Загрузка документа…
|
|
БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин 2023-жылдын февралындагы № 73 буйругу менен
|
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮНҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
«Өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды айдоо укугуна тракторист-машинисттин күбөлүгүн берүү»
(Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасынын 86-пункту)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин аймактык каттоо бөлүмдөрү тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Ушул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тийиштүү стандартынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө жобонун талаптарына шайкеш келет.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү:
Кезегин күтүүнү эсепке алганда, документтерди кабыл алууга кеткен убакыттын чеги – 20 мүнөт.
Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтүнүн чеги, сынактарды (теориялык жана практикалык) жана тракторист-машинисттин күбөлүгүн жасоого кеткен убакытты кошкондо – 1 саат 40 мүнөт.
Кезегин күтүүнү эсепке алганда, кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын берүүгө кеткен убакыттын чеги – 30 мүнөт.
(2) Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү кабыл алуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
- белгиленген үлгүдөгү арыз (ошол жерде толтурулат);
- 2004-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта - 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта);
- тракторист-машинисттерди даярдоо боюнча окутуу уюмдары тарабынан берилген курстарды бүтүргөндүгү тууралуу күбөлүк;
- жылтырак эмес фото кагаздагы 3х4 см өлчөмүндөгү эки түстүү фото сүрөтү;
- талапкердин транспорт каражаттарынын тийиштүү категорияларын башкарууга даяр тургандыгы жөнүндө белгиленген формадагы медициналык маалымкат (форма № 083);
- окутуу уюмдары тарабынан берилген өздүк карточкасы;
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн – турган жери боюнча катталган болсо жана мөөнөтү алты айдан кем эмес виза же жашап турууга уруксат жана качкындын күбөлүгү бар болгондо, адамдын ким экендигин күбөлөндүргөн документ;
- тракторист-машинисттин күбөлүгү, эгерде мурда берилген болсо (жоготкондо тапшырылбайт);
- айдоочулук күбөлүк (болсо);
- Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылган, белгиленген жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (төлөм тапшырмасы). Төлөө төлөмдөрдү кабыл алуунун электрондук системалар аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
Тракторист-машинисттин күбөлүгүн алуу үчүн талапкерлер квалификациялык сынак тапшырышат.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти коргоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен аныкталат.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы: өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугуна тракторист-машинисттин күбөлүгүн жарандарга берүү.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн негиз болгон ченемдик укуктук актылар:
- «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 «Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-декабрындагы № 548 «Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу» токтому.
1-таблица
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1. | Документтерди кабыл алуу | |
2. | Квалификациялык сынактар (зарыл болгондо) төмөнкү ырааттуулук менен кабыл алынат: 1) теориялык сынак; 2) практикалык сынак. Теориялык сынактан өтпөй калган талапкер практикалык сынакка киргизилбейт. Кайталап сынак тапшыруу биринчи сынак тапшырылган күндөн тартып 10 күндөн эрте эмес дайындалат. Теориялык сынакта алынган баа үч айга чейин жарактуу деп саналат. Тапшырылган теориялык сынактардын жыйынтыгы терс болгондо, теориялык сынактарды тапшыруу аракеттеринин саны чектелбейт. Теориялык сынак Кыргыз Республикасынын ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген сынак билеттери боюнча кабыл алынат. Практикалык сынак талапкерлерди даярдоону, кайра даярдоону жүргүзгөн окутуу уюмдары тарабынан берилген тракторлордо, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарда кабыл алынат. | Тракторист-машинисттин күбөлүгү жоголгондо же алмаштырылганда, сынак тапшырылбайт. Күбөлүк фотосүрөткө түшкөндөн кийин берилет. Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүктөрү бар адамдар теориялык сынакты тапшыруудан бошотулат. |
3. | Тракторист-машинисттин күбөлүгүн берүү |
|
3. Жол-жобосунун өз ара байланышынын блок-схемасы
Фронт-офис | ||||||||||||||||
|
|
| ||||||||||||||
|
|
| ||||||||||||||
| 1 |
|
|
|
| 2 |
|
|
| 3 |
|
| ||||
|
|
| ||||||||||||||
|
|
|
|
| Бэк-офис |
|
| |||||||||
|
|
|
| |||||||||||||
| баш тартуу |
| ||||||||||||||
| ||||||||||||||||
2-таблица
4. Жол-жобону сүрөттөө жана анын мүнөздөмөсү
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттердин узактыгы | Иш-аракеттердин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ | ||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | ||
1-жол-жобо. Документтерди кабыл алуу | ||||||
1.1. Эгерде айдоочу тракторист-машинисттин күбөлүгүн жоготсо же алмаштырса, анда жаңы күбөлүк сынак тапшырбастан берилет | Документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адис | 5 мүнөт
| Документтерди жол-жоболоштуруу | - «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 «Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому. | ||
1.2. Автоматташтырылган маалыматтык системасында тракторист-машинисттерди даярдоо боюнча окутуу уюмдарында окуган талапкерди каттоону текшерүү | Документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адис | 5 мүнөт
| Каттоонун бар же жок болушу | |||
1.3. Арыз берген адамдын ал көрсөткөн паспортуна ылайык келүүсүн текшерүү, көрсөтүлгөн документтердин белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн текшерүү | Документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адис | 5 мүнөт
| Уруксат берүү же баш тартуу | |||
1.4. Зарыл документтер жок болгондо же алар мыйзамдардын талаптарына ылайык келбеген фактылар табылган учурларда жүйөлүү түрдө документтерди кабыл алуудан баш тартылат. | Документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адис | 5 мүнөт
| Документтерди кабыл алуудан баш тартуу | |||
Жол-жобонун натыйжасы: Документтерди кабыл алуу | ||||||
Жол-жобонун узактыгы: 20 мүнөттөн ашык эмес | ||||||
Ушул жол-жобонун түрү: административдик жол-жобо | ||||||
Кийинки жол-жобонун номери: № 2 | ||||||
2-жол-жобо. Квалификациялык сынактарды кабыл алуу | ||||||
Тапшырылган документтер белгиленген талаптарга шайкеш келген учурда: 2.1. Төмөнкү учурларда он-лайн режиминде «Айдоочулук курамды тестирлөө» автоматташтырылган маалыматтык системасында Жол кыймылынын эрежелери боюнча теориялык сынакты тапшырууга уруксат берилет: - тракторист-машинисттин күбөлүгүн биринчи жолу алганда; - сот органдары аркылуу мурда ажыратылган күбөлүктөрү кайра берилгенде. | Сынакты кабыл алуу боюнча адис | 30 мүнөт | Теориялык сынактан өтүү же өтпөй калуу | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 «Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому. | ||
2.2. Теориялык сынактан өтпөй калган талапкер практикалык сынакка киргизилбейт. Кайталап сынак тапшыруу биринчи сынак тапшырылган күндөн тартып 10 күндөн эрте эмес дайындалат. | Сынакты кабыл алуу боюнча адис |
| АМСте каттоонун бар же жок болушу | |||
2.3. Тапшырылган теориялык жана практикалык сынактардын жыйынтыгы терс болгондо, теориялык жана практикалык сынактарды тапшыруу аракеттеринин саны чектелбейт. |
|
| Теориялык жана практикалык сынактарды кайрадан тапшырууга уруксат берүү (төлөм жөнүндө квитанция бар болгондо) | |||
2.4. Теориялык сынакты тапшыргандан кийин талапкерге тийиштүү категориядагы жана категориячадагы транспорт каражаттарын айдоо көндүмдөрү боюнча практикалык сынактан өтүүгө уруксат берилет. |
| 60 мүнөт | Практикалык сынакты тапшырууга уруксат берүү | |||
2.5. Практикалык сынактардан ийгиликтүү өткөн талапкер арызды басып чыгаруу үчүн адиске жана белгиленген төлөмдөрдү төлөө үчүн операторго жөнөйт. |
| 10 мүнөт | Сынактардын натыйжаларын камтыган сынак баракчасын берүү | |||
Жол-жобонун натыйжасы: 1) тракторист-машинисттин күбөлүгүн алуу үчүн сынактардын натыйжаларын камтыган сынак баракчасын берүү | ||||||
Жол-жобонун узактыгы: 1:40 мүнөт | ||||||
Ушул жол-жобонун түрү: административдик жол-жобо. | ||||||
Кийинки жол-жобонун номери: № 3 | ||||||
3-жол-жобо. Тракторист-машинисттин күбөлүгүн берүү | ||||||
3.1. Тракторист-машинисттин күбөлүгүн жасоо жана жекелештирүү | Документтерди берүү боюнча адис | 30 мүнөт | Жаранда тракторист-машинисттин күбөлүгүнүн бар болушу | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 «Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому. | ||
3.2. Тракторист-машинисттин күбөлүгүн жарандын колуна берүү | ||||||
Жол-жобонун натыйжасы: Тракторист-машинисттин күбөлүгүн жарандын колуна берүү | ||||||
Жол-жобонун узактыгы: 30 мүнөт | ||||||
Ушул жол-жобонун түрү: административдик жол-жобо. | ||||||
5. Окутуу уюмда окугандан кийин жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритм)
Тракторист-машинисттин күбөлүгү жоготулган жана
алмаштырылгандан кийин жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритм)
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына ички (күндөлүк) жана тышкы контролдоо жүргүзүлөт.
1) Ички контролдоону Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин буйругу менен түзүлгөн комиссия жүргүзөт.
2) Ички контролдоо кызмат адамдары жана кызматкер тарабынан административдик регламенттин жоболорун, ошондой эле кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын үзгүлтүксүз текшерүүлөрдү жүргүзүү жолу аркылуу жүзөгө ашырылат.
3) Текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын бузгандыгы аныкталган учурда, аларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыктары маалымкат түрүндө таризделет, бул маалымкатка административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Маалымкатка кол коюлгандан тартып 3 жумуш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Маалымкат түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жаза чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле, зарыл болгондо, белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөрүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын тышкы контролдоо жылына бир жолудан кем эмес жүргүзүлүп турат.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдары жана кызматкерлери тартиптик, административдик жана жазык жоопкерчилигине тартылышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү жеке адамдарга жана/же юридикалык жактарга аткарууга карата аутсорсингге өткөрүлүп берилген учурда, административдик регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына карата кайра каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар
1. Канатбеков Руслан Канатбекович, «Унаа» ММдин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси.
2. Кульсариева Нази Молдотаевна, «Унаа» ММдин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси.
2. Макеев Антон Павлович, «Унаа» ММдин контролдоо, талдоо, мониторинг жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты бөлүмүнүн адиси.