Загрузка документа…
|
|
БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2022-жылдын 2 февралындагы № 73 буйругу менен
|
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮНҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
«Транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочунун күбөлүгүн берүү»
Кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасы, 85-пункт
1. Жалпы жоболор
1. Ушул мамлекеттик/муниципалдык кызмат көрсөтүү төмөнкү органдар тарабынан жүзөгө ашырылат:
Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды каттоо, кайра каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) жана анын аймактык каттоо бөлүмдөрү жана секторлору (мындан ары – аймактык каттоо бөлүмдөрү);
Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жүргөн арыз ээси айдоочулук күбөлүктү жоготуу же алмашуу боюнча кайрылган учурда – Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери.
2. Ушул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тийиштүү стандартынын талаптарына шайкеш келет.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнү берүүнүн жалпы мөөнөтү: 4 жумушчу күндөн ашык эмес.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:
Транспорт каражаттарын башкаруу укугуна улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн:
а) квалификациялык (теориялык жана практикалык) сынактарды ийгиликтүү берүү керек – квалификациялык сынактарды ийгиликтүү берүү ыйгарым укуктуу органдын автоматташтырылган системасында далилденет;
б) теориялык сынакты тапшыра албаган талапкер практикалык сынакка киргизилбейт. Теориялык же практикалык сынакты кайрадан тапшыруу мурдагы сынак өткөрүлгөн күндөн тартып 10 күндөн эрте эмес дайындалат. Тапшырылган сынактардын жыйынтыгы терс болгондо, квалификациялык сынактарды тапшыруу аракеттеринин саны чектелбейт.
в) квалификациялык сынакты тапшыруу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
- калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын жаранынын, чет өлкөлүк жарандын идентификациялык жеке номери (ИЖК);
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыз;
- 2004-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта - 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта);
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорту же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде каралган учурлардан тышкары;
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аныктай турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик медициналык мекеме тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен форма боюнча берилген медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык текшерүү, психикалык саламаттыгын аныктоо, көрүүсүн текшерүү) өткөндүгүн ырастаган документти, аны берүүнүн датасы 12 айдан ашпоого тийиш;
- айдоочулардын курамын даярдаган окутуучу уюмдар тарабынан берилген бирдиктүү үлгүдөгү автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча курстардан өткөндүгү тууралуу күбөлүк. Электрондук маалымат базасында маалыматтар болгондо күбөлүк берилбейт;
- айдоочулардын курамын даярдаган окутуучу уюмдар тарабынан берилген айдоочунун өздүк карточкасы;
- айдоочулук күбөлүк (эгер мурда берилсе). Чет тилде түзүлгөн айдоочулук күбөлүк мамлекеттик же расмий тилге которулган жана бир тилден экинчи тилге туура которулганы тууралуу нотариустун, же мындай нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүгө укуктуу болгон башка кызмат адамынын күбөлөндүргөн кол тамгасы болушу керек;
- Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылган, белгиленген жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция.
«С», «С1», «D», «D1», «СЕ», «С1Е», «DE» жана «D1E» категориядагы (жана категориячадагы) транспорт каражаттарын башкаруу укугуна кайра даярдалган учурда автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча курстарды бүтүргөнү жөнүндө күбөлүк берилет. Электрондук маалымат базасында маалыматтар болсо, күбөлүк берилбейт.
2) Эл аралык жол кыймылына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарына эл аралык айдоочулук күбөлүгү Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн негизинде берилет (анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары турган арыз ээси кайрылган учурда).
3) Кыргыз Республикасынын эл аралык айдоочулук күбөлүгүн алуу үчүн арыз ээси төмөнкү документтерин берет:
- калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын жаранынын, чет өлкөлүк жарандын идентификациялык жеке номери (ИЖН);
- ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыз;
- 2004-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта - 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта);
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорту же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат же каттоо документи (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралгандан башка учурларда;
- Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгү;
- жалтырак эмес фото кагаздагы 3,5х4,5 см өлчөмүндөгү түстүү эки фото сүрөтү;
- Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылган, белгиленген жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (төлөм тапшырмасы).
4) Кыргыз Республикасынын эл аралык айдоочулук күбөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн ээсинин расмий өкүлүнө төмөнкүдөй документтер болсо, берүүгө жол берилет:
- нотариуста күбөлөндүрүлгөн ишеним кат;
- өкүлдүн ким экендигин күбөлөндүргөн документ;
- ишеним берүүчүнүн колдонуудагы Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн түп нускасы;
- ишеним берүүчүнүн - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун (ID-карт) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасынын - паспортунун (ID-карт) көчүрмөсү;
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорт же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат же каттоо документи (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралгандан башка учурларда;
- ишеним берүүчүнүн жалтырак эмес фото кагаздагы 3,5х4,5 см өлчөмүндөгү эки түстүү фото сүрөтү;
- Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылган, белгиленген жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (төлөм тапшырмасы).
Кызмат көрсөтүүчү Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык, кызмат көрсөтүү максатында «Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан арыз ээси жөнүндө маалымат алууга укуктуу. Тейлөөнү алуу үчүн керектөөчү тарабынан аракеттенүү тартиби, ошондой эле талап кылынган бардык документтердин үлгүлөрү жана формалары тейлөө көрсөтүүчү жайларда орнотулган маалыматтык стенддерде жана ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жайгаштырылып, өз учурунда жаңыртылып турат.
5) Мурда берилген же жоготуп алган улуттук жана/же эл аралык айдоочулук күбөлүгүнүн ордуна улуттук жана/же эл аралык айдоочулук күбөлүгүн берүү үчүн арыз ээси төмөнкүдөй документтерди берет (анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары турган арыз ээси кайрылган учурда):
- калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын жаранынын, чет өлкөлүк жарандын идентификациялык жеке номери (ИЖН);
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген форма боюнча арыз;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карт) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карт);
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорт же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат же каттоо документи (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралгандан башка учурларда;
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аныктай турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик медициналык мекеме тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен форма боюнча берилген медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык текшерүү, психикалык саламаттыгын аныктоо, көрүүсүн текшерүү) өткөндүгүн ырастаган документти, аны берүүнүн датасы 12 айдан ашпоого тийиш;
- Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылган, белгиленген жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (төлөм тапшырмасы).
Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн - эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, анда белгиленген тартипте консулдук легалдаштыруу жөнүндө белги же апостиль коюп, мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу медициналык мекемеси/органы тарабынан берилген датасы 12 айдан ашпаган медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык текшерүү, психикалык саламаттыгын аныктоо, көрүүсүн текшерүү) өткөндүгүн ырастаган документи;
- улуттук жана/же эл аралык айдоочулук күбөлүк (жоголгон учурда берилбейт);
- айдоочулардын курамын даярдаган окутуучу уюмдар тарабынан берилген автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча курстардан өткөндүгү тууралуу күбөлүк. Электрондук маалымат базасында маалыматтар болгондо күбөлүк берилбейт.
Окугандыгы жөнүндө күбөлүк жана электрондук маалыматтар системасында маалыматтар болбосо, айдоочулук күбөлүктү берген аймактык каттоо органынан айдоочулук күбөлүктүн берилген күнүн, номерин жана реестрин көрсөтүү менен айдоочулук күбөлүктүн берилгендигин ырастаган документ берилет;
- талапкер квалификациялык сынакты берүүгө келбей калган учурда автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча курстардан өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн жарактуу мөөнөтү 6 айды түзөт;
- айдоочулардын курамын даярдаган окутуучу уюмдар тарабынан берилген айдоочунун өздүк карточкасы. Электрондук маалымат базасында маалыматтар болсо, айдоочунун өздүк карточкасы берилбейт.
Айдоочунун өздүк карточкасы болбосо, айдоочулук күбөлүктү берген аймактык органдан айдоочулук күбөлүктүн берилген күнүн, номерин жана реестрин көрсөтүү менен айдоочулук күбөлүктүн берилгендигин ырастаган документ берилет.
Чет өлкөлүк улуттук айдоочулук күбөлүктөр Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аркылуу чет өлкөлүк жаранга айдоочулук күбөлүк берилгендигин кат жүзүндө ырастоону алгандан кийин Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүнө алмаштырылат.
Зарыл болгон документтерди бергенден кийин чет өлкөлүк жарандар практикалык сынак тапшырышат.
Адам автомототранспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратылгандыгы жөнүндө маалыматтар бар болсо, анда баардык категориядагы автомототранспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүктөр берилбейт.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын макулдашуусу менен ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен аныкталат:
(4) Кызматтын натыйжасы: транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүк берүү (улуттук, эл аралык). укугуна айдоочулук күбөлүктү берүү (улуттук, эл аралык).
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1. | Документтерди кабыл алуу жана каттоо | |
2. | Квалификациялык (теориялык, практикалык) сынактарды иреттүүлүк менен кабыл алуу | Теориялык жана практикалык сынактын жыйынтыгы терс болгондо, теориялык жана практикалык сынактардын кайрадан тапшыруу аракеттеринин саны чектелбейт. |
3. | Сүрөткө тартылуу жана айдоочулук күбөлүктү жол-жоболоштуруу. | Айдоочулук күбөлүк жоготулганда же алмаштырылганда арыз ээси сүрөткө тартылып, айдоочулук күбөлүкту жол-жоболоштурат. |
4. | Улуттук жана/же эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү каттоо жана берүү | Улуттук жана/же эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү берүү |
3. Жол-жобонун өз ара байланышынын блок-схемасы
Фронт-офис | ||||||||||||||||
|
|
| ||||||||||||||
|
|
| ||||||||||||||
|
|
|
|
| ||||||||||||
| 1 |
|
|
|
| 2 |
|
|
| 3 |
|
| ||||
|
|
| ||||||||||||||
|
|
|
|
| Бэк-офис |
|
| |||||||||
|
|
|
| |||||||||||||
| баш тартуу |
| ||||||||||||||
| ||||||||||||||||
|
|
|
|
|
| |||||||||||
|
Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Иш-аракеттердин узактыгы | Иш-аракеттердин жыйынтыгы | Иш-аракетти жөнгө салган документ |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1-жол-жобо. Документтерди кабыл алуу жана каттоо. | ||||
1.1. Талапкерди автомектептерде даярдоо/кайра даярдоо курстарын аяктагандыгын АМСте текшерүү.
1.2. Арыз берген адамдын ал көрсөткөн паспортуна ылайык келүүсүн текшерүү, көрсөтүлгөн документтердин белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн текшерүү 1.3. Айдоочулук күбөлүк жоголгондо же алмаштырылганда жаңы күбөлүк квалификациялык сынакты ташырбастан, сүрөткө тартылгандан кийин берилет.
1.4. Зарыл документтер жок болгондо же алар мыйзамдардын талаптарына ылайык келбеген фактылар табылган учурларда жүйөлүү түрдө документтерди кабыл алуудан баш тартылат. | Документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адис | 5 мүнөт
5 мүнөт
5 мүнөт | Каттоонун бар же жок болгондугу
Уруксат берүү же баш тартуу
Сүрөткө тартылууга уруксат берүү
Документтерди кабыл алуудан баш тартуу
| - КРдин «Жол кыймылы жөнүндө» Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 «Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому |
Жол-жобонун натыйжасы: документтерди кабыл алуу | ||||
Жол-жобонун узактыгы: 30 мүнөттөн ашык эмес | ||||
Ушул жол-жобонун түрү: административдик жол-жобо | ||||
Эскертүү: мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн убакыты электрондук кезекте күтүүнү эсептебестен көрсөтүлдү.
Кийинки жол-жобонун номери: № 2 | ||||
2-жол-жобо. Квалификациялык сынактарды кабыл алуу (теориялык, практикалык) | ||||
Тапшырылган документтер белгиленген талаптарга шайкеш келген учурда: 2.1. Төмөнкү учурларда он-лайн режиминде «Айдоочулук курамды тестирлөө» автоматташтырылган маалыматтык системасында Жол кыймылынын эрежелери боюнча теориялык сынакты тапшырууга уруксат берилет: - айдоочулук күбөлүктү биринчи жолу алганда; - жогору категорияны алганда; - сот органдары аркылуу мурда ажыратылган айдоочулук күбөлүктөрү кайра берилгенде; | Сынакты кабыл алуу боюнча адис | 25 мүнөт | Квалификациялык сынакты тапшырууга уруксат берүү | - КРдин «Жол кыймылы жөнүндө» Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 «Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому |
2.2. Жол кыймылынын эрежелерин билүүгө теориялык сынак тапшыруу. | Сынакты кабыл алуу боюнча адис | 25 мүнөт | Теориялык сынактан өтүү же өтпөй калуу | |
2.3. Теориялык сынакты тапшыргандан кийин талапкерге тийиштүү категориядагы жана категориячадагы транспорт каражаттарын айдоо көндүмдөрү боюнча практикалык сынактан өтүүгө уруксат берилет. | Сынакты кабыл алуу боюнча адис | 60 мүнөт | Практикалык сынактан өтүү же өтпөй калуу | |
2.6. Квалификациялык сынактардан ийгиликтүү өткөн талапкер белгиленген төлөмдөрдү төлөө үчүн сүрөткө тартылуу жана арызды басып чыгаруу үчүн операторго жөнөйт. | Сынакты кабыл алуу боюнча адис | 20 мүнөт | Натыйжаларын камтыган сынак баракчасын берүү | |
Жол-жобонун натыйжасы: квалификациялык сынактарды тапшыруу | ||||
Жол-жобонун узактыгы: 1:50 мүнөттөн ашык эмес | ||||
Ушул жол-жобонун түрү: административдик жол-жобо. | ||||
Кийинки жол-жобонун номери: № 3 | ||||
3-жол-жобо. Сүрөткө тартылуу жана айдоочулук күбөлүктү жол-жоболоштуруу | ||||
3.1 Квалификациялык сынактарды ийгиликтүү тапшырган талапкер белгиленген төлөмдөрдү төлөө үчүн сүрөткө тартылуу жана арызды басып чыгаруу процедурасынан өтөт. | Сынакты кабыл алуу боюнча адис | 20 мүнөт | Айдоочулук күбөлүктү берүү | - КРдин «Жол кыймылы жөнүндө» Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 «Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому |
3.2 Айдоочулук күбөлүк жоготулганда же алмаштырылганда, сүрөткө тартылгандан жана белгиленген төлөмдөрдү төлөгөндөн кийин жаңы айдоочулук күбөлүк квалификациялык сынакты тапшырбастан берилет | Сынакты кабыл алуу боюнча адис | 20 мүнөт | Айдоочулук күбөлүктү берүү | |
Жол-жобонун натыйжасы: квалификациялык сынактарды тапшыруу | ||||
Жол-жобонун узактыгы: 20 мүнөттөн ашык эмес | ||||
Ушул жол-жобонун түрү: административдик жол-жобо. | ||||
Эскертүү: мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн убакыты электрондук кезекте күтүүнү эсептебестен көрсөтүлдү
Кийинки жол-жобонун номери: № 4 | ||||
4-жол-жобо. Каттоо жана улуттук жана эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү берүү | ||||
4.1 Жекелештирүү жана улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү берүү | Оператор | 4 күндөн ашпайт
| Улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн бар болушу | - КРдин «Жол кыймылы жөнүндө» Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 «Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому |
4.2 Жекелештирүү жана эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү берүү | Оператор | 4 күндөн ашпайт
| Улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн бар болушу | |
Жол-жобонун натыйжасы: улуттук жана/же эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү берүү | ||||
Жол-жобонун узактыгы: 4 күндөн ашык эмес | ||||
Ушул жол-жобонун түрү: административдик жол-жобо. | ||||
Эскертүү: мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн убакыты электрондук кезекте күтүүнү эсептебестен көрсөтүлдү.
4. Автомектептерде окугандан кийин жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритм)
5. Айдоочулук күбөлүк жоготулган жана алмаштырылгандан кийин жол-жоболоштурууну аткаруу схемасы (алгоритм)
6. Эл арадык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү берүүнүн схемасы (алгоритм)
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына ички (күндөлүк) жана тышкы контролдоо жүргүзүлөт.
1) Ички контролдоону Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин буйругу менен түзүлгөн комиссия жүргүзөт.
2) Ички контролдоо кызмат адамдары жана кызматкер тарабынан административдик регламенттин жоболорун, ошондой эле кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын үзгүлтүксүз текшерүүлөрдү жүргүзүү жолу аркылуу жүзөгө ашырылат.
3) Текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын бузгандыгы аныкталган учурда, аларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыктары маалымкат түрүндө таризделет, бул маалымкатка административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Маалымкатка кол коюлгандан тартып 3 жумуш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Маалымкат түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жаза чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ошондой эле, зарыл болгондо, белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөрүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын тышкы контролдоо жылына бир жолудан кем эмес жүргүзүлүп турат.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдары жана кызматкерлери тартиптик, административдик жана жазык жоопкерчилигине тартылышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү жеке адамдарга жана/же юридикалык жактарга аткарууга карата аутсорсингге өткөрүлүп берилген учурда, административдик регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.
8. Корутунду жоболор
10. Кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенти бардык керектөөчүлөргө бул кызматтарды көрсөтүү максатында өз ара аракеттенүүнү ишке ашырып жаткан мамлекеттик жана муниципалдык органдары, ведомстволук (түзүмдүк жана аймактык) бөлүмчөлөрү менен макулдашылды.
(Кызмат көрсөтүү процессине өз ара аракеттенүү ишке ашырылбаса, бул пункт көрсөтүлбөйт).
11. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына карата кайра каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар
1. Канатбеков Руслан Канатбекович, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси.
2. Кульсариева Нази Молдотаевна, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси.
2. Макеев Антон Павлович, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин контролдоо, талдоо, мониторинг жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты бөлүмүнүн адиси.