Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ
2023-жылдын 24-январы № 41/б
«КРАЭ-15. Учууларды аэронавигациялык камсыздоо» Кыргыз Републикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна ылайык, ошондой эле Жарандык авиация эл аралык уюмунун (ИКАО) стандарттары жана сунушталган практикасы менен максималдуу ыратуулугун камсыз кылуу максатында, буйрук кылам:
1. «КРАЭ-15. Учууларды аэронавигациялык камсыздоо» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин мамлекеттик жана расмий тилдеринде тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине:
- күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн бул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жана электрондук түрундө Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн;
- катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйрук мамлекеттик жана расмий тилдерде "Эркин Тоо" газетасына жарыяласын;
- ушул буйрукту аткарууга кабыл алсын.
3. Жарандык авиация уюмдар жана окуу борборлору «КРАЭ-15. Учууларды аэронавигациялык камсыздоо» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин аткарууга кабыл алынсын, ошондой эле сапатты контролдоо боюнча программаларга жана даярдоо программаларына зарыл болгон толуктоолорду киргизишсин.
4. 2016-жылдын 27-январындагы №1 «Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин «Учууларды аэронавигациялык камсыздоо КРАЭ 15» буйругунун 1-пунктунун 15-абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо директордун орун басары
Т. А. Аскаровго жүктөлсүн.
6. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Директор | А.И. Настаев |