске алынуучу факторлорду кайчы текшерүүнү камтыйт. Көзөмөлдү жүзөгө ашыруу учурунда ЖАОнун инспекторлору бардык маанилүү тармактар камтылганына ынануу жана, эгерде инспекторлордун сунуштамаларынын иш жүзүндөгү негиздемелерине тиешелүү маселелер келип чыкса, документтерди алуу үчүн базалык каражаттарды, кызматтарды, аэродромдорду (же вертодромдорду), перрондорду жана маршруттарды текшерүүнү жүргүзөт.
2-глава. Көзөмөлдөө жана инспекциялоо программасы
12. Тастыктамалоо процессинде ЖАОнун инспекторлору колдонуудагы эрежелердин, эксплуатанттын тастыктамасынын жоболорунун жана эксплуатанттын ар кандай колдонмолорунун (башкача айтканда, Учууларды жүргүзүү, техникалык тейлөө, персоналды даярдоо ж.б. боюнча колдонмолор) сакталышын камсыз кылуу үчүн эксплуатант пайдаланууга ниеттенген методдорду же тутумдарды аныктайт.
13. Жаңы эксплуатанттын иштөөсүнүн же АКны эксплуатациялоонун алгачкы айларында ЖАОнун инспекторлору ар кандай жөнгө салынбаган жол-жоболорго, жетишсиз каражаттар же жабдуулар жөнүндө тастыктоолорго же эксплуатациялык контролдоо натыйжалуу болбой калышы мүмкүн экендиги жөнүндө көрсөтүүлөргө өзгөчө көңүл бурууга тийиш. Бул эксплуатанттын финансылык абалынын кыйла начарлагандыгы жөнүндө тастыктай алат. Эксплуатанттын финансылык абалынан табылышы мүмкүн болгон тенденциялардын мисалдары болуп төмөнкүлөр саналат:
а) кадрларды көп бошотуулар же алардын кетип калуулары;
б) эмгек акыны төлөөнү создуктуруулар;
в) инциденттердин/кырсыктардын жыштыгынын көбөйүшү;
г) окутуу стандарттарынын төмөндөшү;
д) кредиттик контракттарды бузуу;
е) аба кемелерин канааттандырарлыксыз техникалык тейлөө, бул жөнүндө техникалык тейлөө боюнча инспектордун тыянактары, учууга жараксыз аба кемелеринин санынын көбөйүшү, МЕL/CDLди пайдалануу, техникалык тейлөө менен байланышкан создуктуруулар жана башкалар тастыктап турат;
ж) запастык бөлүктөрдү берүүнүн жетишсиздиги;
з) коммерциялык учуулардын кыскарышы же жыштыгынын азайышы; ошондой эле
и) аба кемелерин жана жабдуулардын башка негизги буюмдарын сатуу же кайра кайтаруу.
14. Аба кемелеринин ижарасы жөнүндө келишимдер жана аба кемелерин техникалык жана жалпы тейлөө же персоналды даярдоо ж.б. жагынан жүргүзүлүп жаткан эксплуатанттын келишимдик иш-чаралары кылдат изилденүүдө, мында бул иш-чаралар учуулардын коопсуздугуна жана эрежелерди сактоого карата талаптарды канааттандыруу жагынан оң натыйжаларды алып келип жаткандыгы же жоктугу аныкталууда.
15. Көзөмөлдү жүзөгө ашырууда кадрларды даярдоо программасы ошондой эле программаны алгачкы бекитүү учурунда көрсөтүлгөн персоналды даярдоонун деңгээлин сактоону камсыз кылуу үчүн кылдат изилдөөнүн предмети болуп саналат. Каралган даярдык ойдогудай максаттарга жетпегендигинин же жыйынтыгында ар түрдүү зачетторду же экзамендерди тапшыруу мезгилинде көп сандаган начар бааларга алып келгендигинин белгилери пайда болгон учурда ЖАОнун инспектору эксплуатант угуучулардын даярдыгынын тиешелүү деңгээлин камсыз кылуу үчүн даярдоонун бекитилген программасын кайра кароо үчүн зарыл чараларды көрүп жаткандыгына ынанат.
16. Эксплуатанттын ишин көзөмөлдөө жана инспекциялоо программасынын максаты төмөнкүлөр болууга тийиш:
1) ойдогудай эксплуатациялык практикага, Эксплуатанттын тастыктамасынын жоболоруна, учууларды жүргүзүү, техникалык тейлөө боюнча колдонмого жана белгиленген эксплуатациялык ченемдерге жана учуулардын коопсуздугунун ар айдагы отчеттору боюнча ЖАОнун инспекторлору аныктай турган эрежелерге (1-тиркеме) жана учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча отчеттук маалыматтарды инспекторлор салыштыруусуна жана учуулардын коопсуздугу боюнча документтердин тутумуна ылайык эксплуатант учууларды жүзөгө ашырганын, жүзөгө ашырып жатканын жана, кыязы, жүзөгө ашыра тургандыгын белгилөө;
2) Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин талаптарына ылайык эксплуатант төмөнкүдөй документтерди тиешелүү сактоону камсыз кылып жатканын белгилөө:
а) Учуулардын журналы/Учууга тапшырма - 6 ай;
б) Учуулардын эксплуатациялык планы - 3 ай;
в) Борттук техникалык журнал - журналда жүргүзүлгөн акыркы жазуудан кийин эки жылдын ичинде:
г) NOTAM/AIS жана брифингдердин маалыматтары - 3 ай;
д) Самолеттун салмагы жана борбордоштуруу жөнүндө маалыматтар - 3 ай;
е) Атайын, анын ичинде коркунучтуу жүктөр жөнүндө маалыматтар - 3 ай;
ё) Учуу процессиндеги байкоо жүргүзүүлөр же, командирдин пикири боюнча, катталууга тийиш болгон ар кандай окуя - 3 ай;
ж) Учуу убактысынан ашып кетүү жөнүндө же экипаждын эс алуу убактысын кыскартуу жөнүндө баяндамалар - 3 ай;
з) Учуучу экипаждын мүчөлөрүнүн күбөлүктөрү - адис бул ишканада иштеген бүткүл мөөнөттүн ичинде;
и) Экипаждардын мүчөлөрүнүн эс алуусун, жумуш жана учуу убактысын эсепке алуунун жана пландаштыруунун план-графиги - 15 ай;
к) II жана III ИКАО категориялары боюнча квалификация жана машыгуулар жөнүндө маалыматтар - адис бул ишканада иштеген бүткүл мөөнөттүн ичинде;
л) Коркунучтуу жүктөрдү ташууга даярдык жөнүндө маалыматтар -адис бул ишканада иштеген бүткүл мөөнөттүн ичинде;
м) Алгачкы даярдоо жана текшерүү жөнүндө маалыматтар - адис бул ишканада иштеген бүткүл мөөнөттүн ичинде;
н) Мезгилдүү жана ташып чыгуучу (тыныгуудан кийин калыбына келтирүүчү) учуулар жана текшерүүлөр жөнүндө маалыматтар -Эксплуатантта ар бир адистин иштөөсү аяктагандан кийин 12 айдын ичинде;
о) ЖАО жактырган даярдоо программасына ылайык персоналды даярдоо/квалификациясы жөнүндө маалыматтар жана квалификациясын текшерүүлөр жөнүндө маалыматтар - адис бул ишканада иштеген бүткүл мөөнөттүн ичинде;
п) Космостук жана күн радиациясынын алынган дозалары жөнүндө маалыматтар - бул Эксплуатантта адистин иштөөсү аяктагандан кийин 12 айдын ичинде;
р) Техникалык тейлөө жана оңдоо (ТТ жана О) боюнча эсепке алуу маалыматтары - АК эксплуатациялоодон алып салынганга чейин;
с) Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкасы каралбаса, эксплуатант АКнын формулярлары, анын марштык кыймылдаткычтары, ВСУ эксплуатациялоодон чыгарылып салганга чейин аларды сактоону камсыз кылууга тийиш.
3) Суммалык кошумча иштетүү (учуулар, кызмат кылуунун мөөнөтү) жөнүндө жазууларды жарым өлчөмдүү документтерге киргизүүнү эксплуатант төмөнкүлөргө киргизүүдөн кем эмес жүзөгө ашырат:
а) Аба кемесинин жана анын марштык кыймылдаткычынын формулярларына - ар кандай түрдөгү техникалык тейлөөнү ар бир жолу аткарганда;
б) Формулярларга, Паспортторго жана Компоненттердин этикеткаларына - ТТ же оңдоо үчүн аларды аба кемесинин бортунан алып салганда.
4) Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкасы каралбаса, эксплуатант көрсөтүлгөн мезгилдердин ичинде төмөнкүдөй эсепке алуу маалыматтарын белгиленген форма боюнча тариздөө жана сактоо тутумун түзүүнү жана туруктуу иштешин камсыз кылууга тийиш;
5) Аба кемесин жана анда орнотулган ар кандай компоненттерди ТТ жана О жөнүндө кең-кесири эсепке алуу жазууларын - ТТ жана О аткарылгандан кийин.
Эксплуатант аба кемесин бир Эксплуатанттан башкасына өткөрүп берүү учурунда ошондой эле жогоруда келтирилген эсепке алуу маалыматтары берилет жана жаңы Эксплуатантта аларды сактоо мөөнөттөрүн сактоо камсыз кылынат деп кепилдик берүүгө тийиш.
6) Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине ылайык документтерди сактоого төмөнкүдөй талаптар бар:
а) БП боюнча отчеттор (1-тиркеме) тутанып кетүүдөн, суу каптоодон жана урдоолор корголгон коопсуз жерде сакталууга тийиш;
б) компьютердик резервдик дискалар, ленталар жана башкалар жумушчу дискалардан жана ленталардан өзүнчө жана узакка сактоого кепилдик берүүчү шарттарда сакталууга тийиш;
в) Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине талаптарына ылайык тастыктамаланган уюм аба кемелерин техникалык тейлөө боюнча ишти аяктаган учурда техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча сакталып турган бардык документтер тиешелүү аба кемесинин же аба кемесинин түйүнүнүн кийинки кардарына (эксплуатантына/ээсине) өткөрүп берилүүгө тийиш. Эгерде кардарды (эксплуатантты/ээсин) табуу мүмкүн болбосо, анда документтер КРАЭнин талаптарына ылайык сакталууга тийиш.
7) жарандык авиациянын колдонуудагы эксплуатациялык ченемдериндеги жана эрежелериндеги, ошондой эле Эксплуатанттын тастыктамасына карата түзөтүүлөрдөгү же эксплуатациялык талаптардагы бардык өзгөртүүлөр же эксплуатациялоо эрежелерин өркүндөтүү боюнча өзгөртүүлөр практикала колдонулушун жана, зарылчылык болгон учурда, Учууларды жүргүзүү боюнча колдонмодо же техникалык тейлөө боюнча колдонмодо чагылдырылышын камсыз кылуу;
8) Эксплуатанттын компетенттүүлүгүнүн деңгээли, анын учурдагы эксплуатациялык практикасы жана жоболор менен эрежелерди сактоону ырастаган эсепке алынуучу факторлор жөнүндө жарандык авиация органына дайыма маалымдоо;
9) эрежелерге же жүргүзүлүп жаткан саясатка өзгөртүүлөрдү сунуштоо мүмкүнчүлүгүн, эгерде инспекциялык текшерүүлөр мындай аракеттер эксплуатациялык коопсуздуктун деңгээли жогорулашына алып келе тургандыгын көрсөтүп турса, жарандык авиация органына берүү; жана
10) эксплуатанттын тастыктамасын узартуу, анын колдонулушун убактылуу токтотуу, кошумча эксплуатациялык чектөөлөрдү киргизүү же дээрлик эксплуатанттын тастыктамасын кайра чакыртыл алууга чейин аткарууну камсыз кылуу, токтото туруу, кайра чакыртып алуу жана тындыруу жол-жобосуна ылайык киргизүү керектигин же жоктугун белгилөө.
3-глава. Көзөмөлдөө программаларын пландаштыруу жана аткаруу
17. Көзөмөлдөө программасы натыйжалуу болушу үчүн аны кылдат пландаштыруу жана аткаруу зарыл. Көзөмөлдөө программасын пландаштыруу жана аткаруу үчүн төмөнкүдөй төрт этап колдонулат:
Биринчи этап:
Бул этапта көзөмөлдөө программасын иштеп чыгуу жол-жобосу жүргүзүлөт, ал зарыл текшерүүлөрдүн типтерин жана бул текшерүүлөрдүн жыштыгын аныктоо аркылуу тобокелдиктерге негизделген.
Тобокелдиктерге негизделген көзөмөлдөө программасын иштеп чыгуу. Ар жылдагы көзөмөлдөө программасын иштеп чыгуу үчүн жоопкерчиликти учууларды эксплуатациялоо бөлүмүнүн (УЭБ) жетекчиси көтөрөт.
Көзөмөлдөө программасы демейки жана үзгүлтүксүз көзөмөлдөөнү жүргүзүү зарылчылыгын көрсөтүүгө тийиш жана мурдагы көзөмөлдөө ишинин натыйжаларына же акциялык окуялар, инциденттер, КРАЭнин талаптарын кайталап бузуу сыяктуу тобокелдиктин айрым көрсөткүчтөрүнө жана финансылык көйгөйлөрдүн болушу жөнүндө далилдерге негизделген жаңы атайын көзөмөлдөөчү бекитилген талаптарды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн кароого тийиш.
Көзөмөлдөө программасын пландаштырууда УЭБдин жетекчиси программанын максаттарын аныктоого, колдо болгон ресурстарды баалоого жана ушул программага ылайык жүргүзүлө турган текшерүүлөрдүн конкреттүү типтерин жана санын аныктоого тийиш.
Текшерүүлөрдүн саны жарандык авиация органы ага көзөмөл кыла турган эксплуатанттын учурдагы абалын эске алуу менен белгиленет: аба кемелеринин саны жана аба кемелеринин типтеринин ар түрдүүлүгү, экипаждардын мүчөлөрүнүн саны, учууларын маршруттары, транзиттик аэродромдордун саны жана географиялык турган жери, жүргүзүлүп жаткан даярдоонун көлөмү жана жогоруда көрсөтүлгөндөй, тобокелдиктердин баасы.
Көзөмөлдөө программасын иштеп чыгууда ошондой эле эксплуатанттар КРАЭни сакташынын жана жарандык авиация органынын инспектораты менен кызматташтыктын тарыхы эске алынат.
Ошентип, эксплуатациялоонун аспекттерине же алда канча көп тобокелдиги бар эксплуатантка алда канча кунт көңүл бурулат.
Экинчи этап:
Бул этапта текшерүүлөрдү жүргүзүү аркылуу көзөмөлдөө программасын аткаруу жүргүзүлөт.
Инспекциялык текшерүүлөрдү жүргүзүү учурунда жүргүзүлгөн инспекциялар жөнүндө так жана сапаттуу отчеттор маанилүү. Инспекциялар жөнүндө отчеттордун сапаты жана аларды стандартташтыруу текшерүүлөрдүн контролдук карталарын жана ушул колдонмодо камтылган отчеттордун формаларын пайдаланууну талап кылат. Контролдук карталар жана формалар - булар колдонууга мүмкүн болгон жападан жалгыз варианттар эмес жана алар ошондой эле жүргүзүлүп жаткан конкреттүү текшерүүгө адаптацияланышы мүмкүн.
Үчүнчү этап:
Бул этапта инспекциялар жөнүндө отчеттордон жана башка булактардагы тиешелүү маалыматтан чогултулган көзөмөлдөө маалыматтарын талдоо жүргүзүлөт.
Конкреттүү эксплуатант үчүн учуулардын коопсуздугун камсыз кылууну көзөмөлдөө программасын аткаруунун жүрүшүндө шайкеш эместиктер табылган учурда эксплуатант абалды оңдоо боюнча "Табылган шайкеш эместиктер боюнча оңдоп-түзөөчү иш-чаралардын планын" (4-тиркеме) жана шайкеш эместиктерди жоюуга багытталган ыкчам чараларды жана оңдоп-түзөөчү иш-аракеттердин натыйжалуулугун аныктоого багытталган кийинки тиешелүү аракеттерди иштеп чыгат, ал Жарандык авиация органы менен макулдашылат.
Шайкеш эместиктерди жоюу жөнүндө эксплуатанттын баяндамасынан кийин жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжалуулугун аныктоо үчүн кийинки текшерүү жүргүзүлөт. Инспектордук жазма буйруктун шайкеш эместиктерин жоюу жөнүндө чечим шайкеш эместиктерди жоюу жөнүндө отчетту (5-тиркеме) толтуруу менен гана кабыл алынат.
Кошумча текшерүүлөр пландаштырылууга жана конкреттүү тармактардагы көйгөйлөр текшерилип жаткан ар бир жолу жүргүзүлүүгө тийиш. Инспекциянын натыйжаларын баалоо көзөмөлдөөнүн ар кандай программасынын негизги этабы болуп саналат. Байкоолордун маалыматтарын баалоонун негизги максаты ачык-айкын тенденция менен байланышпаган тенденцияларды, ошондой эле кемчиликтерди табууда турат. Инспекциянын натыйжаларын баалоо ошондой эле көзөмөлдөөнүн жана инспекциялык иштин кийинки максаттарын аныктоонун жана ишке ашыруунун көз карашынан маанилүү.
Мындан тышкары, инциденттер, окуялар, ыктыярдуу жана милдеттүү жеткирүүлөр жана башка булактар жөнүндө башка тиешелүү маалымат эксплуатанттын коопсуздугуна жана белгиленген талаптарга шайкештигине тиешеси болушу мүмкүн болгон тенденциялар жөнүндө баалуу маалыматты бере алат. Көзөмөлдөө программасын аткаруунун жүрүшүндө чогултулган ар бир эксплуатантка жыйынды маалымат актуалдуу абалда сакталууга тийиш. Учууга жарактуулук жана персоналды лицензиялоо боюнча бөлүмдөр сыяктуу башка бөлүмдөр менен макулдашуу боюнча учууларды эксплуатациялоо боюнча инспектор көзөмөлдөөнүн маалыматтарын ар айдагы негизде баалайт жана, зарылчылык болгон учурда, көзөмөлдөө программасын оңдоп-түзөйт.
Төртүнчү этап:
Бул этапта коопсуздук көйгөйлөрүн чечүү жол-жобосу жүргүзүлөт: инспектордук жазма буйрук, оңдоп-түзөө пландары, кийинки текшерүүлөр ж.б.
Жарандык авиация органына карабастан эксплуатант өз алдынча жасай турган оңдоп-түзөөчү иш-аракеттер эске алынууга тийиш. Учуулардын коопсуздугу жагындагы кемчиликтерди жоюу процессин, анын ичинде аларды эксплуатант аткарышынын мөөнөттөрүн аныктоо жана документке түшүрүү зарыл.
4-глава. Учуулардын коопсуздугун камсыз кылууну көзөмөлдөө программасы
18. Эксплуатанттардын ишине жана чет өлкөлүк аба кемелерине толук баалуу жана толук масштабдуу көзөмөлдү жүзөгө ашыруу максатында ЖАО эксплуатанттын жана чет өлкөлүк аба кемелеринин ишине көзөмөлдү жүзөгө ашыруу үчүн жооп берүүчү инспекторлорду дайындайт.
19. Кыргыз Республикасынын эксплуатанттарын көзөмөлдөө программасы төмөнкүлөрдү камтыйт:
1. Аба кемелерин рампалык текшерүүлөрдү жүргүзүү;
2. Маршруттук текшерүүлөрдү жүргүзүү;
3. Эксплуатанттын ар кандай кызматтарын текшерүүлөрдү жүргүзүү;
4. Келечекте жол бербөө жагынан табылган шайкеш эместиктерди жоюу боюнча КР эксплуатанттарынын ар айдагы отчеттору боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүү.
20. Көзөмөлдөө программасын түзүү жана бекитүү процесси төмөнкүдөй түрдө:
УЭБдин жетекчиси Кыргыз Республикасынын ар бир эксплуатантынын ишине көзөмөлдү жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу инспекторлорду жыл сайын дайындайт.
Кыргыз Республикасынын эксплуатанттарын тастыктамалоону жүргүзгөндөн жана эксплуатанттын тастыктамасын бергенден кийин УЭБдин жетекчиси графикти (2-тиркеме) түзөт, ал эксплуатанттын тастыктамасы колдонулган бүткүл мезгилдин ичинде АТнын эксплуатантына туруктуу көзөмөлдү жүзөгө ашырат. Бул график эксплуатанттын тастыктамасы берилгенден эки айдан кийин жана эксплуатанттын тастыктамасынын колдонулушунун мөөнөтү аяктаганга чейин эки ай мурда көзөмөлдү жүргүзүүнү карайт. Текшерүүлөрдү жүргүзүү графиги төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырууга даярдалат:
- рампалык текшерүүлөрдү;
- маршруттук текшерүүлөрдү;
- эксплуатанттын кызматтарын жана бөлүмдөрүн текшерүүлөрдү.
21. Графикти иштеп чыгууда Кыргыз Республикасынын Жарандык аба кемелеринин реестрине киргизилген эксплуатанттын аба кемелеринин саны эске алынышы мүмкүн.
22. УЭБдин жетекчиси эксплуатанттарды текшерүүлөрдү жүргүзүү графигин даярдайт, аны УЭБдин жетекчилиги бекитет.
Бул график текшерүүлөрдүн төмөнкүдөй жактарын жана жүргүзүү мөөнөттөрүн камтыйт:
1) пландуу тастыктамалоону;
2) эскертүүлөрдү жоюуну кийинки текшерүүнү;
3) рампалык текшерүүлөрдү;
4) маршруттук текшерүүлөрдү;
5) төмөнкүдөй документтерди жүргүзүүнү текшерүүнү:
- эксплуатанттын укуктук статусун аныктаган;
- эксплуатанттын жоопкерчилигин камсыздандыруу боюнча;
- эксплуатанттын финансы-экономикалык абалы;
- эксплуатанттын авиациялык персоналын даярдоо боюнча;
- экипаждын учкучтар жана кабиналык мүчөлөрү менен техникалык окутууну уюштуруу жана өткөрүү боюнча;
- машыктыруучу даярдыкты уюштуруу жана өткөрүү боюнча;
- медициналык күбөлөндүрүүдөн өз учурунда өтүү боюнча;
- аэронавигациялык маалымат кызматы жарыялоочу маалыматтарды пайдалануу боюнча;
- авиациялык метеорология боюнча;
- учууларды аэродромдук жана жердеги камсыз кылуу боюнча;
- учууга жарактуулук боюнча;
- УКБС боюнча;
- УЧУУ ишин уюштуруу боюнча;
- эмгекти коргоо боюнча;
- учууларды уюштурууну жана аткарууну жөнгө салган;
- учуу-методикалык иштер;
- УЧУУ маалыматтарынын каражаттарын пайдалануу боюнча;
- эксплуатанттын сапат тутуму;
- учуулардын коопсуздугу боюнча документтердин тутумуна кирген;
- эксплуатант аба транспортунда жүргүнчүлөрдү, багажды, жүктү жана почтаны ташууларды жүзөгө ашыруусу боюнча;
6) учуу иштерин уюштурууну текшерүү (учуу кызматынын инспекциясы жана СОК);
7) эксплуатанттын тастыктамасында жана эксплуатациялык спецификацияларда көрсөтүлгөн шарттарды жана уруксаттарды эксплуатант аткарышынын мүмкүнчүлүктөрүн текшерүү;
8) коркунучтуу жүктөрдү аба боюнча ташууга уруксаттын болушун текшерүү;
9) авиациялык коопсуздук боюнча талаптарды аткарууну текшерүү;
10) эксплуатанттын аба кемесин техникалык тейлөөнү текшерүү;
23. Эксплуатанттардын ишин көзөмөлдөө графигин аткарууда ЖАОнун инспекторлору ЖАО бекиткен Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин эксплуатанттарынын ишин тастыктамалоо жана көзөмөлдөө жол-жоболору боюнча нускамада келтирилген контролдук карталарды пайдаланат.
24. Кыргыз Республикасынын эксплуатанттарын текшерүүлөрдүн графиктери эксплуатанттын тастыктамасы берилгенден кийин бир айдын ичинде бекитилүүгө тийиш. Жогоруда көрсөтүлгөн графиктерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болгон учурларда ЖАОнун жетекчилиги аларды эксплуатанттын тастыктамасы колдонулуп жаткан бүткүл мезгилдин ичинде жаңыланган версияда кайра бекитет.
25. Кыргыз Республикасынын эксплуатанттарын текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн бекитилген графиктеринин негизинде көзөмөлдү жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу ЖАОнун бөлүмүндөгү же секторундагы ар бир инспектор көзөмөлдөө графигине жана көзөмөлдү жүргүзүү убактысына көз салат. Текшерүүнү жүргүзүү мүмкүн болбогон учурда инспектор УЭБдин жетекчисине текшерүүнү жүргүзүү убактысын которуу жөнүндө эскертет.
26. Эксплуатанттын ишин көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу боюнча жооптуу инспектор текшерүү графигин эксплуатантка жөнөтөт. Эксплуатантка көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу ЖАОнун инспектору текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө эксплуатанттын тиешелүү кызматына текшерүүгө чейин бир жума мурда жазуу жүзүндө же оозеки эскертет жана текшерүүнүн убактысын макулдашат.
27. Текшерүүнүн натыйжалары текшерүүгө катышкан инспектор тарабынан чек лист менен таризделет, алар бекитүү жана тиешелүү чараларды көрүү үчүн УЭБдин жетекчисине берилет. Табылган эскертүүлөр инспектордук жазма буйрук түрүндө таризделет, ал эми аларды аткаруу оңдоп-түзөөчү аракеттердин жактырылган планына ылайык контролдонот. Эгерде эксплуатант кемчиликтерди жоюу үчүн талап кылынган чараларды көрбөсө жана кайрадан табылган бирдей шайкеш эместиктерди жоюу боюнча чаралар көрүлбөсө, инспектор УЭБдин жетекчисине маалымдоого тийиш, ал УЭБдин жетекчилигине маалымдайт жана, зарылчылык болгон учурда, аракеттерди чектөө, ЭСны убактылуу же туруктуу кайра чакыртып алуу жана аны менен байланышкан эксплуатациялык спецификациялар жөнүндө сунуштамаларды берет.
28. Көзөмөлдөө графигинин алкагындагы текшерүүнүн бардык документтери УЭБде тастыктамалоо документтеринен өзүнчө файлда сакталат.
29. Чет өлкөлүк эксплуатанттарды көзөмөлдөө программасы рампалык текшерүүлөрдүн графигин камтыйт.
30. Чет өлкөлүк аба кемелерин рампалык текшерүүлөр чет өлкөлүк эксплуатанттар эл аралык стандарттарды, эксплуатанттын тастыктамасында жана эксплуатациялык спецификацияларда көрсөтүлгөн шарттарды жана чектөөлөрдү туруктуу негизде сактай тургандыгына ынануу үчүн жүргүзүлөт.
31. Чет өлкөлүк аба кемелерин текшерүүлөрдү жүргүзүү графигин УЭБдин жетекчиси бир жылга иштеп чыгат жана чет өлкөлүк эксплуатанттардын учууларынын бекитилген ырааттамасын эске алуу менен ЖАОнун жетекчилиги бекитет. Бул план жаз-жай жана күз-кыш мезгилдерине ырааттамадагы өзгөртүүлөргө таянуу менен олуттуу оңдоп-түзөтүлүшү мүмкүн. Бул планды ишке ашыруу үчүн рампалык инспекцияларды жүргүзүүнүн тиешелүү даярдыгынан өткөн инспекторлор дайындалат.
5-глава. Туруктуу көзөмөлдөө процессиндеги аракеттер
32. Эксплуатанттын өндүрүштүк ишинин жана анын аба кемелеринин абалынын ар бир инспекциясынын натыйжалары боюнча ЖАОнун инспекторлору тиешелүү чараларды көрөт. Эксплуатанттын ишин көзөмөлдөө программасын аткаруу процессинде кандайдыр-бир кемчиликтер (мисалы, учуу, кызмат убактысынын жана эс алуу убактысынын чектеринен ашуу) табылган учурда алардын себептери аныкталат, аларды четтетүү боюнча кечиктирилгис чаралар көрүлөт. Кызмат, учуу жана эс алуу убактысынын ченемдеринин талаптарын бузуу ЖАО тергөөгө тийиш болгон окуялар болуп саналат.
Кемчиликтерди жоюу жөнүндө эксплуатанттын баянынан кийин жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжалуулугун аныктоо үчүн кийинки текшерүү жүргүзүлөт. Иштин конкреттүү чөйрөлөрүндө көйгөйлөр кайрадан пайда болгон учурда коопсуз аба ташууларын жүргүзүүгө эксплуатанттын кудурети же анын өндүрүштүк ишине чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө чечим чыгарылат.
33. Аудиттер жана инспекциялар тапкан шайкеш эместиктер үч категорияга бөлүнөт. Эксплуатантка карата көрүлүүчү чаралар шайкеш эместиктин категориясына байланыштуу. Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын эксплуатанттарынын учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу стандарттарына шайкеш эместигинин үч деңгээлдүү тутуму жөнүндө жобо ушул Колдонмонун 3-тиркемесинде. Кошумча түрдө, ЖАОнун инспектору Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактыларын тапкан учурда эксплуатантка карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык айып санкциялары жөнүндө жобону колдонот.
34. Эгерде учуулардын коопсуздугун камсыз кылууну көзөмөлдөө программасы жана инспекциялар жөнүндө тиешелүү отчеттор эксплуатант тастыктамалоонун талап кылынган стандарттарын же ЭСте жана аны менен байланышкан спецификацияларда көрсөтүлгөн шарттарды аткара албагандыгын көрсөтүп турса, ЖАОнун жооптуу инспектору бул жөнүндө эксплуатантка маалымдайт, ал ЖАО үчүн алгылыктуу болгон 15 күндүн ичинде оңдоп-түзөөчү аракеттердин планын иштеп чыгууга тийиш.
35. Эгерде эксплуатант шайкеш эместикти жойбосо, инспектор ЖАОнун жетекчилигине маалымдайт жана, зарыл болгон учурда, ЭСке жана аны менен байланышкан спецификацияларга чектөөлөрдү киргизүүнү, ЭСтин колдонулушун убактылуу токтотууну сунуштайт. ЭС ЖАО бекиткен Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин эксплуатанттарынын ишин тастыктамалоо жана көзөмөлдөө жол-жоболору боюнча нускамага ылайык токтотулуп турат же жоюлат.
36. Эксплуатациялоону көзөмөлдөө жагынан негизги жоопкерчиликти тартуучу инспектор коопсуздук жүйөлөрү Эксплуатанттын тастыктамасын убактылуу же туруктуу негизде кайра чакыртып алуу боюнча тез арадагы аракеттерди көрүүнү талап кылат деп эсептеген учурларда ал бул жөнүндө ЖАОнун директоруна тез арада маалымдайт. Эгерде бардык кырдаалдарды кылдат карап чыккандан, аракеттерди зарыл координациялоону камсыз кылгандан жана ЖАОнун алкагында консультацияларды өткөргөндөн кийин эксплуатанттын тастыктамасынын күчүн токтото туруу же аны кайра чакыртып алуу зарылчылыгы жагынан макулдукка жетишилсе, ЖАО белгиленген чараларды жана аларды көрүүнүн себептерин көрсөтүү менен эксплуатантка кабарды жөнөтөт. Эксплуатанттын тастыктамасынын күчү кандайдыр-бир себептен улам жокко чыгарылган же ал кайра чакыртып алынган учурда эксплуатант эксплуатанттын тастыктамасын тез арада ЖАОнун расмий адамына кайра кайтарууга тийиш.
6-глава. Текшерүүлөрдүн жыштыгы
37. Көзөмөлдөө программасы тобокелдиктерди баалоонун негизинде оңдоп-түзөлөт, жогоруда көрсөтүлгөндөй, текшерүүлөрдүн ар кыл түрлөрүнүн минималдуу саны төмөндө келтирилген. Инспекторлордун ресурстарын, тастыктамалоо жана көзөмөлдөө иш-чараларынын көлөмдөрүн эске алып, кошумча текшерүүлөр жогору тобокелдиктердин аспекттери боюнча аткарылат.
38. Колдонмолорду текшерүү. УЖКнын толук пландуу баяндамасы, даярдоо боюнча колдонмо, MEL, кабиналык экипаждын колдонмосу, учууларды камсыз кылуу кызматынын колдонмосу жана аны менен байланышкан башка колдонмолор арыз ээсин кезектеги тастыктамалоонун алдында аткарылууга тийиш.
39. Негизги базалык аудит эксплуатациялык контролду, учуулардын жазууларын, учуу жана учуу кызмат убактысы жөнүндө маалыматтарды, даярдоо жана квалификациялык текшерүүлөр жөнүндө жазууларды текшерүүнү камтууга тийиш, алар ар бир календардык жылда кеминде бир жолу өткөрүлүүгө тийиш.
40. SMS эксплуатантты баалоо туруктуу негизде жүргүзүлүүгө тийиш. Тастыктамаланган учуу салмагы 27000 килограмммдан ашык болгон самолеттордун эксплуатанты учуулардын маалыматтарын талдоо программасын өзүнүн учуулардын коопсуздугун башкаруу тутумунун курамдык бөлүгү катары кабы алууга жана аткарууга тийиш, аба кемелерин эксплуатациялоонун натыйжасында алынган маалыматтардын талдоосун чечмелөө жана аткаруу 100 пайызга жүзөгө ашырылууга тийиш.
41. Ар бир эксплуатант үчүн ар бир машыгуу курсу календардык жылдын ичинде контролдонот жана/же окуу объектин жана машыгуу түзүлүштөрүн текшерүү менен бириктирилет (эгерде мүмкүн болсо).
42. Учкучтарды маршруттук текшерүү ар бир календардык жылда кеминде эки жолу жүргүзүлөт.
43. Кабиналык экипаждын мүчөлөрүн маршруттук текшерүү ар бир календардык жылда кеминде эки жолу жүргүзүлөт.
44. Учууларды камсыз кылуу боюнча кызматкердин ишин текшерүү ар бир календардык жылда кеминде бир жолу жүргүзүлөт.
45. Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин реестрине киргизилген аба кемелерин перрондук текшерүү, пландан тышкаркы текшерүүлөрдү кошпогондо, рампалык текшерүүлөрдүн планына ылайык жылына кеминде эки жолу жүргүзүлөт, алар зарылчылыкка жараша жүргүзүлөт жана өзүнчө алганда ар бир эксплуатант үчүн тобокелдиктерди баалоого негизделет.
46. Эгерде Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын ченемдик талаптары же болбосо эксплуатанттын тастыктамасынын шарттары жана эксплуатациялык чектөөлөрү сакталбай жатат деп эсептөөгө негиз бар болсо, ЖАО эксплуатантты пландан тышкары текшерүүнү жүзөгө ашырат.
Мындай негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мурдагы текшерүүлөрдүн жана контролдоонун башка формаларынын натыйжасында мурда табылган бузууларды жоюуга контролдук кылуу;
2) адамдын өмүрүнө, ден соолугуна, курчап турган чөйрөгө жана жеке жана (же) юридикалык жактардын, мамлекеттин мыйзамдуу кызыкчылыктарына зыян келтирүү же келтирүү коркунучу жөнүндө жеке жана (же) юридикалык жактардан, мамлекеттик органдардан маалыматтарды жана кайрылууларды алуу;
3) өзүнүн аба кемесин жана экипажды текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө эксплуатанттын демилгелүү кайрылуусу;
4) эгерде текшерилип жаткан чет өлкөлүк эксплуатантка карата пландуу текшерүү белгиленген болсо, аны өзгөртүп түзүү жана аталышын өзгөртүү;
5) алгачкы текшерүүгө макул эместиги жөнүндө текшерилип жаткан эксплуатанттын кайрылуусу менен байланышкан кайталанган текшерүү.
|
| 1-тиркеме |
Учуулардын коопсуздугу жана эксплуатациялык иш боюнча ___________________________ АК эксплуатантынын 20___-жылдын "__" _____________ ОТЧЕТУ
(Отчет отчеттук айдан кийинки айдын 5-числосуна чейин ЖАОго жөнөтүлөт. Отчеттун бардык суроолоруна жооптор болууга тийиш)
1-бөлүм. Учуу жана эксплуатациялоо иши.
1. Учуулардын маршруттары.
2. Эксплуатацияланып жаткан аба кемелери боюнча маалыматтар.
АКнын тиби, каттоо № | Жайгашкан жери | Улуулардын саны | Учуулар, саат | СОКтун натыйжалары боюнча табылган четтөөлөрдүн саны |
|
|
|
|
|
3. Эксплуатанттын учууларынын коопсуздугу боюнча документтердин тутумуна кирген документтердеги колдонуудагы басылма (түзөтүүлөр) жөнүндө маалыматтар. "Басылманын (түзөтүүнүн) номери" жана "Дата" колонкалары кала берсе узак мезгил бою өзгөртүүлөр болбосо да, милдеттүү тартипте ай сайын толтурулат.
Учуулардын коопсуздугу боюнча документациянын тутумундагы документ | Басылманын (түзөтүүнүн) номери | Дата | Кыскача мазмуну | Эксплуатанттын документинде эске алынган |
УЭК (FCOM, QRH) |
|
|
| УЖК, SOP |
MMEL |
|
|
| MEL |
башкалар |
|
|
|
|
Эскертүү: АКны өндүрүүчүнүн БП тутумунун документтерине келип түшкөн түзөтүүлөр жөнүндө маалыматтар: УЭК (FCOM, QRH), Жабдуулардын типтүү минималдуу тизмеги (MMEL) жана башкалар берилет. Зарылчылык болгон учурда, авиакомпаниянын БП тутумунун документтерине: УЖКга, Минималдуу жабдуулардын тизмегине (MEL), Экипаждын мүчөлөрүнүн өз ара аракеттенүү боюнча нускамасына (SOP) жана башкаларга өзгөртүүлөр жана толуктоолор өз учурунда киргизилет, мында авиакомпаниянын БП тутумунун тиешелүү документине түзөтүү жөнүндө маалыматтар берилет.
4. Авиациялык адистер боюнча маалыматтар.
4.1. КР АЭдеги ченемдөө боюнча жоболордон четтөөлөр жана учуулар боюнча маалыматтар
Адис/саны | Учуулар орточо, саат | Табылган четтөөлөрдүн саны(*) |
АКК |
|
|
2-учкуч |
|
|
Кабиналык экипаж |
|
|
(*) Ар айдагы жана ар кварталдагы баяндама төмөнкүлөрдү камтыйт: кызматтык, учуу убактысынан жана эс алуу убактысынан четтөөлөрдү.
Эскертүү: Жоболордон четтөө жөнүндө ар жылдагы баяндама жылдын аягында жөнөтүлөт.
4.2. Адистердин толук даярдалган курамынын болушу жөнүндө маалыматтар.
(саны көрсөтүлөт жана: канааттандырарлык же канааттандырарлыксыз (жаңы кызматкерлерди топтоого зарылчылык)
Адис | Адистердин саны | АКнын учууларынын саны |
АКК |
|
|
2-учкуч |
|
|
Кабиналык экипаж |
|
|
Учууларды камсыз кылуучу кызматкер |
|
|
ИАС |
|
|
2-бөлүм. Учуулардын коопсуздугу.
1. Учуулардын коопсуздугунун абалы
- бузуу.........................
- инцидент..................
2. Авиациялык окуянын тобокелдигинин деңгээли.
3. Бузууларды жана табылган четтөөлөрдү болтурбоо боюнча көрүлгөн чаралар.
4. Келип түшкөн ыктыярдуу жеткирүүлөрдү талдоонун натыйжалары жана учуулардын коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу боюнча иштелип чыккан сунуштамалардын тизмеги.
3-бөлүм. Даярдоону жана учуу ишин уюштуруу.
1. Даярдоо/Кайра даярдоо/Атайын даярдоо (RVSM, PBN, CAT II/III, EDTO, СКМ)/Адистердин квалификациясын жогорулатуу
2. Адистерди машыктыруучу даярдоо
3. Тартиптин абалы
Эксплуатанттар жана ТТУ - (Техникалык тейлөө уюму) авиациялык техниктин жана инженердин күбөлүгү менен аларга берилген өз милдеттерин аткарбай жаткан авиациялык техниктерге жана инженерлерге "ЖАнын кызматкерлеринин тартиби жөнүндө уставга" ылайык таасир этүү чаралары жөнүндө баяндамаларды ЖА органына ай сайын берет.
4. Окутуунун, окулган документтердин жана кабыл алынган зачеттордун мазмунун көрсөтүү менен учуучу жана техникалык курам жагынан жүргүзүлгөн ар айдагы техникалык окутуу жөнүндө маалымат. Техникалык окутууну өткөрүүнү бир күндө камсыз кыла албаган эксплуатанттар аны бир нече этап менен жүргүзөт, алар жөнүндө маалымат ошондой эле ушул отчетто көрсөтүлөт.
Учуулардын коопсуздугу боюнча
жооптуу адам
ФАЖ
Колтамгасы/Дата
Эскертүү: Авиакомпаниянын куратору дайындаган КР ЖА органынын инспектору учуулардын коопсуздугунун тутумунун документтерин, даярдоону, кызматтык, учуу убактысын жана эс алуу убактысын эсепке алуунун компьютерлештирилген программасына маалыматтарды ай сайын киргизет, ошондой эле авиакомпаниянын отчетунда берилген маалыматтарды куратордун көзөмөлдөө программасынын план-графиги боюнча салыштырууну аткарат.
|
| 2-тиркеме |
|
| "Бекитемин" |
|
| _____________________________ |
|
| _____________________________ |
|
| 20___-жылдын "___" _________ |
_____________ Аба кемесинин эксплуатантын өндүрүштүк ишин көзөмөлдөө ГРАФИГИ
| Текшерүү чөйрөсү | ЭТны алган датадан кийинки жыйырма ай жана ЭТны узарткандан кийинки эки ай | |||||||||||||||||||||
20__ _________________________ Ô Ô | 20__ _________________________ Ô Ô | ||||||||||||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
4 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
5 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
6 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
7 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
8 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
_________________ АКнын эксплуатантынын аба кемесинин рампалык текшерүүнүн ГРАФИГИ
№ | АКнын тиби | Каттоо номери | ЭСны алган датадан кийин жыйырма ай жана ЭСны узарткандан кийин эки ай | |||||||||||||||||||||
20__ _________________________ Ô Ô | 20__ _________________________ Ô Ô | |||||||||||||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||
1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||
_____________ аба кемесинин эксплуатантынын маршруттук текшерүүлөрдүн ГРАФИГИ
№ | АКнын тиби | Каттоо номери | ЭСны алган датадан кийин жыйырма ай жана ЭСны узарткандан кийин эки ай | |||||||||||||||||||||
20__ _________________________ Ô Ô | 20__ _________________________ Ô Ô | |||||||||||||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||
1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Учууларды эксплуатациялоо боюнча ЖАОнун жетекчиси |
| _________________ |
Аба транспортунун эксплуатантынын ишин туруктуу көзөмөлдөө жол-жоболору боюнча КОЛДОНМО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын эксплуатанттарынын учууларынын коопсуздугун камсыз кылуу стандарттарына шайкеш эместик стандарттарына үч деңгээлдүү тутум жөнүндө жобо (мындан ары - "Жобо") Кыргыз Республикасынын Аба кодексине (КР АК), Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине (КР АЭ), Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенцияга (Чикаго шаары, 1944), стандарттарга жана ИКАОнун сунушталган практикасына жана ага тиркемелерге ылайык иштелип чыкты.
2. Жободо белгиленген бузуулардын классификациясын Кыргыз Республикасынын жарандык авиация чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын күчү жайылтылган укук мамилелеринин бардык субъекттери (эксплуатанттар) аткарууга милдеттүү.
3. Кыргыз Республикасынын жарандык авиациянын эксплуатантарынын учууларынын коопсуздугун камсыз кылуу стандарттарына шайкеш эместиктерди баалоону Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин (КР АЭ) талаптарынын негизинде Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органы (мындан ары - КР ЖАО) жүргүзөт.
4. Ушул Жобонун күчү Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдарында баяндалган стандарттары бузууга, шайкеш эместикке жана сактабагандыкка, төмөнкүлөрдү жүргүзүү учурунда КР ЖАОнун инспекторлору тапкан стандарттарга жана ИКАОнун сунуштаган практикага жайылтылат:
- аба кемесин (АК) рампалык жана маршруттук текшерүүлөрдү;
- аба транспортугуг эксплуатанттарын тастыктамалоо жол-жоболорун;
- Кыргыз Республикасынын аба транспортунун эксплуатанттарынын ишин көзөмөлдөө программасынын алкагында тастыктамалар аралык жана инспектордук текшерүүлөрдү.
5. Ушул жободо белгиленген мөөнөттөрдө ыкчам аракеттенүү жок болгон же табылган бузууларды, шайкеш эместиктерди жана эскертүүлөрдү жоюу боюнча оңдоп-түзөөчү иш-чаралар аткарылбаган учурда ЖА органы коопсуздукка таасир этүүчү тобокелдиктерди баалоо жүргүзүлгөн шартта Шайкеш эместикти баалоонун деңгээлин "С" деңгээлинен "А" деңгээлине чейин өзгөртүүгө укуктуу.
2. Шайкеш эместикти баалоо - "А" деңгээли
6. "А" деңгээли аба транспортунун эксплуатантынын коопсуздугу, жол-жоболору жана жетектөөчү документтери жагынан Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдарынын стандарттарынын ар кандай олуттуу шайкеш эместиги жана бузуулары табылган учурда белгиленет, ал учуулардын коопсуздугунун деңгээлин төмөндөтөт жана коопсуздугуна олуттуу коркунуч келтирет, анын натыйжасында Авиакомпаниянын эксплуатантынын күбөлүгү же Аба кемесинин учууга жарактуулугунун тастыктамасы эскертүүлөр жоюлганга чейин токтотулуп турат.
7. "А" деңгээлине төмөнкүдөй бузуулар кирет:
а) агрегаттарынын мөөнөтү өткөн, ресурсу (сааттар/циклдер/календардык мөөнөт) чектелген аба кемесин эксплуатациялоо;
б) бузук АКда учууларды аткаруу;
в) аба кемесин башка багытта эксплуатациялоо;
г) аба кемесинин учуу үчүн зарыл жана/же оң борттук жана/же авариялык куткаруучу жабдуусу болбостон учуусу;
д) аба кемесинин каттоо/улуттук таануу белгилери болбостон же бурмаланган/жарым-жартылай түшүрүлгөн белгилери менен учуусу;
е) аба кемесинин техникалык тейлөөсү (CRS - Certificate of realize to service) болбостон жана кемедеги техникалык документтери толтурулбастан учуусу;
ж) аба кемесинин тиешелүү тибине уруксаты болбогон учуучу жана кабиналык экипажынын мүчөлөрү жана техникалык курамдын адистери аба кемесин эксплуатациялоосу;
з) Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын авиациялык персоналынын колдонуудагы күбөлүгү же чет өлкөлүк Күбөлүктү таануу жөнүндө тастыктамасы болбогон учуучу жана кабиналык экипажынын мүчөлөрү жана техникалык курамдын адистери аба кемесин эксплуатациялоосу;
и) Авиациялык персоналдын күбөлүгүнүн колдонулушунун мөөнөтү өткөн учуучу жана кабиналык экипажынын мүчөлөрү жана техникалык курамдын адистери аба кемесин эксплуатациялоосу;
к) экипаждын учуучу курамынын мүчөлөрү учуучу жумуш убактысынын жана эс алуу убактысынын белгиленген ченемдерин бузушу;
л) уюмдун, аба кемесин камсыз кылуунун, эксплуатациялоонун жана учууларды жүргүзүүнүн эрежелерин авиациялык кырсыкка алып келген бузуу;
м) экипаждын учуучу курамынын мүчөлөрүн даярдоо, колдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча белгиленген милдеттүү талаптарды бузуу;
н) жарандык авиацияда тергелүүгө тийиш болгон авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди жашыруу;
о) АКнын конструкциясына белгиленген жол-жоболорду бузуу менен учуулардын коопсуздугуна таасир этүүчү өзгөртүүлөрдү киргизүү;
п) авиациялык коопсуздук жагынан учуу алдындагы кароодон өтпөгөн жүргүнчүлөрдү, кол жүктү, багажды, жүктөрдү, почтаны, борт запастарын ташуу;
р) жүргүнчүлөрдү, багажды же жүктөрдү ташуу боюнча эксплуатациялык чектөөлөрдү бузуу, аба кемесинин жүк же жүргүнчү кабиналарын ченемден ашык жүктөө;
с) коркунучтуу жүктөрдү (КЖ) ташууга эксплуатанттын атайын уруксаты болбостон жана КЖны ташууга КР ЖАОнун уруксаты болбостон коркунучтуу жүктөрдү ташуу;
т) аба кемесинин төмөнкүлөр болбостон учуусу:
- Эксплуатанттын тастыктамасы (көчүрмө);
- Эксплуатациялык спецификациялар:
- Каттоо жөнүндө күбөлүк;
- Учууга жарактуулук тастыктамасы же анын колдонулушунун мөөнөтү өтүп кеткен;
- Ызы-чуулар боюнча тастыктамасы;
- Борт радиостанцияларына уруксат:
- Борттук журнал;
- Экипаждын мүчөлөрүнө, аба кемесине, жүргүнчүлөргө, жүккө тиешелүү камсыздандыруу полистери жана үчүнчү жактардын алдында жоопкерчилик;
- бул Колдонмого соңку өзгөртүүлөргө (FCOM-Flight crew operation manual,QRH - Quick Reference Handbook, SOP- Standard Operational Procedure, FOM- Flight Operation Manual) ылайык салыштырылган Аба кемесин учуу эксплуатациялоо боюнча колдонмо;
- Аба кемесин техникалык эксплуатациялоо боюнча колдонмо;
- КР ЖАО жактырган MEL- Minimum Equipment List - (минималдуу жабдуулардын тизмеги) жана CDL-Configuration Deviation List-(конфигурациядан четтөөлөрдүн тизмеги);
у) Учуулардын коопсуздун башкаруу боюнча колдонмонун жоктугу жана/же Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдарынын талаптарына шайкеш эместиги, анын ичинде учуу маалыматтарын талдоону жүргүзүү жана авиаишканада учуулардын коопсуздугун башкаруу тутумун сактоо жагынан иш-чаралардын жоктугу же аларды толук аткарбагандык.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын эксплуатанттарынын авиациялык коопсуздугун камсыз кылуу стандарттарына шайкеш эместиктерди баалоо Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине "КР АЭ 17. Авиациялык коопсуздукка" ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Шайкеш эместикти баалоо - "В" деңгээли
8. "В" деңгээли аба транспортунун эксплуатантынын коопсуздугу, жол-жоболору жана жетектөөчү документтери жагынан Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдарынын стандарттарын ар кандай сактабагандык жана шайкеш эместик табылган учурда белгиленет, ал учуулардын коопсуздугунун деңгээлин төмөндөтүшү жана учуулардын коопсуздугуна коркунуч келтириши мүмкүн, алар тез арада аракет кылууну жана эскертүүлөрдү табылган учурдан тартып 1 (бир) айдан ашпаган убакыттын ичинде жоюуну талап кылат.
9. "В" деңгээлине төмөнкүдөй бузуулар кирет:
а) экипаждын мүчөлөрү аба кемесин борттук документтерди жүргүзүүнү бузуу менен эксплуатациялоосу;
б) квалификацияны жогорулатуу курстарынын, машыктыруучу даярдоонун жана/же квалификациялык текшерүүлөрдүн мөөнөтү өтүп кеткен экипаждын мүчөлөрү аба кемесин техникалык тейлөөсү жана эксплуатациялоосу;
в) эксплуатант КР АЭнин төмөнкүдөй талаптарын аткарбагандыгы:
- өздүк курамдын өздүк иштерин жана учуу китепчелерин жүргүзүү;
- өздүк курамдын эс алуу жана өргүү, машыктыруучу даярдоо графиктерин, адистиги, англис тили жана эл аралык линияларда учуулардын эрежелери, коркунучтуу жүктөрдү ташуу боюнча квалификацияны жогорулатуу курстарын жүргүзүү, авариялык-куткаруучу даярдык, учууларга уруксат берүү PBN - мүнөздөмөлөргө негизделген навигация, RVSM -вертикалдык эшелондоонун кыскартылган интервалдары, TCAS -самолеттордун абада кагылышусунун алдын алуу тутуму, (ACAS II - кагылышууларды чечттетүүнүн борттук тутуму, EGPWS - жерге коркунучтуу жакындоо жөнүндө эскертүү тутуму, Tracker - аба кемесинин турган жерине аралыктан көз салуу үчүн түзүлүш;
г) учуучу экипажда экипаждын кабинасына түздөн-түз жакын болгон жүргүнчү салонунун зонасын байкоонун мүмкүн эместиги, борттогу коштоочулар менен байланышты кабинадан жүргүзүү, ошондой эле "Коркунуч" сигнализация тутумдарынын жоктугу;
д) Учууларды жүргүзүү боюнча колдонмодо чагылдырылган позициялардын эксплуатанттагы иштердин иш жүзүндөгү абалына шайкеш эместиги:
- учуу кызматынын түзүмдүк схемасы;
- учуу кызматы жөнүндө жобо;
- штаттык саны жана комплекттелиши;
- башкаруучу-жетектөөчү курамдын, улук адистердин, инспекторлордун жана учуу кызматына кирген башка адистердин кызматтык нускамалары;
- учуучу курамдагы адамдарды жана ченемдик документтердин контролдук нускаларын жана АКнын типтери боюнча УЭКти жүргүзүү үчүн жооптууларды кызматка дайындоо жөнүндө буйруктар;
- айга, жылга учуу кызматынын негизги иш-чараларынын планы;
- башкаруу-учуу, инспектордук, учуу курамдарынын текшерүүлөрдүн бир жылга планы;
е) КР ЖАО бекиткен Учууларды жүргүзүү боюнча колдонмону (УЖК) жана/же УЖКнын курамдык бөлүктөрүн биротоло текшерүүнүн жоктугу жана/же болбогондугу;
ж) эксплуатанттын төмөнкүдөй жетекчилеринин квалификациялык шайкеш эместиги:
- учуу кызматынын директорунун;
- техникалык директордун;
- учуулардын коопсуздугу боюнча инспектордун;
- сапат боюнча менеджердин;
- коркунучтуу жүктөрдү аба транспортунда ташуу боюнча менеджердин;
- авиациялык коопсуздук боюнча менеджердин;
- учууларды камсыз кылуу боюнча менеджердин (Flight dispatcher).
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын эксплуатанттарынын авиациялык коопсуздугун камсыз кылуу стандарттарына шайкеш эместиктерди баалоо Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине "КР АЭ 17. Авиациялык коопсуздукка" ылайык жүзөгө ашырылат.
4. Шайкеш эместикти баалоо - "С" деңгээли
10. "С" деңгээли - учуулардын коопсуздук стандарттарын сактабагандык. Табылган учурдан тартып 3 (үч) айдан кечиктирбестен жоюуну талап кылат.
11. "С" деңгээлине төмөнкүдөй бузуулар кирет:
а) "А" жана "В" деңгээлдерине кирбеген бузуулар;
б) эксплуатанттын бөлүмдөрүнүн төмөнкүдөй жетекчилеринин кесиптик/квалификациялык шайкеш эместиги:
- отчеттуулукту КР жарандык авиация органына берүү мөөнөттөрүн бузуулар;
- документтерди толтуруунун тууралыгы;
- учуу курамынын эмгегин коргоо боюнча нускама;
- форма кийиминин болушу.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын эксплуатанттарынын авиациялык коопсуздугун камсыз кылуу стандарттарына шайкеш эместиктерди баалоо Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине "КР АЭ 17. Авиациялык коопсуздукка" ылайык жүзөгө ашырылат.
|
| 4-тиркеме |
Табылган шайкеш эместиктер боюнча оңдоп-түзөөчү ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ПЛАНЫ
Аудит жөнүндө маалымат: | Дата: | Аудит өткөрүлгөн жери: |
Даярдалды: | Бекитилди: | |
Макулдашылды: | ||
Шайкеш эместиктин категориясы | Шайкеш эместиктин сыпаттамасы | Негизги себептердин талдоосу | Превентивдүү аракеттер | Оңдоп-түзөөчү аракет | Аткаруу мөөнөттөрү & жооптуу адам |
|
|
|
|
|
|
|
| 5-тиркеме |
Табылган шайкеш эместиктерди жоюу жөнүндө ОТЧЕТ
______________________________________________________ АТнын эксплуатантынын аталышы
АТнын тиби, катталынган өлкөсү, каттоо номери |
| ||
Эскертүүлөрдү жана кемчиликтерди сүрөттөгөн документке шилтеме (ИП, Чек лист ж.б.) |
| ||
ТЕКШЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ ОТЧЕТ | |||
Табылган эскертүүлөр жана кемчиликтер | Эскертүүлөрдү жана кемчиликтерди жоюу (жоюлду/жоюлган жок) | Жооптуу инспектордун Ф.А.Ж./кол коюм | |
ЖА органынын бөлүмүнүн аталышы/__________________________________ | |||
1. |
|
| |
2. |
|
| |
ЖА органынын бөлүмүнүн аталышы/__________________________________ | |||
3. |
|
| |
4. |
|
| |
Тастыктамалоо боюнча комиссиянын төрагасы (ЖА органынын ыйгарым укуктуу инспектору) | Уполномоченный представитель эксплуатанта ВС | ||
Ф.А.Ж. ____________________________________
Колу _________________________________
Дата "___" _______________________________ | Ф.А.Ж. ____________________________________
Колу _________________________________
Дата "___" _______________________________ | ||